Журналист айтылуу Орзубек Назаров менен беттешти. Рингдеги кызыктуу сүрөттөр

152
  • Мен залды көздөй баратып, Орзубек Назаровдун беттешке даярданып жатканын алыстан көрдүм. Ал мага олжосун тапкан жырткычтай эле көрүндү. Баары мен ойлогондон да олуттуу экенин дароо түшүндүм, — деп комментарий берди бул сүрөткө Эркин Алымбеков
  • Мушташтагы маектешүү долбоорунун алып баруучусу кесипкөй бокс боюнча дүйнөнүн жети жолку чемпиону Орзубек Назаров менен беттешер алдында ойлуу турган чагы
  • Алып баруучу залга кирип баратканда мушкерди дал ушундай көрүнүштө элестеткен. Чемпиондун турган турпаты сизди да сестенттиби?
  • Көз караштар таймашы, беттеш алдындагы калыстын эскертүүлөрү, мээлейчен учурашуу...
  • 10 раундга белгиленген таймашта атаандаштар бири-бирин ич жакка гана урушту
  • Долбоорду Чиновник менен мушташ, Дуэль, Эркекче сүйлөшүү деп да атап көрдүк. Баса, Орзубек Назаров Жогорку Кеңештин экс-депутаты болуп саналат
  • Видеодо легендарлуу мушкердин кубаттуу соккуларынын добушу кадимкидей угулуп турат
  • Мушташ курч өттү. Анын олуттуулугун мага жеткирүүгө Sputnik Кыргызстан агенттигинин кызматкерлери, анын ичинде үн инженери Олег Котов да жардам берди
  • Назаров көпкө чейин каардуу боло алган жок. Бат эле жазылып, күлүп, позитивдүү болуп калды. Ага чейинки айбаты коркунучтуу болчу
  • 55 жаштагы экс-чемпион 15 жылдан бери рингге чыга электигин белгилеп, беттештен чындап ырахат алганын айтты
  • Алып баруучу мушкер Назаровго олуттуу сокку тийгизе алган жок. Чемпиондун коргонуусу дагы деле жогорку деңгээлде экен
  • Акыркы раунд аяктаганда атаандаштар кучакташты
  • Бокс кызыктай эле спорт... Адегенде мушташасың, анан кучакташасың, — деген Назаров беттештен соң
  • Мушташтагы маектешүү программасынын негизги бөлүгү беттештен кийин жазылат
  • Назаров ЖКда депутат болуп жүргөндө айрым кесиптештерин үч эле мүнөткө рингге чакырганын айтат. Бирок эч ким макул болбоптур
  • Программаны даярдоодо Алимжан Валиев, Эмил Садыров, Максат Элебесов, Табылды Кадырбеков, Эркин Садыков жана Олег Котовдон турган Sputnik Кыргызстан агенттигинин командасы иштеди. Ага көмөктөшкөн Орзубек Назаровдун бокс залына, машыктыруучу Владислав Визильтер жана калыс Мурат Курмановго терең ыраазычылык билдиребиз
"Таймашуудагы маек" долбоорунун алкагында рингде Sputnik Кыргызстандын шеф-редактору Эркин Алымбеков бокс боюнча дүйнөнүн жети жолку чемпиону Орзубек Назаров менен кез келди.

"Таймашуудагы маек" долбоору бокстагы беттеш учурунда жүрөт. Атаандаштар тактикалык жактан бири-биринин эбин таап, мүмкүн болушунча көбүрөөк сокку урушу керек. Ошол эле учурда алар коргонууну да унутпашы зарыл. Мындай учурда маектешүү кыйын. Алып баруучу суроо бергенде атаандаш ага жооп бериши керек.

"Долбоорду "Чиновник менен мушташ", "Дуэль", "Эркекче сүйлөшүү" деп атап көрдүк. Акыр-аягы келип "Таймашуудагы маек" дегенге токтолдук. Долбоор старт алды", — деп белгиледи Эркин Алымбеков.

Ал кыргызстандык белгилүү инсандарды, алардын катарында чиновниктерди, депутаттарды, блогер жана башкаларды беттешке чакырууга ниеттенет.

"Ринг ичинде көп нерселерди сүйлөшөбүз. Көбүнесе жогорку интеллектуалдык темалардан кеп салабыз. Мага сокку уруп, кайра коргонуп, ошол эле учурда суроого да жооп табышы керек. Рингде бир-эки сокку тийгенде бардык психологиялык чектер өчөт. Спарринг учурунда адамдын жеке жашоосу, ал тууралуу кенен маалыматтарды сүйлөшүп жетишебиз", — деди Sputnik Кыргызстандын шеф-редактору.

Программанын алгачкы коногун тааныштыруунун зарылчылыгы деле жок, деген менен айрымдар үчүн айтып коёлу, Орзубек Назаров профессионалдык бокстун WBA (Дүйнөлүк бокс ассоциациясы) версиясы боюнча дүйнөнүн жети жолку чемпиону. Карьерасында 27 беттеш өткөрүп, 26сын жеңген. 20 атаандашын эстен тандыра согуп, нокаутка кетирип уткан.

Назаров 1994-жылы америкалык Жо Гамачени сулата чаап утуп, дүйнөлүк бокста жылдызы жанган. Төрт жылдан соң беттеш учурунда кыргызстандык мушкер жаракат алып, сол жак көзү көрбөй калат. Ийгиликтүү операциядан улам көрүүсү акырындап калыбына келет. Бирок мушкер спорттогу жолун уланта албай калган.

Мекенине келгенден кийин бизнес менен алектенип, өзүнүн менчик спорттук залын ачат. 2007-жылы Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланып, кийинчерээк саясаттан да кеткен.

152
  • Мен залды көздөй баратып, Орзубек Назаровдун беттешке даярданып жатканын алыстан көрдүм. Ал мага олжосун тапкан жырткычтай эле көрүндү. Баары мен ойлогондон да олуттуу экенин дароо түшүндүм, — деп комментарий берди бул сүрөткө Эркин Алымбеков
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    "Мен залды көздөй баратып, Орзубек Назаровдун беттешке даярданып жатканын алыстан көрдүм. Ал мага олжосун тапкан жырткычтай эле көрүндү. Баары мен ойлогондон да олуттуу экенин дароо түшүндүм", — деп комментарий берди бул сүрөткө Эркин Алымбеков

  • Мушташтагы маектешүү долбоорунун алып баруучусу кесипкөй бокс боюнча дүйнөнүн жети жолку чемпиону Орзубек Назаров менен беттешер алдында ойлуу турган чагы
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    "Мушташтагы маектешүү" долбоорунун алып баруучусу кесипкөй бокс боюнча дүйнөнүн жети жолку чемпиону Орзубек Назаров менен беттешер алдында ойлуу турган чагы

  • Алып баруучу залга кирип баратканда мушкерди дал ушундай көрүнүштө элестеткен. Чемпиондун турган турпаты сизди да сестенттиби?
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Алып баруучу залга кирип баратканда мушкерди дал ушундай көрүнүштө элестеткен. Чемпиондун турган турпаты сизди да сестенттиби?

  • Көз караштар таймашы, беттеш алдындагы калыстын эскертүүлөрү, мээлейчен учурашуу...
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Көз караштар таймашы, беттеш алдындагы калыстын эскертүүлөрү, мээлейчен учурашуу...

  • 10 раундга белгиленген таймашта атаандаштар бири-бирин ич жакка гана урушту
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    10 раундга белгиленген таймашта атаандаштар бири-бирин ич жакка гана урушту

  • Долбоорду Чиновник менен мушташ, Дуэль, Эркекче сүйлөшүү деп да атап көрдүк. Баса, Орзубек Назаров Жогорку Кеңештин экс-депутаты болуп саналат
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Долбоорду "Чиновник менен мушташ", "Дуэль", "Эркекче сүйлөшүү" деп да атап көрдүк. Баса, Орзубек Назаров Жогорку Кеңештин экс-депутаты болуп саналат

  • Видеодо легендарлуу мушкердин кубаттуу соккуларынын добушу кадимкидей угулуп турат
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Видеодо легендарлуу мушкердин кубаттуу соккуларынын добушу кадимкидей угулуп турат

  • Мушташ курч өттү. Анын олуттуулугун мага жеткирүүгө Sputnik Кыргызстан агенттигинин кызматкерлери, анын ичинде үн инженери Олег Котов да жардам берди
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Мушташ курч өттү. Анын олуттуулугун мага жеткирүүгө Sputnik Кыргызстан агенттигинин кызматкерлери, анын ичинде үн инженери Олег Котов да жардам берди

  • Назаров көпкө чейин каардуу боло алган жок. Бат эле жазылып, күлүп, позитивдүү болуп калды. Ага чейинки айбаты коркунучтуу болчу
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Назаров көпкө чейин каардуу боло алган жок. Бат эле жазылып, күлүп, позитивдүү болуп калды. Ага чейинки айбаты коркунучтуу болчу

  • 55 жаштагы экс-чемпион 15 жылдан бери рингге чыга электигин белгилеп, беттештен чындап ырахат алганын айтты
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    55 жаштагы экс-чемпион 15 жылдан бери рингге чыга электигин белгилеп, беттештен чындап ырахат алганын айтты

  • Алып баруучу мушкер Назаровго олуттуу сокку тийгизе алган жок. Чемпиондун коргонуусу дагы деле жогорку деңгээлде экен
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Алып баруучу мушкер Назаровго олуттуу сокку тийгизе алган жок. Чемпиондун коргонуусу дагы деле жогорку деңгээлде экен

  • Акыркы раунд аяктаганда атаандаштар кучакташты
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Акыркы раунд аяктаганда атаандаштар кучакташты

  • Бокс кызыктай эле спорт... Адегенде мушташасың, анан кучакташасың, — деген Назаров беттештен соң
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    "Бокс кызыктай эле спорт... Адегенде мушташасың, анан кучакташасың", — деген Назаров беттештен соң

  • Мушташтагы маектешүү программасынын негизги бөлүгү беттештен кийин жазылат
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    "Мушташтагы маектешүү" программасынын негизги бөлүгү беттештен кийин жазылат

  • Назаров ЖКда депутат болуп жүргөндө айрым кесиптештерин үч эле мүнөткө рингге чакырганын айтат. Бирок эч ким макул болбоптур
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков TABA_Kadyrbekov

    Назаров ЖКда депутат болуп жүргөндө айрым кесиптештерин үч эле мүнөткө рингге чакырганын айтат. Бирок эч ким макул болбоптур

  • Программаны даярдоодо Алимжан Валиев, Эмил Садыров, Максат Элебесов, Табылды Кадырбеков, Эркин Садыков жана Олег Котовдон турган Sputnik Кыргызстан агенттигинин командасы иштеди. Ага көмөктөшкөн Орзубек Назаровдун бокс залына, машыктыруучу Владислав Визильтер жана калыс Мурат Курмановго терең ыраазычылык билдиребиз
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Программаны даярдоодо Алимжан Валиев, Эмил Садыров, Максат Элебесов, Табылды Кадырбеков, Эркин Садыков жана Олег Котовдон турган Sputnik Кыргызстан агенттигинин командасы иштеди. Ага көмөктөшкөн Орзубек Назаровдун бокс залына, машыктыруучу Владислав Визильтер жана калыс Мурат Курмановго терең ыраазычылык билдиребиз

Белгилер:
Орзубек Назаров, Эркин Алымбеков, Sputnik Кыргызстан, долбоор, маек, беттешүү, ринг, бокс
Тема боюнча
Талкаланган мөңгү, эңшерилген кен. Кумтөрдүн азыркы көрүнүшү сүрөттөрдө
Суктанып бүтпөй... Ааламдагы асман тиреген ажайып 10 имараттын сүрөтү
Жамал Сейдакматованын боюнан түшүргөн тасма. "Отко таазим" фильминен ирмемдер

Булуттарды кучактап! Төө-Ашуудан тартылган эң кооз 10 ирмем

88
  • Булуттар таман алдында калганда. Төө-Ашуу — Кыргызстандагы эң бийик ашуулардын бири. Ал деңиз деңгээлинен 3 586 метр өйдө жайгашкан.
  • Кулач кере таза абадан жуткан кандай бакыт! Төө-Ашуу — Кара-Балта өрөөнүнүн төрүндө.
  • Ашуунун белине 1962-жылы туннель курулуп, ага Кусейин Көлбаевдин ысымы берилген
  • Төө-Ашуунун белинде асманга жакындап, булуттун үстүндө, кооздукка көз чаптырып отурган адам
  • Ашууга чыгып бара жатканда 20дай чукул бурулуштардан өтүүгө туура келет. Ага эки саатка жакын убакыт кетет.
  • Ашуунун түндүк жагында астмадан жабыркагандарды дарылай турган борбор ачылган. Таза аба адамдын дем алуу органдарына жакшы таасир этет.
  • Төө-Ашуунун түштүк тарабындагы бетте лыжа базасы бар. Ал сноуборд менен лыжа тепкендердин сүйүктүү жери.
  • Эл ичинде айтылуу Кожомкул балбан Чүйдөн Суусамырга бара жаткан жолдо аты баспай калып, аны ушул Төө-Ашуудан көтөрүп өткөн деген кеп бар
  • Бул жерден бардыгы алаканга салгандай көрүнөт. Өзгөчө жаз айларынын ортосунда өрөөнгө жашыл килем төшөп койгондой элес калтырат.
  • Ашуу аркылуу ары-бери каттаган жүргүнчүлөр мындай кооздуктан улам жолго токтоп, сүрөткө, видеого түшүп, анан жолун улаган учурлар кадыресе көрүнүш
Төө-Ашуу — Кыргызстандагы эң бийик ашуулардын бири. Биздин окурмандарга бул аймактын кооздугун Sputnik Кыргызстандын сүрөт түрмөгүнөн көрүү мүмкүнчүлүгү жаралды.

Фотокабарчы Табылды Кадырбеков Төө-Ашууга барып, бир нече сүрөт тартып келген. Кыргызстандагы эң узун Ош — Бишкек автожолу дал ушул ашуу аркылуу өтөт. Ал деңиз деңгээлинен 3 586 метр өйдө жайгашкан. Кыргыз Ала-Тоосунун борбордук бөлүгүндө, Кара-Балта өрөөнүнүн төрүндө.

Бул ашуу аркылуу Чүйдөн Суусамырга өтсө болот. Ашууга чыгып бара жатканда 20дай чукул бурулуштардан өтүүгө туура келет. Ага эки саатка жакын убакыт керектелет. Белине 1962-жылы туннель курулуп, ага Кусейин Көлбаевдин ысымы берилген. Түндүк жагында астмадан жабыркагандарды дарылай турган борбор бар. Ал эми түштүк тарабындагы бетте лыжа базасы жайгашкан. Ал сноуборд менен лыжа тепкендердин сүйүктүү жери. Эл ичинде айтылуу балбан Кожомкул  Каба уулу Чүйдөн Суусамырга бара жаткан жолдо аты баспай калып, аны ушул Төө-Ашуудан көтөрүп өткөн деп айтышат.

Кээ бир жер-суу аталыштары ошол жерди байырлаган жаныбарларга, өсүмдүктөргө байланыштуу коюлуп келген. "Төө ашуу" — зоотопонимикалык аталыш. Бирок бул ашуудан көп сандаган төө өтүп турган же багылган деп айтуу калпыс пикир. Болгону салыштыруу иретинде аталган. Кыргызстандын аймагындагы эң чоң жаныбар катары төө саналган. Ушундан улам ашуунун бийиктиги төөнүн бийиктиги менен салыштырылып Төө-Ашуу деп атап коюшкан.

88
  • Булуттар таман алдында калганда. Төө-Ашуу — Кыргызстандагы эң бийик ашуулардын бири. Ал деңиз деңгээлинен 3 586 метр өйдө жайгашкан.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Булуттар таман алдында калганда. Төө-Ашуу — Кыргызстандагы эң бийик ашуулардын бири. Ал деңиз деңгээлинен 3 586 метр өйдө жайгашкан.

  • Кулач кере таза абадан жуткан кандай бакыт! Төө-Ашуу — Кара-Балта өрөөнүнүн төрүндө.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Кулач кере таза абадан жуткан кандай бакыт! Төө-Ашуу — Кара-Балта өрөөнүнүн төрүндө.

  • Ашуунун белине 1962-жылы туннель курулуп, ага Кусейин Көлбаевдин ысымы берилген
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Ашуунун белине 1962-жылы туннель курулуп, ага Кусейин Көлбаевдин ысымы берилген

  • Төө-Ашуунун белинде асманга жакындап, булуттун үстүндө, кооздукка көз чаптырып отурган адам
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Төө-Ашуунун белинде асманга жакындап, булуттун үстүндө, кооздукка көз чаптырып отурган адам

  • Ашууга чыгып бара жатканда 20дай чукул бурулуштардан өтүүгө туура келет. Ага эки саатка жакын убакыт кетет.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Ашууга чыгып бара жатканда 20дай чукул бурулуштардан өтүүгө туура келет. Ага эки саатка жакын убакыт кетет.

  • Ашуунун түндүк жагында астмадан жабыркагандарды дарылай турган борбор ачылган. Таза аба адамдын дем алуу органдарына жакшы таасир этет.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Ашуунун түндүк жагында астмадан жабыркагандарды дарылай турган борбор ачылган. Таза аба адамдын дем алуу органдарына жакшы таасир этет.

  • Төө-Ашуунун түштүк тарабындагы бетте лыжа базасы бар. Ал сноуборд менен лыжа тепкендердин сүйүктүү жери.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Төө-Ашуунун түштүк тарабындагы бетте лыжа базасы бар. Ал сноуборд менен лыжа тепкендердин сүйүктүү жери.

  • Эл ичинде айтылуу Кожомкул балбан Чүйдөн Суусамырга бара жаткан жолдо аты баспай калып, аны ушул Төө-Ашуудан көтөрүп өткөн деген кеп бар
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Эл ичинде айтылуу Кожомкул балбан Чүйдөн Суусамырга бара жаткан жолдо аты баспай калып, аны ушул Төө-Ашуудан көтөрүп өткөн деген кеп бар

  • Бул жерден бардыгы алаканга салгандай көрүнөт. Өзгөчө жаз айларынын ортосунда өрөөнгө жашыл килем төшөп койгондой элес калтырат.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Бул жерден бардыгы алаканга салгандай көрүнөт. Өзгөчө жаз айларынын ортосунда өрөөнгө жашыл килем төшөп койгондой элес калтырат.

  • Ашуу аркылуу ары-бери каттаган жүргүнчүлөр мындай кооздуктан улам жолго токтоп, сүрөткө, видеого түшүп, анан жолун улаган учурлар кадыресе көрүнүш
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Ашуу аркылуу ары-бери каттаган жүргүнчүлөр мындай кооздуктан улам жолго токтоп, сүрөткө, видеого түшүп, анан жолун улаган учурлар кадыресе көрүнүш

Белгилер:
туннель, Төө-Ашуу, Кыргызстан
Тема боюнча
Сулуу кыз менен "жетелешип" Кыргызстанды эки мүнөттө кыдырып чыккың келеби? Видео

Кыргызстан жөнөткөн акча 186 учакка жетмек. Улуу Жеңишти жакындаткан жардам

258
(жаңыланган 19:36 22.06.2021)
  • Ростов шаарынын батыш жагын коргоодо жоокер У.Омаров буктурмадан пулемет менен душманды аткылап жаткан учуру. 1941-жыл.
  • Кыргыздын тунгуч учкучу Абдували Курбаналиев. 

Командачылык капитан Курбаналиевди ден соолугуна байланыштуу фронтко жибербей койгон. 1941-жылы ал жетекчиликтин буйругу менен Фрунзе шаарында аскердик учкучтарды алгачкы даярдыктан өткөргөн №24 мектепти негиздейт. Бул мектептин базасында Одессадан көчүрүп келинген аскердик учкучтар училищеси ачылат. Курбаналиев кан майдан үчүн учкучтарды даярдайт. 1946-жылы өкмөт аны ушул эмгеги үчүн Кызыл Жылдыз ордени менен сыйлаган.
  • Фруне шаарындагы №2 орто мектебинин окуучулары кан майдандагы Кызыл армиянын жоокерлерине китеп жана ич кийим жөнөтүп жаткан учуру. 1941-жыл.

Согуш жүргөн төрт жыл ичинде кыргызстандык тикмечилер 13 миллион булгаары бут кийим жана 9 миллион токулган буюм тигишкен.
  • 8-гвардиялык аткычтар дивизиясын командачылык Аскердик Кызыл Туу ордени менен сыйлап жаткан учур. 1941-жыл, 18-ноябрь.

1941-жылы июнь-август айларында Кыргызстан менен Казакстанда генерал-майор Иван Панфиловдун жетекчилигинин астында 316-аткычтар дивизиясы түптөлгөн. 15-октябрдан баштап бул дивизия Москваны гитлерчилерден коргойт. Ушул салгылашта панфиловчулар өзгөчө эрдиги менен айырмаланышат. 17-ноябрда аскердик бирикмени командачылык Аскердик Кызыл Туу ордени сыйлайт. 18-ноябрда жогоруда айтылган кошуунга 8-гвардиялык аткычтар дивизиясы деген ардактуу наам берилет. Ошол эле күнү Иван Панфилов курман болот. 23-ноябрда анын ысымы дивизияга ыйгарылат.
  • №4178 госпиталынын кызматкерлери. Алардын чок ортосунда госпиталдын жетекчиси (аскер кийимчен) Э.Я.Лукоянова. Фрунзе шаары, 1943-жыл.

1941-жылы октябрдан баштап Россия менен Украинадан 22 госпиталь Кыргызстанга эвакуацияланып иштей баштаган. Төрт жылдын ичинде бул аскердик ооруканаларда 39 миң 902 жарадар менен оорукчан офицер жана аскер дарыланган.
  • Гитлерчилер талкалаган имараттын ичи. 1942-жыл. 

СССРдин фашисттик Германия жана анын өнөктөштөрү басып алган аймактарында 73 миллион калкы калган. Анын ичинен, тарыхый маалыматтар боюнча, 13 миллион 684 миң 692 советтик жаран баскынчылар тарабынан өлтүрүлгөн. Нюрнберг процессинин документтеринде көрсөтүлгөндөй, гитлерчилер фашисттик Германияга Советтер Союзунун беш миллионго жакын атуулун кулдукка алып кетишкен. Мындан сырткары, СССР бул согушта 357 миллиард АКШ доллар өлчөмүндө материалдык зыян тарткан.
  • Панфиловчулар душмандан олжологон жеңил автоунаанын жанында сүрөткө түшүүдө. 1941-жыл. 

Генерал-майор Иван Панфилов атындагы 8-гвардиялык аткычтар дивизиясы Москваны коргогон учурда фашисттик Германиянын төрт дивизиясын талкалаган. Панфиловчулар 9 миң гитлерчилер менен кошо алардын сексен танкын жок кылышкан.
  • Сузак районундагы Иосиф Сталин атындагы колхоздун комсомолдук уюмунун мүчөлөрү панфиловчуларга белек жөнөтүп жаткан маалы. Ош облусу. 1942-жыл.

Кыргызстандын эли 186 учакка жетчү каражат чогултушкан. Кыргыз ССРи кан майданга 195 вагон азык-түлүк жөнөткөн.
  • Ленинград фронтунда Кыргыз ССРинин делегациясы менен чогуу маркум генерал-майор Иван Панфиловдун жубайы Мария фашисттик бомба түшүрчү учакты атып түшүргөн аскер Заярковду куттуктап жаткан учуру. 1942-жыл.

Мария Ивановна жолдошу, атактуу генерал Панфиловдун каза болгонун угуп, шал оорусуна чалдыккан. Бирок ал ооруга моюн сунбай дартты жеңет. Улуу Ата Мекендик согуш учурунда Панфилова коомдук турмушка активдүү катышып, ал аяктагандан кийин Иван Васильевич жөнүндө китеп жазган.
  • Панфиловчулар парадда басып бара жаткан учур. 1943-жыл.

1942-жылы 16-мартта СССРдин Жогорку Советинин Президимиунун төрагасы Михаил Калининдин жарлыгы менен генерал-майор Иван Панфилов атындагы 8-гвардиялык аткычтар дивизиясы Ленин ордени менен сыйланган.
  • Пионерлердин кан майдандан келген жоокер менен жолугушуусу. Фрунзе шаары, 1942-жыл. 

Фашисттик Германия Кыргызстанга Кытайдын Синьцзянь аймагы менен Афганистан аркылуу тыңчыларын жиберип, тымызын басмачылык кыймылды жандандырууга умтулган. Тарых илимдеринин кандидаты Леонид Сумароковдун маалыматы боюнча, 1942-жылы Пржевальск менен Таш-Рабат чек ара комендатурасынын жоокерлери алтыдан ашык немис чалгынчыларын кармаган.
  • Моңгол Эл Республикасынын өкүлдөрү панфиловчуларга конокко келген маалы. 1942-жыл.

Улуу Ата Мекендик согуш учурунда Монголия СССРге 2,5 миллион рубль жана 300 килограмм алтын жөнөткөн. Моңгол эли Улуу Жеңиш үчүн алтындан жасалган диний эстеликтерин эриткен. Мындан сырткары, моңгол кыз-келиндери алтын иймектери менен шакектерин Советтер Союзуна жардам катары жиберген.
  • Автоматчандар взводунун командири И. М. Сагало кызыл аскерлери Асылбеков жана Чайка менен буктурмада жашынып жаткан учур. 1943-жыл.

1943-жылы Кызыл армия Сталинград шаарында жана Курск догосундагы салгылаштарда вермахтты талкалайт. Бул салгылашуулар Экинчи дүйнөлүк согуштун жүрүшүнө абдан зор таасирин тийгизген. Андан кийин фашисттик Германия чабуул койгонго чамасы жетпей коргонууга аргасыз болгон.
  • Жөө аскер училищесинде кан майдандан кайткан курсанттар Рузи Азимов (оң жакта) жана Акбар Толкомбаев сабак учурунда. Фрунзе шаары, 1945-жыл.

1944-жылы июнда 19 жашар кыргызстандык аскер Азимов Беларусту фашисттик баскынчылардан бошотууда өзгөчө каармандык көрсөткөнү үчүн Советтер Союзунун Баатыры наамы менен сыйланган. Ошол эле жылы 3-июлда Минск шаары бошотулган. Ал эми 29-августта Беларусь толугу менен гитлерчилерден бошотулган. 1996-жылдан баштап 3-июль Беларуста эгемендүлүк күнү катары расмий майрамдалат.
  • Франциядагы Русская память коомдук бирикменин төрагасы, теги казакстандык белгилүү тарыхчы Сергей Дыбов жана француз изилдөөчүлөрү Советтер Союзунун Баатыры Василий Пориктин эстелигинин жанында жүз жылдык мааракесин белгилөө боюнча иш-чаранын учурунда. Франция, Энен-Льетар шаары. 2020-жыл 17-февраль.

1944-жылы Түндүк Францияда жайгашкан фашисттик концлагерден Кызыл армиянын лейтенанты Василий Порик качып чыккан. Ал советтик жана чет элдик туткундар менен жергиликтүү тургундардан турган партизандык отряд уюштурган. Алардын арасында кыргызстандык аскерлер да бар эле.
  • Чүй районундагы Карл Маркс атындагы колхоздун үгүтчүсү Кыдаралиева сугат учурунда фронттогу абал тууралуу баракчага маалымат жазып жаткан маал. Фрунзе облусу. 1945-жыл.

Улуу Ата Мекендик согуш учурунда Кыргызстандан 200 миңге жакын качкын баш паанек тапкан. Алардын ичинде ак жеринен айыпталган түндүк кавказдыктар, крымдык татарлар жана этникалык немецтер да бар болчу.
  • Россиянын Кыргызстандагы элчиси Георгий Рудов Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине Москва шаарын коргоо үчүн медалын тапшыруу учурунда. Бишкек шаары. 1999-жыл.
Мындан 80 жыл мурун, 1941-жылы 22-июнда, СССРге фашисттик Германия өнөктөштөрү менен кол салып, Улуу Ата Мекендик согуш башталган.

СССРдеги Чехословакиянын Биринчи Армия Корпусунун Прагага кириши. 9-май, 1945-жыл
© Фото / из архива Государственного исторического музея
Совет эли эркиндиги үчүн күрөшкө жапа тырмак көтөрүлгөн. Гитлерчилер советтик жарандардан мындай каршылыкты күткөн эмес. Себеби буга чейин аларга кыска убакыттын ичинде Батыш жана Чыгыш Европанын бир катар мамлекеттери багынып берген. Мисалы, 1940-жылы Франция эки айга жетпей Гитлерге баш ийген.

Улуу Ата Мекендик согушка 300 миңден ашык кыргызстандык аттанган. Анын ичинен 160 миңден ашуун мекендешибиз фронттон кайтпай калды. Төрт жылга созулган согушта СССР 27 миллион жаранынан ажыраган. Фашисттик Германия менен анын өнөктөштөрү СССРдин миңдеген шаарларын, кыштактарын жана өнөр жайын талкалаган. Колумнист Алмаз Батилов архивдик сүрөттөрдүн негизинде Кыргызстан Улуу Жеңишке кандай салым кошкону тууралуу сүрөт баян даярдады.

258
  • Ростов шаарынын батыш жагын коргоодо жоокер У.Омаров буктурмадан пулемет менен душманды аткылап жаткан учуру. 1941-жыл.
    © Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КР

    Ростов шаарынын батыш жагын коргоодо жоокер У.Омаров буктурмадан пулемет менен душманды аткылап жаткан учуру. 1941-жыл.

  • Кыргыздын тунгуч учкучу Абдували Курбаналиев. 

Командачылык капитан Курбаналиевди ден соолугуна байланыштуу фронтко жибербей койгон. 1941-жылы ал жетекчиликтин буйругу менен Фрунзе шаарында аскердик учкучтарды алгачкы даярдыктан өткөргөн №24 мектепти негиздейт. Бул мектептин базасында Одессадан көчүрүп келинген аскердик учкучтар училищеси ачылат. Курбаналиев кан майдан үчүн учкучтарды даярдайт. 1946-жылы өкмөт аны ушул эмгеги үчүн Кызыл Жылдыз ордени менен сыйлаган.
    © Фото / из личного архива Рената Курбаналиева

    Кыргыздын тунгуч учкучу Абдували Курбаналиев.

    Командачылык капитан Курбаналиевди ден соолугуна байланыштуу фронтко жибербей койгон. 1941-жылы ал жетекчиликтин буйругу менен Фрунзе шаарында аскердик учкучтарды алгачкы даярдыктан өткөргөн №24 мектепти негиздейт. Бул мектептин базасында Одессадан көчүрүп келинген аскердик учкучтар училищеси ачылат. Курбаналиев кан майдан үчүн учкучтарды даярдайт. 1946-жылы өкмөт аны ушул эмгеги үчүн Кызыл Жылдыз ордени менен сыйлаган.

  • Фруне шаарындагы №2 орто мектебинин окуучулары кан майдандагы Кызыл армиянын жоокерлерине китеп жана ич кийим жөнөтүп жаткан учуру. 1941-жыл.

Согуш жүргөн төрт жыл ичинде кыргызстандык тикмечилер 13 миллион булгаары бут кийим жана 9 миллион токулган буюм тигишкен.
    © Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КР / Э. Вильчинский

    Фруне шаарындагы №2 орто мектебинин окуучулары кан майдандагы Кызыл армиянын жоокерлерине китеп жана ич кийим жөнөтүп жаткан учуру. 1941-жыл.

    Согуш жүргөн төрт жыл ичинде кыргызстандык тикмечилер 13 миллион булгаары бут кийим жана 9 миллион токулган буюм тигишкен.

  • 8-гвардиялык аткычтар дивизиясын командачылык Аскердик Кызыл Туу ордени менен сыйлап жаткан учур. 1941-жыл, 18-ноябрь.

1941-жылы июнь-август айларында Кыргызстан менен Казакстанда генерал-майор Иван Панфиловдун жетекчилигинин астында 316-аткычтар дивизиясы түптөлгөн. 15-октябрдан баштап бул дивизия Москваны гитлерчилерден коргойт. Ушул салгылашта панфиловчулар өзгөчө эрдиги менен айырмаланышат. 17-ноябрда аскердик бирикмени командачылык Аскердик Кызыл Туу ордени сыйлайт. 18-ноябрда жогоруда айтылган кошуунга 8-гвардиялык аткычтар дивизиясы деген ардактуу наам берилет. Ошол эле күнү Иван Панфилов курман болот. 23-ноябрда анын ысымы дивизияга ыйгарылат.
    © Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КР

    8-гвардиялык аткычтар дивизиясын командачылык Аскердик Кызыл Туу ордени менен сыйлап жаткан учур. 1941-жыл, 18-ноябрь.

    1941-жылы июнь-август айларында Кыргызстан менен Казакстанда генерал-майор Иван Панфиловдун жетекчилигинин астында 316-аткычтар дивизиясы түптөлгөн. 15-октябрдан баштап бул дивизия Москваны гитлерчилерден коргойт. Ушул салгылашта панфиловчулар өзгөчө эрдиги менен айырмаланышат. 17-ноябрда аскердик бирикмени командачылык Аскердик Кызыл Туу ордени сыйлайт. 18-ноябрда жогоруда айтылган кошуунга 8-гвардиялык аткычтар дивизиясы деген ардактуу наам берилет. Ошол эле күнү Иван Панфилов курман болот. 23-ноябрда анын ысымы дивизияга ыйгарылат.

  • №4178 госпиталынын кызматкерлери. Алардын чок ортосунда госпиталдын жетекчиси (аскер кийимчен) Э.Я.Лукоянова. Фрунзе шаары, 1943-жыл.

1941-жылы октябрдан баштап Россия менен Украинадан 22 госпиталь Кыргызстанга эвакуацияланып иштей баштаган. Төрт жылдын ичинде бул аскердик ооруканаларда 39 миң 902 жарадар менен оорукчан офицер жана аскер дарыланган.
    © Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КР

    №4178 госпиталынын кызматкерлери. Алардын чок ортосунда госпиталдын жетекчиси (аскер кийимчен) Э.Я.Лукоянова. Фрунзе шаары, 1943-жыл.

    1941-жылы октябрдан баштап Россия менен Украинадан 22 госпиталь Кыргызстанга эвакуацияланып иштей баштаган. Төрт жылдын ичинде бул аскердик ооруканаларда 39 миң 902 жарадар менен оорукчан офицер жана аскер дарыланган.

  • Гитлерчилер талкалаган имараттын ичи. 1942-жыл. 

СССРдин фашисттик Германия жана анын өнөктөштөрү басып алган аймактарында 73 миллион калкы калган. Анын ичинен, тарыхый маалыматтар боюнча, 13 миллион 684 миң 692 советтик жаран баскынчылар тарабынан өлтүрүлгөн. Нюрнберг процессинин документтеринде көрсөтүлгөндөй, гитлерчилер фашисттик Германияга Советтер Союзунун беш миллионго жакын атуулун кулдукка алып кетишкен. Мындан сырткары, СССР бул согушта 357 миллиард АКШ доллар өлчөмүндө материалдык зыян тарткан.
    © Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КР / Моклецкий, Кинеловский

    Гитлерчилер талкалаган имараттын ичи. 1942-жыл.

    СССРдин фашисттик Германия жана анын өнөктөштөрү басып алган аймактарында 73 миллион калкы калган. Анын ичинен, тарыхый маалыматтар боюнча, 13 миллион 684 миң 692 советтик жаран баскынчылар тарабынан өлтүрүлгөн. Нюрнберг процессинин документтеринде көрсөтүлгөндөй, гитлерчилер фашисттик Германияга Советтер Союзунун беш миллионго жакын атуулун кулдукка алып кетишкен. Мындан сырткары, СССР бул согушта 357 миллиард АКШ доллар өлчөмүндө материалдык зыян тарткан.

  • Панфиловчулар душмандан олжологон жеңил автоунаанын жанында сүрөткө түшүүдө. 1941-жыл. 

Генерал-майор Иван Панфилов атындагы 8-гвардиялык аткычтар дивизиясы Москваны коргогон учурда фашисттик Германиянын төрт дивизиясын талкалаган. Панфиловчулар 9 миң гитлерчилер менен кошо алардын сексен танкын жок кылышкан.
    © Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КР

    Панфиловчулар душмандан олжологон жеңил автоунаанын жанында сүрөткө түшүүдө. 1941-жыл.

    Генерал-майор Иван Панфилов атындагы 8-гвардиялык аткычтар дивизиясы Москваны коргогон учурда фашисттик Германиянын төрт дивизиясын талкалаган. Панфиловчулар 9 миң гитлерчилер менен кошо алардын сексен танкын жок кылышкан.

  • Сузак районундагы Иосиф Сталин атындагы колхоздун комсомолдук уюмунун мүчөлөрү панфиловчуларга белек жөнөтүп жаткан маалы. Ош облусу. 1942-жыл.

Кыргызстандын эли 186 учакка жетчү каражат чогултушкан. Кыргыз ССРи кан майданга 195 вагон азык-түлүк жөнөткөн.
    © Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КР

    Сузак районундагы Иосиф Сталин атындагы колхоздун комсомолдук уюмунун мүчөлөрү панфиловчуларга белек жөнөтүп жаткан маалы. Ош облусу. 1942-жыл.

    Кыргызстандын эли 186 учакка жетчү каражат чогултушкан. Кыргыз ССРи кан майданга 195 вагон азык-түлүк жөнөткөн.

  • Ленинград фронтунда Кыргыз ССРинин делегациясы менен чогуу маркум генерал-майор Иван Панфиловдун жубайы Мария фашисттик бомба түшүрчү учакты атып түшүргөн аскер Заярковду куттуктап жаткан учуру. 1942-жыл.

Мария Ивановна жолдошу, атактуу генерал Панфиловдун каза болгонун угуп, шал оорусуна чалдыккан. Бирок ал ооруга моюн сунбай дартты жеңет. Улуу Ата Мекендик согуш учурунда Панфилова коомдук турмушка активдүү катышып, ал аяктагандан кийин Иван Васильевич жөнүндө китеп жазган.
    © Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КР

    Ленинград фронтунда Кыргыз ССРинин делегациясы менен чогуу маркум генерал-майор Иван Панфиловдун жубайы Мария фашисттик бомба түшүрчү учакты атып түшүргөн аскер Заярковду куттуктап жаткан учуру. 1942-жыл.

    Мария Ивановна жолдошу, атактуу генерал Панфиловдун каза болгонун угуп, шал оорусуна чалдыккан. Бирок ал ооруга моюн сунбай дартты жеңет. Улуу Ата Мекендик согуш учурунда Панфилова коомдук турмушка активдүү катышып, ал аяктагандан кийин Иван Васильевич жөнүндө китеп жазган.

  • Панфиловчулар парадда басып бара жаткан учур. 1943-жыл.

1942-жылы 16-мартта СССРдин Жогорку Советинин Президимиунун төрагасы Михаил Калининдин жарлыгы менен генерал-майор Иван Панфилов атындагы 8-гвардиялык аткычтар дивизиясы Ленин ордени менен сыйланган.
    © Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КР

    Панфиловчулар парадда басып бара жаткан учур. 1943-жыл.

    1942-жылы 16-мартта СССРдин Жогорку Советинин Президимиунун төрагасы Михаил Калининдин жарлыгы менен генерал-майор Иван Панфилов атындагы 8-гвардиялык аткычтар дивизиясы Ленин ордени менен сыйланган.

  • Пионерлердин кан майдандан келген жоокер менен жолугушуусу. Фрунзе шаары, 1942-жыл. 

Фашисттик Германия Кыргызстанга Кытайдын Синьцзянь аймагы менен Афганистан аркылуу тыңчыларын жиберип, тымызын басмачылык кыймылды жандандырууга умтулган. Тарых илимдеринин кандидаты Леонид Сумароковдун маалыматы боюнча, 1942-жылы Пржевальск менен Таш-Рабат чек ара комендатурасынын жоокерлери алтыдан ашык немис чалгынчыларын кармаган.
    © Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КР / Харченко

    Пионерлердин кан майдандан келген жоокер менен жолугушуусу. Фрунзе шаары, 1942-жыл.

    Фашисттик Германия Кыргызстанга Кытайдын Синьцзянь аймагы менен Афганистан аркылуу тыңчыларын жиберип, тымызын басмачылык кыймылды жандандырууга умтулган. Тарых илимдеринин кандидаты Леонид Сумароковдун маалыматы боюнча, 1942-жылы Пржевальск менен Таш-Рабат чек ара комендатурасынын жоокерлери алтыдан ашык немис чалгынчыларын кармаган.

  • Моңгол Эл Республикасынын өкүлдөрү панфиловчуларга конокко келген маалы. 1942-жыл.

Улуу Ата Мекендик согуш учурунда Монголия СССРге 2,5 миллион рубль жана 300 килограмм алтын жөнөткөн. Моңгол эли Улуу Жеңиш үчүн алтындан жасалган диний эстеликтерин эриткен. Мындан сырткары, моңгол кыз-келиндери алтын иймектери менен шакектерин Советтер Союзуна жардам катары жиберген.
    © Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КР

    Моңгол Эл Республикасынын өкүлдөрү панфиловчуларга конокко келген маалы. 1942-жыл.

    Улуу Ата Мекендик согуш учурунда Монголия СССРге 2,5 миллион рубль жана 300 килограмм алтын жөнөткөн. Моңгол эли Улуу Жеңиш үчүн алтындан жасалган диний эстеликтерин эриткен. Мындан сырткары, моңгол кыз-келиндери алтын иймектери менен шакектерин Советтер Союзуна жардам катары жиберген.

  • Автоматчандар взводунун командири И. М. Сагало кызыл аскерлери Асылбеков жана Чайка менен буктурмада жашынып жаткан учур. 1943-жыл.

1943-жылы Кызыл армия Сталинград шаарында жана Курск догосундагы салгылаштарда вермахтты талкалайт. Бул салгылашуулар Экинчи дүйнөлүк согуштун жүрүшүнө абдан зор таасирин тийгизген. Андан кийин фашисттик Германия чабуул койгонго чамасы жетпей коргонууга аргасыз болгон.
    © Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КР

    Автоматчандар взводунун командири И. М. Сагало кызыл аскерлери Асылбеков жана Чайка менен буктурмада жашынып жаткан учур. 1943-жыл.

    1943-жылы Кызыл армия Сталинград шаарында жана Курск догосундагы салгылаштарда вермахтты талкалайт. Бул салгылашуулар Экинчи дүйнөлүк согуштун жүрүшүнө абдан зор таасирин тийгизген. Андан кийин фашисттик Германия чабуул койгонго чамасы жетпей коргонууга аргасыз болгон.

  • Жөө аскер училищесинде кан майдандан кайткан курсанттар Рузи Азимов (оң жакта) жана Акбар Толкомбаев сабак учурунда. Фрунзе шаары, 1945-жыл.

1944-жылы июнда 19 жашар кыргызстандык аскер Азимов Беларусту фашисттик баскынчылардан бошотууда өзгөчө каармандык көрсөткөнү үчүн Советтер Союзунун Баатыры наамы менен сыйланган. Ошол эле жылы 3-июлда Минск шаары бошотулган. Ал эми 29-августта Беларусь толугу менен гитлерчилерден бошотулган. 1996-жылдан баштап 3-июль Беларуста эгемендүлүк күнү катары расмий майрамдалат.
    © Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КР / Ревякин

    Жөө аскер училищесинде кан майдандан кайткан курсанттар Рузи Азимов (оң жакта) жана Акбар Толкомбаев сабак учурунда. Фрунзе шаары, 1945-жыл.

    1944-жылы июнда 19 жашар кыргызстандык аскер Азимов Беларусту фашисттик баскынчылардан бошотууда өзгөчө каармандык көрсөткөнү үчүн Советтер Союзунун Баатыры наамы менен сыйланган. Ошол эле жылы 3-июлда Минск шаары бошотулган. Ал эми 29-августта Беларусь толугу менен гитлерчилерден бошотулган. 1996-жылдан баштап 3-июль Беларуста эгемендүлүк күнү катары расмий майрамдалат.

  • Франциядагы Русская память коомдук бирикменин төрагасы, теги казакстандык белгилүү тарыхчы Сергей Дыбов жана француз изилдөөчүлөрү Советтер Союзунун Баатыры Василий Пориктин эстелигинин жанында жүз жылдык мааракесин белгилөө боюнча иш-чаранын учурунда. Франция, Энен-Льетар шаары. 2020-жыл 17-февраль.

1944-жылы Түндүк Францияда жайгашкан фашисттик концлагерден Кызыл армиянын лейтенанты Василий Порик качып чыккан. Ал советтик жана чет элдик туткундар менен жергиликтүү тургундардан турган партизандык отряд уюштурган. Алардын арасында кыргызстандык аскерлер да бар эле.
    © Фото / из личного архива Сергея Дыбова

    Франциядагы "Русская память" коомдук бирикменин төрагасы, теги казакстандык белгилүү тарыхчы Сергей Дыбов жана француз изилдөөчүлөрү Советтер Союзунун Баатыры Василий Пориктин эстелигинин жанында жүз жылдык мааракесин белгилөө боюнча иш-чаранын учурунда. Франция, Энен-Льетар шаары. 2020-жыл 17-февраль.

    1944-жылы Түндүк Францияда жайгашкан фашисттик концлагерден Кызыл армиянын лейтенанты Василий Порик качып чыккан. Ал советтик жана чет элдик туткундар менен жергиликтүү тургундардан турган партизандык отряд уюштурган. Алардын арасында кыргызстандык аскерлер да бар эле.

  • Чүй районундагы Карл Маркс атындагы колхоздун үгүтчүсү Кыдаралиева сугат учурунда фронттогу абал тууралуу баракчага маалымат жазып жаткан маал. Фрунзе облусу. 1945-жыл.

Улуу Ата Мекендик согуш учурунда Кыргызстандан 200 миңге жакын качкын баш паанек тапкан. Алардын ичинде ак жеринен айыпталган түндүк кавказдыктар, крымдык татарлар жана этникалык немецтер да бар болчу.
    © Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КР

    Чүй районундагы Карл Маркс атындагы колхоздун үгүтчүсү Кыдаралиева сугат учурунда фронттогу абал тууралуу баракчага маалымат жазып жаткан маал. Фрунзе облусу. 1945-жыл.

    Улуу Ата Мекендик согуш учурунда Кыргызстандан 200 миңге жакын качкын баш паанек тапкан. Алардын ичинде ак жеринен айыпталган түндүк кавказдыктар, крымдык татарлар жана этникалык немецтер да бар болчу.

  • Россиянын Кыргызстандагы элчиси Георгий Рудов Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине Москва шаарын коргоо үчүн медалын тапшыруу учурунда. Бишкек шаары. 1999-жыл.
    © Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КР

    Россиянын Кыргызстандагы элчиси Георгий Рудов Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине "Москва шаарын коргоо үчүн" медалын тапшыруу учурунда. Бишкек шаары. 1999-жыл.

Белгилер:
концлагерь, туткун, Аскер, жоокер, Кыргызстан, СССР, Улуу Ата Мекендик согуш
Тема боюнча
Согушту чек арадан тосуп алдык... Академик Розалия Дженчураеванын маеги
Уулунун ордуна заводдо слесарь болгон эне. Согуштун азабын тарткан Кыргызстан
Мамлекеттик каттоо кызматынын имараты. Архив

Каттоо кызматынын функциясы Санариптик өнүктүрүү министрлигине өттү

0
(жаңыланган 17:44 23.06.2021)
Санариптик өнүктүрүү министрлиги Улукбек Марипов башында турган министрлер кабинетинин курамында жаңы түзүлгөн.

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Мамлекеттик каттоо кызматынын функцияларын эми Санариптик өнүктүрүү министрлиги аткарат. Бул тууралуу Юстиция министрлиги кабарлады.

Маалыматта министрлер кабинетинин 2021-жылдын 1-июнундагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маселелери жөнүндө" токтому менен Санариптик өнүктүрүү министрлиги түзүлгөнү белгиленди.

Эми Юстиция министрлигинин карамагында болуп келген Архив агенттиги, Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти, "Унаа" мамлекеттик мекемеси, "Инфоком" мамлекеттик ишканасы дагы Санариптик өнүктүрүү министрлигине өткөрүлүп берилди.

Ушуга байланыштуу архив иши, калкты, автотранспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин, атайын технологиялык машиналарды, айдоочулук курамды, жарандык абалдын актыларын каттоо багытындагы бардык маселелер боюнча Санариптик өнүктүрүү министрлигине кайрылуу керектиги айтылды.

0
Белгилер:
Санариптик өнүктүрүү министрлиги, Юстиция министрлиги, Мамлекеттик каттоо кызматы
Тема боюнча
Иран жана Австриядагы элчилер кызматтан кетип, жаңылары дайындалды