Вьетнамда Ай майрамы (жаңы жыл) белгиленди.
Россияда көркөмдөп муз тебүү боюнча Биринчи каналдын кубогу мелдеши өттү.
Индиянын Уттаракханд штатында мөңгү эрип, Ришиганга дарыясындагы гидроэлектростанциянын плотинасын бузуп кетти. Кырсыктан 50 киши каза болгон. Дайынсыз болгондорду куткаруучулар издеп жатат.Коронавирустук пандемияга байланыштуу узак тыныгуудан кийин Россия менен Беларустун ортосундагы жүргүнчүлөрдү ташуучу темир жол каттамы жанданды.
Киевде (Украина) мода жумалыгы өттү.
Чүйдүн Аламүдүн районундагы үйдө газ түтүкчөсү жарылып, 14 жаштагы бала каза болду. Дагы бир өспүрүм менен 79 жаштагы улгайган аял жабыркады.
Индонезиянын Пекалонгане шаарында болгон суу ташкыны учурунда батик фабрикасы жана текстилдик боёкторду өндүрүүчү ишкана суу астында калды. Мындан улам көчөдөгү суу кандын өңү сыяктуу кызыл түскө боёлгон.
Москвада жаан-чачындын айлык нормасынын 97 пайызы жааган. Россиянын борборунда кардын калыңдыгы 34 сантиметрге жетти.
Вьетнамдык аял Ай майрамынын алдында жыпар жыттуу таякчаларды таңгактап жатат
Панамада баласын артына көтөрүп алган аял АКШга бара жаткан жолдо Чукунаке дарыясын кечип өтүп жаткан учуру
Россиялык спортчулар Софья Шевченко менен Игорь Еременко көркөм муз тебүү боюнча Биринчи каналдын кубогунда Евгения Медведеванын командасынын атынан катышууда
Күнүмдүк тамак-аш табуу үчүн башкалардын көңүлүн бурдуруу максатында күмүш түскө боёнуп алган туугандар. Алар "Күмүш адамдар" атыккан топко киришет
Индиянын Уттаракханд штатында мөңгүнүн эришинен улам плотинанын бузулган учурунун бийиктиктен көрүнүшү. 7-февралда мөңгү эрип, Ришиганга дарыясындагы суу ашып, гидроэлектростанцияны жууп кеткен. Акыркы маалыматтарга ырайык, каза болгондордун саны 50гө жеткен. Дайынсыз болгондорду куткаруучулар издеп жатат
Беларусь вокзалында "Минск — Москва" поездиндеги жолугушуу. Коронавирус пандемиясынан улам узак тыныгуудан кийин Россия жана Беларусь ортосундагы темир жол байланышы кайра жанданды
Киевде өткөн Украина мода жумалыгы учурунда көшөгө артында турган моделдер
Кытайдын Ухань шаарынын көчөлөрүнүн биринде велосипед менен бара жатышкан эне-бала
Куткаруучулар Чүйдүн Аламүдүн районунда газ түтүкчөдөн улам жарылуу болгон үйдө көз жумган 14 жаштагы баланын сөөгүн алып чыгып жатышат. Жарылуу 11-февралда менчик үйдө катталган. Кырсыктан дагы бир өспүрүм жана 79 жаштагы улгайган аял жабыр тарткан
Бангкоктун (Таиланд) борборунда тук-туктар (такси) унаа коюлуучу жайда турушат. Бангкоктун белгилүү таксилери коронавирустан улам туристтер келбей калып, жумушсуз калышкан
Гельзенкирхендеги (Германия) бакчанын кар баскан лабиринтинде кишилер ит менен сейилдеп жүрүшөт
Бангкоктогу кытай кварталында Ай майрамын майрамдоо алдында турган айымдар
Токиодо үлпөт тойдогу фотосессияга даярданып жаткан кыз
Индонезиянын Пекалонгане шаарында суу каптаган көчөдө адамдар бара жатышат. Батик фабрикасындагы калдыктардан чыккан суу кызыл түскө боёлгон
Америкалык ырчы Weekеnd жыл сайын өтүүчү Улуттук футбол лигасынын Суперкубок-2021 беттешинин тыныгуу учурунда ырдап жаткан чагы
Калың кар жааган учурда Москванын көчөлөрүнүн биринде бара жаткан кыз. Кар Москвада жана Подмосковьеде 11-февралдан 14-февралга чейин жааган. Анын калыңдыгы баш калаада 34 сантиметрге жетти
Улакчылар аттын жалына торпокту тартып алары менен такымдап, зоот атын чаң ызгыта чаап жөнөйт. Эгер жерге түшүп калса топту жарып кирип, жүздөгөн атаандашынын арасынан сууруп чыгышы керек. Ошондуктан бул бекеринен эрендердин эр оюну деп айтылган эмес.
Байгеге эки автоунаа, тирүү карышкыр, алтын кур, беш төө, 10 тай, 10 торпок, 10 топоз коюлду.
Мындай чоң аламан улакта торпок ар кимдин колуна эле тие бербейт, бул үчүн көп эмгек кылыш керек.
Билегинде күчү бар эрендер 70 килограммдык торпокту жерден эңип, бири-бирине ашырып кызыктуу оюн курушту.
Улакчылар аттын жалына торпокту тартып алары менен такымдап, зоот атын чаң ызгыта чаап жөнөйт.
Улакчылар жаракат албашы үчүн колуна, бутуна жана башына атайын коргоочу каражаттарды кийишет.
Байгеге эки автоунаа, тирүү карышкыр, алтын кур, беш төө, 10 тай, 10 торпок, 10 топоз коюлду.
Бүйүр кызыткан оюн Бишкектин жака белиндеги Дача СУ айылында өттү.
Ош, Жалал-Абад, Баткен облусунан дагы атайын ышкыбоздор келишкен.
Бүгүнкү аламан улакка болжол менен миңге чукул улакчы келди.
Эгер тартып жаткан торпогу жерге түшүп калса топту жарып кирип, жүздөгөн атаандашынын арасынан сууруп чыгышы керек.
Ал ортодо бири-бири менен пикир келишпей араздашып кеткендер дагы болот,
Аламан улак көбүнчө кыш мезгилинде ойнолот, жаз келип, күн жылыгандан кийин токтойт.
Көк бөрүнүн мыктысы Манас Ниязов дагы аламан улактарга калбай катышат, албетте бул жерден дагы кур кол чыкпайт.
Аламан улакты Сейдали Келдиев үч уулуна бата алуу үчүн өткөрдү. Ал өзү да 18 жылдан бери улак тартып, белгилүү балбандардын катарында турат.
Генералдык штабдын маалымат кызматынын өкүлү Тимур Кулманбетовдун билдиришинче, Армиянын 2021-жылга даярдыгынын алкагында Улуттук гвардиянын жана Кургактагы аскерлер даярдыктан өтүштү.
"Ан-26 учагынан секирип окуу-машыгуулар болду. Мындай иш-чаралар жылына эки ирет өтөт. Улуттук гвардиянын жана Кургактагы аскерлер парашюттук системаларды колдонуп, деңиз деңгээлинен 800 метрден 3 350 метрге чейинки бийиктиктен секириктер жасалды. Арасында биринчи жолу парашюттан секирип жаткандары да, тажрыйбалуу аскер кызматкерлери да болду", — деди Кулманбетов.
Иш-чара инструкторлордун көзөмөлү менен өткөнү кошумчаланды.
"Аскердик-техникалык кызматташтыктын алкагында Россия тарабынан Кыргызстанга эки АН-26 учагы берилгенден бери жоокерлер 2019-жылдан тарта аталган түрдөгү авиатранспорттон секиргенди өздөштүрүп жатышат. Самолёт менен тик учактан секирүүнүн ылдамдык, бийиктик жана башка параметрдик айырмачылыктары болот. Ага карабастан жоокерлердин күжүрмөн аракетинин натыйжасында жогоруда айтылган өзгөчөлүктөр тоскоолдук жарата алган жок. Мындай машыгуу аскерлердин Кыргызстандын кайсы гана аймагы болбосун секирип түшүп, аскердик тапшырмаларды аткарууга даяр болушу үчүн керек", — деди ал.Аскер кызматкерлери Токмок шаарындагы аэродромго конушту.
Кыргызстанда аскер кызматкерлеринин парашюттан секирүү машыгуусу өттү. Сүрөттө КРдин Куралдуу күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын "Пантера" атайын даярдыктагы аскер бөлүгүнүн десанттары
Секирип машыгуу КРдин Куралдуу күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын жана Кургактагы аскерлердин атайын даярдыктагы жоокерлеринин катышуусу менен жылына эки ирет өтөт
Жоокерлер парашюттук тутумдарды пайдалануу жана ар кандай бийиктиктен секирип түшүү көндүмдөрүн кайталап машыгышты
Машыккандардын арасында парашюттан биринчи жолу секирип жаткандары да, 30 жолу секирген тажрыйбалуу аскер кызматкерлери да болду
Иш-чара беш миңдеген секириктерди жасаган тажрыйбалуу инструкторлордун көзөмөлү астында өттү
Буга чейин секирүүлөр Ми-8 тик учагынан гана жүргүзүлүп келген. Самолёттон секирүүлөр дээрлик 20 жылдай болбой келген. Кыргызстанга Россия эки Ан-26 учагын бергенден кийин жоокерлер самолёттон секирүүнү үйрөнө башташты
Самолёт менен тик учактан секирүүдө ылдамдык, бийиктик жана башка параметрдик айырмачылыктары болот
Аскер кызматкерлери өлкөнүн зарыл болгон аймагына конуп, күжүрмөн тапшырманы аткарууга даяр болушу үчүн десанттык даярдык зарыл
"Пантера" атайын даярдыктагы бөлүктүн десанты окуу-машыгуунун жүрүшүнө байкоо салып турат
Инструктор шамалдын багыты менен ылдамдыгын өлчөп жатат
Парашюттук секирүүлөр деңиз деңгээлинен 800 метрден 3 350 метр бийиктен, согуштагыдай шартта жасалды
"Пантера" атайын аскеринин десанттарынын парашюттан секирип түшүп келе жаткан учуру
Аскер кызматкерлери Токмок шаарындагы аскер аэродромуна конушту
Мыкты даярдыктагы аскерлер үчүн ар кандай аралыктардан секирүү эч кандай кыйынчылык жараткан жок
Окуу-машыгууда парашюттан секирген десант
Секирип жерге конгон жоокер парашютун жыйнап жатат
БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. Кыргызстандык жөө күлүктөр Беларустагы эл аралык турнирде эки алтын, бир күмүш, үч коло медаль тагынды. Бул тууралуу КРдин Жеңил атлетика федерациясынан билдиришти.
Дагы бир жөө күлүк Калыс Таштанов 1500 метр аралыкта марага биринчи жетип алтын, 800 метр аралыкта үчүнчү келип коло медалды байге куржунуна салган.
Аталган спорттук иш-чарада кыргызстандык спортчулар жалпы эки алтын, бир күмүш жана үч коло медаль алышты.