Кол булгап, сүрөткө түшүп... Токиодон келген спортчулардын жайдары сүрөттөрү

726
  • Токио Олимпиадасында өлкө намысын коргогон спортчулар бүгүн мекенине кайтып келди
  • Атлеттерди аба майдандан бийлик өкүлдөрү, туугандары жана журналисттер тосуп алды
  • Олимпиаданын күмүш медалынын ээси Айсулуу Тыныбекова ата-энеси жана бир туугандары менен учурашууда. Бул учурда апасынын көзүнө жаш алганын көргөн балбан кыз да жашып кетти. Айсулуу ыйлабаңыз, апа! деп энесин кубаттады.
  • Кыргызстан спорттун күрөш түрүнөн гана медаль алды. Грек-рим күрөшүнөн төрт, кыз-келиндер күрөшүнөн үч спортчу Олимпиадага барган.
  • Олимпиадачыларды аэропорттон атайын кортеж менен алып келишти. Күйөрмандары жол жээктеп шар, желек көтөрүп, кол булгап турушту.
  • Ала-Тоо аянтында спортчуларга арналган салтанат уюштурулуп, президент Садыр Жапаров катышты
  • Өлкө намсын коргогон атлеттерди куттуктаганы миңдеген кыргызстандык келип, кубанычына ортоктош болушту.
  • Борбордук аянтк кызыл килем төшөлүп ар бир олимпиадачыны өзгөчө азем менен тосуп алышты. Кубануу менен келе жаткан коло байге ээси Мээрим Жуманазарова.
  • Алтынга аз гана жетпей калып күмүш тагынып келген Акжол Махмудов кызыл килемде
  • Президент Садыр Жапаров Махмудовдун күрөштөгү өзгөчө ыкмасына баа берди
  • Кыргыз элинин дагы бир сыймыгы Айсулуу Тыныбекова. Ал эл астында сүйлөп жатып Олимпиададан алтын алам деген сөзүмө тура албай калдым деп кечирим сурады.
  • Жоламан Шаршенбеков баштапкы этапта казакстандык Мейрамбек Айнагуловду 8:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда таза техникалык артыкчылык менен жеңген. Ал эми чейрек финалда молдовалык Виктор Чобануга утулуп калды.
  • Каныкей Кубанычбекова Олимпиада мелдешинин расмий ачылышындагы салтанаттуу парадда Кыргызстандын туусун көтөрүп чыкты. Ал пневматикалык мылтык менен 10 метр аралыктан атуу боюнча жарышка катышып, финалдык баскычка өтө алган эмес.
  • Денис Петрашов 100 жана 200 метрлик аралыкка брасс ыкмасында сүзүү жарышында жакшы жыйынтык көрсөтө алды
  • Мамлекет башчы Садыр Жапаров Олимпиададан медаль менен кайткандарга белек убадалады
  • Кыргызстандыктар спортчуларды колдоп-кубаттоо үчүн жаш-кары дебей борбордук аянтка чогулган
  • Жаңы тарыхты жазган спортчулар менен сүрөткө түшүүгө ашыккандар көп болду
Токио Олимпиадасында өлкө намысын коргогон спортчулар бүгүн мекенине кайтып келди. Аларды аба майдандан бийлик өкүлдөрү, туугандары жана журналисттер тосуп алды.

Олимпиадачыларды аэропорттон атайын кортеж менен алып келишти. Бир нече күйөрманы жол жээктеп шар, желек көтөрүп, кол булгап турушту.

"Ала-Тоо" аянтында спортчуларга арналган салтанат уюштурулуп, президент Садыр Жапаров катышты. Бул жерде ар бир олимпиадачыны өзгөчө азем менен тосуп алышты. Аларды куттуктаганы миңдеген кыргызстандык келип, кубанычына ортоктош болушту.

Мамлекет башчы улуттук команданы ийгиликтүү келиши менен куттуктап, кыргыздын баатыр кыздары Кыз Сайкал менен Жаңыл Мырзанын руху тирүү экенин белгиледи. Муну Тыныбекова менен Жуманазарованын жеңиши делилдеп турганын айтты. Ал эми Акжол Махмудовдун өзгөчө ыкмаларына баа берди.

Кыргыз балбандары эки күмүш, бир коло тагынып келишти. Өлкөнүн эгемен тарыхында атлеттер биринчи болуп Олимпиададан үч медаль утуп жатат. Кыз-келиндер арасында дагы буга чейин бир да спортчу байгеге жеткен эмес. Жаңы тарыхты Айсулуу Тыныбекова менен Мээрим Жуманазарова жазды. Ал эми Акжол Махмудов 13 жыл мурунку тарыхты кайталады. Анда Пекин Олимпиадасында грек-рим көрөшүнөн Канат Бегалиев күмүш уткан эле.

Токио-2020 жайкы Олимпиада оюндарына Кыргызстандан 16 спортчу барган. Эң акыркысы болуп 42 чакырым, 195 метрге чуркаган Дарья Маслова жыйынтыктады. Ал 88 жөө күлүктүн ичинен марага 36-болуп келди.

726
  • Токио Олимпиадасында өлкө намысын коргогон спортчулар бүгүн мекенине кайтып келди
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Токио Олимпиадасында өлкө намысын коргогон спортчулар бүгүн мекенине кайтып келди

  • Атлеттерди аба майдандан бийлик өкүлдөрү, туугандары жана журналисттер тосуп алды
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Атлеттерди аба майдандан бийлик өкүлдөрү, туугандары жана журналисттер тосуп алды

  • Олимпиаданын күмүш медалынын ээси Айсулуу Тыныбекова ата-энеси жана бир туугандары менен учурашууда. Бул учурда апасынын көзүнө жаш алганын көргөн балбан кыз да жашып кетти. Айсулуу ыйлабаңыз, апа! деп энесин кубаттады.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Олимпиаданын күмүш медалынын ээси Айсулуу Тыныбекова ата-энеси жана бир туугандары менен учурашууда. Бул учурда апасынын көзүнө жаш алганын көргөн балбан кыз да жашып кетти. Айсулуу "ыйлабаңыз, апа!" деп энесин кубаттады.

  • Кыргызстан спорттун күрөш түрүнөн гана медаль алды. Грек-рим күрөшүнөн төрт, кыз-келиндер күрөшүнөн үч спортчу Олимпиадага барган.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Кыргызстан спорттун күрөш түрүнөн гана медаль алды. Грек-рим күрөшүнөн төрт, кыз-келиндер күрөшүнөн үч спортчу Олимпиадага барган.

  • Олимпиадачыларды аэропорттон атайын кортеж менен алып келишти. Күйөрмандары жол жээктеп шар, желек көтөрүп, кол булгап турушту.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Олимпиадачыларды аэропорттон атайын кортеж менен алып келишти. Күйөрмандары жол жээктеп шар, желек көтөрүп, кол булгап турушту.

  • Ала-Тоо аянтында спортчуларга арналган салтанат уюштурулуп, президент Садыр Жапаров катышты
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    "Ала-Тоо" аянтында спортчуларга арналган салтанат уюштурулуп, президент Садыр Жапаров катышты

  • Өлкө намсын коргогон атлеттерди куттуктаганы миңдеген кыргызстандык келип, кубанычына ортоктош болушту.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Өлкө намсын коргогон атлеттерди куттуктаганы миңдеген кыргызстандык келип, кубанычына ортоктош болушту.

  • Борбордук аянтк кызыл килем төшөлүп ар бир олимпиадачыны өзгөчө азем менен тосуп алышты. Кубануу менен келе жаткан коло байге ээси Мээрим Жуманазарова.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Борбордук аянтк кызыл килем төшөлүп ар бир олимпиадачыны өзгөчө азем менен тосуп алышты. Кубануу менен келе жаткан коло байге ээси Мээрим Жуманазарова.

  • Алтынга аз гана жетпей калып күмүш тагынып келген Акжол Махмудов кызыл килемде
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Алтынга аз гана жетпей калып күмүш тагынып келген Акжол Махмудов кызыл килемде

  • Президент Садыр Жапаров Махмудовдун күрөштөгү өзгөчө ыкмасына баа берди
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Президент Садыр Жапаров Махмудовдун күрөштөгү өзгөчө ыкмасына баа берди

  • Кыргыз элинин дагы бир сыймыгы Айсулуу Тыныбекова. Ал эл астында сүйлөп жатып Олимпиададан алтын алам деген сөзүмө тура албай калдым деп кечирим сурады.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Кыргыз элинин дагы бир сыймыгы Айсулуу Тыныбекова. Ал эл астында сүйлөп жатып "Олимпиададан алтын алам деген сөзүмө тура албай калдым" деп кечирим сурады.

  • Жоламан Шаршенбеков баштапкы этапта казакстандык Мейрамбек Айнагуловду 8:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда таза техникалык артыкчылык менен жеңген. Ал эми чейрек финалда молдовалык Виктор Чобануга утулуп калды.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Жоламан Шаршенбеков баштапкы этапта казакстандык Мейрамбек Айнагуловду 8:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда таза техникалык артыкчылык менен жеңген. Ал эми чейрек финалда молдовалык Виктор Чобануга утулуп калды.

  • Каныкей Кубанычбекова Олимпиада мелдешинин расмий ачылышындагы салтанаттуу парадда Кыргызстандын туусун көтөрүп чыкты. Ал пневматикалык мылтык менен 10 метр аралыктан атуу боюнча жарышка катышып, финалдык баскычка өтө алган эмес.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Каныкей Кубанычбекова Олимпиада мелдешинин расмий ачылышындагы салтанаттуу парадда Кыргызстандын туусун көтөрүп чыкты. Ал пневматикалык мылтык менен 10 метр аралыктан атуу боюнча жарышка катышып, финалдык баскычка өтө алган эмес.

  • Денис Петрашов 100 жана 200 метрлик аралыкка брасс ыкмасында сүзүү жарышында жакшы жыйынтык көрсөтө алды
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Денис Петрашов 100 жана 200 метрлик аралыкка брасс ыкмасында сүзүү жарышында жакшы жыйынтык көрсөтө алды

  • Мамлекет башчы Садыр Жапаров Олимпиададан медаль менен кайткандарга белек убадалады
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Мамлекет башчы Садыр Жапаров Олимпиададан медаль менен кайткандарга белек убадалады

  • Кыргызстандыктар спортчуларды колдоп-кубаттоо үчүн жаш-кары дебей борбордук аянтка чогулган
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Кыргызстандыктар спортчуларды колдоп-кубаттоо үчүн жаш-кары дебей борбордук аянтка чогулган

  • Жаңы тарыхты жазган спортчулар менен сүрөткө түшүүгө ашыккандар көп болду
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Жаңы тарыхты жазган спортчулар менен сүрөткө түшүүгө ашыккандар көп болду

Белгилер:
олимпиада, спортчу, Садыр Жапаров, балбан, Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов
Тема:
2021-жылы Токиодо өтө турган Олимпиада оюндары (248)
Тема боюнча
Садыр Жапаров Олимпиададан медаль менен кайткандарга белек убадалады
Сөзүмө тура албадым. Айсулуу чогулган элге башын ийип, кечирим сурады. Видео
Жер карабай желкени түздөгүлө! Акжолдун аянттагы элдин алдында ыр окуган видеосу

Өз киндигин өзү кесип жетилген. Исхак Раззаковдун сүрөттө калган ирмемдери

678
(жаңыланган 14:41 26.10.2021)
  • Исхак Раззаков эмгек жолун Өзбекстанда баштап, коңшу республикада 10 жылдай эмгектенип эл арасында кадыр-барк топтоп калган
  • 35 жашында Кыргызстандын Министрлер советинин төрагасы болуп дайындалган
  • Министрлер советинин төрагасы Исхак Раззаков Советтер Союзунун маршалы Семен Буденный менен Кеңеш колхозунда
  • Легендарлуу учкуч Ишембай Абдраимов жана Исхак Раззаков. Фрунзе аэропорту, 1958-жыл
  • Раззаков коңшу Өзбекстанда иштеп жүргөндө мугалимдикти да аркалап калган
  • СССРдин биринчи катчысы менен Кыргыз ССРинин биринчи катчысы Фрунзе аэропортунда
  • Кыргыз ССРинин башында турган Исхак Раззаков үй-бүлөсү жана жакындары менен
  • Исхак Раззаков республиканын башында турганда көп тармак өнүгүү жолунда болгон
  • Тажрыйбалуу, иш билги, билимдүү жетекчи эл аралап аймактарга көп чыккан
  • Раззаков жөндөмдүү, демилгелүү, келечектүү кадрларды окуу жайларга жөнөтүп, тарбиялап, аларды кызматка дайындап, өстүрүүгө далалат кылган
  • Москвадагы кыргыздын каймактары: ортодо Зууракан Иманкалыкова менен Исхак Раззаков. 1950-жылдар
  • Исхак Раззаков жубайы Рауза Ибрагимова экөө бир кыз, эки уулду тарбиялап чоңойткон
  • Раззаков 11 жыл республиканы башкаргандан кийин кызматынан алынып, өмүрүнүн акыркы жылдары Москвада өткөн
Көрүнүктүү мамлекеттик ишмер, КР Баатыры Исхак Раззаковдун туулган күнү жогорку деңгээлде 25-октябрда белгиленди. Буга байланыштуу Sputnik Кыргызстан агенттиги кыргыздын чыгаан уулунун сүрөттө калган ирмемдерин сунуштайт.

Исхак Раззаков 1910-жылы 25-октябрда Баткендин Лейлек районундагы Коросоң кыштагында туулган. Атасы Раззак менен апасы Жамийла Сүлүктүдөгү көмүр кенде иштеген. Кичинекей Исхак үч жашында энесинен ажырап, беш жылдан кийин атасы экөө Ташкенттеги туугандарыныкына жол тартат. Бирок жол азабынан Раззак катуу ооруп көз жумуп, кичинекей бала томолой жетим калган. Исхак алгач Ходжент шаарындагы балдар үйүндө тарбияланып, орус тилин жакшы өздөштүрүп алгандыктан тарбиячылары аны Ташкенттеги интернатка жөнөтүшкөн.

Белгилүү саясий жана коомдук ишмер Исхак Раззаков. Архив
© Фото / Центральный Государственный архив Кинофотофонодокументов КР
Болочоктогу мамлекеттик ишмер 1931-жылы Ташкенттеги педагогикалык техникумду бүтүрүп, окуу жайда мугалим болуп иштеп, беш жылдан кийин Москвадагы Мамлекеттик пландоо институтун аяктаган. Андан соң Өзбекстанга кайра кайтып келип коңшу республиканын Мамлекеттик пландоо комитетинин бир бөлүмүн жетектеп, Фергана облусунун Мамлекеттик пландоо комитетинин төрагасы болгон. Ошондой эле Мамлекеттик пландоо комитетинин төрагасынын орун басары, анан төрагасы болуп республикалык масштабдагы чоң кызматтарды аркалаган.

Ал эми согуш жылдары Раззаков Өзбек Республикасынын эл агартуу комиссары, ошол эле мезгилде Өзбек ССРинин Эл комиссарлар советинин төрагасынын орун басарлык кызматын да аткарган. 1944-45-жылдары Өзбекстандын Коммунисттик партиянын борбордук комитетинде пропаганда жана үгүт иштери боюнча секретарь болуп иштеп, 10 жылдык ишмердүүлүгүнүн аркасында өзбектер аны жакшы таанып калган.

Совет өкмөтү 1945-жылы Раззаковду Кыргызстандын Министрлер советинин төрагалык кызматына дайындайт. Согуштан кийинки эл чарбасынын абалы оор жылдарында Раззаков күчүн, билимин республиканын экономикалык өнүгүп-өсүшүнө жумшаган.

1950-61-жылдары Кыргыз ССРинин Компартиясынын биринчи секретары болуп иштегенде Кыргызстандын өнөр жай курулушу, ирригация, энергетика, айыл чарбасында жана социалдык маданий чөйрөсүндө жакшы көрсөткүчтөр болуп, бир топ ишкана, өнөр-жайлар, ГЭСтер, жогорку окуу жайлар, маданият мекемелери ишке кирген.

Президент Садыр Жапаров чыгаан мамлекеттик жана коомдук ишмер Исхак Раззаковдун 110 жылдык мааракесин белгилөөгө арналган салтанаттуу иш-чара учурунда
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Раззаков 1961-жылы кызматтан кеткенден кийин үй-бүлөсү менен Москвага көчүп кеткен. Бул чечим өз каалоосу менен болгон эмес. Ал жакта төрт жылдай СССРдин экономикалык кеңешинин тамак-аш бөлүмүнүн башчысы, СССРдин мамлекеттик планынын бөлүм башчысы болуп иштеп, 57 жаш курагында персоналдык пенсияга чыккан.

Жеке жашоосунда жубайы Рауза Ибрагимова экөө Элмира, Эркин, Эмил аттуу уул-кыздарды тарбиялаган. Бүгүнкү күндө кызы Элмиранын гана көзү тирүү. Ал Москвадагы Чыгыш таануу институтунда көп жыл иштеген. Учурда пенсияда, Россияда жашайт.

Эне тилинен тышкары кыргыз, өзбек, тажик, фарс, орус, араб тилдеринде эркин сүйлөгөн коомдук ишмер астма менен ооруп жүрүп, 69 жаш курагында дүйнөдөн кайткан. 2000-жылы Раззаковдун сөөгү Москвадагы Кунцев мүрзөсүнөн Бишкекке алып келинип, "Ала-Арча" мамлекеттик көрүстөнүнө сый-урмат менен көмүлгөн. Ага 2016-жылы мамлекеттик эң жогорку Кыргыз Республикасынын Баатыры наамы ыйгарылган.

678
  • Исхак Раззаков эмгек жолун Өзбекстанда баштап, коңшу республикада 10 жылдай эмгектенип эл арасында кадыр-барк топтоп калган
    © Фото / предоставлено КГТУ им. И.Раззакова

    Исхак Раззаков эмгек жолун Өзбекстанда баштап, коңшу республикада 10 жылдай эмгектенип эл арасында кадыр-барк топтоп калган

  • 35 жашында Кыргызстандын Министрлер советинин төрагасы болуп дайындалган
    © Фото / Центральный Государственный архив Кинофотофонодокументов КР

    35 жашында Кыргызстандын Министрлер советинин төрагасы болуп дайындалган

  • Министрлер советинин төрагасы Исхак Раззаков Советтер Союзунун маршалы Семен Буденный менен Кеңеш колхозунда
    © Фото / Центральный Государственный архив Кинофотофонодокументов КР

    Министрлер советинин төрагасы Исхак Раззаков Советтер Союзунун маршалы Семен Буденный менен "Кеңеш" колхозунда

  • Легендарлуу учкуч Ишембай Абдраимов жана Исхак Раззаков. Фрунзе аэропорту, 1958-жыл
    © Фото / Центральный Государственный архив Кинофотофонодокументов КР

    Легендарлуу учкуч Ишембай Абдраимов жана Исхак Раззаков. Фрунзе аэропорту, 1958-жыл

  • Раззаков коңшу Өзбекстанда иштеп жүргөндө мугалимдикти да аркалап калган
    © Фото / Центральный Государственный архив Кинофотофонодокументов КР

    Раззаков коңшу Өзбекстанда иштеп жүргөндө мугалимдикти да аркалап калган

  • СССРдин биринчи катчысы менен Кыргыз ССРинин биринчи катчысы Фрунзе аэропортунда
    © Фото / Центральный Государственный архив Кинофотофонодокументов КР

    СССРдин биринчи катчысы менен Кыргыз ССРинин биринчи катчысы Фрунзе аэропортунда

  • Кыргыз ССРинин башында турган Исхак Раззаков үй-бүлөсү жана жакындары менен
    © Фото / Центральный Государственный архив Кинофотофонодокументов КР

    Кыргыз ССРинин башында турган Исхак Раззаков үй-бүлөсү жана жакындары менен

  • Исхак Раззаков республиканын башында турганда көп тармак өнүгүү жолунда болгон
    © Фото / Центральный Государственный архив Кинофотофонодокументов КР

    Исхак Раззаков республиканын башында турганда көп тармак өнүгүү жолунда болгон

  • Тажрыйбалуу, иш билги, билимдүү жетекчи эл аралап аймактарга көп чыккан
    © Фото / из семейного архива Кадыркула Шадыбекова

    Тажрыйбалуу, иш билги, билимдүү жетекчи эл аралап аймактарга көп чыккан

  • Раззаков жөндөмдүү, демилгелүү, келечектүү кадрларды окуу жайларга жөнөтүп, тарбиялап, аларды кызматка дайындап, өстүрүүгө далалат кылган
    © Фото / Центральный Государственный архив Кинофотофонодокументов КР

    Раззаков жөндөмдүү, демилгелүү, келечектүү кадрларды окуу жайларга жөнөтүп, тарбиялап, аларды кызматка дайындап, өстүрүүгө далалат кылган

  • Москвадагы кыргыздын каймактары: ортодо Зууракан Иманкалыкова менен Исхак Раззаков. 1950-жылдар
    © Sputnik / Александр Федоров

    Москвадагы кыргыздын каймактары: ортодо Зууракан Иманкалыкова менен Исхак Раззаков. 1950-жылдар

  • Исхак Раззаков жубайы Рауза Ибрагимова экөө бир кыз, эки уулду тарбиялап чоңойткон
    © Фото / Центральный Государственный архив Кинофотофонодокументов КР

    Исхак Раззаков жубайы Рауза Ибрагимова экөө бир кыз, эки уулду тарбиялап чоңойткон

  • Раззаков 11 жыл республиканы башкаргандан кийин кызматынан алынып, өмүрүнүн акыркы жылдары Москвада өткөн
    © Фото / Центральный Государственный Архив Кинофотофонодокументов КР

    Раззаков 11 жыл республиканы башкаргандан кийин кызматынан алынып, өмүрүнүн акыркы жылдары Москвада өткөн

Белгилер:
мамлекеттик ишмер, Исхак Раззаков, сүрөт
Тема боюнча
Исхак Раззаковдун 111 жылдыгына карата виртуалдуу көргөзмө ачылды
Жапаров жана анын орун басарлары Исхак Раззаковдун эстелигине гүл койду

Шаарга таң калган эки кемпир. "Лифти бар үйдөгү тепкичтер" тасмасынан ирмемдер

843
  • Башкы ролдордогу Сабира Күмүшалиева менен Жумаш Сыдыкбекова
  • Кыска метраждуу тасма Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында тартылган
  • Режиссер Аман Камчыбеков менен сценарист Юсуф Разыков иш маалында
  • Байбичелердин оозун ачырган каратист (Токон Дайырбеков)
  • Залкар актрисаларга аяр мамиле кылган режиссер
  • Комедия жанрындагы тасманы көрүүчүлөр жакшы кабыл алган
  • Тартуу иштеринин алдындагы репетиция: экинчи режиссер Төлөгөн Сыдыков жана актрисалар
  • Кинокартинанын оператору Бекжан Айткулуев
  • Фильмге тартылгандар көрүүчүлөрдүн купулуна толуп, көпчүлүктүн сүймөнчүгү болгон
  • Лифти бар үйдөгү тепкичтер Аман Камчыбековдун дипломдук иши болгон
  • Жаштардын ал эмгегин телеканалдар сатып алган
  • Чакан чыгармачыл топтун фильми кийин эл аралык кинофестивалдарды багындырган
Ноябрь айында "Кыргызфильм" 80 жылдыгын белгилейт. Буга байланыштуу Sputnik Кыргызстан агенттиги ата мекендик киночулар жараткан тасмалардагы кызыктуу ирмемдерди сунуштоону улантат.

Жаш режиссер Аман Камчыбеков 1984-жылы дипломдук иши катары "Лифти бар үйдөгү тепкичтер" фильмин тартууга киришет. Анын сценарийин Юсуф Разыков жазып, операторлук милдетти Бекжан Айткулуев аткарган. Комедия жанрындагы кинокартинада айылдан шаарга уулунун үйүнө келе жаткан эки кемпирдин кылык-жоругу баяндалат. Элеттик эки байбиче көп кабаттуу үйдөгү лифтке түшкөндөн коркуп, тогузунчу кабатка чейин жөө чыгып, ар бир тепкичти кыйынчылык менен басып өтөт. Шаардыктардын баскан-турганына, кылган мамилелерине таң калып өз ара кызуу баарлашат.

Фильмдин эпизодуна катышып калган КР эл артисти Чоро Думанаев ал кезеңди мындайча эскерет.

"Негизи дипломдук иштер чаң басып эле калат го, бирок бул тасманы телевидение сатып алып элге сунуштаган. Кыска метраждуу фильм көрүүчүлөр тарабынан жылуу кабыл алынып, бат эле элдин сүймөнчүлүгүнө айланган. Башкы ролду ойногон Сабира Күмүшалиева менен Жумаш Сыдыкбекова биздин энелерибиздей эле болчу. Биз жашпыз да, тентек кылсак акыл-насаатын айтып, өз балдарындай көрчү. Ал эми режиссеру Аман аябай таланттуу инсан эле. Жол кырсыгына кабылып бул дүйнөдөн эрте кетти", — деди Думанаев.

Тасмада башкы ролду Сабира Күмүшалиева менен Жумаш Сыдыкбекова аткарган. Ошондой эле ага Дооронбек Садырбаев, Айтжан Айдарбеков, Токон Дайырбеков да тартылган.

"Лифти бар үйдөгү тепкичтер" фильми кийин эл аралык фестивалдарда бир катар сыйлыктарды багындырганы маалым. Мисалы, Алматы шаарында өткөн эки фестивалда тең биринчи орунду алып, сценарист Юсуф Разыков башкы байгеге татыган.

843
  • Башкы ролдордогу Сабира Күмүшалиева менен Жумаш Сыдыкбекова
    © Sputnik / Александр Федоров

    Башкы ролдордогу Сабира Күмүшалиева менен Жумаш Сыдыкбекова

  • Кыска метраждуу тасма Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында тартылган
    © Sputnik / Александр Федоров

    Кыска метраждуу тасма Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында тартылган

  • Режиссер Аман Камчыбеков менен сценарист Юсуф Разыков иш маалында
    © Sputnik / Александр Федоров

    Режиссер Аман Камчыбеков менен сценарист Юсуф Разыков иш маалында

  • Байбичелердин оозун ачырган каратист (Токон Дайырбеков)
    © Sputnik / Александр Федоров

    Байбичелердин оозун ачырган каратист (Токон Дайырбеков)

  • Залкар актрисаларга аяр мамиле кылган режиссер
    © Фото / Александр Федоров

    Залкар актрисаларга аяр мамиле кылган режиссер

  • Комедия жанрындагы тасманы көрүүчүлөр жакшы кабыл алган
    © Sputnik / Александр Федоров

    Комедия жанрындагы тасманы көрүүчүлөр жакшы кабыл алган

  • Тартуу иштеринин алдындагы репетиция: экинчи режиссер Төлөгөн Сыдыков жана актрисалар
    © Sputnik / Александр Федоров

    Тартуу иштеринин алдындагы репетиция: экинчи режиссер Төлөгөн Сыдыков жана актрисалар

  • Кинокартинанын оператору Бекжан Айткулуев
    © Sputnik / Александр Федоров

    Кинокартинанын оператору Бекжан Айткулуев

  • Фильмге тартылгандар көрүүчүлөрдүн купулуна толуп, көпчүлүктүн сүймөнчүгү болгон
    © Sputnik / Александр Федоров

    Фильмге тартылгандар көрүүчүлөрдүн купулуна толуп, көпчүлүктүн сүймөнчүгү болгон

  • Лифти бар үйдөгү тепкичтер Аман Камчыбековдун дипломдук иши болгон
    © Sputnik / Александр Федоров

    "Лифти бар үйдөгү тепкичтер" Аман Камчыбековдун дипломдук иши болгон

  • Жаштардын ал эмгегин телеканалдар сатып алган
    © Sputnik / Александр Федоров

    Жаштардын ал эмгегин телеканалдар сатып алган

  • Чакан чыгармачыл топтун фильми кийин эл аралык кинофестивалдарды багындырган
    © Sputnik / Александр Федоров

    Чакан чыгармачыл топтун фильми кийин эл аралык кинофестивалдарды багындырган

Тема боюнча
Геннадий Базаров сүйүүсүн тапкан. "Көздүн кареги" тасмасындагы ирмемдер
Капельницалар улануу учурунда. Архив

Бишкекте тамакка ууланган адамдардын саны 300гө жетти

31
(жаңыланган 11:13 28.10.2021)
Уулануу өткөн ишембиде катталып, жабыркагандардын саны улам өсүүдө. Учурда ооруканада 31 киши дарыланып жатат, анын бешөө балдар.

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Бишкекте тамактан ууланып ооруканага кайрылгандардын саны 300гө жетти. Бул тууралуу Sputnik агенттигине Бишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун бөлүм башчысы Махамат Мурзашев билдирди.

Буга чейин кайрылгандар 253 болчу. Мурзашевдин айтымында, кечээ кечинде алардын саны 290го жетип, эртең менен 300 болду.

Учурда ооруканада 31 киши дарыланууда, анын бешөө балдар. Абалы туруктуу деп бааланууда. Бейтаптар акырындан үйүнө чыгарылып жатат. Кечээ стационарда 60 киши бар болчу.

Эске салсак, тамакка уулангандар 23-24-октябрь күндөрү ооруканага түшө баштаган. Санэпидкөзөмөл уулангандар Бишкектеги "Империя пиццы" кафесинин төрт филиалынан суши-ролл жегенин кабарлаган. 25-октябрь күнү уулангандардын саны 85ке, 26-октябрда 179га жеткен.

Белгилей кетсек, Саламаттык сактоо министрлиги 25-октябрдан тарта ууланып ооруканага кайрылган адамдардын саны боюнча маалыматтарды берип жатат. Бирок пресс-релизде жабыркагандар кайсы жерден жана кандайча ууланганы так көрсөтүлгөн эмес. Болгону "Бишкектеги массалык уулануу" деп жазылган.

Ал арада Кыргызстанда тамак-аш саткан объектилерди текшерүүгө киргизилген мораторий жокко чыгарылды.

Кафенин филиалдарынын администрациясына жалпы суммасы 30,5 миң сомдук беш протокол түзүлгөн.

31
Белгилер:
Бишкек, тамак, уулануу, бейтап
Тема:
Бишкектин кафесиндеги массалык уулануу
Тема боюнча
Кыргызстанда кайсы объектилер капилет текшерилиши мүмкүн. Тизме