Түрмөдө, ооруканада, талаада иштеген актёрлор. Геннадий Базаровдун каармандары

Жазылуу
Белгилүү кинорежиссёр, сценарист Геннадий Базаров 14-майда 79 жашка толду. Sputnik Кыргызстан агенттиги өмүрүн ата мекендик кинематографияга арнаган киночунун тасмаларындагы каармандардын кызыктуу ирмемдерин сунуштайт.

Геннадий Базаров 1942-жылы 14-майда Нарын облусунун Ат-Башы айылында туулган. Атасы партиялык кызматкер болгондуктан балалыгы өлкөнүн ар кайсы бөлүгүндө көчүп-конуп өткөн. Окуучу кезинде "Советтик Кыргызстан" киножурналынын операторлорунун иштегенин көрүп кино тармагына кызыгып калат да, өз алдынча фотоаппарат менен иштегенди, сүрөт тартканды үйрөнө баштаган. Мектепти аяктаган соң тасма тартуу жаатында тажрыйбасы жок болгондугуна карабай "Кыргызфильм" киностудиясында эки жылдай иштейт. Ал жакта катардагы жумушчу болуп, оператор Марлес Туратбеков, Кадыржан Кыдыралиевди ээрчип, ассистент кызматын аркалайт. 1961-жылы Москвадагы Герасимов атындагы мамлекеттик кинематография институтуна тапшырып, режиссёр адистигин алган.

Кыргыз Республикасынын эл артисти Тууганбай Абдиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.05.2021
34 жашында студент болгон Тууганбай Абдиев. Улуу акындын жашоосундагы ирмемдер
Эң кызыгы, 23 жашында белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматовдун "Саманчынын жолу" повести боюнча тасма тартууга киришип, дипломдук иши болгон биринчи фильмин 1967-жылы көрүүчүлөргө сунуштаган.

Кийинки жылдары "Каныбек", "Жаңылуу", "Буктурма", "Көчө", "Приют для совершеннолетних", "Айың", "Аномалия" өңдүү мыкты тасмаларды жаратат. Сценаристтин кесиптештери менен замандаштары аны мыкты сүрөткер деп эсептешет. Анткени Айтматов атындагы эл аралык сыйлыктын лауреаты өзүнүн эмгектерин башкача көз караш менен карап, окуяны же каарманды ачып берүүдө өзгөчөлөнүп, дайым изденүүнүн үстүндө жүрөт.

СССР кинематографиясынын отличниги өмүрүн киного арнап, жубайы экөө эки кыз, бир уулду тарбиялап өстүргөн.

Көптөгөн мамлекеттик жана эл аралык сыйлыктардын лауреаты, "кыргыз кереметин" жаратуучуларынын көрүнүктүү өкүлү жөнүндө кызыктуу фактыларды Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуздар.

© Фото / Александр ФедоровСССРдин эл артисти Муратбек Рыскулов жана режиссёр Геннадий Базаров. "Көчө" тасмасы, 1972-жыл
СССРдин эл артисти Муратбек Рыскулов жана режиссёр Геннадий Базаров. Көчө тасмасы, 1972-жыл - Sputnik Кыргызстан
1/14
СССРдин эл артисти Муратбек Рыскулов жана режиссёр Геннадий Базаров. "Көчө" тасмасы, 1972-жыл
© Sputnik / РИА Новости / Медиабанкка өтүүБазаровдун "Саманчынын жолу" тасмасында эненин уулун согушка жөнөткөн учур: актёр Болот Бейшеналиев менен актриса Бакен Кыдыкеева
Базаровдун Саманчынын жолу тасмасында эненин уулун согушка жөнөткөн учур: актёр Болот Бейшеналиев менен актриса Бакен Кыдыкеева - Sputnik Кыргызстан
2/14
Базаровдун "Саманчынын жолу" тасмасында эненин уулун согушка жөнөткөн учур: актёр Болот Бейшеналиев менен актриса Бакен Кыдыкеева
© Фото / Александр ФедоровТүрмөдө соттолгондордун арасында тартылган Советбек Жумадылов Базаровдун "Айың" аталышындагы кезектеги эмгегинде
Түрмөдө соттолгондордун арасында тартылган Советбек Жумадылов Базаровдун Айың аталышындагы кезектеги эмгегинде - Sputnik Кыргызстан
3/14
Түрмөдө соттолгондордун арасында тартылган Советбек Жумадылов Базаровдун "Айың" аталышындагы кезектеги эмгегинде
© Фото / Александр Федоров"Көчө" кинофильминде Маликени ойногон жаш актриса Мамлакат Кылычева менен баарлашкан режиссер
Көчө кинофильминде Маликени ойногон жаш актриса Мамлакат Кылычева менен баарлашкан режиссер - Sputnik Кыргызстан
4/14
"Көчө" кинофильминде Маликени ойногон жаш актриса Мамлакат Кылычева менен баарлашкан режиссер
© Sputnik / Александр ФедоровБелгилүү актер Медель Маниязов, Советбек Жумадылов жана Орозбек Кутманалиевдин сүрөтү режиссердун "Көздүн кареги" тасмасын тартуу маалында камерага түшүрүлгөн
Белгилүү актер Медель Маниязов, Советбек Жумадылов жана Орозбек Кутманалиевдин сүрөтү режиссердун Көздүн кареги тасмасын тартуу маалында камерага түшүрүлгөн - Sputnik Кыргызстан
5/14
Белгилүү актер Медель Маниязов, Советбек Жумадылов жана Орозбек Кутманалиевдин сүрөтү режиссердун "Көздүн кареги" тасмасын тартуу маалында камерага түшүрүлгөн
© Фото / Александр ФедоровБазаровдун дипломдук ишинде СССРдин эл артисти Бакен Кыдыкеева, Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын актрисасы Раушан Сармурзина менен болочоктогу саясат таануучу Токтогул Какчекеев тартылган
Базаровдун дипломдук ишинде СССРдин эл артисти Бакен Кыдыкеева, Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын актрисасы Раушан Сармурзина менен болочоктогу саясат таануучу Токтогул Какчекеев тартылган - Sputnik Кыргызстан
6/14
Базаровдун дипломдук ишинде СССРдин эл артисти Бакен Кыдыкеева, Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын актрисасы Раушан Сармурзина менен болочоктогу саясат таануучу Токтогул Какчекеев тартылган
© Sputnik / Александр ФедоровРежиссер кыргыздын чыгаан уул-кыздары тууралуу "Искусство жөнүндө баян" аттуу фильмин 1974-жылы жараткан. Сүрөттө залкар актер Муратбек Рыскулов, Геннадий Базаров жана актриса Бакен Кыдыкеева.
Режиссер кыргыздын чыгаан уул-кыздары тууралуу Искусство жөнүндө баян аттуу фильмин 1974-жылы жараткан. Сүрөттө залкар актер Муратбек Рыскулов, Геннадий Базаров жана актриса Бакен Кыдыкеева. - Sputnik Кыргызстан
7/14
Режиссер кыргыздын чыгаан уул-кыздары тууралуу "Искусство жөнүндө баян" аттуу фильмин 1974-жылы жараткан. Сүрөттө залкар актер Муратбек Рыскулов, Геннадий Базаров жана актриса Бакен Кыдыкеева.
© Sputnik / Александр ФедоровАракечтик, сойкулук, кылмыштуулукту чагылдырган "Аномалия" фильми да Геннадий Базаровго таандык
Аракечтик, сойкулук, кылмыштуулукту чагылдырган Аномалия фильми да Геннадий Базаровго таандык - Sputnik Кыргызстан
8/14
Аракечтик, сойкулук, кылмыштуулукту чагылдырган "Аномалия" фильми да Геннадий Базаровго таандык
© Sputnik / Александр ФедоровКинематографисттин "Биринчи" тасмасында актер Болот Бейшеналиев менен актриса Наталья Аринбасарова
Кинематографисттин Биринчи тасмасында актер Болот Бейшеналиев менен актриса Наталья Аринбасарова - Sputnik Кыргызстан
9/14
Кинематографисттин "Биринчи" тасмасында актер Болот Бейшеналиев менен актриса Наталья Аринбасарова
© Фото / Александр ФедоровКыргыз ССРинин эл артисти, ыйлаган Советбек Жумадылов жана анын жанында белгилүү актриса Айтурган Темирова, "Айың" фильми
Кыргыз ССРинин эл артисти, ыйлаган Советбек Жумадылов жана анын жанында белгилүү актриса Айтурган Темирова, Айың фильми - Sputnik Кыргызстан
10/14
Кыргыз ССРинин эл артисти, ыйлаган Советбек Жумадылов жана анын жанында белгилүү актриса Айтурган Темирова, "Айың" фильми
© Sputnik / Александр ФедоровРежиссердун дагы бир эмгеги "Буктурма" деп аталат. Ал 1969-жылы көрүүчүлөргө сунушталган.
Режиссердун дагы бир эмгеги Буктурма деп аталат. Ал 1969-жылы көрүүчүлөргө сунушталган. - Sputnik Кыргызстан
11/14
Режиссердун дагы бир эмгеги "Буктурма" деп аталат. Ал 1969-жылы көрүүчүлөргө сунушталган.
© Фото / Александр ФедоровБазаровдун "Каныбек" тасмасында Аман Камчыбеков башкы ролду ойногон, 1978-жылы Чүй облусу
Базаровдун Каныбек тасмасында Аман Камчыбеков башкы ролду ойногон, 1978-жылы Чүй облусу - Sputnik Кыргызстан
12/14
Базаровдун "Каныбек" тасмасында Аман Камчыбеков башкы ролду ойногон, 1978-жылы Чүй облусу
© Sputnik / Александр Федоров"Каныбек" тасмасын жараткандар: фильмдин директору Иманкул Абдыкулов, экинчи катарда отурган Чоро Думанаев, ортодо акын Ашыралы Айталиев, жанындагы режиссер Геннадий Базаровдун ассистенти, төкмө акын Эстебес Турсуналиев, оператор Мурат Жыргалбаев жана экинчи оператор Володя Галушко.
Каныбек тасмасын жараткандар: фильмдин директору Иманкул Абдыкулов, экинчи катарда отурган Чоро Думанаев, ортодо акын Ашыралы Айталиев, жанындагы режиссер Геннадий Базаровдун ассистенти, төкмө акын Эстебес Турсуналиев, оператор Мурат Жыргалбаев жана экинчи оператор Володя Галушко. - Sputnik Кыргызстан
13/14
"Каныбек" тасмасын жараткандар: фильмдин директору Иманкул Абдыкулов, экинчи катарда отурган Чоро Думанаев, ортодо акын Ашыралы Айталиев, жанындагы режиссер Геннадий Базаровдун ассистенти, төкмө акын Эстебес Турсуналиев, оператор Мурат Жыргалбаев жана экинчи оператор Володя Галушко.
© Sputnik / Александр ФедоровКР эл артисти ондон ашык көркөм, даректүү, кыска метраждуу тасмаларды жараткан
КР эл артисти ондон ашык көркөм, даректүү, кыска метраждуу тасмаларды жараткан - Sputnik Кыргызстан
14/14
КР эл артисти ондон ашык көркөм, даректүү, кыска метраждуу тасмаларды жараткан
Жаңылыктар түрмөгү
0