Дүйнөдөгү укмуш 19 портрет. Оргуган жаштык жана сибари керемети

266
  • Австралиялык сүрөткер Форгу Яваринин Жалгыздык деп аталган сүрөтү. Эмгек жалпы эсепте жана Портреттик тарых категориясында да мыкты деп табылып, конкурстун абсолюттук жеңүүчүсү болду
  • Мундари уруусунан мал айдап бараткан аял. Сүрөт швейцариялык фотограф Йозеф Бюрги тарабынан Түндүк Суданда тартылган. Бул эмгек Кадимки портрет категориясында мыкты деп табылды
  • Австралиялык фотограф Тод Кеннединин бул эмгеги Күйгөн жердин дарыясы деген атка конду. Ал конкурстун финалына чейин жеткен эмгектердин бири болду
  • Бул сүрөт Портреттик тарых категориясында үчүнчү орунду ээледи. Австралиялык Нэнси Фламми аттуу фотографтын эмгеги Коё тур, сельфи жасап алайын деп аталат
  • Мьянмалык сүрөтчү Зай Яр Лин бул чыгармасын Уруулук окшоштук деп атаган. Эмгек Үй-бүлөлүк портрет сынагында биринчи орунга татыды
  • Австралиялык фотограф Карен Уоллердин Мышык жана веранда аталыштагы эмгеги Кадимки портрет жарышында экинчи орунду ээледи
  • Француз фотографы Шарлотт Бористин бул эмгегин Сибари көлмөсү деп атаган. Ал конкурстун финалисттеринин бири болду. Сибари адамдын кыймылын жип менен байлаган япониялык искусство болуп саналат
  • Шакул деп аталган бул эмгекти конкурска Бириккен Араб Эмирлигинен (БАЭ) сүрөтчү Пауль-Влад Эпур жиберген. Ал сынакта мыктылардын катарына кирди
  • Америкалык фотограф Жон Пауэрстин Жан дүйнө тынчтыгы конкурстун финалисттеринин катарына кирди
  • Австралиялык сүрөтчү Форгу Яваринин бул эмгеги Жалгыздык азабы деп аталат. Бул автор Портреттик тарых сынагында биринчи орунду жеңип берди
  • Алтын булалуу адам аталыштагы бул эмгек бангладештик сүрөтчү Азим Хан Ронниге таандык. Була өндүрүшүндө эмгектенген кишинин портретин чагылдырган бул эмгек авторго Кадимки портрет категориясында үчүнчү орунду алып берди
  • Италиялык фотограф Чезаре ди Либорионун Укмуштуу аял аталыштагы сүрөтү конкурстун финалына чыкты
  • Таиланддык каро уруусундагы үй-бүлөнүн портрети Дарыя адамдары деп аталат.  Жатенипат Кетпрадиттин эмгеги Үй-бүлөлүк портрет категориясында экинчи орунду ээледи
  • Үнсүз байланыш деп аталган бул эмгекти австралиялык фотограф Ненси Фламми тарткан. Сүрөт Үй-бүлөлүк портрет категориясында үчүнчү орунга татыды
  • Кебабхана деп аталган бул сүрөт индиялык фотограф Дебдатта Чакработиге таандык. Кадимки портрет категориясында ал финалга жетти
  • Австралиялык сүрөтчү, конкурстун жеңүүчүсү Форгу Яваринин бул эмгеги Менин кыялым бар деп аталат. Сүрөт Мүнөз категориясында экинчи орунду ээледи
  • Сури уруусунун кызы аталыштагы сүрөттү фотограф Зай Яр Лин (Мьянма) тарткан.  Үй-бүлөлүк портрет категориясында бул эмгек жеңүүчү болду
  • Бул сүрөт Бонн Мари деп аталат. Аны австралиялык фотограф Брайан Касси тарткан. Эмгек конкурста үчүнчү орунду ээледи
  • Оргуган жаштык деп аталган сүрөттү австралиялык фотограф Адриан Донахью тарткан. Эмгек мыктылардын сабына кирип, конкурстун финалына өттү.
International Portrait Photographer of the Year 2021 сүрөт конкурсунун жеңүүчүлөрү аныкталды. Мыкты делген эмгектерди Sputnik Кыргызстандын сүрөт түрмөгүнөн көрүңүз.

Сынакта австралиялык сүрөткер Форгу Явари айым жеңүүчү деп табылды. Анын эки эмгеги "Портреттик тарых" категориясында мыкты болду, ал эми "Мүнөз" категориясында экинчи орунду ээледи. "Үй-бүлөлүк портрет" категориясында биринчи орунга сүрөткер Зай Яр Линдин (Мьянма) эмгектери татыды. Ал эми "Кадимки портрет" ("Естественный портрет") жана "Мүнөз" категорияларында швейцариялык Йозефа Бюргинин эмгектери мыкты деп табылган.

266
Белгилер:
жыйынтык, конкурс, сүрөт
Тема боюнча
Кийимге айланып, подиумга чыккан шоколад. Таң калтырган 15 сүрөт

Жер чийген көйнөк, түркүн жоолук... Мусулман аялдарга мода көргөзмөсүнөн сүрөттөр

72
Татарстанда мусулман кыз-келиндери үчүн мода көргөзмөсү өттү. Иш-чарада тартылган кадрларды Sputnik Кыргызстандын сүрөт түрмөгүнөн көрүңүз.

Modest Fashion Day мода көргөзмөсү Эл аралык XII "Россия — Ислам дүйнөсү: KazanSummit" саммитинин алкагында өттү. Моделдер "Казань Экспо" борборунда подиумга чыгышты.

Modest Fashion багыты маданият, стиль, сулуулуктан тышкары өзүнө ислам баалуулуктарын камтыйт. Тикмечилер эл алдына жер чийген адеми көйнөктөрдү, хиджаб, жоолук сыяктуу аялдардын көркүн ачкан кийимдерди алып чыгышты.

Ушул тапта Казань шаарында Эл аралык XII "Россия — Ислам дүйнөсү: KazanSummit" саммити өтүп жатат. Быйыл ага 70 мамлекеттен келген 4 миңдей адам катышууда. Анда бизнес, маданият, илим жана медицина тармактарында кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө.

"Россия — Ислам дүйнөсү: KazanSummit" — Россия менен ислам мамлекеттеринин экономикалык байланышын бекемдей турган аянтча.

72
  • © Sputnik / Maksim Bogodvid

    Татарстанда мусулман кыз-келиндери үчүн мода көргөзмөсү өттү

  • © Sputnik / Maksim Bogodvid

    Modest Fashion Day мода көргөзмөсү Эл аралык XII "Россия — Ислам дүйнөсү: KazanSummit" саммитинин алкагында болду

  • © Sputnik / Maksim Bogodvid

    Моделдер "Казань Экспо" борборунда подиумга чыгышты

  • © Sputnik / Maksim Bogodvid

    Modest Fashion багыты маданият, стиль, сулуулуктан тышкары, өзүнө ислам баалуулуктарын камтыйт

  • © Sputnik / Maksim Bogodvid

    Подиумдагы аял

  • © Sputnik / Maksim Bogodvid

    Ачык түстөгү кийимдер кыз-келиндердин көркүн ачат

  • © Sputnik / Maksim Bogodvid

    Тикмечилер эл алдына жер чийген адеми көйнөктөрдү, хиджаб, жоолук сыяктуу аялдардын көркүн ачкан кийимдерди алып чыгышты

  • © Sputnik / Maksim Bogodvid

    Подиумга моделдер түркүн-түрлүү жоолуктарды салынып чыгышты

  • © Sputnik / Maksim Bogodvid

    Иш-чара Татарстандын Улуттук мода палатасынын колдоосу менен өттү

  • © Sputnik / Maksim Bogodvid

    Ушул тарта Казань шаарында Эл аралык XII "Россия — Ислам дүйнөсү: KazanSummit" саммити өтүп жатат

  • © Sputnik / Maksim Bogodvid

    Жоолукчан модель

  • © Sputnik / Maksim Bogodvid

    Быйыл ага 70 мамлекеттен келген 4 миңдей адам катышууда

  • © Sputnik / Maksim Bogodvid

    Modest Fashion Day көргөзмөсүнөн бир ирмем

  • © Sputnik / Maksim Bogodvid

    "Россия — Ислам дүйнөсү: KazanSummit" — Россия менен ислам мамлекеттеринин экономикалык байланышын бекемдей турган аянтча

Белгилер:
Россия, Татарстан, мода, көргөзмө, саммит
Тема боюнча
Туман арасынан суурулган сулуулар. Көлдөгү көчмөндөр модасынан 12 ирмем

Жер-Үйдөгү алтын кантип алынып жатат. Таластагы кенден 15 сүрөт

446
(жаңыланган 09:27 29.07.2021)
  • Кыргызстандагы Жер-үй алтын кениндеги комбинат беш айдан бери иштеп жатат. Сүрөттө жардырылуучу скважиналарды бургулоо иши жүрүүдө
  • Таластагы алтын кен 2021-жылдын март айынын орто ченинен тарта иштетилип баштаган. Сүрөттө экскаватор кенди жүктөп жатат
  • Жер-үй кенин иштетүү укугу россиялык Альянс-Алтын компаниясына таандык. Сүрөттө карьердеги жүк ташуучу унаалар
  • Бүгүнкү күндө шахтада 1 000ге жакын адам иштесе, анын 95 пайыздан ашыгы кыргыздар. Сүрөттө Талас алтын кен комбинатынын кызматкери
  • Жер-үй кениндеги алтындын запасы 90 тоннаны түзөт, мындан сырткары, 25 тонна күмүш бар
  • Жергиликтүү активисттер кенди ээлеп алганда жабыркаган жүк ташуучу унааларды калыбына келтирүү учуру. 2020-жылдын 6-октябрында объектиге бөтөн адамдар эч кандай уруксаты жок киргендигинен улам Жер-үй кениндеги жумуш убактылуу токтотулган. Окуя болгон жерден тартылган кадрларда имараттар өрттөнүп жаткандыгы көрүнүп турат. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, Жер-үйдөгү башаламандыктын кесепетинен келтирилген чыгымдын көлөмү 15-20 миллион долларды түзгөн
  • Комбинат иштей баштагандан бери 440 миң тоннага жакын руда иштетилген
  • Ар бир тоннадагы рудада орточо эсеп менен 2,94 грамм алтын бар. Сүрөттө кенди кайра иштетүүчү цех
  • Жер-үйдө жаратылышты коргоонун бардык эрежелерине жана стандарттарына жооп берген алдыңкы технологиялар жана жабдуулар пайдаланылат
  • Кыргызстандагы Талас алтын кен комбинатынын кызматкери иш учурунда
  • Талас алтын кен комбинатынын химиялык-металлургиялык цехинде алтын куймасы алынууда
  • Доре эритмеси (алтын-күмүштүү эритме, анын 85-88 пайызын алтын түзөт, күмүш 10-14 пайыз жана аралашмалар 3 пайыздын тегерегинде)
  • Компания Бакубат Талас жыргалчылык фондун каржылайт. Ал аркылуу Талас облусундагы социалдык долбоорлорду - жолдорду, мектептерди, бала бакчаларды куруу, суу чарба тармактары, чакан жана орто бизнес ишканаларды насыялоо жана башка долбоорлорду ишке ашырууга каражат бөлүнөт
  • Ишкана учурда 99,99 үлгүдөгү 1 090 килограмм таза алтын өндүрдү
  • 2016-жылдан бери Талас облусу социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө көмөктөшүүнүн алкагында 600 миллион сом алышкан. Анын ичинен 160 миллиону 332 социалдык долбоорду ишке ашырууга жумшалган. 290 миллион сому 2 135 фермерге жана ишкерлерге жылына 8 пайыздык үстөгү менен жеңилдетилген насыя катары таратылган.
Кыргызстанда Жер-Үй кени беш айдан бери иштетилип жатат. Sputnik Кыргызстандын сүрөт түрмөгүнөн Кыргызстандагы көлөмү жагынан Кумтөр кенинен кийин экинчиде турган баалуу металл чыгуучу кенде тартылган кадрларды көрүңүз.

Таластагы алтын кен 2021-жылдын март айынан тарта иштетилип баштаган. Анын салтанаттуу ачылышына президент Садыр Жапаров менен Россиянын лидери Владимир Путин видеоконференция форматында катышкан.

Аталган кендеги алтындын запасы 90 тоннаны, ал эми күмүш 25 тоннаны түзөт.

Жер-Үй кенин иштетүү укугу россиялык "Альянс-Алтын" компаниясына таандык. Бүгүнкү күндө шахтада 1 000ге жакын адам иштесе, анын 95 пайыздан ашыгы кыргыздар. Кенде жаратылышты коргоонун бардык эрежелерине жана стандарттарына жооп берген алдыңкы технологиялар жана жабдуулар пайдаланылат.

Компания "Бакубат Талас" жыргалчылык фондун каржылайт. Ал аркылуу Талас облусундагы социалдык долбоорлорду: жолдорду, мектептерди, бала бакчаларды куруу, суу чарба тармактары, чакан жана орто бизнес ишканаларды насыялоо жана башкаларды ишке ашырууга каражат бөлүнөт.

2016-жылдан бери Талас облусу социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө көмөктөшүүнүн алкагында 600 миллион сом алган. Анын ичинен 160 миллиону 332 социалдык долбоорду жүзөгө ашырууга жумшалган. 290 миллион сому 2 135 фермерге жана ишкерлерге жылдык 8 пайыздык үстөгү менен жеңилдетилген насыя катары таратылган.

1-июлга карата кенге жасалган инвестициянын суммасы эки миллиард сомго жеткен. Анын ичинде 360 миллиону салык катары төгүлгөн. Инвестициянын жалпы көлөмү 610 миллион сомдон ашкан деп бааланууда.

Комбинат иштей баштагандан бери 440 миң тоннага жакын руда иштетилген. Анын ар бир тоннасында орточо эсеп менен 2,94 грамм алтын бар. Ишкана 99,99 үлгүсүндөгү 1 090 килограмм таза алтын алган.

Эске салсак, 2020-жылдын 6-октябрында объектиге бөтөн адамдар эч кандай уруксаты жок киргендигинен улам Жер-Үй кениндеги жумуш убактылуу токтотулган. Окуя болгон жерден тартылган кадрларда имараттар өрттөнүп жаткандыгы көрүнүп турат. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, Жер-Үйдөгү башаламандыктын кесепетинен келтирилген чыгымдын көлөмү 15-20 миллион долларды түзгөн.

446
  • Кыргызстандагы Жер-үй алтын кениндеги комбинат беш айдан бери иштеп жатат. Сүрөттө жардырылуучу скважиналарды бургулоо иши жүрүүдө
    © Sputnik / Игорь Егоров

    Кыргызстандагы Жер-үй алтын кениндеги комбинат беш айдан бери иштеп жатат. Сүрөттө жардырылуучу скважиналарды бургулоо иши жүрүүдө

  • Таластагы алтын кен 2021-жылдын март айынын орто ченинен тарта иштетилип баштаган. Сүрөттө экскаватор кенди жүктөп жатат
    © Sputnik / Игорь Егоров

    Таластагы алтын кен 2021-жылдын март айынын орто ченинен тарта иштетилип баштаган. Сүрөттө экскаватор кенди жүктөп жатат

  • Жер-үй кенин иштетүү укугу россиялык Альянс-Алтын компаниясына таандык. Сүрөттө карьердеги жүк ташуучу унаалар
    © Sputnik / Игорь Егоров

    Жер-үй кенин иштетүү укугу россиялык "Альянс-Алтын" компаниясына таандык. Сүрөттө карьердеги жүк ташуучу унаалар

  • Бүгүнкү күндө шахтада 1 000ге жакын адам иштесе, анын 95 пайыздан ашыгы кыргыздар. Сүрөттө Талас алтын кен комбинатынын кызматкери
    © Sputnik / Игорь Егоров

    Бүгүнкү күндө шахтада 1 000ге жакын адам иштесе, анын 95 пайыздан ашыгы кыргыздар. Сүрөттө Талас алтын кен комбинатынын кызматкери

  • Жер-үй кениндеги алтындын запасы 90 тоннаны түзөт, мындан сырткары, 25 тонна күмүш бар
    © Sputnik / Игорь Егоров

    Жер-үй кениндеги алтындын запасы 90 тоннаны түзөт, мындан сырткары, 25 тонна күмүш бар

  • Жергиликтүү активисттер кенди ээлеп алганда жабыркаган жүк ташуучу унааларды калыбына келтирүү учуру. 2020-жылдын 6-октябрында объектиге бөтөн адамдар эч кандай уруксаты жок киргендигинен улам Жер-үй кениндеги жумуш убактылуу токтотулган. Окуя болгон жерден тартылган кадрларда имараттар өрттөнүп жаткандыгы көрүнүп турат. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, Жер-үйдөгү башаламандыктын кесепетинен келтирилген чыгымдын көлөмү 15-20 миллион долларды түзгөн
    © Sputnik / Игорь Егоров

    Жергиликтүү активисттер кенди ээлеп алганда жабыркаган жүк ташуучу унааларды калыбына келтирүү учуру. 2020-жылдын 6-октябрында объектиге бөтөн адамдар эч кандай уруксаты жок киргендигинен улам Жер-үй кениндеги жумуш убактылуу токтотулган. Окуя болгон жерден тартылган кадрларда имараттар өрттөнүп жаткандыгы көрүнүп турат. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, Жер-үйдөгү башаламандыктын кесепетинен келтирилген чыгымдын көлөмү 15-20 миллион долларды түзгөн

  • Комбинат иштей баштагандан бери 440 миң тоннага жакын руда иштетилген
    © Sputnik / Игорь Егоров

    Комбинат иштей баштагандан бери 440 миң тоннага жакын руда иштетилген

  • Ар бир тоннадагы рудада орточо эсеп менен 2,94 грамм алтын бар. Сүрөттө кенди кайра иштетүүчү цех
    © Sputnik / Игорь Егоров

    Ар бир тоннадагы рудада орточо эсеп менен 2,94 грамм алтын бар. Сүрөттө кенди кайра иштетүүчү цех

  • Жер-үйдө жаратылышты коргоонун бардык эрежелерине жана стандарттарына жооп берген алдыңкы технологиялар жана жабдуулар пайдаланылат
    © Sputnik / Игорь Егоров

    Жер-үйдө жаратылышты коргоонун бардык эрежелерине жана стандарттарына жооп берген алдыңкы технологиялар жана жабдуулар пайдаланылат

  • Кыргызстандагы Талас алтын кен комбинатынын кызматкери иш учурунда
    © Sputnik / Игорь Егоров

    Кыргызстандагы Талас алтын кен комбинатынын кызматкери иш учурунда

  • Талас алтын кен комбинатынын химиялык-металлургиялык цехинде алтын куймасы алынууда
    © Sputnik / Игорь Егоров

    Талас алтын кен комбинатынын химиялык-металлургиялык цехинде алтын куймасы алынууда

  • Доре эритмеси (алтын-күмүштүү эритме, анын 85-88 пайызын алтын түзөт, күмүш 10-14 пайыз жана аралашмалар 3 пайыздын тегерегинде)
    © Sputnik / Игорь Егоров

    Доре эритмеси (алтын-күмүштүү эритме, анын 85-88 пайызын алтын түзөт, күмүш 10-14 пайыз жана аралашмалар 3 пайыздын тегерегинде)

  • Компания Бакубат Талас жыргалчылык фондун каржылайт. Ал аркылуу Талас облусундагы социалдык долбоорлорду - жолдорду, мектептерди, бала бакчаларды куруу, суу чарба тармактары, чакан жана орто бизнес ишканаларды насыялоо жана башка долбоорлорду ишке ашырууга каражат бөлүнөт
    © Sputnik / Игорь Егоров

    Компания Бакубат Талас жыргалчылык фондун каржылайт. Ал аркылуу Талас облусундагы социалдык долбоорлорду - жолдорду, мектептерди, бала бакчаларды куруу, суу чарба тармактары, чакан жана орто бизнес ишканаларды насыялоо жана башка долбоорлорду ишке ашырууга каражат бөлүнөт

  • Ишкана учурда 99,99 үлгүдөгү 1 090 килограмм таза алтын өндүрдү
    © Sputnik / Игорь Егоров

    Ишкана учурда 99,99 үлгүдөгү 1 090 килограмм таза алтын өндүрдү

  • 2016-жылдан бери Талас облусу социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө көмөктөшүүнүн алкагында 600 миллион сом алышкан. Анын ичинен 160 миллиону 332 социалдык долбоорду ишке ашырууга жумшалган. 290 миллион сому 2 135 фермерге жана ишкерлерге жылына 8 пайыздык үстөгү менен жеңилдетилген насыя катары таратылган.
    © Sputnik / Игорь Егоров

    2016-жылдан бери Талас облусу социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө көмөктөшүүнүн алкагында 600 миллион сом алышкан. Анын ичинен 160 миллиону 332 социалдык долбоорду ишке ашырууга жумшалган. 290 миллион сому 2 135 фермерге жана ишкерлерге жылына 8 пайыздык үстөгү менен жеңилдетилген насыя катары таратылган.

Белгилер:
Кыргызстан, Талас облусу, Жер-Үй алтын кени, алтын, күмүш
Тема боюнча
Суктанып бүтпөй... Ааламдагы асман тиреген ажайып 10 имараттын сүрөтү
Бишкекте ысык суу өчүрүлгөндөн кийин ЖЭБдеги көрүнүштөн 10 ирмем
Жол кырсыгынан талкаланган унаа. Архив

Унаанын таш-талканы чыккан. Боомдогу үрөй учурган жол кырсыктын видеосу

0
(жаңыланган 00:40 31.07.2021)
Жол кырсыгы кечке жуук катталган. Окуяда жапа чеккендер тууралуу маалыматтар айтыла элек. Милициянын Кайгуул кызматы толук маалыматты кийинчерээк берүүнү убадалады.

БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Боом капчыгайында үрөй учурган жол кырсыгы катталды. Жеринен тартылган видеону “Короче” телеграмм-каналы чыгарды. 

Окуя кечке жуук болгон. Кызыл-кочкул түстөгү Daewoo Nexia үлгүсүндөгү унаа каршы тилкени бөлүп турган бетон тосмого урунган. Жапа чеккендер тууралуу маалыматтар айтыла элек.

Видеодо көрүнүп тургандай, жеңил унаанын таш-талканы чыгып, жараксыз болуп калган.

Кырсык Боом капчыгайынын Ысык-Көл облусунун аймагында болгонун ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тастыктап, толугураак маалымат кийинчерээк берилерин билдирди.

0
Белгилер:
жол кырсык, Боом капчыгайы, милиция
Тема:
2021-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар
Тема боюнча
Ысык-Көлдө минивен аласалып кетти. Жеринен тартылган видео