Ар бир эпизоду "сүйлөп" турат. "Алтын күздөгү" кызыктуу ирмемдер

302
  • Тойдо бийлеген Орозбек Кутманалиев, Досхан Жолжаксынов, Алмаз Кыргызбаев, Жамал Сейдакматова
  • Режиссёр Төлөмүш Океев менен оператор Кадыржан Кыдыралиев иш маалында
  • Башкы каарман Казакстандын эл артисти Досхан Жолжаксынов уулу менен
  • Ооруканада атасынан айрылган досуна кезиккен кабарчы
  • Алтын күздү тартуу учурунда профессор Мамбет Мамакеев
  • Сейил бакта жазуучу Түгөлбай Сыдыкбеков менен баарлашкан кабарчы
  • СССРдин эл артисти, легендарлуу опера ырчысы Болот Миңжылкыев менен актёр Досхан Жолжаксынов
  • Төлөмүш Океев жана ошол кезде 53 жаштагы белгилүү хирург Мамбет Мамакеев
  • Мурат Эрматов (Досхан Жолжаксынов) айылдагы үйдө атасы (Макиль Куланбаев) экөө
Быйыл кыргыз киносунун 80 жылдыгы белгиленет. Sputnik Кыргызстан агенттиги ата мекендик кинематографиядагы мыкты фильмдерди баяндоону улантат. Бул ирет Төлөмүш Океевдин "Алтын күз" тасмасындагы кызыктуу ирмемдер сунушталат.

СССРдин эл артисти, белгилүү режиссёр Төлөмүш Океев 1980-жылы драматург Мар Байжиевдин сценарийинин негизинде "Алтын күз" тасмасын тартууга киришип, ага оператор Кадыржан Кыдыралиев, сүрөтчү Алексей Макаров, композитор Таштан Эрматов көмөктөшкөн.

Кинофильмде телеканалда иштеген 40 жаштагы кабарчынын жеке жашоосундагы өйдө-төмөн учурлар, элдин жашоо турмушу көрсөтүлүп, адам өмүрүндө эмнеге умтулуп, бактылуу болуу үчүн кандай аракет, кадамдарга барууга даяр экендиги баяндалат. Фильмдин соңунда ал борбордогу жумушун таштап, айылда жалгыз жашаган атасынын жанына барып тиричилигин улантууга аракет жасайт. Тартуу иштери негизинен Фрунзе (азыркы Бишкек), Алматы шаарында жана элет жеринде жүрүп, беш айда соңуна чыккан.

Аталган кинокартинага Аида Юнусова, Димаш Ахимов, Хамар Адамбаева, Жамал Сейдакматова, Лидия Ашрапова, Макиль Куланбаев, Алмаз Кыргызбаев, Асек Жумабаев, Орозбек Кутманалиев, Советбек Жумадылов, Жамал Сейдакматова, Шайлообек Алыкулов, Орозбек Кутманалиев, Жумаш Сыдыкбекова өңдүү кыргыз, казак элинин таланттуу актёрлору роль жараткан. Ошондой эле хирург Мамбет Мамакеев, залкар опера ырчысы Болот Миңжылкыев, жазуучу Аалы Токомбаев, Түгөлбай Сыдыкбеков да тартылган.

КРдин эл артисти, белгилүү актриса Жамал Сейдакматова көзү тирүү кезинде ал учурду мындайча эскерген:

"Алтын күзгө" кыргызстандык, казакстандык актёрлор катышып, башкы каарман журналисттин ролун Досхан Жолжаксынов аткарган. Төлөмүш Океев анын актёрдук чеберчилигин баалачу, тасмаларына көп чакырып турар эле. Чындыгында эле бул тасмага кыргыз элинин каймактары тартылган. Алардын арасында Болот Миңжылкыев, Аалы Токомбаев, Түгөлбай Сыдыкбеков, Мамбет Мамакеев да бар. Ошол маалда режиссёр Төлөмүш Океевдин атагы алыска кетип, жылдызы жанып турган кез эле. Себеби ал инсандын тарткан эмгектеринин ар бир эпизоду сүйлөп турчу", — деген Сейдакматова.

Ал эми Океевдин жакын санаалашы, сүйүктүү актёру Сүймөнкул Чокморов кайра-кайра операция болуп жүргөндүктөн бул тасмага тартылбай калган. Фильм 1981-жылы көрүүчүлөргө сунушталып, Литванын борбору Вильнюста болгон бүткүл союздук фестивалда заманбап теманы мыкты ачып бергендиги үчүн атайын сыйлыкка татыган.

302
  • Тойдо бийлеген Орозбек Кутманалиев, Досхан Жолжаксынов, Алмаз Кыргызбаев, Жамал Сейдакматова
    © Sputnik / Александр Федоров

    Тойдо бийлеген Орозбек Кутманалиев, Досхан Жолжаксынов, Алмаз Кыргызбаев, Жамал Сейдакматова

  • Океев, Жолжаксынов жана жазуучу Аалы Токомбаев репетицияда
    © Sputnik / Александр Федоров

    Океев, Жолжаксынов жана жазуучу Аалы Токомбаев репетицияда

  • Режиссёр Төлөмүш Океев менен оператор Кадыржан Кыдыралиев иш маалында
    © Sputnik / Александр Федоров

    Режиссёр Төлөмүш Океев менен оператор Кадыржан Кыдыралиев иш маалында

  • Башкы каарман Казакстандын эл артисти Досхан Жолжаксынов уулу менен
    © Sputnik / Александр Федоров

    Башкы каарман Казакстандын эл артисти Досхан Жолжаксынов уулу менен

  • Ооруканада атасынан айрылган досуна кезиккен кабарчы
    © Sputnik / Александр Федоров

    Ооруканада атасынан айрылган досуна кезиккен кабарчы

  • Кыргыз эл жазуучусу Мар Байжиев, СССРдин эл артисти Төлөмүш Океев, Казакстандын эл артисти Досхан Жолжаксынов менен Кыргыз ССРинин эл артисти Советбек Жумадыловдун кызуу иштеп жаткан учуру
    © Sputnik / Александр Федоров

    Кыргыз эл жазуучусу Мар Байжиев, СССРдин эл артисти Төлөмүш Океев, Казакстандын эл артисти Досхан Жолжаксынов менен Кыргыз ССРинин эл артисти Советбек Жумадыловдун кызуу иштеп жаткан учуру

  • Алтын күздү тартуу учурунда профессор Мамбет Мамакеев
    © Sputnik / Александр Федоров

    "Алтын күздү" тартуу учурунда профессор Мамбет Мамакеев

  • Сейил бакта жазуучу Түгөлбай Сыдыкбеков менен баарлашкан кабарчы
    © Sputnik / Александр Федоров

    Сейил бакта жазуучу Түгөлбай Сыдыкбеков менен баарлашкан кабарчы

  • СССРдин эл артисти, легендарлуу опера ырчысы Болот Миңжылкыев менен актёр Досхан Жолжаксынов
    © Sputnik / Александр Федоров

    СССРдин эл артисти, легендарлуу опера ырчысы Болот Миңжылкыев менен актёр Досхан Жолжаксынов

  • Төлөмүш Океев жана ошол кезде 53 жаштагы белгилүү хирург Мамбет Мамакеев
    © Sputnik / Александр Федоров

    Төлөмүш Океев жана ошол кезде 53 жаштагы белгилүү хирург Мамбет Мамакеев

  • Мурат Эрматов (Досхан Жолжаксынов) айылдагы үйдө атасы (Макиль Куланбаев) экөө
    © Sputnik / Александр Федоров

    Мурат Эрматов (Досхан Жолжаксынов) айылдагы үйдө атасы (Макиль Куланбаев) экөө

Белгилер:
режиссер, Төлөмүш Океев, сүрөт, 'Алтын күз' тасмасы
Тема боюнча
Атасына топурак сала албай калган уулдун шору. Деградация Базаровдун көзү менен
Чака-чайнек, темир-тезектен кыя өтпөгөн муун. "Космонавттар көчөсү" сүрөттө
Гиннеске кирген биринчи кыргыз. Каскадер Кудайбергеновдун сүрөттөгү ирмемдери

Катардагы жумушчудан өкмөт башчыга чейин. Апас Жумагуловдун сүрөттөгү ирмемдери

121
(жаңыланган 20:48 19.09.2021)
  • Ардактуу эс алуудагы мамлекеттик ишмер 87 жашка толду
  • Москвадан билим алып келген Апас Жумагулов кендерде геолог, башкы геолог, башкы инженер болуп иштеген. Сүрөттөн оң жакта биринчи турат, 1961-жыл
  • Кочкор-Атада иштеген жаш Жумагулов кесиптештери менен, 1971-жыл
  • Болочоктогу өкмөт башчысы студент кезинде эле жайкы каникулда шахтада, экспедицияда иштеген. Сүрөттө Апас Жумагулов курсташы Гера Пудон менен
  • СССРдин президенти Михаил Горбачев, Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин төрагасы Апас Жумагулов жана залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов. Бишкек, 1991-жыл
  • Турдакун Усубалиевге жарманкенин жүрүшү боюнча маалымат берип жаткан жаш  Жумагулов, 1984-жыл
  • Кыргызстандын элчиси Жумагулов Германиянын президенти Роман Херсогго ишеним грамотасын тапшыруу учуру, 1998-жыл
  • Карапайым эл менен жолуккан өкмөт башчы. Жумагулов 1986-91-жылдары Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин төрагасы болгон
  • Илимпоздун аракети менен Пенза облусунда цемент заводу ачылган. Жумагулов анын долбоорлоонун башында турган
  • Белгилүү хирург Мамбет Мамакеевдин 90 жылдыгында. Ортодо Апас Жумагулов замандаштары менен
  • Мамлекеттик ишмер байбичеси менен төрт уул, эки кызды тарбиялап чоңойткон. Сүрөттө жубайлар уул-кыздары, неберелери менен
  • Жалпы жонунан 50 жылдан ашык түрдүү мамлекеттик кызматтарда эмгектенген
  • Лыжа тебүүнү жактырган пенсионер эс алуу маалында, 2005-жыл
Бүгүн көрүнүктүү коомдук жана мамлекеттик ишмер Апас Жумагуловдун туулган күнү. Sputnik Кыргызстан агенттиги 87 жашка толгон илимпоздун баскан жолундагы ирмемдерди сунуштайт.

Апас Жумагулов 1934-жылы 19-сентябрда Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Арашан айылында жарык дүйнөгө келген. Балалыгы согуш жылдарына туш келгендиктен атасы фронтко аттанган. Ошондо жаш жигит ооруган энесин багып, бир тууган эжеси менен колхоздогу уйларды караган.

Үй-бүлө башчысы фронттон аман-эсен кайтып келгенден кийин Фрунзедеги мектеп-интернатта окуп, өз күчү менен Москвадагы Губкин атындагы нефть жана газ мамлекеттик университетине өткөн. Бөтөн шаарда студент акчанын аздыгынан Кыргызстанга жылдап келе албай, дем алыш күндөрү сыра заводдо жүк ташып, поезд станцияда көмүр түшүрүп тыйын тапкан. Жогорку окуу жайды 1958-жылы ийгиликтүү аяктаган инженер-геолог ошол эле жерде аспирантурада окуп, лаборант, геолог, башкы геолог, башкы инженер болгонго жетишет. Кийин Кыргызстан КП БКнын биринчи катчысы Турдакун Усубалиев анын жөндөмүн байкап, 1973-жылы Борбордук комитетке бөлүм башчы кылып жумушка чакырган. Мамлекеттик ишмер андан соң Компартиянын катчысы, Ысык-Көл обкомунун биринчи катчысы, Кыргыз ССРинин Министрлер кеңешинин төрагасы, Жогорку Советтин бир нече чакырылышынын депутаты болуп, бүт кызматтык тепкичтерди басып өтөт.

Ошол эле маалда илимий изилдөөлөрүн да улантып, геология-минералогия илимдеринин доктору болгонго жетишет. Илимпоз өлкө көз карандысыз болгондон кийин Чүй облустук мамлекеттик администрациясынын башчысы, өкмөт башчысы, беш жыл Германияда, эки жыл Россияда элчи болуп иштеген. 

Байбичеси менен төрт уул, эки кызды тарбиялап өстүргөн. I даражадагы Манас орденинин ээси. Азыр үйдүн төрүнүн көркү гана болбостон, жогорку кызматтагы аткаминерлерге да акыл-насаатын айтып келет.

121
  • Ардактуу эс алуудагы мамлекеттик ишмер 87 жашка толду
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

    Ардактуу эс алуудагы мамлекеттик ишмер 87 жашка толду

  • Москвадан билим алып келген Апас Жумагулов кендерде геолог, башкы геолог, башкы инженер болуп иштеген. Сүрөттөн оң жакта биринчи турат, 1961-жыл
    © Фото / из личного архива Апаса Жумагулова

    Москвадан билим алып келген Апас Жумагулов кендерде геолог, башкы геолог, башкы инженер болуп иштеген. Сүрөттөн оң жакта биринчи турат, 1961-жыл

  • Кочкор-Атада иштеген жаш Жумагулов кесиптештери менен, 1971-жыл
    © Фото / из личного архива Апаса Жумагулова

    Кочкор-Атада иштеген жаш Жумагулов кесиптештери менен, 1971-жыл

  • Болочоктогу өкмөт башчысы студент кезинде эле жайкы каникулда шахтада, экспедицияда иштеген. Сүрөттө Апас Жумагулов курсташы Гера Пудон менен
    © Фото / из личного архива Апаса Жумагулова

    Болочоктогу өкмөт башчысы студент кезинде эле жайкы каникулда шахтада, экспедицияда иштеген. Сүрөттө Апас Жумагулов курсташы Гера Пудон менен

  • СССРдин президенти Михаил Горбачев, Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин төрагасы Апас Жумагулов жана залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов. Бишкек, 1991-жыл
    © Фото / из личного архива Апаса Жумагулова

    СССРдин президенти Михаил Горбачев, Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин төрагасы Апас Жумагулов жана залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов. Бишкек, 1991-жыл

  • Турдакун Усубалиевге жарманкенин жүрүшү боюнча маалымат берип жаткан жаш  Жумагулов, 1984-жыл
    © Фото / из личного архива Апаса Жумагулова

    Турдакун Усубалиевге жарманкенин жүрүшү боюнча маалымат берип жаткан жаш Жумагулов, 1984-жыл

  • Кыргызстандын элчиси Жумагулов Германиянын президенти Роман Херсогго ишеним грамотасын тапшыруу учуру, 1998-жыл
    © Фото / из личного архива Апаса Жумагулова

    Кыргызстандын элчиси Жумагулов Германиянын президенти Роман Херсогго ишеним грамотасын тапшыруу учуру, 1998-жыл

  • Карапайым эл менен жолуккан өкмөт башчы. Жумагулов 1986-91-жылдары Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин төрагасы болгон
    © Фото / из личного архива Апаса Жумагулова

    Карапайым эл менен жолуккан өкмөт башчы. Жумагулов 1986-91-жылдары Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин төрагасы болгон

  • Илимпоздун аракети менен Пенза облусунда цемент заводу ачылган. Жумагулов анын долбоорлоонун башында турган
    © Фото / из личного архива Апаса Жумагулова

    Илимпоздун аракети менен Пенза облусунда цемент заводу ачылган. Жумагулов анын долбоорлоонун башында турган

  • Белгилүү хирург Мамбет Мамакеевдин 90 жылдыгында. Ортодо Апас Жумагулов замандаштары менен
    © Фото / из личного архива Апаса Жумагулова

    Белгилүү хирург Мамбет Мамакеевдин 90 жылдыгында. Ортодо Апас Жумагулов замандаштары менен

  • Мамлекеттик ишмер байбичеси менен төрт уул, эки кызды тарбиялап чоңойткон. Сүрөттө жубайлар уул-кыздары, неберелери менен
    © Фото / из личного архива Апаса Жумагулова

    Мамлекеттик ишмер байбичеси менен төрт уул, эки кызды тарбиялап чоңойткон. Сүрөттө жубайлар уул-кыздары, неберелери менен

  • Жалпы жонунан 50 жылдан ашык түрдүү мамлекеттик кызматтарда эмгектенген
    © Фото / из личного архива Апаса Жумагулова

    Жалпы жонунан 50 жылдан ашык түрдүү мамлекеттик кызматтарда эмгектенген

  • Лыжа тебүүнү жактырган пенсионер эс алуу маалында, 2005-жыл
    © Фото / из личного архива Апаса Жумагулова

    Лыжа тебүүнү жактырган пенсионер эс алуу маалында, 2005-жыл

Белгилер:
Кыргызстан, коомдук ишмер, Апас Жумагулов, сүрөт, саясатчы
Тема боюнча
Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарындагы турмуш. Кыргызстандыктар сүрөттө
Элди азапка жетелеген апийим. Кара куурай Кыргызстанда кантип өстүрүлгөн? Сүрөт
Мерьем Узерли, Марк Дакаскос, Стивен Сигал... Кыргызстанга кайсы жылдыздар келген?

Бишкекте Мамдуманын депутаттарын шайлоо жүрүп жатат. 12 сүрөт

117
  • Бүгүн россиялыктар Мамлекеттик Думанын депутаттарын тандайт
  • Өнөктүк 17-сентябрда башталган, бирок добуш берүүдөгү негизги маанилүү күн — 19-сентябрь
  • Россияда Мамлекеттик Дума менен биргеликте эле аймактык жана муниципалдык шайлоо да кошо өтүп жатат
  • Добуш берүүнү каалагандар Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин имаратынын алдына эртең менентен баштап эле чогулду...
  • Учурдагы пандемия шартынан улам аралык сакталып, добуш берүүчүлөрдүн кезеги узакка созулганын көрүүгө болот
  • Бул саясий өнөктүккө келип, тандоо жасайм дегендер үчүн Кыргызстандын Ош, Кант жана Каракол шаарларында да шайлоо участкалары ачылды
  • Бардык шайлоо тилкелери 8:00дөн тарта 20:00гө чейин иштейт. РФтин ар бир жараны добуш берүү үчүн өздүгүн аныктаган документин ала келиши керек
  • Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко добуш берип жатат
  • Бул Россиянын Жаңы редакциядагы Баш мыйзамы күчүнө киргенден кийинки алгачкы шайлоо. Анын негизинде Мамлекеттик Думага кеңири ыйгарым укуктар берилген
  • Добуш берүүдө коронавирустан улам санитардык эрежелер тыкыр сакталды
  • Төмөнкү палатанын депутаттары аралаш система менен беш жылга шайланат. Жарымы партиялык система, жарымы бир мандаттуу округдан тандалат.
  • Шайлоого саясий 14 партия катышууда. Ал эми добуш берүү үчүн катталгандардын саны 110 миллиондон ашык
Бүгүн россиялыктар Мамлекеттик Думанын депутаттарын тандамакчы. Кыргызстанда бул өнөктүк боюнча төрт шайлоо участкасы ачылды. Биз добуш берген жерге барып келдик.

Добуш берүүнү каалагандар Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин имаратынын алдына эртең менентен баштап эле чогулду... Учурдагы пандемия шартынан улам аралык сакталып, добуш берүүчүлөрдүн кезеги көпкө созулганын көрүүгө болот.

Шайлоочулар Ош, Кант, Каракол жана Бишкек шаарларында добуш бере алат. Шайлоо тилкелери саат 8:00дөн тарта 20:00гө чейин иштейт. РФтин ар бир жараны добуш берүү үчүн өздүгүн аныктаган документин ала келиши керек.

Бул Россиянын Жаңы редакциядагы Баш мыйзамы күчүнө киргенден кийинки алгачкы шайлоо. Анын негизинде Мамлекеттик Думага кеңири ыйгарым укуктар берилген. Төмөнкү палатанын депутаттары аралаш система менен беш жылга шайланат. Жарымы партиялык система, жарымы бир мандаттуу округдан тандалат. Шайлоого саясий 14 партия катышууда. Ал эми добуш берүү үчүн катталгандардын саны 110 миллиондон ашык экени айтылды.

117
  • Бүгүн россиялыктар Мамлекеттик Думанын депутаттарын тандайт
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Бүгүн россиялыктар Мамлекеттик Думанын депутаттарын тандайт

  • Өнөктүк 17-сентябрда башталган, бирок добуш берүүдөгү негизги маанилүү күн — 19-сентябрь
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Өнөктүк 17-сентябрда башталган, бирок добуш берүүдөгү негизги маанилүү күн — 19-сентябрь

  • Россияда Мамлекеттик Дума менен биргеликте эле аймактык жана муниципалдык шайлоо да кошо өтүп жатат
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Россияда Мамлекеттик Дума менен биргеликте эле аймактык жана муниципалдык шайлоо да кошо өтүп жатат

  • Добуш берүүнү каалагандар Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин имаратынын алдына эртең менентен баштап эле чогулду...
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Добуш берүүнү каалагандар Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин имаратынын алдына эртең менентен баштап эле чогулду...

  • Учурдагы пандемия шартынан улам аралык сакталып, добуш берүүчүлөрдүн кезеги узакка созулганын көрүүгө болот
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Учурдагы пандемия шартынан улам аралык сакталып, добуш берүүчүлөрдүн кезеги узакка созулганын көрүүгө болот

  • Бул саясий өнөктүккө келип, тандоо жасайм дегендер үчүн Кыргызстандын Ош, Кант жана Каракол шаарларында да шайлоо участкалары ачылды
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Бул саясий өнөктүккө келип, тандоо жасайм дегендер үчүн Кыргызстандын Ош, Кант жана Каракол шаарларында да шайлоо участкалары ачылды

  • Бардык шайлоо тилкелери 8:00дөн тарта 20:00гө чейин иштейт. РФтин ар бир жараны добуш берүү үчүн өздүгүн аныктаган документин ала келиши керек
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Бардык шайлоо тилкелери 8:00дөн тарта 20:00гө чейин иштейт. РФтин ар бир жараны добуш берүү үчүн өздүгүн аныктаган документин ала келиши керек

  • Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко добуш берип жатат
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко добуш берип жатат

  • Бул Россиянын Жаңы редакциядагы Баш мыйзамы күчүнө киргенден кийинки алгачкы шайлоо. Анын негизинде Мамлекеттик Думага кеңири ыйгарым укуктар берилген
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Бул Россиянын Жаңы редакциядагы Баш мыйзамы күчүнө киргенден кийинки алгачкы шайлоо. Анын негизинде Мамлекеттик Думага кеңири ыйгарым укуктар берилген

  • Добуш берүүдө коронавирустан улам санитардык эрежелер тыкыр сакталды
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Добуш берүүдө коронавирустан улам санитардык эрежелер тыкыр сакталды

  • Төмөнкү палатанын депутаттары аралаш система менен беш жылга шайланат. Жарымы партиялык система, жарымы бир мандаттуу округдан тандалат.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Төмөнкү палатанын депутаттары аралаш система менен беш жылга шайланат. Жарымы партиялык система, жарымы бир мандаттуу округдан тандалат.

  • Шайлоого саясий 14 партия катышууда. Ал эми добуш берүү үчүн катталгандардын саны 110 миллиондон ашык
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Шайлоого саясий 14 партия катышууда. Ал эми добуш берүү үчүн катталгандардын саны 110 миллиондон ашык

Белгилер:
Россия, Кыргызстан, Мамлекеттик Дума, добуш берүү, шайлоо участкасы
Тема боюнча
Ош шаарында РФ жарандары Мамдума шайлоосуна добуш берип жатат. Сүрөт
Мотоциклчен киши. Архивдик сүрөт

Мотоциклчен киши аэропортко кеткен трассадан жөө адамды коюп, жол жабылды

0
(жаңыланган 23:34 19.09.2021)
Жолго 50дөй киши топтолуп ызы-чууга түштү. Кырсыктын кесепетинен болжол менен 50 жаш курагындагы киши каза болду.

БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. "Манас" аэропортуна кеткен жолдо мотоциклчен киши жөө адамды коюп кетти. Бул тууралуу Чүй облустук милиция билдирди.

Окуя бүгүн саат 20:00дө болгон. Маалыматка караганда, кырсыктын кесепетинен жөө киши набыт болгон. Болжол менен ал 50 жашта. Активист Болот Ибрагимов авариядан кийин тартылган видеону соцтармакка жарыялады.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Болот Ибрагимов SFR (@bolotibragimov)

Кадрдан жол убактылуу жабылып калганын көрүүгө болот. Топтолгон 50дөй киши ызы-чууга түшкөн. Милициянын божомолу боюнча, алар жергиликтүү тургундар менен мотоциклчен кишинин достору болушу мүмкүн.

Чүй ОИИББдин маалымат кызматы саат 21:00дөр чамасында Манас айылынын жашоочулары Бишкек — аэропорт жолун тосуп, жол кырсыктарына нааразычылыктарын билдиришкенин кабарлады.

"Учурда милиционерлер жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат", — деди ОИИББден.

Түнкү саат 11лер чамасында эл тарай элек болчу.

0
Белгилер:
Бишкек, милиция, жол кырсык, мотоцикл
Тема:
2021-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар
Тема боюнча
Бишкекте жүк ташыган поездге урунуп 21 жаштагы жигит каза тапты