Арыктаган Ким Чен Ын, бактылуу Жей Ло жана мечиттеги автомат. Апта ирмеми

604
  • Гвинеядагы аскердик көтөрүлүшчүлөрдүн лидери, полковник Мамади Думбуянын Конакридеги Элдик сарайга келген учуру. ЖМКлар 5-сентябрда мамлекеттик төңкөрүш болгонун жазган. Думбуя өкмөттүн тараганын жар салып, өлкөнүн азыркы Баш мыйзамы жокко чыгарылгандыгын жана чек аралар жабылгандыгын айткан
  • Кабулдагы менчик университеттин студенттери сабак учурунда. Талибдер жаңы окуу жылынын алдында университет, колледждердеги кыз-келиндерди сабак учурунда никаб кийгенге милдеттендирди. Билим берүү кыздарга өзүнчө, балдарга өзүнчө өтөрүн айтышкан. Эгерде алар бир жайда окуй турган болсо, кыз-келиндер отурчу жакты кездеме менен тосуп коюу керек дешкен
  • Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы спорт сарайда Кыргызстан — Бангладеш футболчулары беттешкен учурда жигит кыздын колун сурады. Чыгыш тараптагы трибунада, тагыраагы, кыздын маңдай жагында, Жибек! Мага турмушка чыгасыңбы? деген жазуусу бир нече метрлик баннерди күйөрмандар көтөрүп турушту. Селки мындай сунушка макулмун деген жообун берген
  • Франциянын республикалык гвардиясынын оркестри Жан-Поль Бельмондонун элесине арналган Париждеги иш-чарада. Француздардын атактуу актёру Жан-Поль Бельмондо 6-сентябрда 88 жашында көз жумган
  • Актёр Бен Аффлек менен Женнифер Лопес венециялык 78-кинофестивалда көрсөтүлүп жаткан Акыркы дуэль фильминин бет ачарына келишти. Бул түгөйлөрдүн бири-бирине болгон арзуусу кайра жандангандан кийин эл алдына биринчи чыгышы
  • Батыш явалык кыздар сабактан талаа жак менен кайтып келе жатат (Индонезия)
  • Нью-Йорк шаарында 2001-жылдын 11-сентябрындагы терактынын курмандыктарынын элесине арналган Public art Tribute in Light жарык инсталляциясын күйгүзүштү. Инсталляцияны шаардыктарга күн батары менен ачып беришти. Анда 88 прожектор талкаланган эгиз мунараны элестетип, асманды көздөй кеткен эки жарыкты берип турду
  • Гренландиядагы Сермициак тоосунун үстүнөн учуп бара жаткан ар чардак
  • Пекиндеги (Кытай) мода жумалыгынан бир көрүнүш
  • Ричмонд шаарында америкалык генерал-конфедерат Роберт Линин статуясын алган учурда Black Lives Matter кыймылынын ураанын айтып турушту. Ричмондогу бул статуя конфедераттарга тургузулган эң маанилүү эстеликтердин бири
  • Валенсияда (Испания) Фальяс деп аталган салттуу фестиваль өттү. Ал адатта мартта белгиленет, бирок коронавирустан улам бул иш-чара акыркы ирет 2019-жылы уюштурулган эле.
  • Талибан (Кыргызстан, Россия жана бир катар мамлекеттерде ишмердүүлүгүнө тыюу салынган уюм) кыймылынын согушкери жана анын автоматы. Сүрөт Кабулдагы жума намаз учурунда мечиттен тартылган
  • Норвегиялык модель Фрида Аасен венециялык 78-кинофестивалда
  • Бразилия президенти Жаир Болсонарунун тарапкерлери Сан-Паулу шаарындагы митинг учурунда
  • Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын мамлекеттин түзүлгөндүгүнүн 73 жылдыгына карата салтанатта аскерлер менен учурашууда. Кореянын Борбордук телеграф агенттиги жарыялаган сүрөттө Ким Чен Ындын арыктап калганын байкоого болот
  • Ветеринарлар кериктин мүйүзүн аралаар алдында анын көзүн таңып жатат. Сүрөт Түштүк Африка Республикасындагы ири жеке корукта тартылган. Алардын мүйүзүн жаныбарларды браконьерлердин кол салуусунан сактоо үчүн алып салышат
  • Нью-Йорк шаарындагы мода жумалыгы: LaQuan Smith коллекциясын көрсөтүү учурунан бир ирмем
Sputnik Кыргызстан өткөн аптада дүйнөдө болгон эң кызыктуу окуяларды камтыган кезектеги сүрөт түрмөгүн сунуш кылат.

Гвинеяда аскердик көтөрүлүш болду. Козголоңчулар башчысы полковник Мамади Думбуя өкмөттүн тараганын жар салып, өлкөнүн азыркы Баш мыйзамы жокко чыгарылгандыгын жана чек аралар жабылгандыгын айткан.

Талибдер жаңы окуу жылынын алдында университет, колледждердеги кыз-келиндерди сабак учурунда никаб кийгенге милдеттендирди. Билим кыздарга өзүнчө, балдарга өзүнчө берилерин айтышкан. Алар бир жайда окуй турган болсо, кыз-келиндер отурчу жакты кездеме менен тосуп коюу керек дешкен.

Парижде Франциянын республикалык гвардиясынын оркестри француздардын атактуу актёру Жан-Поль Бельмондонун элесине арналган иш-чара өттү. Бельмондо 6-сентябрда 88 жашында көз жумган.

Нью-Йорк шаарында 2001-жылдын 11-сентябрындагы терактынын курмандыктарынын элесине арналган Public art Tribute in Light жарык инсталляциясын күйгүзүштү. Анда 88 прожектор талкаланган эгиз мунараны элестетип, асманды көздөй кеткен эки жарыкты берип турду.

Ричмонд шаарында америкалык генерал-конфедерат Роберт Линин статуясын алып салышты. Ал учурда Black Lives Matter кыймылынын ураанын айтып турушту.

Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын Пхеньян мамлекеттин түзүлгөндүгүнүн 73 жылдыгына арналган салтанатта аскерлердин алдына чыгып, анын бир топ арыктап калганы байкалды.

604
  • Гвинеядагы аскердик көтөрүлүшчүлөрдүн лидери, полковник Мамади Думбуянын Конакридеги Элдик сарайга келген учуру. ЖМКлар 5-сентябрда мамлекеттик төңкөрүш болгонун жазган. Думбуя өкмөттүн тараганын жар салып, өлкөнүн азыркы Баш мыйзамы жокко чыгарылгандыгын жана чек аралар жабылгандыгын айткан
    © AFP 2021 / CELLOU BINANI

    Гвинеядагы аскердик көтөрүлүшчүлөрдүн лидери, полковник Мамади Думбуянын Конакридеги Элдик сарайга келген учуру. ЖМКлар 5-сентябрда мамлекеттик төңкөрүш болгонун жазган. Думбуя өкмөттүн тараганын жар салып, өлкөнүн азыркы Баш мыйзамы жокко чыгарылгандыгын жана чек аралар жабылгандыгын айткан

  • Кабулдагы менчик университеттин студенттери сабак учурунда. Талибдер жаңы окуу жылынын алдында университет, колледждердеги кыз-келиндерди сабак учурунда никаб кийгенге милдеттендирди. Билим берүү кыздарга өзүнчө, балдарга өзүнчө өтөрүн айтышкан. Эгерде алар бир жайда окуй турган болсо, кыз-келиндер отурчу жакты кездеме менен тосуп коюу керек дешкен
    © AFP 2021 / AAMIR QURESHI

    Кабулдагы менчик университеттин студенттери сабак учурунда. Талибдер жаңы окуу жылынын алдында университет, колледждердеги кыз-келиндерди сабак учурунда никаб кийгенге милдеттендирди. Билим берүү кыздарга өзүнчө, балдарга өзүнчө өтөрүн айтышкан. Эгерде алар бир жайда окуй турган болсо, кыз-келиндер отурчу жакты кездеме менен тосуп коюу керек дешкен

  • Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы спорт сарайда Кыргызстан — Бангладеш футболчулары беттешкен учурда жигит кыздын колун сурады. Чыгыш тараптагы трибунада, тагыраагы, кыздын маңдай жагында, Жибек! Мага турмушка чыгасыңбы? деген жазуусу бир нече метрлик баннерди күйөрмандар көтөрүп турушту. Селки мындай сунушка макулмун деген жообун берген
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы спорт сарайда Кыргызстан — Бангладеш футболчулары беттешкен учурда жигит кыздын колун сурады. Чыгыш тараптагы трибунада, тагыраагы, кыздын маңдай жагында, "Жибек! Мага турмушка чыгасыңбы?" деген жазуусу бир нече метрлик баннерди күйөрмандар көтөрүп турушту. Селки мындай сунушка "макулмун" деген жообун берген

  • Франциянын республикалык гвардиясынын оркестри Жан-Поль Бельмондонун элесине арналган Париждеги иш-чарада. Француздардын атактуу актёру Жан-Поль Бельмондо 6-сентябрда 88 жашында көз жумган
    © AFP 2021 / IAN LANGSDON

    Франциянын республикалык гвардиясынын оркестри Жан-Поль Бельмондонун элесине арналган Париждеги иш-чарада. Француздардын атактуу актёру Жан-Поль Бельмондо 6-сентябрда 88 жашында көз жумган

  • Актёр Бен Аффлек менен Женнифер Лопес венециялык 78-кинофестивалда көрсөтүлүп жаткан Акыркы дуэль фильминин бет ачарына келишти. Бул түгөйлөрдүн бири-бирине болгон арзуусу кайра жандангандан кийин эл алдына биринчи чыгышы
    © REUTERS / YARA NARDI

    Актёр Бен Аффлек менен Женнифер Лопес венециялык 78-кинофестивалда көрсөтүлүп жаткан "Акыркы дуэль" фильминин бет ачарына келишти. Бул түгөйлөрдүн бири-бирине болгон арзуусу кайра жандангандан кийин эл алдына биринчи чыгышы

  • Батыш явалык кыздар сабактан талаа жак менен кайтып келе жатат (Индонезия)
    © REUTERS / ANTARA FOTO

    Батыш явалык кыздар сабактан талаа жак менен кайтып келе жатат (Индонезия)

  • © Sputnik / Константин Михальчевский

    Ысык-Көлдө 2021-жылдын 7-9-август күндөрү ЖККУ күчтөрүнүн "Рубеж-2021" аталышындагы аскердик машыгуусу өттү. Акыркы этап "Эдельвейс" полигонунда болду. Машыгуу учурунда аскер зениттик "Стрела" ракетасынан атып жатат. Катышуучулар террорчулукка каршы биргелешкен операция өткөрүү боюнча да машыкты. Алар ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн аймагына кирип келген мыйзамсыз түзүлгөн куралдуу топту "жок кылды"

  • Нью-Йорк шаарында 2001-жылдын 11-сентябрындагы терактынын курмандыктарынын элесине арналган Public art Tribute in Light жарык инсталляциясын күйгүзүштү. Инсталляцияны шаардыктарга күн батары менен ачып беришти. Анда 88 прожектор талкаланган эгиз мунараны элестетип, асманды көздөй кеткен эки жарыкты берип турду
    © REUTERS / BRENDAN MCDERMID

    Нью-Йорк шаарында 2001-жылдын 11-сентябрындагы терактынын курмандыктарынын элесине арналган Public art Tribute in Light жарык инсталляциясын күйгүзүштү. Инсталляцияны шаардыктарга күн батары менен ачып беришти. Анда 88 прожектор талкаланган эгиз мунараны элестетип, асманды көздөй кеткен эки жарыкты берип турду

  • Гренландиядагы Сермициак тоосунун үстүнөн учуп бара жаткан ар чардак
    © REUTERS / HANNIBAL HANSCHKE

    Гренландиядагы Сермициак тоосунун үстүнөн учуп бара жаткан ар чардак

  • Пекиндеги (Кытай) мода жумалыгынан бир көрүнүш
    © AP Photo / Ng Han Guan

    Пекиндеги (Кытай) мода жумалыгынан бир көрүнүш

  • Ричмонд шаарында америкалык генерал-конфедерат Роберт Линин статуясын алган учурда Black Lives Matter кыймылынын ураанын айтып турушту. Ричмондогу бул статуя конфедераттарга тургузулган эң маанилүү эстеликтердин бири
    © AP Photo / Steve Helber

    Ричмонд шаарында америкалык генерал-конфедерат Роберт Линин статуясын алган учурда Black Lives Matter кыймылынын ураанын айтып турушту. Ричмондогу бул статуя конфедераттарга тургузулган эң маанилүү эстеликтердин бири

  • Валенсияда (Испания) Фальяс деп аталган салттуу фестиваль өттү. Ал адатта мартта белгиленет, бирок коронавирустан улам бул иш-чара акыркы ирет 2019-жылы уюштурулган эле.
    © AP Photo / Alberto Saiz

    Валенсияда (Испания) Фальяс деп аталган салттуу фестиваль өттү. Ал адатта мартта белгиленет, бирок коронавирустан улам бул иш-чара акыркы ирет 2019-жылы уюштурулган эле.

  • Талибан (Кыргызстан, Россия жана бир катар мамлекеттерде ишмердүүлүгүнө тыюу салынган уюм) кыймылынын согушкери жана анын автоматы. Сүрөт Кабулдагы жума намаз учурунда мечиттен тартылган
    © AP Photo / Felipe Dana

    "Талибан" (Кыргызстан, Россия жана бир катар мамлекеттерде ишмердүүлүгүнө тыюу салынган уюм) кыймылынын согушкери жана анын автоматы. Сүрөт Кабулдагы жума намаз учурунда мечиттен тартылган

  • Норвегиялык модель Фрида Аасен венециялык 78-кинофестивалда
    © AP Photo / Joel C Ryan

    Норвегиялык модель Фрида Аасен венециялык 78-кинофестивалда

  • Бразилия президенти Жаир Болсонарунун тарапкерлери Сан-Паулу шаарындагы митинг учурунда
    © AP Photo / Andre Penner

    Бразилия президенти Жаир Болсонарунун тарапкерлери Сан-Паулу шаарындагы митинг учурунда

  • Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын мамлекеттин түзүлгөндүгүнүн 73 жылдыгына карата салтанатта аскерлер менен учурашууда. Кореянын Борбордук телеграф агенттиги жарыялаган сүрөттө Ким Чен Ындын арыктап калганын байкоого болот
    © REUTERS / KCNA

    Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын мамлекеттин түзүлгөндүгүнүн 73 жылдыгына карата салтанатта аскерлер менен учурашууда. Кореянын Борбордук телеграф агенттиги жарыялаган сүрөттө Ким Чен Ындын арыктап калганын байкоого болот

  • Ветеринарлар кериктин мүйүзүн аралаар алдында анын көзүн таңып жатат. Сүрөт Түштүк Африка Республикасындагы ири жеке корукта тартылган. Алардын мүйүзүн жаныбарларды браконьерлердин кол салуусунан сактоо үчүн алып салышат
    © REUTERS / SIPHIWE SIBEKO

    Ветеринарлар кериктин мүйүзүн аралаар алдында анын көзүн таңып жатат. Сүрөт Түштүк Африка Республикасындагы ири жеке корукта тартылган. Алардын мүйүзүн жаныбарларды браконьерлердин кол салуусунан сактоо үчүн алып салышат

  • Нью-Йорк шаарындагы мода жумалыгы: LaQuan Smith коллекциясын көрсөтүү учурунан бир ирмем
    © AP Photo / Charles Sykes

    Нью-Йорк шаарындагы мода жумалыгы: LaQuan Smith коллекциясын көрсөтүү учурунан бир ирмем

Белгилер:
Түндүк Корея, Ким Чен Ын, Жан-Поль Бельмондо, Гвинея, Нью-Йорк, теракт, апта ирмеми
Тема боюнча
Президенттин деми, жаштардын сүйүүсү. Кыргызстан-Бангладеш футболдук мелдешинен сүрөттөр

Балет дүйнөсүнө 11 жашында аралашкан. Кайталангыс Айсулуу Токомбаева

135
  • Айсулуу Токомбаева Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрында 1966-1995-жылдар аралыгында эмгектенген
  • Кыргыз ССРинин эл артисттери Айсулуу Токомбаева менен Чолпонбек Базарбаевдин Саманчынын жолу балетинде бийлеп жаткан учуру
  • Композитор Калый Молдобасановдун Саманчынын жолу балети. Биринчи катарда Айсулуу Токомбаева Толгонайдын образында.
  • Кинорежиссёр Дооронбек Садырбаев менен балерина Айсулуу Токомбаева, Фрунзе шаары, 1977-жыл.
  • Кыргыз балетинин чолпон жылдызы 34 жашында СССРдин эл артисти жогорку наамын алган
  • Балерина чыгармачылыгында 20дан ашык партияда бийлеген. Сүрөттө композитор Арам Хачатуряндын Спартак балети.
  • СССРдин эл артисттери, кыргыз балетинин көрүнүктүү өкүлү, балетмейстер Чолпонбек Базарбаев менен балерина Айсулуу Токомбаева жана казакстандык актёр Досхан Жолжаксынов
  • Балерина Польша, Болгария, Ливия, Финляндия, Тунис, Швеция, Италия, Югославия, Венгрия, Дания, Швейцарияга чейин барган
  • Жаш таланттар. Балетмейстер Уран Сарбагышев жана Айсулуу Токомбаева репетиция маалында.
  • Кыргыз балетинин жылдыздары: Айсулуу Токомбаева, Надежда Базарбаева, Инга Левченко, Кеңеш Алиев, Роберт Уразгельдеев
  • Баядерка балети. Уран Сарбагышев менен Айсулуу Токомбаева.
  • Айсулуу Токомбаева бир нече жылдан бери Анкара мамлекеттик консерваториясында жаштарга сабак берип келет
Бүгүн СССРдин эл артисти, таланттуу балерина Айсулуу Токомбаеванын туулган күнү. Sputnik Кыргызстан агенттиги кыргыз балетинин 74 жашка толгон чолпон жылдызынын сүрөттөгү ирмемдерин сунуштайт.

Айсулуу Токомбаева 1947-жылы 22-сентябрда Фрунзе шаарында жарык дүйнөгө келген. Атасы Асанбек Токомбаев узак жылдар бою Мамлекеттик телерадио комитетинде эмгектенсе, апасы Мунжия Эркинбаева опера ырчысы болгон. Болочоктогу талант 11 жашында балет дүйнөсүнө аттанып, Ленинграддагы Ваганова атындагы мамлекеттик академиялык хореографиялык окуу жайына өтөт. Ошентип жаш балерина 1966-жылы Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрына жумушка алынып, ал жерде 30 жылдай иштейт.

КРдин эл артисти бул убакыт аралыгында дүйнөлүк классикалык жана кыргыз балеттеринин башкы партияларында бийлеген. Алсак, Петр Чайковскийдин "Ак куу көлү", "Уйкудагы сулуу", Адольф Адандын "Жизель", Людвиг Минкустун "Дон-Кихот", Михаил Раухвергердин "Чолпон", Владимир Власовдун "Асел", Калый Молдобасановдун "Саманчынын жолу", "Маңкурттар баяны", Улукбек Мусаевдин "Томирис", Кирилл Молчановдун "Макбет" жана башка балеттерде башкы партияларды жогорку чеберчиликте аткарып, сахнага СССРдин эл артисти Чолпонбек Базарбаев менен көп чыккан.

Чыңгыз Айтматов атындагы эл аралык сыйлыктын лауреаты 1995-жылы Түркияга кетип, Анкара мамлекеттик консерваториясына хореография боюнча окутуучу болуп кирет. Тажрыйбалуу устат 25 жылдан бери чет өлкөдө жаштарды тарбиялоодо.

 

135
  • Айсулуу Токомбаева Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрында 1966-1995-жылдар аралыгында эмгектенген
    © Sputnik / Александр Федоров

    Айсулуу Токомбаева Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрында 1966-1995-жылдар аралыгында эмгектенген

  • Кыргыз ССРинин эл артисттери Айсулуу Токомбаева менен Чолпонбек Базарбаевдин Саманчынын жолу балетинде бийлеп жаткан учуру
    © Sputnik / Мамадалиев

    Кыргыз ССРинин эл артисттери Айсулуу Токомбаева менен Чолпонбек Базарбаевдин "Саманчынын жолу" балетинде бийлеп жаткан учуру

  • Композитор Калый Молдобасановдун Саманчынын жолу балети. Биринчи катарда Айсулуу Токомбаева Толгонайдын образында.
    © Sputnik / Александр Федоров

    Композитор Калый Молдобасановдун "Саманчынын жолу" балети. Биринчи катарда Айсулуу Токомбаева Толгонайдын образында.

  • Кинорежиссёр Дооронбек Садырбаев менен балерина Айсулуу Токомбаева, Фрунзе шаары, 1977-жыл.
    © Sputnik / Александр Федоров

    Кинорежиссёр Дооронбек Садырбаев менен балерина Айсулуу Токомбаева, Фрунзе шаары, 1977-жыл.

  • Кыргыз балетинин чолпон жылдызы 34 жашында СССРдин эл артисти жогорку наамын алган
    © Sputnik / Александр Федоров

    Кыргыз балетинин чолпон жылдызы 34 жашында СССРдин эл артисти жогорку наамын алган

  • Балерина чыгармачылыгында 20дан ашык партияда бийлеген. Сүрөттө композитор Арам Хачатуряндын Спартак балети.
    © Sputnik / Александр Федоров

    Балерина чыгармачылыгында 20дан ашык партияда бийлеген. Сүрөттө композитор Арам Хачатуряндын "Спартак" балети.

  • СССРдин эл артисттери, кыргыз балетинин көрүнүктүү өкүлү, балетмейстер Чолпонбек Базарбаев менен балерина Айсулуу Токомбаева жана казакстандык актёр Досхан Жолжаксынов
    © Sputnik / Александр Федоров

    СССРдин эл артисттери, кыргыз балетинин көрүнүктүү өкүлү, балетмейстер Чолпонбек Базарбаев менен балерина Айсулуу Токомбаева жана казакстандык актёр Досхан Жолжаксынов

  • Балерина Польша, Болгария, Ливия, Финляндия, Тунис, Швеция, Италия, Югославия, Венгрия, Дания, Швейцарияга чейин барган
    © Sputnik / Александр Федоров

    Балерина Польша, Болгария, Ливия, Финляндия, Тунис, Швеция, Италия, Югославия, Венгрия, Дания, Швейцарияга чейин барган

  • Жаш таланттар. Балетмейстер Уран Сарбагышев жана Айсулуу Токомбаева репетиция маалында.
    © Sputnik / Александр Федоров

    Жаш таланттар. Балетмейстер Уран Сарбагышев жана Айсулуу Токомбаева репетиция маалында.

  • Кыргыз балетинин жылдыздары: Айсулуу Токомбаева, Надежда Базарбаева, Инга Левченко, Кеңеш Алиев, Роберт Уразгельдеев
    © Sputnik / Александр Федоров

    Кыргыз балетинин жылдыздары: Айсулуу Токомбаева, Надежда Базарбаева, Инга Левченко, Кеңеш Алиев, Роберт Уразгельдеев

  • Баядерка балети. Уран Сарбагышев менен Айсулуу Токомбаева.
    © Фото / из семейного архива Сарбагышевых

    "Баядерка" балети. Уран Сарбагышев менен Айсулуу Токомбаева.

  • Айсулуу Токомбаева бир нече жылдан бери Анкара мамлекеттик консерваториясында жаштарга сабак берип келет
    © Sputnik / Александр Федоров

    Айсулуу Токомбаева бир нече жылдан бери Анкара мамлекеттик консерваториясында жаштарга сабак берип келет

Белгилер:
Кыргызстан, балерина, Айсулуу Токомбаева, чыгармачылык, сүрөт
Тема боюнча
Элди азапка жетелеген апийим. Кара куурай Кыргызстанда кантип өстүрүлгөн? Сүрөт
Катардагы жумушчудан өкмөт башчыга чейин. Апас Жумагуловдун сүрөттөгү ирмемдери

Катардагы жумушчудан өкмөт башчыга чейин. Апас Жумагуловдун сүрөттөгү ирмемдери

334
(жаңыланган 20:48 19.09.2021)
  • Ардактуу эс алуудагы мамлекеттик ишмер 87 жашка толду
  • Москвадан билим алып келген Апас Жумагулов кендерде геолог, башкы геолог, башкы инженер болуп иштеген. Сүрөттөн оң жакта биринчи турат, 1961-жыл
  • Кочкор-Атада иштеген жаш Жумагулов кесиптештери менен, 1971-жыл
  • Болочоктогу өкмөт башчысы студент кезинде эле жайкы каникулда шахтада, экспедицияда иштеген. Сүрөттө Апас Жумагулов курсташы Гера Пудон менен
  • СССРдин президенти Михаил Горбачев, Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин төрагасы Апас Жумагулов жана залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов. Бишкек, 1991-жыл
  • Турдакун Усубалиевге жарманкенин жүрүшү боюнча маалымат берип жаткан жаш  Жумагулов, 1984-жыл
  • Кыргызстандын элчиси Жумагулов Германиянын президенти Роман Херсогго ишеним грамотасын тапшыруу учуру, 1998-жыл
  • Карапайым эл менен жолуккан өкмөт башчы. Жумагулов 1986-91-жылдары Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин төрагасы болгон
  • Илимпоздун аракети менен Пенза облусунда цемент заводу ачылган. Жумагулов анын долбоорлоонун башында турган
  • Белгилүү хирург Мамбет Мамакеевдин 90 жылдыгында. Ортодо Апас Жумагулов замандаштары менен
  • Мамлекеттик ишмер байбичеси менен төрт уул, эки кызды тарбиялап чоңойткон. Сүрөттө жубайлар уул-кыздары, неберелери менен
  • Жалпы жонунан 50 жылдан ашык түрдүү мамлекеттик кызматтарда эмгектенген
  • Лыжа тебүүнү жактырган пенсионер эс алуу маалында, 2005-жыл
Бүгүн көрүнүктүү коомдук жана мамлекеттик ишмер Апас Жумагуловдун туулган күнү. Sputnik Кыргызстан агенттиги 87 жашка толгон илимпоздун баскан жолундагы ирмемдерди сунуштайт.

Апас Жумагулов 1934-жылы 19-сентябрда Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Арашан айылында жарык дүйнөгө келген. Балалыгы согуш жылдарына туш келгендиктен атасы фронтко аттанган. Ошондо жаш жигит ооруган энесин багып, бир тууган эжеси менен колхоздогу уйларды караган.

Үй-бүлө башчысы фронттон аман-эсен кайтып келгенден кийин Фрунзедеги мектеп-интернатта окуп, өз күчү менен Москвадагы Губкин атындагы нефть жана газ мамлекеттик университетине өткөн. Бөтөн шаарда студент акчанын аздыгынан Кыргызстанга жылдап келе албай, дем алыш күндөрү сыра заводдо жүк ташып, поезд станцияда көмүр түшүрүп тыйын тапкан. Жогорку окуу жайды 1958-жылы ийгиликтүү аяктаган инженер-геолог ошол эле жерде аспирантурада окуп, лаборант, геолог, башкы геолог, башкы инженер болгонго жетишет. Кийин Кыргызстан КП БКнын биринчи катчысы Турдакун Усубалиев анын жөндөмүн байкап, 1973-жылы Борбордук комитетке бөлүм башчы кылып жумушка чакырган. Мамлекеттик ишмер андан соң Компартиянын катчысы, Ысык-Көл обкомунун биринчи катчысы, Кыргыз ССРинин Министрлер кеңешинин төрагасы, Жогорку Советтин бир нече чакырылышынын депутаты болуп, бүт кызматтык тепкичтерди басып өтөт.

Ошол эле маалда илимий изилдөөлөрүн да улантып, геология-минералогия илимдеринин доктору болгонго жетишет. Илимпоз өлкө көз карандысыз болгондон кийин Чүй облустук мамлекеттик администрациясынын башчысы, өкмөт башчысы, беш жыл Германияда, эки жыл Россияда элчи болуп иштеген. 

Байбичеси менен төрт уул, эки кызды тарбиялап өстүргөн. I даражадагы Манас орденинин ээси. Азыр үйдүн төрүнүн көркү гана болбостон, жогорку кызматтагы аткаминерлерге да акыл-насаатын айтып келет.

334
  • Ардактуу эс алуудагы мамлекеттик ишмер 87 жашка толду
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

    Ардактуу эс алуудагы мамлекеттик ишмер 87 жашка толду

  • Москвадан билим алып келген Апас Жумагулов кендерде геолог, башкы геолог, башкы инженер болуп иштеген. Сүрөттөн оң жакта биринчи турат, 1961-жыл
    © Фото / из личного архива Апаса Жумагулова

    Москвадан билим алып келген Апас Жумагулов кендерде геолог, башкы геолог, башкы инженер болуп иштеген. Сүрөттөн оң жакта биринчи турат, 1961-жыл

  • Кочкор-Атада иштеген жаш Жумагулов кесиптештери менен, 1971-жыл
    © Фото / из личного архива Апаса Жумагулова

    Кочкор-Атада иштеген жаш Жумагулов кесиптештери менен, 1971-жыл

  • Болочоктогу өкмөт башчысы студент кезинде эле жайкы каникулда шахтада, экспедицияда иштеген. Сүрөттө Апас Жумагулов курсташы Гера Пудон менен
    © Фото / из личного архива Апаса Жумагулова

    Болочоктогу өкмөт башчысы студент кезинде эле жайкы каникулда шахтада, экспедицияда иштеген. Сүрөттө Апас Жумагулов курсташы Гера Пудон менен

  • СССРдин президенти Михаил Горбачев, Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин төрагасы Апас Жумагулов жана залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов. Бишкек, 1991-жыл
    © Фото / из личного архива Апаса Жумагулова

    СССРдин президенти Михаил Горбачев, Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин төрагасы Апас Жумагулов жана залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов. Бишкек, 1991-жыл

  • Турдакун Усубалиевге жарманкенин жүрүшү боюнча маалымат берип жаткан жаш  Жумагулов, 1984-жыл
    © Фото / из личного архива Апаса Жумагулова

    Турдакун Усубалиевге жарманкенин жүрүшү боюнча маалымат берип жаткан жаш Жумагулов, 1984-жыл

  • Кыргызстандын элчиси Жумагулов Германиянын президенти Роман Херсогго ишеним грамотасын тапшыруу учуру, 1998-жыл
    © Фото / из личного архива Апаса Жумагулова

    Кыргызстандын элчиси Жумагулов Германиянын президенти Роман Херсогго ишеним грамотасын тапшыруу учуру, 1998-жыл

  • Карапайым эл менен жолуккан өкмөт башчы. Жумагулов 1986-91-жылдары Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин төрагасы болгон
    © Фото / из личного архива Апаса Жумагулова

    Карапайым эл менен жолуккан өкмөт башчы. Жумагулов 1986-91-жылдары Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин төрагасы болгон

  • Илимпоздун аракети менен Пенза облусунда цемент заводу ачылган. Жумагулов анын долбоорлоонун башында турган
    © Фото / из личного архива Апаса Жумагулова

    Илимпоздун аракети менен Пенза облусунда цемент заводу ачылган. Жумагулов анын долбоорлоонун башында турган

  • Белгилүү хирург Мамбет Мамакеевдин 90 жылдыгында. Ортодо Апас Жумагулов замандаштары менен
    © Фото / из личного архива Апаса Жумагулова

    Белгилүү хирург Мамбет Мамакеевдин 90 жылдыгында. Ортодо Апас Жумагулов замандаштары менен

  • Мамлекеттик ишмер байбичеси менен төрт уул, эки кызды тарбиялап чоңойткон. Сүрөттө жубайлар уул-кыздары, неберелери менен
    © Фото / из личного архива Апаса Жумагулова

    Мамлекеттик ишмер байбичеси менен төрт уул, эки кызды тарбиялап чоңойткон. Сүрөттө жубайлар уул-кыздары, неберелери менен

  • Жалпы жонунан 50 жылдан ашык түрдүү мамлекеттик кызматтарда эмгектенген
    © Фото / из личного архива Апаса Жумагулова

    Жалпы жонунан 50 жылдан ашык түрдүү мамлекеттик кызматтарда эмгектенген

  • Лыжа тебүүнү жактырган пенсионер эс алуу маалында, 2005-жыл
    © Фото / из личного архива Апаса Жумагулова

    Лыжа тебүүнү жактырган пенсионер эс алуу маалында, 2005-жыл

Белгилер:
Кыргызстан, коомдук ишмер, Апас Жумагулов, сүрөт, саясатчы
Тема боюнча
Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарындагы турмуш. Кыргызстандыктар сүрөттө
Элди азапка жетелеген апийим. Кара куурай Кыргызстанда кантип өстүрүлгөн? Сүрөт
Мерьем Узерли, Марк Дакаскос, Стивен Сигал... Кыргызстанга кайсы жылдыздар келген?
Тамак аш. Архив

Жүрөгү ооругандар кандай тамакка басым жасашы керек. Диетологдун кеңеши

10
Адис жүрөк-кан тамыр оорусунан жапа чеккендер биринчи иретте эмне ичип-жеп жаткандыгына көңүл бурушу абдан зарыл экенин эскерткен.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Жүрөк-кан тамыр ооруларына чалдыккандар ден соолугун аксатып албаш үчүн кандай факторлорго көңүл буруусу зарылдыгын диетолог, медицина илимдеринин доктору Михаил Гинзбург айтып берди. Дарыгердин эмнелерди эскерткендигин "Известия" басылмасы жазган.

Доктор жүрөктүн оорусу менен инсульт туура келбеген тамак-ашты жегендиктен да жараларын төмөнкүчө түшүндүргөн.

"Туура эмес тамактанганда кан тамырлардын ичине май туруп калып, ал кандын мээге жетишин жана жалпы эле организмде айланышын начарлатат. Бул — жүрөктүн оорусу менен инсультка алып келүүчү негизги факторлордун бири. Андыктан жүрөк-кан тамыр оорусу менен жапа чеккендер биринчи иретте эмне ичип-жеп жаткандыгына көңүл бурушу абдан зарыл", — деген ал.

Туура келбеген азыктар организмге түшкөндө жогорудагыдай илдети барлардын каны коюуланап кетерин кошумчалаган.

"Булар өтө эле туздуу жана өтө эле таттуу, андан сырткары, куурулган жана майлуу тамак-аштар", — деп санап берген Гинзбург.

Ал эми пайдалуу азыктардын катарына ар кыл мөмөлөрдү, деңиз балыгын, уютулуп жасалган сүт азыктарын, кесек тартылган ундун нанын, гречканы жана сулуну кошкон.

10
Белгилер:
жүрөк, кан тамыр, оору, инсульт, диетолог, кеңеш
Тема боюнча
Дарыгер ичеги рагына себепкер боло турган азыкты атады
Коронавирустан кийин чачты кантип калыбына келтирсе болот? Медиктин кеңеши
Диетолог ачкарын эмнелерди жеп-ичкенге болбой турганын айтты