Элмирбектин жаштыгы, тагдыры, өксүткөн өлүмү... Акындын сүрөттө калган элеси

Жазылуу
Алп акын Элмирбек Иманалиев былтыр 20-апрель күнү дүйнө салган. Дал ушул күндөн тарта улуу таланттын экинчи өмүрү башталып, эл оозунан түшпөй келет.

Иманалиев ооруканадан көз жумган, анын кант диабети менен жабыркап жүргөнү айтылган.

Народный артист Кыргызстана, акын Элмирбек Иманалиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.01.2021
Элмирбек Иманалиевдин күндөлүгүнөн. Бир келген өмүрдү майнаптуу жашагым келет...
Sputnik агенттиги өнөрпоздун жаштыгын, сүйүүсүн, үй-бүлөсүн, чыгармачылык жолун баяндаган сүрөттөрдү сунуштайт.

Акын 1978-жылы 17-январда Токтогул районунун Өзгөрүш айылында жарыкка келген. 15 жашынан төкмө акындардын республикалык, эл аралык конкурстарына, фестивалдарына катышып таанылган. Казак-кыргыз журтчулугуна төкмө акын, жазма акын, обончу, ырчы, актёр, манасчы катары таанылып, жалпы элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болгон. 2016-жылы ага КРдин эл артисти наамы берилген.

© Фото / предоставлено Айзуурой ИманалиевойЭлмирбек Иманалиев 1993-жылдан тарта төкмө акындардын республикалык, эл аралык конкурстарына, фестивалдарына катыша баштаган. Сүрөт 1993-1994-жылдары "Ак таңдай" сынагында тартылган.
Элмирбек Иманалиев 1993-жылдан тарта төкмө акындардын республикалык, эл аралык конкурстарына, фестивалдарына катыша баштаган. Сүрөт 1993-1994-жылдары Ак таңдай сынагында тартылган. - Sputnik Кыргызстан
1/21
Элмирбек Иманалиев 1993-жылдан тарта төкмө акындардын республикалык, эл аралык конкурстарына, фестивалдарына катыша баштаган. Сүрөт 1993-1994-жылдары "Ак таңдай" сынагында тартылган.
© Фото / предоставлено Айзуурой Иманалиевой20 жыл мурунку сүрөт. Алп акындардын жаш кези.
20 жыл мурунку сүрөт. Алп акындардын жаш кези. - Sputnik Кыргызстан
2/21
20 жыл мурунку сүрөт. Алп акындардын жаш кези.
© Фото / предоставлено Асылбеком МаратовымЭлмирбек Иманалиев устаты Тууганбай Абдиев жана башка теңтуштары менен
Элмирбек Иманалиев устаты Тууганбай Абдиев жана башка теңтуштары менен - Sputnik Кыргызстан
3/21
Элмирбек Иманалиев устаты Тууганбай Абдиев жана башка теңтуштары менен
© Фото / предоставлено Азаматом БолгонбаевымБул кадрда Элмирбек Иманалиев кинорежиссер, жазуучу жана коомдук ишмер Дооронбек Садырбаев жана азыркынын белгилүү төкмөсү Азамат Болгонбаев менен
Бул кадрда Элмирбек Иманалиев кинорежиссер, жазуучу жана коомдук ишмер Дооронбек Садырбаев жана азыркынын белгилүү төкмөсү Азамат Болгонбаев менен - Sputnik Кыргызстан
4/21
Бул кадрда Элмирбек Иманалиев кинорежиссер, жазуучу жана коомдук ишмер Дооронбек Садырбаев жана азыркынын белгилүү төкмөсү Азамат Болгонбаев менен
© Фото / предоставлено Айзуурой ИманалиевойЭлмирбек Иманалиев ар тараптуу талант эле. Ал төкмө акын, жазма акын, обончу, ырчы, актёр, манасчы катары таанылып, жалпы элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болгон.
Элмирбек Иманалиев ар тараптуу талант эле. Ал төкмө акын, жазма акын, обончу, ырчы, актёр, манасчы катары таанылып, жалпы элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болгон. - Sputnik Кыргызстан
5/21
Элмирбек Иманалиев ар тараптуу талант эле. Ал төкмө акын, жазма акын, обончу, ырчы, актёр, манасчы катары таанылып, жалпы элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болгон.
© Фото / предоставлено Айзуурой ИманалиевойИманалиев айтылуу Токтогул акындын эң жакын үзөңгүлөш өнөгү Эшмамбет Байсейит уулунун жээн чөбөрөсү экендигин белгилей кетели
Иманалиев айтылуу Токтогул акындын эң жакын үзөңгүлөш өнөгү Эшмамбет Байсейит уулунун жээн чөбөрөсү экендигин белгилей кетели - Sputnik Кыргызстан
6/21
Иманалиев айтылуу Токтогул акындын эң жакын үзөңгүлөш өнөгү Эшмамбет Байсейит уулунун жээн чөбөрөсү экендигин белгилей кетели
© Фото / предоставлено Айзуурой ИманалиевойАкын Элмирбек Иманалив ырчы Гүлбү Ороскул кызы менен. Эки өнөрпозду чыгармачылык гана эмес, турмуштук жол дагы бириктирген.
Акын Элмирбек Иманалив ырчы Гүлбү Ороскул кызы менен. Эки өнөрпозду чыгармачылык гана эмес, турмуштук жол дагы бириктирген. - Sputnik Кыргызстан
7/21
Акын Элмирбек Иманалив ырчы Гүлбү Ороскул кызы менен. Эки өнөрпозду чыгармачылык гана эмес, турмуштук жол дагы бириктирген.
© Фото / предоставлено Айзуурой ИманалиевойЭки таланттын күлгүндөй жаш кези. Сүрөттө алар группалаштары менен.
Эки таланттын күлгүндөй жаш кези. Сүрөттө алар группалаштары менен. - Sputnik Кыргызстан
8/21
Эки таланттын күлгүндөй жаш кези. Сүрөттө алар группалаштары менен.
© Фото / предоставлено Айзуурой ИманалиевойЭлмирбек акын Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтун бүтүрсө, Ороскул кызы Муратаалы Күрөңкеев атындагы училищеден билим алган.
Элмирбек акын Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтун бүтүрсө, Ороскул кызы Муратаалы Күрөңкеев атындагы училищеден билим алган. - Sputnik Кыргызстан
9/21
Элмирбек акын Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтун бүтүрсө, Ороскул кызы Муратаалы Күрөңкеев атындагы училищеден билим алган.
© Фото / предоставлено Айзуурой ИманалиевойӨнөр адамдары Айзуура жана Сезим аттуу кыздуу болушкан. Жубайлар кийинчерээк эки ача жолго түшкөн.
Өнөр адамдары Айзуура жана Сезим аттуу кыздуу болушкан. Жубайлар кийинчерээк эки ача жолго түшкөн. - Sputnik Кыргызстан
10/21
Өнөр адамдары Айзуура жана Сезим аттуу кыздуу болушкан. Жубайлар кийинчерээк эки ача жолго түшкөн.
© Фото / предоставлено Айзуурой Иманалиевой2016-жыл. Акындын тун кызы Айзуура Иманалиева турмушка узап жаткан кез. Сүрөттө кыздан тышкары Элмирбек Иманалиев, Гүлбү Ороскул кызы жана алардын күйөө баласы Мирзат Муканов.
2016-жыл. Акындын тун кызы Айзуура Иманалиева турмушка узап жаткан кез. Сүрөттө кыздан тышкары Элмирбек Иманалиев, Гүлбү Ороскул кызы жана алардын күйөө баласы Мирзат Муканов. - Sputnik Кыргызстан
11/21
2016-жыл. Акындын тун кызы Айзуура Иманалиева турмушка узап жаткан кез. Сүрөттө кыздан тышкары Элмирбек Иманалиев, Гүлбү Ороскул кызы жана алардын күйөө баласы Мирзат Муканов.
© Фото / предоставлено Нурзат АбдрашитовойЖубайы Нурзат медицина кызматкери. Өзү өнөрдөн алыс болсо да күйөөсүнүн айтыштарын калтырбай көрүп, күйөрмандык кыларын айтканы бар.
Жубайы Нурзат медицина кызматкери. Өзү өнөрдөн алыс болсо да күйөөсүнүн айтыштарын калтырбай көрүп, күйөрмандык кыларын айтканы бар. - Sputnik Кыргызстан
12/21
Жубайы Нурзат медицина кызматкери. Өзү өнөрдөн алыс болсо да күйөөсүнүн айтыштарын калтырбай көрүп, күйөрмандык кыларын айтканы бар.
© Фото / из семейного архива ИманалиевыхНурзат айым Элмирбек экөө башында байке-карындаш катары эле сүйлөшкөнүн, кийин билинбей жүрүп эле жакын болуп кеткенин баяндап берген
Нурзат айым Элмирбек экөө башында байке-карындаш катары эле сүйлөшкөнүн, кийин билинбей жүрүп эле жакын болуп кеткенин баяндап берген - Sputnik Кыргызстан
13/21
Нурзат айым Элмирбек экөө башында байке-карындаш катары эле сүйлөшкөнүн, кийин билинбей жүрүп эле жакын болуп кеткенин баяндап берген
© Фото / предоставлено Нурзат АбдрашитовойЖубайлар үч уул, бир кыздуу болушкан
Жубайлар үч уул, бир кыздуу болушкан - Sputnik Кыргызстан
14/21
Жубайлар үч уул, бир кыздуу болушкан
© Фото / предоставлено Нурланом Темирбек уулуЭлмирбек Иманалиев улуу жана кичүү муундагы шакирттери менен
Элмирбек Иманалиев улуу жана кичүү муундагы шакирттери менен - Sputnik Кыргызстан
15/21
Элмирбек Иманалиев улуу жана кичүү муундагы шакирттери менен
© Фото / из личного архива Элмирбека ИманалиеваАкын 2016-жылы маданиятка кошкон салымы үчүн КРдин эл артисти наамына ээ болгон
Акын 2016-жылы маданиятка кошкон салымы үчүн КРдин эл артисти наамына ээ болгон - Sputnik Кыргызстан
16/21
Акын 2016-жылы маданиятка кошкон салымы үчүн КРдин эл артисти наамына ээ болгон
© Sputnik / Табылды КадырбековАк таңдай акын 42 жашында каза тапты. Өзү өтсө дагы өнөрү түбөлүк экени шексиз. Туугандары анын атындагы коомдук фонд негиздеген.
Ак таңдай акын 42 жашында каза тапты. Өзү өтсө дагы өнөрү түбөлүк экени шексиз. Туугандары анын атындагы коомдук фонд негиздеген. - Sputnik Кыргызстан
17/21
Ак таңдай акын 42 жашында каза тапты. Өзү өтсө дагы өнөрү түбөлүк экени шексиз. Туугандары анын атындагы коомдук фонд негиздеген.
© Фото / из личного архива Элмирбека ИманалиеваИманалиев ооруканадан көз жумган, анын кант диабети менен жабыркап жүргөнү айтылган.
Иманалиев ооруканадан көз жумган, анын кант диабети менен жабыркап жүргөнү айтылган. - Sputnik Кыргызстан
18/21
Иманалиев ооруканадан көз жумган, анын кант диабети менен жабыркап жүргөнү айтылган.
© Фото / Нурзат АбдырашитоваАкындын иш бөлмөсү бош калды... Сүрөттө комуздары, чапаны жана сыйлыктары.
Акындын иш бөлмөсү бош калды... Сүрөттө комуздары, чапаны жана сыйлыктары. - Sputnik Кыргызстан
19/21
Акындын иш бөлмөсү бош калды... Сүрөттө комуздары, чапаны жана сыйлыктары.
© Sputnik / Табылды КадырбековЖубайы Нурзат Абдрашитова редакцияга берген маегинде жашоо жолдошу бардагыдай эместигин, сагынычы күч алганын айткан.
Жубайы Нурзат Абдрашитова редакцияга берген маегинде жашоо жолдошу бардагыдай эместигин, сагынычы күч алганын айткан. - Sputnik Кыргызстан
20/21
Жубайы Нурзат Абдрашитова редакцияга берген маегинде жашоо жолдошу бардагыдай эместигин, сагынычы күч алганын айткан.
© Фото / из семейного архива Назыма Зайырбек уулуЭлмирбек Иманалиев жубайы Нурзат жана жакын досу, белгилүү акын Зайырбек Ажыматов менен. Тилекке каршы, Ажыматов Иманалиев көз жумгандан 9 күндөн кийин каза болгон.
Элмирбек Иманалиев жубайы Нурзат жана жакын досу, белгилүү акын Зайырбек Ажыматов менен. Тилекке каршы, Ажыматов Иманалиев көз жумгандан 9 күндөн кийин каза болгон. - Sputnik Кыргызстан
21/21
Элмирбек Иманалиев жубайы Нурзат жана жакын досу, белгилүү акын Зайырбек Ажыматов менен. Тилекке каршы, Ажыматов Иманалиев көз жумгандан 9 күндөн кийин каза болгон.
Жаңылыктар түрмөгү
0