Азап-кайгы, бүдөмүк тагдыр. Афгандык качкындардын таасирдүү 14 сүрөтү

655
  • Афганистандагы режим алмашкандан кийин качкындардын саны кескин көбөйдү. Дарыны тамчылатма жолу менен алып бара жаткан афгандык киши.
  • Бириккен Улуттар Уюмунун расмий маалыматына караганда, акыркы эле айда өз өлкөсүнөн 550 миң афгандык качып чыккан. Бул көрсөткүч калктын 1,5 пайызын түзөт.
  • Испания жарандары менен афганистандыктар Кабулдагы аэропорттон коопсуз жайга учуп чыгуу үчүн аскердик аба кемесине түшүп жатышат
  • Качкындар Кабулдан учуп келгенден кийин Испаниянын Торрехон шаарындагы аба базасында COVID-19га тест тапшырып жатат
  • Кайда качарын билбей, үй-жайынан безген афганистандык балдар, өспүрүмдөр жана чоңдор чек арага жакын тилкеге топтолду
  • Пакистандык армиянын аскерлери көзөмөл-өткөрүү жайынын жанында топтолгон эл менен сүйлөшүп жатышат
  • Ар кыл маалыматтарга караганда, Афганистандан күнүгө 30 миңге чукул адам чыгып кетүүдө
  • Айрымдардын иши оңунан чыгып, коопсуз өлкөлөргө качып кете алышты
  • Бул жигиттин андан аркы тагдыры бүдөмүк. Афгандардын көпчүлүгү Иран менен Пакистан качкындар үчүн уюштурган чатыр лагерине барып жатышат.
  • Чоочун, бирок курал атылбаган жерде бейкапар уктап жаткан бөбөк. Түркиянын Татван айылына келген афганистандык мигрант.
  • Жакынкы Чыгышта качкындарды кучак жайып тосуп алышпайт, себеби аларда өздөрүнүн ички көйгөйү толтура
  • Талибан өлкөдө тартип орнотууга, аялдардын укугун коргоого, ал тургай Афганистандын мурдагы жетекчилеринин артынан түшпөөгө убада берип жатат. Бирок башка өлкөлөр талибдерди таанууга шашылган жок, себеби ал убадалар аткарыларына ишеним бекем эмес.
  • Качкындарды салган немецтик аскер учагы Ташкенттин аба майданына конду
  • Афганистандан эвакуациялангандар Руасси-Шарль-де-Голль (Франция) аба майданына келип түшкөн учур
Афганистандагы согуш менен режимдин алмашуусу дүйнөдө дагы бир маселени — качкындардын агымын пайда кылды. Бириккен Улуттар Уюмунун расмий маалыматына караганда, акыркы эле айда өз өлкөсүнөн 550 миң афгандык качып чыккан. Бул калктын 1,5 пайызын түзөт.

"Талибан"* кыймылынын бийликке капыстан жасаган кадамы көптөрдүн баш оорусу болду. Чочуп качкан эл аэропортту эле эмес, учактарды да камалоого алды. Жергиликтүү тургундардын көтөрүлүп бара жаткан ири аба кемелерине жабышып кошо учкан кадрлары дүйнөгө тарады.

Кайда качарын билбей үй-жайынан безген афганистандык балдар, өспүрүмдөр жана чоңдор чек арага жакын тилкеге да топтолду. Ар кыл маалыматтар боюнча, Афганистандан күнүгө 30 миңге чукул адам чыгып кетип жатат. Айрымдардын иши оңунан чыгып, коопсуз өлкөлөргө кете алышты. "Талибан"* өлкөдө тартип орнотууга, аялдардын укугун коргоого, ал тургай Афганистандын мурдагы жетекчилеринин артынан түшпөөгө убада берип жатат. Бирок башка өлкөлөр талибдерди таанууга шашылган жок, себеби ал убадалар аткарыларына ишеним бекем эмес.

"Талибан"* — Кыргызстанда жана башка мамлекеттерде диний-экстремисттик уюм катары тыюу салынган кыймыл.

655
  • Афганистандагы режим алмашкандан кийин качкындардын саны кескин көбөйдү. Дарыны тамчылатма жолу менен алып бара жаткан афгандык киши.
    © AP Photo / Jafar Khan

    Афганистандагы режим алмашкандан кийин качкындардын саны кескин көбөйдү. Дарыны тамчылатма жолу менен алып бара жаткан афгандык киши.

  • Бириккен Улуттар Уюмунун расмий маалыматына караганда, акыркы эле айда өз өлкөсүнөн 550 миң афгандык качып чыккан. Бул көрсөткүч калктын 1,5 пайызын түзөт.
    © AP Photo / Emrah Gurel

    Бириккен Улуттар Уюмунун расмий маалыматына караганда, акыркы эле айда өз өлкөсүнөн 550 миң афгандык качып чыккан. Бул көрсөткүч калктын 1,5 пайызын түзөт.

  • Испания жарандары менен афганистандыктар Кабулдагы аэропорттон коопсуз жайга учуп чыгуу үчүн аскердик аба кемесине түшүп жатышат
    © REUTERS / Ministry of Defense of Spain

    Испания жарандары менен афганистандыктар Кабулдагы аэропорттон коопсуз жайга учуп чыгуу үчүн аскердик аба кемесине түшүп жатышат

  • Качкындар Кабулдан учуп келгенден кийин Испаниянын Торрехон шаарындагы аба базасында COVID-19га тест тапшырып жатат
    © REUTERS / Juan Medina

    Качкындар Кабулдан учуп келгенден кийин Испаниянын Торрехон шаарындагы аба базасында COVID-19га тест тапшырып жатат

  • Кайда качарын билбей, үй-жайынан безген афганистандык балдар, өспүрүмдөр жана чоңдор чек арага жакын тилкеге топтолду
    © REUTERS / Saeed Ali Achakzai

    Кайда качарын билбей, үй-жайынан безген афганистандык балдар, өспүрүмдөр жана чоңдор чек арага жакын тилкеге топтолду

  • Пакистандык армиянын аскерлери көзөмөл-өткөрүү жайынын жанында топтолгон эл менен сүйлөшүп жатышат
    © REUTERS / Abdul Khaliq Achakzai

    Пакистандык армиянын аскерлери көзөмөл-өткөрүү жайынын жанында топтолгон эл менен сүйлөшүп жатышат

  • Ар кыл маалыматтарга караганда, Афганистандан күнүгө 30 миңге чукул адам чыгып кетүүдө
    © REUTERS / Abdul Khaliq Achakzai

    Ар кыл маалыматтарга караганда, Афганистандан күнүгө 30 миңге чукул адам чыгып кетүүдө

  • Айрымдардын иши оңунан чыгып, коопсуз өлкөлөргө качып кете алышты
    © REUTERS / Juan Medina

    Айрымдардын иши оңунан чыгып, коопсуз өлкөлөргө качып кете алышты

  • Бул жигиттин андан аркы тагдыры бүдөмүк. Афгандардын көпчүлүгү Иран менен Пакистан качкындар үчүн уюштурган чатыр лагерине барып жатышат.
    © AFP 2021 / Ozan Kose

    Бул жигиттин андан аркы тагдыры бүдөмүк. Афгандардын көпчүлүгү Иран менен Пакистан качкындар үчүн уюштурган чатыр лагерине барып жатышат.

  • Чоочун, бирок курал атылбаган жерде бейкапар уктап жаткан бөбөк. Түркиянын Татван айылына келген афганистандык мигрант.
    © AP Photo / Emrah Gurel

    Чоочун, бирок курал атылбаган жерде бейкапар уктап жаткан бөбөк. Түркиянын Татван айылына келген афганистандык мигрант.

  • Жакынкы Чыгышта качкындарды кучак жайып тосуп алышпайт, себеби аларда өздөрүнүн ички көйгөйү толтура
    © AP Photo / Emrah Gurel

    Жакынкы Чыгышта качкындарды кучак жайып тосуп алышпайт, себеби аларда өздөрүнүн ички көйгөйү толтура

  • Талибан өлкөдө тартип орнотууга, аялдардын укугун коргоого, ал тургай Афганистандын мурдагы жетекчилеринин артынан түшпөөгө убада берип жатат. Бирок башка өлкөлөр талибдерди таанууга шашылган жок, себеби ал убадалар аткарыларына ишеним бекем эмес.
    © AFP 2021 / Ozan Kose

    "Талибан" өлкөдө тартип орнотууга, аялдардын укугун коргоого, ал тургай Афганистандын мурдагы жетекчилеринин артынан түшпөөгө убада берип жатат. Бирок башка өлкөлөр талибдерди таанууга шашылган жок, себеби ал убадалар аткарыларына ишеним бекем эмес.

  • Качкындарды салган немецтик аскер учагы Ташкенттин аба майданына конду
    © REUTERS / Marc Tessensohn

    Качкындарды салган немецтик аскер учагы Ташкенттин аба майданына конду

  • Афганистандан эвакуациялангандар Руасси-Шарль-де-Голль (Франция) аба майданына келип түшкөн учур
    © REUTERS / Sarah Meyssonnier

    Афганистандан эвакуациялангандар Руасси-Шарль-де-Голль (Франция) аба майданына келип түшкөн учур

Белгилер:
Афганистан, 'Талибан' кыймылы, качкын, согуш, чек ара, учак
Тема:
Афган бийлиги менен талибдердин тиреши (229)
Тема боюнча
Суктандырган селкилерден Кабул аэропортундагы каргашага чейин. Апта ирмеми
Талкаланган үйлөр, уранды алдынан табылган кишилер. Гаитидеги зилзаладан 12 сүрөт

Бишкектин чок ортосуна көчмөндөр айылы курулду. Этнофестивалдан ирмемдер

393
  • Ак элечек оронгон апалар фестивалдын көркү
  • Ийик ийрип, шырдак шырып, ошол эле учурда музыкалык аспаптарда ойноп, ырдап жаткан апалар
  • Өзбекстандан келген конок өнөрүн тартуулап жатат
  • Көчмөндөрдүн жоокерлери боз үйдүн босогосунда курал-жарагын камдоодо
  • Фестивалдын алкагында улуттук оюндар дагы уюштурулган. Бул сүрөттөгү жигит ордо атып жатканда кадрга түшкөн
  • Улуттук филармониянын алдына Кыргыз көчү этнографиялык аймагы түзүлүп, бир нече боз үй тигилген
  • Бул жактан улуттук кийимдер жана түрдүү сувенир, аксессуарларды сатып алсаңыз болот
  • Унутта калып бара жаткан кол өнөрчүлүктү жаш муунга жеткирип, актуалдуулугун жандантуу да маанилүү. Таар согууга кызыксаңыз ушул жерден үйрөнүү мүмкүнчүлүгү бар.
  • Фестивалдын максаты — дүйнө элдеринин эпикалык мурастарын элге жеткирүү, адамзаттын маданий баалуулуктарын сактоо жана жайылтуу, эл аралык маданий кызматташтыкты бекемдөө
  • Иш-чарага 20дан ашык өлкөнүн өнөр адамдары келип талантын тартуулоодо
  • Бүгүн Мыкты боз үй, Мыкты семетейчи жана Саркеч көчмөн сынактары уюштурулду
Борбор калаада Дүйнө элинин эпосторунун VI Эл аралык фестивалы өтүп жатат. Ага 20дан ашык өлкөнүн өнөр адамдары келип талантын тартуулоодо. Sputnik Кыргызстандын фотографы этнофестивалдын жүрүшүн сүрөткө тартып келди.

Фестивалдын алкагында Улуттук филармониянын алдына "Кыргыз көчү" этнографиялык аймагы түзүлүп, "Мыкты боз үй", "Мыкты семетейчи" жана "Саркеч көчмөн" сынактары уюштурулду. Ошондой эле эпос таануучулар жана окумуштуулар арасында эл аралык илимий-практикалык симпозиум, тегерек столдор өтөт.

Үстүбүздөгү жылдын 26-27-сентябрында Ош шаарынын борбордук аянты туризм индустриясына жаңы эшигин ачат.
© Видео / Facebook/ Мэрия города Ош - официальная страница
Аталган маданий иш-чара Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына жана улуу акын Тоголок Молдонун 160 жылдыгына арналат. Аны Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги "Манас" жана Чыңгыз Айтматов Улуттук академиясы, "Арт Араба" коомдук фонду менен биргеликте уюштурууда.

Максаты — дүйнө элдеринин эпикалык мурастарын элге жеткирүү, адамзаттын маданий баалуулуктарын сактоо жана жайылтуу, эл аралык маданий кызматташтыкты бекемдөө. Ошондой эле президенттин "Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө" жарлыгын ишке ашыруу экени айтылды.

393
  • Ак элечек оронгон апалар фестивалдын көркү
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Ак элечек оронгон апалар фестивалдын көркү

  • Ийик ийрип, шырдак шырып, ошол эле учурда музыкалык аспаптарда ойноп, ырдап жаткан апалар
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Ийик ийрип, шырдак шырып, ошол эле учурда музыкалык аспаптарда ойноп, ырдап жаткан апалар

  • Өзбекстандан келген конок өнөрүн тартуулап жатат
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Өзбекстандан келген конок өнөрүн тартуулап жатат

  • Көчмөндөрдүн жоокерлери боз үйдүн босогосунда курал-жарагын камдоодо
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Көчмөндөрдүн жоокерлери боз үйдүн босогосунда курал-жарагын камдоодо

  • Фестивалдын алкагында улуттук оюндар дагы уюштурулган. Бул сүрөттөгү жигит ордо атып жатканда кадрга түшкөн
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Фестивалдын алкагында улуттук оюндар дагы уюштурулган. Бул сүрөттөгү жигит ордо атып жатканда кадрга түшкөн

  • Улуттук филармониянын алдына Кыргыз көчү этнографиялык аймагы түзүлүп, бир нече боз үй тигилген
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Улуттук филармониянын алдына "Кыргыз көчү" этнографиялык аймагы түзүлүп, бир нече боз үй тигилген

  • Бул жактан улуттук кийимдер жана түрдүү сувенир, аксессуарларды сатып алсаңыз болот
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Бул жактан улуттук кийимдер жана түрдүү сувенир, аксессуарларды сатып алсаңыз болот

  • Унутта калып бара жаткан кол өнөрчүлүктү жаш муунга жеткирип, актуалдуулугун жандантуу да маанилүү. Таар согууга кызыксаңыз ушул жерден үйрөнүү мүмкүнчүлүгү бар.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Унутта калып бара жаткан кол өнөрчүлүктү жаш муунга жеткирип, актуалдуулугун жандантуу да маанилүү. Таар согууга кызыксаңыз ушул жерден үйрөнүү мүмкүнчүлүгү бар.

  • Фестивалдын максаты — дүйнө элдеринин эпикалык мурастарын элге жеткирүү, адамзаттын маданий баалуулуктарын сактоо жана жайылтуу, эл аралык маданий кызматташтыкты бекемдөө
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Фестивалдын максаты — дүйнө элдеринин эпикалык мурастарын элге жеткирүү, адамзаттын маданий баалуулуктарын сактоо жана жайылтуу, эл аралык маданий кызматташтыкты бекемдөө

  • Иш-чарага 20дан ашык өлкөнүн өнөр адамдары келип талантын тартуулоодо
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Иш-чарага 20дан ашык өлкөнүн өнөр адамдары келип талантын тартуулоодо

  • Бүгүн Мыкты боз үй, Мыкты семетейчи жана Саркеч көчмөн сынактары уюштурулду
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Бүгүн "Мыкты боз үй", "Мыкты семетейчи" жана "Саркеч көчмөн" сынактары уюштурулду

Белгилер:
эпос, фестиваль, маданият, сынак, сүрөт
Тема боюнча
Жаргылчак тартып, ээр чаап... Көчмөн кыргыздын жай турмушун эске салган 13 сүрөт

Мындайды кинодо да көрбөйсүң. Космостун укмуштуудай сүрөттөрү

216
"Жылдын мыкты астрономиялык сүрөттөрү" сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды. Өзгөчө кубулуштарды камтыган кадрларды көрүп эс алыңыз.

Astronomy Photographer of the Year 2021 сынагында кытайлык фотограф Шучан Донга "Алтын шакекче" сүрөтү менен баш байгени утуп алды. Ал Тибетте күндүн батып жатканын шакекче түрүндө тартып алууга жетишкен.

Башка сүрөттөр эң мыкты деген баа албаганы менен көп эмгекти талап кылганы байкалат. Кээ бир кадрларды кармоо үчүн астрофотографтар бир ай убакыт кетирген. Натыйжада буга чейин адамдар көрө элек кубулуштардын сүрөтүн чыгара алышкан.

Sputnik Кыргызстан конкурста алдыңкы сапка чыккан сүрөттөрдүн түрмөгүн сунуштайт.

 

216
Белгилер:
астрономия, сүрөт, эмгек, конкурс, жеңүүчү
Тема боюнча
Көлөмү 13 футбол талаасындай болгон астероид Жерди көздөй учуп келе жатат
Жердин үстүнөн тартылган керемет жаркырак. Астронавттын жомоктогудай видеосу
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров телефон менен сүйлөшүү учрунда. Архив

Садыр Жапаров чемпиондук наамын коргогон Валентина Шевченкону куттуктады

0
(жаңыланган 19:46 26.09.2021)
Кыргызстандык спортчу ушуну менен алтынчы ирет чемпиондук наамын коргоду. Беттешке кыргызстандыктар бүгүн эртең менен күбө болду.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров телефондон кыргызстандык мушкер Валентина Шевченкону бүгүнкү жеңиши менен куттуктаганын өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Эскерте кетсек, UFC уюмунун кезектеги беттешинде Шевченко америкалык Лорен Мерфини мөөнөтүнөн эрте ишенимдүү жеңип алган. Ушуну менен ата мекендик спортчу чемпиондук наамын алтынчы ирет коргоду.

Жапаров Шевченконун жогорку чеберчилигин, духунун күчтүүлүгүн жана мүнөзүнүн бекемдигин жогору баалады.

"Жалпы кыргыз элинин жана өзүмдүн атымдан ийгиликтүү жеңишиңиз менен куттуктообузду кабыл алыңыз. Биз баарыбыз Сиздин жетишкендиктериңиз менен сыймыктанабыз. Абройлуу эл аралык турнирлерде Кыргызстандын намысын коргоп жатасыз. Алдыда дагы чоң ийгиликтер жана жаңы жеңиштер күтүп турганына ишенем",— деди президент.

Сөзүнүн соңунда өлкө башчы спортчуга бекем ден соолук жана бакубат жашоо каалады.

Баса, редакция Шевченконун беттешиндеги урунттуу учурлардын видеосун топтогон.

0
Белгилер:
Садыр Жапаров, Валентина Шевченко, беттешүү, жеңиш, чемпион, куттуктоо
Тема боюнча
Силерди жакшы көрөм! Шевченконун Кыргызстанга салам жолдогон видеосу
Кыргыз желегин желбиретип... Шевченко кантип жеңгенин көрсөткөн видеолор
Мен чемпионмун, баарына даярмын! Шевченко кийинки атаандашы боюнча жооп берди