Египеттеги мумиялардын көчүрүлүшүнөн тарта АКШдагы торнадого чейин. Апта ирмеми

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан өткөн аптадагы кызыктуу окуялардан турган кезектеги сүрөт түрмөгүн сунуш кылат.

Иерусалимде (Израиль) сыйынуучулар жана кечилдер (монах) бейшемби күнү Ыйык сыйынуу чиркөөсүндө Иисус Христостун сөөгү коюлган Кувуклиянын айланасында жүрүш жасашты.

Баткен облусунда командалык-штабдык жана мобилизациялык аскердик окуу-машыгуу өткөрүлсө, АКШнын Алабама штатында катуу торнадо болуп, бир нече киши каза тапкан.

Темир тулпардагы сулуулар. Motorsport Expo - 2021 көргөзмөсүнөн 11 сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.04.2021
Темир тулпардагы сулуулар. Motorsport Expo — 2021 көргөзмөсүнөн 11 сүрөт
Волгограддын (Россия) Мамаев курган аймагындагы "Родина-мать зовет!" монументинде жарака сызыгы пайда болгону тууралуу билдирүүдөн кийин РФтин Маданият министрлигинен атайын комиссия жиберилди.

Кыргызстанда 1-апрелде аба ырайы кескин өзгөрүп, кар жаап, бороон-чапкын менен коштолду. Соцтармактарда кышкы кийимин, унаалардын жайкы дөңгөлөктөрүн чечкен бишкектиктерге табият өзүнчө тамашасын тартуулаганы айтылды.

Мандалайда (Мьянма) 1-февралда болгон аскердик төңкөрүшкө каршы митинг өтсө, Испаниянын Севилья шаарында улуттук кийимдердин салттуу мода көргөзмөсү уюштурулду.

Каирде (Египет)  египеттик 22 фараондун мумиясы жаңы музейге көчүрүлүп, ал чоң салтанат менен коштолду.

© AFP / TOLGA AKMENЛондондун Гайд-паркында сууга түшүп жаткан кыздар
Купание в лондонском Гайд-парке - Sputnik Кыргызстан
1/15
Лондондун Гайд-паркында сууга түшүп жаткан кыздар
© DIMITAR DILKOFFМосквада көчөдө аял гүл сатып жатат
Продажа цветов на улице в центре Москвы - Sputnik Кыргызстан
2/15
Москвада көчөдө аял гүл сатып жатат
© AFP / EMMANUEL DUNANDСыйынуучулар жана монахтар бейшемби күнү Иерусалимдеги Ыйык сыйынуу чиркөөсүндө Иисус Христостун сөөгү коюлган Кувуклиянын айланасында жүрүш жасашты
Великий четверг в Иерусалиме - Sputnik Кыргызстан
3/15
Сыйынуучулар жана монахтар бейшемби күнү Иерусалимдеги Ыйык сыйынуу чиркөөсүндө Иисус Христостун сөөгү коюлган Кувуклиянын айланасында жүрүш жасашты
© REUTERS / Marcelo del PozoИспаниянын Севилья шаарында өткөрүлгөн улуттук кийимдердин салттуу мода көргөзмөсүнүн алдында башы айланып кулаган моделге аялдар жардам берип жатышат
Показ традиционных мантилья в Севилье - Sputnik Кыргызстан
4/15
Испаниянын Севилья шаарында өткөрүлгөн улуттук кийимдердин салттуу мода көргөзмөсүнүн алдында башы айланып кулаган моделге аялдар жардам берип жатышат
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКР президенти Садыр Жапаров Баткенде өткөн "Коопсуздук–2021" аталышындагы масштабдуу аскердик окуу-машыгууда сөз сүйлөп жатат
Командно-штабные и мобилизационные учения в Баткенской области - Sputnik Кыргызстан
5/15
КР президенти Садыр Жапаров Баткенде өткөн "Коопсуздук–2021" аталышындагы масштабдуу аскердик окуу-машыгууда сөз сүйлөп жатат
© Sputnik / Кирилл Брага / Медиабанкка өтүүМамаев кургандагы "Родина-мать зовет!" монументине жарандар келишүүдө. Аталган монументте жарака сызыгы пайда болгону тууралуу билдирүүдөн кийин РФтин Маданият министрлигинен атайын комиссия жиберилди
Монумент Родина-мать зовет! на Мамаевом кургане посетили представители министерства культуры - Sputnik Кыргызстан
6/15
Мамаев кургандагы "Родина-мать зовет!" монументине жарандар келишүүдө. Аталган монументте жарака сызыгы пайда болгону тууралуу билдирүүдөн кийин РФтин Маданият министрлигинен атайын комиссия жиберилди
© REUTERS / AMANDA PEROBELLIБразилиянын Сан-Паулу шаарында полиция санитардык эрежелерди бузгандарга каршы күрөшүү боюнча жүргүзгөн операциясында түнкү клубга келген кыздар бетин жашырып жатышат
Ситуация в Бразилии на фоне пандемии COVID-19 - Sputnik Кыргызстан
7/15
Бразилиянын Сан-Паулу шаарында полиция санитардык эрежелерди бузгандарга каршы күрөшүү боюнча жүргүзгөн операциясында түнкү клубга келген кыздар бетин жашырып жатышат
© REUTERS / ELIJAH NOUVELAGEАКШнын Алабама штатында катуу торнадо болуп, бир нече киши каза болду
Торнадо в американском штате Алабама - Sputnik Кыргызстан
8/15
АКШнын Алабама штатында катуу торнадо болуп, бир нече киши каза болду
© Sputnik / Акылбек БатырбековБишкекте Jaz Demi аталышындагы массалык марафон өттү. Катышуучулар баш калаага кире бериштеги "Аска-Таш" мемориалынын жанынан чуркап баштап, кайра ошол жерге марага келишти.
Массовый забег Jaz Demi в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
9/15
Бишкекте Jaz Demi аталышындагы массалык марафон өттү. Катышуучулар баш калаага кире бериштеги "Аска-Таш" мемориалынын жанынан чуркап баштап, кайра ошол жерге марага келишти.
© AFP / GUILLERMO ARIASМексиканын түндүгүндөгү Герреро-Негр лагунасында (көл) туристтер боз китти сылаганга аракет кылышууда
Киты в лагуне Герреро-Негро на севере Мексики - Sputnik Кыргызстан
10/15
Мексиканын түндүгүндөгү Герреро-Негр лагунасында (көл) туристтер боз китти сылаганга аракет кылышууда
© REUTERS / STRINGERМьянмада мотоциклчен киши Мандалайдагы нааразычылык акциясы учурунда күйүп жаткан дөңгөлөктөрдүн жанынан өтүүдө. 1-февралдагы төңкөрүштөн кийинки митингдер башталгандан бери өлкөдө кеминде 550 адам каза болгон, алардын 46сы балдар. Аскер кызматкерлери бийликти басып алышкан.
Протесты против военного переворота в Мьянме - Sputnik Кыргызстан
11/15
Мьянмада мотоциклчен киши Мандалайдагы нааразычылык акциясы учурунда күйүп жаткан дөңгөлөктөрдүн жанынан өтүүдө. 1-февралдагы төңкөрүштөн кийинки митингдер башталгандан бери өлкөдө кеминде 550 адам каза болгон, алардын 46сы балдар. Аскер кызматкерлери бийликти басып алышкан.
© AFP / MICHELE CATTANIМалинин Томбукту шаарында салттуу кийинген имам Жингеребер мечитинин ичинде бара жатат
Мечеть Джингеребер - Sputnik Кыргызстан
12/15
Малинин Томбукту шаарында салттуу кийинген имам Жингеребер мечитинин ичинде бара жатат
© AFP / DIBYANGSHU SARKARДарыгерлер Индиянын Калькутта шаарында жазгы Холи боёктор фестивалын майрамдашууда
Весенний фестиваль красок Холи в Индии - Sputnik Кыргызстан
13/15
Дарыгерлер Индиянын Калькутта шаарында жазгы Холи боёктор фестивалын майрамдашууда
© Sputnik / Жоомарт УраимовКыргызстанда 1-апрелде күн кескин сууктады. Бишкекте күндүз бороон-чапкын болуп, авариялык өчүрүүлөр катталды.
Апрельская снежная буря в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
14/15
Кыргызстанда 1-апрелде күн кескин сууктады. Бишкекте күндүз бороон-чапкын болуп, авариялык өчүрүүлөр катталды.
© REUTERS / REUTERS TVКаирде 22 фараондун мумиясы көчүрүлүп, ал чоң салтанат менен коштолду. Күн батарга жакын мумиялар салынган табыттар жүктөлгөн атайын арабалар Тахрир аянтынан тарта Нил дарыясынын жээгин бойлой жөнөштү.
Өлкөнүн туризм министри Халед аль-Анани буга чейин жаңы музейге ташылган мумиялар мамлекет башчылары катары урматтала тургандыгын айткан.
Торжественная церемония перевозки мумий 22 египетских фараонов - Sputnik Кыргызстан
15/15
Каирде 22 фараондун мумиясы көчүрүлүп, ал чоң салтанат менен коштолду. Күн батарга жакын мумиялар салынган табыттар жүктөлгөн атайын арабалар Тахрир аянтынан тарта Нил дарыясынын жээгин бойлой жөнөштү.
Өлкөнүн туризм министри Халед аль-Анани буга чейин жаңы музейге ташылган мумиялар мамлекет башчылары катары урматтала тургандыгын айткан.
Жаңылыктар түрмөгү
0