34 жашында студент болгон Тууганбай Абдиев. Улуу акындын жашоосундагы ирмемдер

456
(жаңыланган 18:11 05.05.2021)
  • Төкмө акындын жаштарга өз өнөрүн тартуулап жаткан учуру
  • Ашыраалы Айталиев, актриса Сабира Күмүшалиева жана Тууганбай Абдиев
  • КРдин эл артисти бокс менен машыгып, көк бөрү да ойноп койчу
  • СССРдин жазуучулар союзунун мүчөсү Тууганбай Абдиев кыздары менен
  • Төкмө акын Эстебес Турсуналиев, композитор Сардарбек Жумалиев жана Тууганбай Абдиев
  • Тууганбай Абдиев 47 жыл Токтогул Сатылганов атындагы филармонияда иштеген
  • III даражадагы Манас орденинин ээси замандаштары жана сахналаштары менен
  • Ашыраалы Айталиев менен Тууганбай Абдиев шакирттеринин курчоосунда отурушат
  • Ак таңдай акын чыгармачылыгынын аркасында бир топ өлкөлөргө гастролдоп барган
  • Жубайы Эсенбүбү экөө төрт кыз, эки уулду тарбиялап өстүргөн
  • Сөз баккан инсандын Таӊшы комуз, Ыр канатында ыр жыйнактары менен эки китеби жарык көргөн
  • Тууганбай Абдиев 2008-жылы 1-декабрда узакка созулган оорудан 71 жашында кайтыш болгон
Кыргыз Республикасынын эл артисти Тууганбай Абдиев көзү тирүү болгондо быйыл 84 жашка толмок. Sputnik Кыргызстан агенттиги таланттуу инсанды эскерип, анын өмүрү жана чыгармачылыгындагы кызыктуу ирмемдерди сунуштайт.

Ак таңдай акын Тууганбай Абдиев 1937-жылы 3-майда Токтогул районунун Ничке-Сай айылында жарык дүйнөгө келген. Жаштайынан комуз чертип жамактап ырдап, өспүрүм кезинде Коргоол Досуевдин батасын алган. Эмгек жолун мектепти бүткөн соң Токтогул райондук маданият үйүнөн баштап, кийин Жалал-Абад облусундагы драма театрында эмгектенген. 24 жашында Токтогул Саьылганов атындагы Улуттук филармонияга жумушка чакыртылып, Осмонкул Бөлөбалаев, Ысмайыл Борончиевдер менен сахналаш болгон. Ал куттуу жерде 47 жыл бою иштеген.

Кыргыз Республикасынын эл артисти комузда кол ойнотуп, кара күүлөрдү да черте билген. "Чоң кербез", "Бала кербез", "Тогуз кайрык", "Мырза кербез", "Кара өзгөй", "Кер толгоо", "Ак тамак, Көк тамак", "Ак Бакай" күүлөрүн ийине жеткире ойногон. Ошондой эле "Жаныш-Байыш", "Курманбек", "Ак Мөөр" кенже эпосторун чеберчилик менен аткарып, Дооронбек Садырбаев тарткан "Махабат дастаны" көркөм тасмасында Раймалынын образын жараткан.

Эӊ кызыгы, төкмө акын 34 жашында Кыргыз мамлекеттик университетинин кыргыз тили филологиясына тапшырып, аталган ЖОЖду 39 жашында аяктаган. Кийин "Таӊшы комуз", "Ыр канатында" ыр жыйнактарын чыгарып, Жеңишбек Жумакадыр, Аалы Туткучев, Азамат Болгонбаев, Амантай Кутманалиев, Элмирбек Иманалиев, Сыймык Бейшекеевдин жол көргөзгөн устаты болгон.

Жеке жашоосунда бокс менен машыгып, көк бөрү ойноп, жубайы экөө алты баланы тарбиялап өстүрүп, 71 жашында узакка созулган оорудан улам көз жумган.

III даражадагы "Манас" орденинин ээси жөнүндө кызыктуу фактыларды Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окууга болот.

456
  • Төкмө акындын жаштарга өз өнөрүн тартуулап жаткан учуру
    © Фото / предоставлено общественным фондом "Айтыш"

    Төкмө акындын жаштарга өз өнөрүн тартуулап жаткан учуру

  • Ашыраалы Айталиев, актриса Сабира Күмүшалиева жана Тууганбай Абдиев
    © Фото / предоставлено общественным фондом "Айтыш"

    Ашыраалы Айталиев, актриса Сабира Күмүшалиева жана Тууганбай Абдиев

  • КРдин эл артисти бокс менен машыгып, көк бөрү да ойноп койчу
    © Фото / из семейного архива Абдиевых

    КРдин эл артисти бокс менен машыгып, көк бөрү да ойноп койчу

  • СССРдин жазуучулар союзунун мүчөсү Тууганбай Абдиев кыздары менен
    © Фото / предоставлено общественным фондом "Айтыш"

    СССРдин жазуучулар союзунун мүчөсү Тууганбай Абдиев кыздары менен

  • Төкмө акын Эстебес Турсуналиев, композитор Сардарбек Жумалиев жана Тууганбай Абдиев
    © Фото / из семейного архива Абдиевых

    Төкмө акын Эстебес Турсуналиев, композитор Сардарбек Жумалиев жана Тууганбай Абдиев

  • Тууганбай Абдиев 47 жыл Токтогул Сатылганов атындагы филармонияда иштеген
    © Фото / предоставлено общественным фондом "Айтыш"

    Тууганбай Абдиев 47 жыл Токтогул Сатылганов атындагы филармонияда иштеген

  • III даражадагы Манас орденинин ээси замандаштары жана сахналаштары менен
    © Фото / предоставлено общественным фондом "Айтыш"

    III даражадагы "Манас" орденинин ээси замандаштары жана сахналаштары менен

  • Ашыраалы Айталиев менен Тууганбай Абдиев шакирттеринин курчоосунда отурушат
    © Фото / из семейного архива Абдиевых

    Ашыраалы Айталиев менен Тууганбай Абдиев шакирттеринин курчоосунда отурушат

  • Ак таңдай акын чыгармачылыгынын аркасында бир топ өлкөлөргө гастролдоп барган
    © Фото / из семейного архива Абдиевых

    Ак таңдай акын чыгармачылыгынын аркасында бир топ өлкөлөргө гастролдоп барган

  • Жубайы Эсенбүбү экөө төрт кыз, эки уулду тарбиялап өстүргөн
    © Фото / из семейного архива Абдиевых

    Жубайы Эсенбүбү экөө төрт кыз, эки уулду тарбиялап өстүргөн

  • Сөз баккан инсандын Таӊшы комуз, Ыр канатында ыр жыйнактары менен эки китеби жарык көргөн
    © Фото / предоставлено общественным фондом "Айтыш"

    Сөз баккан инсандын "Таӊшы комуз", "Ыр канатында" ыр жыйнактары менен эки китеби жарык көргөн

  • Тууганбай Абдиев 2008-жылы 1-декабрда узакка созулган оорудан 71 жашында кайтыш болгон
    © Фото / предоставлено общественным фондом "Айтыш"

    Тууганбай Абдиев 2008-жылы 1-декабрда узакка созулган оорудан 71 жашында кайтыш болгон

Белгилер:
комузчу, төкмө акын, Тууганбай Абдиев, сүрөт
Тема боюнча
Элмирбектин жаштыгы, тагдыры, өксүткөн өлүмү... Акындын сүрөттө калган элеси
Гиннеске кирген биринчи кыргыз. Каскадер Кудайбергеновдун сүрөттөгү ирмемдери
Жолон Мамытовдун сүйүүсү, ырлары, бүлөсү. Акындын сүрөттө калган элеси

Нурмагомедов келген көл жээктеги Eagle FC турнири. 17 сүрөт

284
(жаңыланган 09:36 04.08.2021)
  • Чолпон-Атада аралаш мушташ спортунун сүйүүчүлөрү көптөн күткөн турнир өттү
  • Кыргызстанда Хабиб Нурмагомедов өзүнүн Eagle Fighting Championship (EFC) лигасынын турнирин уюштурду
  • Мелдеш 3-августта Чолпон-Атадагы ипподромдо болду
  • Ысык-Көлдөгү турнирге Хабиб Нурмагомедов конок катары келди
  • Мелдеште кыргызстандык спортчулар Россия, Казакстан жана Өзбекстандан келген мушкерлер менен күч сынашты
  • Турнир ачык асман алдында өткөнү менен да айырмаланып турду
  • Мелдеште өлкө атынан Александр Федосеев, Данияр Бабакулов өңдүү белгилүү мушкерлер катышып, жеңишти камсыздады.
  • Айла жоктон коргонууга өткөн спортчу жана беттешти жан далбастап токтоткон рефери
  • Кеч курун беттеш кызуусуна батып, улам көрүүчүлөр көбөйүп жатты
  • Күйөрмандардын көптүгүнө байланыштуу коопсуздук кызматкерлери да кадам сайын коюлган
  • Бул турнирде нокауттар азыраак болду, спортчулар күрөштүн чеберчиликтерин көрсөтүп жатты
  • Жаракат алган спортчуга жардам көрсөткөн медик. Эгер абалы оор болсо жанындагы рефери токтотуп да салат.
  • Турнир адаттагыдай болжолдуу, негизги жана башкы беттештерден турду
  • Спортчулар сүйүнгөндө ушинтип кыйкырып алат
  • Кеченин башкы беттешинде кыргызстандык Бусурманкул Абдибаит уулу менен россиялык чемпион Руслан Яманбаев кез келди
  • Кармаштын экинчи раундунда Абдибаит уулу атаандашын техникалык нокаут менен жеңип, EFC уюмунун 65 килограмм салмактагы
  • Хабиб Бусурмакулга бел курду өзү такты
Чолпон-Атада аралаш мушташ спортунун сүйүүчүлөрү көптөн күткөн турнир өттү. Кыргызстанда Хабиб Нурмагомедов өзүнүн Eagle Fighting Championship (EFC) лигасынын турнирин уюштуруп, ал 3-августта Чолпон-Атадагы ипподромдо болду.

Мелдеште кыргызстандык спортчулар Россия, Казакстан жана Өзбекстандан келген мушкерлер менен күч сынашты. Турнирде өлкө атынан Александр Федосеев, Данияр Бабакулов өңдүү белгилүү мушкерлер катышып, жеңишти камсыздады. Кеченин башкы беттешинде кыргызстандык Бусурманкул Абдибаит уулу россиялык чемпион Руслан Яманбаевди техникалык нокаут менен жеңип, EFC уюмунун жаңы чемпиону болду. Хабиб Бусурманкулга бел курду өзү такты.

284
  • Чолпон-Атада аралаш мушташ спортунун сүйүүчүлөрү көптөн күткөн турнир өттү
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Чолпон-Атада аралаш мушташ спортунун сүйүүчүлөрү көптөн күткөн турнир өттү

  • Кыргызстанда Хабиб Нурмагомедов өзүнүн Eagle Fighting Championship (EFC) лигасынын турнирин уюштурду
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Кыргызстанда Хабиб Нурмагомедов өзүнүн Eagle Fighting Championship (EFC) лигасынын турнирин уюштурду

  • Мелдеш 3-августта Чолпон-Атадагы ипподромдо болду
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Мелдеш 3-августта Чолпон-Атадагы ипподромдо болду

  • Ысык-Көлдөгү турнирге Хабиб Нурмагомедов конок катары келди
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Ысык-Көлдөгү турнирге Хабиб Нурмагомедов конок катары келди

  • Мелдеште кыргызстандык спортчулар Россия, Казакстан жана Өзбекстандан келген мушкерлер менен күч сынашты
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Мелдеште кыргызстандык спортчулар Россия, Казакстан жана Өзбекстандан келген мушкерлер менен күч сынашты

  • Турнир ачык асман алдында өткөнү менен да айырмаланып турду
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Турнир ачык асман алдында өткөнү менен да айырмаланып турду

  • Мелдеште өлкө атынан Александр Федосеев, Данияр Бабакулов өңдүү белгилүү мушкерлер катышып, жеңишти камсыздады.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Мелдеште өлкө атынан Александр Федосеев, Данияр Бабакулов өңдүү белгилүү мушкерлер катышып, жеңишти камсыздады.

  • Айла жоктон коргонууга өткөн спортчу жана беттешти жан далбастап токтоткон рефери
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Айла жоктон коргонууга өткөн спортчу жана беттешти жан далбастап токтоткон рефери

  • Кеч курун беттеш кызуусуна батып, улам көрүүчүлөр көбөйүп жатты
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Кеч курун беттеш кызуусуна батып, улам көрүүчүлөр көбөйүп жатты

  • Күйөрмандардын көптүгүнө байланыштуу коопсуздук кызматкерлери да кадам сайын коюлган
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Күйөрмандардын көптүгүнө байланыштуу коопсуздук кызматкерлери да кадам сайын коюлган

  • Бул турнирде нокауттар азыраак болду, спортчулар күрөштүн чеберчиликтерин көрсөтүп жатты
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Бул турнирде нокауттар азыраак болду, спортчулар күрөштүн чеберчиликтерин көрсөтүп жатты

  • Жаракат алган спортчуга жардам көрсөткөн медик. Эгер абалы оор болсо жанындагы рефери токтотуп да салат.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Жаракат алган спортчуга жардам көрсөткөн медик. Эгер абалы оор болсо жанындагы рефери токтотуп да салат.

  • Турнир адаттагыдай болжолдуу, негизги жана башкы беттештерден турду
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Турнир адаттагыдай болжолдуу, негизги жана башкы беттештерден турду

  • Спортчулар сүйүнгөндө ушинтип кыйкырып алат
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Спортчулар сүйүнгөндө ушинтип кыйкырып алат

  • Кеченин башкы беттешинде кыргызстандык Бусурманкул Абдибаит уулу менен россиялык чемпион Руслан Яманбаев кез келди
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Кеченин башкы беттешинде кыргызстандык Бусурманкул Абдибаит уулу менен россиялык чемпион Руслан Яманбаев кез келди

  • Кармаштын экинчи раундунда Абдибаит уулу атаандашын техникалык нокаут менен жеңип, EFC уюмунун 65 килограмм салмактагы
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Кармаштын экинчи раундунда Абдибаит уулу атаандашын техникалык нокаут менен жеңип, EFC уюмунун 65 килограмм салмактагы

  • Хабиб Бусурмакулга бел курду өзү такты
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Хабиб Бусурмакулга бел курду өзү такты

Белгилер:
Чолпон-Ата, Хабиб Нурмагомедов, турнир, сүрөт, мушкер, EFC
Тема боюнча
Бусурманкулдун нокауту жана ага Хабибдин берген кеңеши. Видео
Көлгө келген Хабиб: эртең Олимпиадада алтын алышыңарга тилектешмин
Алексей Федосеев Хабибдин турниринде атаандашын муунтуу ыкмасы менен жеңди. Сүрөт

Чымыр денелүү, сулуу... Токио Олимпиадасындагы кыз-келиндердин сүрөттөрү

1090
(жаңыланган 01:29 04.08.2021)
Ушул тапта Токио шаарында Олимпиадалык оюндар өтүп жатат. Sputnik Кыргызстан агенттигинин сүрөт түрмөгүндө спорт дүйнөсүндөгү өтө маанилүү иш-чарага катышып жаткан чырайлуу кыз-келиндерди көрө аласыздар.

Дүйнө жүзү өз өлкөсүнүн намысын коргоп жүргөн спортчулардын ийгилигине көз салып турган кез. Ошол эле учурда күйөрмандар беттегенин бербеген өжөр, чымыр денелүү спортчулардын өң-келбетине дагы көңүл бурууда.

Токиодо бүгүнкү күндө күчтүү гана эмес, ар кайсы рейтингдердин негизинде эң чырайлуу деп табылган кыз-келиндер дагы жүрөт. Мисалы, австриялык Busted Coverage журналы германиялык жөө күлүк Алиса Шмидтти дүйнөдөгү эң сексуалдуу спортчу айым деп тапкан.

 

1090
  • Busted Coverage журналынын версиясы боюнча дүйнөдөгү эң сексуалдуу спортчу айым деп германиялык жөө күтүк Алиса Шмидтти табылган

  • © Sputnik / Vladimir Astapkovich

    Россиялык велосипедчи Елизавета Посадских

  • © Sputnik / Vladimir Pesnya

    Пляж волейболунун чеберлери, латвиялык спортчулар Тина Граудиня менен Анастасия Кравченок

  • © AFP 2021 / Alexander Nemenov

    Бадминтон боюнча Олимпиада катышуучусу Даниэлла Масиас (Перу)

  • © REUTERS / Lisi Niesner

    Серфинг чебери Каролина Маркс таймаш учурунда

  • © AFP 2021 / Tauseef Mustafa

    Кытайлык Yang Qian ок атуу боюнча финалдагы жеңишинен кийин

  • © AFP 2021 / Ayaka Naito

    Футболист Алекс Морган оюн учурунда

  • © Sputnik / Vladimir Astapkovich

    Спорттук гимнастика боюнча россиялык чебер Ангелина Мельникова

  • © REUTERS / Carlos Barria

    Алтын утуп алган даниялык Анн-Мари Риндом

  • © REUTERS / Ann Wang

    Сербиялык спортчу кыз Саня Вукасинович

  • © REUTERS / Toby Melville

    Бразилиялык спортчу Летисия Буфони

  • © Sputnik / Ramil Sitdikov

    Фехтования боюнча россиялык спортчу Софья Позднякова мелдештен кийин

  • © REUTERS / Edgard Garrido

    Канадалык штангист Кристель Нгарлем

  • © Sputnik / Alexey Filippov

    АКШлык спортчу Суниса Ли мелдеш алдында

  • © AP Photo / Themba Hadebe

    Тхэквондочу Авишаг Семберг (Израиль) мелдештен кийин

  • © AFP 2021 / Jonathan Nackstrand

    Түштүк Африка Республикасынан келген суучул Татьяна Шоенмейкер

  • © Sputnik / Vladimir Pesnya

    Ок атуу боюнча россиялык спортчу Виталина Бацарашкина

  • © REUTERS / Carlos Garcia Rawlins

    Түркиялык волейбол командасы

  • © REUTERS / Andrew Boyers

    Либериялык жеңил атлетчи Эбони Моррисон

  • © REUTERS / Lisi Niesner

    Бразилиялык серфингчи Татьяна Вестон-Вобб

  • © REUTERS / Clodagh Kilcoyne

    Түркиялык жаачы Жасмин Анагоз

Белгилер:
спортчу, кыз-келиндер, Олимпиада-2020, сүрөт
Тема:
2021-жылы Токиодо өтө турган Олимпиада оюндары
Тема боюнча
Чекчейип, кемшейип, чочуп... Токио Олимпиадасындагы атлеттердин эмоциясы
ONE FC жылдызы Кямран Аббасов. Архив

Чолпон-Атадагы дүйнө чемпионатына ONE FC жылдызы Кямран Аббасов келди. Видео

0
(жаңыланган 21:51 04.08.2021)
Кыргызстандык мушкер Кямран Аббасов беделдүү болгон ONE FC уюмунун учурдагы чемпиону. Чет мамлекетте жашап машыгып келет, мекенине чанда гана келип турат.

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Ысык-Көлдө өтүп жаткан уруш өнөрлөрү боюнча дүйнө чемпионатына ONE FC уюмунун учурдагы чемпиону, кыргызстандык мушкер Кямран Аббасов ардактуу конок катары келди. Бул тууралуу Sputnik агенттигинин кабарчысы жеринен билдирди.

Эске салсак, Чолпон-Атада спорттун беш түрү: ММА, самбо, грэпплинг, тай бокс жана жиу-житсу боюнча дүйнө чемпионаты болууда.

Бүгүн, 4-августта, спорттук иш-чаранын расмий түрдө ачылышы болду. Ардактуу коноктордун бири катары Кямран Аббасов чакырылган.

"Жалпыңыздарга салам! Биринчиден, турнирдин уюштуруучуларына алкыш. Жаштар — биздин болочок чемпиондорубуз. Спортчуларга ийгилик каалап, чыдамкай, эрктүү болгула демекчимин. Спорттогу ири жолдор ушундай мелдештерден башталат. Көз ачып жумгуча эле ири уюмдарда ат салышып каласыңар. Дагы бир ирет ийгилик, бардык жакшылыктарды каалайм", - деди Аббасов.

Турнирдин ачылышынан кийин чемпион менен сүрөткө түшөбүз дегендер көп болду, спортчу эч кимди көңүл кош калтырган жок.

Аббасов аталган уюмдун 2019-жылдын 25-октябрында Индонезиянын Жакарта шаарында өткөн мелдешинде швециялык мушкер Себастьян Кадестанды утуп, чемпион болгон. 2020-жылы октябрда америкалык Жеймс Накашимини утуп, наамын коргоп калган.

Карьерасында 24 беттешти утуп, төрт мелдеште жеңилген.

0
Белгилер:
Чолпон-Ата, дүйнө чемпионаты, мушкер, видео, Кямран Аббасов
Тема боюнча
Бүйүр кызытып... Хабиб Нурмагомедовдун Чолпон-Атадагы турнири видеодо
Нурмагомедов келген көл жээктеги Eagle FC турнири. 17 сүрөт