Жогорку маданияттын уюткусу Питер кыргызстандыктын көзү менен. 15 ирмем

212
  • Петропавлов чеби — уникалдуу аскердик, тарыхый жана архитектуралык эстелик. Петр I ылайыктуу жерди караштырып жүрүп, дал ушул аймактан тапкан. Чеп 1703-жылы май айында түшкөн.
  • Сарай аянты — Санкт-Петербургдагы башкы аянт, дүйнөнүн эң кооз жайларынын бири. Бул жерден Кышкы сарай, Башкы штабдын имараты, Гвардиялык корпустун штабы болгон. Александр колонналары көз жоосун алат.
  • Петропавлов чеби Түндүк согуш учурунда Швециядан алынган жерлерди коргоп калуу максатында түптөлгөн
  • Екатерина багы — Санкт-Петербургдагы атактуу скверлердин бири. Анын борборун Екатерина IIнин монументи көркүнө чыгарып турат. Бул жер шаардыктар көп келген жайлардын катарында.
  • Таштанды ыргытпа! деген чакырык таштаган экспонат
  • Гүл көтөргөн кыз. Санкт-Петербургдагы бул жээк арзышкандардын сүйүктүү жайы.
  • Мойка дарыясы аркылуу Санкт-Петербургга өткөн көпүрө. Байыркылар Мья деп аташкан. Фин тилинен которгондо баткак дегенди билдирет экен. Бир учурда анын жээгинде мончолор жайгашкандыктан Мойка аталып калган дешет.
  • Воскресения Христово деп аталган храм Санкт-Петербургдагы эң көрктүү жайлардын бири. Бул мемориалдык храм-музей россиялык император Александр IIге кол салынган жерде турат. Соборго 1 600 киши сыят.
  • Шаардын сакталып калган байыркы имараттары азыркыга чейин, өзгөчө, тарыхый фильмдерди тартууда кызыгуу жаратып келет
  • Башкы адмиралтейство - порттогу согуштук кемелерди жасай турган жана аларды ремонттой турган орун болгон. Ал Неванын жээгине курулган. Имарат түндүк борбордун эң кооз эстеликтеринин бири. Анын курулушунун эскизин 1704-жылы Петр I берип, башталган дешет.
  • Санкт-Петербург өзгөчө обликтеги, туристтерди тартып турган башкача шаар. Бул калаада маданияттын жогорку деңгээли сакталып калган деп бекеринен айтылбайт.
  • Эрмитаж — Елизавета учурунда түптөлгөн музей-комплекс. Живопись, скульптура, декоративдик-көркөм өнөр искусствосунун коллекцияларынын негизи Екатерина IIнин учурунда топтолгон.
  • Комплексте Сарай аянтынын тарыхый имараты — Кышкы сарай, Меньшиков сарайы, Башкы штабдын имараты ж.б. бар.
  • Кышкы сарай — Романовдордун параддык резиденциясы, азыркы Эрмитажды калыптандырган. Санкт-Петербургда императрица Елизаветанын буйругу менен XVIII кылымдардын ортосунда курулган.
  • Нева проспекти — Санкт-Петербургдагы эң байыркы көчөлөрдүн бири. Бул жерде азыр да көп салтанаттар өтүп турат жана туристтердин аягы үзүлбөгөн аймак.
Фотокабарчы Табылды Кадырбеков Санкт-Петербургдагы белгилүү жерлерге барып, аны сүрөткө түшүрүп келген. Россиянын түндүк борборундагы көз ирмемдерди Sputnik Кыргызстандын сүрөт түрмөгүнөн көрөбүз.

Фотокабарчыны Питердеги "Мен бул жерде жашайм" деп аталган эл аралык сүрөт көргөзмөгө өзүнүн эмгектери тууралуу айтып берүү үчүн чакырышкан. Башкысы, алар Эрмитажга коюлган эле.

Дүйнөгө башкача көз караш менен сереп салган фотограф эски шаардын архитектуралык өзгөчөлүктөрүн тарта келген.

Кыргызстандыктар Табылды тарткан эмгектерди суктануу менен көрө алат. Эгерде адам баам салып үңүлө карабаса, адаттан тыш бул курулуштарды элес албай деле өтүп кетиши мүмкүн. Биздин окурмандарды төмөнкү жайларды кунт коюп карап чыгууга чакырабыз.

212
  • Петропавлов чеби — уникалдуу аскердик, тарыхый жана архитектуралык эстелик. Петр I ылайыктуу жерди караштырып жүрүп, дал ушул аймактан тапкан. Чеп 1703-жылы май айында түшкөн.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Петропавлов чеби — уникалдуу аскердик, тарыхый жана архитектуралык эстелик. Петр I ылайыктуу жерди караштырып жүрүп, дал ушул аймактан тапкан. Чеп 1703-жылы май айында түшкөн.

  • Сарай аянты — Санкт-Петербургдагы башкы аянт, дүйнөнүн эң кооз жайларынын бири. Бул жерден Кышкы сарай, Башкы штабдын имараты, Гвардиялык корпустун штабы болгон. Александр колонналары көз жоосун алат.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Сарай аянты — Санкт-Петербургдагы башкы аянт, дүйнөнүн эң кооз жайларынын бири. Бул жерден Кышкы сарай, Башкы штабдын имараты, Гвардиялык корпустун штабы болгон. Александр колонналары көз жоосун алат.

  • Петропавлов чеби Түндүк согуш учурунда Швециядан алынган жерлерди коргоп калуу максатында түптөлгөн
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Петропавлов чеби Түндүк согуш учурунда Швециядан алынган жерлерди коргоп калуу максатында түптөлгөн

  • Екатерина багы — Санкт-Петербургдагы атактуу скверлердин бири. Анын борборун Екатерина IIнин монументи көркүнө чыгарып турат. Бул жер шаардыктар көп келген жайлардын катарында.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Екатерина багы — Санкт-Петербургдагы атактуу скверлердин бири. Анын борборун Екатерина IIнин монументи көркүнө чыгарып турат. Бул жер шаардыктар көп келген жайлардын катарында.

  • Таштанды ыргытпа! деген чакырык таштаган экспонат
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    "Таштанды ыргытпа!" деген чакырык таштаган экспонат

  • Гүл көтөргөн кыз. Санкт-Петербургдагы бул жээк арзышкандардын сүйүктүү жайы.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Гүл көтөргөн кыз. Санкт-Петербургдагы бул жээк арзышкандардын сүйүктүү жайы.

  • Мойка дарыясы аркылуу Санкт-Петербургга өткөн көпүрө. Байыркылар Мья деп аташкан. Фин тилинен которгондо баткак дегенди билдирет экен. Бир учурда анын жээгинде мончолор жайгашкандыктан Мойка аталып калган дешет.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Мойка дарыясы аркылуу Санкт-Петербургга өткөн көпүрө. Байыркылар Мья деп аташкан. Фин тилинен которгондо "баткак" дегенди билдирет экен. Бир учурда анын жээгинде мончолор жайгашкандыктан Мойка аталып калган дешет.

  • Воскресения Христово деп аталган храм Санкт-Петербургдагы эң көрктүү жайлардын бири. Бул мемориалдык храм-музей россиялык император Александр IIге кол салынган жерде турат. Соборго 1 600 киши сыят.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    "Воскресения Христово" деп аталган храм Санкт-Петербургдагы эң көрктүү жайлардын бири. Бул мемориалдык храм-музей россиялык император Александр IIге кол салынган жерде турат. Соборго 1 600 киши сыят.

  • Шаардын сакталып калган байыркы имараттары азыркыга чейин, өзгөчө, тарыхый фильмдерди тартууда кызыгуу жаратып келет
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Шаардын сакталып калган байыркы имараттары азыркыга чейин, өзгөчө, тарыхый фильмдерди тартууда кызыгуу жаратып келет

  • Башкы адмиралтейство - порттогу согуштук кемелерди жасай турган жана аларды ремонттой турган орун болгон. Ал Неванын жээгине курулган. Имарат түндүк борбордун эң кооз эстеликтеринин бири. Анын курулушунун эскизин 1704-жылы Петр I берип, башталган дешет.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Башкы адмиралтейство - порттогу согуштук кемелерди жасай турган жана аларды ремонттой турган орун болгон. Ал Неванын жээгине курулган. Имарат түндүк борбордун эң кооз эстеликтеринин бири. Анын курулушунун эскизин 1704-жылы Петр I берип, башталган дешет.

  • Санкт-Петербург өзгөчө обликтеги, туристтерди тартып турган башкача шаар. Бул калаада маданияттын жогорку деңгээли сакталып калган деп бекеринен айтылбайт.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Санкт-Петербург өзгөчө обликтеги, туристтерди тартып турган башкача шаар. Бул калаада маданияттын жогорку деңгээли сакталып калган деп бекеринен айтылбайт.

  • Эрмитаж — Елизавета учурунда түптөлгөн музей-комплекс. Живопись, скульптура, декоративдик-көркөм өнөр искусствосунун коллекцияларынын негизи Екатерина IIнин учурунда топтолгон.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Эрмитаж — Елизавета учурунда түптөлгөн музей-комплекс. Живопись, скульптура, декоративдик-көркөм өнөр искусствосунун коллекцияларынын негизи Екатерина IIнин учурунда топтолгон.

  • Комплексте Сарай аянтынын тарыхый имараты — Кышкы сарай, Меньшиков сарайы, Башкы штабдын имараты ж.б. бар.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Комплексте Сарай аянтынын тарыхый имараты — Кышкы сарай, Меньшиков сарайы, Башкы штабдын имараты ж.б. бар.

  • Кышкы сарай — Романовдордун параддык резиденциясы, азыркы Эрмитажды калыптандырган. Санкт-Петербургда императрица Елизаветанын буйругу менен XVIII кылымдардын ортосунда курулган.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Кышкы сарай — Романовдордун параддык резиденциясы, азыркы Эрмитажды калыптандырган. Санкт-Петербургда императрица Елизаветанын буйругу менен XVIII кылымдардын ортосунда курулган.

  • Нева проспекти — Санкт-Петербургдагы эң байыркы көчөлөрдүн бири. Бул жерде азыр да көп салтанаттар өтүп турат жана туристтердин аягы үзүлбөгөн аймак.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Нева проспекти — Санкт-Петербургдагы эң байыркы көчөлөрдүн бири. Бул жерде азыр да көп салтанаттар өтүп турат жана туристтердин аягы үзүлбөгөн аймак.

Белгилер:
сүрөт, Табылды Кадырбеков, Эрмитаж, Санкт-Петербург, Россия
Тема боюнча
Эрмитажга кыргызстандык фотограф Табылды Кадырбековдун эмгектери коюлду

Чек арадагы жаңжалдын кесепети. Баткендин жүрөктү тилген сүрөттөрү

176
(жаңыланган 11:28 06.05.2021)
  • Алдын ала маалымат боюнча, Баткен районунда 30 турак үй, эки мектеп, бир бала бакча жана бир ФАП, ошондой эле үч мамлекеттик мекеме толугу менен талкаланган
  • Лейлек районунда 48 үй өрттөлүп, талкаланган. 10 май куюучу жай, сегиз дүкөн жана мамлекетке караштуу бир мекеме жарактан чыккан.
  • Лейлектин Максат айылынын тургуну талкаланган үйүнүн урандысынын арасында турат
  • Чек арадагы жаңжалдан жергиликтүү тургундар да, мамлекет да ири материалдык чыгымга учурады
  • Максат айылында (Лейлек) талкаланган мектептеги класстардын бири
  • Лейлек районунун айылдарынын биринде атылган октордун гильзалары
  • Максат айылында (Лейлек) талкаланган балдар бакчасынын урандысында оюнчугун кармап турган бала
  • Конфликт учурунда тажик тарап кыргызстандыктарды, анын ичинде карапайым элди автомат, гранатомет жана миномет менен аткылаган
  • Минометтук чабуулдан Головной суу бөлүштүрүүчү жайда жергиликтүү 25 тургун каза болгон
  • Максат айылына жеткирилген гуманитардык жардам
  • Алган гуманитардык жардамын көтөрүп бара жаткан жергиликтүү тургундар
  • Куралдуу кагылышууда жалпысынан 36 кыргызстандык, анын ичинде 13 жаштагы кыз жана төрт жашар бала ажал тапкан. Дагы 160 адам жапа чеккен.
  • Лейлек районунун айылдарынын биринде талкаланган дүкөн
  • Баткен районунун Ак-Сай, Көк-Таш, Орто-Боз, Ак-Татыр, Кара-Бак жана Кызыл-Бел айылдарынан, ал эми Лейлек районунун Жаңы-Жер, Бешкент, Кулунду айылдарынан бардыгы болуп 40 649 адам эвакуацияланган
  • Бийлик ураган үйлөрдүн, имараттардын баарын кыска убакыттын ичинде мамлекеттин эсебинен калыбына келтирүүгө убада берүүдө
ӨКМдин атайын комиссиясы Баткен тургундарынын кыргыз-тажик жаңжалында тарткан чыгымын аныктап жатат. Чатактан кийинки аймактын абалын Sputnik Кыргызстандын сүрөт түрмөгүнөн көрүңүз.

Алдын ала маалымат боюнча, Баткен районунда 30 турак үй, эки мектеп, бир бала бакча жана бир ФАП, ошондой эле үч мамлекеттик мекеме толугу менен талкаланган. Лейлек районунда 48 үй өрттөлүп жок болгон. 10 май куюучу жай, сегиз дүкөн жана мамлекетке караштуу бир мекеме жарактан чыккан.

Чек арадагы чатак жергиликтүү тургундарды жана мамлекетти ири материалдык чыгымга учуратты.

Конфликт учурунда тажик тарап кыргызстандыктарды автомат, гранатомет жана минометтор менен аткылаган. Мындан сырткары, Тажикстандын аскер күчтөрү 29-апрелде Ми-24 тик учагынан ок чыгарган. Анын кесепетинен Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн Орто-Боз айылынын тургунунун үйүнө снаряд тийген.

Миномет, гранатометтук чабуулдан "Головной" суу бөлүштүрүүчү жайда жергиликтүү 25 тургун каза болгон. Куралдуу кагылышууда жалпысынан 36 кыргызстандык, анын ичинде 13 жаштагы кыз жана төрт жашар бала ажал тапкан. Дагы 160тай адам жапа чеккен. Баткен районунун Ак-Сай, Көк-Таш, Орто-Боз, Ак-Татыр, Кара-Бак жана Кызыл-Бел айылдарынан, ал эми Лейлек районунун Жаңы-Жер, Бешкент, Кулунду айылдарынан бардыгы болуп 40 649 адам коопсуз жайга чыгарылган.

176
  • Алдын ала маалымат боюнча, Баткен районунда 30 турак үй, эки мектеп, бир бала бакча жана бир ФАП, ошондой эле үч мамлекеттик мекеме толугу менен талкаланган
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Алдын ала маалымат боюнча, Баткен районунда 30 турак үй, эки мектеп, бир бала бакча жана бир ФАП, ошондой эле үч мамлекеттик мекеме толугу менен талкаланган

  • Лейлек районунда 48 үй өрттөлүп, талкаланган. 10 май куюучу жай, сегиз дүкөн жана мамлекетке караштуу бир мекеме жарактан чыккан.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Лейлек районунда 48 үй өрттөлүп, талкаланган. 10 май куюучу жай, сегиз дүкөн жана мамлекетке караштуу бир мекеме жарактан чыккан.

  • Лейлектин Максат айылынын тургуну талкаланган үйүнүн урандысынын арасында турат
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Лейлектин Максат айылынын тургуну талкаланган үйүнүн урандысынын арасында турат

  • Чек арадагы жаңжалдан жергиликтүү тургундар да, мамлекет да ири материалдык чыгымга учурады
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Чек арадагы жаңжалдан жергиликтүү тургундар да, мамлекет да ири материалдык чыгымга учурады

  • Максат айылында (Лейлек) талкаланган мектептеги класстардын бири
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Максат айылында (Лейлек) талкаланган мектептеги класстардын бири

  • Лейлек районунун айылдарынын биринде атылган октордун гильзалары
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Лейлек районунун айылдарынын биринде атылган октордун гильзалары

  • Максат айылында (Лейлек) талкаланган балдар бакчасынын урандысында оюнчугун кармап турган бала
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Максат айылында (Лейлек) талкаланган балдар бакчасынын урандысында оюнчугун кармап турган бала

  • Конфликт учурунда тажик тарап кыргызстандыктарды, анын ичинде карапайым элди автомат, гранатомет жана миномет менен аткылаган
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Конфликт учурунда тажик тарап кыргызстандыктарды, анын ичинде карапайым элди автомат, гранатомет жана миномет менен аткылаган

  • Минометтук чабуулдан Головной суу бөлүштүрүүчү жайда жергиликтүү 25 тургун каза болгон
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Минометтук чабуулдан "Головной" суу бөлүштүрүүчү жайда жергиликтүү 25 тургун каза болгон

  • Максат айылына жеткирилген гуманитардык жардам
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Максат айылына жеткирилген гуманитардык жардам

  • Алган гуманитардык жардамын көтөрүп бара жаткан жергиликтүү тургундар
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Алган гуманитардык жардамын көтөрүп бара жаткан жергиликтүү тургундар

  • Куралдуу кагылышууда жалпысынан 36 кыргызстандык, анын ичинде 13 жаштагы кыз жана төрт жашар бала ажал тапкан. Дагы 160 адам жапа чеккен.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Куралдуу кагылышууда жалпысынан 36 кыргызстандык, анын ичинде 13 жаштагы кыз жана төрт жашар бала ажал тапкан. Дагы 160 адам жапа чеккен.

  • Лейлек районунун айылдарынын биринде талкаланган дүкөн
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Лейлек районунун айылдарынын биринде талкаланган дүкөн

  • Баткен районунун Ак-Сай, Көк-Таш, Орто-Боз, Ак-Татыр, Кара-Бак жана Кызыл-Бел айылдарынан, ал эми Лейлек районунун Жаңы-Жер, Бешкент, Кулунду айылдарынан бардыгы болуп 40 649 адам эвакуацияланган
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Баткен районунун Ак-Сай, Көк-Таш, Орто-Боз, Ак-Татыр, Кара-Бак жана Кызыл-Бел айылдарынан, ал эми Лейлек районунун Жаңы-Жер, Бешкент, Кулунду айылдарынан бардыгы болуп 40 649 адам эвакуацияланган

  • Бийлик ураган үйлөрдүн, имараттардын баарын кыска убакыттын ичинде мамлекеттин эсебинен калыбына келтирүүгө убада берүүдө
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Бийлик ураган үйлөрдүн, имараттардын баарын кыска убакыттын ичинде мамлекеттин эсебинен калыбына келтирүүгө убада берүүдө

Белгилер:
кесепет, ок атуу, Жаңжал, кыргыз-тажик чек арасы, Баткен облусу
Тема:
Баткендеги кыргыз-тажик жаңжалы
Тема боюнча
Чек арадан көзүн албаган "Шер" атайын отрядынын спецназы. Фотофакт
Үй салууну убадалагандар, насыяны кечкен банк. Баткенге жасалган жакшылыктар

34 жашында студент болгон Тууганбай Абдиев. Улуу акындын жашоосундагы ирмемдер

231
(жаңыланган 18:11 05.05.2021)
  • Төкмө акындын жаштарга өз өнөрүн тартуулап жаткан учуру
  • Ашыраалы Айталиев, актриса Сабира Күмүшалиева жана Тууганбай Абдиев
  • КРдин эл артисти бокс менен машыгып, көк бөрү да ойноп койчу
  • СССРдин жазуучулар союзунун мүчөсү Тууганбай Абдиев кыздары менен
  • Төкмө акын Эстебес Турсуналиев, композитор Сардарбек Жумалиев жана Тууганбай Абдиев
  • Тууганбай Абдиев 47 жыл Токтогул Сатылганов атындагы филармонияда иштеген
  • III даражадагы Манас орденинин ээси замандаштары жана сахналаштары менен
  • Ашыраалы Айталиев менен Тууганбай Абдиев шакирттеринин курчоосунда отурушат
  • Ак таңдай акын чыгармачылыгынын аркасында бир топ өлкөлөргө гастролдоп барган
  • Жубайы Эсенбүбү экөө төрт кыз, эки уулду тарбиялап өстүргөн
  • Сөз баккан инсандын Таӊшы комуз, Ыр канатында ыр жыйнактары менен эки китеби жарык көргөн
  • Тууганбай Абдиев 2008-жылы 1-декабрда узакка созулган оорудан 71 жашында кайтыш болгон
Кыргыз Республикасынын эл артисти Тууганбай Абдиев көзү тирүү болгондо быйыл 84 жашка толмок. Sputnik Кыргызстан агенттиги таланттуу инсанды эскерип, анын өмүрү жана чыгармачылыгындагы кызыктуу ирмемдерди сунуштайт.

Ак таңдай акын Тууганбай Абдиев 1937-жылы 3-майда Токтогул районунун Ничке-Сай айылында жарык дүйнөгө келген. Жаштайынан комуз чертип жамактап ырдап, өспүрүм кезинде Коргоол Досуевдин батасын алган. Эмгек жолун мектепти бүткөн соң Токтогул райондук маданият үйүнөн баштап, кийин Жалал-Абад облусундагы драма театрында эмгектенген. 24 жашында Токтогул Саьылганов атындагы Улуттук филармонияга жумушка чакыртылып, Осмонкул Бөлөбалаев, Ысмайыл Борончиевдер менен сахналаш болгон. Ал куттуу жерде 47 жыл бою иштеген.

Кыргыз Республикасынын эл артисти комузда кол ойнотуп, кара күүлөрдү да черте билген. "Чоң кербез", "Бала кербез", "Тогуз кайрык", "Мырза кербез", "Кара өзгөй", "Кер толгоо", "Ак тамак, Көк тамак", "Ак Бакай" күүлөрүн ийине жеткире ойногон. Ошондой эле "Жаныш-Байыш", "Курманбек", "Ак Мөөр" кенже эпосторун чеберчилик менен аткарып, Дооронбек Садырбаев тарткан "Махабат дастаны" көркөм тасмасында Раймалынын образын жараткан.

Эӊ кызыгы, төкмө акын 34 жашында Кыргыз мамлекеттик университетинин кыргыз тили филологиясына тапшырып, аталган ЖОЖду 39 жашында аяктаган. Кийин "Таӊшы комуз", "Ыр канатында" ыр жыйнактарын чыгарып, Жеңишбек Жумакадыр, Аалы Туткучев, Азамат Болгонбаев, Амантай Кутманалиев, Элмирбек Иманалиев, Сыймык Бейшекеевдин жол көргөзгөн устаты болгон.

Жеке жашоосунда бокс менен машыгып, көк бөрү ойноп, жубайы экөө алты баланы тарбиялап өстүрүп, 71 жашында узакка созулган оорудан улам көз жумган.

III даражадагы "Манас" орденинин ээси жөнүндө кызыктуу фактыларды Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окууга болот.

231
  • Төкмө акындын жаштарга өз өнөрүн тартуулап жаткан учуру
    © Фото / предоставлено общественным фондом "Айтыш"

    Төкмө акындын жаштарга өз өнөрүн тартуулап жаткан учуру

  • Ашыраалы Айталиев, актриса Сабира Күмүшалиева жана Тууганбай Абдиев
    © Фото / предоставлено общественным фондом "Айтыш"

    Ашыраалы Айталиев, актриса Сабира Күмүшалиева жана Тууганбай Абдиев

  • КРдин эл артисти бокс менен машыгып, көк бөрү да ойноп койчу
    © Фото / из семейного архива Абдиевых

    КРдин эл артисти бокс менен машыгып, көк бөрү да ойноп койчу

  • СССРдин жазуучулар союзунун мүчөсү Тууганбай Абдиев кыздары менен
    © Фото / предоставлено общественным фондом "Айтыш"

    СССРдин жазуучулар союзунун мүчөсү Тууганбай Абдиев кыздары менен

  • Төкмө акын Эстебес Турсуналиев, композитор Сардарбек Жумалиев жана Тууганбай Абдиев
    © Фото / из семейного архива Абдиевых

    Төкмө акын Эстебес Турсуналиев, композитор Сардарбек Жумалиев жана Тууганбай Абдиев

  • Тууганбай Абдиев 47 жыл Токтогул Сатылганов атындагы филармонияда иштеген
    © Фото / предоставлено общественным фондом "Айтыш"

    Тууганбай Абдиев 47 жыл Токтогул Сатылганов атындагы филармонияда иштеген

  • III даражадагы Манас орденинин ээси замандаштары жана сахналаштары менен
    © Фото / предоставлено общественным фондом "Айтыш"

    III даражадагы "Манас" орденинин ээси замандаштары жана сахналаштары менен

  • Ашыраалы Айталиев менен Тууганбай Абдиев шакирттеринин курчоосунда отурушат
    © Фото / из семейного архива Абдиевых

    Ашыраалы Айталиев менен Тууганбай Абдиев шакирттеринин курчоосунда отурушат

  • Ак таңдай акын чыгармачылыгынын аркасында бир топ өлкөлөргө гастролдоп барган
    © Фото / из семейного архива Абдиевых

    Ак таңдай акын чыгармачылыгынын аркасында бир топ өлкөлөргө гастролдоп барган

  • Жубайы Эсенбүбү экөө төрт кыз, эки уулду тарбиялап өстүргөн
    © Фото / из семейного архива Абдиевых

    Жубайы Эсенбүбү экөө төрт кыз, эки уулду тарбиялап өстүргөн

  • Сөз баккан инсандын Таӊшы комуз, Ыр канатында ыр жыйнактары менен эки китеби жарык көргөн
    © Фото / предоставлено общественным фондом "Айтыш"

    Сөз баккан инсандын "Таӊшы комуз", "Ыр канатында" ыр жыйнактары менен эки китеби жарык көргөн

  • Тууганбай Абдиев 2008-жылы 1-декабрда узакка созулган оорудан 71 жашында кайтыш болгон
    © Фото / предоставлено общественным фондом "Айтыш"

    Тууганбай Абдиев 2008-жылы 1-декабрда узакка созулган оорудан 71 жашында кайтыш болгон

Белгилер:
сүрөт, Тууганбай Абдиев, төкмө акын, комузчу
Тема боюнча
Элмирбектин жаштыгы, тагдыры, өксүткөн өлүмү... Акындын сүрөттө калган элеси
Гиннеске кирген биринчи кыргыз. Каскадер Кудайбергеновдун сүрөттөгү ирмемдери
Жолон Мамытовдун сүйүүсү, ырлары, бүлөсү. Акындын сүрөттө калган элеси
Рио-де-Жанейро шаарында метродо атышуу

Бразилияда метродо атышуу болуп, 25 киши көз жумду. Видео

0
(жаңыланган 00:31 07.05.2021)
Окуянын алгачкы мүнөттөрүндөгү видео тарап, анда жай тургундар октон сактануу үчүн жерде отурганын көрүүгө болот.

БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында метродо полиция менен баңгизат сатуучулардын арасында атышуу болуп, 25 киши каза болду. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.

Окуянын алгачкы мүнөттөрүндөгү видео тарап, анда жай тургундар октон сактануу үчүн жерде отурганын көрүүгө болот.

Маалыматка караганда, шаар полициясы баңгизат сатуучуларды кармоо үчүн атайын операция жүргүзгөн. Жыйынтыгында 24 шектүү жана полициянын бир офицери каза болгону айтылат. Алардан тышкары төрт адам жаракат алган. Экөө жай тургун экени кошумчаланды.

0
Белгилер:
өлүм, видео, атышуу, полиция, Бразилия
Тема боюнча
Баткендеги үйдөн Ми-24 тик учагынан атылган авиаракета табылды. Видео