Сестенткен илбирс, сүлөөсүн, суур. Чоң-Кеминде фотокапканга түшкөн жаныбарлар

1140
  • Ак кар баскан бийик тоону байырлаган тоо теке
  • Адистер фотокапкандын жардамы менен жаныбарлар тууралуу маалыматтарды чогултат
  • Күн жылып, жерге көк чыгып, кокту аралаган суур
  • Жоголуп бара жатат деген сүлөөсүн
  • Ээрчишип оттогон уларлар
  • Жазда туулган улак кар алдынан чөп издеп жүргөн учуру
  • Түнкүсүн дагы жаны тынбаган түлкүнүн фотокапканга түшүп калган сүрөтү
  • Тоо эчки жана жарда ойногон улактары
  • Уясынан элеңдеп чыккан арс чычкан
  • Ак кар, көк музда, бийик тоодо жашаган текечер
  • Аркар-кулжа, тоо эчки жана тоо текелер ак илбирстин негизги азыгы болуп саналат
  • Долбоор ак илбирстерди илимий жактан изилдөөгө багытталган
Сейрек кездешкен жапайы жаныбарлардын сүрөтү Чүй облусунун Чоң-Кемин өрөөнүндө бир нече айда тартылып алынган. Sputnik Кыргызстан агенттиги алардын айрымдарын сунуштайт.

Өткөн жылдын октябрь айында Бириккен Улуттар Уюмунун Айлана-чөйрө боюнча программасы, "Илбирс" коомдук фонду, Snow Leopard Foundation in Kyrgyzstan уюму ак илбирстерди изилдөө багытында фотокапкандарды орноткон. Кайра 2021-жылдын май айында чечилген аппараттарга улар, сүлөөсүн, илбирс, тоо эчки, суур, түлкү түшүп калган.

Жаратылышты коргоого багытталган иш-чарага Экология жана климат мамлекеттик комитети, Global Snow Leopard & Ecosystem Protection Program эл аралык уюму да катышкан. Адистер ал сүрөттөрдүн негизинде ак илбирстин болжолдуу санын, байырлаган аймагын, азыгын жана климаттын жандыктарга тийгизген таасирин аныктай алышат. Андан сырткары, ал маалыматтар менен мыйзамсыз аңчылыкка каршы күрөшүүгө да болот.

Эске сала кетсек, Кыргызстанда Кызыл китепке кирген жаныбар менен өсүмдүктөрдүн 209 түрү бар.

1140
  • Ак кар баскан бийик тоону байырлаган тоо теке
    © Фото / Ilbirs Foundation/UNEP

    Ак кар баскан бийик тоону байырлаган тоо теке

  • Адистер фотокапкандын жардамы менен жаныбарлар тууралуу маалыматтарды чогултат
    © Фото / Ilbirs Foundation/ UNEP

    Адистер фотокапкандын жардамы менен жаныбарлар тууралуу маалыматтарды чогултат

  • Күн жылып, жерге көк чыгып, кокту аралаган суур
    © Фото / Ilbirs Foundation/ UNEP

    Күн жылып, жерге көк чыгып, кокту аралаган суур

  • Жоголуп бара жатат деген сүлөөсүн
    © Фото / Ilbirs Foundation/ UNEP

    Жоголуп бара жатат деген сүлөөсүн

  • Ээрчишип оттогон уларлар
    © Фото / Ilbirs Foundation/ UNEP

    Ээрчишип оттогон уларлар

  • Жазда туулган улак кар алдынан чөп издеп жүргөн учуру
    © Фото / Ilbirs Foundation/ UNEP

    Жазда туулган улак кар алдынан чөп издеп жүргөн учуру

  • Түнкүсүн дагы жаны тынбаган түлкүнүн фотокапканга түшүп калган сүрөтү
    © Фото / Ilbirs Foundation/ UNEP

    Түнкүсүн дагы жаны тынбаган түлкүнүн фотокапканга түшүп калган сүрөтү

  • Тоо эчки жана жарда ойногон улактары
    © Фото / Ilbirs Foundation/ UNEP

    Тоо эчки жана жарда ойногон улактары

  • Уясынан элеңдеп чыккан арс чычкан
    © Фото / Ilbirs Foundation/ UNEP

    Уясынан элеңдеп чыккан арс чычкан

  • Ак кар, көк музда, бийик тоодо жашаган текечер
    © Фото / Ilbirs Foundation/ UNEP

    Ак кар, көк музда, бийик тоодо жашаган текечер

  • Аркар-кулжа, тоо эчки жана тоо текелер ак илбирстин негизги азыгы болуп саналат
    © Фото / Ilbirs Foundation/ UNEP

    Аркар-кулжа, тоо эчки жана тоо текелер ак илбирстин негизги азыгы болуп саналат

  • Долбоор ак илбирстерди илимий жактан изилдөөгө багытталган
    © Фото / Ilbirs Foundation/ UNEP

    Долбоор ак илбирстерди илимий жактан изилдөөгө багытталган

Белгилер:
Кыргызстан, жапайы жаныбарлар, экология, сүрөт
Тема боюнча
Карга үчүн аппак, кирпи үчүн жумшак... Жаныбарлардын балдары тартылган 15 сүрөт

Апта ирмеми: суу менен өрт каптаган өлкөлөр, сулуулук сынагында суйкайган кыздар

158
(жаңыланган 18:34 02.08.2021)
  • Өткөн аптада Анталиянын тегерек-четиндеги токойлордо өрт чыгып, туристтик аймактын жетекчилигин бир топ оор абалга кетпеди.
  • Кыргызстандык оор отлетчи Бекдөөлөт Расулбеков Олимпиада оюндарында алтынчы орунду камсыздады
  • АКШ Ак үйүнүн алдындагы митингдин катышуучусу
  • Коронавируска анализ тапшырып жаткан аял. Коломбо (Шри-Ланка)
  • Улуу Британиянын мураскер ханзаадасы Чарльз менен премьер-министр Борис Жонсон Стаффордширде каза болгон полиция кызматкерлеринин элесине арналган мемориалдын ачылышында
  • Чикагодогу Lollapalooza фестивалында
  • Балык уулаган киши. Индия
  • Кытайдын Синьсян айтамагында нөшөрлөгөн жаан жаап, 73 киши каза болду
  • Miss Maxim 2021 сынагынын катышуучулары. Москва шаары
  • Президент Садыр Жапаров мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында ишке ашкан Кыргызалтын ювелирпром ишканасынын ачылышында болду
  • Индияда эмделүүгө кезек күткөндөр
  • Франция президенти Эммануэль Макрондун Полинезияга жасаган сапарынан бир көрүнүш
  • “Манас” аэропортуна келип түшкөн AstraZeneca вакцинасынын биринчи партиясы
  • Калифорнияда (АКШ) токойлор өрттөндү
  • Кыргызстандык Айпери Медет кызы Токиодогу Олимпиада оюндарынын жарым финалында дүйнөнүн беш жолку чеимпиону Аделина Грей менен беттешти. Тилекке каршы, 2:3 эсеби менен жеңилип калды
  • Бразилиянын Сан-Жоакин муниципалитетиндеги тоңгон бактар. Өлкөнүн көпчүлүк штаттарында рекорддук көрсөткүчкө жеткен суук болду
Sputnik Кыргызстан өткөн аптада болгон дүйнөдөгү эң кызыктуу окуялардын сүрөт түрмөгүн сунуш кылат.

Өткөн аптада Антальянын тегерек-четиндеги токойлордо өрт чыгып, туристтик аймактын жетекчилигин бир топ оор абалга кетпеди. Сегиз адам каза болуп, 864 киши жабыркады.

Кыргызстандык оор отлетчи Бекдөөлөт Расулбеков Олимпиада оюндарында алтынчы орунду камсыздады.

Кытайдын Синьсян аймагында нөшөрлөгөн жаан жаап, 73 киши каза болду.

Президент Садыр Жапаров мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында ишке ашкан "Кыргыз алтын ювелирпром" ишканасынын ачылышында болду.

 

158
  • Өткөн аптада Анталиянын тегерек-четиндеги токойлордо өрт чыгып, туристтик аймактын жетекчилигин бир топ оор абалга кетпеди.
    © AFP 2021 / ILYAS AKENGIN

    Өткөн аптада Анталиянын тегерек-четиндеги токойлордо өрт чыгып, туристтик аймактын жетекчилигин бир топ оор абалга кетпеди.

  • Кыргызстандык оор отлетчи Бекдөөлөт Расулбеков Олимпиада оюндарында алтынчы орунду камсыздады
    © REUTERS / EDGARD GARRIDO

    Кыргызстандык оор отлетчи Бекдөөлөт Расулбеков Олимпиада оюндарында алтынчы орунду камсыздады

  • АКШ Ак үйүнүн алдындагы митингдин катышуучусу
    © AFP 2021 / ANDREW CABALLERO-REYNOLDS

    АКШ Ак үйүнүн алдындагы митингдин катышуучусу

  • Коронавируска анализ тапшырып жаткан аял. Коломбо (Шри-Ланка)
    © AFP 2021 / ISHARA S. KODIKARA

    Коронавируска анализ тапшырып жаткан аял. Коломбо (Шри-Ланка)

  • Улуу Британиянын мураскер ханзаадасы Чарльз менен премьер-министр Борис Жонсон Стаффордширде каза болгон полиция кызматкерлеринин элесине арналган мемориалдын ачылышында
    © REUTERS / POOL

    Улуу Британиянын мураскер ханзаадасы Чарльз менен премьер-министр Борис Жонсон Стаффордширде каза болгон полиция кызматкерлеринин элесине арналган мемориалдын ачылышында

  • Чикагодогу Lollapalooza фестивалында
    © AP Photo / Shafkat Anowar

    Чикагодогу Lollapalooza фестивалында

  • Балык уулаган киши. Индия
    © AP Photo / Dar Yasin

    Балык уулаган киши. Индия

  • Кытайдын Синьсян айтамагында нөшөрлөгөн жаан жаап, 73 киши каза болду
    © AP Photo / Dake Kang

    Кытайдын Синьсян айтамагында нөшөрлөгөн жаан жаап, 73 киши каза болду

  • Miss Maxim 2021 сынагынын катышуучулары. Москва шаары
    © Sputnik / Евгений Одиноков

    Miss Maxim 2021 сынагынын катышуучулары. Москва шаары

  • Президент Садыр Жапаров мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында ишке ашкан Кыргызалтын ювелирпром ишканасынын ачылышында болду
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

    Президент Садыр Жапаров мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында ишке ашкан "Кыргызалтын ювелирпром" ишканасынын ачылышында болду

  • Индияда эмделүүгө кезек күткөндөр
    © AP Photo / Mahesh Kumar A

    Индияда эмделүүгө кезек күткөндөр

  • Франция президенти Эммануэль Макрондун Полинезияга жасаган сапарынан бир көрүнүш
    © AP Photo / Esther Cuneo

    Франция президенти Эммануэль Макрондун Полинезияга жасаган сапарынан бир көрүнүш

  • “Манас” аэропортуна келип түшкөн AstraZeneca вакцинасынын биринчи партиясы
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    “Манас” аэропортуна келип түшкөн AstraZeneca вакцинасынын биринчи партиясы

  • Калифорнияда (АКШ) токойлор өрттөндү
    © AP Photo / Noah Berger

    Калифорнияда (АКШ) токойлор өрттөндү

  • Кыргызстандык Айпери Медет кызы Токиодогу Олимпиада оюндарынын жарым финалында дүйнөнүн беш жолку чеимпиону Аделина Грей менен беттешти. Тилекке каршы, 2:3 эсеби менен жеңилип калды
    © AFP 2021 / JACK GUEZ

    Кыргызстандык Айпери Медет кызы Токиодогу Олимпиада оюндарынын жарым финалында дүйнөнүн беш жолку чеимпиону Аделина Грей менен беттешти. Тилекке каршы, 2:3 эсеби менен жеңилип калды

  • Бразилиянын Сан-Жоакин муниципалитетиндеги тоңгон бактар. Өлкөнүн көпчүлүк штаттарында рекорддук көрсөткүчкө жеткен суук болду
    © AP Photo / Mycchel Legnaghi

    Бразилиянын Сан-Жоакин муниципалитетиндеги тоңгон бактар. Өлкөнүн көпчүлүк штаттарында рекорддук көрсөткүчкө жеткен суук болду

Белгилер:
Кыргызстан, дүйнө, олимпиада, кырсык, спорт, сүрөт
Тема боюнча
Чекчейип, кемшейип, чочуп... Токио Олимпиадасындагы атлеттердин эмоциясы

Чекчейип, кемшейип, чочуп... Токио Олимпиадасындагы атлеттердин эмоциясы

314
  • Венгриялык суучул Кристоф Милак баттерфляй ыкмасы менен 200 метр аралыкка сүзүп Олимпиада чемпиону болгон. Ал медаль алуу аземинде колундагы гүлүн бир башкача караганы менен эсте калды
  • Португалиянын дарбазачысы Густаво Капдевиль менен Швециянын оюнчусу Лукас Пеллас гандбол мелдешинде топ талашып жаткан кез
  • Сунулган колдор... Волейбол турнириндеги эң жоопкерчиликтүү учурда польшалык үч спортчу тең топту уруп өткөрүүгө аракет кылууда
  • Кайыкта жарышкан британиялык спортчу Брэдли Форбс-Крайанс оң тарабынан коркуткандай караганы тартылып калган
  • Кайрадан венгриялык суучул Милак. Фотографтар анын эле аркасынан жүргөндөй
  • Адатта интернет колдонуучулары бийиктен секирген же катуу ылдамдыкта чуркап бараткан спортчулардын бетинен мемдерди ойлоп табышат. Бул сүрөттөр да жаңы мемдерди пайда кылса керек
  • Фотограф Венгриянын гандболисти Жужанна Томоринин мурдуна атаандашынын буту тийип кеткен учурду тартып алган. Спортчу жабыркаган эмес
  • Үч башка эмоция менен түшкөн Италиянын суучулдары
  • Даниялык гандболчу Лассе Андерссон оюн учурунда бутунан жаракат алган. Ал оюнду ушинтип кабагын салып, жатып алып көргөн
  • Россиялык суучул Евгения Рылованын мышыктын тумшугу түшүрүлгөн бет кабы да кызыгууну жаратты
  • Дагы бир италиялык суучул Томас Чеккон. Ал сүзүп баратып дем алууга үлгүрүп жатканын байкоого болот
  • Секирсе өрүлгөн эки чачы эки жакка кеткен спортчу кыз
  • Суу үстүндөгү күрөш. Сербиялык ватерполчу Дусан Мандич казакстандык Мурат Шакеновдон топ талашууда.
  • Россиялык волейболчу Светлана Холомина бир командадагы Надежда Макрогузованы алкоо иретинде жамбашка чапкан
  • Корей спортчу Ли Сан Сунун көз жагынан теннистин тобу өтүп бараткан учурду фотограф кармап калган. Бир караган киши көзүнө эмне болгон деши мүмкүн.
  • Япониялык софтболчу Ю Ямамото топту кармап баратып спорттук аянтчадан ары ашып кеткен
Токиодо Олимпиада оюндары уланууда. Дүйнө эли күтүп, толкунданып, байкоо салып турган ири спорттук иш-чарада күлкүлүү жана кызыктуу учурлар болбой койбойт.

Токиодогу мелдешти ондогон мамлекеттен барган оператор жана фотографтар чагылдырууда. Коронавируска байланыштуу күйөрмандардын аздыгынан да ЖМКнын көңүлү спортчуларга көп бурулуп жатканы анык.

Сүрөт түрмөктөн атлеттердин машыгууда жана мелдеш маалында ой-толгоолору жана эмоцияларын, ошондой эле күлкүлүү жана кызыктуу учурлардагы кебетелерин көрүүгө болот.

314
  • Венгриялык суучул Кристоф Милак баттерфляй ыкмасы менен 200 метр аралыкка сүзүп Олимпиада чемпиону болгон. Ал медаль алуу аземинде колундагы гүлүн бир башкача караганы менен эсте калды
    © REUTERS / Aleksandra Szmigiel

    Венгриялык суучул Кристоф Милак баттерфляй ыкмасы менен 200 метр аралыкка сүзүп Олимпиада чемпиону болгон. Ал медаль алуу аземинде колундагы гүлүн бир башкача караганы менен эсте калды

  • Португалиянын дарбазачысы Густаво Капдевиль менен Швециянын оюнчусу Лукас Пеллас гандбол мелдешинде топ талашып жаткан кез
    © AFP 2021 / Martin Bernetti

    Португалиянын дарбазачысы Густаво Капдевиль менен Швециянын оюнчусу Лукас Пеллас гандбол мелдешинде топ талашып жаткан кез

  • Сунулган колдор... Волейбол турнириндеги эң жоопкерчиликтүү учурда польшалык үч спортчу тең топту уруп өткөрүүгө аракет кылууда
    © AFP 2021 / Angela Weiss

    Сунулган колдор... Волейбол турнириндеги эң жоопкерчиликтүү учурда польшалык үч спортчу тең топту уруп өткөрүүгө аракет кылууда

  • Кайыкта жарышкан британиялык спортчу Брэдли Форбс-Крайанс оң тарабынан коркуткандай караганы тартылып калган
    © AP Photo / Kirsty Wigglesworth

    Кайыкта жарышкан британиялык спортчу Брэдли Форбс-Крайанс оң тарабынан коркуткандай караганы тартылып калган

  • Кайрадан венгриялык суучул Милак. Фотографтар анын эле аркасынан жүргөндөй
    © REUTERS / Marko Djurica

    Кайрадан венгриялык суучул Милак. Фотографтар анын эле аркасынан жүргөндөй

  • Адатта интернет колдонуучулары бийиктен секирген же катуу ылдамдыкта чуркап бараткан спортчулардын бетинен мемдерди ойлоп табышат. Бул сүрөттөр да жаңы мемдерди пайда кылса керек
    © AP Photo / Matthias Schrader

    Адатта интернет колдонуучулары бийиктен секирген же катуу ылдамдыкта чуркап бараткан спортчулардын бетинен мемдерди ойлоп табышат. Бул сүрөттөр да жаңы мемдерди пайда кылса керек

  • Фотограф Венгриянын гандболисти Жужанна Томоринин мурдуна атаандашынын буту тийип кеткен учурду тартып алган. Спортчу жабыркаган эмес
    © REUTERS / Gonzalo Fuentes

    Фотограф Венгриянын гандболисти Жужанна Томоринин мурдуна атаандашынын буту тийип кеткен учурду тартып алган. Спортчу жабыркаган эмес

  • Үч башка эмоция менен түшкөн Италиянын суучулдары
    © REUTERS / Kacper Pempel

    Үч башка эмоция менен түшкөн Италиянын суучулдары

  • Даниялык гандболчу Лассе Андерссон оюн учурунда бутунан жаракат алган. Ал оюнду ушинтип кабагын салып, жатып алып көргөн
    © AP Photo / Pavel Golovkin

    Даниялык гандболчу Лассе Андерссон оюн учурунда бутунан жаракат алган. Ал оюнду ушинтип кабагын салып, жатып алып көргөн

  • Россиялык суучул Евгения Рылованын мышыктын тумшугу түшүрүлгөн бет кабы да кызыгууну жаратты
    © Sputnik / Grigory Sysoev

    Россиялык суучул Евгения Рылованын мышыктын тумшугу түшүрүлгөн бет кабы да кызыгууну жаратты

  • Дагы бир италиялык суучул Томас Чеккон. Ал сүзүп баратып дем алууга үлгүрүп жатканын байкоого болот
    © AP Photo / Matthias Schrader

    Дагы бир италиялык суучул Томас Чеккон. Ал сүзүп баратып дем алууга үлгүрүп жатканын байкоого болот

  • Секирсе өрүлгөн эки чачы эки жакка кеткен спортчу кыз
    © REUTERS / John Sibley

    Секирсе өрүлгөн эки чачы эки жакка кеткен спортчу кыз

  • Суу үстүндөгү күрөш. Сербиялык ватерполчу Дусан Мандич казакстандык Мурат Шакеновдон топ талашууда.
    © REUTERS / Kacper Pempel

    Суу үстүндөгү күрөш. Сербиялык ватерполчу Дусан Мандич казакстандык Мурат Шакеновдон топ талашууда.

  • Россиялык волейболчу Светлана Холомина бир командадагы Надежда Макрогузованы алкоо иретинде жамбашка чапкан
    © Sputnik / Vladimir Pesnya

    Россиялык волейболчу Светлана Холомина бир командадагы Надежда Макрогузованы алкоо иретинде жамбашка чапкан

  • Корей спортчу Ли Сан Сунун көз жагынан теннистин тобу өтүп бараткан учурду фотограф кармап калган. Бир караган киши көзүнө эмне болгон деши мүмкүн.
    © AFP 2021 / Jung Yeon-je

    Корей спортчу Ли Сан Сунун көз жагынан теннистин тобу өтүп бараткан учурду фотограф кармап калган. Бир караган киши көзүнө эмне болгон деши мүмкүн.

  • Япониялык софтболчу Ю Ямамото топту кармап баратып спорттук аянтчадан ары ашып кеткен
    © AP Photo / Sue Ogrocki

    Япониялык софтболчу Ю Ямамото топту кармап баратып спорттук аянтчадан ары ашып кеткен

Белгилер:
Токио, олимпиада, сүрөт, мелдеш
Тема:
2021-жылы Токиодо өтө турган Олимпиада оюндары
Тема боюнча
iPhone менен тартылган мыкты сүрөттөр: Photography Awards 2021 сынагы жыйынтыкталды   
ӨКМ кызматкери өрт өчүрүү учурунда. Архив

Кеминде май куюучу жай өрттөнүп жатабы? Видео

0
(жаңыланган 00:46 03.08.2021)
Өрт боюнча азырынча ӨКМдин маалымат кызматынан комментарий алууга мүмкүн болбой жатат. Видео социалдык тармакка жүктөлдү.

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Чүй облусунун Кемин районунда ири өрт чыкты.

Видео "Короче" Telegram каналына жарыяланды.

Күбөлөрдүн айтымында, күйүүчү май куюучу жай өрттөнүп жатат.

ӨКМдин маалымат кызматынан комментарий алууга мүмкүн болгон жок. Бирок Чүй облусунун башкармалыгынын нөөмөт бөлүмү тастыктап, эки өрт өчүрүүчү бригада чыгып кеткенин билдирди.

Алдын ала маалымат боюнча, май куйган бекеттин жанында кичи автобус күйүп жатканы тууралуу чакыруу түшкөн.

Кененирээк маалымат кийинчерээк берилерин айтышты.

0
Белгилер:
Кемин, өрт, Күйүүчү май, май куюучу бекет, ӨКМ
Тема боюнча
Беловодское айылында кичи базардан өрт чыкты. Элди чуу түшүргөн видео