Сүйүнүч, күйүт, кайнаган эмоция! Кыргыз балбандарынын Олимпиададагы ирмемдери

Жазылуу
Токио-2020 Олимпиадасы Кыргызстандын тарыхында балбандардын катышуусу жагынан да, медаль жеңген көрсөткүчү жагынан да эң ийгиликтүү мелдеш болду. Өлкөнүн балбан кыздар-балдарынын таймаштагы ирмемдерин Sputnik Кыргызстандын сүрөт түрмөгүнөн көрүңүз.

Кыргызстандын грек-рим жана кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасы Токио-2020 Олимпиадасындагы оюндарын жыйынтыктады.

Бул даңазалуу ири спорттук мелдешке грек-рим күрөшү боюнча Жоламан Шаршенбеков (60 килограмм), Акжол Махмудов (77 килограмм), Атабек Азисбеков (87 килограмм) жана Үзүр Жусупбеков (97 килограмм) катышса, кыздар күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова (62 килограмм), Мээрим Жуманазарова (68 килограмм) жана Айпери Медет кызы (76 килограмм) намыс талашты.

Токио Олимпиадасында күмүш байге уткан Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова сыйлоо аземи учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.08.2021
Олимпиада: Кыргызстан медаль боюнча Борбор Азияда алдыңкы сапка чыкты
Күрөштүн бул эки түрүнөн Олимпиадага барган жети балбандын төртөө медаль үчүн таймашка чыкты. Алардын экөө күмүш, бирөө коло медаль утту.

68 килограмм салмакта мелдешке чыккан Мээрим Жуманазарова Олимпиаданын коло медалын утту. Байге үчүн таймашта ал моңгол кызы Соронзонболдын Батцэцэгдин далысын жерге басып, таза жеңиш менен утту. Мээрим эгемен Кыргызстандын тарыхында Олимпиада медалын тагынган алгачкы балбан кыз болуп калды.

Грек-рим күрөшүнүн чебери Акжол Махмудов 77 килограмм салмакта ат салышып, Олимпиаданын күмүш медалын утту. Алтын байге үчүн финалдык беттеште ал венгриялык тажрыйбалуу балбан Тамаш Лёринцке 2:1 эсебинде жеңишти алдырды.

Балбан кыз Айсулуу Тыныбекова 62 килограмм салмакта күрөшүп экинчи орунду камсыздап, Олимпиаданын күмүш медалын тагынды. Финалдык айыгышкан кармашта япониялык Юкако Каваиге 4:3 эсебинде утулду.

Айсулуу Тыныбекова тарыхта Олимпиаданын күмүш медалын тагынган алгачкы балбан кыз болуп калды.

 

© REUTERS / LEAH MILLISКыргызстандык балбан Айпери Медет кызы Токио-2020 Олимпиадасында казакстандык Эльмира Сыздыкованын айласын кетирип жаткан чагы. 1-август, 2021-жыл.
Кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы Токио-2020 Олимпиадасында казакстандык Эльмира Сыздыкованын айласын кетирип жаткан чагы. 1-август, 2021-жыл. - Sputnik Кыргызстан
1/15
Кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы Токио-2020 Олимпиадасында казакстандык Эльмира Сыздыкованын айласын кетирип жаткан чагы. 1-август, 2021-жыл.
© REUTERS / PIROSCHKA VAN DE WOUWКыргызстандык балбан Айпери Медет кызы Токио-2020 Олимпиадасында казакстандык Эльмира Сыздыкованын айласын кетирип жаткан чагы. 1-август, 2021-жыл.
Кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы Токио-2020 Олимпиадасында казакстандык Эльмира Сыздыкованын айласын кетирип жаткан чагы. 1-август, 2021-жыл. - Sputnik Кыргызстан
2/15
Кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы Токио-2020 Олимпиадасында казакстандык Эльмира Сыздыкованын айласын кетирип жаткан чагы. 1-август, 2021-жыл.
© REUTERS / PIROSCHKA VAN DE WOUWКыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков жеңишти алдырган соң жигитчилик сапатын көрсөтүп, атаандашын куттуктап турат. 1-август, 2021-жыл.
Кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков жеңишти алдырган соң жигитчилик сапатын көрсөтүп, атаандашын куттуктап турат. 1-август, 2021-жыл. - Sputnik Кыргызстан
3/15
Кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков жеңишти алдырган соң жигитчилик сапатын көрсөтүп, атаандашын куттуктап турат. 1-август, 2021-жыл.
© REUTERS / PIROSCHKA VAN DE WOUWАйпери Медет кызы беш жолку дүйнө чемпиону, америкалык тажрыйбалуу балбан Аделина Грейге акыркы дем-күчү менен чабуул коюп жатат. 2-август, 2021-жыл.
Айпери Медет кызы беш жолку дүйнө чемпиону, америкалык тажрыйбалуу балбан Аделина Грейге акыркы дем-күчү менен чабуул коюп жатат. 2-август, 2021-жыл. - Sputnik Кыргызстан
4/15
Айпери Медет кызы беш жолку дүйнө чемпиону, америкалык тажрыйбалуу балбан Аделина Грейге акыркы дем-күчү менен чабуул коюп жатат. 2-август, 2021-жыл.
© AFP / JACK GUEZКыргызстандык балбан, грек-рим күрөшүнүн чебери Акжол Махмудов (77килограмм) тунистик Ламджед Маафини ай-буйга келтирбей төрт упайлык ыкмага чапканы жатат. 2-август, 2021-жыл.
Кыргызстандык балбан, грек-рим күрөшүнүн чебери Акжол Махмудов (77килограмм) тунистик Ламджед Маафини ай-буйга келтирбей төрт упайлык ыкмага чапканы жатат. 2-август, 2021-жыл. - Sputnik Кыргызстан
5/15
Кыргызстандык балбан, грек-рим күрөшүнүн чебери Акжол Махмудов (77килограмм) тунистик Ламджед Маафини ай-буйга келтирбей төрт упайлык ыкмага чапканы жатат. 2-август, 2021-жыл.
© AFP / JACK GUEZМээрим Жуманазарова (68 килограмм) Олимпиада мелдешинин чейрек финалында кара күчкө бай нигериялык (көк кийимчен) Блессинг Оборудудуга каршы партерде коргонуп жатат. 2-август, 2021-жыл.
Мээрим Жуманазарова (68 килограмм) Олимпиада мелдешинин чейрек финалында кара күчкө бай нигериялык (көк кийимчен) Блессинг Оборудудуга каршы партерде коргонуп жатат. 2-август, 2021-жыл. - Sputnik Кыргызстан
6/15
Мээрим Жуманазарова (68 килограмм) Олимпиада мелдешинин чейрек финалында кара күчкө бай нигериялык (көк кийимчен) Блессинг Оборудудуга каршы партерде коргонуп жатат. 2-август, 2021-жыл.
© AP Photo / Aaron FavilaАкжол Махмудов армениялык Карапет Чалянды жерден көтөрүп артка ыргыткан ыкмасына каршы амал жасап, эки упай алды. Жарым финалдык беттештин эң маанилүү учуру... Жеңиш Акжол тарапта болду. 2-август, 2021-жыл.
Акжол Махмудов армениялык Карапет Чалянды жерден көтөрүп артка ыргыткан ыкмасына каршы амал жасап, эки упай алды. Жарым финалдык беттештин эң маанилүү учуру... Жеңиш Акжол тарапта болду. 2-август, 2021-жыл. - Sputnik Кыргызстан
7/15
Акжол Махмудов армениялык Карапет Чалянды жерден көтөрүп артка ыргыткан ыкмасына каршы амал жасап, эки упай алды. Жарым финалдык беттештин эң маанилүү учуру... Жеңиш Акжол тарапта болду. 2-август, 2021-жыл.
© AFP / JACK GUEZКыргыздын атактуу балбан кызы Айсулуу Тыныбекова (кызыл кийимчен) румыниялык Криста Инкзеден эки упай алып эле токтобостон, анын бутун кайчылаштырып тоголото ыкмага салганы жаткан учуру. 3-август, 2021-жыл.
Кыргыздын атактуу балбан кызы Айсулуу Тыныбекова (кызыл кийимчен) румыниялык Криста Инкзеден эки упай алып эле токтобостон, анын бутун кайчылаштырып тоголото ыкмага салганы жаткан учуру. 3-август, 2021-жыл. - Sputnik Кыргызстан
8/15
Кыргыздын атактуу балбан кызы Айсулуу Тыныбекова (кызыл кийимчен) румыниялык Криста Инкзеден эки упай алып эле токтобостон, анын бутун кайчылаштырып тоголото ыкмага салганы жаткан учуру. 3-август, 2021-жыл.
© REUTERS / PIROSCHKA VAN DE WOUWАйсулуу Тыныбекова (кызыл кийимчен) украиналык балбан кыз Ирина Коляденкону утуп, Токио-2020 Олимпиадасынын финалына чыккан чагы. 3-август, 2021-жыл.
Айсулуу Тыныбекова (кызыл кийимчен) украиналык балбан кыз Ирина Коляденкону утуп, Токио-2020 Олимпиадасынын финалына чыккан чагы. 3-август, 2021-жыл. - Sputnik Кыргызстан
9/15
Айсулуу Тыныбекова (кызыл кийимчен) украиналык балбан кыз Ирина Коляденкону утуп, Токио-2020 Олимпиадасынын финалына чыккан чагы. 3-август, 2021-жыл.
© REUTERS / LEAH MILLISКыргыз балбаны Акжол Махмудов (көк кийимчен) Олимпиаданын финалында венгриялык тажрыйбалуу спортчу Тамаш Лёринцке жеңилгенин жигитче мойнуна алууда. Өз кезегинде олимпиада чемпиону Акжолдун оңой эмес атаандаш болгонун айтып жатат. 3-август, 2021-жыл.
Кыргыз балбаны Акжол Махмудов (көк кийимчен) Олимпиаданын финалында венгриялык тажрыйбалуу спортчу Тамаш Лёринцке жеңилгенин жигитче мойнуна алууда. Өз кезегинде олимпиада чемпиону Акжолдун оңой эмес атаандаш болгонун айтып жатат. 3-август, 2021-жыл. - Sputnik Кыргызстан
10/15
Кыргыз балбаны Акжол Махмудов (көк кийимчен) Олимпиаданын финалында венгриялык тажрыйбалуу спортчу Тамаш Лёринцке жеңилгенин жигитче мойнуна алууда. Өз кезегинде олимпиада чемпиону Акжолдун оңой эмес атаандаш болгонун айтып жатат. 3-август, 2021-жыл.
© AFP / JACK GUEZКыргыз балбаны Акжол Махмудов болгону 22 жашында спорт дүйнөсүнүн туу чокусу болгон Олимпиада оюндарынын күмүш медалын тагынып турат. 3-август, 2021-жыл.
Кыргыз балбаны Акжол Махмудов болгону 22 жашында спорт дүйнөсүнүн туу чокусу болгон Олимпиада оюндарынын күмүш медалын тагынып турат. 3-август, 2021-жыл. - Sputnik Кыргызстан
11/15
Кыргыз балбаны Акжол Махмудов болгону 22 жашында спорт дүйнөсүнүн туу чокусу болгон Олимпиада оюндарынын күмүш медалын тагынып турат. 3-август, 2021-жыл.
© REUTERS / PIROSCHKA VAN DE WOUWКыргыздын балбан кызы Мээрим Жуманазарова (кызыл кийимчен) саналуу секунд мурда Олимпиаданын коло байгеси үчүн беттеште моңгол кызы Соронзонболдын Батцэцэгдин далысын жерге басып, таза жеңиш менен утту. Сүрөттө ийгилигине чексиз ыраазы болуп турган чагы. 3-август, 2021-жыл.
Кыргыздын балбан кызы Мээрим Жуманазарова (кызыл кийимчен) саналуу секунд мурда Олимпиаданын коло байгеси үчүн беттеште моңгол кызы Соронзонболдын Батцэцэгдин  далысын жерге басып, таза жеңиш менен утту. Сүрөттө ийгилигине чексиз ыраазы болуп турган чагы. 3-август, 2021-жыл. - Sputnik Кыргызстан
12/15
Кыргыздын балбан кызы Мээрим Жуманазарова (кызыл кийимчен) саналуу секунд мурда Олимпиаданын коло байгеси үчүн беттеште моңгол кызы Соронзонболдын Батцэцэгдин далысын жерге басып, таза жеңиш менен утту. Сүрөттө ийгилигине чексиз ыраазы болуп турган чагы. 3-август, 2021-жыл.
© AFP / JACK GUEZАжарлуу балбан кыз Мээрим Жуманазарова Олимпиаданын коло медалын тагынып, талыкпаган эмгектин үзүрүн, жеңиштин даамын татып турган жагымдуу учуру. 3-август, 2021-жыл.
Ажарлуу балбан кыз Мээрим Жуманазарова Олимпиаданын коло медалын тагынып, талыкпаган эмгектин үзүрүн, жеңиштин даамын татып турган жагымдуу учуру. 3-август, 2021-жыл. - Sputnik Кыргызстан
13/15
Ажарлуу балбан кыз Мээрим Жуманазарова Олимпиаданын коло медалын тагынып, талыкпаган эмгектин үзүрүн, жеңиштин даамын татып турган жагымдуу учуру. 3-август, 2021-жыл.
© AP Photo / Aaron FavilaКыргыздын баатыр кызы Айсулуу Тыныбекова (кызыл кийимчен) Олимпиаданын алтын байгеси үчүн таймашта ар бир упай үчүн жан үрөп, япониялык атаандашы Юкако Каваинин (62 килограмм) чабуулунан коргонуп жаткан чагы. 4-август, 2021-жыл.
Кыргыздын баатыр кызы Айсулуу Тыныбекова (кызыл кийимчен) Олимпиаданын алтын байгеси үчүн таймашта ар бир упай үчүн жан үрөп, япониялык атаандашы Юкако Каваинин (62 килограмм) чабуулунан коргонуп жаткан чагы. 4-август, 2021-жыл. - Sputnik Кыргызстан
14/15
Кыргыздын баатыр кызы Айсулуу Тыныбекова (кызыл кийимчен) Олимпиаданын алтын байгеси үчүн таймашта ар бир упай үчүн жан үрөп, япониялык атаандашы Юкако Каваинин (62 килограмм) чабуулунан коргонуп жаткан чагы. 4-август, 2021-жыл.
© AFP / JACK GUEZАйсулуу Тыныбекова Олимпиаданын күмүш медалын тагынып турган кези. Сыйлоо аземи. 4-август, 2021-жыл.
Айсулуу Тыныбекова Олимпиаданын күмүш медалын тагынып турган кези. Сыйлоо аземи. 4-август, 2021-жыл. - Sputnik Кыргызстан
15/15
Айсулуу Тыныбекова Олимпиаданын күмүш медалын тагынып турган кези. Сыйлоо аземи. 4-август, 2021-жыл.
Жаңылыктар түрмөгү
0