Крематорий жетишпей көчөдө өрттөлгөн сөөктөр. Индиядагы COVID апааты сүрөттө

593
(жаңыланган 19:55 26.04.2021)
Индияда коронавирустан каза болгондордун саны рекорддук көрсөткүчкө жетти. Крематорийлер аларды өрттөп жетишпей жатат. Акыркы суткада эле 2 767 киши көз жумган. Ал эми 349 690 киши дартка кабылганы аныкталган.

Пандемия башталгандан бери өлкөдө COVID-19 инфекциясын жуктургандардын саны 16 960 172 учурга жетти. Анын ичинен 14 085 110 бейтап сакайып, 192 311 адам ажал тапкан.

Бүгүнкү күндө 2,68 миллион индиялык ооруп жатат.

Көптөгөн ооруканаларда бейтаптар үчүн орун жетишпей, кире бериш жерлер да толуп калган. Өлгөндөрдүн саны арбын болгондуктан көчөлөрдө эле крематорийлер пайда болуп жатат.

 

593
  • © REUTERS / Adnan Abidi

    Индияда коронавирустан каза болгондор рекорддук көрсөткүчкө жетти. Крематорийлер алардын сөөгүн өрттөп жетишпей жатат

  • © REUTERS / Francis Mascarenhas

    Акыркы суткада эле 2 767 киши көз жумган. Ал эми 349 690 киши дартка кабылганы аныкталган

  • © REUTERS / Adnan Abidi

    Пандемия башталгандан бери Индияда COVID-19 жуктургандардын саны 16 960 172ге жетти

  • © REUTERS / Adnan Abidi

    14 085 110 бейтап оорудан сакайып, 192 311 адам ажал тапкан

  • © REUTERS / Francis Mascarenhas

    Бүгүнкү күндө 2,68 миллион индиялык ооруп жатат

  • © REUTERS / Adnan Abidi

    Көптөгөн ооруканаларда бейтаптарга орун жетишпей, кире бериш жерлер да толуп калган

  • © REUTERS / Adnan Abidi

    Тез жардам унаалары илдет жуктурган жаңы бейтаптарды ташып келип жатат

  • © REUTERS / Adnan Abidi

    Дарыгерлер оорусу жеңил жана орто формада болгон бейтаптарга үйдөн эле дарыланууну сунуштап жатат

  • © REUTERS / Adnan Abidi

    Крематорийде чарчап-чаалыккан медицина кызматкери эс алууда

  • © REUTERS / Anushree Fadnavis

    Өлгөндөрдүн саны арбын болгондуктан сөөк өрттөөчү аянттардын саны да көбөйүүдө

  • © REUTERS / Adnan Abidi

    Абал курчуп, көчөлөрдө эле крематорийлер пайда болуп жатат

  • © REUTERS / Anushree Fadnavis

    Нью-Делидеги крематорийлердин биринде коронавирус инфекциясынан көз жумган адамдын сөөгү

Белгилер:
крематорий, өлүм, ден соолук, илдет, коронавирус, Индия
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус (1394)
Тема боюнча
Индияда COVID-19дан өлгөндөрдүн сөөгүн өрттөп жетишпей жатышат
Түркияда COVID күчөп, көп өлкө жарандарын жибергиси келбей турат

Эл ырчысы Эстебес Турсуналиев 90 жашка чыкмак. Акындын сүрөттөгү элеси

143
  • Эстебес Турсуналиев 1931-жылы 5-майда Талас облусунун Манас районуна караштуу Кара-Арча айылында өнөрпоздордун үй-бүлөсүндө туулган
  • Төкмө акындын энеси Арпаян элдик оозеки чыгармачылыгын мыкты билген жомокчу жана кошокчу болгон
  • Эстебес Турсуналиевдин жубайы Райкүл Деркембаева кыздары жана неберелери менен
  • Улуу талант төкмөлүктөн тышкары балык уулаганды да абдан жакшы көрчү
  • Турсуналиев фольклордук топ менен бирге Индия, Бельгия, Швеция, Франция жана Япония сыяктуу ондогон өлкөлөрдө гастролдо болгон.
  • Эстебес Турсуналиев менен Токтосун Тыныбеков экөө элүүдөй айтыштарды жараткан
  • Жубайы Райкүл апа менен сегиз баланын ата-энеси болушкан
  • Улуттук филармонияда эмгектенип жүргөн кезинде Эл ырчысы Эстебес фольклордук тобун уюштуруп, жетектеп, кыргыздын бир топ таланттуу уул-кыздарын тарбиялаган
  • Төкмө 1967-жылдан бери СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон. Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик жана эл аралык Руханият сыйлыктары, Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Ардак грамоталары ыйгарылган.
  • Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов менен да пикирлеш болгон
  • Акын Кыргыз ССРинин жана СССРдин эл артисти. Жогорку Кеңештин биринчи чакырылышында депутаттыкты аркалаган
  • СССРдин эл артисти Эстебес Турсуналиев көзү тирүү болгондо быйыл 90 жашка чыкмак. Залкар акын 2005-жылы 11-октябрда 74 жаш курагында дүйнө салган.
Кыргыз элинин залкар төкмөлөрү Калык Акиев, Осмонкул Бөлөбалаев, Алымкул Үсөнбаев баштаган акындардын шакирти аталган төкмө Эстебес Турсуналиев көзү тирүү болгондо быйыл 5-майда 90 жашка чыкмак.

Эстебес Турсуналиев 1931-жылы 5-майда Талас облусунун Манас районуна караштуу Кара-Арча айылында туулган. Атасы Турсуналы мыкты комузчу, апасы Арпаян укмуш кошокчу болгон. Бул киши тогуз жашынан комуз черте баштаган экен. Атасы да мыкты комузчу болгондуктан айылдагы комузду жакшы чапкан кишиге айтып, уулуна атайын комуз чаптырып берет.

Апасы көп бала төрөсө да, балдары токтобой жүрүп, акыры бир уул, бир кыздуу гана болушкан экен. Ошондон улам Эстебес Турсуналиевдин жалгыз бир тууганы, эжеси гана болгон.

Акындын бала чагы согуштан кийинки кыйын заманга туш келет.

"Апасы кырманда иштеп, Эстекем кенедейинен атка минип мала тартыптыр. Бир жолу Алымкул Үсөнбаев айылга барып калып, Эстекемди ырдатып көрүп жактырат. Ошентип 14 жашында филармонияга алып келген экен. Ошол убакта филармонияда Осмонкул Бөлөбалаев, Шекербек Шеркулов, Ысмайыл Борончиев, Токтоналы Шабданбаев, Абды Байсабаев өңдүү залкарлар иштеп турат. Алымкул аксакал Эстебести алардын алдында ырдатат. Осмонкул Бөлөбалаев ырын угуп эле "ой Алыке, бул балаңды мага бер" деп сурап, шакирт кылып алат. Алымкул Үсөнбаев ал кезде депутат болуп, командировкага да көп чыкчу эмес да. Осокем ырдап жатканда Эстекем көрүүчүлөрдүн алдыңкы сабына отуруп алчу экен", — деп эскерет жубайы Райкүл Деркембаева.

Убагында залкарларга шакирт болгон Эстебес Турсуналиев кичи мекени Таластан төкмө акын Амантай Кутманалиевди жана ырчы Малик Аликеевди борборго алып келген. Бала кезинде филармонияга келген таланттар учурда КРдин эмгек сиңирген артисти болууга жетишти.

Эстебес Турсуналиев филармониядагы 60 жылга чукул чыгармачылык өмүрүндө төкмөлүк өнөрдү айкалыштырып, "Акындын үнү", "Айтыштар", "Заман жарчысы", "Эскерүүлөр", "Ыр өмүрүм", "Кайыңды" аттуу китептерин жарыкка чыгарган.

Ага "Кыргыз мамлекеттик консерваториясынын фольклор бөлүмүнүн профессору" деген наам ыйгарылган.

"Ардак белгиси" ордени, "1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы каарман эмгеги үчүн", В.И.Лениндин туулган күнүнүн 100 жылдыгынын урматына "Каарман эмгеги үчүн" медалы, Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Ардак грамоталары менен сыйланган.

Жубайы Райкүл Деркембаева экөө алты уул, эки кызды тарбиялаган. Балдары да чыгармачылыкка жакын.

Төкмө акын 2005-жылы 11-октябрда кан басым оорусунан 74 жаш курагында дүйнө салган.

 

143
  • Эстебес Турсуналиев 1931-жылы 5-майда Талас облусунун Манас районуна караштуу Кара-Арча айылында өнөрпоздордун үй-бүлөсүндө туулган
    © Sputnik / Георгий Зельма

    Эстебес Турсуналиев 1931-жылы 5-майда Талас облусунун Манас районуна караштуу Кара-Арча айылында өнөрпоздордун үй-бүлөсүндө туулган

  • Төкмө акындын энеси Арпаян элдик оозеки чыгармачылыгын мыкты билген жомокчу жана кошокчу болгон
    © Фото / из семейного архива Турсуналиевых

    Төкмө акындын энеси Арпаян элдик оозеки чыгармачылыгын мыкты билген жомокчу жана кошокчу болгон

  • Эстебес Турсуналиевдин жубайы Райкүл Деркембаева кыздары жана неберелери менен
    © Фото / из семейного архива Турсуналиевых

    Эстебес Турсуналиевдин жубайы Райкүл Деркембаева кыздары жана неберелери менен

  • Улуу талант төкмөлүктөн тышкары балык уулаганды да абдан жакшы көрчү
    © Фото / из семейного архива Турсуналиевых

    Улуу талант төкмөлүктөн тышкары балык уулаганды да абдан жакшы көрчү

  • Турсуналиев фольклордук топ менен бирге Индия, Бельгия, Швеция, Франция жана Япония сыяктуу ондогон өлкөлөрдө гастролдо болгон.
    © Фото / из семейного архива Турсуналиевых

    Турсуналиев фольклордук топ менен бирге Индия, Бельгия, Швеция, Франция жана Япония сыяктуу ондогон өлкөлөрдө гастролдо болгон.

  • Эстебес Турсуналиев менен Токтосун Тыныбеков экөө элүүдөй айтыштарды жараткан
    © Фото / из семейного архива Турсуналиевых

    Эстебес Турсуналиев менен Токтосун Тыныбеков экөө элүүдөй айтыштарды жараткан

  • Жубайы Райкүл апа менен сегиз баланын ата-энеси болушкан
    © Фото / из семейного архива Турсуналиевых

    Жубайы Райкүл апа менен сегиз баланын ата-энеси болушкан

  • Улуттук филармонияда эмгектенип жүргөн кезинде Эл ырчысы Эстебес фольклордук тобун уюштуруп, жетектеп, кыргыздын бир топ таланттуу уул-кыздарын тарбиялаган
    © Фото / из семейного архива Турсуналиевых

    Улуттук филармонияда эмгектенип жүргөн кезинде "Эл ырчысы Эстебес" фольклордук тобун уюштуруп, жетектеп, кыргыздын бир топ таланттуу уул-кыздарын тарбиялаган

  • Төкмө 1967-жылдан бери СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон. Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик жана эл аралык Руханият сыйлыктары, Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Ардак грамоталары ыйгарылган.
    © Фото / из семейного архива Турсуналиевых

    Төкмө 1967-жылдан бери СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон. Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик жана эл аралык "Руханият" сыйлыктары, Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Ардак грамоталары ыйгарылган.

  • Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов менен да пикирлеш болгон
    © Фото / из семейного архива Турсуналиевых

    Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов менен да пикирлеш болгон

  • Акын Кыргыз ССРинин жана СССРдин эл артисти. Жогорку Кеңештин биринчи чакырылышында депутаттыкты аркалаган
    © Фото / из семейного архива Турсуналиевых

    Акын Кыргыз ССРинин жана СССРдин эл артисти. Жогорку Кеңештин биринчи чакырылышында депутаттыкты аркалаган

  • СССРдин эл артисти Эстебес Турсуналиев көзү тирүү болгондо быйыл 90 жашка чыкмак. Залкар акын 2005-жылы 11-октябрда 74 жаш курагында дүйнө салган.
    © Фото / из семейного архива Турсуналиевых

    СССРдин эл артисти Эстебес Турсуналиев көзү тирүү болгондо быйыл 90 жашка чыкмак. Залкар акын 2005-жылы 11-октябрда 74 жаш курагында дүйнө салган.

Белгилер:
сүрөт, төкмө акын, Райкүл Деркембаева, Эстебес Турсуналиев
Тема боюнча
Ашыгына алоолонуп араң жеткен акын. Жолон Мамытов тууралуу 7 факты

Керилген кыздар, койкойгон жигиттер. Көлдөгү марафондун көз сүйүнткөн сүрөттөрү

432
(жаңыланган 20:18 16.05.2021)
  • Ысык-Көлдө Шанхай кызматташтык уюмунун “Run the Silk Road” эл аралык марафону өттү
  • Жарышка катышкан жөө күлүктөр 3, 10, 21,1 жана 42,2 чакырым аралыкка чуркашты
  • Бул марафон Олимпиада оюндарынын коло медалынын ээси Сатымкул Жуманазаровдун элесине арналып, ушуну менен тогузунчу ирет өтүп жатат
  • 35 өлкөдөн келген 3000 жеңил атлет жана спорт ышкыбоздору бутунун күчүн сынады
  • Бул жарышта норматив толтурган жеңил атлеттерге Олимпиадага, дүйнө чемпионатына жана Азия оюндарына жолдомо ойнотулду
  • Бирок бир да спортчу Олимпиада оюндарына лицензия ута алган жок. Бул үчүн 42 чакырымды эркектер 2 саат 16 мүнөт 30 секундда, кыз-келиндер 2 саат 29 мүнөт 30 секундда келиши керек эле
  • Касиеттүү Ысык-Көлдүн жээгинде чуркап бараткан жеңил атлет. Көлдүн кооздугу спортчуларга дем бергенин ушундан көрсө болот
  • Марафондун (42 чакырым) жыйынтыгы боюнча алдыңкы орундардын көбүн кыргызстандыктар ээлеп, Тажикстандын бир спортчусу үчүнчү орунду алды
  • Кыргызстандын көзгө басар жөө күлүгү Илья Тяпкин 42 чакырымды 2 саат 27 мүнөт 48 секундда басып өтүп биринчи орунду багындырды
  • Алдыңкы орундарга медалдан сырткары 140, 100 жана 70 миң сомдон акчалай сыйлык тапшырылды
  • Жарышка катышкан ар бир катышууга марага келгенде медаль тагып жатышты
  • 21 чакырым аралыкка чуркап келген жигит кенен эс алууда
  • Мында профессионал жеңил атлеттер эле эмес, Кыргызстандын ар аймагынан барган спорт сүйүүчүлөрү да катышты
  • Өз жашоосунда дагы бир жеңишти камсыздап, кубанып турган жөө күлүк
  • Сергек жашоого ыктаган аялдын 10 чакырымды артта калтыргандагы эмоциясы
  • Ал эми бул позитив тартуулаган айым 21 чакырымга чуркап келди
  • Мындай чоң иш-чарада медиктер сөзсүз түрдө нөөмөткө туруп, өзүн начар сезгендерге жеринде жардам берет
  • Жашы өтүп калганына карабай аталар да чуркады. Албетте, мындай куракта 3 чакырымга чуркоо да чоң эрдик.
  • Кыз-келиндер арасында кыргызстандыктар алдыңкы орундарды берген жок. Мария Коробицская биринчи, Дарья Маслова экинчи, Гүлшаной Сатарова үчүнчү орунду утуп алды. Коробицкая менен Маслова буга чейин Токио Олимпиадасына жолдомо уткан.
Ысык-Көлдө өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун “Run the Silk Road” эл аралык марафонуна 35 өлкөдөн 3000 жеңил атлет жана спорт ышкыбоздору катышты. Жөө күлүктөр 3, 10, 21,1 жана 42,2 чакырым аралыкка чуркашты.

Sputnik Кыргызстандын фотокабарчысы бул иш-чарадан ирмемдерди кадрга түшүрүп келди.

Аталган марафон Олимпиада оюндарынын коло медалынын ээси Сатымкул Жуманазаровдун элесине арналып, ушуну менен тогузунчу ирет өтүп жатат.

42 чакырымга чуркоодо алдыңкы орундардын көбүн кыргызстандыктар ээлеп, Тажикстандын бир спортчусу үчүнчү орунду алды. Алдыңкы орундарга медалдан сырткары 140, 100 жана 70 миң сомдон акчалай сыйлык тапшырылды.

Бул жарышта норматив толтурган жеңил атлеттерге Олимпиадага, дүйнө чемпионатына жана Азия оюндарына жолдомо ойнотулган. Бирок бир да спортчу Олимпиада оюндарына лицензия ута алган жок. Бул үчүн 42 чакырымды эркектер 2 саат 16 мүнөт 30 секундда, кыз-келиндер 2 саат 29 мүнөт 30 секундда келиши керек эле. Дарья Маслова, Мария Коробицкая буга чейин жолдомого ээ болгон.
Марафондун ачылыш аземине президент Садыр Жапаров, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев, ШКУнун башкы катчысынын орун басары Муратбек Азымбакиев, Жеңил атлетика федерациясынын президенти Канат Аманкулов катышты.

Спорттук иш-чараны Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жана Эл аралык марафон дирекциясы өткөрдү.

432
  • Ысык-Көлдө Шанхай кызматташтык уюмунун “Run the Silk Road” эл аралык марафону өттү
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Ысык-Көлдө Шанхай кызматташтык уюмунун “Run the Silk Road” эл аралык марафону өттү

  • Жарышка катышкан жөө күлүктөр 3, 10, 21,1 жана 42,2 чакырым аралыкка чуркашты
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Жарышка катышкан жөө күлүктөр 3, 10, 21,1 жана 42,2 чакырым аралыкка чуркашты

  • Бул марафон Олимпиада оюндарынын коло медалынын ээси Сатымкул Жуманазаровдун элесине арналып, ушуну менен тогузунчу ирет өтүп жатат
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Бул марафон Олимпиада оюндарынын коло медалынын ээси Сатымкул Жуманазаровдун элесине арналып, ушуну менен тогузунчу ирет өтүп жатат

  • 35 өлкөдөн келген 3000 жеңил атлет жана спорт ышкыбоздору бутунун күчүн сынады
    © Sputnik / Акылбек Батырбеков

    35 өлкөдөн келген 3000 жеңил атлет жана спорт ышкыбоздору бутунун күчүн сынады

  • Бул жарышта норматив толтурган жеңил атлеттерге Олимпиадага, дүйнө чемпионатына жана Азия оюндарына жолдомо ойнотулду
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Бул жарышта норматив толтурган жеңил атлеттерге Олимпиадага, дүйнө чемпионатына жана Азия оюндарына жолдомо ойнотулду

  • Бирок бир да спортчу Олимпиада оюндарына лицензия ута алган жок. Бул үчүн 42 чакырымды эркектер 2 саат 16 мүнөт 30 секундда, кыз-келиндер 2 саат 29 мүнөт 30 секундда келиши керек эле
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Бирок бир да спортчу Олимпиада оюндарына лицензия ута алган жок. Бул үчүн 42 чакырымды эркектер 2 саат 16 мүнөт 30 секундда, кыз-келиндер 2 саат 29 мүнөт 30 секундда келиши керек эле

  • Касиеттүү Ысык-Көлдүн жээгинде чуркап бараткан жеңил атлет. Көлдүн кооздугу спортчуларга дем бергенин ушундан көрсө болот
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Касиеттүү Ысык-Көлдүн жээгинде чуркап бараткан жеңил атлет. Көлдүн кооздугу спортчуларга дем бергенин ушундан көрсө болот

  • Марафондун (42 чакырым) жыйынтыгы боюнча алдыңкы орундардын көбүн кыргызстандыктар ээлеп, Тажикстандын бир спортчусу үчүнчү орунду алды
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Марафондун (42 чакырым) жыйынтыгы боюнча алдыңкы орундардын көбүн кыргызстандыктар ээлеп, Тажикстандын бир спортчусу үчүнчү орунду алды

  • Кыргызстандын көзгө басар жөө күлүгү Илья Тяпкин 42 чакырымды 2 саат 27 мүнөт 48 секундда басып өтүп биринчи орунду багындырды
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Кыргызстандын көзгө басар жөө күлүгү Илья Тяпкин 42 чакырымды 2 саат 27 мүнөт 48 секундда басып өтүп биринчи орунду багындырды

  • Алдыңкы орундарга медалдан сырткары 140, 100 жана 70 миң сомдон акчалай сыйлык тапшырылды
    © Sputnik / Акылбек Батырбеков

    Алдыңкы орундарга медалдан сырткары 140, 100 жана 70 миң сомдон акчалай сыйлык тапшырылды

  • Жарышка катышкан ар бир катышууга марага келгенде медаль тагып жатышты
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Жарышка катышкан ар бир катышууга марага келгенде медаль тагып жатышты

  • 21 чакырым аралыкка чуркап келген жигит кенен эс алууда
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    21 чакырым аралыкка чуркап келген жигит кенен эс алууда

  • Мында профессионал жеңил атлеттер эле эмес, Кыргызстандын ар аймагынан барган спорт сүйүүчүлөрү да катышты
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Мында профессионал жеңил атлеттер эле эмес, Кыргызстандын ар аймагынан барган спорт сүйүүчүлөрү да катышты

  • Өз жашоосунда дагы бир жеңишти камсыздап, кубанып турган жөө күлүк
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Өз жашоосунда дагы бир жеңишти камсыздап, кубанып турган жөө күлүк

  • Сергек жашоого ыктаган аялдын 10 чакырымды артта калтыргандагы эмоциясы
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Сергек жашоого ыктаган аялдын 10 чакырымды артта калтыргандагы эмоциясы

  • Ал эми бул позитив тартуулаган айым 21 чакырымга чуркап келди
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Ал эми бул позитив тартуулаган айым 21 чакырымга чуркап келди

  • Мындай чоң иш-чарада медиктер сөзсүз түрдө нөөмөткө туруп, өзүн начар сезгендерге жеринде жардам берет
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Мындай чоң иш-чарада медиктер сөзсүз түрдө нөөмөткө туруп, өзүн начар сезгендерге жеринде жардам берет

  • Жашы өтүп калганына карабай аталар да чуркады. Албетте, мындай куракта 3 чакырымга чуркоо да чоң эрдик.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Жашы өтүп калганына карабай аталар да чуркады. Албетте, мындай куракта 3 чакырымга чуркоо да чоң эрдик

  • Кыз-келиндер арасында кыргызстандыктар алдыңкы орундарды берген жок. Мария Коробицская биринчи, Дарья Маслова экинчи, Гүлшаной Сатарова үчүнчү орунду утуп алды. Коробицкая менен Маслова буга чейин Токио Олимпиадасына жолдомо уткан.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Кыз-келиндер арасында кыргызстандыктар алдыңкы орундарды берген жок. Мария Коробицская биринчи, Дарья Маслова экинчи, Гүлшаной Сатарова үчүнчү орунду утуп алды. Коробицкая менен Маслова буга чейин Токио Олимпиадасына жолдомо уткан

Белгилер:
баш байге, жеңиш, Мария Коробицкая, Илья Тяпкин, Ысык-Көл, жөө күлүк, марафон
Тема боюнча
Күчтүүлөр жеӊсин! Жапаров Ысык-Көлдөгү марафондун ачылышына катышты. Сүрөт
35 өлкө катышкан Ысык-Көл марафонунда кыргызстандык жубайлар баш байге алды
Аткаминер. Архив

Эсен Шерботоев "Кыргыз почтасынын" башкы директору болуп дайындалды

0
(жаңыланган 22:54 18.05.2021)
Шерботоев буга чейин өкмөттүн аппаратынын транспорт, курулуш жана байланыш бөлүмүндө эксперт болчу.

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Эсен Шерботоев "Кыргыз почтасы" ишканасынын башкы директору болуп дайындалганын аталган мекемеден билдиришти.

Тиешелүү буйрукка өкмөт башчы Улукбек Марипов кол койгон.

Бүгүн, 18-майда, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары жана санариптик өнүгүү министри Азамат Дыйканбаев Шерботоевди ишкананын жамаатына тааныштырды.

Министр жаңы директорго ийгилик каалап, почтанын ишине олуттуу колдоо көрсөтөрүнө ишене турганын айтты. Ал эми Шерботоев артылган ишеним үчүн ыраазычылык билдирди.

"Учурда байланыш жана коммуникация тармагынын санариптик трансформациялоо багытында динамикалык өзгөрүүлөр болуп жатат. Биргелешкен аракеттер менен почта ишин өркүндөтөбүз", — деди ал.

Шерботоев буга чейин өкмөттүн аппаратынын транспорт, курулуш жана байланыш бөлүмүндө эксперт болчу.

0
Белгилер:
Эсен Шерботоев, жетекчи, "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасы
Тема боюнча
"Кумтөрдүн" убактылуу тышкы башкаруучусу жамаатка тааныштырылды. Сүрөт
"Кыргыз почтасы" элди алдамчылардан сак болууга чакырды