Апта ирмеми: Японияда гүлдөгөн сакурадан Австралиядагы суу ташкынга чейин

(жаңыланган 18:38 31.03.2021)
  • Союз-2.1а үлгүсүндөгү ракета ташуучу Байконур космодромунан старт алды. Ал орбитага 18 мамлекеттин 38 спутнигин жеткирди
  • Нооруз майрамы күнүндө Сириянын улуттук кийимин кийип көл жээгинде турган кыз
  • 25-мартта Японияда олимпиада отунун эстафетасы башталды. Футболчу Адзуса Ивасимидзу биринчи факел көтөрүүчү болду. Олимпиада отунун эстафетасы 121 күнгө созулуп, Олимпиада оюндарынын расмий ачылышында, 23-июль күнү Токиодо аяктайт
  • Христостун Рио-де-Жанейродогу (Бразилия) статуясы. Быйыл монументке 90 жыл толот. Буга байланыштуу масштабдуу реставрация жүрүп жатат
  • Пекин (Кытай) мода жумалыгындагы модель
  • Сиднейдеги (Австралия) суу ташкындан улам суу алдында калган район
  • Сиднейдеги (Австралия) суу ташкындан улам суу алдында калган район
  • Дублиндеги (Ирландия) өкмөт үйүнүн алдында өткөн газдын Extinction Rebellion кыймылынын катышуучусу
  • Жаран Колорадодогу (АКШ) атышуудан улам каза болгон полициянын офицеринин унаасына гүл коюп жатат. 22-март күнү Боулдера шаарындагы супермаркеттердин биринде атышуу болгон. Анын кесепетинен 10 адам көз жумган. Алардын арасында полиция кызматкери дагы болгон. Кылмышкер жаракат алып, кармалган
  • Гондурастык киши менен бала Рио-Гранде дарыясынын жээгинде
  • Түгөйлөр Токиодогу (Япония) Чидоригафути паркында гүлдөп турган сакуранын жанында кайык менен сүзүп жүрүшөт
  • Индиядагы Холи боектор фестивалынын катышуусу
  • Туристтер Исландиядагы Фаградальсфьяль жанар тоосунун атылышын карап отурушат
  • Президент Садыр Жапаров аялдардын шайлоого активдүү катышуусун колдоо максатында дипломатиялык корпустун өкүлдөрү менен бирге Ынтымак сейил багына көчөт отургузду
  • Барселонада (Испания) 5 миң көрүүчү менен концерт өттү. Ага келгендердин бардыгы COVID-19 ПЦР-тест тапшырган. Кире бериштен жарандардын температурасы текшерилип бет каптар берилген
  • Жазгы каникулда Флоридадагы (АКШ) пляжда эс алып жаткан кыз.
Sputnik Кыргызстан өткөн жумадагы эң кызыктуу жана маанилүү окуялардын сүрөт түрмөгүн сунуштайт.

Дүйнөдөгү көпчүлүк мамлекеттерде Нооруз майрамы белгиленди.

"Союз-2.1а" үлгүсүндөгү ракета ташуучу орбитага 18 мамлекеттин 38 спутнигин жеткирди.

Японияда олимпиада отунун эстафетасы старт алды. Ал 121 күнгө созулуп, Токиодо 23-июлда аяктайт (Олимпиада оюндарынын расмий ачылышында).

Суэц каналынын 151-чакырымында контейнер ташуучу Ever Given кемеси башка кемелердин жолун тороп, Азиядан Европага бара жаткан товарлар кармалып калган. Кеменин узундугу 400 метрге жетип, 224 миң тонна жүк көтөрөт.

Президент Садыр Жапаров аялдардын шайлоого активдүү катышуусун колдоо максатында дипломатиялык корпустун өкүлдөрү менен бирге "Ынтымак" сейил багына көчөт отургузду.

Австралиянын ондогон шаарларында катуу жааган жаандан улам суу ташкын болуп, эл эвакуацияланды.

 

  • Союз-2.1а үлгүсүндөгү ракета ташуучу Байконур космодромунан старт алды. Ал орбитага 18 мамлекеттин 38 спутнигин жеткирди
    © Фото / пресс-служба Роскосмоса

    "Союз-2.1а" үлгүсүндөгү ракета ташуучу Байконур космодромунан старт алды. Ал орбитага 18 мамлекеттин 38 спутнигин жеткирди

  • Нооруз майрамы күнүндө Сириянын улуттук кийимин кийип көл жээгинде турган кыз
    © AFP 2021 / DELIL SOULEIMAN

    Нооруз майрамы күнүндө Сириянын улуттук кийимин кийип көл жээгинде турган кыз

  • 25-мартта Японияда олимпиада отунун эстафетасы башталды. Футболчу Адзуса Ивасимидзу биринчи факел көтөрүүчү болду. Олимпиада отунун эстафетасы 121 күнгө созулуп, Олимпиада оюндарынын расмий ачылышында, 23-июль күнү Токиодо аяктайт
    © AFP 2021 / PHILIP FONG

    25-мартта Японияда олимпиада отунун эстафетасы башталды. Футболчу Адзуса Ивасимидзу биринчи факел көтөрүүчү болду. Олимпиада отунун эстафетасы 121 күнгө созулуп, Олимпиада оюндарынын расмий ачылышында, 23-июль күнү Токиодо аяктайт

  • Христостун Рио-де-Жанейродогу (Бразилия) статуясы. Быйыл монументке 90 жыл толот. Буга байланыштуу масштабдуу реставрация жүрүп жатат
    © AFP 2021 / CARL DE SOUZA

    Христостун Рио-де-Жанейродогу (Бразилия) статуясы. Быйыл монументке 90 жыл толот. Буга байланыштуу масштабдуу реставрация жүрүп жатат

  • © Sputnik / Букбис Чандра Исмет Бэй

    Аялдар Батыш Ява (Индонезия) провинциясында күрүч тазалап жатышат

  • Пекин (Кытай) мода жумалыгындагы модель
    © AP Photo / Mark Schiefelbein

    Пекин (Кытай) мода жумалыгындагы модель

  • Сиднейдеги (Австралия) суу ташкындан улам суу алдында калган район
    © REUTERS / MAXAR TECHNOLOGIES

    24-мартта Суэц каналынын 151-чакырымында контейнер ташуучу Ever Given кемеси башка кемелердин жолун тороп, Азиядан Европага бара жаткан товарлар кармалып калган. Кеменин узундугу 400 метрге жетип, 224 миң тонна жүк көтөрөт

  • Сиднейдеги (Австралия) суу ташкындан улам суу алдында калган район
    © REUTERS / POOL New

    Сиднейдеги (Австралия) суу ташкындан улам суу алдында калган район

  • © Sputnik / Александр Вильф

    Улуу Британиялык фигуристтер Лайла Фир менен Льюис Гибсон Стокгольмдо (Швеция) өткөн көркөм муз тебүү боюнча дүйнөлүк чемпионатта

  • Дублиндеги (Ирландия) өкмөт үйүнүн алдында өткөн газдын Extinction Rebellion кыймылынын катышуучусу
    © REUTERS / Clodagh Kilcoyne

    Дублиндеги (Ирландия) өкмөт үйүнүн алдында өткөн газдын Extinction Rebellion кыймылынын катышуучусу

  • Жаран Колорадодогу (АКШ) атышуудан улам каза болгон полициянын офицеринин унаасына гүл коюп жатат. 22-март күнү Боулдера шаарындагы супермаркеттердин биринде атышуу болгон. Анын кесепетинен 10 адам көз жумган. Алардын арасында полиция кызматкери дагы болгон. Кылмышкер жаракат алып, кармалган
    © REUTERS / KEVIN MOHATT

    Жаран Колорадодогу (АКШ) атышуудан улам каза болгон полициянын офицеринин унаасына гүл коюп жатат. 22-март күнү Боулдера шаарындагы супермаркеттердин биринде атышуу болгон. Анын кесепетинен 10 адам көз жумган. Алардын арасында полиция кызматкери дагы болгон. Кылмышкер жаракат алып, кармалган

  • Гондурастык киши менен бала Рио-Гранде дарыясынын жээгинде
    © REUTERS / ADREES LATIF

    Гондурастык киши менен бала Рио-Гранде дарыясынын жээгинде

  • Түгөйлөр Токиодогу (Япония) Чидоригафути паркында гүлдөп турган сакуранын жанында кайык менен сүзүп жүрүшөт
    © REUTERS / KIM KYUNG-HOON

    Түгөйлөр Токиодогу (Япония) Чидоригафути паркында гүлдөп турган сакуранын жанында кайык менен сүзүп жүрүшөт

  • Индиядагы Холи боектор фестивалынын катышуусу
    © AP Photo / Channi Anand

    Индиядагы Холи боёктор фестивалынын катышуусу

  • Туристтер Исландиядагы Фаградальсфьяль жанар тоосунун атылышын карап отурушат
    © AP Photo / Marco Di Marco

    Туристтер Исландиядагы Фаградальсфьяль жанар тоосунун атылышын карап отурушат

  • Президент Садыр Жапаров аялдардын шайлоого активдүү катышуусун колдоо максатында дипломатиялык корпустун өкүлдөрү менен бирге Ынтымак сейил багына көчөт отургузду
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

    Президент Садыр Жапаров аялдардын шайлоого активдүү катышуусун колдоо максатында дипломатиялык корпустун өкүлдөрү менен бирге "Ынтымак" сейил багына көчөт отургузду

  • Барселонада (Испания) 5 миң көрүүчү менен концерт өттү. Ага келгендердин бардыгы COVID-19 ПЦР-тест тапшырган. Кире бериштен жарандардын температурасы текшерилип бет каптар берилген
    © AP Photo / Emilio Morenatti

    Барселонада (Испания) 5 миң көрүүчү менен концерт өттү. Ага келгендердин бардыгы COVID-19 ПЦР-тест тапшырган. Кире бериштен жарандардын температурасы текшерилип, бет кап берилген

  • Жазгы каникулда Флоридадагы (АКШ) пляжда эс алып жаткан кыз.
    © AP Photo / YANA PASKOVA

    Жазгы каникулда Флоридадагы (АКШ) пляжда эс алып жаткан кыз

Белгилер:
сүрөт, апта, Садыр Жапаров, Австралия, Кыргызстан
Тема боюнча
Бишкекте "Эскерүү багы" акциясы өттү. Кызыл-Аскерден тартылган сүрөттөр

Чыңгыз жана Мария Айтматовдордун суктанткан сүрөттөрү. Жазуучуга муза эле...

(жаңыланган 12:35 21.04.2021)
  • Мария Айтматова улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов менен таанышкандан бери анын чыгармаларынын алгачкы окурманы жана редактору болгон
  • Мария Айтматова жазуучунун калемине таандык Ботогөз булак фильмин тартууда режиссёр Лариса Шепитконун ассистенти катары эмгектенген
  • Айтматова 60-жылдарда келген кыргыз кинематографисттеринин сап башында турган өкүлү эле
  • Ал Түркмөнфильм тарткан Маңкурт фильминин сценарийин жазган
  • Мария Айтматова улуу жазуучунун Кылым карытар бир күн романын өз колу менен терип чыккан
  • Мария апа Чыңгыз Айтматовдун тиреги жана музасы эле...
  • Чыңгыз Айтматов жана Мария Айтматова бир уул, бир кыздын ата-энеси
  • Айрым маалыматтарга караганда, Мария Айтматованын улуу кызы Чолпон учурда Европада жашайт.
  • Апа, неберелериңиз менен тиккен магнолия бүгүн гүлдөдү. Сизге ыраазыбыз. Жакшы көрөбүз, дайым эсибиздесиз, — деп жазылат балдарынын эскерүүсүндө.
  • Мария Айтматова 79 жашында оорудан улам дүйнө салды
  • КРдин эл артисти Сардарбек Жумалиев обонун жазган Таң сыры аттуу элибизге белгилүү ыр Мария Айтматовага арналгандыгын композитор маектеринде эскерген.
Кечээ, 20-апрелде, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жубайы Мария Айтматова оорудан улам 79 жашында каза болду.

Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жубайы Мария Айтматова
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Мария Айтматова 1942-жылы 13-июлда Суусамыр өрөөнүндөгү 8-Март айылында туулган. Атасы Нурмат Шатиев Кызыл кавалериянын жылкычысы болсо, апасы Гүлсүн Бакинова Жумгалдын башкармасынын кызы эле. Атасы каза болгондон кийин Мария апасы экөө Фрунзе шаарындагы Илимдер академиясынын кызматкерлери жашоочу үйгө көчүп келет. Мария Айтматова апасы, таенеси жана таежеси менен бирге жашаган. Апасынын бир тууганы Гүлжамал Бакинова кыргыз тилинин диалектологиялык картасын негиздеп, жээнинин инсан катары калыптанышында чоң роль ойногон.

Мария Айтматова ВГИКтин кино жана телевидение сценаристи факультетин бүтүрүп, Кинематографисттер союзуна караштуу Кино үйүндө сценарист, рецензент болуп иштеген.

Улуу жазуучунун жубайы менен коштошуу зыйнаты Айтматовдун үй-музейинде өтүп, сөөгү бүгүн "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду.

  • Мария Айтматова улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов менен таанышкандан бери анын чыгармаларынын алгачкы окурманы жана редактору болгон
    © Фото / из семейного архива Айтматовых

    Мария Айтматова улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов менен таанышкандан бери анын чыгармаларынын алгачкы окурманы жана редактору болгон

  • Мария Айтматова жазуучунун калемине таандык Ботогөз булак фильмин тартууда режиссёр Лариса Шепитконун ассистенти катары эмгектенген
    © Фото / из семейного архива Айтматовых

    Мария Айтматова жазуучунун калемине таандык "Ботогөз булак" фильмин тартууда режиссёр Лариса Шепитконун ассистенти катары эмгектенген

  • Айтматова 60-жылдарда келген кыргыз кинематографисттеринин сап башында турган өкүлү эле
    © Фото / из семейного архива Айтматовых

    Айтматова 60-жылдарда келген кыргыз кинематографисттеринин сап башында турган өкүлү эле

  • Ал Түркмөнфильм тарткан Маңкурт фильминин сценарийин жазган
    © Фото / из семейного архива Айтматовых

    Ал "Түркмөнфильм" тарткан "Маңкурт" фильминин сценарийин жазган

  • Мария Айтматова улуу жазуучунун Кылым карытар бир күн романын өз колу менен терип чыккан
    © Фото / из семейного архива Айтматовых

    Мария Айтматова улуу жазуучунун "Кылым карытар бир күн" романын өз колу менен терип чыккан

  • Мария апа Чыңгыз Айтматовдун тиреги жана музасы эле...
    © Фото / из семейного архива Айтматовых

    Мария апа Чыңгыз Айтматовдун тиреги жана музасы эле...

  • Чыңгыз Айтматов жана Мария Айтматова бир уул, бир кыздын ата-энеси
    © Фото / из семейного архива Айтматовых

    Чыңгыз Айтматов жана Мария Айтматова бир уул, бир кыздын ата-энеси

  • Айрым маалыматтарга караганда, Мария Айтматованын улуу кызы Чолпон учурда Европада жашайт.
    © Фото / из семейного архива Айтматовых

    Айрым маалыматтарга караганда, Мария Айтматованын улуу кызы Чолпон учурда Европада жашайт.

  • Апа, неберелериңиз менен тиккен магнолия бүгүн гүлдөдү. Сизге ыраазыбыз. Жакшы көрөбүз, дайым эсибиздесиз, — деп жазылат балдарынын эскерүүсүндө.
    © Фото / из семейного архива Айтматовых

    "Апа, неберелериңиз менен тиккен магнолия бүгүн гүлдөдү. Сизге ыраазыбыз. Жакшы көрөбүз, дайым эсибиздесиз", — деп жазылат балдарынын эскерүүсүндө.

  • Мария Айтматова 79 жашында оорудан улам дүйнө салды
    © Фото / из семейного архива Айтматовых

    Мария Айтматова 79 жашында оорудан улам дүйнө салды

  • КРдин эл артисти Сардарбек Жумалиев обонун жазган Таң сыры аттуу элибизге белгилүү ыр Мария Айтматовага арналгандыгын композитор маектеринде эскерген.
    © Фото / из семейного архива Айтматовых

    КРдин эл артисти Сардарбек Жумалиев обонун жазган "Таң сыры" аттуу элибизге белгилүү ыр Мария Айтматовага арналгандыгын композитор маектеринде эскерген.

Белгилер:
өлүм, жазуучу, Чыңгыз Айтматов, сүрөт, Мария Айтматова
Тема боюнча
Президент Садыр Жапаров Мария Айтматованын жакындарына көңүл айтты
Чыңгыз Айтматов ушул бөлмөлөрдө жашоо кечирген. Залкардын үй-музейинен сүрөттөр

Элмирбектин жаштыгы, тагдыры, өксүткөн өлүмү... Акындын сүрөттө калган элеси

(жаңыланган 13:31 20.04.2021)
  • Элмирбек Иманалиев 1993-жылдан тарта төкмө акындардын республикалык, эл аралык конкурстарына, фестивалдарына катыша баштаган. Сүрөт 1993-1994-жылдары Ак таңдай сынагында тартылган.
  • 20 жыл мурунку сүрөт. Алп акындардын жаш кези.
  • Элмирбек Иманалиев устаты Тууганбай Абдиев жана башка теңтуштары менен
  • Бул кадрда Элмирбек Иманалиев кинорежиссер, жазуучу жана коомдук ишмер Дооронбек Садырбаев жана азыркынын белгилүү төкмөсү Азамат Болгонбаев менен
  • Элмирбек Иманалиев ар тараптуу талант эле. Ал төкмө акын, жазма акын, обончу, ырчы, актёр, манасчы катары таанылып, жалпы элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болгон.
  • Иманалиев айтылуу Токтогул акындын эң жакын үзөңгүлөш өнөгү Эшмамбет Байсейит уулунун жээн чөбөрөсү экендигин белгилей кетели
  • Акын Элмирбек Иманалив ырчы Гүлбү Ороскул кызы менен. Эки өнөрпозду чыгармачылык гана эмес, турмуштук жол дагы бириктирген.
  • Эки таланттын күлгүндөй жаш кези. Сүрөттө алар группалаштары менен.
  • Элмирбек акын Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтун бүтүрсө, Ороскул кызы Муратаалы Күрөңкеев атындагы училищеден билим алган.
  • Өнөр адамдары Айзуура жана Сезим аттуу кыздуу болушкан. Жубайлар кийинчерээк эки ача жолго түшкөн.
  • 2016-жыл. Акындын тун кызы Айзуура Иманалиева турмушка узап жаткан кез. Сүрөттө кыздан тышкары Элмирбек Иманалиев, Гүлбү Ороскул кызы жана алардын күйөө баласы Мирзат Муканов.
  • Жубайы Нурзат медицина кызматкери. Өзү өнөрдөн алыс болсо да күйөөсүнүн айтыштарын калтырбай көрүп, күйөрмандык кыларын айтканы бар.
  • Нурзат айым Элмирбек экөө башында байке-карындаш катары эле сүйлөшкөнүн, кийин билинбей жүрүп эле жакын болуп кеткенин баяндап берген
  • Жубайлар үч уул, бир кыздуу болушкан
  • Элмирбек Иманалиев улуу жана кичүү муундагы шакирттери менен
  • Акын 2016-жылы маданиятка кошкон салымы үчүн КРдин эл артисти наамына ээ болгон
  • Ак таңдай акын 42 жашында каза тапты. Өзү өтсө дагы өнөрү түбөлүк экени шексиз. Туугандары анын атындагы коомдук фонд негиздеген.
  • Иманалиев ооруканадан көз жумган, анын кант диабети менен жабыркап жүргөнү айтылган.
  • Акындын иш бөлмөсү бош калды... Сүрөттө комуздары, чапаны жана сыйлыктары.
  • Жубайы Нурзат Абдрашитова редакцияга берген маегинде жашоо жолдошу бардагыдай эместигин, сагынычы күч алганын айткан.
  • Элмирбек Иманалиев жубайы Нурзат жана жакын досу, белгилүү акын Зайырбек Ажыматов менен. Тилекке каршы, Ажыматов Иманалиев көз жумгандан 9 күндөн кийин каза болгон.
Алп акын Элмирбек Иманалиев былтыр 20-апрель күнү дүйнө салган. Дал ушул күндөн тарта улуу таланттын экинчи өмүрү башталып, эл оозунан түшпөй келет.

Иманалиев ооруканадан көз жумган, анын кант диабети менен жабыркап жүргөнү айтылган.

Sputnik агенттиги өнөрпоздун жаштыгын, сүйүүсүн, үй-бүлөсүн, чыгармачылык жолун баяндаган сүрөттөрдү сунуштайт.

Акын 1978-жылы 17-январда Токтогул районунун Өзгөрүш айылында жарыкка келген. 15 жашынан төкмө акындардын республикалык, эл аралык конкурстарына, фестивалдарына катышып таанылган. Казак-кыргыз журтчулугуна төкмө акын, жазма акын, обончу, ырчы, актёр, манасчы катары таанылып, жалпы элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болгон. 2016-жылы ага КРдин эл артисти наамы берилген.

  • Элмирбек Иманалиев 1993-жылдан тарта төкмө акындардын республикалык, эл аралык конкурстарына, фестивалдарына катыша баштаган. Сүрөт 1993-1994-жылдары Ак таңдай сынагында тартылган.
    © Фото / предоставлено Айзуурой Иманалиевой

    Элмирбек Иманалиев 1993-жылдан тарта төкмө акындардын республикалык, эл аралык конкурстарына, фестивалдарына катыша баштаган. Сүрөт 1993-1994-жылдары "Ак таңдай" сынагында тартылган.

  • 20 жыл мурунку сүрөт. Алп акындардын жаш кези.
    © Фото / предоставлено Айзуурой Иманалиевой

    20 жыл мурунку сүрөт. Алп акындардын жаш кези.

  • Элмирбек Иманалиев устаты Тууганбай Абдиев жана башка теңтуштары менен
    © Фото / предоставлено Асылбеком Маратовым

    Элмирбек Иманалиев устаты Тууганбай Абдиев жана башка теңтуштары менен

  • Бул кадрда Элмирбек Иманалиев кинорежиссер, жазуучу жана коомдук ишмер Дооронбек Садырбаев жана азыркынын белгилүү төкмөсү Азамат Болгонбаев менен
    © Фото / предоставлено Азаматом Болгонбаевым

    Бул кадрда Элмирбек Иманалиев кинорежиссер, жазуучу жана коомдук ишмер Дооронбек Садырбаев жана азыркынын белгилүү төкмөсү Азамат Болгонбаев менен

  • Элмирбек Иманалиев ар тараптуу талант эле. Ал төкмө акын, жазма акын, обончу, ырчы, актёр, манасчы катары таанылып, жалпы элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болгон.
    © Фото / предоставлено Айзуурой Иманалиевой

    Элмирбек Иманалиев ар тараптуу талант эле. Ал төкмө акын, жазма акын, обончу, ырчы, актёр, манасчы катары таанылып, жалпы элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болгон.

  • Иманалиев айтылуу Токтогул акындын эң жакын үзөңгүлөш өнөгү Эшмамбет Байсейит уулунун жээн чөбөрөсү экендигин белгилей кетели
    © Фото / предоставлено Айзуурой Иманалиевой

    Иманалиев айтылуу Токтогул акындын эң жакын үзөңгүлөш өнөгү Эшмамбет Байсейит уулунун жээн чөбөрөсү экендигин белгилей кетели

  • Акын Элмирбек Иманалив ырчы Гүлбү Ороскул кызы менен. Эки өнөрпозду чыгармачылык гана эмес, турмуштук жол дагы бириктирген.
    © Фото / предоставлено Айзуурой Иманалиевой

    Акын Элмирбек Иманалив ырчы Гүлбү Ороскул кызы менен. Эки өнөрпозду чыгармачылык гана эмес, турмуштук жол дагы бириктирген.

  • Эки таланттын күлгүндөй жаш кези. Сүрөттө алар группалаштары менен.
    © Фото / предоставлено Айзуурой Иманалиевой

    Эки таланттын күлгүндөй жаш кези. Сүрөттө алар группалаштары менен.

  • Элмирбек акын Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтун бүтүрсө, Ороскул кызы Муратаалы Күрөңкеев атындагы училищеден билим алган.
    © Фото / предоставлено Айзуурой Иманалиевой

    Элмирбек акын Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтун бүтүрсө, Ороскул кызы Муратаалы Күрөңкеев атындагы училищеден билим алган.

  • Өнөр адамдары Айзуура жана Сезим аттуу кыздуу болушкан. Жубайлар кийинчерээк эки ача жолго түшкөн.
    © Фото / предоставлено Айзуурой Иманалиевой

    Өнөр адамдары Айзуура жана Сезим аттуу кыздуу болушкан. Жубайлар кийинчерээк эки ача жолго түшкөн.

  • 2016-жыл. Акындын тун кызы Айзуура Иманалиева турмушка узап жаткан кез. Сүрөттө кыздан тышкары Элмирбек Иманалиев, Гүлбү Ороскул кызы жана алардын күйөө баласы Мирзат Муканов.
    © Фото / предоставлено Айзуурой Иманалиевой

    2016-жыл. Акындын тун кызы Айзуура Иманалиева турмушка узап жаткан кез. Сүрөттө кыздан тышкары Элмирбек Иманалиев, Гүлбү Ороскул кызы жана алардын күйөө баласы Мирзат Муканов.

  • Жубайы Нурзат медицина кызматкери. Өзү өнөрдөн алыс болсо да күйөөсүнүн айтыштарын калтырбай көрүп, күйөрмандык кыларын айтканы бар.
    © Фото / предоставлено Нурзат Абдрашитовой

    Жубайы Нурзат медицина кызматкери. Өзү өнөрдөн алыс болсо да күйөөсүнүн айтыштарын калтырбай көрүп, күйөрмандык кыларын айтканы бар.

  • Нурзат айым Элмирбек экөө башында байке-карындаш катары эле сүйлөшкөнүн, кийин билинбей жүрүп эле жакын болуп кеткенин баяндап берген
    © Фото / из семейного архива Иманалиевых

    Нурзат айым Элмирбек экөө башында байке-карындаш катары эле сүйлөшкөнүн, кийин билинбей жүрүп эле жакын болуп кеткенин баяндап берген

  • Жубайлар үч уул, бир кыздуу болушкан
    © Фото / предоставлено Нурзат Абдрашитовой

    Жубайлар үч уул, бир кыздуу болушкан

  • Элмирбек Иманалиев улуу жана кичүү муундагы шакирттери менен
    © Фото / предоставлено Нурланом Темирбек уулу

    Элмирбек Иманалиев улуу жана кичүү муундагы шакирттери менен

  • Акын 2016-жылы маданиятка кошкон салымы үчүн КРдин эл артисти наамына ээ болгон
    © Фото / из личного архива Элмирбека Иманалиева

    Акын 2016-жылы маданиятка кошкон салымы үчүн КРдин эл артисти наамына ээ болгон

  • Ак таңдай акын 42 жашында каза тапты. Өзү өтсө дагы өнөрү түбөлүк экени шексиз. Туугандары анын атындагы коомдук фонд негиздеген.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Ак таңдай акын 42 жашында каза тапты. Өзү өтсө дагы өнөрү түбөлүк экени шексиз. Туугандары анын атындагы коомдук фонд негиздеген.

  • Иманалиев ооруканадан көз жумган, анын кант диабети менен жабыркап жүргөнү айтылган.
    © Фото / из личного архива Элмирбека Иманалиева

    Иманалиев ооруканадан көз жумган, анын кант диабети менен жабыркап жүргөнү айтылган.

  • Акындын иш бөлмөсү бош калды... Сүрөттө комуздары, чапаны жана сыйлыктары.
    © Фото / Нурзат Абдырашитова

    Акындын иш бөлмөсү бош калды... Сүрөттө комуздары, чапаны жана сыйлыктары.

  • Жубайы Нурзат Абдрашитова редакцияга берген маегинде жашоо жолдошу бардагыдай эместигин, сагынычы күч алганын айткан.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Жубайы Нурзат Абдрашитова редакцияга берген маегинде жашоо жолдошу бардагыдай эместигин, сагынычы күч алганын айткан.

  • Элмирбек Иманалиев жубайы Нурзат жана жакын досу, белгилүү акын Зайырбек Ажыматов менен. Тилекке каршы, Ажыматов Иманалиев көз жумгандан 9 күндөн кийин каза болгон.
    © Фото / из семейного архива Назыма Зайырбек уулу

    Элмирбек Иманалиев жубайы Нурзат жана жакын досу, белгилүү акын Зайырбек Ажыматов менен. Тилекке каршы, Ажыматов Иманалиев көз жумгандан 9 күндөн кийин каза болгон.

Белгилер:
эскерүү, сүрөт, чыгармачылык, төкмө акын, Элмирбек Иманалиев, Кыргызстан
Тема боюнча
Элмирбек Иманалиевдин жубайы: жашоо атабыз бардагыдай эмес, сагыныч күч алды...
Көк бөрү мелдеши. Архив

Жеңиш күнүнө арналган республикалык көк бөрү мелдеши Таласта өтөт

2-май күнү чүчү кулак тартылып, оюндар 3-майда башталат. Мелдеш Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы жана Улуттук көк бөрү федерациясы тарабынан уюшулууда.

БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Улуу Жеңиш күнүнө арналган көк бөрү боюнча республикалык мелдеш Талас облусунда өтөт. Бул тууралуу өлкөнүн Улуттук көк бөрү федерациясы билдирди. https://www.instagram.com/p/CNsDV-YMxdM/

2-май күнү чүчү кулак тартылып, мелдеш 3-майда башталат.

"Улуу Жеңиш күнүнө арналган көк бөрү боюнча республикалык турнир 3-майдан 9-майга чейин Талас облусунун Райкан Алканов атындагы ат майданында өтөт. Командалардын катышуу боюнча арыздары 30-апрель күнү саат 17:30га чейин кабыл алынат", — деп айтылат маалыматта.

Мелдеш Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы жана Улуттук көк бөрү федерациясы тарабынан уюшулууда.

Белгилер:
Талас облусу, мелдеш, Көк бөрү, Улуу Жеңиш
Тема боюнча
1-май күнү Кыргызстанда эл аралык "Альпиниада – 2021" мелдеши өтөт