Апта ирмеми: аскердик төңкөрүштөн Burana мода жумалыгына чейин

516
(жаңыланган 19:58 09.02.2021)
  • Токиодогу эксцентрикалык Kawaii Monster Cafe кафесинин кызматкерлери
  • Индиядагы Бангалор авиабазасында Aero India 2021 авиакөргөзмөсү ачылды. Ал учуу, трюктарды жасоо менен коштолот. Эки жылда бир жолу өтүүчү бул иш-чарада авиакомпаниялар чыгарган өндүрүмүн жана технологияларын сынашат.
  • Нью-Делиде (Индия) фермерлер жаңы айыл чарба мыйзамдарына каршы чыгууда
  • Бразилиялык киши коронавируска каршы AstraZeneca вакцинасы менен эмделип жатат
  • Ырчы Дэя Москвада Vegas City Hall жайында өткөн ЖАРА KIDS FEST биринчи эл аралык музыкалык фестивалына катышууда
  • Петрозаводск шаарындагы Онежск көлүндө өтүп жаткан парус спорту боюнча Россиянын кубогу мелдешинин үчүнчү этабынын сноукайтинг курс-рейс дисциплинасынын катышуучулары
  • Индиянын Гувахати шаарынын аймагында мөмө-жемиш саткан соодагер
  • Бразилиянын Улуттук Конгрессинин имаратынын үстүнөн чартылдаган чагылган
  • Рио-де-Жанейронун четиндеги жасалма көлгө күнгө кактануу үчүн келген айым денесине изолентадан жасалган купальникти чаптатып жатат
  • Иерусалимде раввинди жерге берүү зыйнаты
  • Кышкы Байкал көлүндө коньки тээп жүргөн чоң эне
  • Нью-Йоркто кардуу борошо учурунда Таймс-сквердеги аял
  • Франкфуртка (Германия) жакын жерде жамгырдан жана кардын эришинен улам пайда болгон суу ташкыны учурунда темир жол өтмөгүнөн өтүп бара жаткан поезд
  • Мьянмадагы аскердик төңкөрүшкө байланыштуу Бангкоктогу элчиликтин жанындагы митингде полиция менен демонстранттардын кагылышуусу
1-февралда таң эрте аскердик күчтөр Мьянмада бийликти басып алышкан. Алар мамлекеттик кеңешчи Аун Сан Су Чжини, өлкө президенти Вин Мьинди, ошондой эле башкаруучу Демократия үчүн Улуттук лига партиясынын жогорку кызмат адамдарын кармап алышкан. Аскердик күчтөр өлкөдө бир жылга өзгөчө кырдаал киргизилгенин жарыялаган.
  • Алина Загитова Москвада (Россия) көркөмдөп муз тебүү боюнча музда секирүү фестивалына арналган Биринчи каналдын кубогу мелдешине катышып жатат
  • Модель кыз Бишкекте өткөн Burana мода жумалыгында кыргызстандык дизайнер Айзада Акматалиеванын колунан жаралган кийимди көрүүчүлөрдүн назарына алып чыгууда
Кээ бир мамлекетте нааразычылык акциясы өтүп жатса, айрымдарында эмдөө жүрүүдө. Sputnik Кыргызстан өтүп бара жаткан аптадагы кызыктуу окуялардын сүрөт түрмөгүн сунуш кылат.

Индиядагы Бангалор авиабазасында Aero India 2021 авиакөргөзмөсү ачылды.

Нью-Делиде (Индия) фермерлердин жаңы айыл чарба мыйзамдарына каршы нааразычылык акциясы уланууда.

Токиодо (Япония) Kawaii Monster Cafe эксцентрикалык кафеси иштеп жатат.

Избранный президент Кыргызстана Садыр Жапаров на церемонии инаугурации в Большом зале национальной филармонии
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Бразилияда коронавируска каршы AstraZeneca вакцинасы менен массалык эмдөө башталды.

Бишкекте Burana мода жумалыгы өттү.

Петрозаводск шаарынын Онежск көлүндө парус спорту боюнча Россиянын кубогу мелдешинин үчүнчү этабы башталды.

Бангкокто (Таиланд) Мьянма өлкөсүнүн элчилигинин алдында аскердик төңкөрүштөн улам митингге чыккандар менен полициянын ортосунда кагылышуу болду. 1-февралда таң эрте аскердик күчтөр бийликти басып алып, Мьянмада бир жылдык мөөнөткө өзгөчө кырдаал жарыялады.

516
  • Токиодогу эксцентрикалык Kawaii Monster Cafe кафесинин кызматкерлери
    © REUTERS / ISSEI KATO

    Токиодогу эксцентрикалык Kawaii Monster Cafe кафесинин кызматкерлери

  • Индиядагы Бангалор авиабазасында Aero India 2021 авиакөргөзмөсү ачылды. Ал учуу, трюктарды жасоо менен коштолот. Эки жылда бир жолу өтүүчү бул иш-чарада авиакомпаниялар чыгарган өндүрүмүн жана технологияларын сынашат.
    © AP Photo / Aijaz Rahi

    Индиядагы Бангалор авиабазасында Aero India 2021 авиакөргөзмөсү ачылды. Ал учуу, трюктарды жасоо менен коштолот. Эки жылда бир жолу өтүүчү бул иш-чарада авиакомпаниялар чыгарган өндүрүмүн жана технологияларын сынашат.

  • Нью-Делиде (Индия) фермерлер жаңы айыл чарба мыйзамдарына каршы чыгууда
    © AP Photo / Manish Swarup

    Нью-Делиде (Индия) фермерлер жаңы айыл чарба мыйзамдарына каршы чыгууда

  • Бразилиялык киши коронавируска каршы AstraZeneca вакцинасы менен эмделип жатат
    © REUTERS / Bruno Kelly

    Бразилиялык киши коронавируска каршы AstraZeneca вакцинасы менен эмделип жатат

  • Ырчы Дэя Москвада Vegas City Hall жайында өткөн ЖАРА KIDS FEST биринчи эл аралык музыкалык фестивалына катышууда
    © Sputnik / Екатерина Чеснокова

    Ырчы Дэя Москвада Vegas City Hall жайында өткөн ЖАРА KIDS FEST биринчи эл аралык музыкалык фестивалына катышууда

  • Петрозаводск шаарындагы Онежск көлүндө өтүп жаткан парус спорту боюнча Россиянын кубогу мелдешинин үчүнчү этабынын сноукайтинг курс-рейс дисциплинасынын катышуучулары
    © Sputnik / Илья Тимин

    Петрозаводск шаарындагы Онежск көлүндө өтүп жаткан парус спорту боюнча Россиянын кубогу мелдешинин үчүнчү этабынын "сноукайтинг курс-рейс" дисциплинасынын катышуучулары

  • Индиянын Гувахати шаарынын аймагында мөмө-жемиш саткан соодагер
    © AP Photo / Anupam Nath

    Индиянын Гувахати шаарынын аймагында мөмө-жемиш саткан соодагер

  • Бразилиянын Улуттук Конгрессинин имаратынын үстүнөн чартылдаган чагылган
    © REUTERS / Ueslei Marcelino

    Бразилиянын Улуттук Конгрессинин имаратынын үстүнөн чартылдаган чагылган

  • Рио-де-Жанейронун четиндеги жасалма көлгө күнгө кактануу үчүн келген айым денесине изолентадан жасалган купальникти чаптатып жатат
    © REUTERS / Pilar Olivares

    Рио-де-Жанейронун четиндеги жасалма көлгө күнгө кактануу үчүн келген айым денесине изолентадан жасалган купальникти чаптатып жатат

  • Иерусалимде раввинди жерге берүү зыйнаты
    © REUTERS / Ronen Zvulun

    Иерусалимде раввинди жерге берүү зыйнаты

  • Кышкы Байкал көлүндө коньки тээп жүргөн чоң эне
    © REUTERS / Yuri Novikov

    Кышкы Байкал көлүндө коньки тээп жүргөн чоң эне

  • Нью-Йоркто кардуу борошо учурунда Таймс-сквердеги аял
    © AFP 2021 / ANGELA WEISS

    Нью-Йоркто кардуу борошо учурунда Таймс-сквердеги аял

  • Франкфуртка (Германия) жакын жерде жамгырдан жана кардын эришинен улам пайда болгон суу ташкыны учурунда темир жол өтмөгүнөн өтүп бара жаткан поезд
    © AP Photo / Michael Probst

    Франкфуртка (Германия) жакын жерде жамгырдан жана кардын эришинен улам пайда болгон суу ташкыны учурунда темир жол өтмөгүнөн өтүп бара жаткан поезд

  • Мьянмадагы аскердик төңкөрүшкө байланыштуу Бангкоктогу элчиликтин жанындагы митингде полиция менен демонстранттардын кагылышуусу
1-февралда таң эрте аскердик күчтөр Мьянмада бийликти басып алышкан. Алар мамлекеттик кеңешчи Аун Сан Су Чжини, өлкө президенти Вин Мьинди, ошондой эле башкаруучу Демократия үчүн Улуттук лига партиясынын жогорку кызмат адамдарын кармап алышкан. Аскердик күчтөр өлкөдө бир жылга өзгөчө кырдаал киргизилгенин жарыялаган.
    © REUTERS / Athit Perawongmetha

    Мьянмадагы аскердик төңкөрүшкө байланыштуу Бангкоктогу элчиликтин жанындагы митингде полиция менен демонстранттардын кагылышуусу
    1-февралда таң эрте аскердик күчтөр Мьянмада бийликти басып алышкан. Алар мамлекеттик кеңешчи Аун Сан Су Чжини, өлкө президенти Вин Мьинди, ошондой эле башкаруучу "Демократия үчүн Улуттук лига" партиясынын жогорку кызмат адамдарын кармап алышкан. Аскердик күчтөр өлкөдө бир жылга өзгөчө кырдаал киргизилгенин жарыялаган.

  • Алина Загитова Москвада (Россия) көркөмдөп муз тебүү боюнча музда секирүү фестивалына арналган Биринчи каналдын кубогу мелдешине катышып жатат
    © Sputnik / Александр Вильф

    Алина Загитова Москвада (Россия) көркөмдөп муз тебүү боюнча музда секирүү фестивалына арналган Биринчи каналдын кубогу мелдешине катышып жатат

  • Модель кыз Бишкекте өткөн Burana мода жумалыгында кыргызстандык дизайнер Айзада Акматалиеванын колунан жаралган кийимди көрүүчүлөрдүн назарына алып чыгууда
    © AFP 2021 / VYACHESLAV OSELEDKO

    Модель кыз Бишкекте өткөн Burana мода жумалыгында кыргызстандык дизайнер Айзада Акматалиеванын колунан жаралган кийимди көрүүчүлөрдүн назарына алып чыгууда

Белгилер:
эмдөө, кагылышуу, митинг, мода, көркөмдөп муз тебүү
Тема боюнча
Саякатчылардын укмуштуудай сүрөттөрү. Travel Photographer сынагындагы эмгектер
Сулуулардын ажарын ачкан адеми кийимдер. Мода жумалыгынан 13 сүрөт

Кемшейип, коркуп, чакчайып... Коронавирустан эмделгендердин реакциясы сүрөттө

171
(жаңыланган 18:31 04.03.2021)
Ар кыл өлкөнүн фотографтары коронавируска каршы эмдөөдөн өтүп жаткан адамдардын кебете-кешпирин, эмоциясын тартып алышкан.

Бул адамдар сүрөткө түшүп жатканын билген да эмес. Фотографтар алардын чыныгы эмоциясын түшүрүп калууга жетишкен. Бирөөлөргө дары биринчи жолу сайылып жатса, кээ бирлери экинчи ирет эмделип жатат. Вакцина алып жаткандардын реакциясын, ошол учурдагы жүзүн Sputnik сунуштаган сүрөт түрмөктөн көрүүгө болот.

 

171
  • © REUTERS / Anushree Fadnavis

    Индияда коронавируска каршы эмдөө учурунан бир ирмем. Serum Institute of India кызматкерине AstraZeneca компаниясынын Индиядан чыккан CoviShield препараты сайылууда

  • © AP Photo / Eraldo Peres

    90 жаштагы Жюстина Батистка Кытайдын Sinovac вакцинасы менен эмделүүдө. Бразилия

  • © AP Photo / Wilfredo Lee

    Медицина кызматкери Пэм Питер экинчи ирет вакцинациядан өтүүгө даярданып жатат. АКШ, Флорида штаты

  • © Sputnik / Ilya Naymushin

    Сибирь федералдык университетинин кызматкерине "Спутник V" препараты сайылууда

  • © AFP 2021 / Pool / Kirsty O'Connor

    Лондондогу карылар үйүнүн 100 жаштагы жашоочусу Oxford/AstraZeneca менен эмделүүдө

  • © AFP 2021 / Philip Fong

    Вакцинация боюнча окутуудан бир кадр. Япониянын Кавасаки шаарында медайым ийне сайганды үйрөнүп жатат

  • © REUTERS / Florion Goga

    Албаниянын Фиери шаарында карылар үйүнүн тургуну Pfizer/BioNTech препаратын сайдырууда

  • © AFP 2021 / Christophe Archambault

    Парижде коронавируска каршы эмделип жаткан эркек киши

  • © AFP 2021 / Phill Magakoe

    Johnson & Johnson дармеги сайылып жаткан медицина кызматкери. Түштүк Африка, Клерксдорп

  • © REUTERS / Carla Carniel

    Бразилиянын Сан-Паулу шаарында улгайып калган аял Sinovac препаратынын экинчи компонентин алууда

  • © REUTERS / Ivan Alvarado

    Карылар үйүнүн тургуну эмделип жатат. Чили

  • © REUTERS / Ajeng Dinar Ulfiana

    Sinovac вакцинасынын экинчи компоненти менен эмделип жаткан индонезиялык кишинин реакциясы

  • © REUTERS / Mohammad Ismail

    Афганистандын Кабул шаарында AstraZeneca препаратын алып жаткан оорукананын кызматкери

  • © AFP 2021 / Marco Bertorello

    Италиянын Турин шаарындагы Амедео ди Савойя ооруканасында вакцинациядан өтүп жаткан бөлүм башчы Жованни Ди Перри

  • © Sputnik / Pavel Lisitsyn

    Свердлов облусундагы Староуткинск айылынын тургуну "Спутник V" менен эмделип жатат

  • © REUTERS / Zohra Bensemra

    Сенегалдын саламаттык сактоо министри Абдулай Диуф Сарр вакцинациядан кийин

  • © AP Photo / Pool / Graeme Robertson

    Pfizer/BioNTech менен эмделген 98 жаштагы Генри Воукстун реакциясы. Улуу Британия

  • © Sputnik / Magda Gibelli

    Венесуэланын Каракас шаарындагы ооруканаларынын биринде "Спутник V" менен эмдөө учуру

Белгилер:
вакцина, эмдөө, келбет, эмоция, коронавирус, сүрөт
Тема боюнча
Австрияда Pfizer жана BioNTech вакцинасын алган соң 41 адам каза тапты

Алгачкы космостук мейманкана кандай болот. Кызыктуу 10 сүрөт

394
  • Жердин орбитасында жайгашчу мейманкана Voyager Station деп аталмакчы. Аны Orbital Assembly Corporation (OAC) корпорациясы курат
  • Космостук мейманкана көлөмдүү шакекче түрүндө салынат
  • Ортосуна келген эл менен жүктү ары-бери ташый турган шлюз орнотулат. Шакекченин сырткы бетинде капсула-бөлмөлөр жайгашат
  • Мейманканада конок бөлмөлөрүнөн тышкары ресторан, бар, тренажер залы, ашкана жана кеме экипажы үчүн жайлар болору пландалууда
  • Туристтер өздөрүн кадимдей сезиши үчүн шакекче жасалма гравитациянын элесин бериш үчүн айланып турат
  • Ачык космоско чыгып жаткан астронавт-турист. Тартылуу күчү жердегидей эмес, Айда жүргөндөй болору айтылды
  • Космостук мейманканадагы спорт залы. Айрым жайлар ижарага берилип же ишкерлерге сатылары да айтылды
  • Бул отелдеги ресторандын көрүнүшү. Туристтерден тышкары мейманканага окумуштуулар, изилдөөчүлөр жайгаша алат
  • Бир капсуланын узуну 20, ал эми туурасы 12 метр болмокчу
  • Отель алгачкы кардарларын 2027-жылы тосуп алары айтылууда
2025-жылы алгачкы космостук мейманкананын курулушу башталат. Sputnik Кыргызстан агенттигинин сүрөт түрмөгүнөн отелдин көрүнүшүн сындан өткөрүп алсаңыз болот.

Жердин орбитасында жайгашчу мейманкана Voyager Station деп аталмакчы. Аны Orbital Assembly Corporation (OAC) корпорациясы курат. Отель алгачкы кардарларын 2027-жылы эле тосуп алары айтылууда.

Космостук мейманкана көлөмдүү шакекче түрүндө салынып, ортосуна келген эл менен жүктү ары-бери ташый турган шлюз орнотулат. Шакекченин сырткы бетинде капсула-бөлмөлөр жайгашат. Туристтер өздөрүн кадимкидей сезиши үчүн шакекче жасалма гравитациянын элесин бериш үчүн айланып турат. Тартылуу күчү жердегидей эмес, Айда жүргөндөй болору айтылды.

Мейманканада конок бөлмөлөрүнөн тышкары ресторан, бар, тренажер залы, ашкана жана кеме экипажы үчүн жайлар болору пландалууда. Туристтерден тышкары мейманканага окумуштуулар, изилдөөчүлөр жайгаша алат. Айрым жайлар ижарага берилип же ишкерлерге сатылары да айтылды. Капсуланын узуну 20, ал эми туурасы 12 метр болмокчу.

394
  • Жердин орбитасында жайгашчу мейманкана Voyager Station деп аталмакчы. Аны Orbital Assembly Corporation (OAC) корпорациясы курат

    Жердин орбитасында жайгашчу мейманкана Voyager Station деп аталмакчы. Аны Orbital Assembly Corporation (OAC) корпорациясы курат

  • Космостук мейманкана көлөмдүү шакекче түрүндө салынат

    Космостук мейманкана көлөмдүү шакекче түрүндө салынат

  • Ортосуна келген эл менен жүктү ары-бери ташый турган шлюз орнотулат. Шакекченин сырткы бетинде капсула-бөлмөлөр жайгашат

    Ортосуна келген эл менен жүктү ары-бери ташый турган шлюз орнотулат. Шакекченин сырткы бетинде капсула-бөлмөлөр жайгашат

  • Мейманканада конок бөлмөлөрүнөн тышкары ресторан, бар, тренажер залы, ашкана жана кеме экипажы үчүн жайлар болору пландалууда

    Мейманканада конок бөлмөлөрүнөн тышкары ресторан, бар, тренажер залы, ашкана жана кеме экипажы үчүн жайлар болору пландалууда

  • Туристтер өздөрүн кадимдей сезиши үчүн шакекче жасалма гравитациянын элесин бериш үчүн айланып турат

    Туристтер өздөрүн кадимдей сезиши үчүн шакекче жасалма гравитациянын элесин бериш үчүн айланып турат

  • Ачык космоско чыгып жаткан астронавт-турист. Тартылуу күчү жердегидей эмес, Айда жүргөндөй болору айтылды

    Ачык космоско чыгып жаткан астронавт-турист. Тартылуу күчү жердегидей эмес, Айда жүргөндөй болору айтылды

  • Космостук мейманканадагы спорт залы. Айрым жайлар ижарага берилип же ишкерлерге сатылары да айтылды

    Космостук мейманканадагы спорт залы. Айрым жайлар ижарага берилип же ишкерлерге сатылары да айтылды

  • Бул отелдеги ресторандын көрүнүшү. Туристтерден тышкары мейманканага окумуштуулар, изилдөөчүлөр жайгаша алат

    Бул отелдеги ресторандын көрүнүшү. Туристтерден тышкары мейманканага окумуштуулар, изилдөөчүлөр жайгаша алат

  • Бир капсуланын узуну 20, ал эми туурасы 12 метр болмокчу

    Бир капсуланын узуну 20, ал эми туурасы 12 метр болмокчу

  • Отель алгачкы кардарларын 2027-жылы тосуп алары айтылууда

    Отель алгачкы кардарларын 2027-жылы тосуп алары айтылууда

Белгилер:
бизнес, изилдөө, капсула, отель, мейманкана, жер, космос
Тема боюнча
Аалам кооздугу кадрларда. 14 сүрөткө сыйган космос жаңылыктары
Галактиканын укмуштуудай көрүнүшү. Октябрда космостон алынган мыкты сүрөттөр
Кыргызстандык ММА мушкери Бусурманкул Абдибаит уулу. Архив

Бусурманкул Абдибаит уулу Хабиб Нурмагомедовдун лигасында беттешке чыгат

23
(жаңыланган 10:45 05.03.2021)
Кыргыз мушкери ММА спортунда 15 беттеш өткөрүп, 12синде уткан. Анын ичинен тогуз атаандашын нокаутка кетирген.

БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Кыргызстандык ММА мушкери Бусурманкул Абдибаит уулу 19-мартта кезектеги беттешке чыгат. Турнирдин расмий постерин аталган промоушен өзүнүн Instagram баракчасына чыгарды.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от EAGLE FIGHTING CHAMPIONSHIP (@eaglefcmma)

Eagle Fighting Championship (EFC) 34 мелдеши 19-мартта Россиянын Краснодар шаарында өтөт. Бусурманкул Абдибаит уулуна россиялык Владислав Королевский атаандаш болмокчу.

Кыргызстандык мушкер ММА спортунда 15 беттеш өткөрүп, 12синде уткан. Анын ичинен тогуз атаандашын нокаутка кетирген. Карьерасында үч ирет жеңилүү ызасын тартканы маалым.

Ал эми атаандашы Владислав Королевский 12 жолу таймашка чыгып, 8 атаандашын утуп, төрт мушкерге жеңилген.

23
Белгилер:
беттешүү, мушкер, ММА, Бусурманкул Абдибаит уулу
Тема боюнча
Жыга чапты. Мушкер Абдыкааровдун OPEN FC беттешинде уткан учурунун видеосу
Шевченконун баш оорусу болом. Чемпиондун жаңы атаандашы тууралуу эмне белгилүү