Сынактын катышуучулары дүйнөнүн чар тарабынан тартылган 25 000ден ашык сүрөт жөнөтүшкөн. Айрыкча пандемия учурунда саякаттоо мүмкүнчүлүгү чектелүү болгону эске алынды. Ошентсе да фотографтар саякат учурунда тартылган сүрөттөрүн жиберишкен. Конкурстун абсолюттук жеңүүчүсү болуп россиялык фотограф Владимир Алексеев таанылды. Ага "2020-жылдын эң мыкты саякатчы фотографы" деген наам ыйгарылды.
Travel Photographer of the Year (TPOTY) — ар кайсы курактагы тажрыйбалуу жана ышкыбоз фотографтардын сынагы. Жеңүүчүлөр "Дүйнө эли", "Жаратылыш, деңиз жашоосу, жапайы айбанаттар", "Туристтик портфолио", "Пейзаж жана жердеги элементтер", "Аралдар", "Жашоонун өңдөрү" жана башка номинациялар боюнча аныкталган.
Travel Photographer of the Year сынагынын жеңүүчүсү, россиялык фотограф Владимир Алексеевдин тарткан сүрөтү
Конкурстун абсолюттук жеңүүчүсү болуп россиялык фотограф Владимир Алексеев таанылды. Ага "2020-жылдын эң мыкты саякатчы фотографы" деген наам ыйгарылды.
Америкалык фотограф Бен Скаар (Ben Skaar) "Жаш саякатчы фотограф" (18 жашка чейин) категориясынын жеңүүчүсү аталды
Ирландиялык фотограф Индиго Ламур (Indigo Larmour) "Жаш саякатчы фотограф" (12 жашка чейин) категориясында жеңүүчү болду
Испаниялык фотограф Мигель Санчеса Гарсиянын (Miguel Sánchez García) портфолиосунан алынган сүрөт. Эмгек "Жаш саякатчы фотограф" (14 жашка чейин) категориясында жеңүүчү деп табылды
Бул сүрөттү кытайлык Венминг Танг ( Wenming Tang) аттуу фотограф жөнөткөн. Эмгек "Жаратылыш" категориясында экинчи орунду ээледи
Британиялык фотограф Питер Уолмси (Peter Walmsley) Бенгалордогу базарда тартылган сүрөттү жөнөткөн. Натыйжада "Жашоо өңдөрү" номинациясында жеңүүчү аталды
Португалиялык фотограф Йорге Баселара (Jorge Bacelar) "Адамдар" категориясы боюнча экинчи орунду ээледи
Италиялык фотограф Алессандро Карбони (Alessandro Carboni) "Пейзаж жана жердеги элементтер" категориясында мыкты деп табылды
Грек фотографы Павлос Евангелидистин (Pavlos Evangelidis) "Портфолиодогу эң мыкты сүрөт" категориясында жеңүүчү аталды
Бул сүрөттү сириялык фотограф Муниб Тайм (Mouneb Taim) жиберген. Эмгек "Адамдар" категориясынды мыкты аталды
"Аралдар" категориясында мыкты деп таанылган британиялык фотограф Дэвид Ньютондун эмгеги
Испаниялык фотограф Жорди Сохен (Jordi Cohen) "Саякатчы" категориясында жеңүүчү деп таанылды
Колорадодо (АКШ) тартылган торнадонун сүрөтү австралиялык фотограф Жеймс Смартка "Жаратылыш жана пейзаж категориясындагы эң мыкты бир сүрөт" номинациясында жеңиш алып келди
Бул сүрөт болсо "Жаратылыш" категориясында мыкты деп табылды. Эмгек австралиялык фотограф Марко Штайнерге таандык (Marco Steiner)
Бельгиялык фотограф Эдди Верлоунун (Eddy Verloes) эмгеги "Адамдар" категориясындагы эң мыкты сүрөт катары таанылды
Уюлдук аппараттын же планшеттин камерасына тартылган сүрөттөр каралган номинацияда бангладештик Хан Ронни (Azim Khan Ronnie) жеңүүчү аталды
Италиялык фотограф Пьер Луиджи Доди (Pier Luigi Dodi) "Бир кадр. Үйдүн жанында" категориясында жеңди
"Бир кадр. Жалгыздык" номинациясы боюнча жеңиш филиппиндик Марк Энтониге (Mark Anthony Agtay) буйруду
Британиялык фотограф Дэвид Гиббондун эмгеги "Жаратылыш" категориясында жеңүүчү деп табылды
Бул эмгекти вьетнамдык фотограф Фан Кхан (Phan Khánh) жиберген. Ал "Саякатчынын портфолиосу" номинациясы боюнча жеңүүчү аталды
Автралиялык фотограф Мухаммад Рахмандын сүрөтү "Пейзаж" категориясында мыкты аталды
"Адамдар" категориясындагы эң мыкты эмгектердин бири катары норвегиялык Йорген Йохансомдун сүрөтү таанылды
Бул сүрөт британиялык фотограф Паулу Сансомиге "Саякатчынын портфолиосундагы эң мыкты бир сүрөт" номинациясында жеңиш алып келди
Жердин орбитасында жайгашчу мейманкана Voyager Station деп аталмакчы. Аны Orbital Assembly Corporation (OAC) корпорациясы курат. Отель алгачкы кардарларын 2027-жылы эле тосуп алары айтылууда.
Космостук мейманкана көлөмдүү шакекче түрүндө салынып, ортосуна келген эл менен жүктү ары-бери ташый турган шлюз орнотулат. Шакекченин сырткы бетинде капсула-бөлмөлөр жайгашат. Туристтер өздөрүн кадимкидей сезиши үчүн шакекче жасалма гравитациянын элесин бериш үчүн айланып турат. Тартылуу күчү жердегидей эмес, Айда жүргөндөй болору айтылды.Мейманканада конок бөлмөлөрүнөн тышкары ресторан, бар, тренажер залы, ашкана жана кеме экипажы үчүн жайлар болору пландалууда. Туристтерден тышкары мейманканага окумуштуулар, изилдөөчүлөр жайгаша алат. Айрым жайлар ижарага берилип же ишкерлерге сатылары да айтылды. Капсуланын узуну 20, ал эми туурасы 12 метр болмокчу.
Жердин орбитасында жайгашчу мейманкана Voyager Station деп аталмакчы. Аны Orbital Assembly Corporation (OAC) корпорациясы курат
Космостук мейманкана көлөмдүү шакекче түрүндө салынат
Ортосуна келген эл менен жүктү ары-бери ташый турган шлюз орнотулат. Шакекченин сырткы бетинде капсула-бөлмөлөр жайгашат
Мейманканада конок бөлмөлөрүнөн тышкары ресторан, бар, тренажер залы, ашкана жана кеме экипажы үчүн жайлар болору пландалууда
Туристтер өздөрүн кадимдей сезиши үчүн шакекче жасалма гравитациянын элесин бериш үчүн айланып турат
Ачык космоско чыгып жаткан астронавт-турист. Тартылуу күчү жердегидей эмес, Айда жүргөндөй болору айтылды
Космостук мейманканадагы спорт залы. Айрым жайлар ижарага берилип же ишкерлерге сатылары да айтылды
Бул отелдеги ресторандын көрүнүшү. Туристтерден тышкары мейманканага окумуштуулар, изилдөөчүлөр жайгаша алат
Бир капсуланын узуну 20, ал эми туурасы 12 метр болмокчу
Отель алгачкы кардарларын 2027-жылы тосуп алары айтылууда
139 жылдык тарыхы бар үйдү оор жүк ташуучу автоунаа менен Сан-Францискодо бир жерден экинчи, жаңы орунга көчүрүштү.
РФ жана КР президенттери Владимир Путин менен Садыр Жапаров Кремлде жолугуп, эки тараптуу кызматташууну талкуулашты.
Марс планетасына учкан Perseverance Mars Rover Жерге жаңы видеолорду жиберди.Австралияда Баарак аттуу жүнү өтө өсүп кеткен койду "ашыкча жүктөн" арылтышты. Жүндүн эле салмагы 35,4 килограмм экени анык болду.
Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Карабахты колдон чыгарып жиберүүгө россиялык куралдын начардыгы себеп болду деген билдирүүсүнөн кийин өлкөнүн Башкы штабы анын отставкасын талап кылды.
Boeing 747 Франкфурттагы (Германия) аба майданына учуп келе жатат
Келгин куштар. Бул турналарды Галилей деңизине (Израиль) жакын Хула көлүнөн тартып алышкан
139 жылдык тарыхы бар үй. Аны Сан-Францискодо жаңы жерге көчүрүп бара жатышат
РФ жана КР президенттери Владимир Путин менен Садыр Жапаров Кремлде жолуккан учур
Марс планетасында тартылган сүрөт. Perseverance Mars Rover аппаратынын навигациялык камерасы
Мекенди коргоочулар күнүнө карата россиялык десантчылардын майрамдык номерлеринин бири. Москва облусу
Севильедеги (Испания) модачылдардын нааразылык акциясында
РФ жана Беларусь президенттери Владимир Путин менен Александр Лукашенко карда жүрүүчү техника менен
Австралияда Баарак аттуу жүнү өтө өсүп кеткен койду "ашыкча жүктөн" арылтышты. Жүндүн эле салмагы 35,4 килограмм экени анык болду
Миландагы мода жумалыгында дизайнер Даниэль Дель Кор жаңы коллекциясын көрсөттү
Британ деп аталган тукумдагы мышыктын сүрөтүн Москвада өткөн "КоШарики Шоу" көргөзмөсүндө тартып алышкан
Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Ереванда тарапкерлеринин алдында чыгып сүйлөп жатат. Карабахты колдон чыгарып жиберүүгө россиялык куралдын начардыгы себеп болду деген билдирүүсүнөн кийин өлкөнүн Башкы штабы анын отставкасын талап кылды
Нью-Делидеги жашоочуларга (Индия) AstraZeneca вакцинасын сайышты
Кара түстүү афроамерикалык Амады Орберинин элесине арналган акция. Ал Жоржия штатындагы Брансуика (АКШ) шаарында чуркап жүргөн учурда ок жеген
Калутаре (Шри-Ланка) аймагында алтын балыктарды саткан адам
Аскерий төңкөрүшкө каршы чыккан кыздын сүрөтү. Янгон (Мьянма)
Муз үстүндө чимириле бийлеген Елизавета Нугуманова. Жалгыздап көркөмдөп муз тебүү боюнча аялдар арасындагы Россия Кубогунун финалы
Извержение вулкана Этна на Сицилии.
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Бир сутка ичинде өлкөдө коронавирус 48 адамдан табылып, 49 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Жуктургандар:
Ушуну менен COVID жуктургандардын жалпы саны 86 359га жетти.
Айыккандар:
Өлкөдө жалпы 83 318 бейтап ооруну жеңген.
Тилекке каршы, дарт бир сутка ичинде Бишкектен бир адамдын өмүрүн алган. Аны эсепке алганда илдеттен жалпы 1 468 киши көз жумган.
Азыркы тапта ооруканаларда 355 бейтап дарыланып жатат. Анын ичинен 100 адамдын абалы оор болсо, 14үнүкү өтө оор деп бааланды.
Бир сутка ичинде өлкөдө медицина кызматкерлеринин арасында коронавирус жуктуруп алган учурлар катталган эмес.