Миллиондор сарпталып соңуна чыкпай калган тасма. "Чыңгыз хандагы" ирмемдер

Жазылуу
Быйыл "Кыргызфильмдин" 80 жылдыгы белгиленет. Sputnik Кыргызстан агенттиги ата мекендик тасмалардагы кызыктуу ирмемдерди сунуштоону улантат. Бул ирет ызы-чуу менен коштолуп, көрүүчүгө жетпей калган "Чыңгыз хан" фильми жөнүндө сөз болот.

Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдары ата мекендик киночулар мамлекеттен акча албай, СССРдин ыдырашы менен каржылоосуз калган. Ал убакта тасма тарткан чыгармачыл инсандардын айрымдары башка кесипти аркалоого мажбур болгон.

Архивные кадры первых лет независимого Кыргызстана - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.08.2021
Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарындагы турмуш. Кыргызстандыктар сүрөттө
1992-жылы Кыргызстанга италиялык кинокомпания Чыңгыз хан жөнүндө тасма тартуу ниетин билдирип келет. Анын сценарийин Төлөмүш Океев менен Булат Мансуров Исай Калашниковдун чыгармасынын негизинде жазып, илимий консультанты Лев Гумилев болот.

Тасманы тартууга "Кыргызфильмдин" мыкты оператору, сүрөтчүлөрү, техниктери, актёрлору болуп миңдеген адам катышкан. Жүздөгөн кол өнөрчү, усталар Чыңгыз хандын доорунда колдонулган курал-жарак, кийим-кече, оокат, ат жабдыктарын окшоштуруп жасаган. Кинокартина Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстандын аймагында тартылып, бир топ акча сарпталган.

Фильмге англиялык Кен Эннакин режиссёрлук кылып, Төлөмүш Океев көркөм жетекчиси эле. Кинофильмдин көркөм кеңешинде редактор болгон Кыргыз эл жазуучусу Мар Байжиев ал учурду мындайча эскерет:

"Төлөмүш Океев Чыңгыз хан жөнүндө эмгек жаратууну кыялданып жүргөн. Анда мен редактор болуп кичине иштеп калгам. Иштин башы жакшы башталып, ага көп киши аралашты. Кийин италиялыктар банкротко учурап, акчанын жоктугунан тасма тартуу иштери толугу менен токтогон. Негизи ага чейин эле "Чыңгыз ханды" Океев тартсам деп жүргөн, бирок италиялыктар келе калып жыйынтык болбой калган. Өзү тартса кыйратмак. Төлөмүш аны көрүүчүлөргө сунуштай албай арманда кетти", — деп эскерет драматург.

Жыйынтыгында чет элдик киночулардын былыктары билинип калып, миллиондор жумшалган тасма Римде камакка алынган. Кыргызстандык киночулар көргөзгөн кызматы үчүн акчасынын бир бөлүгүн ала албай, чет элдиктердин техникасын, реквизиттерин бербей койгон.

Аталган эмгекте италиялык актёр Ричард Тайсон, сингапурлук актриса Жулия Никсон, америкалык Родни Грант, Даниэль Грин, Чарлтон Хестон жана "Оскар" сыйлыгынын лауреаты Патриция Нил роль жараткан.

 

© Sputnik / Александр Федоров"Чыңгыз хан" тасмасына чет элдик жана кыргыз актёрлору катышкан
Чыңгыз хан тасмасына чет элдик жана кыргыз актёрлору катышкан - Sputnik Кыргызстан
1/13
"Чыңгыз хан" тасмасына чет элдик жана кыргыз актёрлору катышкан
© Sputnik / Александр ФедоровСырттан келген киночулар менен ондогон кыргызстандык оператор, сүрөтчү, техниктер иштешкен
Сырттан келген киночулар менен ондогон кыргызстандык оператор, сүрөтчү, техниктер иштешкен - Sputnik Кыргызстан
2/13
Сырттан келген киночулар менен ондогон кыргызстандык оператор, сүрөтчү, техниктер иштешкен
© Sputnik / Александр ФедоровДүйнөгө белгилүү режиссёр, актёр Ричард Тайсон кыргыздын кичинекей балдары менен
Дүйнөгө белгилүү режиссёр, актёр Ричард Тайсон кыргыздын кичинекей балдары менен - Sputnik Кыргызстан
3/13
Дүйнөгө белгилүү режиссёр, актёр Ричард Тайсон кыргыздын кичинекей балдары менен
© Sputnik / Александр ФедоровКыргыз кыздары жана актёр Токон Дайырбеков
Кыргыз кыздары жана актёр Токон Дайырбеков - Sputnik Кыргызстан
4/13
Кыргыз кыздары жана актёр Токон Дайырбеков
© Sputnik / Александр ФедоровКР эл артисти Жамиля Сыдыкбаева менен "Оскар" сыйлыгынын лауреаты, америкалык актриса Патриция Нил
КР эл артисти Жамиля Сыдыкбаева менен Оскар сыйлыгынын лауреаты, америкалык актриса Патриция Нил - Sputnik Кыргызстан
5/13
КР эл артисти Жамиля Сыдыкбаева менен "Оскар" сыйлыгынын лауреаты, америкалык актриса Патриция Нил
© Sputnik / Александр ФедоровБашкы каарман Чыңгыз хандын ролун аткарган Ричард Тайсон
Башкы каарман Чыңгыз хандын ролун аткарган Ричард Тайсон - Sputnik Кыргызстан
6/13
Башкы каарман Чыңгыз хандын ролун аткарган Ричард Тайсон
© Sputnik / Александр ФедоровТөлөмүш Океев менен монгол элинин улуттук кийимин кийип алган кыргыз актёрлору, 1992-жыл
Төлөмүш Океев менен монгол элинин улуттук кийимин кийип алган кыргыз актёрлору, 1992-жыл - Sputnik Кыргызстан
7/13
Төлөмүш Океев менен монгол элинин улуттук кийимин кийип алган кыргыз актёрлору, 1992-жыл
© Sputnik / Александр ФедоровЧыңгыз хандын аялынын ролундагы Жулия Никсон, анын жанында Шайыргүл Касымалиева
Чыңгыз хандын аялынын ролундагы Жулия Никсон, анын жанында Шайыргүл Касымалиева - Sputnik Кыргызстан
8/13
Чыңгыз хандын аялынын ролундагы Жулия Никсон, анын жанында Шайыргүл Касымалиева
© Sputnik / Александр ФедоровКыргыз каскадёрлор жана алардын жетекчиси Үсөн Кудайбергенов
Кыргыз каскадёрлор жана алардын жетекчиси Үсөн Кудайбергенов - Sputnik Кыргызстан
9/13
Кыргыз каскадёрлор жана алардын жетекчиси Үсөн Кудайбергенов
© Sputnik / Александр Федоров"Чыңгыз хан" толугу менен тартылып, Италияга жеткенде тасма камакка алынган
Чыңгыз хан толугу менен тартылып, Италияга жеткенде тасма камакка алынган - Sputnik Кыргызстан
10/13
"Чыңгыз хан" толугу менен тартылып, Италияга жеткенде тасма камакка алынган
© Sputnik / Александр ФедоровХива чебинин жанындагы эпизодду тартуу учуру
Хива чебинин жанындагы эпизодду тартуу учуру - Sputnik Кыргызстан
11/13
Хива чебинин жанындагы эпизодду тартуу учуру
© Sputnik / Александр ФедоровИталиялык киночуларды кучак жайып тосуп алган Төлөмүш Океев
Италиялык киночуларды кучак жайып тосуп алган Төлөмүш Океев - Sputnik Кыргызстан
12/13
Италиялык киночуларды кучак жайып тосуп алган Төлөмүш Океев
© Sputnik / Александр ФедоровДүйнөгө белгилүү режиссёр, актёр Ричард Тайсон, 50дөн ашык тасмада роль жараткан Чарлтон Хестон жана актриса Гүлнара Чокубаева
Дүйнөгө белгилүү режиссёр, актёр Ричард Тайсон, 50дөн ашык тасмада роль жараткан Чарлтон Хестон жана актриса Гүлнара Чокубаева - Sputnik Кыргызстан
13/13
Дүйнөгө белгилүү режиссёр, актёр Ричард Тайсон, 50дөн ашык тасмада роль жараткан Чарлтон Хестон жана актриса Гүлнара Чокубаева
Жаңылыктар түрмөгү
0