Чокморов катуу ооруп жүргөндө тартылган. "Бөрү зындан" тасмасындагы ирмемдер

Жазылуу
Быйыл CCCРдин эл артисти, белгилүү режиссёр Болот Шамшиевдин 80 жылдыгы республикалык деңгээлде белгиленүүдө. Sputnik Кыргызстан агенттиги залкар киночунун биринчилерден болуп тарткан мушташ (боевик) жанрындагы тасмасындагы ирмемдерди сунуштайт.

"Бөрү зындан" фильми 1983-жылы тартылып, анын сценарийин Болот Шамшиев менен казакстандык Эркен Абишев экөө чыныгы окуянын негизинде жазган. Операторлук милдетти Манас Мусаев аткарган. Кинокартинада апийим сатып иштеген топтун кылмыштарын, СССРде жайылып бара жаткан баңгилик, деградация болуп бара жаткан коом көрсөтүлгөн. Муну менен режиссёр 1960-жылдардан баштап 1973-жылга чейин Ысык-Көл аймагында айдалган апийимдин элге тийгизген терс таасирин көрсөтүп, жогорку кызматтагы аткаминерлерге эскертүү кылган. Кинону тартуу иштерине Кыргыз ССРинин Ички иштер министрлиги, Мамлекеттик коопсуздук жана борбордук комитети көмөктөшкөн. Себеби ал учурдагы абалды Москвага чейин жеткирүү зарыл болгон. Андан сырткары, Шамшиевдин бул эмгеги 1973-жылы бүткөн "Ысык-Көлдүн кызгалдактары" кинофильминин уландысы болгон.

Кинокартина соңуна чыкканда көрүүчүлөр абдан жакшы кабыл алып, мамлекеттик казынага 100 миллион доллар түшкөн. Ар түрдүү эсептөөлөр боюнча, союз маалында аны 21 миллиондон ашык адам көргөн.

Режиссёр көзү тирүү кезинде ошол учурду мындайча эскерген:

"Тасманын тартылышына СССРдин Мамлекеттик кино комитети аябай каршы чыгып, фильмди коюуга бир жыл тыюу салынган. Биринчиден, наркотрафик өлкөдө болгон эмес, экинчиден, мамлекетте уюшкан кылмыш топтору жок, үчүнчүдөн, баңгизат менен кылмыштуулуктун ордосу Москва деп көрсөтүлгөнү чындыкка туура келбейт деген далилдерди келтирген. Аны Чыңгыз Айтматов сактап калды. Ал Совет мамлекетинин башчысы Леонид Брежневдин күйөө баласы, СССРдин ички иштер министринин орун басары, генерал Юрий Чурбанов менен абдан жакшы мамиледе экен. Ошо кишинин көмөгү менен кино прокатка чыккан. Бирок апийимдин ордуна аң-терилерди тартканга туура келген. Буга карабастан "Бөрү зындан" СССРде абдан популярдуу болуп, мамлекеттик казынага 100 миллион доллар каражат түшүрдү", — деген Шамшиев.

Советский и кыргызский актер кино, художник Суйменкул Чокморов - Sputnik Кыргызстан
Тасмага казактар каршы чыккан. "Караш-Караш окуясындагы" сүрөттөр
Эки сериялуу криминалдык драмага Кенебай Кожабеков, Айтурган Темирова, Талгат Нигматулин, Сүймөнкул Чокморов, Жоробек Аралбаев, Николай Крюков, Александр Милютин, Мурат Мамбетов, Орозбек Кутманалиев, Виктор Мирошниченко, Тохтахун Бахтыбаев, Анатолий Плюто, Венера Нигматулина, Бекин Сейдакматов, Сабира Күмүшалиева, Муса Дудаев, Жалил Абдыкадыров, Гүлнара Чокубаева, Искендер Рыскулов, Турсун Уралиев, Асанкул Куттубаев тартылып, роль жаратышкан.

© Sputnik / Александр ФедоровКинофильмде атышуу, мушташ жана психологиялык жактан оор эпизоддор тартылган
Кинофильмде атышуу, мушташ жана психологиялык жактан оор эпизоддор тартылган - Sputnik Кыргызстан
1/13
Кинофильмде атышуу, мушташ жана психологиялык жактан оор эпизоддор тартылган
© Sputnik / Александр ФедоровБашкы ролдордогу Ажар (Айтурган Темирова) менен Самат Касымов (Талгат Нигматулин)
Башкы ролдордогу Ажар (Айтурган Темирова) менен Самат Касымов (Талгат Нигматулин) - Sputnik Кыргызстан
2/13
Башкы ролдордогу Ажар (Айтурган Темирова) менен Самат Касымов (Талгат Нигматулин)
© Фото / Александр ФедоровБолот Шамшиев кыргызстандык кесиптештеринин ичинен биринчилерден болуп мушташ, криминалдык жанрда кино тартууга киришкен
Болот Шамшиев кыргызстандык кесиптештеринин ичинен биринчилерден болуп мушташ, криминалдык жанрда кино тартууга киришкен - Sputnik Кыргызстан
3/13
Болот Шамшиев кыргызстандык кесиптештеринин ичинен биринчилерден болуп мушташ, криминалдык жанрда кино тартууга киришкен
© Sputnik / Александр ФедоровКичинекей Чыңгыз Шамшиев, актриса Айтурган Темирова менен актёр Талгат Нигматулин
Кичинекей Чыңгыз Шамшиев, актриса Айтурган Темирова менен актёр Талгат Нигматулин - Sputnik Кыргызстан
4/13
Кичинекей Чыңгыз Шамшиев, актриса Айтурган Темирова менен актёр Талгат Нигматулин
© Фото / Александр Федоров"Бөрү зындан" фильминин тартылышына СССРдин Мамлекеттик кино комитети каршы чыккан, бирок жазуучу Чыңгыз Айтматов тартуу иштеринин улантылышына жардам берген
Бөрү зындан фильминин тартылышына СССРдин Мамлекеттик кино комитети каршы чыккан, бирок жазуучу Чыңгыз Айтматов тартуу иштеринин улантылышына жардам берген - Sputnik Кыргызстан
5/13
"Бөрү зындан" фильминин тартылышына СССРдин Мамлекеттик кино комитети каршы чыккан, бирок жазуучу Чыңгыз Айтматов тартуу иштеринин улантылышына жардам берген
© Фото / Александр ФедоровАктёрлорду образга кирүүгө үйрөткөн Болот Шамшиев. Режиссёрдун артында Сүймөнкул Чокморов турат
Актёрлорду образга кирүүгө үйрөткөн Болот Шамшиев. Режиссёрдун артында Сүймөнкул Чокморов турат - Sputnik Кыргызстан
6/13
Актёрлорду образга кирүүгө үйрөткөн Болот Шамшиев. Режиссёрдун артында Сүймөнкул Чокморов турат
© Sputnik / Александр ФедоровТалгат Нигматулин түндө Шамшиевдин үйүнө атайын келип роль сураган. "Бөрү зындан" жаш актёрго бир топ атак-даңк алып келген
Талгат Нигматулин түндө Шамшиевдин үйүнө атайын келип роль сураган. Бөрү зындан жаш актёрго бир топ атак-даңк алып келген - Sputnik Кыргызстан
7/13
Талгат Нигматулин түндө Шамшиевдин үйүнө атайын келип роль сураган. "Бөрү зындан" жаш актёрго бир топ атак-даңк алып келген
© Sputnik / Александр ФедоровСүймөнкул Чокморов "Бөрү зындан" фильминде акыркы жолу тартылган. Белгилүү актёр милиционердин образын жаратып, ал жылы катуу ооруп жүргөн
Сүймөнкул Чокморов Бөрү зындан фильминде акыркы жолу тартылган. Белгилүү актёр милиционердин образын жаратып, ал жылы катуу ооруп жүргөн - Sputnik Кыргызстан
8/13
Сүймөнкул Чокморов "Бөрү зындан" фильминде акыркы жолу тартылган. Белгилүү актёр милиционердин образын жаратып, ал жылы катуу ооруп жүргөн
© Sputnik / Александр ФедоровӨзбекстандагы чөлдөгү суукта кызуу иштеген киночулар: камера кармаган Шамшиев, "мушташкан" актёрлор
Өзбекстандагы чөлдөгү суукта кызуу иштеген киночулар: камера кармаган Шамшиев, мушташкан актёрлор - Sputnik Кыргызстан
9/13
Өзбекстандагы чөлдөгү суукта кызуу иштеген киночулар: камера кармаган Шамшиев, "мушташкан" актёрлор
© Sputnik / Александр ФедоровФильмди жаратууда киночулар жашоодо болгон чыныгы окуяларга, адамдардын тагдырына таянган
Фильмди жаратууда киночулар жашоодо болгон чыныгы окуяларга, адамдардын тагдырына таянган - Sputnik Кыргызстан
10/13
Фильмди жаратууда киночулар жашоодо болгон чыныгы окуяларга, адамдардын тагдырына таянган
© Sputnik / Александр ФедоровМурат Мамбетов Композдун (Композитор) ролунда. Тасмага ошондой эле орус, казак актёрлору катышкан
Мурат Мамбетов Композдун (Композитор) ролунда. Тасмага ошондой эле орус, казак актёрлору катышкан - Sputnik Кыргызстан
11/13
Мурат Мамбетов Композдун (Композитор) ролунда. Тасмага ошондой эле орус, казак актёрлору катышкан
© Sputnik / Александр ФедоровКылмышкердин ролундагы Мурат Мамбетов жана камерасын шыкаалаган Манас Мусаев
Кылмышкердин ролундагы Мурат Мамбетов жана камерасын шыкаалаган Манас Мусаев - Sputnik Кыргызстан
12/13
Кылмышкердин ролундагы Мурат Мамбетов жана камерасын шыкаалаган Манас Мусаев
© Sputnik / Александр ФедоровАпийим ташыган аткезчиликтин ана башында турган аталык Бабаханды казак актёру Кенебай Кожабеков ойногон
Апийим ташыган аткезчиликтин ана башында турган аталык Бабаханды казак актёру Кенебай Кожабеков ойногон - Sputnik Кыргызстан
13/13
Апийим ташыган аткезчиликтин ана башында турган аталык Бабаханды казак актёру Кенебай Кожабеков ойногон
Жаңылыктар түрмөгү
0