Кучактап, сыймыктанып... Белгилүү саясатчылардын атасы менен түшкөн сүрөттөрү

3230
(жаңыланган 16:57 23.02.2021)
  • Мамлекет башчы Садыр Жапаров жана атасы Нуркожо Мустали уулу. Ал 1936-жылы Кытайда туулуп, 2017-жылы дүйнө салган
  • Мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков атасы Шарип жана юрист агасы Искендер менен түшкөн сүрөт. Шарип Жээнбеков колхоздун башкармасы, райондук керек-жарак коомунун жетекчиси болуп иштеген
  • Өкмөт башчы Улукбек Мариповдун атасы Асамидин Марипов Ноокат аймактык ооруканасынын директору, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери
  • Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев атасы Кыдырша Ташиев менен
  • Экс-вице-премьер Алтынай Өмүрбекова жана атасы Сейитбек Өмүрбеков. Саясатчынын атасы КРдин транспортуна эмгек сиңирген ишмер, 40 жылдан ашык автотранспорт тармагында жетекчилик кызматтарда иштеген. СССРдин Ардак белгиси ордени, ЖКнын Ардак грамотасы менен ЖКнын 70 жылдыгына карата юбилейлик медаль менен сыйланган
  • Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болгон Балбак Түлөбаев жана анын атасы Зарлык Түлөбаев. Атасы 1930-жылы туулган, кесиби мугалим
  • Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Алимбеков жубайы жана атасы Каары Алимбеков менен. Саясатчынын атасы Кыргызстанга эмгек сиңирген мугалим
  • Атасын кучактаган ЖК депутаты Айсулуу Мамашова. Эл өкүлүнүн атасы Туризм боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы директору, ишкер Турусбек Мамашов
  • Мурдагы айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин милдетин аткаруучу Тилек Токтогазиев атасы Мурсалы Асанбеков менен. Ал 1958-жылы төрөлгөн, былтыр каза болуп калган
  • Мурдагы социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров атасы Тойчубай Кочкоров менен. Саясатчынын атасы 1947-жылы Баткен районунун Кара-Бак айылында төрөлгөн. Кесиби инженер-механизатор, 45 жыл айыл чарба багытында эмгектенген. Азыр пенсияда
  • Мурдагы вице-премьер Аида Исмаилова жана атасы Жекшенбай Исмаилов. Саясатчынын атасынын кесиби инженер-механник, өмүр бою билим берүү тармагында эмгектенген. 1946-жылы төрөлүп, 2014-жылы каза болгон
  • Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев жана атасы Бейшеналы Жусубалиев. 1939-жылы туулган, Ат-Башы районунда паспорт столдун начальниги кызматын аркалаган
  • Жогорку Кеңештин депутаты Айгерим Бешимбаева атасы Кабылбек Бешимбаев менен. Атасы юрист, укук коргоо ардагери, отставкадагы полковник
  • Белгилүү саясатчы, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Текебаев атасы Чиркеш Текебаев менен. Атасы устачылык менен алектенип, трактор айдап, колхоздун ишин кылган адам болгон.
  • Бишкек эркин экономикалык аймагын жетектеп жаткан Кудрет Тайчабаровдун атасы, белгилүү журналист Марип Тайчабаров (сол капталдагы). Ал 1961-жылы төрөлүп, 2012-жылы көз жумган
  • Вице-спикер Аида Касымалиева атасы Камчыбек Касымалиев менен. Саясатчынын атасы инженер-куруучу кесибине ээ болуп, ушул тармакта эмгектенген.
Адатта ЖМКлар энелер күнүндө жана 8-мартта эл көзүндөгү адамдардын апасы менен түшкөн сүрөттөрүн жарыялап келишет. Өлкөдө аталарга байланыштуу атайын майрам белгиленбегендиктен, алар унутулуп калгандай сезилет.

Буга байланыштуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги 23-февраль күнү белгилүү саясий жана коомдук ишмерлердин аталары менен түшкөн сүрөттөрүн берүүнү туура көрдү.

Сүрөт түрмөктөн президент, өкмөт башчы, министр, депутат жана башка мамлекеттик кызматтарды аркалаган таанымал адамдардын аталары менен түшкөн сүрөттөрүн көрө аласыздар.

3230
  • Мамлекет башчы Садыр Жапаров жана атасы Нуркожо Мустали уулу. Ал 1936-жылы Кытайда туулуп, 2017-жылы дүйнө салган
    © Фото / пресс-служба президента КР

    Мамлекет башчы Садыр Жапаров жана атасы Нуркожо Мустали уулу. Ал 1936-жылы Кытайда туулуп, 2017-жылы дүйнө салган

  • Мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков атасы Шарип жана юрист агасы Искендер менен түшкөн сүрөт. Шарип Жээнбеков колхоздун башкармасы, райондук керек-жарак коомунун жетекчиси болуп иштеген
    © Фото / из личного архива Сооронбая Жээнбекова

    Мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков атасы Шарип жана юрист агасы Искендер менен түшкөн сүрөт. Шарип Жээнбеков колхоздун башкармасы, райондук керек-жарак коомунун жетекчиси болуп иштеген

  • Өкмөт башчы Улукбек Мариповдун атасы Асамидин Марипов Ноокат аймактык ооруканасынын директору, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери
    © Фото / пресс-служба правительства КР

    Өкмөт башчы Улукбек Мариповдун атасы Асамидин Марипов Ноокат аймактык ооруканасынын директору, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери

  • Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев атасы Кыдырша Ташиев менен
    © Фото / предоставлено Откурбеком Рахмановым

    Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев атасы Кыдырша Ташиев менен

  • Экс-вице-премьер Алтынай Өмүрбекова жана атасы Сейитбек Өмүрбеков. Саясатчынын атасы КРдин транспортуна эмгек сиңирген ишмер, 40 жылдан ашык автотранспорт тармагында жетекчилик кызматтарда иштеген. СССРдин Ардак белгиси ордени, ЖКнын Ардак грамотасы менен ЖКнын 70 жылдыгына карата юбилейлик медаль менен сыйланган
    © Фото / Гулбара Чормокеева

    Экс-вице-премьер Алтынай Өмүрбекова жана атасы Сейитбек Өмүрбеков. Саясатчынын атасы КРдин транспортуна эмгек сиңирген ишмер, 40 жылдан ашык автотранспорт тармагында жетекчилик кызматтарда иштеген. СССРдин Ардак белгиси ордени, ЖКнын Ардак грамотасы менен ЖКнын 70 жылдыгына карата юбилейлик медаль менен сыйланган

  • Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болгон Балбак Түлөбаев жана анын атасы Зарлык Түлөбаев. Атасы 1930-жылы туулган, кесиби мугалим
    © Фото / предоставлено Балбаком Тулобаевым

    Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болгон Балбак Түлөбаев жана анын атасы Зарлык Түлөбаев. Атасы 1930-жылы туулган, кесиби мугалим

  • Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Алимбеков жубайы жана атасы Каары Алимбеков менен. Саясатчынын атасы Кыргызстанга эмгек сиңирген мугалим
    © Фото / предоставлено Нурбеком Алимбековым

    Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Алимбеков жубайы жана атасы Каары Алимбеков менен. Саясатчынын атасы Кыргызстанга эмгек сиңирген мугалим

  • Атасын кучактаган ЖК депутаты Айсулуу Мамашова. Эл өкүлүнүн атасы Туризм боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы директору, ишкер Турусбек Мамашов
    © Фото / предоставлено Айсулуу Мамашовой

    Атасын кучактаган ЖК депутаты Айсулуу Мамашова. Эл өкүлүнүн атасы Туризм боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы директору, ишкер Турусбек Мамашов

  • Мурдагы айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин милдетин аткаруучу Тилек Токтогазиев атасы Мурсалы Асанбеков менен. Ал 1958-жылы төрөлгөн, былтыр каза болуп калган
    © Фото / предоставлено Тилеком Токтогазиевым

    Мурдагы айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин милдетин аткаруучу Тилек Токтогазиев атасы Мурсалы Асанбеков менен. Ал 1958-жылы төрөлгөн, былтыр каза болуп калган

  • Мурдагы социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров атасы Тойчубай Кочкоров менен. Саясатчынын атасы 1947-жылы Баткен районунун Кара-Бак айылында төрөлгөн. Кесиби инженер-механизатор, 45 жыл айыл чарба багытында эмгектенген. Азыр пенсияда
    © Фото / предоставлено Улукбеком Кочкоровым

    Мурдагы социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров атасы Тойчубай Кочкоров менен. Саясатчынын атасы 1947-жылы Баткен районунун Кара-Бак айылында төрөлгөн. Кесиби инженер-механизатор, 45 жыл айыл чарба багытында эмгектенген. Азыр пенсияда

  • Мурдагы вице-премьер Аида Исмаилова жана атасы Жекшенбай Исмаилов. Саясатчынын атасынын кесиби инженер-механник, өмүр бою билим берүү тармагында эмгектенген. 1946-жылы төрөлүп, 2014-жылы каза болгон
    © Фото / предоставлено Аидой Исмаиловой

    Мурдагы вице-премьер Аида Исмаилова жана атасы Жекшенбай Исмаилов. Саясатчынын атасынын кесиби инженер-механник, өмүр бою билим берүү тармагында эмгектенген. 1946-жылы төрөлүп, 2014-жылы каза болгон

  • Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев жана атасы Бейшеналы Жусубалиев. 1939-жылы туулган, Ат-Башы районунда паспорт столдун начальниги кызматын аркалаган
    © Фото / пресс-служба МОН КР

    Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев жана атасы Бейшеналы Жусубалиев. 1939-жылы туулган, Ат-Башы районунда паспорт столдун начальниги кызматын аркалаган

  • Жогорку Кеңештин депутаты Айгерим Бешимбаева атасы Кабылбек Бешимбаев менен. Атасы юрист, укук коргоо ардагери, отставкадагы полковник
    © Фото / предоставлено Айгерим Бешимбаевой

    Жогорку Кеңештин депутаты Айгерим Бешимбаева атасы Кабылбек Бешимбаев менен. Атасы юрист, укук коргоо ардагери, отставкадагы полковник

  • Белгилүү саясатчы, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Текебаев атасы Чиркеш Текебаев менен. Атасы устачылык менен алектенип, трактор айдап, колхоздун ишин кылган адам болгон.
    © Фото / предоставлено Омурбеком Текебаевым

    Белгилүү саясатчы, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Текебаев атасы Чиркеш Текебаев менен. Атасы устачылык менен алектенип, трактор айдап, колхоздун ишин кылган адам болгон.

  • Вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева атасы Жыргалбек Сурабалдиев менен. Атасы ишкерлик менен алектенип, кийин Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган. 2005-жылы көз жумган
    © Фото / предоставлено Эльвирой Сурабалдиевой

    Вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева атасы Жыргалбек Сурабалдиев менен. Атасы ишкерлик менен алектенип, кийин Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган. 2005-жылы көз жумган

  • Бишкек эркин экономикалык аймагын жетектеп жаткан Кудрет Тайчабаровдун атасы, белгилүү журналист Марип Тайчабаров (сол капталдагы). Ал 1961-жылы төрөлүп, 2012-жылы көз жумган
    © Фото / предоставлено Кудретом Тайчабаровым

    "Бишкек" эркин экономикалык аймагын жетектеп жаткан Кудрет Тайчабаровдун атасы, белгилүү журналист Марип Тайчабаров (сол капталдагы). Ал 1961-жылы төрөлүп, 2012-жылы көз жумган

  • Вице-спикер Аида Касымалиева атасы Камчыбек Касымалиев менен. Саясатчынын атасы инженер-куруучу кесибине ээ болуп, ушул тармакта эмгектенген.
    © Фото / предоставлено Аидой Касымалиевой

    Вице-спикер Аида Касымалиева атасы Камчыбек Касымалиев менен. Саясатчынын атасы инженер-куруучу кесибине ээ болуп, ушул тармакта эмгектенген.

Белгилер:
сүрөт, ата, Улукбек Марипов, Садыр Жапаров, Кыргызстан
Тема боюнча
Зыңкыйышат! Таанылгыс болуп өзгөргөн саясатчылардын армиядагы сүрөттөрү

Укмуштуудай дизайн! Hyundai брендинин Бишкектеги презентациясынан 12 сүрөт

208
(жаңыланган 23:30 27.02.2021)
  • Кечээ, 26-февраль күнү, Бишкекте Hyundai (Хендэ) унаа берндинин Кыргызстандагы расмий өкүлчүлүгү жаңыртылган үч моделин сунуштады — Elantra, Sonata жана Santa Fe.
  • Келген коноктордун алдына Азиямоторс ААКнын башкы директору Владимир Лим чыгып сүйлөдү. Анын айтымына караганда, Hyundai борбору Кыргызстандагы көп жылдык ишинде миңдеген унаа сүйүүчүлөрүн кубантуу менен ата мекендик рынокту жаңы деңгээлге көтөрө алды.
  • Кеченин коноктору өзгөчө шоу программага күбө болушту
  •  Залда отургандар презентацияга чыгарылган ар бир моделге суктанып жатышты
  • Конокторго биринчилерден болуп D класстагы Hyundai Sonata унаасы тааныштырылды. Автоунаанын визиткасында, машина жогорку стандарттагы стили жана функционалдуулугу менен айрымаланары айтылган.
  • Коноктор жаңыртылган моделдер менен таанышып гана тим болбостон, аки-чүкүсүнө чейин изилдей алышкан.
  • Экинчи болуп сахнага Hyundai Elantra чыкты. Коноктор адаттан тыш, бурчтуу формалар басымдуулук кылган бул моделдин дизайнына өзгөчө көңүл бурушту.
  • Презентация учурунда келген коноктор жаңыртылган моделдердин салондун ыңгайлуулугун дагы баамдай алышты.
  • Ал эми Hyundai Santa Fe кеченин кульминациясы болду. Бул моделди тааныштырып жаткан алып баруучулар анын дизайнын жана жолдо жүрүүдөгү артыкчылыктарын белгилеп кетишти.
  • Kairos Band тобунун жандуу үн менен коштолгон программасы кечеге өзгөчө түс берди.
  • Иш чарага компаниянын өнөктөштөрү, медиа адамдары, популярдуу блогерлер жана ЖМК көүлдөрү катышты.
  • Коноктор унаалардын сырткы көрүнүшүнө гана эмес, салонуна жана технологиялык дизайнына дагы суктанып жатышты.
Кечээ күнү Hyundai (Хендэ) унаа брендинин Кыргызстандагы расмий өкүлчүлүгү жаңыртылган үч моделин сунуштады — Elantra, Sonata и Santa Fe. Презентациядан алынган 12 укмуштуудай кадрларды Sputnik агенттигинин сүрөт түрмөгүнөн көрүңүздөр.

Кеченин коноктору ата мекендик рынокто биринчи ирет көрсөтүлгөн унаа моделдерин гана көрбөстөн шоу-программага дагы күбө болушту. Иш-чарага дипломатиялык өкүлчүлүктүн кызматкерлери, компаниянын өнөктөштөрү жана медиа тармагындагы белгилүү инсандар катышты.

Биринчи болуп D класстагы жогорку технологиялуу Hyundai Sonata сунушталды, анын айырмаланган өзгөчөлүктөрүнүн бири иштөө мүмкүнчүлүгү болуп саналат.

Кийинки болуп сахнага Hyundai Elantra чыкты. Коноктор адаттан тыш, бурчтуу формалар басымдуулук кылган бул моделдин дизайнына өзгөчө көңүл бурушту.

Кеченин кульминациясы Hyundai Santa Fe — SUV жолтандабасынын бет ачары болду. Анын укмуштуудай сырткы көрүнүшү менен айдоо үчүн жасалган кынтыксыз сапаттары айкалышкан.

"Азиямоторс" ЖЧКсы Hyundai унаасынын Кыргызстандагы расмий өкүлчүлүгү болуп саналат. Борбор 2010-жылдан бери иштеп, автоунааларды сатуу, сатуудан кийинки тейлөө жана оригиналдуу тетиктер (запастык бөлүктөр) менен камсыз кылуу боюнча кызматтарды көрсөтөт.

208
  • Кечээ, 26-февраль күнү, Бишкекте Hyundai (Хендэ) унаа берндинин Кыргызстандагы расмий өкүлчүлүгү жаңыртылган үч моделин сунуштады — Elantra, Sonata жана Santa Fe.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Кечээ, 26-февраль күнү, Бишкекте Hyundai (Хендэ) унаа брендинин Кыргызстандагы расмий өкүлчүлүгү жаңыртылган үч моделин сунуштады — Elantra, Sonata жана Santa Fe

  • Келген коноктордун алдына Азиямоторс ААКнын башкы директору Владимир Лим чыгып сүйлөдү. Анын айтымына караганда, Hyundai борбору Кыргызстандагы көп жылдык ишинде миңдеген унаа сүйүүчүлөрүн кубантуу менен ата мекендик рынокту жаңы деңгээлге көтөрө алды.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Келген коноктордун алдына "Азиямоторс" ААКнын башкы директору Владимир Лим чыгып сүйлөдү. Анын айтымына караганда, Hyundai борбору Кыргызстандагы көп жылдык ишинде миңдеген унаа сүйүүчүлөрүн кубантуу менен ата мекендик рынокту жаңы деңгээлге көтөрө алды

  • Кеченин коноктору өзгөчө шоу программага күбө болушту
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Кеченин коноктору өзгөчө шоу программага күбө болушту

  •  Залда отургандар презентацияга чыгарылган ар бир моделге суктанып жатышты
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Залда отургандар презентацияга чыгарылган ар бир моделге суктанып жатышты

  • Конокторго биринчилерден болуп D класстагы Hyundai Sonata унаасы тааныштырылды. Автоунаанын визиткасында, машина жогорку стандарттагы стили жана функционалдуулугу менен айрымаланары айтылган.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Конокторго биринчилерден болуп D класстагы Hyundai Sonata унаасы тааныштырылды. Автоунаанын визиткасында машина жогорку стандарттагы стили жана функционалдуулугу менен айырмаланары айтылган

  • Коноктор жаңыртылган моделдер менен таанышып гана тим болбостон, аки-чүкүсүнө чейин изилдей алышкан.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Коноктор жаңыртылган моделдер менен таанышып гана тим болбостон, аки-чүкүсүнө чейин изилдей алышкан

  • Экинчи болуп сахнага Hyundai Elantra чыкты. Коноктор адаттан тыш, бурчтуу формалар басымдуулук кылган бул моделдин дизайнына өзгөчө көңүл бурушту.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Экинчи болуп сахнага Hyundai Elantra чыкты. Коноктор адаттан тыш, бурчтуу формалар басымдуулук кылган бул моделдин дизайнына өзгөчө көңүл бурушту

  • Презентация учурунда келген коноктор жаңыртылган моделдердин салондун ыңгайлуулугун дагы баамдай алышты.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Презентация учурунда келген коноктор жаңыртылган моделдердин салонунун ыңгайлуулугун дагы баамдай алышты

  • Ал эми Hyundai Santa Fe кеченин кульминациясы болду. Бул моделди тааныштырып жаткан алып баруучулар анын дизайнын жана жолдо жүрүүдөгү артыкчылыктарын белгилеп кетишти.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Ал эми Hyundai Santa Fe кеченин кульминациясы болду. Бул моделди тааныштырып жаткан алып баруучулар анын дизайнын жана жолдо жүрүүдөгү артыкчылыктарын белгилеп кетишти

  • Kairos Band тобунун жандуу үн менен коштолгон программасы кечеге өзгөчө түс берди.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Kairos Band тобунун жандуу үн менен коштолгон программасы кечеге өзгөчө түс берди

  • Иш чарага компаниянын өнөктөштөрү, медиа адамдары, популярдуу блогерлер жана ЖМК көүлдөрү катышты.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Иш-чарага компаниянын өнөктөштөрү, медиа адамдары, популярдуу блогерлер жана ЖМК өкүлдөрү катышты

  • Коноктор унаалардын сырткы көрүнүшүнө гана эмес, салонуна жана технологиялык дизайнына дагы суктанып жатышты.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Коноктор унаалардын сырткы көрүнүшүнө гана эмес, салонуна жана технологиялык дизайнына дагы суктанып жатышты

Белгилер:
Hyundai, авто, презентация, Бишкек

Кинодогу Сур эчки менен барстын кийинки тагдыры. "Ак илбирстин тукумунан" 13 сүрөт

332
  • Башкы ролдогу Догдурбек Кыдыралиев (Кожожаш) менен Ашыр Чокубаев (Касен)
  • Кожожаштын келинчеги Зулайканын образында Гүлнара Кадыралиева
  • Жаш актёр Марат Жантелиев капканга түшүп калган ак илбирс менен алышып жаткан учуру, 1984-жылы Чүй облусунда тартылган
  • Көзүнөн жашы төгүлүп ыйлаган Зулайканы көтөрүп баскан Кожожаш
  • КРдин эмгек сиңирген артисти Марат Жантелиев менен Кыргыз ССРинин эл артисти Алиман Жангорозова
  • Мундузбай ак дасторкон үстүндө аксакалдар менен
  • Башкы каарман Кожожаштын образын жараткан актёр Догдурбек Кыдыралиев
  • Эр жүрөк Кожожашты сүйүп калган Айкенин образында Гүлнара Чокубаева
  • Капканга түшкөн ак илбирс, аны бошотууга камынган Кожожаш жана киночулар
  • Ээн талаада өлүп жаткан бөкөндөр менен кошо ок жеген Карагул
  • Кинофильмди тартууга кыргыз, хакас, тажик, өзбек жана казак актёрлору да катышкан
  • Ак илбирстин тукуму тасмасын тартуу маалында киночулар бийик тоолуу аймакта, оор шартта иштеген
Өткөн кылымдын 80-жылдары режиссёр Төлөмүш Океев элдик эпосту тасмага айлантууга катуу киришип, "Ак илбирстин тукуму" фильмин көрүүчүлөргө сунуштаган.

Эмгек бир топ чет элдиктерди таң калтырып, "кыргыз кереметинин" атагын дагы далайга жеткирген. Бул ирет Sputnik Кыргызстан агенттиги аталган кинокартинадагы сейрек ирмемдерди сунуштайт.

Төлөмүш Океев "Кожожаш" эпосунун негизинде тартыла турчу фильмдин сценарийин драматург Мар Байжиев менен жазып, СССРдин кинематография боюнча комитетине үч жолу кайра-кайра жиберип жатып макулдук алган. Ошол кезде аялы Жумаш Өмүрова да сыркоолоп, онкологиялык клиникада текшерилип жүргөн.

Москвадан уруксат алгандан кийин өзүнүн иштей турган адамдарын чогултууга киришип, Кожожаштын ролуна Сүймөнкул Чокморовду тартууну көздөгөн, бирок ал катуу ооруп жүргөндүктөн тилеги ишке ашпай калган. Анда режиссёр баскан-турганы, өңү-түсү да башкы ролго дал келет деп Москвада окуп жүргөн Догдурбек Кыдыралиевди чакыртып келген. Кинофильмде Нуртай Борбиев оператор болсо, композитору Москвада бешинчи курста окуган Муратбек Бегалиев болгон.

Кинокартинада айлана-чөйрөгө аяр мамиле кылып, аны менен эриш-аркак жашабаса кесепети аянычтуу болуп, Кожожаштай уулунан ажырап, Сур эчкинин каргышынан улам асканын башында жалгыз калгандай тагдырга ар бир адам туш келиши мүмкүн экендиги баяндалган.

"Ак илбирстин тукуму" 35тей мамлекеттин көрүүчүлөрүнө сунушталып, Берлиндеги эң абройлуу кинофестивалдардын биринде "Күмүш аюу", Дамаск шаарында "Күмүш кылыч" сыйлыгына, Минск шаарындагы Бүткүл союздук фестивалда башкы байгеге татыган.

Тасма Хан-Теңири чокусунда, Кегети ашуусунда, Ала-Арча капчыгайында, Ат-Башынын жайлоолорунда жана бөкөндөргө аңчылык кылган учур Казакстандын Моюн-Кум талаасында тартылган. Ага 200дөн ашык адам катышып, Ашыр Чокубаев, Досхан Жолжаксынов, Гүлнара Абдыкадырова, Калыйча Акматова, Айбек Кыдыралиев, Акыл Куланбаев, Светлана Чебодаева-Чаптыкова, Сакыбек Карабаев, Али Мухаммед, Раимбай Сеитов, Димаш Ахимов, Алексей Араштаев, Гүлсара Ажыбекова, Чоро Думанаев, Орозбек Кутманалиев, Асанбек Кыдырназаров өңдүү кыргыз, хакас, тажик, өзбек жана казак актёрлору образ жараткан. Айрым эпизоддорду тартууга каскадёрлор, СССРдин борборунан альпинисттер да чакыртылган. Ал эми киночулар тасмада колдонулган ак илбирс, Сур эчки кийин зоопаркка өткөрүп берилген.

332
  • Башкы ролдогу Догдурбек Кыдыралиев (Кожожаш) менен Ашыр Чокубаев (Касен)
    © Sputnik / Александр Федоров

    Башкы ролдогу Догдурбек Кыдыралиев (Кожожаш) менен Ашыр Чокубаев (Касен)

  • Кожожаштын келинчеги Зулайканын образында Гүлнара Кадыралиева
    © Sputnik / Александр Федоров

    Кожожаштын келинчеги Зулайканын образында Гүлнара Кадыралиева

  • Жаш актёр Марат Жантелиев капканга түшүп калган ак илбирс менен алышып жаткан учуру, 1984-жылы Чүй облусунда тартылган
    © Фото / Александр Федоров

    Жаш актёр Марат Жантелиев капканга түшүп калган ак илбирс менен алышып жаткан учуру, 1984-жылы Чүй облусунда тартылган

  • Көзүнөн жашы төгүлүп ыйлаган Зулайканы көтөрүп баскан Кожожаш
    © Sputnik / Александр Федоров

    Көзүнөн жашы төгүлүп ыйлаган Зулайканы көтөрүп баскан Кожожаш

  • КРдин эмгек сиңирген артисти Марат Жантелиев менен Кыргыз ССРинин эл артисти Алиман Жангорозова
    © Sputnik / Александр Федоров

    КРдин эмгек сиңирген артисти Марат Жантелиев менен Кыргыз ССРинин эл артисти Алиман Жангорозова

  • Мундузбай ак дасторкон үстүндө аксакалдар менен
    © Sputnik / Александр Федоров

    Мундузбай ак дасторкон үстүндө аксакалдар менен

  • Башкы каарман Кожожаштын образын жараткан актёр Догдурбек Кыдыралиев
    © Фото / Александр Федоров

    Башкы каарман Кожожаштын образын жараткан актёр Догдурбек Кыдыралиев

  • Эр жүрөк Кожожашты сүйүп калган Айкенин образында Гүлнара Чокубаева
    © Фото / Александр Федоров

    Эр жүрөк Кожожашты сүйүп калган Айкенин образында Гүлнара Чокубаева

  • Капканга түшкөн ак илбирс, аны бошотууга камынган Кожожаш жана киночулар
    © Фото / Александр Федоров

    Капканга түшкөн ак илбирс, аны бошотууга камынган Кожожаш жана киночулар

  • Ээн талаада өлүп жаткан бөкөндөр менен кошо ок жеген Карагул
    © Sputnik / Александр Федоров

    Ээн талаада өлүп жаткан бөкөндөр менен кошо ок жеген Карагул

  • Кинофильмди тартууга кыргыз, хакас, тажик, өзбек жана казак актёрлору да катышкан
    © Sputnik / Александр Федоров

    Кинофильмди тартууга кыргыз, хакас, тажик, өзбек жана казак актёрлору да катышкан

  • Ак илбирстин тукуму тасмасын тартуу маалында киночулар бийик тоолуу аймакта, оор шартта иштеген
    © Sputnik / Александр Федоров

    "Ак илбирстин тукуму" тасмасын тартуу маалында киночулар бийик тоолуу аймакта, оор шартта иштеген

  • Ак илбирсти жаратууга катышкан чыгармачыл топ, ортодо режиссёр Төлөмүш Океев менен оператор Нуртай Борбиев
    © Sputnik / Александр Федоров

    Ак илбирсти жаратууга катышкан чыгармачыл топ, ортодо режиссёр Төлөмүш Океев менен оператор Нуртай Борбиев

Белгилер:
сүрөт, тасма, Төлөмүш Океев, Кыргызстан
Тема боюнча
Чокморов катуу ооруп жүргөндө тартылган. "Бөрү зындан" тасмасындагы ирмемдер
Уулунан ажырап Базарбайдан өч алганы келгенде... "Акбаранын көз жашы" сүрөттө
Жамийла, баёо бала, армандуу абышка... Айтматовдун кинодогу каармандары сүрөттө
Тасмага казактар каршы чыккан. "Караш-Караш окуясындагы" сүрөттөр
Спорт аренасы. Архив

"Ура!" дейсиң деп... Дагестандагы мелдеште массалык мушташ чыкты. Видео

0
Эгер чатакташкандардын арасында спортчулар менен машыктыруучулар бар экени далилденип калса, катуу чара көрүлөрү айтылды.

БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Дагестандын Каспийск шаарында дзюдо боюнча уландар арасындагы Түндүк-Кавказ федералдык округунун чемпионатында массалык мушташ чыгып кетти. Бул тууралуу РЕН ТВ билдирди.

Окуянын видеосу "Пул №3" Telegram каналына жарыяланды.

"Мушташ спортчулар 10 мүнөттөн ашык кармашкандан кийин башталды. Дагенстандык күйөрмандардын бири колун булгалап, "Ура!" деп кыйкырып жибергени осетиялык көрүүчүлөргө жакпай калганын айтышты. Мушташкандардын арасында спортчулар да бар экенин угуп жатам", — деди РФтин эмгек сиңирген машыктыруучусу Хабиб Магомедов.

Анын айтымында, эгер чатакташкандардын арасында спортчулар менен машыктыруучулар бар экени далилденип калса, катуу чаралар көрүлөт. Магомедов деги эле мындай окуянын болушун сынга алган.

"Минтип отурсак эч ким медаль албайт. Ушундай көрүнүштөрдүн айынан атлеттер менен машыктыруучулар убактылуу спорттон четтетилиши ыктымал", — деген ал.

Массалык мушташтан жабыркагандар катталган эмес.

0
Белгилер:
дзюдо, видео, мушташ, Дагестан, Россия
Тема боюнча
Мушкер атаандашына кол салып, мушташ чыгарып жиберди. Видео