Ааламдын эң узун аялдары. 12 сүрөт

1528
Бул ирет дүйнөдөгү эң узун аялдар, кыз-келиндерди чогулттук. Арасында актрисасы, баскетболчу жана волейболчулары бар.

Түркиялык Румейса Гельги дүйнө жүзүндө расмий түрдө эң узун аял деп таанылган, анын бою 2 метр 15 сантиметрди түзөт. Гельги атайын таянуучу буюмдун (ходунок) жардамы менен басат.

Түрмөктөн жер жүзүндөгү эң узун аялдардын сүрөттөрүн көрүңүз. Арасында спортчулар жана актрисалар бар.

 

1528
  • © REUTERS / Cagla Gurdogan

    Расмий түрдө дүйнөдө эң узун аял деп таанылган Румейса Гельги (бою 215,16 сантиметр) апасы менен турат

  • © Sputnik / Roman Kruchinin

    Россия курама командасынын экс-чабуулчусу, эки жолку дүйнө чемпиону (2006, 2010-ж.), "Динамо-Казань" клубунун волейболчусу Екатерина Гамова (бою 202 сантиметр)

  • Элисани-да-Крус Сильва (206 сантиметр) Бразилиядагы бою эң узун кыз болуп саналат

  • © AFP 2021 / Ethan Miller / Getty Images

    Баскетболчу кыз Бриттни Гринер АКШнын Лас-Вегас шаарындагы мелдеште ойноп жатат (бою 206 сантиметр)

  • © AFP 2021 / Rachel Murray/Getty Images for Dave Thomas Foundation for Adoption

    Америкалык актриса Линдси Кей Хейворд (203 сантиметр)

  • © Sputnik / Audrius Ulozyavičius

    1979-жылдагы СССРдин баскетбол боюнча кыз-келиндер арасындагы мелдешинде команда капитандары сыйлоо аземинде турушат. Командасы (Латвия ССРи) менен биринчи орунду ээлеген Ульяна Семенова ортодо. Анын боюнун узундугу 213 сантиметр.

  • © Sputnik / Evgeny Biyatov

    Россиянын УГМК баскетболдук клубунун оюнчусу Мария Степанова (бою 203 сантиметр). Командасынын кыз-келиндер арасында баскетбол боюнча премьер-лиганын финалдык сериясындагы жеңишинен кийин уулу Николай (сол жакта) менен.

  • © AFP 2021 / Tao-Chuan Yeh

    2008-жылга чейин дүйнөдөгү эң узун аялдардын бири болгон Сэнди Аллен (бою 231 сантиметр) Тайвандын "Гиннестин рекорддор китеби" музейинин президенти Стивен Дэе менен турат.

  • © Sputnik / Ramil Sitdikov

    Россиянын баскетбол боюнча кыз-келиндер курама командасынын оюнчусу Екатерина Лисинанын бою 206 сантиметр

  • © AFP 2021

    Яо Дефэн Азиядагы бою эң узун аял болуп саналат. Кытайдын Санджиу ооруканасынын дарыгерлерине ыраазычылык билдирип жаткан учуру. Яо Дефэндин боюнун узундугу 234 сантиметрди түзөт.

  • © AP Photo / Roberto Borea

    Польшалык Малгожата Дыдек 2000-жылдагы Сидней Олимпиадасы учурунда. Анын бою 218 сантиметр.

  • © AFP 2021 / Matt Winkelmeyer / Getty Images

    Актриса Эрика Ирвин Лос-Анджелесте (202 сантиметр)

Белгилер:
сүрөт, аялдар, бой
Тема боюнча
Чымыр денелүү, сулуу... Токио Олимпиадасындагы кыз-келиндердин сүрөттөрү
Сынынан кетпеген Моника Беллуччи 57 жашта. Актрисанын көз талдырган сүрөттөрү

Өзүнө тартып, кыя өткөрбөй... Чыгыш бийинде термелген кыздар

451
(жаңыланган 18:21 02.12.2021)
  • Чыгыш бийин (танец живота) бийлеп жаткан кыз. Сүрөт 1969-жылы Египеттин Каир шаарына жакын жерде тартылган.
  • 1963-жыл. Белгилүү бийчи кыз Сохаир Закинин туристтердин алдында бийлеп жаткан учуру
  • Марокколук бий чебери Майя Дбайч үлпөт тойдо бийлеп жатат
  • Мексикалык бийчи кыздын Каирдеги фестивалда чыгыш бийин аткарып жаткан чагы
  • Майя Дбайчтин аткаруусундагы чыгыш бийи
  • Каирдеги чыгыш бийи фестивалына катышкан АКШлык конкурсанттын бийлеп жаткан чагы
  • Каирдеги отелдердин биринде өткөн шоудагы бийден бир көрүнүш
  • Россиялык бийкечтин бийи
  • Бийчи Сохаир Заки тыюу салынган костюм менен уят катары саналган көрүнүштө турат. Египеттик түшүнүк боюнча каптал жагы жырык көйнөк кийүү сексуалдуулукка азгыруу деп эсептелет.
  • Чыгыш бийи боюнча Казанда (Татарстанда) өткөн Европа чемпионатынан бир көрүнүш
Чыгыш бийи — улутка, динге, адамдын жынысына карабай көптөрдү кызыктырган, өзүнө тарткан искусствонун бир түрү. Sputnik бул сапар ар кайсы өлкөлөрдөгү бий чеберлерин сүрөт баянда сунуш кылат.

Көргөн көздү кызыктырган бул бийдин мекени Жакынкы Чыгыш деп эсептелет. Ал бир нече кылымда бүтүндөй дүйнө жүзүнө тараган. Азыркы күндө анын элүүгө чукул түрү бар деп айтылып келет.

Ал аткарылып жатканда көз салбай, кайдыгер карап, кыя өткөндөрдү кезиктирүү кыйын. Чыгыш бий дүйнөнүн башка жагынан пайда болгону менен бул кылымда тутунган динине, улутуна карабай көп мамлекеттерде эл кызыгып көргөн, кызыгып бийлеген искусствонун түрүнө айланды.

451
  • Чыгыш бийин (танец живота) бийлеп жаткан кыз. Сүрөт 1969-жылы Египеттин Каир шаарына жакын жерде тартылган.
    © AP Photo / Anonymous

    Чыгыш бийин (танец живота) бийлеп жаткан кыз. Сүрөт 1969-жылы Египеттин Каир шаарына жакын жерде тартылган

  • 1963-жыл. Белгилүү бийчи кыз Сохаир Закинин туристтердин алдында бийлеп жаткан учуру
    © AP Photo

    1963-жыл. Белгилүү бийчи кыз Сохаир Закинин туристтердин алдында бийлеп жаткан учуру

  • Марокколук бий чебери Майя Дбайч үлпөт тойдо бийлеп жатат
    © AFP 2021 / Amir Makar

    Марокколук бий чебери Майя Дбайч үлпөт тойдо бийлеп жатат

  • Мексикалык бийчи кыздын Каирдеги фестивалда чыгыш бийин аткарып жаткан чагы
    © AFP 2021 / Patrick Baz

    Мексикалык бийчи кыздын Каирдеги фестивалда чыгыш бийин аткарып жаткан чагы

  • Майя Дбайчтин аткаруусундагы чыгыш бийи
    © AFP 2021 / Amir Makar

    Майя Дбайчтин аткаруусундагы чыгыш бийи

  • Каирдеги чыгыш бийи фестивалына катышкан АКШлык конкурсанттын бийлеп жаткан чагы
    © AFP 2021 / Khaled Desouki

    Каирдеги чыгыш бийи фестивалына катышкан АКШлык конкурсанттын бийлеп жаткан учуру

  • Каирдеги отелдердин биринде өткөн шоудагы бийден бир көрүнүш
    © AFP 2021 / Patrick Baz

    Каирдеги отелдердин биринде өткөн шоудагы бийден бир көрүнүш

  • Россиялык бийкечтин бийи
    © AFP 2021 / Patrick Baz

    Россиялык бийкечтин бийи

  • Бийчи Сохаир Заки тыюу салынган костюм менен уят катары саналган көрүнүштө турат. Египеттик түшүнүк боюнча каптал жагы жырык көйнөк кийүү сексуалдуулукка азгыруу деп эсептелет.
    © AP Photo / Aly Mahmoud

    Бийчи Сохаир Заки тыюу салынган костюм менен уят катары саналган көрүнүштө турат. Египеттик түшүнүк боюнча каптал жагы жырык көйнөк кийүү "сексуалдуулукка азгыруу" деп эсептелет

  • Чыгыш бийи боюнча Казанда (Татарстанда) өткөн Европа чемпионатынан бир көрүнүш
    © Sputnik / Максим Богодвид

    Чыгыш бийи боюнча Казанда (Татарстанда) өткөн Европа чемпионатынан бир көрүнүш

Белгилер:
чыгыш, бий, сулуу, сүрөт, фото, Каир, искусство
Тема боюнча
Муз үстүндө чимирилип, абада айланган спортчулар. Японияда тартылган сүрөттөр
Карап эле тургуң келет! Чимириле бийлеген Валентина Шевченконун видеосу

Жогорку Кеңешти шайлоодогу добуштар кантип саналууда. 10 сүрөт

291
  • Участкалык шайлоо комиссиянын кызматкерлери добуштарды санап жатышат
  • ACУдан добуш берилгенин тастыктаган маалым кат
  • Участкалык шайлоо комиссиясынын кызматкери шайлоо бюллетенин көрсөтүп жатат
  • Участкалык шайлоо комиссиясынын кызматкери бюллетендерди кол менен саноонун алдында
  • Адис электрондук урнадагы маалыматтарды алууга даярданып жатат
  • Добуштарды саноо ишине байкоочулар көз салууда
  • Добуштарды кол менен саноо процессинен көрүнүш
  • Бюллетендер партия жана бир мандаттуулар боюнча бөлүнөт
  • Борбордук шайлоо комиссиясынын кызматкерлеринин добуштарды саноо учуру
  • Автоматтык эсептөө урналары ар бир участкалардагы жыйынтыктарды интернет аркылуу БШКга жиберет
Кыргызстанда парламенттик шайлоо өттү. Sputnik агенттигинин сүрөт түрмөгүнөн добуштарды саноо кандай өткөнүн көрүңүз.

Парламенттик шайлоодо берилген добуштардын 40,10 пайызы кол менен саналып бүттү. Буга чейин автоматтык түрдө саноочу урналардын эсеби чыккан. Ага ылайык, алты партия алдыда келе жатат. Бирок расмий жыйынтык кол менен саналган соң гана жарыяланат.

Мындан сырткары, алдын ала маалымат боюнча, Бишкек шаарындагы бир мандаттуу Биринчи май жана Свердлов округдарында "баарына каршы" берилген добуштар артыкчылык кылган. Бул округдарда кайрадан шайлоо өтүшү мүмкүн. Башка бир мандаттуу округдардагы маалыматтарды биздин инфографикадан окуп билсеңиздер болот.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өткөн. Анда талапкерлер преференциалдык жана мажоритардык система боюнча шайланды. Тактап айтканда, 54 депутат партиялык тизме менен, ал эми 36 эл өкүлү бир мандаттуу шайлоо округдарынан талапкер болду. Жалпысынан 21 партия ат салышты.

291
  • Участкалык шайлоо комиссиянын кызматкерлери добуштарды санап жатышат
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Участкалык шайлоо комиссиянын кызматкерлери добуштарды санап жатышат

  • ACУдан добуш берилгенин тастыктаган маалым кат
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    ACУдан добуш берилгенин тастыктаган маалым кат

  • Участкалык шайлоо комиссиясынын кызматкери шайлоо бюллетенин көрсөтүп жатат
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Участкалык шайлоо комиссиясынын кызматкери шайлоо бюллетенин көрсөтүп жатат

  • Участкалык шайлоо комиссиясынын кызматкери бюллетендерди кол менен саноонун алдында
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Участкалык шайлоо комиссиясынын кызматкери бюллетендерди кол менен саноонун алдында

  • Адис электрондук урнадагы маалыматтарды алууга даярданып жатат
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Адис электрондук урнадагы маалыматтарды алууга даярданып жатат

  • Добуштарды саноо ишине байкоочулар көз салууда
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Добуштарды саноо ишине байкоочулар көз салууда

  • Добуштарды кол менен саноо процессинен көрүнүш
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Добуштарды кол менен саноо процессинен көрүнүш

  • Бюллетендер партия жана бир мандаттуулар боюнча бөлүнөт
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Бюллетендер партия жана бир мандаттуулар боюнча бөлүнөт

  • Борбордук шайлоо комиссиясынын кызматкерлеринин добуштарды саноо учуру
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Борбордук шайлоо комиссиясынын кызматкерлеринин добуштарды саноо учуру

  • Автоматтык эсептөө урналары ар бир участкалардагы жыйынтыктарды интернет аркылуу БШКга жиберет
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Автоматтык эсептөө урналары ар бир участкалардагы жыйынтыктарды интернет аркылуу БШКга жиберет

Белгилер:
парламенттик шайлоо, жыйынтык, сүрөт, добуш, эсептөө, Бишкек
Тема:
2021-жылкы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы
Тема боюнча
Добуштардын 40%ы саналды. Алдыда келе жаткан 7 партиянын тизмеси
Эгер шайлоо кайра өтсө, ага утулган талапкерлер катыша алабы? БШКнын жообу
Шайлдабекова добуштар сакталган сервердин "ачкычы" кимде болорун айтты
Кыргызстандык балбан кыз Мээрим Жуманазарова. Архив

Мээрим Жуманазарова Гран-при мелдешиндеги атаандашы Велиеваны дагы утту

18
(жаңыланган 01:28 04.12.2021)
Буга чейин Россиянын Күрөш федерациясы Мээрим Жуманазарова менен Ханум Велиеваны беттештирүү сунушу менен Кыргызстандын күрөш уюмуна кайрылган.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Кыргызстандык балбан кыз Мээрим Жуманазарова "Гран-при Москва — АЛРОСА кубогу" мелдешиндеги атаандашы Ханум Велиеваны 3:2 эсеби менен утуп алды. Спортчу кыздардын таймашын Россиянын Спорттук күрөш федерациясынын расмий сайты түз алып көрсөттү.

Эки бөлүккө созулган кыл чайнаш кармаштын жыйынтыгында кыргызстандын балбан кызы жеңишти илип кетти. Кармаштын биринчи эле бөлүгүндө Мээрим адегенде контр чабуул жасап бир упай алды. Көп өтпөй бутка кирип, атаандашын партерге жыгып дагы эки баллга ээ болду. Бөлүк 3:0 менен аяктады.

Экинчи үч мүнөттүктө кыргызстандык балбан кыз эсеп артыкчылыкты сактап калуу тактикасы менен күрөштү. Велиева чабуул жасап Мээримди эки ирет чийин сыртына сүрүп чыгарып эки упай алды. Беттеш 3:2 Мээримдин артыкчылыгы менен жыйынтыкталды.

Мээрим Жуманазарованы мелдешке машыктыруучусу атасы Рахмадил Жуманазаров коштоп барган.

Мелдеш Москва шаарындагы "ВТБ Арена Парк" спорттук жайында өттү.

Буга чейин Россиянын Күрөш федерациясы Мээрим Жуманазарова менен Ханум Велиеваны беттештирүү сунушу менен Кыргызстандын күрөш уюмуна кайрылган. Машыктыруучулук штаб Мээрим менен кеңешип, бул сунушка макул болгон.

Спортчу кыздар муну менен төртүнчү ирет кез келип жатат. Эске салсак, октябрь айында Ослодо өткөн дүйнө чемпионатынын жарым финалында Жуманазарова Велиеваны уткан. Таймаш 3:3 эсебинде аяктаган, бирок акыркы аракетти жасап, упай алганы үчүн кыргызстандык балбан кызга артыкчылык берилген.

Калыстар беттеш эсебин таблодо туура эмес көрсөткөндүгү үчүн кармаштын жыйынтыгына карата айрым түшүнбөстүктөр пайда болгон. Мындан улам Россиянын машыктыруучулар штабы кармашта реферилер ката кетирген деп эсептеп, калыстык кылган топтун үстүнөн даттанарын айтып чыккан болчу.

Ал эми 2019-жылы Финляндияда өткөн жаштар арасындагы дүйнөлүк чемпионатта беттешсе, экинчисинде Польшада былтыр өткөн Poland Open 2020 эл аралык турниринде кез келип, Мээрим 7:2 эсебинде уткан.

Ал эми үчүнчүсүндө быйыл Норвегиянын Осло шаарында өткөн дүйнө биринчилигинин жарым финалында кармашып, Мээрим жеңип алган.

18
Белгилер:
Мээрим Жуманазарова, Ханум Велиева, мелдеш
Тема боюнча
Жоламан күрөшкөндө титиреп турам... Легендарлуу Хаким агайдын видеосу
Мелис Турганбаев Күрөш федерациясынын президенти болуп тандалды