Эротика жетишпей, дублер издешип... "Сүйүү закымдарынын" 14 ирмеми

Жазылуу
Мындан 35 жыл мурда кинорежиссер Төлөмүш Океев тажикстандык, сириялык киночулар менен биргеликте "Сүйүү закымдары" көркөм тасмасын тарткан. Sputnik Кыргызстан агенттиги аталган фильмдеги кызыктуу ирмемдерди сунуштайт.

"Сүйүү закымдары" кинокартинасынын сценарийин Океев тажикстандык жазуучу Тимур Зульфикаров экөө жазып, операторлук милдет Нуртай Борбиевге жүктөлгөн. "Кыргызфильм", "Тажикфильм" жана Сириянын Ganem-fil киностудиялары биргелешип жараткан эмгек Тажикстандын борбору Душанбеге жакын жердеги Симиганч кыштагында, Өзбекстандын Хива шаарында, Кыргызстандын Ысык-Көлүндө жана Сирияда тартылган.

Оскарга көрсөтүлгөн Көк серек. Океевди 100гө чыгарбаган тасмадагы сүрөттөр - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.07.2021
"Оскарга" көрсөтүлгөн "Көк серек". Океевди 100гө чыгарбаган тасмадагы сүрөттөр
Кинофильмде орто кылымдагы Бухарадагы уста Муфаззалдын жана анын баласынын тагдыры баяндалат. Сюжет боюнча, Муфаззалдын аялдары эркек бала төрөбөй, уста узак убакыттан бери уулдуу боло албай келген. Ал бири күнү өз өнөрүн, устаканасын кимге мураска калтырууну ойлонуп жүрүп кул базардан Алтынбүбү деген кыргыз кызды сатып алат. Сулууга "эгер уул төрөп берсең, эркиндикке кое берем" деп сөз берген. Ошентип ал устаны Мани аттуу уулдуу кылып, бирок баласына байланат деген үмүт менен берген убадасынан тайып бошотпой турганына көзү жеткен Алтынбүбү дегдеген Ысык-Көлүнө качып кетет. Ал эми бала чоңоюп ата жолун улайт. Бирок аны көрө албагандар оң колун сүрөт тартканга жараксыз кылып салышат. Ошондо ал сол колу менен сүрөт тартууну үйрөнгүсү келип Жибек Жолундагы белгилүү сүрөтчүнү издеп, саякаттап жүрүп көп окуяларга күбө болгон.

Фотосүрөтчү Александр Федоров тасма тартылып жатканда Ganem-film студиясынын өкүлү Душанбеге келип, материалдарды көргөндөн кийин эротика жетишпей жатканын айтканын эскерген эле. Көпкө талашып-тартышкандан кийин Муфаззал менен Алтынбүбүнүн сүйүү сценасын тартууну чечишет. Дублер таап, аталган эпизодду жабык павильондо аз кишинин катышуусу менен тартышкан.

Башкы каарман Алтынбүбүнүн образын жараткан актриса Асел Эшимбекова ал кезеңди мындайча эскерет.

"Сүйүү закымдарына" башкы ролго чакырылганда мен 18 жашта болчумун. Ал кезде Санкт-Петербург шаарында билим алып жаткам. Ошондуктан учак менен учуп келип, кайра кетип жүрдүм. Тасмага көп улуттун өкүлдөрү катышып, көп жерде тартылды. Төлөмүш агай жакшы киши, улуу устат эле, мамилебиз ата-баладай болчу. Анан эсиңизде болсо, "Сүйүү закымдарында" жылаңач түшө турчу эпизод бар. Ага тартылууга атам макул болбой койгон, өзүм дагы каршы элем. Анан Москва шаарынан мага окшош балерина кызды чакыртып тартышкан. Тартуу иштери Ташкент шаарында жүргөн, атам жанымда эле. Соңунда Төлөмүш Океев келип, "Имаш, кызың эмес, дублер тартылганына ыраазысыңбы?" деп сурап калды. Атам "ооба" деп жооп берген", — деди Эшимбекова.

Фильмге Ходжадурды Нарлиев, Али Мухаммад, Фархад Мирзоев, Дин Махаматдинов, Дильбар Умарова, Фаррух Касымов, Хуррам Касымов, Досхан Жолжаксынов, Махмуд Жаркас, Фируз Ал-Адах, Рания Ал-Халак, Элла Болдонова, Токон Дайырбеков, Шариф Кабулов, Эдильбек Чокубаев, Ментай Утепбергенов, Гүлнара Чокубаева, Марат Хасанов, Артык Кадыров, Гүлсара Абдуллаева, Имаш Эшимбеков, Эмил Борончиев сыяктуу кыргыз, казак, тажик, араб актерлор катышкан.

Кинокартина кийин Дамаск шаарында өткөн эл аралык фестивалда "Күмүш кылыч" сыйлыгына татып, Сириянын азыркы президенти Башар Асаддын атасы Хафез Асад Океевге акчалай сыйлык берген.

 

© Фото / Александр Федоров"Сүйүү закымдарында" актриса Таттыбүбү Турсунбаеванын кызы Асел Эшимбекова Алтынбүбүнүн ролунда
Миражи любви или Как сирийцы требовали эротику - Sputnik Кыргызстан
1/14
"Сүйүү закымдарында" актриса Таттыбүбү Турсунбаеванын кызы Асел Эшимбекова Алтынбүбүнүн ролунда
© Sputnik / Александр ФедоровАктерлорду камерага түшүрүүгө аракет кылган оператор Нуртай Борбиев менен режиссер Төлөмүш Океев
Съемки фильма Миражи любви Толомуша Океева - Sputnik Кыргызстан
2/14
Актерлорду камерага түшүрүүгө аракет кылган оператор Нуртай Борбиев менен режиссер Төлөмүш Океев
© Sputnik / Александр ФедоровТөлөмүш Океев: фильм Борбордук Азиянын аты белгисиз сүрөтчүлөрү менен чеберлерине арналган.
Миражи любви или Как сирийцы требовали эротику - Sputnik Кыргызстан
3/14
Төлөмүш Океев: фильм Борбордук Азиянын аты белгисиз сүрөтчүлөрү менен чеберлерине арналган.
© Sputnik / Александр ФедоровКино тартуунун ортосундагы тыныгууда режиссер сулуулар менен
Миражи любви или Как сирийцы требовали эротику - Sputnik Кыргызстан
4/14
Кино тартуунун ортосундагы тыныгууда режиссер сулуулар менен
© Sputnik / Александр ФедоровКинофильмге кыргыз, казак, тажик, араб актерлору катышкан
Миражи любви или Как сирийцы требовали эротику - Sputnik Кыргызстан
5/14
Кинофильмге кыргыз, казак, тажик, араб актерлору катышкан
© Sputnik / Александр ФедоровКиночулар Борбор Азиядагы эң байыркы шаарлардын бири Бухарада
Съемки фильма Миражи любви Толомуша Океева - Sputnik Кыргызстан
6/14
Киночулар Борбор Азиядагы эң байыркы шаарлардын бири Бухарада
© Sputnik / Александр Федоров"Сүйүү закымдары" Ысык-Көл облусунда камерага түшүрүлгөн
Миражи любви или Как сирийцы требовали эротику - Sputnik Кыргызстан
7/14
"Сүйүү закымдары" Ысык-Көл облусунда камерага түшүрүлгөн
© Sputnik / Александр ФедоровТөлөмүш Океевдин айылдаштары тартуу маалында. Ысык-Көл облусунун Төрткүл айылындагы тоо этектери
Миражи любви или Как сирийцы требовали эротику - Sputnik Кыргызстан
8/14
Төлөмүш Океевдин айылдаштары тартуу маалында. Ысык-Көл облусунун Төрткүл айылындагы тоо этектери
© Sputnik / Александр ФедоровИштөөгө ылайыктуу аянтча издеген оператор Борбиев менен режиссер Океев
Миражи любви или Как сирийцы требовали эротику - Sputnik Кыргызстан
9/14
Иштөөгө ылайыктуу аянтча издеген оператор Борбиев менен режиссер Океев
© Sputnik / Александр ФедоровКарапачынын устаканасы. Байыркы Хива шаарынын курулуштары менен көчөлөрү.
Миражи любви или Как сирийцы требовали эротику  - Sputnik Кыргызстан
10/14
Карапачынын устаканасы. Байыркы Хива шаарынын курулуштары менен көчөлөрү.
© Sputnik / Александр ФедоровТартуу маалында ата-баладай мамиледе болгон Океев менен Эшимбекова
Съемки фильма Миражи любви на Иссык-Куле  - Sputnik Кыргызстан
11/14
Тартуу маалында ата-баладай мамиледе болгон Океев менен Эшимбекова
© Sputnik / Александр ФедоровАлтынбүбүнүн сүйүү сценасына Асел тартылуудан баш тартканда кинематографисттер Москвадан дублер табышкан
Эротика в кыргызских фильмах - Sputnik Кыргызстан
12/14
Алтынбүбүнүн сүйүү сценасына Асел тартылуудан баш тартканда кинематографисттер Москвадан дублер табышкан
© Sputnik / Александр ФедоровАт үстүндө актриса Асел Эшимбекова менен ат жетелеген СССРдин эл артисти Төлөмүш Океев.
Съемки фильма Миражи любви на Иссык-Куле - Sputnik Кыргызстан
13/14
Ат үстүндө актриса Асел Эшимбекова менен ат жетелеген СССРдин эл артисти Төлөмүш Океев.
© Sputnik / Александр ФедоровКинофильмде сүрөтчү Манинин бала кезинен баштап дасыккан сүрөтчү болгонуна чейинки өмүрү баяндалат
Миражи любви или Как сирийцы требовали эротику - Sputnik Кыргызстан
14/14
Кинофильмде сүрөтчү Манинин бала кезинен баштап дасыккан сүрөтчү болгонуна чейинки өмүрү баяндалат
Жаңылыктар түрмөгү
0