Буту сынган Макгрегордон тарта өлтүрүлгөн Гаити президентине чейин. Апта ирмеми

204
(жаңыланган 14:53 13.07.2021)
  • Япониянын Атами шаарындагы жер көчкүнүн кесепети. Табигый кырсык 130 үйдү бузуп кетти, бери дегенде 10 адам каза болуп, дагы 18 кишинин дайыны чыкпай жатат.
  • Грециянын Неос Мармарас шаарына жакын жерде деңиз үстүнө түшкөн чагылган
  • Нью-Йоркто АКШнын эгемендик күнүнө карата өткөн салтанатта атылган фейерверктерди карап отурган киши
  • Чукул жардам кызматынын өкүлдөрү Бангкокто (Таиланд) химиялык заводдо болгон жарылуудан кийин жеринде иштеп жатышат. Ишканада пенопласт жана полиэтилен даярдоодо колдонулуучу 1,6 миллион литр химиялык зат болгон.
  • Москванын Кызыл аянтындагы соода үйүнүн жанында турган кыз
  • АКШнын Флорида штатында бузулган турак үйдүн сакталып калган бөлүгү. 24-июнда Серфсайд шаарчасында турак үй ураган. Акыркы маалыматтарга караганда, 90 киши өлгөн. Урандыны тазалоо иштери азыркыга чейин жүрүүдө.
  • Индиянын Тиури кыштагында шалыда (күрүч)  отурган фермер
  • Олимпиаданын оту Япониянын префектураларына жасалган эстафетадан соң Токио шаарына келди. Ал 2020-жылы Грециядан тутанып Японияга алып келинди. Оюндар пандемиядан улам 2021-жылга калтырылгандыктан, эстафета быйыл 25-мартта Фукусима префектурасында башталган. Бүгүнкү күнгө чейин отту өлкөнүн 47 префектурасынын 46сына алып барышты. Өткөн жума күнү от Токиого келген. 15 күн ичинде эстафета префектуранын шаарларында өтөт, 23-июлда ал Токионун борборуна, Олимпиаданын ачылышы болуучу жайга жеткирилет.
  • Гаитиде полиция өлкө президенти Жовенель Моизди өлтүргөндөрдү издеп Порт-о-Пренсе районун тинтүүгө алууда. Моиз 7-июлга караган түнү резиденциясына жасалган кол салуу учурунда өлтүрүлгөн. Республикада 15 күнгө аскердик абал режими киргизилген. Сенаттын төрагасы Жозеф Ламбер убактылуу президент болду.
  • Москва мамлекеттик цирк жана эстрадалык искусство училищесине окууга тапшырган кыз кабыл алуу комиссиясына сынак тапшырууга даярданып жаткан кези
  • Флоридада (АКШ) өткөн Miami Swim Week көргөзмөсүндөгү модель кыздар. Бул купальниктерди жана пляж кийимдерин жарнамалаган маанилүү көргөзмөлөрдөн болуп саналат. Мында бүтүндөй дүйнө жүзүндөгү атактуу дизайнерлер өз эмгектерин көрсөтүшөт.
  • Аргентина курама командасынын оюнчулары футбол боюнча Америка кубогу мелдешиндеги жеңишин майрамдоодо. Чечүүчү оюнда аргентиналыктар Бразилияны 1:0 эсебинде утуп алышты. Беттештеги жалгыз жана жеңишти камсыздаган голду оюндун 22-мүнөтүндө Анхель ди Мария киргизди. Аргентина акыркы жолу аталган кубокту 1993-жылы жеңген.
  • Барселонадагы (Испания) Cruilla  музыкалык фестивалынан бир көрүнүш
  • Крым Евпаторийиндеги Сасык-Сиваш көлүнө түшүп жаткан кыз
  • Индиянын Праяградже базарында жүк көтөрүп иштеген киши
  • Калифорнияда (АКШ) токойду от алган учурда күйүп кеткен турак үйдөгү өрт өчүрүлүп жатат
  • Модель Маэва Кук Францияда 74-Канн эл аралык кинофестивалынын салтанаттуу ачылышында
  • Ирландиялык UFC мушкери Конор Макгрегор америкалык Дастин Порье менен таймашта бутун сындыргандан кийин аны замбил менен алып бара жатышат. Беттештин биринчи раундунда Макгрегордун буту кызыл ашыгынын үстүнөн сынып кетти. Дарыгерлер ага беттешти улантууга уруксат берген жок. Ошондуктан жеңиш Порьеге ыйгарылды
  • Кыргызстандын Бишкек, Ош жана Токмок шаарларынын шаардык кеңештерине кайрадан шайлоо өттү
  • Италия курама командасынын футболчулары Евро-2020 мелдешинин финалында Англия командасын утуп чемпион болгонун майрамдап жатышат. Беттештин негизги бөлүгү жана экстра-тайм 1:1 менен аяктаган. Пенальтилер сериясында италиялыктар түз тээп, 3:2 эсебинде жеңип алышты. Муну менен Италия экинчи ирет Европа чемпиону болду. Буга чейин алар континенттик мелдешти 1968-жылы уткан.
Sputnik Кыргызстан өткөн аптада дүйнөдө болгон кызыктуу окуяларды камтыган кезектеги сүрөт түрмөгүн сунуш кылат.

Кыргызстандын Бишкек, Ош жана Токмок шаарларынын шаардык кеңештерине кайрадан шайлоо өттү. БШК катышуу жыйынтыгы жокко чыгарылган апрелдеги добуш берүүлөргө салыштырмалуу жогору болгонун белгилейт.

Өткөн аптада Гаитинин президенти Жовенель Моизди резиденцияга жасалган кол салууда атып өлтүрүштү. Сенаттын төрагасы Жозеф Ламбер убактылуу президент болду. Кылмышка шектүү катары АКШнын бир нече жараны кармалган.

Ирландиялык UFC мушкери Конор Макгрегор америкалык Дастин Порье менен таймашта бутун сындырып алды.

Италия футбол боюнча Европа биринчилигинин финалында Англияны утуп чемпион болду. Беттеш кызуу өтүп, негизги бөлүк жана экстра-тайм 1:1 эсеби менен аяктаган. Пенальтилер сериясында италиялыктар 3:2 эсебинде жеңип алышты. Муну менен Италия экинчи ирет Европа чемпиону болду. Буга чейин алар континенттик мелдешти 1968-жылы утушкан.

Ал арада футбол боюнча Аргентина курама командасы Америка кубогу мелдешинде Бразилияны 1:0 эсебинде утуп чемпион болду. Акыркы жолу Аргентина бул турнирди 1993-жылы уткан.

Япониянын Атами шаарында жер көчүп, 130 үй кыйрады. Бери дегенде 10 адам каза болгон, дагы 18 кишинин дайыны чыкпай жатат.

204
  • Япониянын Атами шаарындагы жер көчкүнүн кесепети. Табигый кырсык 130 үйдү бузуп кетти, бери дегенде 10 адам каза болуп, дагы 18 кишинин дайыны чыкпай жатат.
    © AFP 2021 / CHARLY TRIBALLEAU

    Япониянын Атами шаарындагы жер көчкүнүн кесепети. Табигый кырсык 130 үйдү бузуп кетти, бери дегенде 10 адам каза болуп, дагы 18 кишинин дайыны чыкпай жатат.

  • Грециянын Неос Мармарас шаарына жакын жерде деңиз үстүнө түшкөн чагылган
    © REUTERS / DIMITAR KYOSEMARLIEV

    Грециянын Неос Мармарас шаарына жакын жерде деңиз үстүнө түшкөн чагылган

  • Нью-Йоркто АКШнын эгемендик күнүнө карата өткөн салтанатта атылган фейерверктерди карап отурган киши
    © REUTERS / ANDREW KELLY

    Нью-Йоркто АКШнын эгемендик күнүнө карата өткөн салтанатта атылган фейерверктерди карап отурган киши

  • Чукул жардам кызматынын өкүлдөрү Бангкокто (Таиланд) химиялык заводдо болгон жарылуудан кийин жеринде иштеп жатышат. Ишканада пенопласт жана полиэтилен даярдоодо колдонулуучу 1,6 миллион литр химиялык зат болгон.
    © REUTERS / SOE ZEYA TUN

    Чукул жардам кызматынын өкүлдөрү Бангкокто (Таиланд) химиялык заводдо болгон жарылуудан кийин жеринде иштеп жатышат. Ишканада пенопласт жана полиэтилен даярдоодо колдонулуучу 1,6 миллион литр химиялык зат болгон.

  • Москванын Кызыл аянтындагы соода үйүнүн жанында турган кыз
    © Sputnik / Алексей Майшев

    Москванын Кызыл аянтындагы соода үйүнүн жанында турган кыз

  • АКШнын Флорида штатында бузулган турак үйдүн сакталып калган бөлүгү. 24-июнда Серфсайд шаарчасында турак үй ураган. Акыркы маалыматтарга караганда, 90 киши өлгөн. Урандыны тазалоо иштери азыркыга чейин жүрүүдө.
    © AFP 2021 / GIORGIO VIERA

    АКШнын Флорида штатында бузулган турак үйдүн сакталып калган бөлүгү. 24-июнда Серфсайд шаарчасында турак үй ураган. Акыркы маалыматтарга караганда, 90 киши өлгөн. Урандыны тазалоо иштери азыркыга чейин жүрүүдө.

  • Индиянын Тиури кыштагында шалыда (күрүч)  отурган фермер
    © AP Photo / Rajesh Kumar Singh

    Индиянын Тиури кыштагында шалыда (күрүч) отурган фермер

  • Олимпиаданын оту Япониянын префектураларына жасалган эстафетадан соң Токио шаарына келди. Ал 2020-жылы Грециядан тутанып Японияга алып келинди. Оюндар пандемиядан улам 2021-жылга калтырылгандыктан, эстафета быйыл 25-мартта Фукусима префектурасында башталган. Бүгүнкү күнгө чейин отту өлкөнүн 47 префектурасынын 46сына алып барышты. Өткөн жума күнү от Токиого келген. 15 күн ичинде эстафета префектуранын шаарларында өтөт, 23-июлда ал Токионун борборуна, Олимпиаданын ачылышы болуучу жайга жеткирилет.
    © AFP 2021 / PHILIP FONG

    Олимпиаданын оту Япониянын префектураларына жасалган эстафетадан соң Токио шаарына келди. Ал 2020-жылы Грециядан тутанып Японияга алып келинди. Оюндар пандемиядан улам 2021-жылга калтырылгандыктан, эстафета быйыл 25-мартта Фукусима префектурасында башталган. Бүгүнкү күнгө чейин отту өлкөнүн 47 префектурасынын 46сына алып барышты. Өткөн жума күнү от Токиого келген. 15 күн ичинде эстафета префектуранын шаарларында өтөт, 23-июлда ал Токионун борборуна, Олимпиаданын ачылышы болуучу жайга жеткирилет.

  • Гаитиде полиция өлкө президенти Жовенель Моизди өлтүргөндөрдү издеп Порт-о-Пренсе районун тинтүүгө алууда. Моиз 7-июлга караган түнү резиденциясына жасалган кол салуу учурунда өлтүрүлгөн. Республикада 15 күнгө аскердик абал режими киргизилген. Сенаттын төрагасы Жозеф Ламбер убактылуу президент болду.
    © AP Photo / Joseph Odelyn

    Гаитиде полиция өлкө президенти Жовенель Моизди өлтүргөндөрдү издеп Порт-о-Пренсе районун тинтүүгө алууда. Моиз 7-июлга караган түнү резиденциясына жасалган кол салуу учурунда өлтүрүлгөн. Республикада 15 күнгө аскердик абал режими киргизилген. Сенаттын төрагасы Жозеф Ламбер убактылуу президент болду.

  • Москва мамлекеттик цирк жана эстрадалык искусство училищесине окууга тапшырган кыз кабыл алуу комиссиясына сынак тапшырууга даярданып жаткан кези
    © AFP 2021 / NATALIA KOLESNIKOVA

    Москва мамлекеттик цирк жана эстрадалык искусство училищесине окууга тапшырган кыз кабыл алуу комиссиясына сынак тапшырууга даярданып жаткан кези

  • Флоридада (АКШ) өткөн Miami Swim Week көргөзмөсүндөгү модель кыздар. Бул купальниктерди жана пляж кийимдерин жарнамалаган маанилүү көргөзмөлөрдөн болуп саналат. Мында бүтүндөй дүйнө жүзүндөгү атактуу дизайнерлер өз эмгектерин көрсөтүшөт.
    © AFP 2021 / Fernanda Calfat / Getty Images

    Флоридада (АКШ) өткөн Miami Swim Week көргөзмөсүндөгү модель кыздар. Бул купальниктерди жана пляж кийимдерин жарнамалаган маанилүү көргөзмөлөрдөн болуп саналат. Мында бүтүндөй дүйнө жүзүндөгү атактуу дизайнерлер өз эмгектерин көрсөтүшөт.

  • Аргентина курама командасынын оюнчулары футбол боюнча Америка кубогу мелдешиндеги жеңишин майрамдоодо. Чечүүчү оюнда аргентиналыктар Бразилияны 1:0 эсебинде утуп алышты. Беттештеги жалгыз жана жеңишти камсыздаган голду оюндун 22-мүнөтүндө Анхель ди Мария киргизди. Аргентина акыркы жолу аталган кубокту 1993-жылы жеңген.
    © AP Photo / Bruna Prado

    Аргентина курама командасынын оюнчулары футбол боюнча Америка кубогу мелдешиндеги жеңишин майрамдоодо. Чечүүчү оюнда аргентиналыктар Бразилияны 1:0 эсебинде утуп алышты. Беттештеги жалгыз жана жеңишти камсыздаган голду оюндун 22-мүнөтүндө Анхель ди Мария киргизди. Аргентина акыркы жолу аталган кубокту 1993-жылы жеңген.

  • Барселонадагы (Испания) Cruilla  музыкалык фестивалынан бир көрүнүш
    © AP Photo / Joan Mateu

    Барселонадагы (Испания) Cruilla музыкалык фестивалынан бир көрүнүш

  • Крым Евпаторийиндеги Сасык-Сиваш көлүнө түшүп жаткан кыз
    © Sputnik / Константин Михальчевский

    Крым Евпаторийиндеги Сасык-Сиваш көлүнө түшүп жаткан кыз

  • Индиянын Праяградже базарында жүк көтөрүп иштеген киши
    © AP Photo / Rajesh Kumar Singh

    Индиянын Праяградже базарында жүк көтөрүп иштеген киши

  • Калифорнияда (АКШ) токойду от алган учурда күйүп кеткен турак үйдөгү өрт өчүрүлүп жатат
    © AP Photo / Noah Berger

    Калифорнияда (АКШ) токойду от алган учурда күйүп кеткен турак үйдөгү өрт өчүрүлүп жатат

  • Модель Маэва Кук Францияда 74-Канн эл аралык кинофестивалынын салтанаттуу ачылышында
    © AP Photo / Brynn Anderson

    Модель Маэва Кук Францияда 74-Канн эл аралык кинофестивалынын салтанаттуу ачылышында

  • Ирландиялык UFC мушкери Конор Макгрегор америкалык Дастин Порье менен таймашта бутун сындыргандан кийин аны замбил менен алып бара жатышат. Беттештин биринчи раундунда Макгрегордун буту кызыл ашыгынын үстүнөн сынып кетти. Дарыгерлер ага беттешти улантууга уруксат берген жок. Ошондуктан жеңиш Порьеге ыйгарылды
    © REUTERS / USA TODAY Sports/ Gary A. Vasquez

    Ирландиялык UFC мушкери Конор Макгрегор америкалык Дастин Порье менен таймашта бутун сындыргандан кийин аны замбил менен алып бара жатышат. Беттештин биринчи раундунда Макгрегордун буту кызыл ашыгынын үстүнөн сынып кетти. Дарыгерлер ага беттешти улантууга уруксат берген жок. Ошондуктан жеңиш Порьеге ыйгарылды

  • Кыргызстандын Бишкек, Ош жана Токмок шаарларынын шаардык кеңештерине кайрадан шайлоо өттү
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Кыргызстандын Бишкек, Ош жана Токмок шаарларынын шаардык кеңештерине кайрадан шайлоо өттү

  • Италия курама командасынын футболчулары Евро-2020 мелдешинин финалында Англия командасын утуп чемпион болгонун майрамдап жатышат. Беттештин негизги бөлүгү жана экстра-тайм 1:1 менен аяктаган. Пенальтилер сериясында италиялыктар түз тээп, 3:2 эсебинде жеңип алышты. Муну менен Италия экинчи ирет Европа чемпиону болду. Буга чейин алар континенттик мелдешти 1968-жылы уткан.
    © AP Photo / Laurence Griffiths

    Италия курама командасынын футболчулары Евро-2020 мелдешинин финалында Англия командасын утуп чемпион болгонун майрамдап жатышат. Беттештин негизги бөлүгү жана экстра-тайм 1:1 менен аяктаган. Пенальтилер сериясында италиялыктар түз тээп, 3:2 эсебинде жеңип алышты. Муну менен Италия экинчи ирет Европа чемпиону болду. Буга чейин алар континенттик мелдешти 1968-жылы уткан.

Белгилер:
окуя, апта, сүрөт
Тема боюнча
Апта ирмеми: Эверестти багынткан Кубатовдон пляждагы суйкайган кыздарга чейин
Апта ирмеми: Казандагы аппак кенгурудан Каир аэропортундагы мумияга чейин
Шевченконун жеңишинен тарта марихуананы мыйзамдаштырууга чейин. Апта ирмеми

Сүйүнүч, күйүт, кайнаган эмоция! Кыргыз балбандарынын Олимпиададагы ирмемдери

36
(жаңыланган 20:50 05.08.2021)
  • Кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы Токио-2020 Олимпиадасында казакстандык Эльмира Сыздыкованын айласын кетирип жаткан чагы. 1-август, 2021-жыл.
  • Кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы Токио-2020 Олимпиадасында казакстандык Эльмира Сыздыкованын айласын кетирип жаткан чагы. 1-август, 2021-жыл.
  • Кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков жеңишти алдырган соң жигитчилик сапатын көрсөтүп, атаандашын куттуктап турат. 1-август, 2021-жыл.
  • Айпери Медет кызы беш жолку дүйнө чемпиону, америкалык тажрыйбалуу балбан Аделина Грейге акыркы дем-күчү менен чабуул коюп жатат. 2-август, 2021-жыл.
  • Кыргызстандык балбан, грек-рим күрөшүнүн чебери Акжол Махмудов (77килограмм) тунистик Ламджед Маафини ай-буйга келтирбей төрт упайлык ыкмага чапканы жатат. 2-август, 2021-жыл.
  • Мээрим Жуманазарова (68 килограмм) Олимпиада мелдешинин чейрек финалында кара күчкө бай нигериялык (көк кийимчен) Блессинг Оборудудуга каршы партерде коргонуп жатат. 2-август, 2021-жыл.
  • Акжол Махмудов армениялык Карапет Чалянды жерден көтөрүп артка ыргыткан ыкмасына каршы амал жасап, эки упай алды. Жарым финалдык беттештин эң маанилүү учуру... Жеңиш Акжол тарапта болду. 2-август, 2021-жыл.
  • Кыргыздын атактуу балбан кызы Айсулуу Тыныбекова (кызыл кийимчен) румыниялык Криста Инкзеден эки упай алып эле токтобостон, анын бутун кайчылаштырып тоголото ыкмага салганы жаткан учуру. 3-август, 2021-жыл.
  • Айсулуу Тыныбекова (кызыл кийимчен) украиналык балбан кыз Ирина Коляденкону утуп, Токио-2020 Олимпиадасынын финалына чыккан чагы. 3-август, 2021-жыл.
  • Кыргыз балбаны Акжол Махмудов (көк кийимчен) Олимпиаданын финалында венгриялык тажрыйбалуу спортчу Тамаш Лёринцке жеңилгенин жигитче мойнуна алууда. Өз кезегинде олимпиада чемпиону Акжолдун оңой эмес атаандаш болгонун айтып жатат. 3-август, 2021-жыл.
  • Кыргыз балбаны Акжол Махмудов болгону 22 жашында спорт дүйнөсүнүн туу чокусу болгон Олимпиада оюндарынын күмүш медалын тагынып турат. 3-август, 2021-жыл.
  • Кыргыздын балбан кызы Мээрим Жуманазарова (кызыл кийимчен) саналуу секунд мурда Олимпиаданын коло байгеси үчүн беттеште моңгол кызы Соронзонболдын Батцэцэгдин  далысын жерге басып, таза жеңиш менен утту. Сүрөттө ийгилигине чексиз ыраазы болуп турган чагы. 3-август, 2021-жыл.
  • Ажарлуу балбан кыз Мээрим Жуманазарова Олимпиаданын коло медалын тагынып, талыкпаган эмгектин үзүрүн, жеңиштин даамын татып турган жагымдуу учуру. 3-август, 2021-жыл.
  • Кыргыздын баатыр кызы Айсулуу Тыныбекова (кызыл кийимчен) Олимпиаданын алтын байгеси үчүн таймашта ар бир упай үчүн жан үрөп, япониялык атаандашы Юкако Каваинин (62 килограмм) чабуулунан коргонуп жаткан чагы. 4-август, 2021-жыл.
  • Айсулуу Тыныбекова Олимпиаданын күмүш медалын тагынып турган кези. Сыйлоо аземи. 4-август, 2021-жыл.
Токио-2020 Олимпиадасы Кыргызстандын тарыхында балбандардын катышуусу жагынан да, медаль жеңген көрсөткүчү жагынан да эң ийгиликтүү мелдеш болду. Өлкөнүн балбан кыздар-балдарынын таймаштагы ирмемдерин Sputnik Кыргызстандын сүрөт түрмөгүнөн көрүңүз.

Кыргызстандын грек-рим жана кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасы Токио-2020 Олимпиадасындагы оюндарын жыйынтыктады.

Бул даңазалуу ири спорттук мелдешке грек-рим күрөшү боюнча Жоламан Шаршенбеков (60 килограмм), Акжол Махмудов (77 килограмм), Атабек Азисбеков (87 килограмм) жана Үзүр Жусупбеков (97 килограмм) катышса, кыздар күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова (62 килограмм), Мээрим Жуманазарова (68 килограмм) жана Айпери Медет кызы (76 килограмм) намыс талашты.

Күрөштүн бул эки түрүнөн Олимпиадага барган жети балбандын төртөө медаль үчүн таймашка чыкты. Алардын экөө күмүш, бирөө коло медаль утту.

68 килограмм салмакта мелдешке чыккан Мээрим Жуманазарова Олимпиаданын коло медалын утту. Байге үчүн таймашта ал моңгол кызы Соронзонболдын Батцэцэгдин далысын жерге басып, таза жеңиш менен утту. Мээрим эгемен Кыргызстандын тарыхында Олимпиада медалын тагынган алгачкы балбан кыз болуп калды.

Грек-рим күрөшүнүн чебери Акжол Махмудов 77 килограмм салмакта ат салышып, Олимпиаданын күмүш медалын утту. Алтын байге үчүн финалдык беттеште ал венгриялык тажрыйбалуу балбан Тамаш Лёринцке 2:1 эсебинде жеңишти алдырды.

Балбан кыз Айсулуу Тыныбекова 62 килограмм салмакта күрөшүп экинчи орунду камсыздап, Олимпиаданын күмүш медалын тагынды. Финалдык айыгышкан кармашта япониялык Юкако Каваиге 4:3 эсебинде утулду.

Айсулуу Тыныбекова тарыхта Олимпиаданын күмүш медалын тагынган алгачкы балбан кыз болуп калды.

 

36
  • Кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы Токио-2020 Олимпиадасында казакстандык Эльмира Сыздыкованын айласын кетирип жаткан чагы. 1-август, 2021-жыл.
    © REUTERS / LEAH MILLIS

    Кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы Токио-2020 Олимпиадасында казакстандык Эльмира Сыздыкованын айласын кетирип жаткан чагы. 1-август, 2021-жыл.

  • Кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы Токио-2020 Олимпиадасында казакстандык Эльмира Сыздыкованын айласын кетирип жаткан чагы. 1-август, 2021-жыл.
    © REUTERS / PIROSCHKA VAN DE WOUW

    Кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы Токио-2020 Олимпиадасында казакстандык Эльмира Сыздыкованын айласын кетирип жаткан чагы. 1-август, 2021-жыл.

  • Кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков жеңишти алдырган соң жигитчилик сапатын көрсөтүп, атаандашын куттуктап турат. 1-август, 2021-жыл.
    © REUTERS / PIROSCHKA VAN DE WOUW

    Кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков жеңишти алдырган соң жигитчилик сапатын көрсөтүп, атаандашын куттуктап турат. 1-август, 2021-жыл.

  • Айпери Медет кызы беш жолку дүйнө чемпиону, америкалык тажрыйбалуу балбан Аделина Грейге акыркы дем-күчү менен чабуул коюп жатат. 2-август, 2021-жыл.
    © REUTERS / PIROSCHKA VAN DE WOUW

    Айпери Медет кызы беш жолку дүйнө чемпиону, америкалык тажрыйбалуу балбан Аделина Грейге акыркы дем-күчү менен чабуул коюп жатат. 2-август, 2021-жыл.

  • Кыргызстандык балбан, грек-рим күрөшүнүн чебери Акжол Махмудов (77килограмм) тунистик Ламджед Маафини ай-буйга келтирбей төрт упайлык ыкмага чапканы жатат. 2-август, 2021-жыл.
    © AFP 2021 / JACK GUEZ

    Кыргызстандык балбан, грек-рим күрөшүнүн чебери Акжол Махмудов (77килограмм) тунистик Ламджед Маафини ай-буйга келтирбей төрт упайлык ыкмага чапканы жатат. 2-август, 2021-жыл.

  • Мээрим Жуманазарова (68 килограмм) Олимпиада мелдешинин чейрек финалында кара күчкө бай нигериялык (көк кийимчен) Блессинг Оборудудуга каршы партерде коргонуп жатат. 2-август, 2021-жыл.
    © AFP 2021 / JACK GUEZ

    Мээрим Жуманазарова (68 килограмм) Олимпиада мелдешинин чейрек финалында кара күчкө бай нигериялык (көк кийимчен) Блессинг Оборудудуга каршы партерде коргонуп жатат. 2-август, 2021-жыл.

  • Акжол Махмудов армениялык Карапет Чалянды жерден көтөрүп артка ыргыткан ыкмасына каршы амал жасап, эки упай алды. Жарым финалдык беттештин эң маанилүү учуру... Жеңиш Акжол тарапта болду. 2-август, 2021-жыл.
    © AP Photo / Aaron Favila

    Акжол Махмудов армениялык Карапет Чалянды жерден көтөрүп артка ыргыткан ыкмасына каршы амал жасап, эки упай алды. Жарым финалдык беттештин эң маанилүү учуру... Жеңиш Акжол тарапта болду. 2-август, 2021-жыл.

  • Кыргыздын атактуу балбан кызы Айсулуу Тыныбекова (кызыл кийимчен) румыниялык Криста Инкзеден эки упай алып эле токтобостон, анын бутун кайчылаштырып тоголото ыкмага салганы жаткан учуру. 3-август, 2021-жыл.
    © AFP 2021 / JACK GUEZ

    Кыргыздын атактуу балбан кызы Айсулуу Тыныбекова (кызыл кийимчен) румыниялык Криста Инкзеден эки упай алып эле токтобостон, анын бутун кайчылаштырып тоголото ыкмага салганы жаткан учуру. 3-август, 2021-жыл.

  • Айсулуу Тыныбекова (кызыл кийимчен) украиналык балбан кыз Ирина Коляденкону утуп, Токио-2020 Олимпиадасынын финалына чыккан чагы. 3-август, 2021-жыл.
    © REUTERS / PIROSCHKA VAN DE WOUW

    Айсулуу Тыныбекова (кызыл кийимчен) украиналык балбан кыз Ирина Коляденкону утуп, Токио-2020 Олимпиадасынын финалына чыккан чагы. 3-август, 2021-жыл.

  • Кыргыз балбаны Акжол Махмудов (көк кийимчен) Олимпиаданын финалында венгриялык тажрыйбалуу спортчу Тамаш Лёринцке жеңилгенин жигитче мойнуна алууда. Өз кезегинде олимпиада чемпиону Акжолдун оңой эмес атаандаш болгонун айтып жатат. 3-август, 2021-жыл.
    © REUTERS / LEAH MILLIS

    Кыргыз балбаны Акжол Махмудов (көк кийимчен) Олимпиаданын финалында венгриялык тажрыйбалуу спортчу Тамаш Лёринцке жеңилгенин жигитче мойнуна алууда. Өз кезегинде олимпиада чемпиону Акжолдун оңой эмес атаандаш болгонун айтып жатат. 3-август, 2021-жыл.

  • Кыргыз балбаны Акжол Махмудов болгону 22 жашында спорт дүйнөсүнүн туу чокусу болгон Олимпиада оюндарынын күмүш медалын тагынып турат. 3-август, 2021-жыл.
    © AFP 2021 / JACK GUEZ

    Кыргыз балбаны Акжол Махмудов болгону 22 жашында спорт дүйнөсүнүн туу чокусу болгон Олимпиада оюндарынын күмүш медалын тагынып турат. 3-август, 2021-жыл.

  • Кыргыздын балбан кызы Мээрим Жуманазарова (кызыл кийимчен) саналуу секунд мурда Олимпиаданын коло байгеси үчүн беттеште моңгол кызы Соронзонболдын Батцэцэгдин  далысын жерге басып, таза жеңиш менен утту. Сүрөттө ийгилигине чексиз ыраазы болуп турган чагы. 3-август, 2021-жыл.
    © REUTERS / PIROSCHKA VAN DE WOUW

    Кыргыздын балбан кызы Мээрим Жуманазарова (кызыл кийимчен) саналуу секунд мурда Олимпиаданын коло байгеси үчүн беттеште моңгол кызы Соронзонболдын Батцэцэгдин далысын жерге басып, таза жеңиш менен утту. Сүрөттө ийгилигине чексиз ыраазы болуп турган чагы. 3-август, 2021-жыл.

  • Ажарлуу балбан кыз Мээрим Жуманазарова Олимпиаданын коло медалын тагынып, талыкпаган эмгектин үзүрүн, жеңиштин даамын татып турган жагымдуу учуру. 3-август, 2021-жыл.
    © AFP 2021 / JACK GUEZ

    Ажарлуу балбан кыз Мээрим Жуманазарова Олимпиаданын коло медалын тагынып, талыкпаган эмгектин үзүрүн, жеңиштин даамын татып турган жагымдуу учуру. 3-август, 2021-жыл.

  • Кыргыздын баатыр кызы Айсулуу Тыныбекова (кызыл кийимчен) Олимпиаданын алтын байгеси үчүн таймашта ар бир упай үчүн жан үрөп, япониялык атаандашы Юкако Каваинин (62 килограмм) чабуулунан коргонуп жаткан чагы. 4-август, 2021-жыл.
    © AP Photo / Aaron Favila

    Кыргыздын баатыр кызы Айсулуу Тыныбекова (кызыл кийимчен) Олимпиаданын алтын байгеси үчүн таймашта ар бир упай үчүн жан үрөп, япониялык атаандашы Юкако Каваинин (62 килограмм) чабуулунан коргонуп жаткан чагы. 4-август, 2021-жыл.

  • Айсулуу Тыныбекова Олимпиаданын күмүш медалын тагынып турган кези. Сыйлоо аземи. 4-август, 2021-жыл.
    © AFP 2021 / JACK GUEZ

    Айсулуу Тыныбекова Олимпиаданын күмүш медалын тагынып турган кези. Сыйлоо аземи. 4-август, 2021-жыл.

Белгилер:
Олимпиада-2020, грек-рим күрөшү, кыз-келиндер күрөшү
Тема:
2021-жылы Токиодо өтө турган Олимпиада оюндары
Тема боюнча
Айаал Лазарев Олимпиаданын коло байгеси үчүн таймашат
Олимпиада: эркин күрөш балбаны Эрназар Акматалиев индиялык спортчу менен кармашат
Кыргызстандык балбан кыздар Олимпиададан эки медаль менен кайтты. Сүрөт
Устат Изабеков Токиодо намыска жараган кыздарын канатына калкалап... Фотофакт

Жеңиш үчүн жан үрөп... Чолпон-Атадагы дүйнө чемпионатынан 13 сүрөт

118
  • Ысык-Көлдө спорт дүйнөсүнүн башын бириктирген ири чемпиоанат башталды
  • Мелдешке Россия жана Борбор Азиядан 500дөн ашуун спортчу келди
  • Спорттук иш-чаранын ачылышына ONE FC чемпиону, кыргызстандык мушкер Кямран Аббасов келди
  • Биримдик — 2021 аталышындагы мелдештин программасына спорттун беш түрү кирген
  • Алар: ММА, жиу-житсу, грепплинг, самбо жана тай бокс
  • Белгилей кетсек, самбо менен тай бокс быйыл Олимпиада оюндарынын катарына кирди
  • Турнир Чолпон-Ата шаарындагы Газпром ден соолукту чыңдоо борборунда өтүүдө
  • Мелдеш Кыргызстан менен Россиянын эриш-аркак жылынын алкагында болууда
  • Чемпионат балдар жана чоңдор арасында өтүүдө
  • Чемпионаттын максаты мамлекеттердин ортосундагы достук мамилени чыңдоо болуп саналат
  • Уюштуруучулар Россиядагы ММА - Свободный поединок уюму жана анын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү
  • ММА боюнча кармаштар элдин бүйүрүн кызытууда
  • Спорттук иш-чара 7-августка чейин созулат
Бүгүн, 4-августта, Ысык-Көлдө спорт дүйнөсүнүн башын бириктирген ири чемпионат башталды. "Биримдик — 2021" аталышындагы мелдештин программасына спорттун беш түрү: ММА, жиу-житсу, грепплинг, самбо жана тай бокс кирген.

Дүйнө чемпионаты Чолпон-Ата шаарындагы "Газпром" ден соолукту чыңдоо борборунда жана ипподромдо болууда. Ага Россия жана Борбор Азия мамлекеттеринен 500дөн ашуун спортчу келди. Чемпионат балдар жана чоңдор арасында өтүүдө.

Мелдеш Кыргызстан менен Россиянын эриш-аркак жылынын алкагында болуп жатат. Уюштуруучулар Россиядагы "ММА - Свободный поединок" уюму жана анын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү болуп саналат. Ошондой эле эки өлкөнүн тиешелүү мекемелери колдоо көрсөткөн.

4-августта башталган иш-чара 7-августка чейин созулат.

118
  • Ысык-Көлдө спорт дүйнөсүнүн башын бириктирген ири чемпиоанат башталды
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Ысык-Көлдө спорт дүйнөсүнүн башын бириктирген ири чемпиоанат башталды

  • Мелдешке Россия жана Борбор Азиядан 500дөн ашуун спортчу келди
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Мелдешке Россия жана Борбор Азиядан 500дөн ашуун спортчу келди

  • Спорттук иш-чаранын ачылышына ONE FC чемпиону, кыргызстандык мушкер Кямран Аббасов келди
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Спорттук иш-чаранын ачылышына ONE FC чемпиону, кыргызстандык мушкер Кямран Аббасов келди

  • Биримдик — 2021 аталышындагы мелдештин программасына спорттун беш түрү кирген
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    "Биримдик — 2021" аталышындагы мелдештин программасына спорттун беш түрү кирген

  • Алар: ММА, жиу-житсу, грепплинг, самбо жана тай бокс
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Алар: ММА, жиу-житсу, грепплинг, самбо жана тай бокс

  • Белгилей кетсек, самбо менен тай бокс быйыл Олимпиада оюндарынын катарына кирди
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Белгилей кетсек, самбо менен тай бокс быйыл Олимпиада оюндарынын катарына кирди

  • Турнир Чолпон-Ата шаарындагы Газпром ден соолукту чыңдоо борборунда өтүүдө
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Турнир Чолпон-Ата шаарындагы "Газпром" ден соолукту чыңдоо борборунда өтүүдө

  • Мелдеш Кыргызстан менен Россиянын эриш-аркак жылынын алкагында болууда
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Мелдеш Кыргызстан менен Россиянын эриш-аркак жылынын алкагында болууда

  • Чемпионат балдар жана чоңдор арасында өтүүдө
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Чемпионат балдар жана чоңдор арасында өтүүдө

  • Чемпионаттын максаты мамлекеттердин ортосундагы достук мамилени чыңдоо болуп саналат
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Чемпионаттын максаты мамлекеттердин ортосундагы достук мамилени чыңдоо болуп саналат

  • Уюштуруучулар Россиядагы ММА - Свободный поединок уюму жана анын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Уюштуруучулар Россиядагы "ММА - Свободный поединок" уюму жана анын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү

  • ММА боюнча кармаштар элдин бүйүрүн кызытууда
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    ММА боюнча кармаштар элдин бүйүрүн кызытууда

  • Спорттук иш-чара 7-августка чейин созулат
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Спорттук иш-чара 7-августка чейин созулат

Белгилер:
Кыргызстан, Россия, Чолпон-Ата, чемпионат, спорт
Тема боюнча
Чолпон-Атадагы дүйнө чемпионатына ONE FC жылдызы Кямран Аббасов келди. Видео
Нурмагомедов келген көл жээктеги Eagle FC турнири. 17 сүрөт
Бүйүр кызытып... Хабиб Нурмагомедовдун Чолпон-Атадагы турнири видеодо
Арсланбаб жаңгак багы. Архив

Жума күнгө карата аба ырайы

0
5-августтан 8-августка чейин республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда  аба ырайы өзгөрүлүп турат. Күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. 6-августка караган түнү жаан-чачын жаабайт. Күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетип турат.

Абанын температурасы Чүйдө +30...+35, Талас аймагында +29...+34, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +32...+37, Ысык-Көл жана Нарын өрөөндөрүндө +22...+27 градус болот.

Синоптиктер борбор калаада күндүн табы +33...+35, Ош шаарында +34...+36, Чолпон-Атада +25...27 градуска чыгарын айтышты.

0
Белгилер:
аба ырайы, Кыргызстан
Тема боюнча
Шашылыш билдирүү! ӨКМ сел жүрүшү мүмкүн экенин эскертет