Бул сынак 2010-жылдан бери өткөрүлүп келет. Ocean Art Contest 2020 конкурсундагы эмгектерди Sputnik Кыргызстандын сүрөт түрмөгүнөн көрүңүз.
Фотограф осьминогдун сүрөтүн өзүнүн бассейнинен тарткан
"Собор из ламинарии" деген аталыштагы сүрөт. "Холодная вода" категориясынын жеңүүчүсү.
Суу астындагы эркек кур баканын сүрөтү
Деңиз жандыгы
Жер Ортолук деңиз сууларындагы медициналык бет кап. Деңиз ааламындагы эң булганган учур деп саналат.
Саргасс крабы
Суу лилиясы. Сабагынын узундугу үч метрге жетет.
Маржан рифтери
Тобу менен балырларга жабышып, сүзүп бара жатышкан деңиз жаныбарлары
Маржан крабы
Крокодилдин жаагы. Күзгүгө чагылдырылып тартылган сүрөт.
Деңиздин тереңинде жашоочу, түрүн ар кыл кылып өзгөртө алган суу жандыгы
Деңиз моллюскасы
Acanthonus armatus балык-жыландын түрү
Көбүктүү балырлар
Деңиз шайтаны
Понтоха деңиз аты
"Менин жаңы оюнчугум" деген аталышка ээ болгон сүрөт
Бул адамдар сүрөткө түшүп жатканын билген да эмес. Фотографтар алардын чыныгы эмоциясын түшүрүп калууга жетишкен. Бирөөлөргө дары биринчи жолу сайылып жатса, кээ бирлери экинчи ирет эмделип жатат. Вакцина алып жаткандардын реакциясын, ошол учурдагы жүзүн Sputnik сунуштаган сүрөт түрмөктөн көрүүгө болот.
Индияда коронавируска каршы эмдөө учурунан бир ирмем. Serum Institute of India кызматкерине AstraZeneca компаниясынын Индиядан чыккан CoviShield препараты сайылууда
90 жаштагы Жюстина Батистка Кытайдын Sinovac вакцинасы менен эмделүүдө. Бразилия
Медицина кызматкери Пэм Питер экинчи ирет вакцинациядан өтүүгө даярданып жатат. АКШ, Флорида штаты
Сибирь федералдык университетинин кызматкерине "Спутник V" препараты сайылууда
Лондондогу карылар үйүнүн 100 жаштагы жашоочусу Oxford/AstraZeneca менен эмделүүдө
Вакцинация боюнча окутуудан бир кадр. Япониянын Кавасаки шаарында медайым ийне сайганды үйрөнүп жатат
Албаниянын Фиери шаарында карылар үйүнүн тургуну Pfizer/BioNTech препаратын сайдырууда
Парижде коронавируска каршы эмделип жаткан эркек киши
Johnson & Johnson дармеги сайылып жаткан медицина кызматкери. Түштүк Африка, Клерксдорп
Бразилиянын Сан-Паулу шаарында улгайып калган аял Sinovac препаратынын экинчи компонентин алууда
Карылар үйүнүн тургуну эмделип жатат. Чили
Sinovac вакцинасынын экинчи компоненти менен эмделип жаткан индонезиялык кишинин реакциясы
Афганистандын Кабул шаарында AstraZeneca препаратын алып жаткан оорукананын кызматкери
Италиянын Турин шаарындагы Амедео ди Савойя ооруканасында вакцинациядан өтүп жаткан бөлүм башчы Жованни Ди Перри
Свердлов облусундагы Староуткинск айылынын тургуну "Спутник V" менен эмделип жатат
Сенегалдын саламаттык сактоо министри Абдулай Диуф Сарр вакцинациядан кийин
Pfizer/BioNTech менен эмделген 98 жаштагы Генри Воукстун реакциясы. Улуу Британия
Венесуэланын Каракас шаарындагы ооруканаларынын биринде "Спутник V" менен эмдөө учуру
Жердин орбитасында жайгашчу мейманкана Voyager Station деп аталмакчы. Аны Orbital Assembly Corporation (OAC) корпорациясы курат. Отель алгачкы кардарларын 2027-жылы эле тосуп алары айтылууда.
Космостук мейманкана көлөмдүү шакекче түрүндө салынып, ортосуна келген эл менен жүктү ары-бери ташый турган шлюз орнотулат. Шакекченин сырткы бетинде капсула-бөлмөлөр жайгашат. Туристтер өздөрүн кадимкидей сезиши үчүн шакекче жасалма гравитациянын элесин бериш үчүн айланып турат. Тартылуу күчү жердегидей эмес, Айда жүргөндөй болору айтылды.Мейманканада конок бөлмөлөрүнөн тышкары ресторан, бар, тренажер залы, ашкана жана кеме экипажы үчүн жайлар болору пландалууда. Туристтерден тышкары мейманканага окумуштуулар, изилдөөчүлөр жайгаша алат. Айрым жайлар ижарага берилип же ишкерлерге сатылары да айтылды. Капсуланын узуну 20, ал эми туурасы 12 метр болмокчу.
Жердин орбитасында жайгашчу мейманкана Voyager Station деп аталмакчы. Аны Orbital Assembly Corporation (OAC) корпорациясы курат
Космостук мейманкана көлөмдүү шакекче түрүндө салынат
Ортосуна келген эл менен жүктү ары-бери ташый турган шлюз орнотулат. Шакекченин сырткы бетинде капсула-бөлмөлөр жайгашат
Мейманканада конок бөлмөлөрүнөн тышкары ресторан, бар, тренажер залы, ашкана жана кеме экипажы үчүн жайлар болору пландалууда
Туристтер өздөрүн кадимдей сезиши үчүн шакекче жасалма гравитациянын элесин бериш үчүн айланып турат
Ачык космоско чыгып жаткан астронавт-турист. Тартылуу күчү жердегидей эмес, Айда жүргөндөй болору айтылды
Космостук мейманканадагы спорт залы. Айрым жайлар ижарага берилип же ишкерлерге сатылары да айтылды
Бул отелдеги ресторандын көрүнүшү. Туристтерден тышкары мейманканага окумуштуулар, изилдөөчүлөр жайгаша алат
Бир капсуланын узуну 20, ал эми туурасы 12 метр болмокчу
Отель алгачкы кардарларын 2027-жылы тосуп алары айтылууда
БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Өткөн жылы Кыргызстан 6 миң 335,9 тонна грек жаңгагын экспорттоду. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Мында чагылган жана кабыгы менен кошо сатылгандарынын баары кошулуп эсептелген. Жалпы баасы 9,3 миллион долларды түзөт.
Сатып алган өлкөлөр (тонна менен):
2019-жылы жалпы баасы 6,2 миллион долларлык 8,2 миң тонна грек жаңгагы экспорттолгон.