Айтса санаты бүтпөгөн Саякбай. Улуу манасчынын көпчүлүк көрө элек сүрөттөрү

319
(жаңыланган 20:28 04.07.2021)
  • 1939-жылы Москвада өткөн кыргыз искусствосу жана адабияты декадасынын катышуучусу Саякбай Каралаевдин Манас айткан учуру. Кызыл Кыргызстан гезити 1945-жылы 30-октябрдагы санына декада учурунда буркан-шаркан түшүп айтылган Манасты уккан Сталин Каралаевдин талантына таң бергенин жазган
  • Каралаев 1935-1954-жылдары филармонияда иштейт, бир нече ирет маданий кечелерге катышып Москвага да барган. Ошондой иш-чаралардын биринде акын Абдыкалык Чоробаев, төкмө акын Алымкул Үсөнбаев, жазуучу Аалы Токомбаев жана манасчы Саякбай Каралаев сүрөткө (солдон оңго) түшкөн. Москва, 1961-жыл
  • Москвада өткөн Тоголок Молдону эскерүү кечесинде тартылган сүрөт. Акын-жазуучулар (солдон оңго) Абдыкалык Чоробаев, Касымалы Жантөшев, Николай Грибачев, манасчы Саякбай Каралаев жана өзбек акыны Гафур Гулям маектешүүдө
  • Манасчы кыргыз искусствосунун Москвада өткөн I декаданын жана кийинки декадалардын катышуучусу. Анын советтик кыргыз маданиятын өнүктүрүүдөгү орчундуу эмгеги жогору бааланган. Сүрөттө манасчы Саякбай Каралаев, акын Кубанычбек Маликов, артисттер Кемел Албанов жана Имаш Эшимбеков. Каралаевдин абдан тамашакөй болгону айтылып келет
  • Саякбай маектеринин биринде өмүрүмдө бир жолу ырахат алдым. Манасты толук айтып, 23 күн Солтон-Сарыда жүрдүм деген. Ал тамагын эртең менен сары май менен майлап алып, чарчаганда эс алып, 23 күн бою Манас айткан экен
  • Манасчы Саякбай Каралаев кыргыз эл акыны Темиркул Үмөталиев менен түшкөн сүрөт. Улуу манасчы 1938-жылы СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон
  • Саякбайдын айтуусунда Манас, Семетей, Сейтек бөлүмдөрү, Кенендин жана анын уулдары Алымсарык менен Кунансарыктын окуялары кагазга түшүрүлгөн
  • Саякбай Каралаев өз үйүндө, жакындарынын курчоосунда отурат. Улуу манасчынын эки уулу жана төрт кызы болгон. Фрунзе шаары
  • Акыркы могикан аталган Саякбай Каралаев үй-бүлөсү менен. 1959-жыл
Тулку боюна Манасты сиңирген Саякбай уулдарына да эпостогу ээрчишкен баатырлар өзүнө жакын Чубак менен Сыргактын ысымын ыйгарган
  • Жергиликтүү кеңешти шайлоо учуру. Фрунзе шаарындагы №18 шайлоо участкасында манасчы, Кыргыз ССРинин эл артисти Саякбай Каралаев байбичеси Бейшекан, келини Азим менен добуш берип жаткан кези. 1965-жыл
  • Белгилүү прозаик, драматург, балдар жазуучу Шүкүрбек Бейшеналиев, манасчы Саякбай Каралаев жана улуу манасчынын байбичеси Фрунзе шаарында. 1966-жыл
  • Каралаевдин байбичеси менен түшкөн сүрөтү. Манасчы 1916-жылдагы Үркүндөн кийинки эл башына түшкөн кыйын күндөр кайта элек, ачкачылык мезгилинде үйлөнүптүр
  • Саякбай Каралаев Манас, Семетей, Сейтек үчилтигинен сырткары Эркин таңында, Эр Төштүк, Бүркүттөр, Канаттуу куштар, Унутулгус күндөр, Делдеш баатыр, Эстен кетпейт, Томор мерген сыяктуу чыгармаларды жараткан.
Солдон оңго: Абдрасул Токтомушев, Саякбай Каралаев, балдар жазуучусу Касым Каимов, акын Райкан Шүкүрбеков жана Шүкүрбековдун жубайы Ажар
  • Кыргыз элинин улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматов: Эгер менден өз элиңдин улуу адамдарынан кимди билесиң деп сураса, биринчи кылып Саякбай Каралаевди айтар элем, - деген.
  • Ысык-Көлдө манасчы Саякбай Каралаевдин 100 жылдыгын белгилөөгө арналып каз катар тигилген боз үйлөр. 1994-жыл
  • Улуу манасчынын Тоң районунун Ак-Өлөң айылында өткөрүлгөн 100 жылдыгында Карасаевдин кызы журналисттерге интервью берүүдө. 1994-жыл
  • Ысык-Көлдө кино тартып жаткан учур. Колуна Карачолок аттуу бүркүтүн кондуруп алган залкар манасчы Саякбай Каралаев менен СССРдин мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, КРдин эл артисти Болот Шамшиев жана киночулардын сүрөтү. 1964-жыл
Улуу манасчы Саякбай Каралаев 1894-жылы Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Ак-Өлөң айылында туулган. Ал аян алып, баатырлардын батасынан кийин "Манас" айта баштаган.

Саякбай Каралаев "Манасты" эл алдында 1925-жылдан баштап толук айткан. 1930-жылдардын баш чендеринен тартып манасчы катары коомчулукка билинип, 1935-жылдан тартып андан эпостун тексттери жазыла баштайт. 1936-жылдан Каралаевдин толук варианты боюнча "Манас" эпосун жазуу иши башталып, 1937-жылы үчилтиктин биринчи бөлүгү, кийин "Семетей", "Сейтек" жазылып алынган. Мурда белгисиз Кенендин, Алымсарыктын жана Кулансарыктын окуялары эпостун уландысы болгон. "Манас" эпосунун бул вариантынын жалпы көлөмү 500 553 ыр сабын түзгөн.

Ошентип "Манас" дүйнөдө өзү сыяктуу чыгармалардын ичиндеги көлөм жагынан теңдеши жок эпос болсо, Саякбай Каралаев манасчылардын арасындагы эң чоң варианттын жаратуучусу.

Казак элинин белгилүү алп жазуучусу Мухтар Ауэзов Саякбай Каралаевдин айтуусундагы "Манас" эпосун жаздыртуу учурунда катуу таасирленип, көз жаш төккөн да жайы бар. Кийин ал киши улуу манасчыга "Акыркы могикан" деген сыймыктуу ат ыйгарган.

Манасчы 1938-жылдан баштап СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү болот. Кыргыз искусствосунун Москвада өткөн 1-декадасынын жана андан кийинки декадаларга да катышат. Ал эми 1935-1954-жылдары филармонияда иштеген.

Каралаев "Манас", "Семетей", "Сейтек" үчилтигинен сырткары "Эркин таңында", "Эр Төштүк", "Бүркүттөр", "Канаттуу куштар", "Унутулгус күндөр", "Делдеш баатыр", "Эстен кетпейт", "Томор мерген" сыяктуу аңгеме, жомокторду жараткан.

Каралаев мүнүшкөр дагы болгон. Бул анын жан дилин берген сүйүктүү иши эле. Ал "Көйрөңкара", "Боз жигит", "Күлдүбадам", "Карачолок" деген бүркүттөрүн Көлдөгү туугандарына бактырып, шаардан колу бошор менен Көлгө барып бүркүт салып турган. "Карачолок" аттуу бүркүтү менен кинофильмге тартылып, анысы эстелик болуп калды.

1971-жылдын майында улуу манасчы ооруканага түшүп калып, эч кимди тааныбай калган. Бирок оору менен алышып жатса да оозунан түшүрбөй  "манас" күңгүрөнүп, унуткан эмес. Акыркы деми калгыча "Манас" айткан Каралаев 77 жашында дүйнө салган.

Саякбай Каралаевге 1939-жылы Кыргыз ССРинин эл артисти наамы ыйгарылган.

Улуу манасчынын айкелин скульптор Тургунбай Садыков 1962-жылдары манасчыны эптеп көндүрүп алып келип, маңдайына отургузуп коюп жасаган экен. Бул окуяны бедизчи кийин кыргыздын Гомерин эскерүү учурунда айтып берген.

Каралаевдин элесин полотного түшүргөн сүрөтчүлөр да болгон. Белгилүү сүрөтчү Сүймөнкул Чокморов эки ирет тартып, буга жети жылдык өмүрүн короткон экен.

Мындан тышкары, Саякбай Каралаевге арнап режиссёр Болот Шамшиев "Манасчы" даректүү фильмин тарткан. Бул тасма Германияда өткөн сынакта 80 фильмдин ичинен баш байгени багынтып, алтын медаль алат. Андан кийин да белгилүү режиссёр Мелис Убукеев "Саякбай Каралаев" аттуу үч бөлүктөн турган кинокартина жараткан. Режиссёр 1988-жылы бул линияны "Улуу манасчы" аттуу жети бөлүктөн турган толук метраждуу фильм менен уланткан.

Кийинки жылдары Эрнест Абдыжапаров да манасчынын бейнесине багыштап көркөм фильм жаратты.

Ошондой эле 2000-жылы чыгарган 500 сом өлчөмүндөгү кагаз акчага Улуттук банк Саякбай Каралаевдин сүрөтүн түшүргөн.

319
  • 1939-жылы Москвада өткөн кыргыз искусствосу жана адабияты декадасынын катышуучусу Саякбай Каралаевдин Манас айткан учуру. Кызыл Кыргызстан гезити 1945-жылы 30-октябрдагы санына декада учурунда буркан-шаркан түшүп айтылган Манасты уккан Сталин Каралаевдин талантына таң бергенин жазган
    © Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КР

    1939-жылы Москвада өткөн кыргыз искусствосу жана адабияты декадасынын катышуучусу Саякбай Каралаевдин "Манас" айткан учуру. "Кызыл Кыргызстан" гезити 1945-жылы 30-октябрдагы санына декада учурунда буркан-шаркан түшүп айтылган "Манасты" уккан Сталин Каралаевдин талантына таң бергенин жазган

  • Каралаев 1935-1954-жылдары филармонияда иштейт, бир нече ирет маданий кечелерге катышып Москвага да барган. Ошондой иш-чаралардын биринде акын Абдыкалык Чоробаев, төкмө акын Алымкул Үсөнбаев, жазуучу Аалы Токомбаев жана манасчы Саякбай Каралаев сүрөткө (солдон оңго) түшкөн. Москва, 1961-жыл
    © Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КР

    Каралаев 1935-1954-жылдары филармонияда иштейт, бир нече ирет маданий кечелерге катышып Москвага да барган. Ошондой иш-чаралардын биринде акын Абдыкалык Чоробаев, төкмө акын Алымкул Үсөнбаев, жазуучу Аалы Токомбаев жана манасчы Саякбай Каралаев сүрөткө (солдон оңго) түшкөн. Москва, 1961-жыл

  • Москвада өткөн Тоголок Молдону эскерүү кечесинде тартылган сүрөт. Акын-жазуучулар (солдон оңго) Абдыкалык Чоробаев, Касымалы Жантөшев, Николай Грибачев, манасчы Саякбай Каралаев жана өзбек акыны Гафур Гулям маектешүүдө
    © Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КР

    Москвада өткөн Тоголок Молдону эскерүү кечесинде тартылган сүрөт. Акын-жазуучулар (солдон оңго) Абдыкалык Чоробаев, Касымалы Жантөшев, Николай Грибачев, манасчы Саякбай Каралаев жана өзбек акыны Гафур Гулям маектешүүдө

  • Манасчы кыргыз искусствосунун Москвада өткөн I декаданын жана кийинки декадалардын катышуучусу. Анын советтик кыргыз маданиятын өнүктүрүүдөгү орчундуу эмгеги жогору бааланган. Сүрөттө манасчы Саякбай Каралаев, акын Кубанычбек Маликов, артисттер Кемел Албанов жана Имаш Эшимбеков. Каралаевдин абдан тамашакөй болгону айтылып келет
    © Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КР

    Манасчы кыргыз искусствосунун Москвада өткөн I декаданын жана кийинки декадалардын катышуучусу. Анын советтик кыргыз маданиятын өнүктүрүүдөгү орчундуу эмгеги жогору бааланган. Сүрөттө манасчы Саякбай Каралаев, акын Кубанычбек Маликов, артисттер Кемел Албанов жана Имаш Эшимбеков. Каралаевдин абдан тамашакөй болгону айтылып келет

  • Саякбай маектеринин биринде өмүрүмдө бир жолу ырахат алдым. Манасты толук айтып, 23 күн Солтон-Сарыда жүрдүм деген. Ал тамагын эртең менен сары май менен майлап алып, чарчаганда эс алып, 23 күн бою Манас айткан экен
    © Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КР

    Саякбай маектеринин биринде "өмүрүмдө бир жолу ырахат алдым. "Манасты" толук айтып, 23 күн Солтон-Сарыда жүрдүм" деген. Ал тамагын эртең менен сары май менен майлап алып, чарчаганда эс алып, 23 күн бою "Манас" айткан экен

  • Манасчы Саякбай Каралаев кыргыз эл акыны Темиркул Үмөталиев менен түшкөн сүрөт. Улуу манасчы 1938-жылы СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон
    © Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КР

    Манасчы Саякбай Каралаев кыргыз эл акыны Темиркул Үмөталиев менен түшкөн сүрөт. Улуу манасчы 1938-жылы СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон

  • Саякбайдын айтуусунда Манас, Семетей, Сейтек бөлүмдөрү, Кенендин жана анын уулдары Алымсарык менен Кунансарыктын окуялары кагазга түшүрүлгөн
    © Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КР

    Саякбайдын айтуусунда Манас, Семетей, Сейтек бөлүмдөрү, Кенендин жана анын уулдары Алымсарык менен Кунансарыктын окуялары кагазга түшүрүлгөн

  • Саякбай Каралаев өз үйүндө, жакындарынын курчоосунда отурат. Улуу манасчынын эки уулу жана төрт кызы болгон. Фрунзе шаары
    © Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КР

    Саякбай Каралаев өз үйүндө, жакындарынын курчоосунда отурат. Улуу манасчынын эки уулу жана төрт кызы болгон. Фрунзе шаары

  • Акыркы могикан аталган Саякбай Каралаев үй-бүлөсү менен. 1959-жыл
Тулку боюна Манасты сиңирген Саякбай уулдарына да эпостогу ээрчишкен баатырлар өзүнө жакын Чубак менен Сыргактын ысымын ыйгарган
    © Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КР

    Акыркы могикан аталган Саякбай Каралаев үй-бүлөсү менен. 1959-жыл
    Тулку боюна Манасты сиңирген Саякбай уулдарына да эпостогу ээрчишкен баатырлар өзүнө жакын Чубак менен Сыргактын ысымын ыйгарган

  • Жергиликтүү кеңешти шайлоо учуру. Фрунзе шаарындагы №18 шайлоо участкасында манасчы, Кыргыз ССРинин эл артисти Саякбай Каралаев байбичеси Бейшекан, келини Азим менен добуш берип жаткан кези. 1965-жыл
    © Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КР

    Жергиликтүү кеңешти шайлоо учуру. Фрунзе шаарындагы №18 шайлоо участкасында манасчы, Кыргыз ССРинин эл артисти Саякбай Каралаев байбичеси Бейшекан, келини Азим менен добуш берип жаткан кези. 1965-жыл

  • Белгилүү прозаик, драматург, балдар жазуучу Шүкүрбек Бейшеналиев, манасчы Саякбай Каралаев жана улуу манасчынын байбичеси Фрунзе шаарында. 1966-жыл
    © Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КР

    Белгилүү прозаик, драматург, балдар жазуучу Шүкүрбек Бейшеналиев, манасчы Саякбай Каралаев жана улуу манасчынын байбичеси Фрунзе шаарында. 1966-жыл

  • Каралаевдин байбичеси менен түшкөн сүрөтү. Манасчы 1916-жылдагы Үркүндөн кийинки эл башына түшкөн кыйын күндөр кайта элек, ачкачылык мезгилинде үйлөнүптүр
    © Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КР

    Каралаевдин байбичеси менен түшкөн сүрөтү. Манасчы 1916-жылдагы Үркүндөн кийинки эл башына түшкөн кыйын күндөр кайта элек, ачкачылык мезгилинде үйлөнүптүр

  • Саякбай Каралаев Манас, Семетей, Сейтек үчилтигинен сырткары Эркин таңында, Эр Төштүк, Бүркүттөр, Канаттуу куштар, Унутулгус күндөр, Делдеш баатыр, Эстен кетпейт, Томор мерген сыяктуу чыгармаларды жараткан.
Солдон оңго: Абдрасул Токтомушев, Саякбай Каралаев, балдар жазуучусу Касым Каимов, акын Райкан Шүкүрбеков жана Шүкүрбековдун жубайы Ажар
    © Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КР

    Саякбай Каралаев "Манас", "Семетей", "Сейтек" үчилтигинен сырткары "Эркин таңында", "Эр Төштүк", "Бүркүттөр", "Канаттуу куштар", "Унутулгус күндөр", "Делдеш баатыр", "Эстен кетпейт", "Томор мерген" сыяктуу чыгармаларды жараткан.
    Солдон оңго: Абдрасул Токтомушев, Саякбай Каралаев, балдар жазуучусу Касым Каимов, акын Райкан Шүкүрбеков жана Шүкүрбековдун жубайы Ажар

  • Кыргыз элинин улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматов: Эгер менден өз элиңдин улуу адамдарынан кимди билесиң деп сураса, биринчи кылып Саякбай Каралаевди айтар элем, - деген.
    © Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КР

    Кыргыз элинин улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматов: "Эгер менден өз элиңдин улуу адамдарынан кимди билесиң деп сураса, биринчи кылып Саякбай Каралаевди айтар элем", - деген.

  • Ысык-Көлдө манасчы Саякбай Каралаевдин 100 жылдыгын белгилөөгө арналып каз катар тигилген боз үйлөр. 1994-жыл
    © Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КР

    Ысык-Көлдө манасчы Саякбай Каралаевдин 100 жылдыгын белгилөөгө арналып каз катар тигилген боз үйлөр. 1994-жыл

  • Улуу манасчынын Тоң районунун Ак-Өлөң айылында өткөрүлгөн 100 жылдыгында Карасаевдин кызы журналисттерге интервью берүүдө. 1994-жыл
    © Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КР

    Улуу манасчынын Тоң районунун Ак-Өлөң айылында өткөрүлгөн 100 жылдыгында Карасаевдин кызы журналисттерге интервью берүүдө. 1994-жыл

  • Ысык-Көлдө кино тартып жаткан учур. Колуна Карачолок аттуу бүркүтүн кондуруп алган залкар манасчы Саякбай Каралаев менен СССРдин мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, КРдин эл артисти Болот Шамшиев жана киночулардын сүрөтү. 1964-жыл
    © Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КР

    Ысык-Көлдө кино тартып жаткан учур. Колуна "Карачолок" аттуу бүркүтүн кондуруп алган залкар манасчы Саякбай Каралаев менен СССРдин мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, КРдин эл артисти Болот Шамшиев жана киночулардын сүрөтү. 1964-жыл

  • Залкар манасчынын образы кыл калем чебери, актер Сүймөнкул Чокморов тарабынан бир эмес, эки ирет жаратылган. Чокморовдун Саякбай Каралаев сүрөтү
    © Sputnik / Юрий Каплун

    Залкар манасчынын образы кыл калем чебери, актер Сүймөнкул Чокморов тарабынан бир эмес, эки ирет жаратылган. Чокморовдун "Саякбай Каралаев" сүрөтү

Белгилер:
Саякбай Каралаев, манасчы, Манас эпосу, сүрөт, Фрунзе, Москва
Тема боюнча
Эл ырчысы Эстебес Турсуналиев 90 жашка чыкмак. Акындын сүрөттөгү элеси
Спектаклинде Нагима Айтматова роль ойногон. Сыдык Карачев тууралуу 9 факты

Сүйүнүч, күйүт, кайнаган эмоция! Кыргыз балбандарынын Олимпиададагы ирмемдери

139
(жаңыланган 20:50 05.08.2021)
  • Кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы Токио-2020 Олимпиадасында казакстандык Эльмира Сыздыкованын айласын кетирип жаткан чагы. 1-август, 2021-жыл.
  • Кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы Токио-2020 Олимпиадасында казакстандык Эльмира Сыздыкованын айласын кетирип жаткан чагы. 1-август, 2021-жыл.
  • Кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков жеңишти алдырган соң жигитчилик сапатын көрсөтүп, атаандашын куттуктап турат. 1-август, 2021-жыл.
  • Айпери Медет кызы беш жолку дүйнө чемпиону, америкалык тажрыйбалуу балбан Аделина Грейге акыркы дем-күчү менен чабуул коюп жатат. 2-август, 2021-жыл.
  • Кыргызстандык балбан, грек-рим күрөшүнүн чебери Акжол Махмудов (77килограмм) тунистик Ламджед Маафини ай-буйга келтирбей төрт упайлык ыкмага чапканы жатат. 2-август, 2021-жыл.
  • Мээрим Жуманазарова (68 килограмм) Олимпиада мелдешинин чейрек финалында кара күчкө бай нигериялык (көк кийимчен) Блессинг Оборудудуга каршы партерде коргонуп жатат. 2-август, 2021-жыл.
  • Акжол Махмудов армениялык Карапет Чалянды жерден көтөрүп артка ыргыткан ыкмасына каршы амал жасап, эки упай алды. Жарым финалдык беттештин эң маанилүү учуру... Жеңиш Акжол тарапта болду. 2-август, 2021-жыл.
  • Кыргыздын атактуу балбан кызы Айсулуу Тыныбекова (кызыл кийимчен) румыниялык Криста Инкзеден эки упай алып эле токтобостон, анын бутун кайчылаштырып тоголото ыкмага салганы жаткан учуру. 3-август, 2021-жыл.
  • Айсулуу Тыныбекова (кызыл кийимчен) украиналык балбан кыз Ирина Коляденкону утуп, Токио-2020 Олимпиадасынын финалына чыккан чагы. 3-август, 2021-жыл.
  • Кыргыз балбаны Акжол Махмудов (көк кийимчен) Олимпиаданын финалында венгриялык тажрыйбалуу спортчу Тамаш Лёринцке жеңилгенин жигитче мойнуна алууда. Өз кезегинде олимпиада чемпиону Акжолдун оңой эмес атаандаш болгонун айтып жатат. 3-август, 2021-жыл.
  • Кыргыз балбаны Акжол Махмудов болгону 22 жашында спорт дүйнөсүнүн туу чокусу болгон Олимпиада оюндарынын күмүш медалын тагынып турат. 3-август, 2021-жыл.
  • Кыргыздын балбан кызы Мээрим Жуманазарова (кызыл кийимчен) саналуу секунд мурда Олимпиаданын коло байгеси үчүн беттеште моңгол кызы Соронзонболдын Батцэцэгдин  далысын жерге басып, таза жеңиш менен утту. Сүрөттө ийгилигине чексиз ыраазы болуп турган чагы. 3-август, 2021-жыл.
  • Ажарлуу балбан кыз Мээрим Жуманазарова Олимпиаданын коло медалын тагынып, талыкпаган эмгектин үзүрүн, жеңиштин даамын татып турган жагымдуу учуру. 3-август, 2021-жыл.
  • Кыргыздын баатыр кызы Айсулуу Тыныбекова (кызыл кийимчен) Олимпиаданын алтын байгеси үчүн таймашта ар бир упай үчүн жан үрөп, япониялык атаандашы Юкако Каваинин (62 килограмм) чабуулунан коргонуп жаткан чагы. 4-август, 2021-жыл.
  • Айсулуу Тыныбекова Олимпиаданын күмүш медалын тагынып турган кези. Сыйлоо аземи. 4-август, 2021-жыл.
Токио-2020 Олимпиадасы Кыргызстандын тарыхында балбандардын катышуусу жагынан да, медаль жеңген көрсөткүчү жагынан да эң ийгиликтүү мелдеш болду. Өлкөнүн балбан кыздар-балдарынын таймаштагы ирмемдерин Sputnik Кыргызстандын сүрөт түрмөгүнөн көрүңүз.

Кыргызстандын грек-рим жана кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасы Токио-2020 Олимпиадасындагы оюндарын жыйынтыктады.

Бул даңазалуу ири спорттук мелдешке грек-рим күрөшү боюнча Жоламан Шаршенбеков (60 килограмм), Акжол Махмудов (77 килограмм), Атабек Азисбеков (87 килограмм) жана Үзүр Жусупбеков (97 килограмм) катышса, кыздар күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова (62 килограмм), Мээрим Жуманазарова (68 килограмм) жана Айпери Медет кызы (76 килограмм) намыс талашты.

Күрөштүн бул эки түрүнөн Олимпиадага барган жети балбандын төртөө медаль үчүн таймашка чыкты. Алардын экөө күмүш, бирөө коло медаль утту.

68 килограмм салмакта мелдешке чыккан Мээрим Жуманазарова Олимпиаданын коло медалын утту. Байге үчүн таймашта ал моңгол кызы Соронзонболдын Батцэцэгдин далысын жерге басып, таза жеңиш менен утту. Мээрим эгемен Кыргызстандын тарыхында Олимпиада медалын тагынган алгачкы балбан кыз болуп калды.

Грек-рим күрөшүнүн чебери Акжол Махмудов 77 килограмм салмакта ат салышып, Олимпиаданын күмүш медалын утту. Алтын байге үчүн финалдык беттеште ал венгриялык тажрыйбалуу балбан Тамаш Лёринцке 2:1 эсебинде жеңишти алдырды.

Балбан кыз Айсулуу Тыныбекова 62 килограмм салмакта күрөшүп экинчи орунду камсыздап, Олимпиаданын күмүш медалын тагынды. Финалдык айыгышкан кармашта япониялык Юкако Каваиге 4:3 эсебинде утулду.

Айсулуу Тыныбекова тарыхта Олимпиаданын күмүш медалын тагынган алгачкы балбан кыз болуп калды.

 

139
  • Кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы Токио-2020 Олимпиадасында казакстандык Эльмира Сыздыкованын айласын кетирип жаткан чагы. 1-август, 2021-жыл.
    © REUTERS / LEAH MILLIS

    Кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы Токио-2020 Олимпиадасында казакстандык Эльмира Сыздыкованын айласын кетирип жаткан чагы. 1-август, 2021-жыл.

  • Кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы Токио-2020 Олимпиадасында казакстандык Эльмира Сыздыкованын айласын кетирип жаткан чагы. 1-август, 2021-жыл.
    © REUTERS / PIROSCHKA VAN DE WOUW

    Кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы Токио-2020 Олимпиадасында казакстандык Эльмира Сыздыкованын айласын кетирип жаткан чагы. 1-август, 2021-жыл.

  • Кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков жеңишти алдырган соң жигитчилик сапатын көрсөтүп, атаандашын куттуктап турат. 1-август, 2021-жыл.
    © REUTERS / PIROSCHKA VAN DE WOUW

    Кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков жеңишти алдырган соң жигитчилик сапатын көрсөтүп, атаандашын куттуктап турат. 1-август, 2021-жыл.

  • Айпери Медет кызы беш жолку дүйнө чемпиону, америкалык тажрыйбалуу балбан Аделина Грейге акыркы дем-күчү менен чабуул коюп жатат. 2-август, 2021-жыл.
    © REUTERS / PIROSCHKA VAN DE WOUW

    Айпери Медет кызы беш жолку дүйнө чемпиону, америкалык тажрыйбалуу балбан Аделина Грейге акыркы дем-күчү менен чабуул коюп жатат. 2-август, 2021-жыл.

  • Кыргызстандык балбан, грек-рим күрөшүнүн чебери Акжол Махмудов (77килограмм) тунистик Ламджед Маафини ай-буйга келтирбей төрт упайлык ыкмага чапканы жатат. 2-август, 2021-жыл.
    © AFP 2021 / JACK GUEZ

    Кыргызстандык балбан, грек-рим күрөшүнүн чебери Акжол Махмудов (77килограмм) тунистик Ламджед Маафини ай-буйга келтирбей төрт упайлык ыкмага чапканы жатат. 2-август, 2021-жыл.

  • Мээрим Жуманазарова (68 килограмм) Олимпиада мелдешинин чейрек финалында кара күчкө бай нигериялык (көк кийимчен) Блессинг Оборудудуга каршы партерде коргонуп жатат. 2-август, 2021-жыл.
    © AFP 2021 / JACK GUEZ

    Мээрим Жуманазарова (68 килограмм) Олимпиада мелдешинин чейрек финалында кара күчкө бай нигериялык (көк кийимчен) Блессинг Оборудудуга каршы партерде коргонуп жатат. 2-август, 2021-жыл.

  • Акжол Махмудов армениялык Карапет Чалянды жерден көтөрүп артка ыргыткан ыкмасына каршы амал жасап, эки упай алды. Жарым финалдык беттештин эң маанилүү учуру... Жеңиш Акжол тарапта болду. 2-август, 2021-жыл.
    © AP Photo / Aaron Favila

    Акжол Махмудов армениялык Карапет Чалянды жерден көтөрүп артка ыргыткан ыкмасына каршы амал жасап, эки упай алды. Жарым финалдык беттештин эң маанилүү учуру... Жеңиш Акжол тарапта болду. 2-август, 2021-жыл.

  • Кыргыздын атактуу балбан кызы Айсулуу Тыныбекова (кызыл кийимчен) румыниялык Криста Инкзеден эки упай алып эле токтобостон, анын бутун кайчылаштырып тоголото ыкмага салганы жаткан учуру. 3-август, 2021-жыл.
    © AFP 2021 / JACK GUEZ

    Кыргыздын атактуу балбан кызы Айсулуу Тыныбекова (кызыл кийимчен) румыниялык Криста Инкзеден эки упай алып эле токтобостон, анын бутун кайчылаштырып тоголото ыкмага салганы жаткан учуру. 3-август, 2021-жыл.

  • Айсулуу Тыныбекова (кызыл кийимчен) украиналык балбан кыз Ирина Коляденкону утуп, Токио-2020 Олимпиадасынын финалына чыккан чагы. 3-август, 2021-жыл.
    © REUTERS / PIROSCHKA VAN DE WOUW

    Айсулуу Тыныбекова (кызыл кийимчен) украиналык балбан кыз Ирина Коляденкону утуп, Токио-2020 Олимпиадасынын финалына чыккан чагы. 3-август, 2021-жыл.

  • Кыргыз балбаны Акжол Махмудов (көк кийимчен) Олимпиаданын финалында венгриялык тажрыйбалуу спортчу Тамаш Лёринцке жеңилгенин жигитче мойнуна алууда. Өз кезегинде олимпиада чемпиону Акжолдун оңой эмес атаандаш болгонун айтып жатат. 3-август, 2021-жыл.
    © REUTERS / LEAH MILLIS

    Кыргыз балбаны Акжол Махмудов (көк кийимчен) Олимпиаданын финалында венгриялык тажрыйбалуу спортчу Тамаш Лёринцке жеңилгенин жигитче мойнуна алууда. Өз кезегинде олимпиада чемпиону Акжолдун оңой эмес атаандаш болгонун айтып жатат. 3-август, 2021-жыл.

  • Кыргыз балбаны Акжол Махмудов болгону 22 жашында спорт дүйнөсүнүн туу чокусу болгон Олимпиада оюндарынын күмүш медалын тагынып турат. 3-август, 2021-жыл.
    © AFP 2021 / JACK GUEZ

    Кыргыз балбаны Акжол Махмудов болгону 22 жашында спорт дүйнөсүнүн туу чокусу болгон Олимпиада оюндарынын күмүш медалын тагынып турат. 3-август, 2021-жыл.

  • Кыргыздын балбан кызы Мээрим Жуманазарова (кызыл кийимчен) саналуу секунд мурда Олимпиаданын коло байгеси үчүн беттеште моңгол кызы Соронзонболдын Батцэцэгдин  далысын жерге басып, таза жеңиш менен утту. Сүрөттө ийгилигине чексиз ыраазы болуп турган чагы. 3-август, 2021-жыл.
    © REUTERS / PIROSCHKA VAN DE WOUW

    Кыргыздын балбан кызы Мээрим Жуманазарова (кызыл кийимчен) саналуу секунд мурда Олимпиаданын коло байгеси үчүн беттеште моңгол кызы Соронзонболдын Батцэцэгдин далысын жерге басып, таза жеңиш менен утту. Сүрөттө ийгилигине чексиз ыраазы болуп турган чагы. 3-август, 2021-жыл.

  • Ажарлуу балбан кыз Мээрим Жуманазарова Олимпиаданын коло медалын тагынып, талыкпаган эмгектин үзүрүн, жеңиштин даамын татып турган жагымдуу учуру. 3-август, 2021-жыл.
    © AFP 2021 / JACK GUEZ

    Ажарлуу балбан кыз Мээрим Жуманазарова Олимпиаданын коло медалын тагынып, талыкпаган эмгектин үзүрүн, жеңиштин даамын татып турган жагымдуу учуру. 3-август, 2021-жыл.

  • Кыргыздын баатыр кызы Айсулуу Тыныбекова (кызыл кийимчен) Олимпиаданын алтын байгеси үчүн таймашта ар бир упай үчүн жан үрөп, япониялык атаандашы Юкако Каваинин (62 килограмм) чабуулунан коргонуп жаткан чагы. 4-август, 2021-жыл.
    © AP Photo / Aaron Favila

    Кыргыздын баатыр кызы Айсулуу Тыныбекова (кызыл кийимчен) Олимпиаданын алтын байгеси үчүн таймашта ар бир упай үчүн жан үрөп, япониялык атаандашы Юкако Каваинин (62 килограмм) чабуулунан коргонуп жаткан чагы. 4-август, 2021-жыл.

  • Айсулуу Тыныбекова Олимпиаданын күмүш медалын тагынып турган кези. Сыйлоо аземи. 4-август, 2021-жыл.
    © AFP 2021 / JACK GUEZ

    Айсулуу Тыныбекова Олимпиаданын күмүш медалын тагынып турган кези. Сыйлоо аземи. 4-август, 2021-жыл.

Белгилер:
Олимпиада-2020, грек-рим күрөшү, кыз-келиндер күрөшү
Тема:
2021-жылы Токиодо өтө турган Олимпиада оюндары
Тема боюнча
Айаал Лазарев Олимпиаданын коло байгеси үчүн таймашат
Олимпиада: эркин күрөш балбаны Эрназар Акматалиев индиялык спортчу менен кармашат
Кыргызстандык балбан кыздар Олимпиададан эки медаль менен кайтты. Сүрөт
Устат Изабеков Токиодо намыска жараган кыздарын канатына калкалап... Фотофакт

Жеңиш үчүн жан үрөп... Чолпон-Атадагы дүйнө чемпионатынан 13 сүрөт

127
  • Ысык-Көлдө спорт дүйнөсүнүн башын бириктирген ири чемпиоанат башталды
  • Мелдешке Россия жана Борбор Азиядан 500дөн ашуун спортчу келди
  • Спорттук иш-чаранын ачылышына ONE FC чемпиону, кыргызстандык мушкер Кямран Аббасов келди
  • Биримдик — 2021 аталышындагы мелдештин программасына спорттун беш түрү кирген
  • Алар: ММА, жиу-житсу, грепплинг, самбо жана тай бокс
  • Белгилей кетсек, самбо менен тай бокс быйыл Олимпиада оюндарынын катарына кирди
  • Турнир Чолпон-Ата шаарындагы Газпром ден соолукту чыңдоо борборунда өтүүдө
  • Мелдеш Кыргызстан менен Россиянын эриш-аркак жылынын алкагында болууда
  • Чемпионат балдар жана чоңдор арасында өтүүдө
  • Чемпионаттын максаты мамлекеттердин ортосундагы достук мамилени чыңдоо болуп саналат
  • Уюштуруучулар Россиядагы ММА - Свободный поединок уюму жана анын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү
  • ММА боюнча кармаштар элдин бүйүрүн кызытууда
  • Спорттук иш-чара 7-августка чейин созулат
Бүгүн, 4-августта, Ысык-Көлдө спорт дүйнөсүнүн башын бириктирген ири чемпионат башталды. "Биримдик — 2021" аталышындагы мелдештин программасына спорттун беш түрү: ММА, жиу-житсу, грепплинг, самбо жана тай бокс кирген.

Дүйнө чемпионаты Чолпон-Ата шаарындагы "Газпром" ден соолукту чыңдоо борборунда жана ипподромдо болууда. Ага Россия жана Борбор Азия мамлекеттеринен 500дөн ашуун спортчу келди. Чемпионат балдар жана чоңдор арасында өтүүдө.

Мелдеш Кыргызстан менен Россиянын эриш-аркак жылынын алкагында болуп жатат. Уюштуруучулар Россиядагы "ММА - Свободный поединок" уюму жана анын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү болуп саналат. Ошондой эле эки өлкөнүн тиешелүү мекемелери колдоо көрсөткөн.

4-августта башталган иш-чара 7-августка чейин созулат.

127
  • Ысык-Көлдө спорт дүйнөсүнүн башын бириктирген ири чемпиоанат башталды
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Ысык-Көлдө спорт дүйнөсүнүн башын бириктирген ири чемпиоанат башталды

  • Мелдешке Россия жана Борбор Азиядан 500дөн ашуун спортчу келди
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Мелдешке Россия жана Борбор Азиядан 500дөн ашуун спортчу келди

  • Спорттук иш-чаранын ачылышына ONE FC чемпиону, кыргызстандык мушкер Кямран Аббасов келди
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Спорттук иш-чаранын ачылышына ONE FC чемпиону, кыргызстандык мушкер Кямран Аббасов келди

  • Биримдик — 2021 аталышындагы мелдештин программасына спорттун беш түрү кирген
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    "Биримдик — 2021" аталышындагы мелдештин программасына спорттун беш түрү кирген

  • Алар: ММА, жиу-житсу, грепплинг, самбо жана тай бокс
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Алар: ММА, жиу-житсу, грепплинг, самбо жана тай бокс

  • Белгилей кетсек, самбо менен тай бокс быйыл Олимпиада оюндарынын катарына кирди
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Белгилей кетсек, самбо менен тай бокс быйыл Олимпиада оюндарынын катарына кирди

  • Турнир Чолпон-Ата шаарындагы Газпром ден соолукту чыңдоо борборунда өтүүдө
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Турнир Чолпон-Ата шаарындагы "Газпром" ден соолукту чыңдоо борборунда өтүүдө

  • Мелдеш Кыргызстан менен Россиянын эриш-аркак жылынын алкагында болууда
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Мелдеш Кыргызстан менен Россиянын эриш-аркак жылынын алкагында болууда

  • Чемпионат балдар жана чоңдор арасында өтүүдө
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Чемпионат балдар жана чоңдор арасында өтүүдө

  • Чемпионаттын максаты мамлекеттердин ортосундагы достук мамилени чыңдоо болуп саналат
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Чемпионаттын максаты мамлекеттердин ортосундагы достук мамилени чыңдоо болуп саналат

  • Уюштуруучулар Россиядагы ММА - Свободный поединок уюму жана анын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Уюштуруучулар Россиядагы "ММА - Свободный поединок" уюму жана анын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү

  • ММА боюнча кармаштар элдин бүйүрүн кызытууда
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    ММА боюнча кармаштар элдин бүйүрүн кызытууда

  • Спорттук иш-чара 7-августка чейин созулат
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Спорттук иш-чара 7-августка чейин созулат

Белгилер:
Кыргызстан, Россия, Чолпон-Ата, чемпионат, спорт
Тема боюнча
Чолпон-Атадагы дүйнө чемпионатына ONE FC жылдызы Кямран Аббасов келди. Видео
Нурмагомедов келген көл жээктеги Eagle FC турнири. 17 сүрөт
Бүйүр кызытып... Хабиб Нурмагомедовдун Чолпон-Атадагы турнири видеодо
Pfizer вакцинасы. Архив

Кыргызстанга күзүндө Pfizer вакцинасынын келиши күтүлүүдө

0
(жаңыланган 00:32 06.08.2021)
Өкмөттүн өкүлүнүн билдиришинче, Pfizer вакцинасынан тышкары, күзүндө кайтарымсыз түрдө Sinopharm препараты келиши күтүлүүдө. Ошондой эле Moderna вакцинасын колдонуу планы бар.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Кыргызстанга COVAX линиясы аркылуу коронавируска каршы Sinopharm жана Pfizer препараттары келиши мүмкүн. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова билдирди.

"Ушул жылдын сентябь айынын этегинде Кытайдын Sinopharm вакцинасы кайтарымсыз түрдө берилери күтүлүүдө, ошондой эле күздүн ортосунда Pfizer вакцинасынын 259 миң дозасынын келишин күтүп жатабыз. 2022-жылдын биринчи кварталында Дүйнөлүк банктын донордук колдоосунун линиясы менен Moderna вакцинасы келиши мүмкүн", — деген Бакашова.

Анын айтымында, министрлер кабинети дипломатиялык каналдар аркылуу вакциналарды алуу боюнча иштерди улантууда.

0
Белгилер:
Кыргызстан, Министрлер кабинети, коронавирус, вакцина
Тема:
Коронавируска каршы эмдөө
Тема боюнча
Дарыгер COVID-19дан айыккандар жана эмделгендер качан кан тапшырса болорун айтты
Окуучулар сентябрда кадимки тартипте окуйбу? Министрликтин жообу
Кыргызстанда жарым миллиондон ашуун адам коронавируска каршы вакцина алды