Жолон Мамытов 1940-жылы Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Төлөйкан айылында төрөлгөн. Атасы Мамыт 1943-жылы Улуу Ата Мекендик согушка кетип кайтып келген эмес. Ага чейин айылда бригадир болчу. Апасы Алмакан ошол чөлкөмдө белгилүү чебер уз, кошокчу жана сулуу аял болгон экен. Жолон Мамытов беш бир туугандын кичүүсү болуп, эрке өсөт.
Жолон Мамытовдун "Отту сүйөм", "Жашыл аалам", "Убакыт", "Ырлар", "Мезгилдин элеси", "Буурул таңдын жомогу", "Суунун өмүрү", "Жарышкан суулар", "Атка токум салгыла", "Жүз жашка тол, кылым", "Башат жана Мухит" аттуу поэтикалык жыйнактары басмадан чыгып, адабият күйөрмандарынын алкоосуна татыган. Айрым чыгармалары орус жана башка чет тилдерге которулган. Өзү да Федор Тютчевдин, Афанасий Феттин, Владимир Маяковскийдин, Миколас Слуцкистин айрым чыгармаларын кыргыз тилине которгон.
Аны сүйүү акыны деп да аташат. Анткени сүйүү темасында ыр жазган акындардын сап башында турган. Акын көпчүлүк ырларын жубайы Меңди Мамазаировага жетпей жүргөндө жазган экен.
Жубайы Меңди Мамазаирова да кыргыз элине аттын кашкасындай таанымал акын, жазуучу жана драматург. Убагында экөөнүн баш кошуусуна ата-энелери каршы болушкан. Себеби эки акындын тууугандык жайы бар болчу. Бирок сүйүшкөн эки жаш каршылыктарга карабай, баш кошуп алышкан.
Жолон Мамытов 48 жашында лейкоз (ак кан) менен ооруй баштайт. Илдет менен жарым жылдай алышып, Москвага дарыланууга барып ошол жактан көз жумган. Жубайынын эскерүүсүндө, акын дартын өзү билген, бирок ал тууралуу жакындарына айткан эмес. Кийин Москвага дарыланууга барса баары кеч болуп калган экен. Ошондон кийин эле көп өтпөй 1988-жылдын 7-мартында каза болгон.
1-апрель белгилүү акын Жолон Мамытовдун туулган күнү. Улуу талант быйыл 81 жашка чыкмак.
Жолон Мамытов Москвадагы Горький атындагы институттун алдындагы адабият боюнча жогорку курста окуп, билим алган. 1970-жылдар.
Акындын жубайы Меңди Мамазаирова да чыгармачыл адам, жазуучу, журналист. Акындын сүйүү ырларынын жаралышына ушул адам себепкер.
Эки акын үч уул, бир кыздуу болушкан. Уулдары Маяк, Улан жана Азамат.
Жалындаган жаштык кез
Борборго жогорку окуу жайга тапшырам деп барып, акын орус тилинен дилбаян жаза албай өтпөй калган. Анан кокусунан эле Айыл чарба институтунун ветеринария бөлүмүнөн окуп калат.
1967-жыл. Сүрөттө Меңди Мамазаированын атасы Мамазаир Өмүрзак уулу, апасы Тургун Кадыр кызы балдары менен.
Жолон Мамытовдун уулдары Маяк менен Азамат кесиби боюнча режиссёр. Ал эми кызы Айгерим модельер болуп эмгектенет. Экинчи уулу Улан 2011-жылы каза болуп калган.
1985-жыл. Акындын экинчи уулу Улан Мамытовдун армиядан келген кези.
1979-жылы Жолон Мамытов Куба мамлекетинин Гавана шаарына барганда
Казак акыны Мухтар Шаханов экөө жакын достордон эле
1980-жылдары Жолон Мамытов шаардык кеңештин депутаты да болгон
Сүйүү ырларынын атасы
1984-жыл. Акын Жолон кыргыз элинин улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматов менен
Акын-жазуучулар менен Душанбе шаарындагы жолугушууда
Режиссер Болот Шамшиев, актриса Айтурган Темирова жана акын Жолон Мамытов. Чыгармачыл адамдар Якутияга делегация менен барган. Кезинде Мамытов Кыргызстан кинематографисттер союзунун жооптуу катчысы, Мамлекеттик кинонун башкы редактору болгон.
Абанын табы +8 гана градус болгонуна карабай сноубордчулар 1 170 метр бийиктиктен зуулдап түшүштү.
Иш-чара өткөн курортко келе албаган спортчулар ага онлайн-форматта катышты. Уюштуруучулар атайын тиркеме иштеп чыгып, иш-чарага дүйнөнүн ар кайсы жеринде туруп катышкандар болду.
BoogelWoogel карнавалы "Роза Хутор" курортунда 2016-жылдан бери өтүп келе жатат. Ага миңдеген спортчулар купальник кийип катышышат. Негизги максат — көңүлдүү убакыт өткөрүү жана Гиннесс рекорддорун жаңылоо.
Кышкы карнавалга 700 сноубордчу жана лыжа тебүүчү катышты
Абанын табы +8 гана градус болгону эч кимди чочулаткан жок
Сноубордчулар 1 170 метр бийиктиктен зуулдап түшүштү
Музыканын коштоосунда жүздөгөн спортчу "учуп" жөнөштү
Иш-чарага онлайн-форматта катышкандар дагы болду
Онлайн катышууну каалагандар үчүн уюштуруучулар атайын теркеме иштеп чыккан
Сууктан коркпогон катышуучулар
Онлайн-форматтагы иш-чарага чет өлкөлүк спортчулар гана эмес, россиялыктар дагы катышты
BoogelWoogel карнавалы "Роза Хутор" курортунда 2016-жылдан бери өтүп келе жатат
Карнавалдын негизги максаты — көңүлдүү убакыт өткөрүү жана Гиннесс рекорддорун жаңылоо
Катышуучулар медициналык кароодон өтүп жатат
Катышуучу аял
Өткөн жумада Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана жаңы Конституцияны кабыл алуу боюнча реферемдум болуп өттү.
Ал эми Арменияда оппозициячыл күчтөр премьер-министр Никол Пашиняндын отставкасын талап кылып жатышат. Өз бийлигине нааразы болгондордун арасында ирландиялыктар дагы бар. Алар COVID-19га байланыштуу чектөөлөргө каршы чыгууда.
Саясаттан тышкары дагы пикир келишпестиктер болбой койгон жок. "Шри-Ланка — 2021" сынагында Пушпика Де Силваны биринчи орунду алышы менен куттуктоо салтанаты жүрүп жатканда 2019-жылы жеңүүчү болгон келин сахнанын артынан басып келип, кыздын башынан таажыны жулуп алган. Ал Де Силва күйөөсү менен ажырашып кеткендиктен мындай сынакта биринчи орунга татыбайт деген пикирин билдирген.
Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон балмуздак жеп жатат
Бангкок шаарында (Таиланд) Кытайдын CoronaVac вакцинасын алып жаткан аял
Москвадагы "Космосту багындыргандарга" монументин жууп жаткан учур
Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана жаңы Конституцияны кабыл алуу боюнча референдум болуп өттү
Франциялык багбандар жүзүм багын ыштын жардамы менен үшүктөн сактап калууга аракет кылууда
Түндүк Ирландияда COVID-19га байланыштуу чектөөлөргө каршы чыккандардын митинги күч алууда
Мадрид шаарында Mercedes Benz мода жумалыгы болду
Арменияда оппозициячыл күчтөр премьер-министр Никол Пашиняндын отставкасын талап кылып жатышат
"Шри-Ланка — 2021" сынагында мурдагы жылы жеңүүчү болгон келин, быйылкы жеңүүчү күйөөсү менен ажырашканын айтпай сынактын шартын бузганын белгилеп, башындагы таажыны жулуп алды
Индиядагы диний майрам учурунда
Ingenuity тик учагы NASA Perseverance марсоходунан ажыраган учур. Ал 471 миллион чакырым аралыкты басып өткөн
Team Tutberidze шоусуна катышып жаткан муз бийчиси Алена Косторная, Москва шаары
Исландиядагы атылганы жаткан жанар тоонун үстүнөн өтүп бараткан тик учак
Шони-Мишн паркындагы суунун үстүндө чакан кайык менен сүзүп жүргөн киши, АКШ
Майамиде сүрөткө түшүп жаткан кыз
Айзада Канатбекованын өлүмүнөн кийин нааразычылык акциясына чыккан жарандар
"Байконур" космодромунан учуп бара жаткан "Союз-2.1а" ракета ташуучусу "Союз МС-18" кемесин алып бара жатат
Маркумдарды эскерүү күнүндө мүрзөгө келген кыздар, Гонконг
Сочи (Россия) шаарындагы BoogelWoogel-2021 карнавалында купальник кийип тоодон түшүп келе жаткан кыз
Бразилиядагы оорукананын кызматкери бейтаптарды Пасха майрамы менен куттуктап жатат
Евразия экономикалык комиссиясы ЕАЭБ аймагында дары-дармекти каттоону бир стандартка алып келүүнүн мөөнөтүн 2021-жылдын 1-июнуна чейин узартты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык техника жана дары-дармек менен камсыздоо департаментинин сектор башчысы Майя Мусаева билдирди.
Алгачкы мөөнөт 2020-жылдын 31-декабры деп көрсөтүлгөн.
"Өткөөл мезгилди узартуу ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин саламаттык сактоо тармагынын жаңы дары-дармектерге муктаждыгын толугураак камсыздоого, ошондой эле каттоо досьелерин уюмдун талаптарына ылайык келтирүүгө мүмкүндүк берет. Азыр мамлекеттик реестрде 3500дөй дары-дармек катталган. Бирдиктүү стандартка кирсек дагы башка препараттарды алып келип, дарынын сапатын жакшыртууга шарт түзүлөт", — деди Мусаева.
Анын айтымында, эгерде ЕАЭБдин каттоо эрежелерине ылайык иш алып барсак, дары рыногу тартипке келтирилип, баа саясаты жөнгө салынат.
Мындан тышкары, адис өлкөдөгү фармацевтикалык рыноктун ишин ЕАЭБ принцибине которуу боюнча иш-аракеттер планына ылайык, адистер окуудан өтүшкөнүн кошумчалады.