Мерьем Узерли, Марк Дакаскос, Стивен Сигал... Кыргызстанга кайсы жылдыздар келген?

664
(жаңыланган 12:31 08.09.2021)
  • Түркиялык Даңазалуу доор сериалынын жылдызы Мерьем Узерли Бишкекке Азия эл аралык кинофестивалынын (Asian World Film Festival) чакыруусу менен келди.
  • II Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна сыйлуу конок болуп келген Стивен Сигал. Чолпон-Ата шаары, 2016-жыл
  • Америкалык актёр, каскадёр Марк Дакаскос менен режиссёр Геннадий Базаров, актёр Марат Алышпаев. Дакаскос буга чейин бир нече жолу Кыргызстанда болгон
  • Америкалык белгилүү актер Кэри Хироюки Тагава Ысык-Көлдө 2007-жылы уюштурулган кинофестивалга сыйлуу конок болуп келген
  • Белгилүү спортчу Хабиб Нурмагомедов өткөн айда Ысык-Көл жээгинде Eagle Fighting Championship (EFC) лигасынын турнирин өткөргөн.
  • Гарри Поттер кинофильминде Волан-де-Морттун ролун аткарган британиялык Рейф Файнс Кыргызстанга 2003-жылы ЮНИСЕФ уюму менен келген
  • Кыргызстанга 1999-жылы кикбокс боюнча чемпионатка кытайлык белгилүү актер, культурист, согуш өнөрүнүн чебери Боло Енг да келген
  • Британиялык белгилүү ырчы Крейг Дэвид (Craig David) 2013-жылы Бишкекте концерт койгон
  • Атактуу америкалык рэппер, музыкалык “Грэмми” сыйлыгынын төрт жолку ээси Нелли да  2013-жылы борбор калаада концерт коюп кеткен
  • КРге 2013-жылы америкалык математик, экономика боюнча Нобель сыйлыгынын лауреаты Джон Нэш да келген
  • Белгилүү актёр Ричард Тайсон кыргыздын кичинекей балдары менен. Америкалык актёр өлкөгө Чыңгыз хан тасмасына тартылуу үчүн келген
  • Кикбоксинг боюнча өткөн мелдешке белгилүү актриса, спортчу Синтия Ротрок да мейман катары чакырылган
  • КРдин эл артисти Жамиля Сыдыкбаева менен Оскар сыйлыгынын лауреаты, америкалык актриса Патриция Нил, 1992-жыл, Чүй облусу
  • Италиялык таланттуу ырчы Риккардо Фольи да биздин өлкөгө келип кеткен
  • Англиялык режиссёр Кен Эннакин менен Төлөмүш Океев тарткан Чыңгыз хан тасмасында Оскар сыйлыгынын лауреаты Чарлтон Хестон да роль жараткан
  • Атактуу актриса Жулия Никсон 1990-жылдардын башында Кыргызстанда мейман болуп тасмага түшкөн
  • Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Кофи Аннан Кыргызстандын тунгуч президенти Аскар Акаев менен Бишкектеги жолугушууда
  • Европалык актриса Наташа Ренье. Ал Кыргызстанда Аталар керээзи тасмасында роль аткарган. Актриса кыргыз жигитти сүйүп калып, элетке келип жашаган чет элдик келиндин образын жараткан
  • Кикбоксинг боюнча дүйнөгө белгилүү спортчу, Голливуд жылдызы Дон Уилсон. Ал кесиптештери Синтия Ротрок, Боло Янг менен Бишкекте өткөн кикбоксинг боюнча мелдеште сыйлуу конок болгон жайы бар
  • УЕФАнын экс-президенти Мишель Платини 2012-жылы Кыргызстанга келип, кыргыз футболчулардын беттешине күбө болгон
  • Ал эми Эл аралык футбол федерациясынын экс-президенти Йозеф Блаттер 2014-жылы Бишкекке келип кеткен.
  • 1995-жылы “Манас” эпосунун 1000 жылдыгына ЮНЕСКОнун генералдык директору Федерико Майор атайын келген
Кечээ борбор калаага түркиялык актриса жана продюсер Мерьем Узерли келди. Мындан улам Sputnik Кыргызстан буга чейин өлкөгө келген чет элдик атактуулардын сүрөттөрүн сунуштайт.

Кыргызстанга дүйнөлүк кино, сахна жылдыздары негизинен өлкө эгемендүүлүк алгандан кийин көп келе баштаган. Алардын арасында кино жылдыздар, музыканттар, белгилүү аткаруучулар, саясатчылар бар.

664
  • Түркиялык Даңазалуу доор сериалынын жылдызы Мерьем Узерли Бишкекке Азия эл аралык кинофестивалынын (Asian World Film Festival) чакыруусу менен келди.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Түркиялык "Даңазалуу доор" сериалынын жылдызы Мерьем Узерли Бишкекке Азия эл аралык кинофестивалынын (Asian World Film Festival) чакыруусу менен келди.

  • II Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна сыйлуу конок болуп келген Стивен Сигал. Чолпон-Ата шаары, 2016-жыл
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    II Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна сыйлуу конок болуп келген Стивен Сигал. Чолпон-Ата шаары, 2016-жыл

  • Америкалык актёр, каскадёр Марк Дакаскос менен режиссёр Геннадий Базаров, актёр Марат Алышпаев. Дакаскос буга чейин бир нече жолу Кыргызстанда болгон
    © Фото / из личного архива Марата Алышпаева

    Америкалык актёр, каскадёр Марк Дакаскос менен режиссёр Геннадий Базаров, актёр Марат Алышпаев. Дакаскос буга чейин бир нече жолу Кыргызстанда болгон

  • Америкалык белгилүү актер Кэри Хироюки Тагава Ысык-Көлдө 2007-жылы уюштурулган кинофестивалга сыйлуу конок болуп келген
    © Фото / из личного архива Стамбулбека Мамбеталиева

    Америкалык белгилүү актер Кэри Хироюки Тагава Ысык-Көлдө 2007-жылы уюштурулган кинофестивалга сыйлуу конок болуп келген

  • Белгилүү спортчу Хабиб Нурмагомедов өткөн айда Ысык-Көл жээгинде Eagle Fighting Championship (EFC) лигасынын турнирин өткөргөн.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Белгилүү спортчу Хабиб Нурмагомедов өткөн айда Ысык-Көл жээгинде Eagle Fighting Championship (EFC) лигасынын турнирин өткөргөн.

  • Гарри Поттер кинофильминде Волан-де-Морттун ролун аткарган британиялык Рейф Файнс Кыргызстанга 2003-жылы ЮНИСЕФ уюму менен келген
    © Sputnik / Екатерина Чеснокова

    "Гарри Поттер" кинофильминде Волан-де-Морттун ролун аткарган британиялык Рейф Файнс Кыргызстанга 2003-жылы ЮНИСЕФ уюму менен келген

  • Кыргызстанга 1999-жылы кикбокс боюнча чемпионатка кытайлык белгилүү актер, культурист, согуш өнөрүнүн чебери Боло Енг да келген

    Кыргызстанга 1999-жылы кикбокс боюнча чемпионатка кытайлык белгилүү актер, культурист, согуш өнөрүнүн чебери Боло Енг да келген

  • Британиялык белгилүү ырчы Крейг Дэвид (Craig David) 2013-жылы Бишкекте концерт койгон
    © Sputnik / Валерий Левитин

    Британиялык белгилүү ырчы Крейг Дэвид (Craig David) 2013-жылы Бишкекте концерт койгон

  • Атактуу америкалык рэппер, музыкалык “Грэмми” сыйлыгынын төрт жолку ээси Нелли да  2013-жылы борбор калаада концерт коюп кеткен
    © AP Photo / Seivan M. Salim

    Атактуу америкалык рэппер, музыкалык “Грэмми” сыйлыгынын төрт жолку ээси Нелли да 2013-жылы борбор калаада концерт коюп кеткен

  • КРге 2013-жылы америкалык математик, экономика боюнча Нобель сыйлыгынын лауреаты Джон Нэш да келген
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

    КРге 2013-жылы америкалык математик, экономика боюнча Нобель сыйлыгынын лауреаты Джон Нэш да келген

  • Белгилүү актёр Ричард Тайсон кыргыздын кичинекей балдары менен. Америкалык актёр өлкөгө Чыңгыз хан тасмасына тартылуу үчүн келген
    © Sputnik / Александр Федоров

    Белгилүү актёр Ричард Тайсон кыргыздын кичинекей балдары менен. Америкалык актёр өлкөгө "Чыңгыз хан" тасмасына тартылуу үчүн келген

  • Франциялык атактуу Ottawan музыкалык тобу 2016-жылы II Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун жабылуу аземине келип чыгармаларын аткарган. Ага чейин 2015-жылы КРдин эгемендүүлүк майрамына да келип ырдап кеткен
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Франциялык атактуу Ottawan музыкалык тобу 2016-жылы II Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун жабылуу аземине келип чыгармаларын аткарган. Ага чейин 2015-жылы КРдин эгемендүүлүк майрамына да келип ырдап кеткен

  • Легендарлуу Санта-Барбара сериалындагы Мейсон Кепвеллдин ролун аткарган белгилүү актёр Лэйн Девис Бишкектин көчөлөрүндө
    © Sputnik / Таалай Ороскулов

    Легендарлуу "Санта-Барбара" сериалындагы Мейсон Кепвеллдин ролун аткарган белгилүү актёр Лэйн Девис Бишкектин көчөлөрүндө

  • Кикбоксинг боюнча өткөн мелдешке белгилүү актриса, спортчу Синтия Ротрок да мейман катары чакырылган
    © AFP 2021 / DAVID LIVINGSTON

    Кикбоксинг боюнча өткөн мелдешке белгилүү актриса, спортчу Синтия Ротрок да мейман катары чакырылган

  • КРдин эл артисти Жамиля Сыдыкбаева менен Оскар сыйлыгынын лауреаты, америкалык актриса Патриция Нил, 1992-жыл, Чүй облусу
    © Sputnik / Александр Федоров

    КРдин эл артисти Жамиля Сыдыкбаева менен "Оскар" сыйлыгынын лауреаты, америкалык актриса Патриция Нил, 1992-жыл, Чүй облусу

  • Италиялык таланттуу ырчы Риккардо Фольи да биздин өлкөгө келип кеткен
    © Sputnik / Александр Федоров

    Италиялык таланттуу ырчы Риккардо Фольи да биздин өлкөгө келип кеткен

  • Англиялык режиссёр Кен Эннакин менен Төлөмүш Океев тарткан Чыңгыз хан тасмасында Оскар сыйлыгынын лауреаты Чарлтон Хестон да роль жараткан
    © Sputnik / Александр Федоров

    Англиялык режиссёр Кен Эннакин менен Төлөмүш Океев тарткан "Чыңгыз хан" тасмасында Оскар сыйлыгынын лауреаты Чарлтон Хестон да роль жараткан

  • Атактуу актриса Жулия Никсон 1990-жылдардын башында Кыргызстанда мейман болуп тасмага түшкөн
    © Sputnik / Александр Федоров

    Атактуу актриса Жулия Никсон 1990-жылдардын башында Кыргызстанда мейман болуп тасмага түшкөн

  • Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Кофи Аннан Кыргызстандын тунгуч президенти Аскар Акаев менен Бишкектеги жолугушууда
    © Sputnik / Александр Федоров

    Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Кофи Аннан Кыргызстандын тунгуч президенти Аскар Акаев менен Бишкектеги жолугушууда

  • Европалык актриса Наташа Ренье. Ал Кыргызстанда Аталар керээзи тасмасында роль аткарган. Актриса кыргыз жигитти сүйүп калып, элетке келип жашаган чет элдик келиндин образын жараткан
    © Sputnik / Александр Федоров

    Европалык актриса Наташа Ренье. Ал Кыргызстанда "Аталар керээзи" тасмасында роль аткарган. Актриса кыргыз жигитти сүйүп калып, элетке келип жашаган чет элдик келиндин образын жараткан

  • Кикбоксинг боюнча дүйнөгө белгилүү спортчу, Голливуд жылдызы Дон Уилсон. Ал кесиптештери Синтия Ротрок, Боло Янг менен Бишкекте өткөн кикбоксинг боюнча мелдеште сыйлуу конок болгон жайы бар
    © Фото / Атыф Ала

    Кикбоксинг боюнча дүйнөгө белгилүү спортчу, Голливуд жылдызы Дон Уилсон. Ал кесиптештери Синтия Ротрок, Боло Янг менен Бишкекте өткөн кикбоксинг боюнча мелдеште сыйлуу конок болгон жайы бар

  • УЕФАнын экс-президенти Мишель Платини 2012-жылы Кыргызстанга келип, кыргыз футболчулардын беттешине күбө болгон
    © Sputnik / Алексей Даничев

    УЕФАнын экс-президенти Мишель Платини 2012-жылы Кыргызстанга келип, кыргыз футболчулардын беттешине күбө болгон

  • Ал эми Эл аралык футбол федерациясынын экс-президенти Йозеф Блаттер 2014-жылы Бишкекке келип кеткен.
    © Sputnik / Алексей Даничев

    Ал эми Эл аралык футбол федерациясынын экс-президенти Йозеф Блаттер 2014-жылы Бишкекке келип кеткен.

  • 1995-жылы “Манас” эпосунун 1000 жылдыгына ЮНЕСКОнун генералдык директору Федерико Майор атайын келген
    © Sputnik / Марина Юрченко

    1995-жылы “Манас” эпосунун 1000 жылдыгына ЮНЕСКОнун генералдык директору Федерико Майор атайын келген

Белгилер:
Кыргызстан, кино, чыгармачылык, атактуу, сүрөт
Тема боюнча
Жылаңач сулуу, талкаланган тагдырлар. "Аномалия" фильминдеги ирмемдер
Апта ирмеми: учарда жарылган ракетадан мал кайтарган иттердин таймашына чейин

Быйылкы мода: этникалык мотив, алтын түс. Италиядагы мода жумалыгынан ирмемдер

74
  • Австралиялык-судандык модель Адут Акеч жарым жылаңач болгон, үстүнө сала коймо кийимди көрсөтүп жатат
  • Көпөлөктөй учкан модель. Италиялык Fendi мода үйүнүн жазгы-жайкы коллекциясы
  • Этникалык мотивде кийинип чыккан сулуу. Милан мода жумалыгындагы дагы бир костюм.
  • Модага сөз жок. Мехтен жасалган жазгы шуба, моделдин бутунда болсо жайкы босоножка...
  • Алтын түстү жакшы көргөндөргө жагымдуу жаңылык. Fendi стилдүү, төгүлүп турган кийимди сунуштады.
  • Агыш кездемеге салынган оймо-чийме жалгыз өзү турса кийимге көрк берет
  • Бул кийимди модага кызыккандардын азганактай гана бөлүгү кийбесе... Мини шуба.
  • Британиялык модельер Ким Жонс аялдар көп жерге кийип барганга жараган ыңгайлуу, көп кырдуу костюмдарга муктаж деп эсептейт. Ал коллекцияларында да ушул принципти карманат.
  • Жарашыктуу кийим. Модельерлер санга чейин жеткен узун өтүктөр кыска көйнөктөр менен жакшы айкалыша тургандыгын көрсөтүп берген.
  • Жеңил жана маанайды көтөргөн түстөр. Италиялык мода үйүнүн жазгы-жайкы коллекцияларынын бири.
  • Fendi сунуштаган жаңы коллекцияда 70-жылдардагы белгилүү иллюстраторлордун бири Антонио Лопестин мотивиндеги кооздуктар да бар
  • Fendi алып чыккан бул сапаркы коллекцияларына 80-жылдардагы моданы эске салган жасалма мехтен тигилген шубалар көп кирген
Миланда 21-сентябрдан бери Мода жумалыгы өтүүдө. Бул "Чоң төрттүктүн" үчүнчү фешн-аптасы. Адатта андагы коллекция көзгө дароо урунуп, көптөрдү кайдыгер калтырбайт.

Пандемия бул тармакка да өзүнүн таасирин тийгизип, кээ бир күндөрдө мода жумалыгы онлайн өттү. Шоу бүгүнкүгө чейин уланат.

Мода майрамын Fendi мода үйү ачып, маанай көтөргөн жазгы-жайкы коллекцияларын тартуулады.

Бул сапар подиумга ырчы Дуа Липа чыгып, тушоосун кести. Себеби ал аталган мода үйүнүн күзгү-кышкы компанияларынын жүзү болгон эле. Андан сырткары, подиумдун көркүн Ирина Шейк, Наоми Кэмпбелл, Жиджи Хадид, Эмили Ратаковски, Мадоннанын кызы Лурдес Леон, Имаан Хаммам жана башка белгилүү моделдер ачты.

Миландагы Мода жумалыгы кандай өтүп жаткандыгын Sputnik сунуштаган сүрөт түрмөктөн көрүңүз.

 

74
  • Австралиялык-судандык модель Адут Акеч жарым жылаңач болгон, үстүнө сала коймо кийимди көрсөтүп жатат
    © AFP 2021 / Tiziana Fabi

    Австралиялык-судандык модель Адут Акеч жарым жылаңач болгон, үстүнө сала коймо кийимди көрсөтүп жатат

  • Көпөлөктөй учкан модель. Италиялык Fendi мода үйүнүн жазгы-жайкы коллекциясы
    © AP Photo / Antonio Calanni

    Көпөлөктөй учкан модель. Италиялык Fendi мода үйүнүн жазгы-жайкы коллекциясы

  • Этникалык мотивде кийинип чыккан сулуу. Милан мода жумалыгындагы дагы бир костюм.
    © REUTERS / Alessandro Garofalo

    Этникалык мотивде кийинип чыккан сулуу. Милан мода жумалыгындагы дагы бир костюм.

  • Модага сөз жок. Мехтен жасалган жазгы шуба, моделдин бутунда болсо жайкы босоножка...
    © REUTERS / Alessandro Garofalo

    Модага сөз жок. Мехтен жасалган жазгы шуба, моделдин бутунда болсо жайкы босоножка...

  • Алтын түстү жакшы көргөндөргө жагымдуу жаңылык. Fendi стилдүү, төгүлүп турган кийимди сунуштады.
    © AP Photo / Antonio Calanni

    Алтын түстү жакшы көргөндөргө жагымдуу жаңылык. Fendi стилдүү, төгүлүп турган кийимди сунуштады.

  • Агыш кездемеге салынган оймо-чийме жалгыз өзү турса кийимге көрк берет
    © AFP 2021 / Tiziana Fabi

    Агыш кездемеге салынган оймо-чийме жалгыз өзү турса кийимге көрк берет

  • Бул кийимди модага кызыккандардын азганактай гана бөлүгү кийбесе... Мини шуба.
    © AFP 2021 / Tiziana Fabi

    Бул кийимди модага кызыккандардын азганактай гана бөлүгү кийбесе... "Мини" шуба.

  • Британиялык модельер Ким Жонс аялдар көп жерге кийип барганга жараган ыңгайлуу, көп кырдуу костюмдарга муктаж деп эсептейт. Ал коллекцияларында да ушул принципти карманат.
    © AP Photo / Antonio Calanni

    Британиялык модельер Ким Жонс аялдар көп жерге кийип барганга жараган ыңгайлуу, көп кырдуу костюмдарга муктаж деп эсептейт. Ал коллекцияларында да ушул принципти карманат.

  • Жарашыктуу кийим. Модельерлер санга чейин жеткен узун өтүктөр кыска көйнөктөр менен жакшы айкалыша тургандыгын көрсөтүп берген.
    © AFP 2021 / Tiziana Fabi

    Жарашыктуу кийим. Модельерлер санга чейин жеткен узун өтүктөр кыска көйнөктөр менен жакшы айкалыша тургандыгын көрсөтүп берген.

  • Жеңил жана маанайды көтөргөн түстөр. Италиялык мода үйүнүн жазгы-жайкы коллекцияларынын бири.
    © AP Photo / Antonio Calanni

    Жеңил жана маанайды көтөргөн түстөр. Италиялык мода үйүнүн жазгы-жайкы коллекцияларынын бири.

  • Fendi сунуштаган жаңы коллекцияда 70-жылдардагы белгилүү иллюстраторлордун бири Антонио Лопестин мотивиндеги кооздуктар да бар
    © REUTERS / Alessandro Garofalo

    Fendi сунуштаган жаңы коллекцияда 70-жылдардагы белгилүү иллюстраторлордун бири Антонио Лопестин мотивиндеги кооздуктар да бар

  • Fendi алып чыккан бул сапаркы коллекцияларына 80-жылдардагы моданы эске салган жасалма мехтен тигилген шубалар көп кирген
    © AP Photo / Antonio Calanni

    Fendi алып чыккан бул сапаркы коллекцияларына 80-жылдардагы моданы эске салган жасалма мехтен тигилген шубалар көп кирген

Белгилер:
Италия, Милан, мода, сүрөт
Тема боюнча
Толук кыз-келиндердин ажарын ачкан купальниктер. Мода жумалыгынан 12 сүрөт
Туман арасынан суурулган сулуулар. Көлдөгү көчмөндөр модасынан 12 ирмем

Бишкектин чок ортосуна көчмөндөр айылы курулду. Этнофестивалдан ирмемдер

477
  • Ак элечек оронгон апалар фестивалдын көркү
  • Ийик ийрип, шырдак шырып, ошол эле учурда музыкалык аспаптарда ойноп, ырдап жаткан апалар
  • Өзбекстандан келген конок өнөрүн тартуулап жатат
  • Көчмөндөрдүн жоокерлери боз үйдүн босогосунда курал-жарагын камдоодо
  • Фестивалдын алкагында улуттук оюндар дагы уюштурулган. Бул сүрөттөгү жигит ордо атып жатканда кадрга түшкөн
  • Улуттук филармониянын алдына Кыргыз көчү этнографиялык аймагы түзүлүп, бир нече боз үй тигилген
  • Бул жактан улуттук кийимдер жана түрдүү сувенир, аксессуарларды сатып алсаңыз болот
  • Унутта калып бара жаткан кол өнөрчүлүктү жаш муунга жеткирип, актуалдуулугун жандантуу да маанилүү. Таар согууга кызыксаңыз ушул жерден үйрөнүү мүмкүнчүлүгү бар.
  • Фестивалдын максаты — дүйнө элдеринин эпикалык мурастарын элге жеткирүү, адамзаттын маданий баалуулуктарын сактоо жана жайылтуу, эл аралык маданий кызматташтыкты бекемдөө
  • Иш-чарага 20дан ашык өлкөнүн өнөр адамдары келип талантын тартуулоодо
  • Бүгүн Мыкты боз үй, Мыкты семетейчи жана Саркеч көчмөн сынактары уюштурулду
Борбор калаада Дүйнө элинин эпосторунун VI Эл аралык фестивалы өтүп жатат. Ага 20дан ашык өлкөнүн өнөр адамдары келип талантын тартуулоодо. Sputnik Кыргызстандын фотографы этнофестивалдын жүрүшүн сүрөткө тартып келди.

Фестивалдын алкагында Улуттук филармониянын алдына "Кыргыз көчү" этнографиялык аймагы түзүлүп, "Мыкты боз үй", "Мыкты семетейчи" жана "Саркеч көчмөн" сынактары уюштурулду. Ошондой эле эпос таануучулар жана окумуштуулар арасында эл аралык илимий-практикалык симпозиум, тегерек столдор өтөт.

Үстүбүздөгү жылдын 26-27-сентябрында Ош шаарынын борбордук аянты туризм индустриясына жаңы эшигин ачат.
© Видео / Facebook/ Мэрия города Ош - официальная страница
Аталган маданий иш-чара Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына жана улуу акын Тоголок Молдонун 160 жылдыгына арналат. Аны Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги "Манас" жана Чыңгыз Айтматов Улуттук академиясы, "Арт Араба" коомдук фонду менен биргеликте уюштурууда.

Максаты — дүйнө элдеринин эпикалык мурастарын элге жеткирүү, адамзаттын маданий баалуулуктарын сактоо жана жайылтуу, эл аралык маданий кызматташтыкты бекемдөө. Ошондой эле президенттин "Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө" жарлыгын ишке ашыруу экени айтылды.

477
  • Ак элечек оронгон апалар фестивалдын көркү
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Ак элечек оронгон апалар фестивалдын көркү

  • Ийик ийрип, шырдак шырып, ошол эле учурда музыкалык аспаптарда ойноп, ырдап жаткан апалар
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Ийик ийрип, шырдак шырып, ошол эле учурда музыкалык аспаптарда ойноп, ырдап жаткан апалар

  • Өзбекстандан келген конок өнөрүн тартуулап жатат
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Өзбекстандан келген конок өнөрүн тартуулап жатат

  • Көчмөндөрдүн жоокерлери боз үйдүн босогосунда курал-жарагын камдоодо
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Көчмөндөрдүн жоокерлери боз үйдүн босогосунда курал-жарагын камдоодо

  • Фестивалдын алкагында улуттук оюндар дагы уюштурулган. Бул сүрөттөгү жигит ордо атып жатканда кадрга түшкөн
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Фестивалдын алкагында улуттук оюндар дагы уюштурулган. Бул сүрөттөгү жигит ордо атып жатканда кадрга түшкөн

  • Улуттук филармониянын алдына Кыргыз көчү этнографиялык аймагы түзүлүп, бир нече боз үй тигилген
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Улуттук филармониянын алдына "Кыргыз көчү" этнографиялык аймагы түзүлүп, бир нече боз үй тигилген

  • Бул жактан улуттук кийимдер жана түрдүү сувенир, аксессуарларды сатып алсаңыз болот
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Бул жактан улуттук кийимдер жана түрдүү сувенир, аксессуарларды сатып алсаңыз болот

  • Унутта калып бара жаткан кол өнөрчүлүктү жаш муунга жеткирип, актуалдуулугун жандантуу да маанилүү. Таар согууга кызыксаңыз ушул жерден үйрөнүү мүмкүнчүлүгү бар.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Унутта калып бара жаткан кол өнөрчүлүктү жаш муунга жеткирип, актуалдуулугун жандантуу да маанилүү. Таар согууга кызыксаңыз ушул жерден үйрөнүү мүмкүнчүлүгү бар.

  • Фестивалдын максаты — дүйнө элдеринин эпикалык мурастарын элге жеткирүү, адамзаттын маданий баалуулуктарын сактоо жана жайылтуу, эл аралык маданий кызматташтыкты бекемдөө
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Фестивалдын максаты — дүйнө элдеринин эпикалык мурастарын элге жеткирүү, адамзаттын маданий баалуулуктарын сактоо жана жайылтуу, эл аралык маданий кызматташтыкты бекемдөө

  • Иш-чарага 20дан ашык өлкөнүн өнөр адамдары келип талантын тартуулоодо
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Иш-чарага 20дан ашык өлкөнүн өнөр адамдары келип талантын тартуулоодо

  • Бүгүн Мыкты боз үй, Мыкты семетейчи жана Саркеч көчмөн сынактары уюштурулду
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Бүгүн "Мыкты боз үй", "Мыкты семетейчи" жана "Саркеч көчмөн" сынактары уюштурулду

Белгилер:
эпос, фестиваль, маданият, сынак, сүрөт
Тема боюнча
Жаргылчак тартып, ээр чаап... Көчмөн кыргыздын жай турмушун эске салган 13 сүрөт
Кыргызстандык жөө күлүк Гүлшаной Сатарова Astana Marathon 2021 Нур-Султан шаарында

Кыргызстандык кыз казакстандык жөө күлүктөрдү артка таштап, алтын алып келди

0
(жаңыланган 22:00 27.09.2021)
Кыргызстандан эки спортчу — Гүлшаной Сатарова жана Илья Тяпкин барган. Алар алтын жана коло медаль менен кайтышты.

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Кыргызстандык жөө күлүк Гүлшаной Сатарова Нур-Султан калаасында өткөн Astana Marathon 2021 иш-чарасында алтын медаль утуп алды. Бул тууралуу аталган борбор калаанын акимчилигинин сайтында кабарланган.

Сатаров аялдар арасында 42,2 чакырымды 2 саат 35 мүнөттө чуркап өткөн. Атаандашы андан 21 мүнөт артта калган.

Эске сала кетсек, Сатарова быйыл июнда Алматыдагы жарым марафондо да жеңүүчү болгон эле.

Жарышка катышкандагы бир кыргызстандык спортчу Илья Тяпкин эркектер арасында 02:24:23 убакытта келип, коло медалга ээ болду.

  • Участники марафона Astana Marathon 2021 в Нур-Султане. 26 сентября 2021 года
    Акимчилик баш-аягы Казакстандын 45 шаарынан үч миңге жакын киши чуркагандыгын билдирди
    © Фото / пресс-служба акимата города Нур-Султан
  • Участники марафона Astana Marathon 2021 в Нур-Султане. 26 сентября 2021 года
    Марафон Казакстандын 30 жылдык эгемендүүлүгүнө арналган
    © Фото / пресс-служба акимата города Нур-Султан
1 / 2
© Фото / пресс-служба акимата города Нур-Султан
Акимчилик баш-аягы Казакстандын 45 шаарынан үч миңге жакын киши чуркагандыгын билдирди

Акимчилик баш-аягы Казакстандын 45 шаарынан үч миңге жакын киши чуркагандыгын билдирди. Марафон Казакстандын 30 жылдык эгемендүүлүгүнө арналган.

Финишке жеткен ар бир марафончуга эстелик медаль тапшырылып, ал эми чогултулган 37 миллион теңге кайрымдуулукка жумшалары айтылды.

0
Белгилер:
Казакстан, Кыргызстан, Илья Тяпкин, жөө күлүк, марафон, медаль, Гүлшаной Сатарова
Тема боюнча
Бишкекте мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар катышкан жарым марафон аяктады. Сүрөт
Ошто COVID баштаган ооруларды алдын алууга арналган марафон өттү. Сүрөттөр