Окуудан киного качкан Чоро. Актёр Думанаевдин чыгармачылыгындагы ирмемдер

Жазылуу
Бүгүн белгилүү кино жана театр актёру Чоро Думанаевдин туулган күнү. Узак убакыттан бери театрда иштеп, тасмаларда роль жараткан талант 69 жашка толду.

Sputnik Кыргызстан агенттиги чыгармачыл инсандын сүрөттөгү сейрек ирмемдерин сунуштайт.

Чоро Думанаев Нарын облусундагы Миң-Булак айылында колхозчунун үй-бүлөсүндө 1952-жылы 20-июнда туулуп, балалыгы Фрунзе шаарында агасыныкында өткөн. Себеби атасы уулунун жакшы билим алуусун көксөп борбор калаага жөнөткөн. Окуучу кезинде "Космонавттар көчөсү" фильмине тартылып маданиятка аралашып, мектепти бүткөндөн кийин жаш жигит жакындарынын сунушу менен курулуш техникумуна тапшырган. Бирок ал эч кимге айтпай окуусун таштап, Болот Шамшиевге кошулуп киного тартылганы кетип калган.

Чыңгыз Айтматов жубайы Мария Айтматова менен - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.04.2021
Чыңгыз жана Мария Айтматовдордун суктанткан сүрөттөрү. Жазуучуга муза эле...
Кийин Төлөмүш Океев, Геннадий Базаров, Жали Соданбек сыяктуу таланттуу режиссёрлор менен иштешип, кинематографияга баш-оту менен кирип, 1970-жылдан баштап "Кыргызфильмге", 1975-жылдан тарта Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрында актёр болуп кирип, андан соң Ташкент шаарындагы театралдык институтту аяктаган.

Думанаев чыгармачылыгында "Көчө", "Ак кеме", "Кызыл алма", "Отко таазим", "Дилетант", "Ысык-Көлдүн кызгалдактары", "Каныбек", "Ак илбирстин тукуму", "Чиркин өмүр", "Шаркыратма" , "Отко таазим" сыяктуу 20дай кино картинага тартылган.

КРдин эл артисти ошол эле маалда, 1975-жылдан баштап Муратбек Рыскулов, Сабира Күмүшалиева, Советбек Жумадылов өңдүү залкарлар менен иштешсе, азыр жаштарга жол көрсөтүп чогуу сахнага чыгып келүүдө.

© Sputnik / Александр ФедоровЧоро Думанаев он жашында алгачкы тасмасына тартылган
Народный артист КР Чоро Думанаев - Sputnik Кыргызстан
1/12
Чоро Думанаев он жашында алгачкы тасмасына тартылган
© Sputnik / Александр ФедоровГеннадий Базаровдун "Каныбек" кинокартинасында роль жараткан Аман Камчыбеков менен Чоро Думанаев
Народный артист КР Чоро Думанаев - Sputnik Кыргызстан
2/12
Геннадий Базаровдун "Каныбек" кинокартинасында роль жараткан Аман Камчыбеков менен Чоро Думанаев
© Sputnik / Александр ФедоровРежиссёр Юрий Борецскийдин "Шаркыратмасында" актёр башкы каарман Асандын ролун аткарып жаткан учуру
Народный артист КР Чоро Думанаев - Sputnik Кыргызстан
3/12
Режиссёр Юрий Борецскийдин "Шаркыратмасында" актёр башкы каарман Асандын ролун аткарып жаткан учуру
© Sputnik / Александр Федоров"Көчө" кинофильмин тартуу учуру. Сүрөттө режиссёр Геннадий Базаров, актёр Насыр Кытаев жана жаш Чоро
Народный артист КР Чоро Думанаев - Sputnik Кыргызстан
4/12
"Көчө" кинофильмин тартуу учуру. Сүрөттө режиссёр Геннадий Базаров, актёр Насыр Кытаев жана жаш Чоро
© Sputnik / Александр ФедоровБазаровдун "Көчөсүндө" Думанаев башкы каарман Аваздын ролун аткарган
Народный артист КР Чоро Думанаев - Sputnik Кыргызстан
5/12
Базаровдун "Көчөсүндө" Думанаев башкы каарман Аваздын ролун аткарган
© Sputnik / Александр Федоров"Каныбек" фильминде Советбек Жумадылов менен Чоро Думанаев
Народный артист Кыргызстана Чоро Думанаев - Sputnik Кыргызстан
6/12
"Каныбек" фильминде Советбек Жумадылов менен Чоро Думанаев
© Sputnik / Александр ФедоровАктёр Чоро Думанаев "Шаркыратма" тасмасында Асандын ролунда
Народный артист КР Чоро Думанаев - Sputnik Кыргызстан
7/12
Актёр Чоро Думанаев "Шаркыратма" тасмасында Асандын ролунда
© Sputnik / Александр ФедоровШахмат ойногон Чокморов менен анын каршылашына көз салган жаш Думанаев
Народный артист КР Чоро Думанаев - Sputnik Кыргызстан
8/12
Шахмат ойногон Чокморов менен анын каршылашына көз салган жаш Думанаев
© Sputnik / Александр ФедоровКыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти жана москвалык актриса Майя Булгакова
Народный артист КР Чоро Думанаев - Sputnik Кыргызстан
9/12
Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти жана москвалык актриса Майя Булгакова
© Sputnik / Александр ФедоровРежиссёр Жали Соданбектин "Гибель во имя рождения" фильмин тартуу учуру
Народный артист КР Чоро Думанаев - Sputnik Кыргызстан
10/12
Режиссёр Жали Соданбектин "Гибель во имя рождения" фильмин тартуу учуру
© Sputnik / Александр ФедоровКРдин эл артисти кыргыздын күчтүү кинематографисттери менен иштешкен
Народный артист КР Чоро Думанаев - Sputnik Кыргызстан
11/12
КРдин эл артисти кыргыздын күчтүү кинематографисттери менен иштешкен
© Sputnik / Александр Федоров69 жаштагы театр ишмери азыр дагы театрда эмгектенип келет
Народный артист Кыргызстана Чоро Думанаев - Sputnik Кыргызстан
12/12
69 жаштагы театр ишмери азыр дагы театрда эмгектенип келет
Жаңылыктар түрмөгү
0