Жарыш борбор калаага кире берген жердеги "Аска-Таш" мемориалынан башталып, ошол жерден бүттү. Жөө күлүктөр "Манас" аэропортуна чейин чуркап, кайра кайтышты. Чоң кишилер 5, 10 жана 21,1 чакырым аралыкка чуркашса, кичинекей балдар 100, 200 жана 500 метрге күчүн сынады.
Sputnik Кыргызстан Bakai Bank Jaz Demi жарышына маалыматтык өнөктөш болду.
Бишкектин четине бүгүн 2 500дөй киши чогулду
Эл Bakai Bank Jaz Demi жарышына катышуу үчүн келди
Жарыш борбор калаага кире берген жердеги "Аска-Таш" мемориалынан башталып, ошол жерден бүттү
Жөө күлүктөр "Манас" аэропортуна чейин чуркап, кайра кайтышты
Катышуучуларды колдоо үчүн келгендер да көп болду
Бишкек — "Манас" аэропорту трассасынын бир бөлүгү жол кыймылы үчүн жабык болду
Чоң кишилер 5, 10 жана 21,1 чакырым аралыкка чуркашты
Быйыл жарым марафондук аралыкка чуркагандар арбын болду
Иш-чарадан улуу-кичүү дебей бардык курактагы адамдарды көрүүгө болот эле
Жарышка кызыккан азиз адамдардын да көбөйгөнү кубандырат
Компаниялары менен чогуу чуркагандар да болду
Жылдагыдай эле биздин жамаат да четте калган жок
Марага аз калганда желек желбиретип өтүү салтка айланып баратат
Күлүктөрдү ушундай сулуулар тосуп алып жатты
Жарышка балдар да катышты
Алар үчүн 100, 200 жана метрлик жарыштар уюштурулду
Марага келген ар бир катышуучу диплом...
...жана медаль менен сыйланып жатты
Sputnik Кыргызстан Bakai Bank Jaz Demi жарышына маалыматтык өнөктөш болду
Эгер кызыгуу жаралса, биздин маалыматтарды окуп туруңуз, кийинки жарыш качан болорун сөзсүз билдиребиз
Эң байлардын тизмесинде дагы деле Amazon интернет-ритейлердин башкы директору Жефф Безос көч баштоодо. Анын байлыгы бир жыл ичинде 64 миллиард долларга көбөйгөн. Учурда анын мүлкү 177 миллиард долларды чапчыйт.
Tesla компаниясынын ээси, жеке ишкер Илон Маск экинчи сапта турат. Өткөн жылы анын компаниясынын акциялары 720 пайызга кымбаттап, рейтингдеги 31-катардан дароо экинчиге көтөрүлүүгө мүмкүнчүлүк берди.LVMH мода үйүнө үй-бүлөсү менен ээлик кылган Бернар Арно үчүнчү сапка жайгашып, мүлкү 150 миллиард долларга бааланууда. Эскерте кетсек, россиялык супермодель Наталья Водянова Бернардын уулу Антуан Арнонун жубайы болот.
Рейтингге бардыгы болуп 2 755 миллиардер кирген. Алар былтыркыдан 660 кишиге көбөйгөн. Миллиардерлердин мүлкү жалпы жонунан 13,08 триллион долларга бааланууда. Бул рекорддук көрсөткүч.
Планетанын эң бай адамы Жефф Безос 2018-жылы Вашингтондо өткөн экономикалык клубдун жыйынында сүйлөп жаткан учуру
Tesla компаниясынын негиздөөчүсү Илон Маск автоунаанын жанында турат. 2020-жылы ал дүйнөдөгү эң бай адамдардын рейтингинде болуп көрбөгөндөй секирик жасаган
Рейтингде үчүнчү сапта LVMH мода үйүнө ээлик кылган Бернар Арно жана үй-бүлөсү турат. Сүрөттө: Бернар Арно өмүрлүк жары, уулу Антуан жана келини россиялык супермодель Наталья Водянова
Microsoft компаниясын негиздеген Билл Гейтс 124 миллиард доллар мүлкү менен төртүнчү орунда турат. Ал жубайы менен дүйнөдөгү эң ири кайрымдуулук фондду жетектешет. Мындан сырткары, АКШнын 19 штатында дыйканчылык жерлери бар
Бешинчи сапты Марк Цукерберг ээлеген. Facebook социалдык тармагынын негиздөөчүсүнүн мүлкү 97 миллиардды чапчыйт
Уоррен Баффеттин байлыгы Цукербергдикинен бир миллиард долларга аз. Ал белгилүү Berkshire Hathaway инвестициялык мекемеге жетекчилик кылат. Уюм 60тан ашык компаниянын үлүшүнө ээлик кылат
Миллиардер Ларри Эллисондун негизги кирешеси Oracle компаниясынан түшөт. Мекеме программалык камсыздоо менен алектенет. Эллисондун мүлкү 93 миллиард доллар деп бааланат
Ларри Пейж менен Сергей Брин дүйнөдөгү эң популярдуу Google издөө системасын иштеп чыгышкан. Байлардын тизмесинде сегизинчи катарда турган Ларри Пейждин мүлкү 91,5 миллиард доллар
Сергей Бриндин 89 миллиард долларлык мүлкү бар. Анын атасы 1977-жылы Советтер Союзунан жер которуп кеткен
Индиялык Мукеш Амбани ааламдагы эң байлардын тизмесиндеги алдыңкы ондукка кирген азиялык жалгыз өкүл. Ал ири мунай компаниясынын акционери болуп саналат. Мындан сырткары, 4G-интернет кызматын көрсөтүүчү компанияга ээлик кылат
Inditex корпорациясын негиздеген испаниялык Амансио Ортега 11-сапта турат. Ал бир катар дүйнөлүк бренддерди башкарат, алардын эң атактуусу – Zara
Франсуаза Беттанкур-Майерс L'Oreal косметикалык бизнес-империясын негиздеген адамдын небереси болуп саналат
Кытайлык Чжун Шаньшань суусундук чыгаруучу компанияга жана медициналык корпорацияга ээлик кылат
Microsoft компаниясынын мурдагы башкы директору Стив Балмер рейтингде 14-сапта
Ма Хуатэн Tencent Holdings интернет-холдингге ээлик кылат. WeChat мессенжери дал ушул уюмга таандык. Кытайлыктын ошондой эле дүйнөдөгү башка ири долбоорлордо да үлүшү бар.
Референдумга 1 325 254 шайлоочу же 36,75 пайызы добуш берген. Ал эми болжолдуу түрдө алганда республикалык маанидеги калаа Бишкекте алты, Ошто төрт партия шаардык кеңештин шайлоосунан өттү.
Ал эми чет жакта 48 шайлоо участкасы ачылып, тизмеде 58 598 жаран катталган.
Кыргызстандыктар 2021-жылдын 11-апрелинде жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлап, жаңы Конституциянын долбооруна добушун берди
Бишкек шаарында шайлоо комиссиясынын кызматкери добуш берүү бүткөндөн кийин шайлоо участогун жаап жатат
Шайлоо комиссиясынын кызматкери шайлоо тилкелеринин биринде добуштарды санап жатат. Бишкек шаары
Шайлоо комиссиясынын кызматкерлери добуштарды санап жатат
Кыргызстандыктарга эки бюллетень берилди. Бири – жалпы элдик добуш берүү, экинчиси – жергиликтүү кеңештин депутаттарын тандоо болду
Берилген добуштарды автоматтык түрдө санаган урнадан чыккан маалымат. Бул добуштар элдин тагдыры үчүн чоң мааниге ээ
Бюллетень, тигилген көздөр, текшерүү...
"Иш бүттү! Эл референдумга келди, жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлашты". Участкалык шайлоо комиссиясынын кызматкерлери
Бюллетендерди саноо алдында...
Бир бюллетень да кандай мааниге ээ!
Ар бир процесс көзөмөлдө
Конституциянын жаңы долбооруна добуш берүүгө келгендердин 79,25 пайызы колдоп, 13,69 пайызы каршы экенин билдирген
28 шаардык кеңештин шайлоосуна 59 партия катышты
Бюллетень. Конституциянын жаңы долбооруна шайлоочу каршымын деп добуш берген
Тагдыр чечкен сандар...
Референдумда добуш берилген 89 830 бюллетень (6,94 пайыз) жараксыз деп табылды
Кыргызстанда участкалык шайлоо комиссиялары эртең мененки саат сегизде ачылып, кечки саат сегизде жабылды
Бишкектеги участкалык шайлоо комиссиясынын кызматкерлери иши аяктап калганда...
Манасчы Талантаалы Бакчиев белгилегендей, кырк чоро деп айтылып жүргөнү менен эпосто 42 же андан көп сан берилет. Тоголок Молдонун варианты боюнча, 48и чоро, 40ы алардын зардалы, мындайча айтканда, жардамчысы. Алар курал-жарак ташып, атын карап, керектүү жардамдарды көрсөтүшкөн. Манаста "Себилдүүсү сексен төрт. Серп салган жагы кызыл өрт" деп бекеринен айтылбаса керек. Айрым манасчылардын варианттарында бардык чоронун аты аталат, кээ биринде толук айтылбайт.
Манастын кырк чоросу кырк тараптан келген. Бир күндө эмес, аз-аздан келип куралышкан. Кээси Манастан кичүү болсо, айрымдары тең болгон. Чоролордун көбү азган-тозгондор. Өз элинде, жеринде батпай, куугунтукка алынгандыктан "Манас айкөл экен, баатыр экен, чыгаан экен" деп үмүт артып келишкен.
Баатырдын кырк чоросу тууралуу кызыктуу фактыларды кабарчы Гүлдана Талантбекова даярдаган материалдан окуй аласыздар.