Sputnik Кыргызстан агенттиги жайлоодогу жан эргиткен сүрөттөрдү сунуштайт.
Жылкычы Асеин Мамбетов үй-бүлөсү менен, 1978-жыл
Кой кайтарган малчынын уулу, 1978-жыл
Ат минип алып топоз айдаган тоолук келин, 1986-жыл
Малды жайгарып коюп кымыз ичип отурган токтогулдук малчылар, 1981-жыл
Бийик тоолуу аймакта чаарчык менен ойногон кыздар, 1969-жыл
Ленин колхозунун чабаны Абдыкадыр Баялиев, 1970-жыл
Жайлоодо бээ саап, кымыз ичип отурган тоолуктар, 1975-жыл
Чабандын кызы. Чаткалдагы Орто-Терек жайлоосу, 1966-жыл
Ош облусундагы малчылардын биринин конушу, 1986-жыл
Оюнчук аты менен кой кайтарган кичинекей бала, 1970-жыл
Жайлоодогу кыз куумай оюну
Көк-Жайык жайлоосу, 1969-жыл
Тоодо кой кайтарган койчулар, 1971-жыл
Мария Айтматова ВГИКтин кино жана телевидение сценаристи факультетин бүтүрүп, Кинематографисттер союзуна караштуу Кино үйүндө сценарист, рецензент болуп иштеген.
Улуу жазуучунун жубайы менен коштошуу зыйнаты Айтматовдун үй-музейинде өтүп, сөөгү бүгүн "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду.
Мария Айтматова улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов менен таанышкандан бери анын чыгармаларынын алгачкы окурманы жана редактору болгон
Мария Айтматова жазуучунун калемине таандык "Ботогөз булак" фильмин тартууда режиссёр Лариса Шепитконун ассистенти катары эмгектенген
Айтматова 60-жылдарда келген кыргыз кинематографисттеринин сап башында турган өкүлү эле
Ал "Түркмөнфильм" тарткан "Маңкурт" фильминин сценарийин жазган
Мария Айтматова улуу жазуучунун "Кылым карытар бир күн" романын өз колу менен терип чыккан
Мария апа Чыңгыз Айтматовдун тиреги жана музасы эле...
Чыңгыз Айтматов жана Мария Айтматова бир уул, бир кыздын ата-энеси
Айрым маалыматтарга караганда, Мария Айтматованын улуу кызы Чолпон учурда Европада жашайт.
"Апа, неберелериңиз менен тиккен магнолия бүгүн гүлдөдү. Сизге ыраазыбыз. Жакшы көрөбүз, дайым эсибиздесиз", — деп жазылат балдарынын эскерүүсүндө.
Мария Айтматова 79 жашында оорудан улам дүйнө салды
КРдин эл артисти Сардарбек Жумалиев обонун жазган "Таң сыры" аттуу элибизге белгилүү ыр Мария Айтматовага арналгандыгын композитор маектеринде эскерген.
Иманалиев ооруканадан көз жумган, анын кант диабети менен жабыркап жүргөнү айтылган.
Акын 1978-жылы 17-январда Токтогул районунун Өзгөрүш айылында жарыкка келген. 15 жашынан төкмө акындардын республикалык, эл аралык конкурстарына, фестивалдарына катышып таанылган. Казак-кыргыз журтчулугуна төкмө акын, жазма акын, обончу, ырчы, актёр, манасчы катары таанылып, жалпы элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болгон. 2016-жылы ага КРдин эл артисти наамы берилген.
Элмирбек Иманалиев 1993-жылдан тарта төкмө акындардын республикалык, эл аралык конкурстарына, фестивалдарына катыша баштаган. Сүрөт 1993-1994-жылдары "Ак таңдай" сынагында тартылган.
20 жыл мурунку сүрөт. Алп акындардын жаш кези.
Элмирбек Иманалиев устаты Тууганбай Абдиев жана башка теңтуштары менен
Бул кадрда Элмирбек Иманалиев кинорежиссер, жазуучу жана коомдук ишмер Дооронбек Садырбаев жана азыркынын белгилүү төкмөсү Азамат Болгонбаев менен
Элмирбек Иманалиев ар тараптуу талант эле. Ал төкмө акын, жазма акын, обончу, ырчы, актёр, манасчы катары таанылып, жалпы элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болгон.
Иманалиев айтылуу Токтогул акындын эң жакын үзөңгүлөш өнөгү Эшмамбет Байсейит уулунун жээн чөбөрөсү экендигин белгилей кетели
Акын Элмирбек Иманалив ырчы Гүлбү Ороскул кызы менен. Эки өнөрпозду чыгармачылык гана эмес, турмуштук жол дагы бириктирген.
Эки таланттын күлгүндөй жаш кези. Сүрөттө алар группалаштары менен.
Элмирбек акын Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтун бүтүрсө, Ороскул кызы Муратаалы Күрөңкеев атындагы училищеден билим алган.
Өнөр адамдары Айзуура жана Сезим аттуу кыздуу болушкан. Жубайлар кийинчерээк эки ача жолго түшкөн.
2016-жыл. Акындын тун кызы Айзуура Иманалиева турмушка узап жаткан кез. Сүрөттө кыздан тышкары Элмирбек Иманалиев, Гүлбү Ороскул кызы жана алардын күйөө баласы Мирзат Муканов.
Жубайы Нурзат медицина кызматкери. Өзү өнөрдөн алыс болсо да күйөөсүнүн айтыштарын калтырбай көрүп, күйөрмандык кыларын айтканы бар.
Нурзат айым Элмирбек экөө башында байке-карындаш катары эле сүйлөшкөнүн, кийин билинбей жүрүп эле жакын болуп кеткенин баяндап берген
Жубайлар үч уул, бир кыздуу болушкан
Элмирбек Иманалиев улуу жана кичүү муундагы шакирттери менен
Акын 2016-жылы маданиятка кошкон салымы үчүн КРдин эл артисти наамына ээ болгон
Ак таңдай акын 42 жашында каза тапты. Өзү өтсө дагы өнөрү түбөлүк экени шексиз. Туугандары анын атындагы коомдук фонд негиздеген.
Иманалиев ооруканадан көз жумган, анын кант диабети менен жабыркап жүргөнү айтылган.
Акындын иш бөлмөсү бош калды... Сүрөттө комуздары, чапаны жана сыйлыктары.
Жубайы Нурзат Абдрашитова редакцияга берген маегинде жашоо жолдошу бардагыдай эместигин, сагынычы күч алганын айткан.
Элмирбек Иманалиев жубайы Нурзат жана жакын досу, белгилүү акын Зайырбек Ажыматов менен. Тилекке каршы, Ажыматов Иманалиев көз жумгандан 9 күндөн кийин каза болгон.
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Улуу Жеңиш күнүнө арналган көк бөрү боюнча республикалык мелдеш Талас облусунда өтөт. Бул тууралуу өлкөнүн Улуттук көк бөрү федерациясы билдирди. https://www.instagram.com/p/CNsDV-YMxdM/
2-май күнү чүчү кулак тартылып, мелдеш 3-майда башталат.
"Улуу Жеңиш күнүнө арналган көк бөрү боюнча республикалык турнир 3-майдан 9-майга чейин Талас облусунун Райкан Алканов атындагы ат майданында өтөт. Командалардын катышуу боюнча арыздары 30-апрель күнү саат 17:30га чейин кабыл алынат", — деп айтылат маалыматта.
Мелдеш Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы жана Улуттук көк бөрү федерациясы тарабынан уюшулууда.