Бишкек: танкалар, Тыныбекова, жан сакчы коштогон Жээнбеков. 30 жылдыктын 17 сүрөтү

923
(жаңыланган 19:56 31.08.2021)
  • Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдык салтанатына келгендер анын башталышын күтүп жатышат
  • Парадды коргоо министри Таалайбек Өмүралиев жетектеп, аны башкы командачы Садыр Жапаров кабыл алды
  • Жан сакчыларды коштогон экс-президент Сооронбай Жээнбеков Ала-Тоодогу салтанатка келди
  • Полковник Алмазбек Карасартов коргоо министрине Бишкек гарнизонунун тизилгенин маалымдап жатат
  • Парадга байкоо жүргүзүү үчүн миңдеген кыргызстандыктар келди
  • Ала-Тоодон Коргоо министрлигинин, УКМКнын Чек ара кызматынын, Улуттук гвардиянын, Абадан коргонуу күчтөрүнүн, ӨКМдин, ИИМдин жана ИИМ Академиясынын өздүк курамынын кызматкерлери өттү
  • Садыр Жапаров парадды кабыл алууда. Сол жагында Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев, ал эми оң жагында коргоо министри Таалайбек Өмүралиев турат
  • Ала-Тоодогу майрамдык салтанатты көрүүгө кыргызстандыктар кары-жашына карабай келишти
  • Ала-Тоого легендарлуу Панфилов дивизиясынын туусу менен техникалардын колоннасы кирип келе жатат
  • Т-72 техникасынын танкисти парад учурунда
  • Ала-Тоодо элдин алдынан айбаты күч аскер техникалары өттү. Алар танкалар, сооттолгон техникалар, артиллерия, пилотсуз башкарылуучу учактар болду
  • Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүнө арналган салтанатты көрүүгө келген ата-энелердин бири чүрпөсү менен
  • Коргоо министри Өмүралиев президент Жапаровго аскердик параддын катышуучуларын тааныштырып жатат
  • Кыргызстандын көз карандысыздык күнүнө арналган салтанаттан бир көрүнүш
  • Спортчулар Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет кызы жана Канат Бегалиев да парадга катышты
  • Кыргызстандын туусун кармап өтүп бара жаткан велосипедчилер
  • Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүнө арналган салтанатка келген жаш комузчулар
Кыргызстандын суверендүү болушунун 30 жылдыгына арналган "Ала-Тоо" аянтындагы салтанат кандай өткөндүгүн Sputnik Кыргызстан даярдаган сүрөт түрмөгүнөн көрсөңүз болот.

Мындан 30 жыл илгери Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин депутаттары Көз карандысыздык боюнча декларация кабыл алган.

Майрамдык иш-чара борбордук аянтта саат 9:55те башталды. Алгач президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды эгемендүүлүк күн менен куттуктап, андан кийин салтанаттуу парад болду.

30 жылдык мааракенин эртең мененки бөлүгү кандай өткөндүгүн Sputnik Кыргызстандын кадрлары баяндап берет.

923
  • Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдык салтанатына келгендер анын башталышын күтүп жатышат
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдык салтанатына келгендер анын башталышын күтүп жатышат

  • Парадды коргоо министри Таалайбек Өмүралиев жетектеп, аны башкы командачы Садыр Жапаров кабыл алды
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Парадды коргоо министри Таалайбек Өмүралиев жетектеп, аны башкы командачы Садыр Жапаров кабыл алды

  • Жан сакчыларды коштогон экс-президент Сооронбай Жээнбеков Ала-Тоодогу салтанатка келди
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Жан сакчыларды коштогон экс-президент Сооронбай Жээнбеков "Ала-Тоодогу" салтанатка келди

  • Полковник Алмазбек Карасартов коргоо министрине Бишкек гарнизонунун тизилгенин маалымдап жатат
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Полковник Алмазбек Карасартов коргоо министрине Бишкек гарнизонунун тизилгенин маалымдап жатат

  • Парадга байкоо жүргүзүү үчүн миңдеген кыргызстандыктар келди
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Парадга байкоо жүргүзүү үчүн миңдеген кыргызстандыктар келди

  • Ала-Тоодон Коргоо министрлигинин, УКМКнын Чек ара кызматынын, Улуттук гвардиянын, Абадан коргонуу күчтөрүнүн, ӨКМдин, ИИМдин жана ИИМ Академиясынын өздүк курамынын кызматкерлери өттү
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    "Ала-Тоодон" Коргоо министрлигинин, УКМКнын Чек ара кызматынын, Улуттук гвардиянын, Абадан коргонуу күчтөрүнүн, ӨКМдин, ИИМдин жана ИИМ Академиясынын өздүк курамынын кызматкерлери өттү

  • Садыр Жапаров парадды кабыл алууда. Сол жагында Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев, ал эми оң жагында коргоо министри Таалайбек Өмүралиев турат
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Садыр Жапаров парадды кабыл алууда. Сол жагында Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев, ал эми оң жагында коргоо министри Таалайбек Өмүралиев турат

  • Ала-Тоодогу майрамдык салтанатты көрүүгө кыргызстандыктар кары-жашына карабай келишти
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    "Ала-Тоодогу" майрамдык салтанатты көрүүгө кыргызстандыктар кары-жашына карабай келишти

  • Ала-Тоого легендарлуу Панфилов дивизиясынын туусу менен техникалардын колоннасы кирип келе жатат
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    "Ала-Тоого" легендарлуу Панфилов дивизиясынын туусу менен техникалардын колоннасы кирип келе жатат

  • Т-72 техникасынын танкисти парад учурунда
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Т-72 техникасынын танкисти парад учурунда

  • Ала-Тоодо элдин алдынан айбаты күч аскер техникалары өттү. Алар танкалар, сооттолгон техникалар, артиллерия, пилотсуз башкарылуучу учактар болду
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    "Ала-Тоодо" элдин алдынан айбаты күч аскер техникалары өттү. Алар танкалар, сооттолгон техникалар, артиллерия, пилотсуз башкарылуучу учактар болду

  • Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүнө арналган салтанатты көрүүгө келген ата-энелердин бири чүрпөсү менен
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүнө арналган салтанатты көрүүгө келген ата-энелердин бири чүрпөсү менен

  • Коргоо министри Өмүралиев президент Жапаровго аскердик параддын катышуучуларын тааныштырып жатат
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Коргоо министри Өмүралиев президент Жапаровго аскердик параддын катышуучуларын тааныштырып жатат

  • Кыргызстандын көз карандысыздык күнүнө арналган салтанаттан бир көрүнүш
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Кыргызстандын көз карандысыздык күнүнө арналган салтанаттан бир көрүнүш

  • Спортчулар Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет кызы жана Канат Бегалиев да парадга катышты
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Спортчулар Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет кызы жана Канат Бегалиев да парадга катышты

  • Кыргызстандын туусун кармап өтүп бара жаткан велосипедчилер
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Кыргызстандын туусун кармап өтүп бара жаткан велосипедчилер

  • Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүнө арналган салтанатка келген жаш комузчулар
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүнө арналган салтанатка келген жаш комузчулар

Белгилер:
Кыргызстан, Садыр Жапаров, эгемендүүлүк, сүрөт
Тема:
Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгын майрамдоо (65)
Тема боюнча
Бишкектин борборун аралаган айбаты күчтүү аскердик техникалар. Видео
Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарындагы турмуш. Кыргызстандыктар сүрөттө
30 жылдын олуттуу сабактары. Моюндагы аманаттын өтөсүнө кантип жетебиз?

Бишкекте "Империя пиццы" кафесинин жанындагы өрт кантип өчүрүлдү. 11 сүрөт

98
(жаңыланган 18:30 28.09.2021)
  • Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрт өчүрүү бөлүмүнө Бишкектин батыш тарабындагы кампа өрттөнгөнү тууралуу маалымат келип түшкөн
  • ӨКМ билдиргендей, имарат Империя пиццы кафесинин аймагында жайгашкан
  • Жалын саат 13:03тө тутанган
  • Кырсык болгон жерге төрт өрт өчүрүү тобу тартылды
  • Кырсык чалган кампага жакын жерде өрт өчүрүү бөлүмү болгон
  • Кампадагы өрт чектөөгө алынган
  • ӨКМдин маалыматына ылайык, кырсыктан эч ким жабыркаган эмес
  • Кампа кимге таандык экени такталууда
  • Өрттүн дрондон тартылган көрүнүшү
  • ӨКМдин кызматкерлери өрттү өчүрүү учурунда
  • ӨКМдин кызматкерлери кырсык болгон жерде иш алып барууда
Бүгүн, 28-сентябрда, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрт өчүрүү бөлүмүнө Бишкектин батыш тарабындагы кампада өрт чыкканы тууралуу маалымат түшкөн.

Имарат "Империя пиццы" кафесинин аймагында жайгашканын ӨКМдин маалымат кызматы билдирди. От саат 13:03тө тутанган. Жерине төрт өрт өчүрүү тобу тартылган. Маалыматка ылайык, өрт чалган кампага жакын жерде өрт өчүрүү бөлүмү бар.

Өрт чектөөгө алынган, жабыр тарткандар болгон жок. ӨКМ кампа кимге таандык экени такталып жатканын билдирди.

 

98
  • Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрт өчүрүү бөлүмүнө Бишкектин батыш тарабындагы кампа өрттөнгөнү тууралуу маалымат келип түшкөн
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрт өчүрүү бөлүмүнө Бишкектин батыш тарабындагы кампа өрттөнгөнү тууралуу маалымат келип түшкөн

  • ӨКМ билдиргендей, имарат Империя пиццы кафесинин аймагында жайгашкан
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    ӨКМ билдиргендей, имарат "Империя пиццы" кафесинин аймагында жайгашкан

  • Жалын саат 13:03тө тутанган
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Жалын саат 13:03тө тутанган

  • Кырсык болгон жерге төрт өрт өчүрүү тобу тартылды
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Кырсык болгон жерге төрт өрт өчүрүү тобу тартылды

  • Кырсык чалган кампага жакын жерде өрт өчүрүү бөлүмү болгон
    © Sputnik / Акылбек Батырбеков

    Кырсык чалган кампага жакын жерде өрт өчүрүү бөлүмү болгон

  • Кампадагы өрт чектөөгө алынган
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Кампадагы өрт чектөөгө алынган

  • ӨКМдин маалыматына ылайык, кырсыктан эч ким жабыркаган эмес
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    ӨКМдин маалыматына ылайык, кырсыктан эч ким жабыркаган эмес

  • Кампа кимге таандык экени такталууда
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Кампа кимге таандык экени такталууда

  • Өрттүн дрондон тартылган көрүнүшү
    © Sputnik / Акылбек Батырбеков

    Өрттүн дрондон тартылган көрүнүшү

  • ӨКМдин кызматкерлери өрттү өчүрүү учурунда
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    ӨКМдин кызматкерлери өрттү өчүрүү учурунда

  • ӨКМдин кызматкерлери кырсык болгон жерде иш алып барууда
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    ӨКМдин кызматкерлери кырсык болгон жерде иш алып барууда

Белгилер:
Бишкек, кафе, өрт, өчүрүү, кырсык
Тема боюнча
Бишкекте кафе өрттөнүп жатат. Видео
Бишкектеги ири өрт чектөөгө алынды. Асмандан тартылган видео

Быйылкы мода: этникалык мотив, алтын түс. Италиядагы мода жумалыгынан ирмемдер

141
  • Австралиялык-судандык модель Адут Акеч жарым жылаңач болгон, үстүнө сала коймо кийимди көрсөтүп жатат
  • Көпөлөктөй учкан модель. Италиялык Fendi мода үйүнүн жазгы-жайкы коллекциясы
  • Этникалык мотивде кийинип чыккан сулуу. Милан мода жумалыгындагы дагы бир костюм.
  • Модага сөз жок. Мехтен жасалган жазгы шуба, моделдин бутунда болсо жайкы босоножка...
  • Алтын түстү жакшы көргөндөргө жагымдуу жаңылык. Fendi стилдүү, төгүлүп турган кийимди сунуштады.
  • Агыш кездемеге салынган оймо-чийме жалгыз өзү турса кийимге көрк берет
  • Бул кийимди модага кызыккандардын азганактай гана бөлүгү кийбесе... Мини шуба.
  • Британиялык модельер Ким Жонс аялдар көп жерге кийип барганга жараган ыңгайлуу, көп кырдуу костюмдарга муктаж деп эсептейт. Ал коллекцияларында да ушул принципти карманат.
  • Жарашыктуу кийим. Модельерлер санга чейин жеткен узун өтүктөр кыска көйнөктөр менен жакшы айкалыша тургандыгын көрсөтүп берген.
  • Жеңил жана маанайды көтөргөн түстөр. Италиялык мода үйүнүн жазгы-жайкы коллекцияларынын бири.
  • Fendi сунуштаган жаңы коллекцияда 70-жылдардагы белгилүү иллюстраторлордун бири Антонио Лопестин мотивиндеги кооздуктар да бар
  • Fendi алып чыккан бул сапаркы коллекцияларына 80-жылдардагы моданы эске салган жасалма мехтен тигилген шубалар көп кирген
Миланда 21-сентябрдан бери Мода жумалыгы өтүүдө. Бул "Чоң төрттүктүн" үчүнчү фешн-аптасы. Адатта андагы коллекция көзгө дароо урунуп, көптөрдү кайдыгер калтырбайт.

Пандемия бул тармакка да өзүнүн таасирин тийгизип, кээ бир күндөрдө мода жумалыгы онлайн өттү. Шоу бүгүнкүгө чейин уланат.

Мода майрамын Fendi мода үйү ачып, маанай көтөргөн жазгы-жайкы коллекцияларын тартуулады.

Бул сапар подиумга ырчы Дуа Липа чыгып, тушоосун кести. Себеби ал аталган мода үйүнүн күзгү-кышкы компанияларынын жүзү болгон эле. Андан сырткары, подиумдун көркүн Ирина Шейк, Наоми Кэмпбелл, Жиджи Хадид, Эмили Ратаковски, Мадоннанын кызы Лурдес Леон, Имаан Хаммам жана башка белгилүү моделдер ачты.

Миландагы Мода жумалыгы кандай өтүп жаткандыгын Sputnik сунуштаган сүрөт түрмөктөн көрүңүз.

 

141
  • Австралиялык-судандык модель Адут Акеч жарым жылаңач болгон, үстүнө сала коймо кийимди көрсөтүп жатат
    © AFP 2021 / Tiziana Fabi

    Австралиялык-судандык модель Адут Акеч жарым жылаңач болгон, үстүнө сала коймо кийимди көрсөтүп жатат

  • Көпөлөктөй учкан модель. Италиялык Fendi мода үйүнүн жазгы-жайкы коллекциясы
    © AP Photo / Antonio Calanni

    Көпөлөктөй учкан модель. Италиялык Fendi мода үйүнүн жазгы-жайкы коллекциясы

  • Этникалык мотивде кийинип чыккан сулуу. Милан мода жумалыгындагы дагы бир костюм.
    © REUTERS / Alessandro Garofalo

    Этникалык мотивде кийинип чыккан сулуу. Милан мода жумалыгындагы дагы бир костюм.

  • Модага сөз жок. Мехтен жасалган жазгы шуба, моделдин бутунда болсо жайкы босоножка...
    © REUTERS / Alessandro Garofalo

    Модага сөз жок. Мехтен жасалган жазгы шуба, моделдин бутунда болсо жайкы босоножка...

  • Алтын түстү жакшы көргөндөргө жагымдуу жаңылык. Fendi стилдүү, төгүлүп турган кийимди сунуштады.
    © AP Photo / Antonio Calanni

    Алтын түстү жакшы көргөндөргө жагымдуу жаңылык. Fendi стилдүү, төгүлүп турган кийимди сунуштады.

  • Агыш кездемеге салынган оймо-чийме жалгыз өзү турса кийимге көрк берет
    © AFP 2021 / Tiziana Fabi

    Агыш кездемеге салынган оймо-чийме жалгыз өзү турса кийимге көрк берет

  • Бул кийимди модага кызыккандардын азганактай гана бөлүгү кийбесе... Мини шуба.
    © AFP 2021 / Tiziana Fabi

    Бул кийимди модага кызыккандардын азганактай гана бөлүгү кийбесе... "Мини" шуба.

  • Британиялык модельер Ким Жонс аялдар көп жерге кийип барганга жараган ыңгайлуу, көп кырдуу костюмдарга муктаж деп эсептейт. Ал коллекцияларында да ушул принципти карманат.
    © AP Photo / Antonio Calanni

    Британиялык модельер Ким Жонс аялдар көп жерге кийип барганга жараган ыңгайлуу, көп кырдуу костюмдарга муктаж деп эсептейт. Ал коллекцияларында да ушул принципти карманат.

  • Жарашыктуу кийим. Модельерлер санга чейин жеткен узун өтүктөр кыска көйнөктөр менен жакшы айкалыша тургандыгын көрсөтүп берген.
    © AFP 2021 / Tiziana Fabi

    Жарашыктуу кийим. Модельерлер санга чейин жеткен узун өтүктөр кыска көйнөктөр менен жакшы айкалыша тургандыгын көрсөтүп берген.

  • Жеңил жана маанайды көтөргөн түстөр. Италиялык мода үйүнүн жазгы-жайкы коллекцияларынын бири.
    © AP Photo / Antonio Calanni

    Жеңил жана маанайды көтөргөн түстөр. Италиялык мода үйүнүн жазгы-жайкы коллекцияларынын бири.

  • Fendi сунуштаган жаңы коллекцияда 70-жылдардагы белгилүү иллюстраторлордун бири Антонио Лопестин мотивиндеги кооздуктар да бар
    © REUTERS / Alessandro Garofalo

    Fendi сунуштаган жаңы коллекцияда 70-жылдардагы белгилүү иллюстраторлордун бири Антонио Лопестин мотивиндеги кооздуктар да бар

  • Fendi алып чыккан бул сапаркы коллекцияларына 80-жылдардагы моданы эске салган жасалма мехтен тигилген шубалар көп кирген
    © AP Photo / Antonio Calanni

    Fendi алып чыккан бул сапаркы коллекцияларына 80-жылдардагы моданы эске салган жасалма мехтен тигилген шубалар көп кирген

Белгилер:
Италия, Милан, мода, сүрөт
Тема боюнча
Толук кыз-келиндердин ажарын ачкан купальниктер. Мода жумалыгынан 12 сүрөт
Туман арасынан суурулган сулуулар. Көлдөгү көчмөндөр модасынан 12 ирмем
Тамеки чегип жаткан адам. Архив

Пляж, базарда. Тамеки, кальян чегүүгө тыюу салынган жайлардын тизмеси

606
(жаңыланган 21:34 28.09.2021)
Тыюу салынган жайларда чылым чегүүгө ылайыкталган шарттарды түзүүгө да уруксат берилбейт. Бир гана аэропорттордо өрт жана авиация желдетүү системаларын коюу менен атайын бөлмөлөрдү уюштурууга болот.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Бүгүн президент Садыр Жапаров коомдук жайлар менен мекемелерде чылым чегүүгө тыюу салган мыйзам долбооруна кол койду.

Ага ылайык, белгилүү бир жайларда тамеки, электрондук чылым жана кальян чегүүгө толугу менен чектөө киргизилди.

Аталган мыйзамдын 13-беренесинде кайсы жерде чегүүгө тыюу салынары жазылган.

Алар төмөнкүлөр:

  • Ведомствонун жана менчигинин түрүнө карабастан подъезддерде, лифттерде, аянттарда, дааратканаларда, көп кабаттуу үйлөрдүн жалпы колдонуучу жайларында;
  • Жаштар, маданият жана спорт иштери боюнча мекемелерде, социалдык кызматтардын имараттарында, стадиондордо;
  • Темир жол жана автобекеттерде;
  • Калкка кызмат көрсөтүүчү жайларда, анын ичинде мейманканаларда, тиричилик тейлөө, коомдук тамактануучу жайларда, убактылуу тургузулган соода объектилеринде;
  • Мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тиешелүү имараттарда;
  • Имараттарда жана курулмаларда уюштурулган жумуш орундарында, жумушчу зоналарда;
  • Өрт чыгуу коркунучу бар жерлерде, анын ичинде күйүүчү май куюучу жайларда;
  • Коомдук тамактануу жайларында (түйүндөрдө);
  • Коомдук транспортто, анын ичинде таксиде, суу жана аба кемелеринде, жергиликтүү жана алыс каттамдагы поезддерде;
  • Ведомстволугуна жана менчигинин түрүнө карабастан бардык билим берүү уюмдарында, балдардын эс алуу жайларында, балдар аянтчаларында;
  • Ведомстволугуна жана менчигинин түрүнө карабастан бардык саламаттык сактоо уюмдарынын мекемелеринде;
  • Реабилитациялык жана санаторий-курорттук кызматтарды көрсөтүүгө арналган жайларда;
  • Калкка соода кызматтары көрсөтүлүүчү имараттарда, курулмаларда жана жабык базарлардын аймактарында;
  • Аялдамаларда;
  • Тамеки чегүү үчүн атайын жайларды кошпогондо массалык-маданий, спорттук иш-чараларды, акцияларды, чогулуштарды өткөрүп жатканда ачык аянтчаларда, пляждардын аймагынын чектеринде.

Аталган жайларда чылым чегүүгө ылайыкталган шарттарды түзүүгө да тыюу салынат. Бир гана аэропорттордо өрт жана авиация коопсуздугунун талаптарын сактап, желдетүү системаларын коюу менен атайын бөлмөлөрдү уюштурууга болот.

Ар бир орган жана мекеменин жетекчилери бул мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөөгө милдеттүү.

Чылым чегүүгө тыюу салынган жайларды аныктоо жана белгилерди коюу тартибин Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги иштеп чыгат.

Мыйзам долбоорунун авторлору Кыргызстанда өлүмдүн жана майыптыктын негизги себеби тамеки тартуу экенин буга чейин белгилешкен.

Ошондой эле чылым чегүүгө бардык эле жерлерде тыюу салынбасын айтышкан. Бирок башкалардын эркин дем алуусуна тоскоол болбошу керек деген принцип сакталышы шарт.

606
Белгилер:
тамеки, тыюу салуу, имарат, Кыргызстан
Тема боюнча
КРде кафе жана ресторандарда чылым чеккенге тыюу салынат. Мыйзамга кол коюлду
Көрбөй, укпай каласың! Министрлик тамекинин зыянын эскертти