Бишкекте шайлоо кандай өтүп жатат? Участкалардан тартылган 15 сүрөт

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан агенттигинин фото кабарчысы борбор калаадагы бир катар шайлоо участокторун кыдырып, шайлоо кандай өтүп жатканын сүрөткө тартып кайтты.

Бул санитардык-эпидемиологиялык эрежелер сакталып, шайлоочулар бет кап кийип келип жаткан үчүнчү шайлоо.

© Sputnik / Жоомарт УраимовБүгүн кыргызстандыктар жаңы Конституциянын долбоору боюнча референдумга жана өздөрүнүн жергиликтүү кеңештерине депутаттарды шайлап жатышат
Выборы в местные кенеши и референдум по проекту новой Конституции в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
1/15
Бүгүн кыргызстандыктар жаңы Конституциянын долбоору боюнча референдумга жана өздөрүнүн жергиликтүү кеңештерине депутаттарды шайлап жатышат
© Sputnik / Жоомарт Ураимов28 шаардык кеңештин шайлоосуна 59 партия катышууда. 420 айылдык кеңештин депутаттыгына аттанган талапкерлердин жалпы саны 18 772ге жетет
Выборы в местные кенеши и референдум по проекту новой Конституции в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
2/15
28 шаардык кеңештин шайлоосуна 59 партия катышууда. 420 айылдык кеңештин депутаттыгына аттанган талапкерлердин жалпы саны 18 772ге жетет
© Sputnik / Жоомарт УраимовЖарандар жаңы Конституцияны кабыл алуу же албоо керектиги боюнча пикирлерин билдиришет
Выборы в местные кенеши и референдум по проекту новой Конституции в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
3/15
Жарандар жаңы Конституцияны кабыл алуу же албоо керектиги боюнча пикирлерин билдиришет
© Sputnik / Жоомарт УраимовАл үчүн шайлоочулар бюллетендеги "ооба" же "жок" деген жооптордун бирин тандашы керек
Выборы в местные кенеши и референдум по проекту новой Конституции в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
4/15
Ал үчүн шайлоочулар бюллетендеги "ооба" же "жок" деген жооптордун бирин тандашы керек
© Sputnik / Жоомарт УраимовКечээ күнү участкадан тышкаркы тилкеде добуш берүү жүргүзүлдү
Выборы в местные кенеши и референдум по проекту новой Конституции в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
5/15
Кечээ күнү участкадан тышкаркы тилкеде добуш берүү жүргүзүлдү
© Sputnik / Жоомарт УраимовБир нече партия өкүлдөрү участкадан тышкаркы тилкеде өткөн добуш берүү процедурасы мыйзам бузуулар менен коштолгонун айтышты. Кийин БШК Бишкек, Ош, Токмок жана Чүй облусундагы Аламүдүн районунда, жалпы 15 участкадагы добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарды
Выборы в местные кенеши и референдум по проекту новой Конституции в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
6/15
Бир нече партия өкүлдөрү участкадан тышкаркы тилкеде өткөн добуш берүү процедурасы мыйзам бузуулар менен коштолгонун айтышты. Кийин БШК Бишкек, Ош, Токмок жана Чүй облусундагы Аламүдүн районунда, жалпы 15 участкадагы добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарды
© Sputnik / Жоомарт УраимовЖергиликтүү кеңештин депутаттарын тандоого 856 404 шайлоочу келген, бул жалпы шайлоочулардын 25,81 пайызы. Ал эми референдумга 888 331 киши добуш берген, бул жалпы шайлоочулардын 24,63 пайызын түзөт
Выборы в местные кенеши и референдум по проекту новой Конституции в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
7/15
Жергиликтүү кеңештин депутаттарын тандоого 856 404 шайлоочу келген, бул жалпы шайлоочулардын 25,81 пайызы. Ал эми референдумга 888 331 киши добуш берген, бул жалпы шайлоочулардын 24,63 пайызын түзөт
© Sputnik / Жоомарт УраимовСаат 12:00гө карата алынган маалымат боюнча, добуш берүүгө катышкандардын саны боюнча алдыда Жалал-Абад облусу болду. Анда шайлоо участкаларына 101 858 киши келген
Выборы в местные кенеши и референдум по проекту новой Конституции в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
8/15
Саат 12:00гө карата алынган маалымат боюнча, добуш берүүгө катышкандардын саны боюнча алдыда Жалал-Абад облусу болду. Анда шайлоо участкаларына 101 858 киши келген
© Sputnik / Жоомарт УраимовАл эми саат 12:00гө карата добуш берүүгө келгендердин эң аз саны Талас облусуна туура келди (773 адам)
Выборы в местные кенеши и референдум по проекту новой Конституции в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
9/15
Ал эми саат 12:00гө карата добуш берүүгө келгендердин эң аз саны Талас облусуна туура келди (773 адам)
© Sputnik / Жоомарт УраимовҮй башчыларынын мыйзамсыз аракеттеринен улам Бишкектеги жети участкада добуш берүүнүн жыйынтыктары жокко чыгарылды
Выборы в местные кенеши и референдум по проекту новой Конституции в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
10/15
Үй башчыларынын мыйзамсыз аракеттеринен улам Бишкектеги жети участкада добуш берүүнүн жыйынтыктары жокко чыгарылды
© Sputnik / Жоомарт УраимовЭгер сиз мыйзам бузууга күбө болсоңуз БШКга (0312) 66-28-46, 66-40-13, (факс) 96-03-38, 96-02-87 номерлери боюнча кабарлай аласыздар. "Кыргызтелеком" ААКнын стационардык номерлери аркылуу чалуулар бекер. Ал эми аймактар менен мобилдик байланыштар кадимки тариф менен эсептелет
Выборы в местные кенеши и референдум по проекту новой Конституции в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
11/15
Эгер сиз мыйзам бузууга күбө болсоңуз БШКга (0312) 66-28-46, 66-40-13, (факс) 96-03-38, 96-02-87 номерлери боюнча кабарлай аласыздар. "Кыргызтелеком" ААКнын стационардык номерлери аркылуу чалуулар бекер. Ал эми аймактар менен мобилдик байланыштар кадимки тариф менен эсептелет
© Sputnik / Жоомарт УраимовШайлоо процессине 31 мамлекеттен келген 183 эл аралык байкоочу көз салууда
Выборы в местные кенеши и референдум по проекту новой Конституции в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
12/15
Шайлоо процессине 31 мамлекеттен келген 183 эл аралык байкоочу көз салууда
© Sputnik / Жоомарт Ураимов10-апрель күнү участкадан тышкаркы тилкеден 17 099 жаран добуш берди
Выборы в местные кенеши и референдум по проекту новой Конституции в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
13/15
10-апрель күнү участкадан тышкаркы тилкеден 17 099 жаран добуш берди
© Sputnik / Жоомарт УраимовАксакал киши шайлоодо добуш берип жатат
Выборы в местные кенеши и референдум по проекту новой Конституции в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
14/15
Аксакал киши шайлоодо добуш берип жатат
© Sputnik / Жоомарт УраимовУлгайган аял Бишкектеги шайлоо участкаларынын биринде добуш бергени жатат
Выборы в местные кенеши и референдум по проекту новой Конституции в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
15/15
Улгайган аял Бишкектеги шайлоо участкаларынын биринде добуш бергени жатат
Жаңылыктар түрмөгү
0