Жер чийген көйнөк, түркүн жоолук... Мусулман аялдарга мода көргөзмөсүнөн сүрөттөр

225
Татарстанда мусулман кыз-келиндери үчүн мода көргөзмөсү өттү. Иш-чарада тартылган кадрларды Sputnik Кыргызстандын сүрөт түрмөгүнөн көрүңүз.

Modest Fashion Day мода көргөзмөсү Эл аралык XII "Россия — Ислам дүйнөсү: KazanSummit" саммитинин алкагында өттү. Моделдер "Казань Экспо" борборунда подиумга чыгышты.

Modest Fashion багыты маданият, стиль, сулуулуктан тышкары өзүнө ислам баалуулуктарын камтыйт. Тикмечилер эл алдына жер чийген адеми көйнөктөрдү, хиджаб, жоолук сыяктуу аялдардын көркүн ачкан кийимдерди алып чыгышты.

Ушул тапта Казань шаарында Эл аралык XII "Россия — Ислам дүйнөсү: KazanSummit" саммити өтүп жатат. Быйыл ага 70 мамлекеттен келген 4 миңдей адам катышууда. Анда бизнес, маданият, илим жана медицина тармактарында кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө.

"Россия — Ислам дүйнөсү: KazanSummit" — Россия менен ислам мамлекеттеринин экономикалык байланышын бекемдей турган аянтча.

225
  • © Sputnik / Maksim Bogodvid

    Татарстанда мусулман кыз-келиндери үчүн мода көргөзмөсү өттү

  • © Sputnik / Maksim Bogodvid

    Modest Fashion Day мода көргөзмөсү Эл аралык XII "Россия — Ислам дүйнөсү: KazanSummit" саммитинин алкагында болду

  • © Sputnik / Maksim Bogodvid

    Моделдер "Казань Экспо" борборунда подиумга чыгышты

  • © Sputnik / Maksim Bogodvid

    Modest Fashion багыты маданият, стиль, сулуулуктан тышкары, өзүнө ислам баалуулуктарын камтыйт

  • © Sputnik / Maksim Bogodvid

    Подиумдагы аял

  • © Sputnik / Maksim Bogodvid

    Ачык түстөгү кийимдер кыз-келиндердин көркүн ачат

  • © Sputnik / Maksim Bogodvid

    Тикмечилер эл алдына жер чийген адеми көйнөктөрдү, хиджаб, жоолук сыяктуу аялдардын көркүн ачкан кийимдерди алып чыгышты

  • © Sputnik / Maksim Bogodvid

    Подиумга моделдер түркүн-түрлүү жоолуктарды салынып чыгышты

  • © Sputnik / Maksim Bogodvid

    Иш-чара Татарстандын Улуттук мода палатасынын колдоосу менен өттү

  • © Sputnik / Maksim Bogodvid

    Ушул тарта Казань шаарында Эл аралык XII "Россия — Ислам дүйнөсү: KazanSummit" саммити өтүп жатат

  • © Sputnik / Maksim Bogodvid

    Жоолукчан модель

  • © Sputnik / Maksim Bogodvid

    Быйыл ага 70 мамлекеттен келген 4 миңдей адам катышууда

  • © Sputnik / Maksim Bogodvid

    Modest Fashion Day көргөзмөсүнөн бир ирмем

  • © Sputnik / Maksim Bogodvid

    "Россия — Ислам дүйнөсү: KazanSummit" — Россия менен ислам мамлекеттеринин экономикалык байланышын бекемдей турган аянтча

Белгилер:
Россия, Татарстан, мода, көргөзмө, саммит
Тема боюнча
Туман арасынан суурулган сулуулар. Көлдөгү көчмөндөр модасынан 12 ирмем

Ханышанын эстелигинен тарта жылуулук түтүгүнө түшкөн унаага чейинки сүрөт түрмөк

218
  • Дүйнөдөгү эң бою узун аял Румейса Гелги Түркиянын Сафранболу шаарындагы үйүнүн алдында уюштурган пресс–конференцияда апасы менен турат
  • Жалал-Абад менен Балыкчыны туташтыра турган Түндүк — Түштүк альтернативалуу унаа жолунда курулуп жаткан эстакадалык көпүрөнүн дрондон көрүнүшү. Азыркы тапта жолдо Нарын дарыясынан өтүүчү эки эстакадалык көпүрөнүн курулушу аяктоодо. Келерки жылдын соңунда Көк-Арт ашуусун тешип өткөн тоннелдин курулушун бүткөрүү пландалып жатат. Трассаны колдонууга берүүнүн мөөнөтү бир нече ирет кечиктирилди. Транспорт министрлигинин акыркы маалыматтарына ылайык, ири жол 2024-жылы толук бүткөрүлөт.
  • Жорж Клунинин жубайы, юрист Амаль Клуни Лондондогу кинофестивалда
  • Пальма аралын жанар тоонун күлү каптап калды. Кумбре-Вьеха вулканынын атылганы уланып жатат. Лава 674 гектарга жакын жерди каптап, 800дөн ашык үйдү талкалаган.
  • Новосибирскиде (Россия) куткаруучулар асфальт бузулуп жылуулук өтүүчү түтүктөрдүн жайына түшүп кеткен автоунааны чыгарып жатышат
  • Непалдын Бхактапур шаарындагы Дашайн фестивалынын акыркы күнүндө индуисттер диний жөрөлгө жасап жатышат
  • Лас-Вегастагы Fantasy бурлеск-шоусунун катышуучулары
  • Лондондун түштүк-батышындагы Бушей паркындагы кызыл бугу
  • Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон Бристолдогу башталгыч мектепке барды
  • Арлингтондогу (АКШ) көп батирлүү үйдүн балконунда отурган киши
  • Грециянын борбору Афиныда нөшөрдөн кийин баш калаанын көчөлөрүн суу каптады. Сүрөттө автобустун айдоочусу жер астындагы өтмөктө калган автобустун жүргүнчүлөрүн эвакуациялагандан кийин сууда басып баратып телефон менен сүйлөшүп жатат.
  • Мадридде испан армиясынын элиталык бөлүгүнүн мүчөлөрү эчки менен турат
  • Ливандын Бейрут шаарындагы Сот адилеттүүлүгү сарайынын алдында Хезболла шиит тобу жана анын союздаштары уюштурган нааразылык акциясында кеминде алты киши көз жумду. 
Акциячылар порттогу жардыруу боюнча ишти алып барган судья Тарек Битарды кызматтан четтетүүнү талап кылуу боюнча тынчтык митингин уюшутурууну пландашкан. Шиит партиясынын жактоочулары соттун чечимдери саясатташкан жана мыйзамсыз деп эсептешет.
  • Талибан согушкерлери Кызыл чырым эл аралык коимтетинин Кабулдагы реабилитациялык борборунда буттарына коюлган жаңы протездерди сынап көрүшүүдө
  • Колумбиялык ырчы Кароль Жи АКШнын Техас штатында өткөн Austin City Limits музыкалык фестивалында ырдады
  • Сүрөтчү Эмма Михан Блэкпулда ханыша Елизавета IIнин мом фигурасына акыркы штрихтерди тартып жатат. Жаңы эстелик 2012-жылы ханышанын бриллиант юбилейинин урматына коюлган айкелдин ордуна тургузулду.
Sputnik Кыргызстан өткөн аптада дүйнөдө болгон эң кызыктуу окуяларды камтыган кезектеги сүрөт түрмөгүн сунуш кылат.

Дүйнөдө бою эң узун аял Румейса Гелги Түркиянын Сафранболу шаарындагы үйүнүн алдында маалымат жыйын өткөрдү.

Кыргызстанда Жалал-Абад менен Балыкчыны туташтыра турган Түндүк — Түштүк альтернативалуу унаа жолунда Нарын дарыясынан өтүүчү эки эстакадалык көпүрөнүн курулушу аяктоодо. Транспорт министрлигинин маалыматына ылайык, жол 2024-жылы толук бүтүп, пайдаланууга берилет.

Улуу Британияда жыл сайын болуучу Лондондук кинофестиваль өттү.

Бхактапурда (Непалда) Дашайн фестивалынын онунчу жана акыркы күнүн майрамдоо салтанаты болду.

Новосибирскиде  (Россия) автоунаа жылуулук трассасынын шагылына түшүп кетти.

Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон Бристолдогу Англия академиясынын Вестбери-он-Трим чиркөөсүнө барды.

Афинада (Греция) нөшөрдөн соң шаардын көчөлөрүн суу каптады.

Ливандын Бейрут шаарында Сот адилеттүлүгү сарайында шииттердин "Хезболла" тобу жана анын союздаштары нааразылык акциясын уюштурду. Тынчтык митингинин катышуучулары порттогу жардыруу боюнча ишти алып барган судья Тарек Битарды кызматтан четтетүүнү талап кылышты. Шиит партиясынын жактоочулары соттун чечимдери саясатташкан жана мыйзамсыз деп эсептешет. Полиция менен болгон кагылышууда кеминде алты киши каза болду.

Мадридде (Испания) Dia de la Hispanidad (испан тилинде сүйлөөчүлөр күнү) майрамына арналган аскердик парад өттү

АКШнын Техас штатындагы Остин шаарында Austin City Limits музыкалык фестивалы болду.

Блэкпулда (Улуу Британия) ханыша Елизавета IIнин жаңы мом фигурасын орнотушту. Жаңы эстелик 2012-жылы ханышанын бриллиант юбилейинин урматына коюлган айкелдин ордуна тургузулду.

 

218
  • Дүйнөдөгү эң бою узун аял Румейса Гелги Түркиянын Сафранболу шаарындагы үйүнүн алдында уюштурган пресс–конференцияда апасы менен турат
    © REUTERS / Cagla Gurdogan

    Дүйнөдөгү эң бою узун аял Румейса Гелги Түркиянын Сафранболу шаарындагы үйүнүн алдында уюштурган пресс–конференцияда апасы менен турат

  • Жалал-Абад менен Балыкчыны туташтыра турган Түндүк — Түштүк альтернативалуу унаа жолунда курулуп жаткан эстакадалык көпүрөнүн дрондон көрүнүшү. Азыркы тапта жолдо Нарын дарыясынан өтүүчү эки эстакадалык көпүрөнүн курулушу аяктоодо. Келерки жылдын соңунда Көк-Арт ашуусун тешип өткөн тоннелдин курулушун бүткөрүү пландалып жатат. Трассаны колдонууга берүүнүн мөөнөтү бир нече ирет кечиктирилди. Транспорт министрлигинин акыркы маалыматтарына ылайык, ири жол 2024-жылы толук бүткөрүлөт.
    © Sputnik / Акылбек Батырбеков

    Жалал-Абад менен Балыкчыны туташтыра турган Түндүк — Түштүк альтернативалуу унаа жолунда курулуп жаткан эстакадалык көпүрөнүн дрондон көрүнүшү. Азыркы тапта жолдо Нарын дарыясынан өтүүчү эки эстакадалык көпүрөнүн курулушу аяктоодо. Келерки жылдын соңунда Көк-Арт ашуусун тешип өткөн тоннелдин курулушун бүткөрүү пландалып жатат. Трассаны колдонууга берүүнүн мөөнөтү бир нече ирет кечиктирилди. Транспорт министрлигинин акыркы маалыматтарына ылайык, ири жол 2024-жылы толук бүткөрүлөт.

  • Жорж Клунинин жубайы, юрист Амаль Клуни Лондондогу кинофестивалда
    © AP Photo / Vianney Le Caer/Invision

    Жорж Клунинин жубайы, юрист Амаль Клуни Лондондогу кинофестивалда

  • Пальма аралын жанар тоонун күлү каптап калды. Кумбре-Вьеха вулканынын атылганы уланып жатат. Лава 674 гектарга жакын жерди каптап, 800дөн ашык үйдү талкалаган.
    © AP Photo / Saul Santos

    Пальма аралын жанар тоонун күлү каптап калды. Кумбре-Вьеха вулканынын атылганы уланып жатат. Лава 674 гектарга жакын жерди каптап, 800дөн ашык үйдү талкалаган.

  • Новосибирскиде (Россия) куткаруучулар асфальт бузулуп жылуулук өтүүчү түтүктөрдүн жайына түшүп кеткен автоунааны чыгарып жатышат
    © Sputnik / Александр Кряжев

    Новосибирскиде (Россия) куткаруучулар асфальт бузулуп жылуулук өтүүчү түтүктөрдүн жайына түшүп кеткен автоунааны чыгарып жатышат

  • Непалдын Бхактапур шаарындагы Дашайн фестивалынын акыркы күнүндө индуисттер диний жөрөлгө жасап жатышат
    © AP Photo / Niranjan Shrestha

    Непалдын Бхактапур шаарындагы "Дашайн" фестивалынын акыркы күнүндө индуисттер диний жөрөлгө жасап жатышат

  • Лас-Вегастагы Fantasy бурлеск-шоусунун катышуучулары
    © REUTERS / Bryan Steffy / Getty Images

    Лас-Вегастагы Fantasy бурлеск-шоусунун катышуучулары

  • Лондондун түштүк-батышындагы Бушей паркындагы кызыл бугу
    © AP Photo / Matt Dunham

    Лондондун түштүк-батышындагы Бушей паркындагы кызыл бугу

  • Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон Бристолдогу башталгыч мектепке барды
    © REUTERS / Steve Parsons/Pool

    Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон Бристолдогу башталгыч мектепке барды

  • Арлингтондогу (АКШ) көп батирлүү үйдүн балконунда отурган киши
    © REUTERS / KEVIN LAMARQUE

    Арлингтондогу (АКШ) көп батирлүү үйдүн балконунда отурган киши

  • Грециянын борбору Афиныда нөшөрдөн кийин баш калаанын көчөлөрүн суу каптады. Сүрөттө автобустун айдоочусу жер астындагы өтмөктө калган автобустун жүргүнчүлөрүн эвакуациялагандан кийин сууда басып баратып телефон менен сүйлөшүп жатат.
    © AP Photo / Thanassis Stavrakis

    Грециянын борбору Афиныда нөшөрдөн кийин баш калаанын көчөлөрүн суу каптады. Сүрөттө автобустун айдоочусу жер астындагы өтмөктө калган автобустун жүргүнчүлөрүн эвакуациялагандан кийин сууда басып баратып телефон менен сүйлөшүп жатат.

  • Мадридде испан армиясынын элиталык бөлүгүнүн мүчөлөрү эчки менен турат
    © AP Photo / Manu Fernandez

    Мадридде испан армиясынын элиталык бөлүгүнүн мүчөлөрү эчки менен турат

  • Ливандын Бейрут шаарындагы Сот адилеттүүлүгү сарайынын алдында Хезболла шиит тобу жана анын союздаштары уюштурган нааразылык акциясында кеминде алты киши көз жумду. 
Акциячылар порттогу жардыруу боюнча ишти алып барган судья Тарек Битарды кызматтан четтетүүнү талап кылуу боюнча тынчтык митингин уюшутурууну пландашкан. Шиит партиясынын жактоочулары соттун чечимдери саясатташкан жана мыйзамсыз деп эсептешет.
    © AP Photo / Hassan Ammar

    Ливандын Бейрут шаарындагы Сот адилеттүүлүгү сарайынын алдында "Хезболла" шиит тобу жана анын союздаштары уюштурган нааразылык акциясында кеминде алты киши көз жумду.
    Акциячылар порттогу жардыруу боюнча ишти алып барган судья Тарек Битарды кызматтан четтетүүнү талап кылуу боюнча тынчтык митингин уюшутурууну пландашкан. Шиит партиясынын жактоочулары соттун чечимдери саясатташкан жана мыйзамсыз деп эсептешет.

  • Талибан согушкерлери Кызыл чырым эл аралык коимтетинин Кабулдагы реабилитациялык борборунда буттарына коюлган жаңы протездерди сынап көрүшүүдө
    © AFP 2021 / BULENT KILIC

    "Талибан" согушкерлери Кызыл чырым эл аралык коимтетинин Кабулдагы реабилитациялык борборунда буттарына коюлган жаңы протездерди сынап көрүшүүдө

  • Колумбиялык ырчы Кароль Жи АКШнын Техас штатында өткөн Austin City Limits музыкалык фестивалында ырдады
    © AP Photo / Jack Plunkett/Invision

    Колумбиялык ырчы Кароль Жи АКШнын Техас штатында өткөн Austin City Limits музыкалык фестивалында ырдады

  • Сүрөтчү Эмма Михан Блэкпулда ханыша Елизавета IIнин мом фигурасына акыркы штрихтерди тартып жатат. Жаңы эстелик 2012-жылы ханышанын бриллиант юбилейинин урматына коюлган айкелдин ордуна тургузулду.
    © REUTERS / PHIL NOBLE

    Сүрөтчү Эмма Михан Блэкпулда ханыша Елизавета IIнин мом фигурасына акыркы штрихтерди тартып жатат. Жаңы эстелик 2012-жылы ханышанын бриллиант юбилейинин урматына коюлган айкелдин ордуна тургузулду.

Белгилер:
апта, сүрөт
Тема боюнча
Таң калган, ырахаттанган учурлары. Жаныбарлардын эмоциялары сүрөттө

Геннадий Базаров сүйүүсүн тапкан. "Көздүн кареги" тасмасындагы ирмемдер

254
(жаңыланган 17:19 16.10.2021)
  • СССРдин эл артисти Бакен Кыдыкеева менен Кыргыз Республикасынын эл артисти Болот Бейшеналиев
  • Болот Бейшеналиев Москвада жашап-иштеген Эркиндин образында
  • Болот Бейшеналиев башкы каарман Эркиндин, россиялык актриса Светлана Данильченко аялынын ролунда
  • Киночулар Москванын метросунда түнү менен иштеген. Себеби күндүз тартуу иштерине уруксат берилген эмес
  • Башкы каармандын көзү өтүп кеткен атасынын ролун Сүймөнкул Чокморов ойногон
  • Москвада Кызыл аянтта кызуу иштеген киночулар. Камеранын ары жагында көз айнекчен турган Базаров
  • Тартуу маалында актрисага көз салган режиссер
  • Балмуздак жеген СССРдин эл артисти жана кичинекей актриса
  • Медель Маниязов, Советбек Жумадылов жана Орозбек Кутманалиев, Фрунзе (азыркы Бишкек) шаары, 1976-жыл
  • СССРдин эл артисти Бакен Кыдыкеева, режиссер Геннадий Базаров, актриса Светлана Данильченко
  • Өз мекенине келип жакындарына жолуккан Эркин
Быйыл ата мекендик кинематография 80 жылдыгын белгилөөдө. Буга байланыштуу Sputnik Кыргызстан агенттиги кыргыз киночулары жараткан тасмалардагы кызыктуу ирмемдерди сунуштайт.

Мындан 45 жыл мурун белгилүү режиссер Геннадий Базаров "Көздүн кареги" тасмасын тарткан. Анын сценарийин Ашым Жакыпбеков менен Леонид Дядюченко жазган эле. Кинокартина Москвада сүйүүсүн таап, ошол жактан орун-очок алган жигит менен анын апасынын ортосундагы мамиле, туулуп-өскөн жеринен алыс жүргөн Экриндин ички сезимдери баяндалат. Фильмде башкы ролду Бакен Кыдыкеева (Асылкан), Болот Бейшеналиев (Эркин) аткарган.

Ошол учурду аталган тасманы жаратуу ишине катышкан кинофотограф Александр Федоров мындайча эскерди:

"Тасмада жакындары, апасы менен көп байланышпай Москвада иштеген Эркиндин жашоосу, уулунун жашоо-турмушун, үй-бүлөсүн өз көзү менен көргүсү келген апанын окуясы көрсөтүлөт. Биз тартуу иштерине Москвага барганда аябай кубанганбыз. Актердук курам да күчтүү болчу. Кыдыкеева, Бейшеналиев өңдүү эки корифей кинофильмдин көркүн ачкан. Тасманын администратору болуп жаңы эле жогорку окуу жайды бүткөн Райва Тойгонбаева келген. Ошол убакта Геннадий экөөнүн мамилеси жакшы болуп кийин киночулардын үй-бүлөсү пайда болгон", — деди Федоров.

Көркөм фильм 1977-жылы көрүүчүлөргө сунушталып, Бакен Кыдыкеева Ригада өткөн Бүткүл союздук кинофестивалда сыйлыкка татыган.

Адамдардын ички ой толгоосун, кусалыгын чагылдырган эмгекке Сүймөнкул Чокморов, Советбек Жумадылов, Медель Маниязов, Орозбек Кутманалиев, Жээнбек Мукамбетов, Медер Сыдыков, Бакы Өмүралиев, Мамлакат Кылычева, Алиман Жангорозова, Клара Юсупжанова да катышкан.

254
  • СССРдин эл артисти Бакен Кыдыкеева менен Кыргыз Республикасынын эл артисти Болот Бейшеналиев
    © Sputnik / Александр Федоров

    СССРдин эл артисти Бакен Кыдыкеева менен Кыргыз Республикасынын эл артисти Болот Бейшеналиев

  • Болот Бейшеналиев Москвада жашап-иштеген Эркиндин образында
    © Sputnik / Александр Федоров

    Болот Бейшеналиев Москвада жашап-иштеген Эркиндин образында

  • Болот Бейшеналиев башкы каарман Эркиндин, россиялык актриса Светлана Данильченко аялынын ролунда
    © Sputnik / Александр Федоров

    Болот Бейшеналиев башкы каарман Эркиндин, россиялык актриса Светлана Данильченко аялынын ролунда

  • Киночулар Москванын метросунда түнү менен иштеген. Себеби күндүз тартуу иштерине уруксат берилген эмес
    © Sputnik / Александр Федоров

    Киночулар Москванын метросунда түнү менен иштеген. Себеби күндүз тартуу иштерине уруксат берилген эмес

  • Башкы каармандын көзү өтүп кеткен атасынын ролун Сүймөнкул Чокморов ойногон
    © Sputnik / Александр Федоров

    Башкы каармандын көзү өтүп кеткен атасынын ролун Сүймөнкул Чокморов ойногон

  • Москвада Кызыл аянтта кызуу иштеген киночулар. Камеранын ары жагында көз айнекчен турган Базаров
    © Sputnik / Александр Федоров

    Москвада Кызыл аянтта кызуу иштеген киночулар. Камеранын ары жагында көз айнекчен турган Базаров

  • Көздүн кареги кинокартинасындагы кадр артындагы учур: Кыдыкеева ролун кайрадан кайталап жаттап жатат
    © Sputnik / Александр Федоров

    "Көздүн кареги" кинокартинасындагы кадр артындагы учур: Кыдыкеева ролун кайрадан кайталап жаттап жатат

  • Тартуу маалында актрисага көз салган режиссер
    © Sputnik / Александр Федоров

    Тартуу маалында актрисага көз салган режиссер

  • Балмуздак жеген СССРдин эл артисти жана кичинекей актриса
    © Sputnik / Александр Федоров

    Балмуздак жеген СССРдин эл артисти жана кичинекей актриса

  • Медель Маниязов, Советбек Жумадылов жана Орозбек Кутманалиев, Фрунзе (азыркы Бишкек) шаары, 1976-жыл
    © Sputnik / Александр Федоров

    Медель Маниязов, Советбек Жумадылов жана Орозбек Кутманалиев, Фрунзе (азыркы Бишкек) шаары, 1976-жыл

  • СССРдин эл артисти Бакен Кыдыкеева, режиссер Геннадий Базаров, актриса Светлана Данильченко
    © Sputnik / Александр Федоров

    СССРдин эл артисти Бакен Кыдыкеева, режиссер Геннадий Базаров, актриса Светлана Данильченко

  • Өз мекенине келип жакындарына жолуккан Эркин
    © Sputnik / Александр Федоров

    Өз мекенине келип жакындарына жолуккан Эркин

Белгилер:
режиссер, Геннадий Базаров, тасма, сүрөт
Тема боюнча
Композ, Жаздык 66 жашта. Актер, режиссер Мурат Мамбетов жараткан образдар
Академиянын алгачкы президенти болгон. Иса Ахунбаевдин сүрөттө калган ирмемдери
Аламүдүн району төмөнкү Ала-Арча айылындагы суу сактагычтан куткаруучулар эркек кишинин сөөгүн алып чыкты

Аламүдүн: суу сактагычтан эркек кишинин сөөгү табылды. Сүрөт

0
(жаңыланган 00:27 19.10.2021)
Куткаруучулар 40-45 жаштагы эркек кишинин сөөгүн каналдан алып чыгып, аны милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Аламүдүн районунун төмөнкү Ала-Арча айылындагы суу сактагычтан куткаруучулар эркек кишинин сөөгүн алып чыкты. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Окуя болгон жерге Аламүдүн райондук ӨКБден төрт куткаруучу барган. Алар 40-45 жаштагы эркек кишинин сөөгүн каналдан алып чыгып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

0
Белгилер:
Кыргызстан, Аламүдүн району, канал, өлүк, куткаруучу
Тема боюнча
Куткаруучулар суудан башка адамды издеп жатып, белгисиз сөөктү алып чыкты. Сүрөт