Апта ирмеми: учарда жарылган ракетадан мал кайтарган иттердин таймашына чейин

425
(жаңыланган 16:36 06.09.2021)
  • Бишкектин Ала-Тоо аянтында өткөн Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган аскердик парадга чыккан Т-72 танкалары
Аскердик парадга Коргоо министрлигинин, УКМКнын Чек ара кызматынын, Улуттук гвардиянын, Абадан коргонуу күчтөрүнүн, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, ИИМдин аскерлери жана милиция кызматкерлери катышты. Катышуучулардын жалпы саны эки миң адамды түздү
  • Бишкектин Ала-Тоо аянтында Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата салюттар атылды.
Миңдеген шаардыктар жана шаардын коноктору фейерверкти көрүүгө чогулушту. Мунун алдында аянтта кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусунда концерт өттү
  • Футбол боюнча Португалия курама командасынын чабуулчусу Криштиану Роналду 2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатына тандоо турунун алкагында Ирландиянын дарбазасына киргизген голун майрамдап жаткан чагы. Анын Португалия үчүн киргизген голу 111ге жетти. Муну менен оюнчу улуттук команданын сабында гол киргизүү көрсөткүчү боюнча Ирандын экс-форварды Али Даеинин рекордун (109гол) жаңылап, аны артта калтырды
  • Москва зоопаркындагы пеликан куштары
  • Москвадагы (Россия) Революция аянтында өткөн Цветочный джем фестивалында сүрөткө түшүп жаткан кыз
  • Индиянын Нью-Дели шаарынын четиндеги Ноид аймагында жарым-жартылай ачылган мектептин мугалими окуучулардын дене табын текшерип жатат
  • Пекинде (Кытай) өткөн Мода жумалыгындагы Heaven Gaia коллекциясынын көргөзмөсүндө артист кыз бийлеп жатат
  • Гонконгдун Water World Ocean Park деген жаңы туристтик аймагындагы аттракционго түшүп жаткан кыз
  • Калифорнияда (АКШ) америкалык Firefly Aerospace жеке компаниясынын Alpha ракетасы асманга учурулгандан бир нече мүнөт өткөндөн кийин жарылды. Компания билдиргендей, асманга көтөрүлгөн биринчи фазада жабдуулар талаптагыдай иштебей, анын айынан ракета кыйроого учураган. Кырсыктан эч ким жабыр тартпаганы белгиленди
  • Россиянын президенти Владимир Путин Владивостокто өткөн Чыгыш экономикалык форумунун алкагындагы пленардык отурумда
  • АКШнын Луизиана штатынын Гранд-Айле аймагында болгон Ида бороонунан улам жабыркаган үйүндөгү таштандыларды ыргытып жаткан киши
  • Кырчын жайлоосунда (Семёнов капчыгайы) салт катары өтүүчү Салбуурун мергенчилер фестивалынын катышуучусу
  • Нидерланддык Марлен ван Гансевинкель Токиодогу Паралимпиада оюндарында жеңил атлетика боюнча аялдар арасында 200 метр аралыкка чуркоо боюнча мелдештин финалында
  • Полиция кызматкерлери жээкте эс алып жаткан кыз менен сүйлөшүп жатышат (Мельбурн)
  • Модель Барбара Палвин эл аралык 78-Венеция кинофестивалында Расмий конкурс (Competencia oficial) тасмасынын кызыл килеминде турат
  • АКШнын Юта штатында Койчу иттин сынагы (Испытание овчарки) фестивалы жыйынтыкталды. Бул жарыш мал кайтарган иттердин оторду башкарууну үйрөнгөнүн баалаган мелдеш болуп саналат
  • Велосипедчен киши Кабулдун көчөлөрүн көзөмөл кылган талибдердин колоннасынын жанынан өтүп бара жатат
  • Владивостокто (Россия) өткөн Чыгыш экономикалык форумунун алкагында талантын тартуулаган бийчилер тобу Камчатка павильонунун жанында турат
  • Испаниянын Альканар шаарында болгон суу ташкындан кийинки көрүнүш. Катуу нөшөрдөн улам айрым көчөлөрдөгү суу дарыяга айланган. Шар агым калаадагы унааларды, эмеректерди жана тамырынан бери жулунган дарактарды агызып кеткен. Бийик имараттардын астыңкы кабаттары сууга толгон
  • Кыргызстандык аскер кызматкерлеринин командасынын Т-72В3 танкасы Москва облусунун Алабино полигонунда өткөн Танк биатлону-2021 мелдешинин финалындагы сүрөтү.
  • Футболчу Гүлжигит Алыкулов Бишкекте өткөн Үч улуттун кубогу жолдоштук мелдештин алкагында Кыргызстан менен Палестина беттешинде топ талашып жаткан учуру. Улуттук команда конокторду 1:0 эсебинде утуп алды. Кыргызстан 7-сентябрда мелдештин алкагында Бангладеш менен кездешет
  • Токионун Улуттук Олимпиада стадионунда өткөн XVI жайкы Паралимпиадалык оюндардын салтанаттуу жабылыш аземинде атылган салют. Мелдеште медаль алуу боюнча жалпы командалык эсепте Кытай 96 алтын, 60 күмүш жана 51 коло байге утуп, жеңүүчү болду. Экинчиде Улуу Британия (41-38-45), ал эми үчүнчү орунду АКШ (37-36-31) ээледи. Россия бул жарышта төртүнчү болуп калды.
Sputnik Кыргызстан узаган аптада болгон дүйнөдөгү эң кызыктуу окуяларды чагылдырган сүрөт түрмөгүн сунуш кылат.

Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата Бишкектеги борбордук "Ала-Тоо" аянтында аскердик парад болду.

Нью-Дели шаарынын четиндеги Ноид аймагында мектептер жарым-жартылай ачылды.

Футбол боюнча Португалия курама командасынын чабуулчусу Криштиану Роналду улуттук команданын сабында гол киргизген көрсөткүч боюнча дүйнөдө рекорд жаңыртты. Анын Португалия үчүн киргизген голу 111ге жетти. Буга чейинки рекорд Ирандын экс-форварды Али Даеиге таандык болгон (109 гол).

Пекинде (Кытай) мода жумалыгы учурунда Heaven Gaia коллекциясынын көргөзмөсү өттү.

Калифорнияда (АКШ) америкалык Firefly Aerospace жеке компаниясынын Alpha ракетасы асманга учурулгандан бир нече мүнөт өткөндөн кийин жарылды.

Владивостокто (Россия) Чыгыш экономикалык форуму өттү.

Ысык-Көлдөгү Кырчын жайлоосунда (Семенов капчыгайы) салтка айланган "Салбуурун" мергенчилик фестивалы болду.

Италияда эл аралык 78-Венеция кинофестивалы салтанаттуу ачылды.

Россиянын Подмосковье аймагындагы "Алабино" полигонунда "Танк биатлону-2021" жарышынын финалы жыйынтыкталды. Экинчи дивизиондо ат салышкан Кыргызстандын танкисттери эстафеталык жарышты 2 саат 16 мүнөт жана 51 секундада басып өтүп чемпион болушту.

АКШнын Юта штатында "Койчу иттин сынагы" фестивалы жыйынтыкталды. Бул жарыш мал кайтарган иттердин оторду башкарууну үйрөнгөнүн баалаган мелдеш болуп саналат.

Бишкекте футбол боюнча "Үч улуттун кубогу" жолдоштук мелдешинин алкагында Кыргызстан менен Палестина курама командалары беттешти. Улуттук команда конокторду 1:0 эсебинде утуп алды.

АКШдагы мексикалык булуңдун жээгинде Ида бороону болду. Андан 58 киши каза тапты. Мерт кеткендердин 23ү Нью-Джерси, 16сы Нью-Йорктон жана 11 адам Луизианадан. Мындан сырткары, Миссисипи, Алабама, Пенсильвания, Мэриленд жана Коннектикут штаттарында сегиз адам каза болгон.

425
  • Бишкектин Ала-Тоо аянтында өткөн Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган аскердик парадга чыккан Т-72 танкалары
Аскердик парадга Коргоо министрлигинин, УКМКнын Чек ара кызматынын, Улуттук гвардиянын, Абадан коргонуу күчтөрүнүн, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, ИИМдин аскерлери жана милиция кызматкерлери катышты. Катышуучулардын жалпы саны эки миң адамды түздү
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

    Бишкектин "Ала-Тоо" аянтында өткөн Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган аскердик парадга чыккан Т-72 танкалары
    Аскердик парадга Коргоо министрлигинин, УКМКнын Чек ара кызматынын, Улуттук гвардиянын, Абадан коргонуу күчтөрүнүн, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, ИИМдин аскерлери жана милиция кызматкерлери катышты. Катышуучулардын жалпы саны эки миң адамды түздү

  • Бишкектин Ала-Тоо аянтында Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата салюттар атылды.
Миңдеген шаардыктар жана шаардын коноктору фейерверкти көрүүгө чогулушту. Мунун алдында аянтта кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусунда концерт өттү
    © пресс-служба мэрии города Бишкек Улукбек Шамбетов

    Бишкектин "Ала-Тоо" аянтында Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата салюттар атылды.
    Миңдеген шаардыктар жана шаардын коноктору фейерверкти көрүүгө чогулушту. Мунун алдында аянтта кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусунда концерт өттү

  • Футбол боюнча Португалия курама командасынын чабуулчусу Криштиану Роналду 2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатына тандоо турунун алкагында Ирландиянын дарбазасына киргизген голун майрамдап жаткан чагы. Анын Португалия үчүн киргизген голу 111ге жетти. Муну менен оюнчу улуттук команданын сабында гол киргизүү көрсөткүчү боюнча Ирандын экс-форварды Али Даеинин рекордун (109гол) жаңылап, аны артта калтырды
    © REUTERS / PEDRO NUNES

    Футбол боюнча Португалия курама командасынын чабуулчусу Криштиану Роналду 2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатына тандоо турунун алкагында Ирландиянын дарбазасына киргизген голун майрамдап жаткан чагы. Анын Португалия үчүн киргизген голу 111ге жетти. Муну менен оюнчу улуттук команданын сабында гол киргизүү көрсөткүчү боюнча Ирандын экс-форварды Али Даеинин рекордун (109гол) жаңылап, аны артта калтырды

  • Москва зоопаркындагы пеликан куштары
    © Sputnik / Владимир Вяткин

    Москва зоопаркындагы пеликан куштары

  • Москвадагы (Россия) Революция аянтында өткөн Цветочный джем фестивалында сүрөткө түшүп жаткан кыз
    © Sputnik / Кирилл Каллиников

    Москвадагы (Россия) Революция аянтында өткөн "Цветочный джем" фестивалында сүрөткө түшүп жаткан кыз

  • Индиянын Нью-Дели шаарынын четиндеги Ноид аймагында жарым-жартылай ачылган мектептин мугалими окуучулардын дене табын текшерип жатат
    © AP Photo / Altaf Qadri

    Индиянын Нью-Дели шаарынын четиндеги Ноид аймагында жарым-жартылай ачылган мектептин мугалими окуучулардын дене табын текшерип жатат

  • Пекинде (Кытай) өткөн Мода жумалыгындагы Heaven Gaia коллекциясынын көргөзмөсүндө артист кыз бийлеп жатат
    © REUTERS / Tingshu Wang

    Пекинде (Кытай) өткөн Мода жумалыгындагы Heaven Gaia коллекциясынын көргөзмөсүндө артист кыз бийлеп жатат

  • Гонконгдун Water World Ocean Park деген жаңы туристтик аймагындагы аттракционго түшүп жаткан кыз
    © AP Photo / Kin Cheung

    Гонконгдун Water World Ocean Park деген жаңы туристтик аймагындагы аттракционго түшүп жаткан кыз

  • Калифорнияда (АКШ) америкалык Firefly Aerospace жеке компаниясынын Alpha ракетасы асманга учурулгандан бир нече мүнөт өткөндөн кийин жарылды. Компания билдиргендей, асманга көтөрүлгөн биринчи фазада жабдуулар талаптагыдай иштебей, анын айынан ракета кыйроого учураган. Кырсыктан эч ким жабыр тартпаганы белгиленди
    © REUTERS / GENE BLEVINS

    Калифорнияда (АКШ) америкалык Firefly Aerospace жеке компаниясынын Alpha ракетасы асманга учурулгандан бир нече мүнөт өткөндөн кийин жарылды. Компания билдиргендей, асманга көтөрүлгөн биринчи фазада жабдуулар талаптагыдай иштебей, анын айынан ракета кыйроого учураган. Кырсыктан эч ким жабыр тартпаганы белгиленди

  • Россиянын президенти Владимир Путин Владивостокто өткөн Чыгыш экономикалык форумунун алкагындагы пленардык отурумда
    © Sputnik / Григорий Сысоев

    Россиянын президенти Владимир Путин Владивостокто өткөн Чыгыш экономикалык форумунун алкагындагы пленардык отурумда

  • АКШнын Луизиана штатынын Гранд-Айле аймагында болгон Ида бороонунан улам жабыркаган үйүндөгү таштандыларды ыргытып жаткан киши
    © AFP 2021 / Sean Rayford/Getty Images

    АКШнын Луизиана штатынын Гранд-Айле аймагында болгон Ида бороонунан улам жабыркаган үйүндөгү таштандыларды ыргытып жаткан киши

  • Кырчын жайлоосунда (Семёнов капчыгайы) салт катары өтүүчү Салбуурун мергенчилер фестивалынын катышуучусу
    © Sputnik / Игорь Егоров

    Кырчын жайлоосунда (Семёнов капчыгайы) салт катары өтүүчү "Салбуурун" мергенчилер фестивалынын катышуучусу

  • Нидерланддык Марлен ван Гансевинкель Токиодогу Паралимпиада оюндарында жеңил атлетика боюнча аялдар арасында 200 метр аралыкка чуркоо боюнча мелдештин финалында
    © REUTERS / Athit Perawongmetha

    Нидерланддык Марлен ван Гансевинкель Токиодогу Паралимпиада оюндарында жеңил атлетика боюнча аялдар арасында 200 метр аралыкка чуркоо боюнча мелдештин финалында

  • Полиция кызматкерлери жээкте эс алып жаткан кыз менен сүйлөшүп жатышат (Мельбурн)
    © AFP 2021 / WILLIAM WEST

    Полиция кызматкерлери жээкте эс алып жаткан кыз менен сүйлөшүп жатышат (Мельбурн)

  • Модель Барбара Палвин эл аралык 78-Венеция кинофестивалында Расмий конкурс (Competencia oficial) тасмасынын кызыл килеминде турат
    © Sputnik / Екатерина Чеснокова

    Модель Барбара Палвин эл аралык 78-Венеция кинофестивалында "Расмий конкурс" (Competencia oficial) тасмасынын кызыл килеминде турат

  • АКШнын Юта штатында Койчу иттин сынагы (Испытание овчарки) фестивалы жыйынтыкталды. Бул жарыш мал кайтарган иттердин оторду башкарууну үйрөнгөнүн баалаган мелдеш болуп саналат
    © AP Photo / Rick Bowmer

    АКШнын Юта штатында "Койчу иттин сынагы" ("Испытание овчарки") фестивалы жыйынтыкталды. Бул жарыш мал кайтарган иттердин оторду башкарууну үйрөнгөнүн баалаган мелдеш болуп саналат

  • Велосипедчен киши Кабулдун көчөлөрүн көзөмөл кылган талибдердин колоннасынын жанынан өтүп бара жатат
    © AFP 2021 / AAMIR QURESHI

    Велосипедчен киши Кабулдун көчөлөрүн көзөмөл кылган талибдердин колоннасынын жанынан өтүп бара жатат

  • Владивостокто (Россия) өткөн Чыгыш экономикалык форумунун алкагында талантын тартуулаган бийчилер тобу Камчатка павильонунун жанында турат
    © Sputnik / Александр Кряжев

    Владивостокто (Россия) өткөн Чыгыш экономикалык форумунун алкагында талантын тартуулаган бийчилер тобу "Камчатка" павильонунун жанында турат

  • Испаниянын Альканар шаарында болгон суу ташкындан кийинки көрүнүш. Катуу нөшөрдөн улам айрым көчөлөрдөгү суу дарыяга айланган. Шар агым калаадагы унааларды, эмеректерди жана тамырынан бери жулунган дарактарды агызып кеткен. Бийик имараттардын астыңкы кабаттары сууга толгон
    © AP Photo / Joan Mateu Parra

    Испаниянын Альканар шаарында болгон суу ташкындан кийинки көрүнүш. Катуу нөшөрдөн улам айрым көчөлөрдөгү суу дарыяга айланган. Шар агым калаадагы унааларды, эмеректерди жана тамырынан бери жулунган дарактарды агызып кеткен. Бийик имараттардын астыңкы кабаттары сууга толгон

  • Кыргызстандык аскер кызматкерлеринин командасынын Т-72В3 танкасы Москва облусунун Алабино полигонунда өткөн Танк биатлону-2021 мелдешинин финалындагы сүрөтү.
    © Sputnik / Валерий Мельников

    Кыргызстандык аскер кызматкерлеринин командасынын Т-72В3 танкасы Москва облусунун "Алабино" полигонунда өткөн "Танк биатлону-2021" мелдешинин финалындагы сүрөтү.
    Кыргызстандык танкачылар финалдык эстафетаны 2 саат 16 мүнөт 51 секундада жыйынтыктап, экинчи дивизиондун чемпиону болушту. Экинчиде Тажикстан, андан кийин Мьянма жана Түштүк Осетия жайгашты. Келерки жылы Кыргызстан биринчи дивизиондогу күчтүү курама командалар менен таймашат

  • Футболчу Гүлжигит Алыкулов Бишкекте өткөн Үч улуттун кубогу жолдоштук мелдештин алкагында Кыргызстан менен Палестина беттешинде топ талашып жаткан учуру. Улуттук команда конокторду 1:0 эсебинде утуп алды. Кыргызстан 7-сентябрда мелдештин алкагында Бангладеш менен кездешет
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Футболчу Гүлжигит Алыкулов Бишкекте өткөн "Үч улуттун кубогу" жолдоштук мелдештин алкагында Кыргызстан менен Палестина беттешинде топ талашып жаткан учуру. Улуттук команда конокторду 1:0 эсебинде утуп алды. Кыргызстан 7-сентябрда мелдештин алкагында Бангладеш менен кездешет

  • Токионун Улуттук Олимпиада стадионунда өткөн XVI жайкы Паралимпиадалык оюндардын салтанаттуу жабылыш аземинде атылган салют. Мелдеште медаль алуу боюнча жалпы командалык эсепте Кытай 96 алтын, 60 күмүш жана 51 коло байге утуп, жеңүүчү болду. Экинчиде Улуу Британия (41-38-45), ал эми үчүнчү орунду АКШ (37-36-31) ээледи. Россия бул жарышта төртүнчү болуп калды.
    © Sputnik / Илья Питалев

    Токионун Улуттук Олимпиада стадионунда өткөн XVI жайкы Паралимпиадалык оюндардын салтанаттуу жабылыш аземинде атылган салют. Мелдеште медаль алуу боюнча жалпы командалык эсепте Кытай 96 алтын, 60 күмүш жана 51 коло байге утуп, жеңүүчү болду. Экинчиде Улуу Британия (41-38-45), ал эми үчүнчү орунду АКШ (37-36-31) ээледи. Россия бул жарышта төртүнчү болуп калды.

Белгилер:
сүрөт, апта, апта ирмеми, дүйнө, маданият, окуя
Тема боюнча
Көптөн күткөн оюн! Кыргызстан — Палестина футбол беттешинен 16 сүрөт
Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарындагы турмуш. Кыргызстандыктар сүрөттө

Бишкектин чок ортосуна көчмөндөр айылы курулду. Этнофестивалдан ирмемдер

390
  • Ак элечек оронгон апалар фестивалдын көркү
  • Ийик ийрип, шырдак шырып, ошол эле учурда музыкалык аспаптарда ойноп, ырдап жаткан апалар
  • Өзбекстандан келген конок өнөрүн тартуулап жатат
  • Көчмөндөрдүн жоокерлери боз үйдүн босогосунда курал-жарагын камдоодо
  • Фестивалдын алкагында улуттук оюндар дагы уюштурулган. Бул сүрөттөгү жигит ордо атып жатканда кадрга түшкөн
  • Улуттук филармониянын алдына Кыргыз көчү этнографиялык аймагы түзүлүп, бир нече боз үй тигилген
  • Бул жактан улуттук кийимдер жана түрдүү сувенир, аксессуарларды сатып алсаңыз болот
  • Унутта калып бара жаткан кол өнөрчүлүктү жаш муунга жеткирип, актуалдуулугун жандантуу да маанилүү. Таар согууга кызыксаңыз ушул жерден үйрөнүү мүмкүнчүлүгү бар.
  • Фестивалдын максаты — дүйнө элдеринин эпикалык мурастарын элге жеткирүү, адамзаттын маданий баалуулуктарын сактоо жана жайылтуу, эл аралык маданий кызматташтыкты бекемдөө
  • Иш-чарага 20дан ашык өлкөнүн өнөр адамдары келип талантын тартуулоодо
  • Бүгүн Мыкты боз үй, Мыкты семетейчи жана Саркеч көчмөн сынактары уюштурулду
Борбор калаада Дүйнө элинин эпосторунун VI Эл аралык фестивалы өтүп жатат. Ага 20дан ашык өлкөнүн өнөр адамдары келип талантын тартуулоодо. Sputnik Кыргызстандын фотографы этнофестивалдын жүрүшүн сүрөткө тартып келди.

Фестивалдын алкагында Улуттук филармониянын алдына "Кыргыз көчү" этнографиялык аймагы түзүлүп, "Мыкты боз үй", "Мыкты семетейчи" жана "Саркеч көчмөн" сынактары уюштурулду. Ошондой эле эпос таануучулар жана окумуштуулар арасында эл аралык илимий-практикалык симпозиум, тегерек столдор өтөт.

Үстүбүздөгү жылдын 26-27-сентябрында Ош шаарынын борбордук аянты туризм индустриясына жаңы эшигин ачат.
© Видео / Facebook/ Мэрия города Ош - официальная страница
Аталган маданий иш-чара Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына жана улуу акын Тоголок Молдонун 160 жылдыгына арналат. Аны Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги "Манас" жана Чыңгыз Айтматов Улуттук академиясы, "Арт Араба" коомдук фонду менен биргеликте уюштурууда.

Максаты — дүйнө элдеринин эпикалык мурастарын элге жеткирүү, адамзаттын маданий баалуулуктарын сактоо жана жайылтуу, эл аралык маданий кызматташтыкты бекемдөө. Ошондой эле президенттин "Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө" жарлыгын ишке ашыруу экени айтылды.

390
  • Ак элечек оронгон апалар фестивалдын көркү
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Ак элечек оронгон апалар фестивалдын көркү

  • Ийик ийрип, шырдак шырып, ошол эле учурда музыкалык аспаптарда ойноп, ырдап жаткан апалар
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Ийик ийрип, шырдак шырып, ошол эле учурда музыкалык аспаптарда ойноп, ырдап жаткан апалар

  • Өзбекстандан келген конок өнөрүн тартуулап жатат
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Өзбекстандан келген конок өнөрүн тартуулап жатат

  • Көчмөндөрдүн жоокерлери боз үйдүн босогосунда курал-жарагын камдоодо
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Көчмөндөрдүн жоокерлери боз үйдүн босогосунда курал-жарагын камдоодо

  • Фестивалдын алкагында улуттук оюндар дагы уюштурулган. Бул сүрөттөгү жигит ордо атып жатканда кадрга түшкөн
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Фестивалдын алкагында улуттук оюндар дагы уюштурулган. Бул сүрөттөгү жигит ордо атып жатканда кадрга түшкөн

  • Улуттук филармониянын алдына Кыргыз көчү этнографиялык аймагы түзүлүп, бир нече боз үй тигилген
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Улуттук филармониянын алдына "Кыргыз көчү" этнографиялык аймагы түзүлүп, бир нече боз үй тигилген

  • Бул жактан улуттук кийимдер жана түрдүү сувенир, аксессуарларды сатып алсаңыз болот
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Бул жактан улуттук кийимдер жана түрдүү сувенир, аксессуарларды сатып алсаңыз болот

  • Унутта калып бара жаткан кол өнөрчүлүктү жаш муунга жеткирип, актуалдуулугун жандантуу да маанилүү. Таар согууга кызыксаңыз ушул жерден үйрөнүү мүмкүнчүлүгү бар.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Унутта калып бара жаткан кол өнөрчүлүктү жаш муунга жеткирип, актуалдуулугун жандантуу да маанилүү. Таар согууга кызыксаңыз ушул жерден үйрөнүү мүмкүнчүлүгү бар.

  • Фестивалдын максаты — дүйнө элдеринин эпикалык мурастарын элге жеткирүү, адамзаттын маданий баалуулуктарын сактоо жана жайылтуу, эл аралык маданий кызматташтыкты бекемдөө
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Фестивалдын максаты — дүйнө элдеринин эпикалык мурастарын элге жеткирүү, адамзаттын маданий баалуулуктарын сактоо жана жайылтуу, эл аралык маданий кызматташтыкты бекемдөө

  • Иш-чарага 20дан ашык өлкөнүн өнөр адамдары келип талантын тартуулоодо
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Иш-чарага 20дан ашык өлкөнүн өнөр адамдары келип талантын тартуулоодо

  • Бүгүн Мыкты боз үй, Мыкты семетейчи жана Саркеч көчмөн сынактары уюштурулду
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Бүгүн "Мыкты боз үй", "Мыкты семетейчи" жана "Саркеч көчмөн" сынактары уюштурулду

Белгилер:
эпос, фестиваль, маданият, сынак, сүрөт
Тема боюнча
Жаргылчак тартып, ээр чаап... Көчмөн кыргыздын жай турмушун эске салган 13 сүрөт

Мындайды кинодо да көрбөйсүң. Космостун укмуштуудай сүрөттөрү

216
"Жылдын мыкты астрономиялык сүрөттөрү" сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды. Өзгөчө кубулуштарды камтыган кадрларды көрүп эс алыңыз.

Astronomy Photographer of the Year 2021 сынагында кытайлык фотограф Шучан Донга "Алтын шакекче" сүрөтү менен баш байгени утуп алды. Ал Тибетте күндүн батып жатканын шакекче түрүндө тартып алууга жетишкен.

Башка сүрөттөр эң мыкты деген баа албаганы менен көп эмгекти талап кылганы байкалат. Кээ бир кадрларды кармоо үчүн астрофотографтар бир ай убакыт кетирген. Натыйжада буга чейин адамдар көрө элек кубулуштардын сүрөтүн чыгара алышкан.

Sputnik Кыргызстан конкурста алдыңкы сапка чыккан сүрөттөрдүн түрмөгүн сунуштайт.

 

216
Белгилер:
астрономия, сүрөт, эмгек, конкурс, жеңүүчү
Тема боюнча
Көлөмү 13 футбол талаасындай болгон астероид Жерди көздөй учуп келе жатат
Жердин үстүнөн тартылган керемет жаркырак. Астронавттын жомоктогудай видеосу
Ош шаарында туристик көргөзмө-жарманкеси башталганын мэриянын маалымат кызматы кабарлады

Мэр Мамбетов Ош шаарынын туристтик брендин түзүү ниетин билдирди

0
Калаа мэри Ош шаарын Улуу Жибек Жолу менен байланышкан брендин түзүү аркылуу туризмди жандандыруу ниетин ортого салды.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Ош шаарында туристик көргөзмө-жарманкеси башталганын мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

  • Выступление артистов на туристической выставка-ярмарке в городе Ош
    Ош шаарында туристик көргөзмө-жарманкеси башталганын мэриянын маалымат кызматы кабарлады
    © Фото / пресс-служба мэрии города Ош
  • Мэр Оша Алмаз Мамбетов и министр экономики и финансов КР Акылбек Жапаров на туристической выставка-ярмарке в городе Ош
    Анын алкагында бүгүн калаадагы мейманкалардын биринде "Жаңы шарттарда биргелешкен аракеттер менен туризмди өнүктүрүү. Кыргызстан-2021" аттуу Биринчи аймактык туристтик ири форум болду
    © Фото / пресс-служба мэрии города Ош
  • Мэр Оша Алмаз Мамбетов выступает на туристической выставка-ярмарке в городе Ош
    Анда шаар мэри Алмаз Мамбетов форумдун катышуучуларына "Ош шаарын — Улуу Жибек Жолунун туристтик кызмат көрсөтүүчү провайдери" катары резолюция кабыл алуу боюнча сунушун берген
    © Фото / пресс-служба мэрии города Ош
  • Люди в национальной одежде на туристической выставка-ярмарке в городе Ош
    Ошондой эле борбордук аянтта уюштурулган көргөзмө-жарманкеде туристтик компаниялар, жеке ишкерлер өз тармагын тааныштырып, өндүрүшчүлөр азык-түлүктөрүн көрсөтүшкөн
    © Фото / пресс-служба мэрии города Ош
  • Выступление артистов на туристической выставка-ярмарке в городе Ош
    Ал этномузыка, Болливуд жылдыздарынын бийлери, ата мекендик дизайнерлердин кийимдер көргөзмөсү, жергиликтүү ышкыбоздордун концерттик программасы менен коштолду.
    © Фото / пресс-служба мэрии города Ош
1 / 5
© Фото / пресс-служба мэрии города Ош
Ош шаарында туристик көргөзмө-жарманкеси башталганын мэриянын маалымат кызматы кабарлады

Анын алкагында бүгүн калаадагы мейманкалардын биринде "Жаңы шарттарда биргелешкен аракеттер менен туризмди өнүктүрүү. Кыргызстан-2021" аттуу Биринчи аймактык туристтик ири форум болду.

Анда шаар мэри Алмаз Мамбетов форумдун катышуучуларына "Ош шаарын — Улуу Жибек Жолунун туристтик кызмат көрсөтүүчү провайдери" катары резолюция кабыл алуу боюнча сунушун берген.

"Эки күндүк иш-чара шаарыбыздын туристтик багытына жана инвесторлорду тартуу иш-аракеттерибизге эбегейсиз чоң салым кошот. Тарыхый ордун эске алып Ош шаары Улуу Жибек Жолу менен байланышкан брендин түзүү аркылуу туризмди жандандырууга ниеттенүүдө. Менимче, өзүбүздүн туристтик продукт жана саякат маркабыз шаарыбызга жүз миңдеген туристтерди тартат. Мунун аркасында биз мурдагы улуулугубузду жандандырабыз жана чакан, орто бизнестин, жалпысынан өлкө экономикасынын өнүгүшүнө кубаттуу дем беребиз деп ойлойм. Анүчүн баарыбыз жапа тырмак шаардын тейлөө деңгээлин жана туристтик инфраструктурасын жакшыртуу үчүн аракеттерди көрөбүз", — деп айткан Мамбетов.

Ошондой эле борбордук аянтта уюштурулган көргөзмө-жарманкеде туристтик компаниялар, жеке ишкерлер өз тармагын тааныштырып, өндүрүшчүлөр азык-түлүктөрүн көрсөтүшкөн. Ал этномузыка, Болливуд жылдыздарынын бийлери, ата мекендик дизайнерлердин кийимдер көргөзмөсү, жергиликтүү ышкыбоздордун концерттик программасы менен коштолду.

Аталган форум жана көргөзмө-жарманке эртең да улантылат.

Мындай иш-чара Кыргызстанда алгачкы ирет болуп жатат. Аны Туризм департаменти жана Ош шаардык мэриясы эл аралык жана ата мекендик өнөктөштөрдүн колдоосу менен уюштурууда.

0
Белгилер:
Ош шаары, көргөзмө, жарманке, форум, турист
Тема боюнча
Бишкектин чок ортосуна көчмөндөр айылы курулду. Этнофестивалдан ирмемдер