Энергетиканын дөө-шаалары. Токтогул, Камбар-Ата-2 ГЭСтеринин 15 сүрөтү

364
(жаңыланган 15:26 18.06.2021)
  • Электр станциялары компаниясы Кыргызстандагы электр кубатынын 98 пайызын иштеп чыгат. Анын курамына жети ГЭС жана эки Жылуулук электр борбору кирет
  • Токтогул ГЭСи Кыргызстандагы эң ири гидроэлектростанция. Ал өлкөдөгү жалпы электр кубатынын 30 пайызын берет
  • ГЭСтин плотиналык имаратына ушул жерден кирет. Бул аймакта кубаттуулугу 300 мегаватт болгон 4 агрегат жана машина залы, борбордук башкаруунун пульту жайгашкан. Учурда Токтогул ГЭСинин кубаттуулугу 1200 мегаватт
  • Токтогул ГЭСинин борбордук башкаруу пульту. Бир эле тетикти бурап коюу бүтүндөй бир аймакты электр кубатысыз калтырат
  • Май айында суу сактагычта 9 миллиард куб метр суу болсо, бүгүн анын деңгээли 10,8 миллиардга көтөрүлдү
  • Станция кадимки эле тартипте иштейт. Макулдашууга ылайык, 1-июндан тарта Казакстан менен Өзбекстанга электр энергияны кайтарып берүү башталган
  • Жабдууга майда таштар суу менен кошо кирип кетпеши үчүн ГЭСтин кызматкерлери анын жанындагы асканы жууп турушат
  • Станцияны пайдалануу мөөнөтү 25 жыл деп эсептелет, бирок ГЭС 46 жылдан бери иштеп келе жатат. Мындан улам 2017-жылдан тарта реконструкция жасалууда
  • Жаңылоо Токтогул ГЭСинин кубатын дагы 20 пайызга арттырмакчы
  • Энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев өлкөдө энергетикалык кризис жок деген маалымат берди. Буга чейин президент Садыр Жапаров энергетика системасынын абалы өтө начар экендигин, ал тезинен чара көрүүнү талап кыларын айткан эле
  • Салыштыра келгенде анча чоң эмес Камбар-Ата-2 ГЭСи. Ал Токтогул ГЭСинен жогорураак жакта, Нарын дарыясынын жээгиндеги Кара-Жыгач айылында жайгашкан. Азырынча бир агрегат иштеп жатат, экинчисин 2025-жылы эксплуатацияга берүү пландалган
  • Камбар-Ата-2 ГЭСинин үстү жагына суу түшө турган жай курулуп жатат. Энергетика министринин айтымында, бул Камбар-Ата-1 ГЭСинин салынышына көрүлгөн даярдыктын бир бөлүгү. Курулушту быйылкы жылдын соңунда бүткөрүү пландалууда
  • Камбар-Ата-2 ГЭСинин суу сактагычы. Жол менен жүрүп отурсаңыз Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга пландалган жерге барып такаласыз. Ал үчүн болжол менен 15 чакырымды басып өтүүгө туура келет
  • Камбар-Ата-2 ГЭСине суу түшүп жаткан учурдан бир көрүнүш
  • Камбар-Ата-2 ГЭСинин агрегаттары үчүн орун даяр. Бардык, тагыраагы, үч агрегат тең ишке киргенде гидроэлектростанциянын кубаттуулугу 360 мегаватт болот.
Учурда Кыргызстандын энергетика тармагы башынан кыйын күндөрдү өткөрүп жатат. Sputnik Кыргызстандын сүрөт түрмөгүнөн Токтогул жана Камбар-Ата-2 ГЭСинен тартылган ирмемдерди көрө аласыз. Бул эки станция Кыргызстандын көпчүлүк бөлүгүн электр кубаты менен камсыздайт.

Токтогул ГЭСи Кыргызстандагы эң ири гидроэлектростанция. Ал өлкөдөгү жалпы электр кубатынын 30 пайызын иштеп чыгат. ГЭС 46 жылдан бери иштегендиктен, жабдуулар абдан эскирген. Андыктан 2017-жылдан бери станцияда реконструкция жасалууда. Аталган иштердин биринчи фазасы 2019-жылдын октябрь айында аяктаган. Президенттин маалымат кызматынан үчүнчү фаза аяктаган соң Токтогул ГЭСинин иштөө мөөнөтү 35-40 жылга узартыларын айтты.

Быйыл Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү өтө эле азайып кеткендиктен, жарым кылымдан ашуун убакыт мурда суу астында калган курулуштар түбүнөн көрүнө баштаган. Бүгүнкү күндө Токтогул суу сактагычынын деңгээли 10,8 миллиард куб метрге көтөрүлдү.

Sputnik Кыргызстандын кабарчылары Энергетика жана өнөр жай министрлиги уюштурган пресс-турдун алкагында Токтогул жана Камбар-Ата-2 ГЭСтерине барып келди.

364
  • Электр станциялары компаниясы Кыргызстандагы электр кубатынын 98 пайызын иштеп чыгат. Анын курамына жети ГЭС жана эки Жылуулук электр борбору кирет
    © Sputnik / Жоомарт Ураимов

    "Электр станциялары" компаниясы Кыргызстандагы электр кубатынын 98 пайызын иштеп чыгат. Анын курамына жети ГЭС жана эки Жылуулук электр борбору кирет

  • Токтогул ГЭСи Кыргызстандагы эң ири гидроэлектростанция. Ал өлкөдөгү жалпы электр кубатынын 30 пайызын берет
    © Sputnik / Жоомарт Ураимов

    Токтогул ГЭСи Кыргызстандагы эң ири гидроэлектростанция. Ал өлкөдөгү жалпы электр кубатынын 30 пайызын берет

  • ГЭСтин плотиналык имаратына ушул жерден кирет. Бул аймакта кубаттуулугу 300 мегаватт болгон 4 агрегат жана машина залы, борбордук башкаруунун пульту жайгашкан. Учурда Токтогул ГЭСинин кубаттуулугу 1200 мегаватт
    © Sputnik / Жоомарт Ураимов

    ГЭСтин плотиналык имаратына ушул жерден кирет. Бул аймакта кубаттуулугу 300 мегаватт болгон 4 агрегат жана машина залы, борбордук башкаруунун пульту жайгашкан. Учурда Токтогул ГЭСинин кубаттуулугу 1200 мегаватт

  • Токтогул ГЭСинин борбордук башкаруу пульту. Бир эле тетикти бурап коюу бүтүндөй бир аймакты электр кубатысыз калтырат
    © Sputnik / Бакыт Смаилов

    Токтогул ГЭСинин борбордук башкаруу пульту. Бир эле тетикти бурап коюу бүтүндөй бир аймакты электр кубатысыз калтырат

  • Май айында суу сактагычта 9 миллиард куб метр суу болсо, бүгүн анын деңгээли 10,8 миллиардга көтөрүлдү
    © Sputnik / Жоомарт Ураимов

    Май айында суу сактагычта 9 миллиард куб метр суу болсо, бүгүн анын деңгээли 10,8 миллиардга көтөрүлдү

  • Станция кадимки эле тартипте иштейт. Макулдашууга ылайык, 1-июндан тарта Казакстан менен Өзбекстанга электр энергияны кайтарып берүү башталган
    © Sputnik / Жоомарт Ураимов

    Станция кадимки эле тартипте иштейт. Макулдашууга ылайык, 1-июндан тарта Казакстан менен Өзбекстанга электр энергияны кайтарып берүү башталган

  • Жабдууга майда таштар суу менен кошо кирип кетпеши үчүн ГЭСтин кызматкерлери анын жанындагы асканы жууп турушат
    © Sputnik / Жоомарт Ураимов

    Жабдууга майда таштар суу менен кошо кирип кетпеши үчүн ГЭСтин кызматкерлери анын жанындагы асканы жууп турушат

  • Станцияны пайдалануу мөөнөтү 25 жыл деп эсептелет, бирок ГЭС 46 жылдан бери иштеп келе жатат. Мындан улам 2017-жылдан тарта реконструкция жасалууда
    © Sputnik / Жоомарт Ураимов

    Станцияны пайдалануу мөөнөтү 25 жыл деп эсептелет, бирок ГЭС 46 жылдан бери иштеп келе жатат. Мындан улам 2017-жылдан тарта реконструкция жасалууда

  • Жаңылоо Токтогул ГЭСинин кубатын дагы 20 пайызга арттырмакчы
    © Sputnik / Жоомарт Ураимов

    Жаңылоо Токтогул ГЭСинин кубатын дагы 20 пайызга арттырмакчы

  • Энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев өлкөдө энергетикалык кризис жок деген маалымат берди. Буга чейин президент Садыр Жапаров энергетика системасынын абалы өтө начар экендигин, ал тезинен чара көрүүнү талап кыларын айткан эле
    © Sputnik / Жоомарт Ураимов

    Энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев өлкөдө энергетикалык кризис жок деген маалымат берди. Буга чейин президент Садыр Жапаров энергетика системасынын абалы өтө начар экендигин, ал тезинен чара көрүүнү талап кыларын айткан эле

  • Салыштыра келгенде анча чоң эмес Камбар-Ата-2 ГЭСи. Ал Токтогул ГЭСинен жогорураак жакта, Нарын дарыясынын жээгиндеги Кара-Жыгач айылында жайгашкан. Азырынча бир агрегат иштеп жатат, экинчисин 2025-жылы эксплуатацияга берүү пландалган
    © Sputnik / Жоомарт Ураимов

    Салыштыра келгенде анча чоң эмес Камбар-Ата-2 ГЭСи. Ал Токтогул ГЭСинен жогорураак жакта, Нарын дарыясынын жээгиндеги Кара-Жыгач айылында жайгашкан. Азырынча бир агрегат иштеп жатат, экинчисин 2025-жылы эксплуатацияга берүү пландалган

  • Камбар-Ата-2 ГЭСинин үстү жагына суу түшө турган жай курулуп жатат. Энергетика министринин айтымында, бул Камбар-Ата-1 ГЭСинин салынышына көрүлгөн даярдыктын бир бөлүгү. Курулушту быйылкы жылдын соңунда бүткөрүү пландалууда
    © Sputnik / Бакыт Смаилов

    Камбар-Ата-2 ГЭСинин үстү жагына суу түшө турган жай курулуп жатат. Энергетика министринин айтымында, бул Камбар-Ата-1 ГЭСинин салынышына көрүлгөн даярдыктын бир бөлүгү. Курулушту быйылкы жылдын соңунда бүткөрүү пландалууда

  • Камбар-Ата-2 ГЭСинин суу сактагычы. Жол менен жүрүп отурсаңыз Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга пландалган жерге барып такаласыз. Ал үчүн болжол менен 15 чакырымды басып өтүүгө туура келет
    © Sputnik / Бакыт Смаилов

    Камбар-Ата-2 ГЭСинин суу сактагычы. Жол менен жүрүп отурсаңыз Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга пландалган жерге барып такаласыз. Ал үчүн болжол менен 15 чакырымды басып өтүүгө туура келет

  • Камбар-Ата-2 ГЭСине суу түшүп жаткан учурдан бир көрүнүш
    © Sputnik / Бакыт Смаилов

    Камбар-Ата-2 ГЭСине суу түшүп жаткан учурдан бир көрүнүш

  • Камбар-Ата-2 ГЭСинин агрегаттары үчүн орун даяр. Бардык, тагыраагы, үч агрегат тең ишке киргенде гидроэлектростанциянын кубаттуулугу 360 мегаватт болот.
    © Sputnik / Жоомарт Ураимов

    Камбар-Ата-2 ГЭСинин агрегаттары үчүн орун даяр. Бардык, тагыраагы, үч агрегат тең ишке киргенде гидроэлектростанциянын кубаттуулугу 360 мегаватт болот.

Белгилер:
Кыргызстан, Токтогул ГЭСи, Камбар-Ата - 2, энергетика, Токтогул суу сактагычы
Тема боюнча
Суусу азайып кеткен Токтогул суу сактагычынан таасирдүү 15 сүрөт

Апта ирмеми: суу менен өрт каптаган өлкөлөр, сулуулук сынагында суйкайган кыздар

213
(жаңыланган 18:34 02.08.2021)
  • Өткөн аптада Анталиянын тегерек-четиндеги токойлордо өрт чыгып, туристтик аймактын жетекчилигин бир топ оор абалга кетпеди.
  • Кыргызстандык оор отлетчи Бекдөөлөт Расулбеков Олимпиада оюндарында алтынчы орунду камсыздады
  • АКШ Ак үйүнүн алдындагы митингдин катышуучусу
  • Коронавируска анализ тапшырып жаткан аял. Коломбо (Шри-Ланка)
  • Улуу Британиянын мураскер ханзаадасы Чарльз менен премьер-министр Борис Жонсон Стаффордширде каза болгон полиция кызматкерлеринин элесине арналган мемориалдын ачылышында
  • Чикагодогу Lollapalooza фестивалында
  • Балык уулаган киши. Индия
  • Кытайдын Синьсян айтамагында нөшөрлөгөн жаан жаап, 73 киши каза болду
  • Miss Maxim 2021 сынагынын катышуучулары. Москва шаары
  • Президент Садыр Жапаров мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында ишке ашкан Кыргызалтын ювелирпром ишканасынын ачылышында болду
  • Индияда эмделүүгө кезек күткөндөр
  • Франция президенти Эммануэль Макрондун Полинезияга жасаган сапарынан бир көрүнүш
  • “Манас” аэропортуна келип түшкөн AstraZeneca вакцинасынын биринчи партиясы
  • Калифорнияда (АКШ) токойлор өрттөндү
  • Кыргызстандык Айпери Медет кызы Токиодогу Олимпиада оюндарынын жарым финалында дүйнөнүн беш жолку чеимпиону Аделина Грей менен беттешти. Тилекке каршы, 2:3 эсеби менен жеңилип калды
  • Бразилиянын Сан-Жоакин муниципалитетиндеги тоңгон бактар. Өлкөнүн көпчүлүк штаттарында рекорддук көрсөткүчкө жеткен суук болду
Sputnik Кыргызстан өткөн аптада болгон дүйнөдөгү эң кызыктуу окуялардын сүрөт түрмөгүн сунуш кылат.

Өткөн аптада Антальянын тегерек-четиндеги токойлордо өрт чыгып, туристтик аймактын жетекчилигин бир топ оор абалга кетпеди. Сегиз адам каза болуп, 864 киши жабыркады.

Кыргызстандык оор отлетчи Бекдөөлөт Расулбеков Олимпиада оюндарында алтынчы орунду камсыздады.

Кытайдын Синьсян аймагында нөшөрлөгөн жаан жаап, 73 киши каза болду.

Президент Садыр Жапаров мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында ишке ашкан "Кыргыз алтын ювелирпром" ишканасынын ачылышында болду.

 

213
  • Өткөн аптада Анталиянын тегерек-четиндеги токойлордо өрт чыгып, туристтик аймактын жетекчилигин бир топ оор абалга кетпеди.
    © AFP 2021 / ILYAS AKENGIN

    Өткөн аптада Анталиянын тегерек-четиндеги токойлордо өрт чыгып, туристтик аймактын жетекчилигин бир топ оор абалга кетпеди.

  • Кыргызстандык оор отлетчи Бекдөөлөт Расулбеков Олимпиада оюндарында алтынчы орунду камсыздады
    © REUTERS / EDGARD GARRIDO

    Кыргызстандык оор отлетчи Бекдөөлөт Расулбеков Олимпиада оюндарында алтынчы орунду камсыздады

  • АКШ Ак үйүнүн алдындагы митингдин катышуучусу
    © AFP 2021 / ANDREW CABALLERO-REYNOLDS

    АКШ Ак үйүнүн алдындагы митингдин катышуучусу

  • Коронавируска анализ тапшырып жаткан аял. Коломбо (Шри-Ланка)
    © AFP 2021 / ISHARA S. KODIKARA

    Коронавируска анализ тапшырып жаткан аял. Коломбо (Шри-Ланка)

  • Улуу Британиянын мураскер ханзаадасы Чарльз менен премьер-министр Борис Жонсон Стаффордширде каза болгон полиция кызматкерлеринин элесине арналган мемориалдын ачылышында
    © REUTERS / POOL

    Улуу Британиянын мураскер ханзаадасы Чарльз менен премьер-министр Борис Жонсон Стаффордширде каза болгон полиция кызматкерлеринин элесине арналган мемориалдын ачылышында

  • Чикагодогу Lollapalooza фестивалында
    © AP Photo / Shafkat Anowar

    Чикагодогу Lollapalooza фестивалында

  • Балык уулаган киши. Индия
    © AP Photo / Dar Yasin

    Балык уулаган киши. Индия

  • Кытайдын Синьсян айтамагында нөшөрлөгөн жаан жаап, 73 киши каза болду
    © AP Photo / Dake Kang

    Кытайдын Синьсян айтамагында нөшөрлөгөн жаан жаап, 73 киши каза болду

  • Miss Maxim 2021 сынагынын катышуучулары. Москва шаары
    © Sputnik / Евгений Одиноков

    Miss Maxim 2021 сынагынын катышуучулары. Москва шаары

  • Президент Садыр Жапаров мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында ишке ашкан Кыргызалтын ювелирпром ишканасынын ачылышында болду
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

    Президент Садыр Жапаров мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында ишке ашкан "Кыргызалтын ювелирпром" ишканасынын ачылышында болду

  • Индияда эмделүүгө кезек күткөндөр
    © AP Photo / Mahesh Kumar A

    Индияда эмделүүгө кезек күткөндөр

  • Франция президенти Эммануэль Макрондун Полинезияга жасаган сапарынан бир көрүнүш
    © AP Photo / Esther Cuneo

    Франция президенти Эммануэль Макрондун Полинезияга жасаган сапарынан бир көрүнүш

  • “Манас” аэропортуна келип түшкөн AstraZeneca вакцинасынын биринчи партиясы
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    “Манас” аэропортуна келип түшкөн AstraZeneca вакцинасынын биринчи партиясы

  • Калифорнияда (АКШ) токойлор өрттөндү
    © AP Photo / Noah Berger

    Калифорнияда (АКШ) токойлор өрттөндү

  • Кыргызстандык Айпери Медет кызы Токиодогу Олимпиада оюндарынын жарым финалында дүйнөнүн беш жолку чеимпиону Аделина Грей менен беттешти. Тилекке каршы, 2:3 эсеби менен жеңилип калды
    © AFP 2021 / JACK GUEZ

    Кыргызстандык Айпери Медет кызы Токиодогу Олимпиада оюндарынын жарым финалында дүйнөнүн беш жолку чеимпиону Аделина Грей менен беттешти. Тилекке каршы, 2:3 эсеби менен жеңилип калды

  • Бразилиянын Сан-Жоакин муниципалитетиндеги тоңгон бактар. Өлкөнүн көпчүлүк штаттарында рекорддук көрсөткүчкө жеткен суук болду
    © AP Photo / Mycchel Legnaghi

    Бразилиянын Сан-Жоакин муниципалитетиндеги тоңгон бактар. Өлкөнүн көпчүлүк штаттарында рекорддук көрсөткүчкө жеткен суук болду

Белгилер:
Кыргызстан, дүйнө, олимпиада, кырсык, спорт, сүрөт
Тема боюнча
Чекчейип, кемшейип, чочуп... Токио Олимпиадасындагы атлеттердин эмоциясы

Чекчейип, кемшейип, чочуп... Токио Олимпиадасындагы атлеттердин эмоциясы

325
  • Венгриялык суучул Кристоф Милак баттерфляй ыкмасы менен 200 метр аралыкка сүзүп Олимпиада чемпиону болгон. Ал медаль алуу аземинде колундагы гүлүн бир башкача караганы менен эсте калды
  • Португалиянын дарбазачысы Густаво Капдевиль менен Швециянын оюнчусу Лукас Пеллас гандбол мелдешинде топ талашып жаткан кез
  • Сунулган колдор... Волейбол турнириндеги эң жоопкерчиликтүү учурда польшалык үч спортчу тең топту уруп өткөрүүгө аракет кылууда
  • Кайыкта жарышкан британиялык спортчу Брэдли Форбс-Крайанс оң тарабынан коркуткандай караганы тартылып калган
  • Кайрадан венгриялык суучул Милак. Фотографтар анын эле аркасынан жүргөндөй
  • Адатта интернет колдонуучулары бийиктен секирген же катуу ылдамдыкта чуркап бараткан спортчулардын бетинен мемдерди ойлоп табышат. Бул сүрөттөр да жаңы мемдерди пайда кылса керек
  • Фотограф Венгриянын гандболисти Жужанна Томоринин мурдуна атаандашынын буту тийип кеткен учурду тартып алган. Спортчу жабыркаган эмес
  • Үч башка эмоция менен түшкөн Италиянын суучулдары
  • Даниялык гандболчу Лассе Андерссон оюн учурунда бутунан жаракат алган. Ал оюнду ушинтип кабагын салып, жатып алып көргөн
  • Россиялык суучул Евгения Рылованын мышыктын тумшугу түшүрүлгөн бет кабы да кызыгууну жаратты
  • Дагы бир италиялык суучул Томас Чеккон. Ал сүзүп баратып дем алууга үлгүрүп жатканын байкоого болот
  • Секирсе өрүлгөн эки чачы эки жакка кеткен спортчу кыз
  • Суу үстүндөгү күрөш. Сербиялык ватерполчу Дусан Мандич казакстандык Мурат Шакеновдон топ талашууда.
  • Россиялык волейболчу Светлана Холомина бир командадагы Надежда Макрогузованы алкоо иретинде жамбашка чапкан
  • Корей спортчу Ли Сан Сунун көз жагынан теннистин тобу өтүп бараткан учурду фотограф кармап калган. Бир караган киши көзүнө эмне болгон деши мүмкүн.
  • Япониялык софтболчу Ю Ямамото топту кармап баратып спорттук аянтчадан ары ашып кеткен
Токиодо Олимпиада оюндары уланууда. Дүйнө эли күтүп, толкунданып, байкоо салып турган ири спорттук иш-чарада күлкүлүү жана кызыктуу учурлар болбой койбойт.

Токиодогу мелдешти ондогон мамлекеттен барган оператор жана фотографтар чагылдырууда. Коронавируска байланыштуу күйөрмандардын аздыгынан да ЖМКнын көңүлү спортчуларга көп бурулуп жатканы анык.

Сүрөт түрмөктөн атлеттердин машыгууда жана мелдеш маалында ой-толгоолору жана эмоцияларын, ошондой эле күлкүлүү жана кызыктуу учурлардагы кебетелерин көрүүгө болот.

325
  • Венгриялык суучул Кристоф Милак баттерфляй ыкмасы менен 200 метр аралыкка сүзүп Олимпиада чемпиону болгон. Ал медаль алуу аземинде колундагы гүлүн бир башкача караганы менен эсте калды
    © REUTERS / Aleksandra Szmigiel

    Венгриялык суучул Кристоф Милак баттерфляй ыкмасы менен 200 метр аралыкка сүзүп Олимпиада чемпиону болгон. Ал медаль алуу аземинде колундагы гүлүн бир башкача караганы менен эсте калды

  • Португалиянын дарбазачысы Густаво Капдевиль менен Швециянын оюнчусу Лукас Пеллас гандбол мелдешинде топ талашып жаткан кез
    © AFP 2021 / Martin Bernetti

    Португалиянын дарбазачысы Густаво Капдевиль менен Швециянын оюнчусу Лукас Пеллас гандбол мелдешинде топ талашып жаткан кез

  • Сунулган колдор... Волейбол турнириндеги эң жоопкерчиликтүү учурда польшалык үч спортчу тең топту уруп өткөрүүгө аракет кылууда
    © AFP 2021 / Angela Weiss

    Сунулган колдор... Волейбол турнириндеги эң жоопкерчиликтүү учурда польшалык үч спортчу тең топту уруп өткөрүүгө аракет кылууда

  • Кайыкта жарышкан британиялык спортчу Брэдли Форбс-Крайанс оң тарабынан коркуткандай караганы тартылып калган
    © AP Photo / Kirsty Wigglesworth

    Кайыкта жарышкан британиялык спортчу Брэдли Форбс-Крайанс оң тарабынан коркуткандай караганы тартылып калган

  • Кайрадан венгриялык суучул Милак. Фотографтар анын эле аркасынан жүргөндөй
    © REUTERS / Marko Djurica

    Кайрадан венгриялык суучул Милак. Фотографтар анын эле аркасынан жүргөндөй

  • Адатта интернет колдонуучулары бийиктен секирген же катуу ылдамдыкта чуркап бараткан спортчулардын бетинен мемдерди ойлоп табышат. Бул сүрөттөр да жаңы мемдерди пайда кылса керек
    © AP Photo / Matthias Schrader

    Адатта интернет колдонуучулары бийиктен секирген же катуу ылдамдыкта чуркап бараткан спортчулардын бетинен мемдерди ойлоп табышат. Бул сүрөттөр да жаңы мемдерди пайда кылса керек

  • Фотограф Венгриянын гандболисти Жужанна Томоринин мурдуна атаандашынын буту тийип кеткен учурду тартып алган. Спортчу жабыркаган эмес
    © REUTERS / Gonzalo Fuentes

    Фотограф Венгриянын гандболисти Жужанна Томоринин мурдуна атаандашынын буту тийип кеткен учурду тартып алган. Спортчу жабыркаган эмес

  • Үч башка эмоция менен түшкөн Италиянын суучулдары
    © REUTERS / Kacper Pempel

    Үч башка эмоция менен түшкөн Италиянын суучулдары

  • Даниялык гандболчу Лассе Андерссон оюн учурунда бутунан жаракат алган. Ал оюнду ушинтип кабагын салып, жатып алып көргөн
    © AP Photo / Pavel Golovkin

    Даниялык гандболчу Лассе Андерссон оюн учурунда бутунан жаракат алган. Ал оюнду ушинтип кабагын салып, жатып алып көргөн

  • Россиялык суучул Евгения Рылованын мышыктын тумшугу түшүрүлгөн бет кабы да кызыгууну жаратты
    © Sputnik / Grigory Sysoev

    Россиялык суучул Евгения Рылованын мышыктын тумшугу түшүрүлгөн бет кабы да кызыгууну жаратты

  • Дагы бир италиялык суучул Томас Чеккон. Ал сүзүп баратып дем алууга үлгүрүп жатканын байкоого болот
    © AP Photo / Matthias Schrader

    Дагы бир италиялык суучул Томас Чеккон. Ал сүзүп баратып дем алууга үлгүрүп жатканын байкоого болот

  • Секирсе өрүлгөн эки чачы эки жакка кеткен спортчу кыз
    © REUTERS / John Sibley

    Секирсе өрүлгөн эки чачы эки жакка кеткен спортчу кыз

  • Суу үстүндөгү күрөш. Сербиялык ватерполчу Дусан Мандич казакстандык Мурат Шакеновдон топ талашууда.
    © REUTERS / Kacper Pempel

    Суу үстүндөгү күрөш. Сербиялык ватерполчу Дусан Мандич казакстандык Мурат Шакеновдон топ талашууда.

  • Россиялык волейболчу Светлана Холомина бир командадагы Надежда Макрогузованы алкоо иретинде жамбашка чапкан
    © Sputnik / Vladimir Pesnya

    Россиялык волейболчу Светлана Холомина бир командадагы Надежда Макрогузованы алкоо иретинде жамбашка чапкан

  • Корей спортчу Ли Сан Сунун көз жагынан теннистин тобу өтүп бараткан учурду фотограф кармап калган. Бир караган киши көзүнө эмне болгон деши мүмкүн.
    © AFP 2021 / Jung Yeon-je

    Корей спортчу Ли Сан Сунун көз жагынан теннистин тобу өтүп бараткан учурду фотограф кармап калган. Бир караган киши көзүнө эмне болгон деши мүмкүн.

  • Япониялык софтболчу Ю Ямамото топту кармап баратып спорттук аянтчадан ары ашып кеткен
    © AP Photo / Sue Ogrocki

    Япониялык софтболчу Ю Ямамото топту кармап баратып спорттук аянтчадан ары ашып кеткен

Белгилер:
Токио, олимпиада, сүрөт, мелдеш
Тема:
2021-жылы Токиодо өтө турган Олимпиада оюндары
Тема боюнча
iPhone менен тартылган мыкты сүрөттөр: Photography Awards 2021 сынагы жыйынтыкталды   
Зергерлер жана ишкерлер союзунун президенти Сталбек Акматов

Акматов: өзгөчө кырдаал жөнүндө мыйзам инвестицияга бөгөт коет

0
Зергерлер жана ишкерлер союзунун президенти Сталбек Акматов "Экономикалык өзгөчө кырдаал жөнүндө" мыйзам долбоору шашылыш кабыл алынгандыгын билдирди.

Аталган мыйзам ишке кирсе ички жана сырткы инвестицияга бөгөт коет. Мындай пикирин Сталбек Акматов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып белгиледи.

Акматов: өзгөчө кырдаал жөнүндө мыйзам инвестицияга бөгөт коет

Анын айтымында, мыйзамдын чийки жерлери көп жана ал президент кол койгонго чейин дыкат каралып чыгышы керек.

"Экономикалык өзгөчө кырдаал жөнүндө" мыйзам долбоорун эмнеликтен Жогорку Кеңеш өтө шашылыш тартипте карап, үч окуудан тең бир заматта өткөрүп койгонун ишкерлер түшүнгөн жокпуз. Кыргызстанда ансыз да бизнес жасоо оор болуп, бир четинен пандемия күчөп турган учурда бул долбоор ишкерликке чоң тоскоолдуктарды жаратат. Анда чийки, дыкат иштелип чыкпаган жерлери арбын экен. Биз ишкерлер президент кол койгонго чейин бул мыйзамдын кайрадан каралып чыгышын өлкө башчыдан өтүнүп жатабыз. Аталган мыйзам иштеп баштаса ички дагы, сырткы дагы инвестицияга бөгөт коет",— деди Акматов.

Ал өлкө экономикасын көтөрүү үчүн тескерисинче ишкерлерге колдоо көрсөтүү зарылдыгын кошумчалады.

Эске сала кетсек, Жогорку Кеңеш ушул жылдын 29-июль күнү "Экономикалык өзгөчө кырдаал жөнүндө" мыйзам долбоорун үч окуудан өткөрүп кабыл алган. Анын демилгечиси, экономика жана финансы министри Акылбек Жапаровдун айтымында, мыйзам өлкө экономикасынын төмөндөшүнүн алдын алыш үчүн иштелип чыккан.

0
Белгилер:
Сталбек Акматов, экономика, ишкерлик, мыйзам
Тема боюнча
Экономикалык өзгөчө кырдаал боюнча мыйзам жактырылды. Ал эмне үчүн керек