Бул зилзаланын очогу Спитак шаарында болгондуктан, ал калаа толугу менен талкаланган. Ошол эле учурда Ленинакан (азыркы Гюмри), Кировакан (азыркы Ванадзор) жана Степанаван шаарлары катуу кыйраган. Зилзаланын айынан 21 калаа, 350 кыштак жабыркаган. Анын ичинде 58 айыл жер менен жексен болгон.
Армян элинин башына түшкөн апаатта Кыргызстан кандай көмөк көрсөткөндүгү тууралуу техникалык илимдердин кандидаты, КР Инженердик академиясынын мүчө-корреспонденти Жолочу Асанкулов менен Ысык-Көл геофизикалык полигонунун жетекчиси Кеңешбек Жумабаев коомчулуктун басымдуу бөлүгү биле берген фактыларды айтып берди.
Кыргызстан жапа чеккен армян кыштактарына транспорттук каражаттар, автоунаа, курулуш техникасы, механизмдер жана гуманитардык жардамды жөнөтүп жаткан учур. Фрунзе шаары. 1988-жыл. Автору А.Толмачев.
Советтер Союзунун жетекчиси Михаил Горбачев (оң жакта) АКШда расмий иш сапарынын учурунда, АКШнын президенти Рональд Рейган (ортодо) жана АКШнын вице-президенти Жорж Буш Гавернос-Айленд аралында сейилдеп жаткан маалы.
Арменияда катуу жер титирөө болгонун СССРдин башчысы Михаил Горбачев так ушул жерден жергиликтүү журналисттерден угат. Бул жер титирөө жөнүндө Советтер Союзунун сейсмологдору алдын ала айтпагандыгына абдан ачуусу келген.
СССРдин жетекчиси Михаил Горбачев (сол жакта) зилзаладан жабыркаган Ленинакан шаарынын тургундары менен жолугуп жаткан учур. 1988-жыл, 12-декабрь.
Горбачев АКШдан Арменияга учуп келип, абалды көрүп каңырыгы түтөйт. Анын үстүнө табияттын зилзаласынан жабыркагандар Ереван шаарындагы Сеймология институтун курчап, нааразылыгын билдирип чоң митинг өткөрүшкөн. Жергиликтүү эл бул жер титирөөнүн алдында табият белги бергенин байкап, еревандык илимпоздорго айтышкан экен. Кээ бир үйлөрдүн фундаменти жер бетинен жогору көтөрүлүп кетсе, айрым кудуктарда суу соолуп калган, жаныбарлардын жүрүм-туруму өзгөргөн.
Пржевальск педагогикалык институтунун мугалимдери Кеңешбек Жумабаев (оң жактан биринчи) Турдубек Көчөрбаев жана Мелис Боромбаев. Пржевальск шаары. 1979-жыл, 9-май.
Бирок армениялык окумуштуулар элдин ичиндеги кеп-сөзгө такыр маани бербей коюшкан. Ал эми жергиликтүү калк жер титирөө кайталанышынан коркуп үрөйү учуп калган эле. Дал ушул себептен улам Горбачев СССРдеги сейсмология боюнча илимпоздорду Арменияга топтоп, дагы ушундай алаамат болор-болбосун аныктоо талабын коёт. 15-декабрда айтылган көйгөй боюнча жардам берүү үчүн Томскинин политехникалык институтунун он окумуштуусу жөнөйт. Алардын арасында жердешибиз Кеңешбек Жумабаев да бар эле.
Кыргызстандык илимпоз Кеңешбек Жумабаев Ереван шаарында. 1989-жыл 8-февраль.
Томскилик илимий тайпа Спитак шаарында чатырларга жайгашып, аппараттарды орнотуруп ишке киришет. Алар күнүгө Армениянын жетекчилигине маалымат берип, мурункудай катуу эмес, майда-барат гана жер силкинүүлөр болот деп боолголошот. 1988-жылы 20-декабрдан баштап 1989-жылдын февраль айынын аягына чейин томскилик окумуштуулардын бардык божомолу туура чыгат.
Кыргызстан жапа чеккен армян айылдарына транспорттук каражат, автоунаа, курулуш техникасы, механизмдер жана гуманитардык жардам жөнөтүп жаткан учур. Фрунзе шаары. 1988-жыл. Автору А.Толмачев.
СССР Арменияга жапа тырмак көмөк көрсөткөн. Кыргызстандагы орто мектептен баштап бүт ведомстволорго чейин жылуу кийим жана акчалай жардам чогултулган. Айрым мектептин окуучулары оюнчук да алып келишкен. Ал тургай боз үйлөр да жөнөтүлгөнү айтылат.
Кыргызстан жапа чеккен армян кыштактарына транспорттук каражат, автоунаа, курулуш техникасы, механизмдер жана гуманитардык жардам жөнөтүп жаткан учур. Фрунзе шаары. 1988-жыл. Автору А.Толмачев.
Кыргызстанда Арменияга жардам берүү үчүн атайын отряд түзүлгөн. Анын башчысы болуп Кыргыз ССРинин министрлер кеңешинин төрагасынын орун басары Ян Фишер дайындалган. Штабы Ленинакан шаарында жайгашып, жабыркаган калкка жардам бере башташат.
"Манас" аэропортунда Жолочу Асанкулов (оң жакта) өзү иштеп чыккан көп функционалдуу чынжырлуу таш иштетүүчү (ЦКМ-1 №001) “Аскатеш” автоунаанасынын жанында. 1982-жыл. Фрунзе шаары.
Тоо-кен тармагын иштетүү боюнча дасыккан адис белгилүү академик Олег Алимовдун Кыргыз илимдер академиясынын курамындагы илимий-инженердик “Импульс” аттуу борборун жетектеген. Шакирти Жолочу Асанкулов көп функционалдуу чынжырлуу ташты иштетүүчү “Аскатеш” автоунааны иштеп чыгат. Бул илимий эмгек татаал шарттагы грунтта траншея менен таштак жерди казууга, темир жана бетон менен куюлган аянтчаларды эптегенге багытталган.
1982-жылы Асанкуловдун “Аскатеш” автоунаасы “Манас” аэропортунун эстакадасын реконструкциялоодо, 1988-жылы Кожент жана Сүлүктү шаарларында байланыш кабелдерин салууга колдонулган.
“Аскатеш” автоунаанысы Болгариянын Пловдив калаасындагы эл аралык көргөзмөдө.
Жабыркаган Арменияга көмөк көрсөтүү үчүн жиберилген "Импульстун" илимпоздорунун арасында Асанкулов да бар эле. Пловдивдеги көргөзмөдөн “Аскатеш” автоунаасын Ленинаканга Болгариянын өкмөтү транспорттук учак менен жеткизген.
Кыргызстан жапа чеккен армян айылдарына транспорттук каражат, автоунаа, курулуш техникасы, механизмдер жана гуманитардык жардам жөнөтүп жаткан учур. Фрунзе шаары. 1988-жыл. Автору А.Толмачев.
Академик Алимовдун сунушу менен Кыргызстандан Арменияга талкаланган имараттардын калдыктарын ташууга багытталган жана жерди терең казуучу мобилдик автоунаалар жөнөтүлгөн. Буга кошумча жабыркаган Ленинаканга анын илимий борборунда иштелип чыккан гидробалкалар да кеткен. Бул техниканын бардыгы Фрунзеден Арменияга үч транспорттук учак менен жеткирилген.
Зилзаладан талкаланган Ленинакан калаасы. 1988-жыл. Автору Александр Гращенков.
Ленинаканда зилзаладан улам электр зымдары талкаланып, калаа жарыксыз калган. Ал аз келгенсип, таза суу да жетишсиз болуп, байланыш да үзгүлтүккө учураган. Кыргызстандык адистер Фрунзе менен операвтивдик маалымат алмашуу үчүн шаардын чок ортосунда аман калган байланыш түйүнүнө барууга аргасыз болушкан.
Жолочу Асанкулов техникасы менен Ленинакандагы аскердик бөлүккө караштуу госпиталга электр жарыгын жана канализацияны киргизүү үчүн тоң жерди казып жаткан учуру. 1989-жыл, 7-январь. Армения.
“Аскатеш” автоунаасы Ленинакандагы турак жайдын астында калган адамдарды издөө менен куткаруу жумушуна катышкан. Жердештерибиз ушул калаанын талкаланган коммуникациясын калыбына келтирүүгө көмөк көрсөтүшкөн. Мындан сырткары, аталган техника менен татаал климаттык шартта шаардагы аскердик бөлүктүн госпиталына кыска убакыттын ичинде электр жарыгынын киришине жана канализациянын иштешине жардам беришкен
Кыргызстан жапа чеккен армян айылдарына транспорттук каражат, автоунаа, курулуш техникасы, механизмдер жана гуманитардык жардам жөнөтүп жаткан учур. Фрунзе шаары, 1988-жыл. Автору А.Толмачев.
Илимий-инженердик “Импульс” борборунун илимпоздору менен адистери кыргыз боз үйлөрдө жашаган. Ошол учурда Арменияда күн суук болгондуктан меште от күнү-түнү жагылып турчу. Тамак Фрунзеден ала барган казанда даярдалган.
Италиялык куруучулар Спитак шаарынын жанындагы зилзаладан талкаланган айылдын ордуна жаңы конуш салып жаткан учур. 1989-жыл 10-июнь. Автору Р.Мангасарян.
Тарыхта биринчи жолу СССРге жүздөн ашык чет өлкө көмөк көрсөткөн. Буга чейин ушундай зилзаланын айынан талкаланган Ашхабад жана Ташкент шаарларын Союз өз күчү менен калыбына келтирген. Буга кошумча Ата Журтуна дүйнө жүзүндөгү армян диаспорасы да зор жардам берген.
Кыргызстандан жапа чеккен армян кыштактарына транспорттук каражат, автоунаа, курулуш техникасы, механизмдер жана гуманитардык жардам жөнөтүп жаткан жумушчулар менен армениялыктардын маектешүү учуру. Фрунзе шаары. 1988-жыл. Автору А.Толмачев.
Кыргызстандан Арменияга жиберген бүт техника кайтарымсыз түрдө берилген.
Жабыркаган Ленинаканга Жолочу Асанкуловдун “Аскатеш” иштеп чыккан техникасы дагы бир жолу чоң сыноодон ийгиликтүү өткөн. 1989-жыл, 7-январь. Армения.
Илимий-инженердик “Импульс” борборунун илимпоздору менен адистери жергиликтүү адистерге жогоруда айтылган техниканы колдонуу эрежелерин үйрөтүп жана аларга толугу менен өткөрүп беришкен. Андан соң жердештерибиз 1989-жылы февраль айынын ортосунда Фрунзеге кайтып келишкен.
Бул адамдар сүрөткө түшүп жатканын билген да эмес. Фотографтар алардын чыныгы эмоциясын түшүрүп калууга жетишкен. Бирөөлөргө дары биринчи жолу сайылып жатса, кээ бирлери экинчи ирет эмделип жатат. Вакцина алып жаткандардын реакциясын, ошол учурдагы жүзүн Sputnik сунуштаган сүрөт түрмөктөн көрүүгө болот.
Индияда коронавируска каршы эмдөө учурунан бир ирмем. Serum Institute of India кызматкерине AstraZeneca компаниясынын Индиядан чыккан CoviShield препараты сайылууда
90 жаштагы Жюстина Батистка Кытайдын Sinovac вакцинасы менен эмделүүдө. Бразилия
Медицина кызматкери Пэм Питер экинчи ирет вакцинациядан өтүүгө даярданып жатат. АКШ, Флорида штаты
Сибирь федералдык университетинин кызматкерине "Спутник V" препараты сайылууда
Лондондогу карылар үйүнүн 100 жаштагы жашоочусу Oxford/AstraZeneca менен эмделүүдө
Вакцинация боюнча окутуудан бир кадр. Япониянын Кавасаки шаарында медайым ийне сайганды үйрөнүп жатат
Албаниянын Фиери шаарында карылар үйүнүн тургуну Pfizer/BioNTech препаратын сайдырууда
Парижде коронавируска каршы эмделип жаткан эркек киши
Johnson & Johnson дармеги сайылып жаткан медицина кызматкери. Түштүк Африка, Клерксдорп
Бразилиянын Сан-Паулу шаарында улгайып калган аял Sinovac препаратынын экинчи компонентин алууда
Карылар үйүнүн тургуну эмделип жатат. Чили
Sinovac вакцинасынын экинчи компоненти менен эмделип жаткан индонезиялык кишинин реакциясы
Афганистандын Кабул шаарында AstraZeneca препаратын алып жаткан оорукананын кызматкери
Италиянын Турин шаарындагы Амедео ди Савойя ооруканасында вакцинациядан өтүп жаткан бөлүм башчы Жованни Ди Перри
Свердлов облусундагы Староуткинск айылынын тургуну "Спутник V" менен эмделип жатат
Сенегалдын саламаттык сактоо министри Абдулай Диуф Сарр вакцинациядан кийин
Pfizer/BioNTech менен эмделген 98 жаштагы Генри Воукстун реакциясы. Улуу Британия
Венесуэланын Каракас шаарындагы ооруканаларынын биринде "Спутник V" менен эмдөө учуру
Жердин орбитасында жайгашчу мейманкана Voyager Station деп аталмакчы. Аны Orbital Assembly Corporation (OAC) корпорациясы курат. Отель алгачкы кардарларын 2027-жылы эле тосуп алары айтылууда.
Космостук мейманкана көлөмдүү шакекче түрүндө салынып, ортосуна келген эл менен жүктү ары-бери ташый турган шлюз орнотулат. Шакекченин сырткы бетинде капсула-бөлмөлөр жайгашат. Туристтер өздөрүн кадимкидей сезиши үчүн шакекче жасалма гравитациянын элесин бериш үчүн айланып турат. Тартылуу күчү жердегидей эмес, Айда жүргөндөй болору айтылды.Мейманканада конок бөлмөлөрүнөн тышкары ресторан, бар, тренажер залы, ашкана жана кеме экипажы үчүн жайлар болору пландалууда. Туристтерден тышкары мейманканага окумуштуулар, изилдөөчүлөр жайгаша алат. Айрым жайлар ижарага берилип же ишкерлерге сатылары да айтылды. Капсуланын узуну 20, ал эми туурасы 12 метр болмокчу.
Жердин орбитасында жайгашчу мейманкана Voyager Station деп аталмакчы. Аны Orbital Assembly Corporation (OAC) корпорациясы курат
Космостук мейманкана көлөмдүү шакекче түрүндө салынат
Ортосуна келген эл менен жүктү ары-бери ташый турган шлюз орнотулат. Шакекченин сырткы бетинде капсула-бөлмөлөр жайгашат
Мейманканада конок бөлмөлөрүнөн тышкары ресторан, бар, тренажер залы, ашкана жана кеме экипажы үчүн жайлар болору пландалууда
Туристтер өздөрүн кадимдей сезиши үчүн шакекче жасалма гравитациянын элесин бериш үчүн айланып турат
Ачык космоско чыгып жаткан астронавт-турист. Тартылуу күчү жердегидей эмес, Айда жүргөндөй болору айтылды
Космостук мейманканадагы спорт залы. Айрым жайлар ижарага берилип же ишкерлерге сатылары да айтылды
Бул отелдеги ресторандын көрүнүшү. Туристтерден тышкары мейманканага окумуштуулар, изилдөөчүлөр жайгаша алат
Бир капсуланын узуну 20, ал эми туурасы 12 метр болмокчу
Отель алгачкы кардарларын 2027-жылы тосуп алары айтылууда
БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Кыргызстандык ММА мушкери Бусурманкул Абдибаит уулу 19-мартта кезектеги беттешке чыгат. Турнирдин расмий постерин аталган промоушен өзүнүн Instagram баракчасына чыгарды.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Eagle Fighting Championship (EFC) 34 мелдеши 19-мартта Россиянын Краснодар шаарында өтөт. Бусурманкул Абдибаит уулуна россиялык Владислав Королевский атаандаш болмокчу.
Ал эми атаандашы Владислав Королевский 12 жолу таймашка чыгып, 8 атаандашын утуп, төрт мушкерге жеңилген.