Суктандырган селкилерден Кабул аэропортундагы каргашага чейин. Апта ирмеми

588
(жаңыланган 17:32 23.08.2021)
  • Гаитиде күчү 7,2 баллга жеткен жер титирөө катталды. Акыркы маалыматтарга ылайык, каза болгондордун саны 2 189га жетти. Жапа чеккендер 12 миңден ашты
  • Талибдер бийликке келгенден кийинки Кабул аэропортундагы Афганистандын тургундары. Өлкөдөн чыгып кетүү максатында аэропортко келген миңдеген жергиликтүү тургундар имараттарды эле курчап тим болбостон, учактарды да курчоого алышкан.
  • АКШнын Юта штатында жапайы аттардын кагылышы
  • Нью-Йоркто (АКШ) Summer street фестивалында өнөр тартуулап жаткан акробат кыз
  • АКШнын Бишкектеги элчилигинин алдында Афганистандан келген качкындардын нааразылык акциясынын катышуучулары. Митингчилер өзүлөрүнө Кыргызстанда расмий статус берүүнү же АКШ, Канада же Европа өлкөлөрүнө кетүүгө жардам берүүнү талап кылышты. Алар Кыргызстанда дээрлик 20 жылдан бери жашашат.
  • Жаш жубайлар Норвегиянын Троллтунга аскасында фотосессия кылып жатышат.
  • Бишкектин четиндеги Калыс-Ордо конушундагы таксисттин үйүндөгү муздаткыч. Сүрөт Sputnik Кыргызстандын фотодолбоорунун алкагында тартылган. Акыркы жарым жылда республика азык-түлүктүн кымбатташы боюнча ЕАЭБ өлкөлөрүнүн арасында лидер болуп калды
  • АКШнын Калифорния штатындагы токойлордун өрттөнүшү
  • Министрлер кабинетинин башчысы Улукбек Марипов жана анын орун басары, экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров Чолпон-Ата шаарындагы Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин отурумунда
  • Москванын (Россия) Арбат көчөсүндө бийчилер тобу өнөр тартуулап жатышат
  • Филиппиндик кесипкөй бокстун чебери Мэнни Пакьяо кубалык Йорденис Угас менен бокстун WBA түрү боюнча жарым орто салмактагы дүйнө чемпиону наамы үчүн таймашты. Лас-Вегаста өткөн таймашта кубалык мушкер утту. 12 раунддук беттеште калыстардын бир добуштан чыгарган чечими менен жеңиш кубалык спортчуга ыйгарылды
  • Россиянын президенти Владимир Путин менен Германиянын канцлери Ангела Меркель Москвада жолугушкан учуру. Сүйлөшүү дээрлик үч саатка созулду. Аягында алар маалымат жыйын курушту
  • Кениянын Масаи Мара улуттук коругундагы антилопалар
  • Ысык-Көл облусундагы Балыкчы — Барскоон унаа жолундагы оңдоо ишинин жүрүшүнөн бир көрүнүш. Жолдун 141,7 чакырым бөлүгүн ремонттоо 2025-жылга чейин жүргүзүлөт. Анда төрт тилкелүү жол куруу пландалууда. Азыркы күндө нөлдөн баштап 25-чакырымга чейинки аралыкта жер иштетүү иштери активдүү жүрүп жатат
  • Франкфурттагы (Германия) Эски опера имаратынын жанында көбүк учуруп ойноп жаткан бала
  • Улуу Британия, АКШ жана Түркиянын коалициялык күчтөрү Кабулдагы (Афганистан) аэропортто эвакуация учурунда өспүрүм балага жардам берип жатышат
  • Las Vegas Raiderettes командасын колдоо тобундагы кыздар Seattle Seahawks командасы менен беттеш учурунда бийлеп жатышат
Sputnik Кыргызстан өткөн аптада дүйнөдө болгон эң кызыктуу окуяларды камтыган кезектеги сүрөт түрмөгүн сунуш кылат.

Гаитиде күчү 7,2 баллга жеткен жер титирөө катталды. Акыркы маалыматтарга ылайык, каза болгондордун саны 2 189га жетти. Жапа чеккендер 12 миңден ашты.

Кабул аэропортунда азыркы күндөгү абал чыңалган бойдон турат. Жергиликтүү тургундардын айрым бөлүгү өлкөдөн чыгып кетүүгө аракет кылууда. Кээ бирлери имараттарды басып алып эле тим болбостон, учактарды да курчоого алышкан. Бири-бирин тебелеп салгандын жана ок атуунун натыйжасында 40 киши көз жумган.

Ысык-Көлгө ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары келди. Чолпон-Ата шаарында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин отуруму болду. Анын жыйынтыгы менен 16 документке кол коюлду.

Россиянын президенти Владимир Путин менен Германиянын федералдык канцлери Ангела Меркель Москвада жолугушту. Сүйлөшүү дээрлик үч саатка созулуп, аягында маалымат жыйын курушту. Бул Меркелдин канцлер катары акыркы жолугушуусу болгону менен маанилүү. Буга чейин ал сентябрдагы шайлоого катышуудан баш тарта турганын айткан.

Филиппиндик кесипкөй бокстун чебери Мэнни Пакьяо кубалык Йорденис Угас менен бокстун WBA түрү боюнча жарым орто салмактагы дүйнө чемпиону наамы үчүн беттешти. Лас-Вегаста өткөн таймашта калыстардын бир добуштан чыгарган чечими менен жеңиш кубалык спортчуга ыйгарылды.

588
  • Гаитиде күчү 7,2 баллга жеткен жер титирөө катталды. Акыркы маалыматтарга ылайык, каза болгондордун саны 2 189га жетти. Жапа чеккендер 12 миңден ашты
    © AFP 2021 / STANLEY LOUIS

    Гаитиде күчү 7,2 баллга жеткен жер титирөө катталды. Акыркы маалыматтарга ылайык, каза болгондордун саны 2 189га жетти. Жапа чеккендер 12 миңден ашты

  • Талибдер бийликке келгенден кийинки Кабул аэропортундагы Афганистандын тургундары. Өлкөдөн чыгып кетүү максатында аэропортко келген миңдеген жергиликтүү тургундар имараттарды эле курчап тим болбостон, учактарды да курчоого алышкан.
    © AFP 2021 / WAKIL KOHSAR

    Талибдер бийликке келгенден кийинки Кабул аэропортундагы Афганистандын тургундары. Өлкөдөн чыгып кетүү максатында аэропортко келген миңдеген жергиликтүү тургундар имараттарды эле курчап тим болбостон, учактарды да курчоого алышкан.

  • АКШнын Юта штатында жапайы аттардын кагылышы
    © AP Photo / Rick Bowmer

    АКШнын Юта штатында жапайы аттардын кагылышы

  • Нью-Йоркто (АКШ) Summer street фестивалында өнөр тартуулап жаткан акробат кыз
    © AFP 2021 / KENA BETANCUR

    Нью-Йоркто (АКШ) Summer street фестивалында өнөр тартуулап жаткан акробат кыз

  • АКШнын Бишкектеги элчилигинин алдында Афганистандан келген качкындардын нааразылык акциясынын катышуучулары. Митингчилер өзүлөрүнө Кыргызстанда расмий статус берүүнү же АКШ, Канада же Европа өлкөлөрүнө кетүүгө жардам берүүнү талап кылышты. Алар Кыргызстанда дээрлик 20 жылдан бери жашашат.
    © Sputnik / Игорь Егоров

    АКШнын Бишкектеги элчилигинин алдында Афганистандан келген качкындардын нааразылык акциясынын катышуучулары. Митингчилер өзүлөрүнө Кыргызстанда расмий статус берүүнү же АКШ, Канада же Европа өлкөлөрүнө кетүүгө жардам берүүнү талап кылышты. Алар Кыргызстанда дээрлик 20 жылдан бери жашашат.

  • Жаш жубайлар Норвегиянын Троллтунга аскасында фотосессия кылып жатышат.
    © AFP 2021 / ASE MARIE EVJEN / TROLLTUNGA AS

    Жаш жубайлар Норвегиянын Троллтунга аскасында фотосессия кылып жатышат.

  • Бишкектин четиндеги Калыс-Ордо конушундагы таксисттин үйүндөгү муздаткыч. Сүрөт Sputnik Кыргызстандын фотодолбоорунун алкагында тартылган. Акыркы жарым жылда республика азык-түлүктүн кымбатташы боюнча ЕАЭБ өлкөлөрүнүн арасында лидер болуп калды
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Бишкектин четиндеги Калыс-Ордо конушундагы таксисттин үйүндөгү муздаткыч. Сүрөт Sputnik Кыргызстандын фотодолбоорунун алкагында тартылган. Акыркы жарым жылда республика азык-түлүктүн кымбатташы боюнча ЕАЭБ өлкөлөрүнүн арасында лидер болуп калды

  • АКШнын Калифорния штатындагы токойлордун өрттөнүшү
    © AP Photo / Noah Berger

    АКШнын Калифорния штатындагы токойлордун өрттөнүшү

  • Министрлер кабинетинин башчысы Улукбек Марипов жана анын орун басары, экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров Чолпон-Ата шаарындагы Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин отурумунда
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Министрлер кабинетинин башчысы Улукбек Марипов жана анын орун басары, экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров Чолпон-Ата шаарындагы Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин отурумунда

  • Москванын (Россия) Арбат көчөсүндө бийчилер тобу өнөр тартуулап жатышат
    © Sputnik / Илья Питалев

    Москванын (Россия) Арбат көчөсүндө бийчилер тобу өнөр тартуулап жатышат

  • Филиппиндик кесипкөй бокстун чебери Мэнни Пакьяо кубалык Йорденис Угас менен бокстун WBA түрү боюнча жарым орто салмактагы дүйнө чемпиону наамы үчүн таймашты. Лас-Вегаста өткөн таймашта кубалык мушкер утту. 12 раунддук беттеште калыстардын бир добуштан чыгарган чечими менен жеңиш кубалык спортчуга ыйгарылды
    © AP Photo / John Locher

    Филиппиндик кесипкөй бокстун чебери Мэнни Пакьяо кубалык Йорденис Угас менен бокстун WBA түрү боюнча жарым орто салмактагы дүйнө чемпиону наамы үчүн таймашты. Лас-Вегаста өткөн таймашта кубалык мушкер утту. 12 раунддук беттеште калыстардын бир добуштан чыгарган чечими менен жеңиш кубалык спортчуга ыйгарылды

  • Россиянын президенти Владимир Путин менен Германиянын канцлери Ангела Меркель Москвада жолугушкан учуру. Сүйлөшүү дээрлик үч саатка созулду. Аягында алар маалымат жыйын курушту
    © Sputnik / Евгений Одиноков

    Россиянын президенти Владимир Путин менен Германиянын канцлери Ангела Меркель Москвада жолугушкан учуру. Сүйлөшүү дээрлик үч саатка созулду. Аягында алар маалымат жыйын курушту

  • Кениянын Масаи Мара улуттук коругундагы антилопалар
    © REUTERS / MONICAH MWANGI

    Кениянын Масаи Мара улуттук коругундагы антилопалар

  • Ысык-Көл облусундагы Балыкчы — Барскоон унаа жолундагы оңдоо ишинин жүрүшүнөн бир көрүнүш. Жолдун 141,7 чакырым бөлүгүн ремонттоо 2025-жылга чейин жүргүзүлөт. Анда төрт тилкелүү жол куруу пландалууда. Азыркы күндө нөлдөн баштап 25-чакырымга чейинки аралыкта жер иштетүү иштери активдүү жүрүп жатат
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

    Ысык-Көл облусундагы Балыкчы — Барскоон унаа жолундагы оңдоо ишинин жүрүшүнөн бир көрүнүш. Жолдун 141,7 чакырым бөлүгүн ремонттоо 2025-жылга чейин жүргүзүлөт. Анда төрт тилкелүү жол куруу пландалууда. Азыркы күндө нөлдөн баштап 25-чакырымга чейинки аралыкта жер иштетүү иштери активдүү жүрүп жатат

  • Франкфурттагы (Германия) Эски опера имаратынын жанында көбүк учуруп ойноп жаткан бала
    © REUTERS / Michael Probst

    Франкфурттагы (Германия) Эски опера имаратынын жанында көбүк учуруп ойноп жаткан бала

  • Улуу Британия, АКШ жана Түркиянын коалициялык күчтөрү Кабулдагы (Афганистан) аэропортто эвакуация учурунда өспүрүм балага жардам берип жатышат
    © REUTERS / US MARINES

    Улуу Британия, АКШ жана Түркиянын коалициялык күчтөрү Кабулдагы (Афганистан) аэропортто эвакуация учурунда өспүрүм балага жардам берип жатышат

  • Las Vegas Raiderettes командасын колдоо тобундагы кыздар Seattle Seahawks командасы менен беттеш учурунда бийлеп жатышат
    © AFP 2021 / ETHAN MILLER

    Las Vegas Raiderettes командасын колдоо тобундагы кыздар Seattle Seahawks командасы менен беттеш учурунда бийлеп жатышат

Белгилер:
Гаити, Афганистан, Ысык-Көл, Владимир Путин, Ангела Меркель, сүрөт, Дүйнө
Тема боюнча
Апта ирмеми: суу менен өрт каптаган өлкөлөр, сулуулук сынагында суйкайган кыздар
Апта ирмеми: купальниктердин көргөзмөсүнөн Түштүк Африкадагы башаламандыкка чейин
Буту сынган Макгрегордон тарта өлтүрүлгөн Гаити президентине чейин. Апта ирмеми

Катардагы жумушчудан өкмөт башчыга чейин. Апас Жумагуловдун сүрөттөгү ирмемдери

248
(жаңыланган 20:48 19.09.2021)
  • Ардактуу эс алуудагы мамлекеттик ишмер 87 жашка толду
  • Москвадан билим алып келген Апас Жумагулов кендерде геолог, башкы геолог, башкы инженер болуп иштеген. Сүрөттөн оң жакта биринчи турат, 1961-жыл
  • Кочкор-Атада иштеген жаш Жумагулов кесиптештери менен, 1971-жыл
  • Болочоктогу өкмөт башчысы студент кезинде эле жайкы каникулда шахтада, экспедицияда иштеген. Сүрөттө Апас Жумагулов курсташы Гера Пудон менен
  • СССРдин президенти Михаил Горбачев, Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин төрагасы Апас Жумагулов жана залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов. Бишкек, 1991-жыл
  • Турдакун Усубалиевге жарманкенин жүрүшү боюнча маалымат берип жаткан жаш  Жумагулов, 1984-жыл
  • Кыргызстандын элчиси Жумагулов Германиянын президенти Роман Херсогго ишеним грамотасын тапшыруу учуру, 1998-жыл
  • Карапайым эл менен жолуккан өкмөт башчы. Жумагулов 1986-91-жылдары Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин төрагасы болгон
  • Илимпоздун аракети менен Пенза облусунда цемент заводу ачылган. Жумагулов анын долбоорлоонун башында турган
  • Белгилүү хирург Мамбет Мамакеевдин 90 жылдыгында. Ортодо Апас Жумагулов замандаштары менен
  • Мамлекеттик ишмер байбичеси менен төрт уул, эки кызды тарбиялап чоңойткон. Сүрөттө жубайлар уул-кыздары, неберелери менен
  • Жалпы жонунан 50 жылдан ашык түрдүү мамлекеттик кызматтарда эмгектенген
  • Лыжа тебүүнү жактырган пенсионер эс алуу маалында, 2005-жыл
Бүгүн көрүнүктүү коомдук жана мамлекеттик ишмер Апас Жумагуловдун туулган күнү. Sputnik Кыргызстан агенттиги 87 жашка толгон илимпоздун баскан жолундагы ирмемдерди сунуштайт.

Апас Жумагулов 1934-жылы 19-сентябрда Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Арашан айылында жарык дүйнөгө келген. Балалыгы согуш жылдарына туш келгендиктен атасы фронтко аттанган. Ошондо жаш жигит ооруган энесин багып, бир тууган эжеси менен колхоздогу уйларды караган.

Үй-бүлө башчысы фронттон аман-эсен кайтып келгенден кийин Фрунзедеги мектеп-интернатта окуп, өз күчү менен Москвадагы Губкин атындагы нефть жана газ мамлекеттик университетине өткөн. Бөтөн шаарда студент акчанын аздыгынан Кыргызстанга жылдап келе албай, дем алыш күндөрү сыра заводдо жүк ташып, поезд станцияда көмүр түшүрүп тыйын тапкан. Жогорку окуу жайды 1958-жылы ийгиликтүү аяктаган инженер-геолог ошол эле жерде аспирантурада окуп, лаборант, геолог, башкы геолог, башкы инженер болгонго жетишет. Кийин Кыргызстан КП БКнын биринчи катчысы Турдакун Усубалиев анын жөндөмүн байкап, 1973-жылы Борбордук комитетке бөлүм башчы кылып жумушка чакырган. Мамлекеттик ишмер андан соң Компартиянын катчысы, Ысык-Көл обкомунун биринчи катчысы, Кыргыз ССРинин Министрлер кеңешинин төрагасы, Жогорку Советтин бир нече чакырылышынын депутаты болуп, бүт кызматтык тепкичтерди басып өтөт.

Ошол эле маалда илимий изилдөөлөрүн да улантып, геология-минералогия илимдеринин доктору болгонго жетишет. Илимпоз өлкө көз карандысыз болгондон кийин Чүй облустук мамлекеттик администрациясынын башчысы, өкмөт башчысы, беш жыл Германияда, эки жыл Россияда элчи болуп иштеген. 

Байбичеси менен төрт уул, эки кызды тарбиялап өстүргөн. I даражадагы Манас орденинин ээси. Азыр үйдүн төрүнүн көркү гана болбостон, жогорку кызматтагы аткаминерлерге да акыл-насаатын айтып келет.

248
  • Ардактуу эс алуудагы мамлекеттик ишмер 87 жашка толду
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

    Ардактуу эс алуудагы мамлекеттик ишмер 87 жашка толду

  • Москвадан билим алып келген Апас Жумагулов кендерде геолог, башкы геолог, башкы инженер болуп иштеген. Сүрөттөн оң жакта биринчи турат, 1961-жыл
    © Фото / из личного архива Апаса Жумагулова

    Москвадан билим алып келген Апас Жумагулов кендерде геолог, башкы геолог, башкы инженер болуп иштеген. Сүрөттөн оң жакта биринчи турат, 1961-жыл

  • Кочкор-Атада иштеген жаш Жумагулов кесиптештери менен, 1971-жыл
    © Фото / из личного архива Апаса Жумагулова

    Кочкор-Атада иштеген жаш Жумагулов кесиптештери менен, 1971-жыл

  • Болочоктогу өкмөт башчысы студент кезинде эле жайкы каникулда шахтада, экспедицияда иштеген. Сүрөттө Апас Жумагулов курсташы Гера Пудон менен
    © Фото / из личного архива Апаса Жумагулова

    Болочоктогу өкмөт башчысы студент кезинде эле жайкы каникулда шахтада, экспедицияда иштеген. Сүрөттө Апас Жумагулов курсташы Гера Пудон менен

  • СССРдин президенти Михаил Горбачев, Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин төрагасы Апас Жумагулов жана залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов. Бишкек, 1991-жыл
    © Фото / из личного архива Апаса Жумагулова

    СССРдин президенти Михаил Горбачев, Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин төрагасы Апас Жумагулов жана залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов. Бишкек, 1991-жыл

  • Турдакун Усубалиевге жарманкенин жүрүшү боюнча маалымат берип жаткан жаш  Жумагулов, 1984-жыл
    © Фото / из личного архива Апаса Жумагулова

    Турдакун Усубалиевге жарманкенин жүрүшү боюнча маалымат берип жаткан жаш Жумагулов, 1984-жыл

  • Кыргызстандын элчиси Жумагулов Германиянын президенти Роман Херсогго ишеним грамотасын тапшыруу учуру, 1998-жыл
    © Фото / из личного архива Апаса Жумагулова

    Кыргызстандын элчиси Жумагулов Германиянын президенти Роман Херсогго ишеним грамотасын тапшыруу учуру, 1998-жыл

  • Карапайым эл менен жолуккан өкмөт башчы. Жумагулов 1986-91-жылдары Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин төрагасы болгон
    © Фото / из личного архива Апаса Жумагулова

    Карапайым эл менен жолуккан өкмөт башчы. Жумагулов 1986-91-жылдары Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин төрагасы болгон

  • Илимпоздун аракети менен Пенза облусунда цемент заводу ачылган. Жумагулов анын долбоорлоонун башында турган
    © Фото / из личного архива Апаса Жумагулова

    Илимпоздун аракети менен Пенза облусунда цемент заводу ачылган. Жумагулов анын долбоорлоонун башында турган

  • Белгилүү хирург Мамбет Мамакеевдин 90 жылдыгында. Ортодо Апас Жумагулов замандаштары менен
    © Фото / из личного архива Апаса Жумагулова

    Белгилүү хирург Мамбет Мамакеевдин 90 жылдыгында. Ортодо Апас Жумагулов замандаштары менен

  • Мамлекеттик ишмер байбичеси менен төрт уул, эки кызды тарбиялап чоңойткон. Сүрөттө жубайлар уул-кыздары, неберелери менен
    © Фото / из личного архива Апаса Жумагулова

    Мамлекеттик ишмер байбичеси менен төрт уул, эки кызды тарбиялап чоңойткон. Сүрөттө жубайлар уул-кыздары, неберелери менен

  • Жалпы жонунан 50 жылдан ашык түрдүү мамлекеттик кызматтарда эмгектенген
    © Фото / из личного архива Апаса Жумагулова

    Жалпы жонунан 50 жылдан ашык түрдүү мамлекеттик кызматтарда эмгектенген

  • Лыжа тебүүнү жактырган пенсионер эс алуу маалында, 2005-жыл
    © Фото / из личного архива Апаса Жумагулова

    Лыжа тебүүнү жактырган пенсионер эс алуу маалында, 2005-жыл

Белгилер:
Кыргызстан, коомдук ишмер, Апас Жумагулов, сүрөт, саясатчы
Тема боюнча
Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарындагы турмуш. Кыргызстандыктар сүрөттө
Элди азапка жетелеген апийим. Кара куурай Кыргызстанда кантип өстүрүлгөн? Сүрөт
Мерьем Узерли, Марк Дакаскос, Стивен Сигал... Кыргызстанга кайсы жылдыздар келген?

Бишкекте Мамдуманын депутаттарын шайлоо жүрүп жатат. 12 сүрөт

148
  • Бүгүн россиялыктар Мамлекеттик Думанын депутаттарын тандайт
  • Өнөктүк 17-сентябрда башталган, бирок добуш берүүдөгү негизги маанилүү күн — 19-сентябрь
  • Россияда Мамлекеттик Дума менен биргеликте эле аймактык жана муниципалдык шайлоо да кошо өтүп жатат
  • Добуш берүүнү каалагандар Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин имаратынын алдына эртең менентен баштап эле чогулду...
  • Учурдагы пандемия шартынан улам аралык сакталып, добуш берүүчүлөрдүн кезеги узакка созулганын көрүүгө болот
  • Бул саясий өнөктүккө келип, тандоо жасайм дегендер үчүн Кыргызстандын Ош, Кант жана Каракол шаарларында да шайлоо участкалары ачылды
  • Бардык шайлоо тилкелери 8:00дөн тарта 20:00гө чейин иштейт. РФтин ар бир жараны добуш берүү үчүн өздүгүн аныктаган документин ала келиши керек
  • Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко добуш берип жатат
  • Бул Россиянын Жаңы редакциядагы Баш мыйзамы күчүнө киргенден кийинки алгачкы шайлоо. Анын негизинде Мамлекеттик Думага кеңири ыйгарым укуктар берилген
  • Добуш берүүдө коронавирустан улам санитардык эрежелер тыкыр сакталды
  • Төмөнкү палатанын депутаттары аралаш система менен беш жылга шайланат. Жарымы партиялык система, жарымы бир мандаттуу округдан тандалат.
  • Шайлоого саясий 14 партия катышууда. Ал эми добуш берүү үчүн катталгандардын саны 110 миллиондон ашык
Бүгүн россиялыктар Мамлекеттик Думанын депутаттарын тандамакчы. Кыргызстанда бул өнөктүк боюнча төрт шайлоо участкасы ачылды. Биз добуш берген жерге барып келдик.

Добуш берүүнү каалагандар Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин имаратынын алдына эртең менентен баштап эле чогулду... Учурдагы пандемия шартынан улам аралык сакталып, добуш берүүчүлөрдүн кезеги көпкө созулганын көрүүгө болот.

Шайлоочулар Ош, Кант, Каракол жана Бишкек шаарларында добуш бере алат. Шайлоо тилкелери саат 8:00дөн тарта 20:00гө чейин иштейт. РФтин ар бир жараны добуш берүү үчүн өздүгүн аныктаган документин ала келиши керек.

Бул Россиянын Жаңы редакциядагы Баш мыйзамы күчүнө киргенден кийинки алгачкы шайлоо. Анын негизинде Мамлекеттик Думага кеңири ыйгарым укуктар берилген. Төмөнкү палатанын депутаттары аралаш система менен беш жылга шайланат. Жарымы партиялык система, жарымы бир мандаттуу округдан тандалат. Шайлоого саясий 14 партия катышууда. Ал эми добуш берүү үчүн катталгандардын саны 110 миллиондон ашык экени айтылды.

148
  • Бүгүн россиялыктар Мамлекеттик Думанын депутаттарын тандайт
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Бүгүн россиялыктар Мамлекеттик Думанын депутаттарын тандайт

  • Өнөктүк 17-сентябрда башталган, бирок добуш берүүдөгү негизги маанилүү күн — 19-сентябрь
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Өнөктүк 17-сентябрда башталган, бирок добуш берүүдөгү негизги маанилүү күн — 19-сентябрь

  • Россияда Мамлекеттик Дума менен биргеликте эле аймактык жана муниципалдык шайлоо да кошо өтүп жатат
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Россияда Мамлекеттик Дума менен биргеликте эле аймактык жана муниципалдык шайлоо да кошо өтүп жатат

  • Добуш берүүнү каалагандар Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин имаратынын алдына эртең менентен баштап эле чогулду...
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Добуш берүүнү каалагандар Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин имаратынын алдына эртең менентен баштап эле чогулду...

  • Учурдагы пандемия шартынан улам аралык сакталып, добуш берүүчүлөрдүн кезеги узакка созулганын көрүүгө болот
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Учурдагы пандемия шартынан улам аралык сакталып, добуш берүүчүлөрдүн кезеги узакка созулганын көрүүгө болот

  • Бул саясий өнөктүккө келип, тандоо жасайм дегендер үчүн Кыргызстандын Ош, Кант жана Каракол шаарларында да шайлоо участкалары ачылды
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Бул саясий өнөктүккө келип, тандоо жасайм дегендер үчүн Кыргызстандын Ош, Кант жана Каракол шаарларында да шайлоо участкалары ачылды

  • Бардык шайлоо тилкелери 8:00дөн тарта 20:00гө чейин иштейт. РФтин ар бир жараны добуш берүү үчүн өздүгүн аныктаган документин ала келиши керек
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Бардык шайлоо тилкелери 8:00дөн тарта 20:00гө чейин иштейт. РФтин ар бир жараны добуш берүү үчүн өздүгүн аныктаган документин ала келиши керек

  • Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко добуш берип жатат
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко добуш берип жатат

  • Бул Россиянын Жаңы редакциядагы Баш мыйзамы күчүнө киргенден кийинки алгачкы шайлоо. Анын негизинде Мамлекеттик Думага кеңири ыйгарым укуктар берилген
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Бул Россиянын Жаңы редакциядагы Баш мыйзамы күчүнө киргенден кийинки алгачкы шайлоо. Анын негизинде Мамлекеттик Думага кеңири ыйгарым укуктар берилген

  • Добуш берүүдө коронавирустан улам санитардык эрежелер тыкыр сакталды
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Добуш берүүдө коронавирустан улам санитардык эрежелер тыкыр сакталды

  • Төмөнкү палатанын депутаттары аралаш система менен беш жылга шайланат. Жарымы партиялык система, жарымы бир мандаттуу округдан тандалат.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Төмөнкү палатанын депутаттары аралаш система менен беш жылга шайланат. Жарымы партиялык система, жарымы бир мандаттуу округдан тандалат.

  • Шайлоого саясий 14 партия катышууда. Ал эми добуш берүү үчүн катталгандардын саны 110 миллиондон ашык
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Шайлоого саясий 14 партия катышууда. Ал эми добуш берүү үчүн катталгандардын саны 110 миллиондон ашык

Белгилер:
Россия, Кыргызстан, Мамлекеттик Дума, добуш берүү, шайлоо участкасы
Тема боюнча
Ош шаарында РФ жарандары Мамдума шайлоосуна добуш берип жатат. Сүрөт
Алматы шаарынын ооруканадасындагы дарыгерлер. Архив

Казакстанда коронавирустун нигериялык Eta штаммы аныкталды. Белгилери

0
(жаңыланган 11:43 21.09.2021)
ДССУнун маалыматына караганда, 2021-жылдын 15-сентябрына карата аталган штамм дүйнөнүн 77 мамлекетинен табылды.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Казакстанда коронавирустун Eta (нигериялык) деп аталган жаңы штаммы аныкталды. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.

Илдеттин клиникалык белгилери Alpha (британиялык) менен Beta (түштүк африкалык) штаммдарыныкындай эле (ден табынын көтөрүлүшү, жөтөл, жыт менен даам сезбей калуу).

Маалыматка караганда, Саламаттык сактоо министрлиги 2021-жылдын июль-август айларында ооругандардан алынган лабораториялык үлгүнүн негизинде коронавирус инфекциясына генетикалык изилдөө жүргүзгөн. Анын жыйынтыгында төмөнкү штаммдар аныкталган:

  • индиялык Delta — 59,4 пайыз;
  • британиялык Alpha — 25 пайыз;
  • "Ухань" коронавирусу — 10,4 пайыз;
  • нигериялык Eta — 5,2 пайыз.

Eta штаммы төрт аймактан аныкталган — Мангистауда эки, Караганда, Павлодарда жана Нур-Султанда бирден учур катталды.

Коронавирустун Eta штаммы 2020-жылдын декабрь айында Нигерия менен Улуу Британиядан чыккан. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына караганда, 2021-жылдын 15-сентябрына карата аталган штамм дүйнөнүн 77 мамлекетинен табылды. ДССУнун "байкоо салуу" категориясында турат.

0
Белгилер:
Казакстан, коронавирус, жаңы штамм
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус