Hum Bridal Couture Week мода көргөзмөсү Лахор шаарында 18-жолу өтүп жатат. Бул жылы Пакистандын көңүл ачуучу HUM TV Network Limited платформасы пандемияга карабастан көргөзмө уюштурушкан, бирок анда санитардык нормалар бекем сакталган.
Үч күн ичинде Hum Bridal Couture Week иш-чарасында 35 бренд менен дизайнерлердин өкүлдөрү эмгектерин тааныштырган. Алар үлпөт көйнөктөрүнүн түрүн сунуштаган.
Пакистанда үлпөт көйнөктөрдүн мода жумалыгы өттү
Hum Bridal Couture Week жумалыгы Лахор шаарында 18-жолу өттү
Быйыл Пакистандын HUM TV Network Limited пандемияга карабастан көргөзмө уюштурду
Уюштуруучулар санитардык нормаларды сактоо чараларын камсыздашкан
Катышуучулардын бардыгы бет кап кийип, аралыкты сактоого милдеттендирилген
Ар бир көргөзмө сайын имараттын ичи дезинфекцияланып турду
Үч күн ичинде Hum Bridal Couture Week иш-чарасында 35 бренд менен дизайнерлердин өкүлдөрү эмгектерин тааныштырды
Модельерлер салттуу жана заманбап үлпөт көйнөктөрүн көрсөтүштү
Моделдер Ali Xeeshan коллекциясын көрсөтүү учурунда
Коллекциядан түрдүү түстөрдүн палитрасын жана Swarovski таштары менен шөкөттөлгөн көйнөктөрдү көрүүгө болот
Кеченин коноктору ата мекендик рынокто биринчи ирет көрсөтүлгөн унаа моделдерин гана көрбөстөн шоу-программага дагы күбө болушту. Иш-чарага дипломатиялык өкүлчүлүктүн кызматкерлери, компаниянын өнөктөштөрү жана медиа тармагындагы белгилүү инсандар катышты.
Кийинки болуп сахнага Hyundai Elantra чыкты. Коноктор адаттан тыш, бурчтуу формалар басымдуулук кылган бул моделдин дизайнына өзгөчө көңүл бурушту.
Кеченин кульминациясы Hyundai Santa Fe — SUV жолтандабасынын бет ачары болду. Анын укмуштуудай сырткы көрүнүшү менен айдоо үчүн жасалган кынтыксыз сапаттары айкалышкан.
"Азиямоторс" ЖЧКсы Hyundai унаасынын Кыргызстандагы расмий өкүлчүлүгү болуп саналат. Борбор 2010-жылдан бери иштеп, автоунааларды сатуу, сатуудан кийинки тейлөө жана оригиналдуу тетиктер (запастык бөлүктөр) менен камсыз кылуу боюнча кызматтарды көрсөтөт.
Кечээ, 26-февраль күнү, Бишкекте Hyundai (Хендэ) унаа брендинин Кыргызстандагы расмий өкүлчүлүгү жаңыртылган үч моделин сунуштады — Elantra, Sonata жана Santa Fe
Келген коноктордун алдына "Азиямоторс" ААКнын башкы директору Владимир Лим чыгып сүйлөдү. Анын айтымына караганда, Hyundai борбору Кыргызстандагы көп жылдык ишинде миңдеген унаа сүйүүчүлөрүн кубантуу менен ата мекендик рынокту жаңы деңгээлге көтөрө алды
Кеченин коноктору өзгөчө шоу программага күбө болушту
Залда отургандар презентацияга чыгарылган ар бир моделге суктанып жатышты
Конокторго биринчилерден болуп D класстагы Hyundai Sonata унаасы тааныштырылды. Автоунаанын визиткасында машина жогорку стандарттагы стили жана функционалдуулугу менен айырмаланары айтылган
Коноктор жаңыртылган моделдер менен таанышып гана тим болбостон, аки-чүкүсүнө чейин изилдей алышкан
Экинчи болуп сахнага Hyundai Elantra чыкты. Коноктор адаттан тыш, бурчтуу формалар басымдуулук кылган бул моделдин дизайнына өзгөчө көңүл бурушту
Презентация учурунда келген коноктор жаңыртылган моделдердин салонунун ыңгайлуулугун дагы баамдай алышты
Ал эми Hyundai Santa Fe кеченин кульминациясы болду. Бул моделди тааныштырып жаткан алып баруучулар анын дизайнын жана жолдо жүрүүдөгү артыкчылыктарын белгилеп кетишти
Kairos Band тобунун жандуу үн менен коштолгон программасы кечеге өзгөчө түс берди
Иш-чарага компаниянын өнөктөштөрү, медиа адамдары, популярдуу блогерлер жана ЖМК өкүлдөрү катышты
Коноктор унаалардын сырткы көрүнүшүнө гана эмес, салонуна жана технологиялык дизайнына дагы суктанып жатышты
Эмгек бир топ чет элдиктерди таң калтырып, "кыргыз кереметинин" атагын дагы далайга жеткирген. Бул ирет Sputnik Кыргызстан агенттиги аталган кинокартинадагы сейрек ирмемдерди сунуштайт.
Төлөмүш Океев "Кожожаш" эпосунун негизинде тартыла турчу фильмдин сценарийин драматург Мар Байжиев менен жазып, СССРдин кинематография боюнча комитетине үч жолу кайра-кайра жиберип жатып макулдук алган. Ошол кезде аялы Жумаш Өмүрова да сыркоолоп, онкологиялык клиникада текшерилип жүргөн.
Кинокартинада айлана-чөйрөгө аяр мамиле кылып, аны менен эриш-аркак жашабаса кесепети аянычтуу болуп, Кожожаштай уулунан ажырап, Сур эчкинин каргышынан улам асканын башында жалгыз калгандай тагдырга ар бир адам туш келиши мүмкүн экендиги баяндалган.
"Ак илбирстин тукуму" 35тей мамлекеттин көрүүчүлөрүнө сунушталып, Берлиндеги эң абройлуу кинофестивалдардын биринде "Күмүш аюу", Дамаск шаарында "Күмүш кылыч" сыйлыгына, Минск шаарындагы Бүткүл союздук фестивалда башкы байгеге татыган.
Тасма Хан-Теңири чокусунда, Кегети ашуусунда, Ала-Арча капчыгайында, Ат-Башынын жайлоолорунда жана бөкөндөргө аңчылык кылган учур Казакстандын Моюн-Кум талаасында тартылган. Ага 200дөн ашык адам катышып, Ашыр Чокубаев, Досхан Жолжаксынов, Гүлнара Абдыкадырова, Калыйча Акматова, Айбек Кыдыралиев, Акыл Куланбаев, Светлана Чебодаева-Чаптыкова, Сакыбек Карабаев, Али Мухаммед, Раимбай Сеитов, Димаш Ахимов, Алексей Араштаев, Гүлсара Ажыбекова, Чоро Думанаев, Орозбек Кутманалиев, Асанбек Кыдырназаров өңдүү кыргыз, хакас, тажик, өзбек жана казак актёрлору образ жараткан. Айрым эпизоддорду тартууга каскадёрлор, СССРдин борборунан альпинисттер да чакыртылган. Ал эми киночулар тасмада колдонулган ак илбирс, Сур эчки кийин зоопаркка өткөрүп берилген.
Башкы ролдогу Догдурбек Кыдыралиев (Кожожаш) менен Ашыр Чокубаев (Касен)
Кожожаштын келинчеги Зулайканын образында Гүлнара Кадыралиева
Жаш актёр Марат Жантелиев капканга түшүп калган ак илбирс менен алышып жаткан учуру, 1984-жылы Чүй облусунда тартылган
Көзүнөн жашы төгүлүп ыйлаган Зулайканы көтөрүп баскан Кожожаш
КРдин эмгек сиңирген артисти Марат Жантелиев менен Кыргыз ССРинин эл артисти Алиман Жангорозова
Мундузбай ак дасторкон үстүндө аксакалдар менен
Башкы каарман Кожожаштын образын жараткан актёр Догдурбек Кыдыралиев
Эр жүрөк Кожожашты сүйүп калган Айкенин образында Гүлнара Чокубаева
Капканга түшкөн ак илбирс, аны бошотууга камынган Кожожаш жана киночулар
Ээн талаада өлүп жаткан бөкөндөр менен кошо ок жеген Карагул
Кинофильмди тартууга кыргыз, хакас, тажик, өзбек жана казак актёрлору да катышкан
"Ак илбирстин тукуму" тасмасын тартуу маалында киночулар бийик тоолуу аймакта, оор шартта иштеген
Ак илбирсти жаратууга катышкан чыгармачыл топ, ортодо режиссёр Төлөмүш Океев менен оператор Нуртай Борбиев
БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Балбайлык окуучу Бекболот Турдушев президент Садыр Жапаров менен жолукту. Ал Instagram баракчасына өлкө башчысы менен жолуккан учурда тартылган сүрөттөрүн жарыялаган.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Президенттин маалымат катчысы Галина Байтерек Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына президент окуучу бала менен жолугууга убада бергенин белгилеп кетти.
Бекболот Турдушев мектебинин эскилиги жеткенин айтып, эки кабат мектеп салып бериңиз деп өлкө башчысына кайрылгандан кийин интернет жылдызына айланган.Ошондон кийин Бекболоттун Жапаров менен жолуга турганы тууралуу маалымат тараган.
Президенттин маалымат кызматы Жапаров Россияга болчу сапарынын алдында окуучу бала менен жолугуу каралган эмес дешкен.
Көп өтпөй Жапаров видео байланыш аркылуу Бекболот Турдушев менен сүйлөшкөнүн өлкө башчысынын маалымат кызматы кабарлаган.