Түрк элдеринин азыркы урпактары: көчмөндөр, малчылар, боз үй жана "Манас"

Жазылуу
Кыргызстан казакстандык, монголиялык, россиялык жана өзбекстандык окумуштуулардан турган экспедиция келген биринчи өлкө болуп калды. Бүгүн анын катышуучуларынын бири тарткан сүрөттөрдү окурмандарга сунуштайбыз.
"Чоң-Алтайдын "түрк-моңгол дүйнөсү": биримдик жана ар түрдүүлүк" деп аталган эл аралык долбоор Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын, Монголиянын жана Россиянын окумуштууларынын башын бириктирди. Алар түрк элдеринин жалпы тарыхый-маданий тарыхын изилдөөгө аттанышкан. Илимпоздордун биринчи иши Кыргызстанга жасалган этнографиялык экспедиция болуп калды. Окумуштуулар 16 айыл менен конуштарда болуп, кийиз жасагандарды көрүп, манасчылар менен таанышкан.
Биз сунуштаган экспедициянын сүрөттөрү Алтаистика жана түркология боюнча "Чоң-Алтай" илимий билим берүү борбору, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, Жамгырчинов атындагы Тарых, археология жана этнология институту, Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясы менен биргеликте даярдалды.
Түрк элдеринин тамыры, тарыхы, маданиятынын түбү бир.
"Чоң-Алтайда түрк элдери түптөлүп, калк болду. Кийин башка маданияттар менен аралашып кеткенде деле, тагыраагы, заманбап бул мезгилде алардын каада-салтынан, тамак-ашынан, үй-бүлөлүк мамилелеринен, мамлекеттеги башкаруу формасынан кандайдыр бир жалпылыкты табууга болот. Бул кыргыздарды, алтайлыктарды, казактарды, теги сибирликтерди тууган кылып чыгат", — деген "Чоң-Алтай" илимий билим берүү борборунун жетекчиси, АлтМУнун президенти Сергей Землюков.
Мал чарбасы түрк элдеринин жалпы жашоосу, маданий-генетикалык фонду менен байланышкан.
Алтайлык артист, Бай-Терек ансамблинин мүчөсү Данил Данжеев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.09.2021
Пресс-борбор
Алтайдан келген артист: манас угуп, анын жан дүйнөбүзгө жакын экенин түшүндүк
Бул калкта үйүр-үйүр кылып мал кармаган мурдагы жашоо салттары сакталган тейде калган. Ал ошол кездеги негизги киреше булагы жана оокат кылуунун бирден-бир жолу болгон. Мындай маалыматтар XVIII кылымдын аягындагы XIX кылымдын башындагы этнографиялык жазууларда калтырылган.
Өлкөнүн түндүк тарабында — Ысык-Көл жана Нарын облустарында малды көбүрөөк кармашат. Тоолуу аймактарда, жайлоолордо мал жандыктарын кармоо ыңгайлуу келет, эт менен сүт даяр. Мындан сырткары, жүндөн эң жылуу жана табигый жактан таза кийиздер жасалат. Ал эми түрк элдеринин боз үйүнө да ушул кийиз колдонулат.
Жайлоого чыкканда боз үй жашай турган негизги турак жайдын милдетин аткарган, себеби ал көчүп-конуп жүрүүгө, кандай жер болбосун тигип алууга шартташкан. Азыркы учурда жөнөкөй эл боз үйдү жамандык-жашылыкта тигип калышкан.
Бүгүн Кыргызстандагы боз үйдү ийине келтире даярдаган Ысык-Көл облусундагы Кызыл-Суу айылы. Бул аймак республикадан тышкары да белгилүү.
"Түрк элдеринде дүйнөдө ордун издеп, этникалык жактан өзүн-өзү таанууга умтулган, этникалык гүлдөө доору байкалат. Боз үй жасоо, килем токуу жана башка түпкү теги алектенип келген нерселерди кайра алып чыгып, заманбапташтырып, азыркы рынокко, туристтик багытка ылайыкташтыруу жүрүп жатат", — деп айтып берген "Чоң-Алтай" илимий билим берүү борборунун жетекчиси, АлтМУнун Тарых жана эл аралык мамилелер институтунун директору Иван Назаров.
Кыргызстанда боз үйдөн башка дагы бир бааланган өнөрдүн бири — килем токуу, шырдак жасоо бар. Баса, 2012-жылы ЮНЕСКО шырдакты адамзаттын материалдык эмес мурастарынын тизмесине киргизген.
Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.10.2021
Талант Мамытов алтай бийлигинен Манастын эстелигине орун бөлүп берүүнү өтүндү
Түрк элдеринин дагы бир маданий мурасы — ооздон-оозго айтылып келген дастандар, эпостор. Алар элдин көз карандысыздык үчүн күрөшүн, эрдигин, баатырларын баяндап берген. Кыргызстанда ошондой дастандардын ана башында "Манас" эпосу турат. Бул чыгарманы билбеген кыргыз баласы жок.
"Эмдиги жылы этнографиялык экспедиция боюнча монография жазууга ниеттенип жатабыз. Ноябрь айында анын жыйынтыгы менен Курманжан датка атындагы көчмөндөр цивилизациясы боюнча музейде сүрөт көргөзмө өтөт", — деди экспедициянын теңтөрайымы, тарых илимдеринин доктору, Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин профессору Аниса Бикбулатова.
АлтМУдагы алтаистика боюнча эл аралык экинчи форумда биринчи экспедициянын жыйынтыгын чыгарышты.
"Чоң-Алтайдын "түрк-моңгол дүйнөсү": биримдик жана ар түрдүүлүк" деп аталган эл аралык долбоор Россиянын Илим жана жогорку билим берүү министрлигинин колдоосунда ишке ашырылууда.
 
© Фото / Из личного архива Ивана НазароваБададан кайтып келе жаткан уйлар, Нарын облусу, Ат-Башы району
Бададан кайтып келе жаткан уйлар, Нарын облусу, Ат-Башы району - Sputnik Кыргызстан
1/8
Бададан кайтып келе жаткан уйлар, Нарын облусу, Ат-Башы району
© Фото / Из личного архива Ивана НазароваСоң-Көлдөгү жылкылар. Нарын облусу
Соң-Көлдөгү жылкылар. Нарын облусу - Sputnik Кыргызстан
2/8
Соң-Көлдөгү жылкылар. Нарын облусу
© Фото / Из личного архива Ивана НазароваСоң-Көлдөгү көрүнүш: жайлоо, төрт түлүк, боз үй
Соң-Көлдөгү көрүнүш: жайлоо, төрт түлүк, боз үй - Sputnik Кыргызстан
3/8
Соң-Көлдөгү көрүнүш: жайлоо, төрт түлүк, боз үй
© Фото / Из личного архива Ивана НазароваБоз үйдү жасоо менен атагы чыккан Кызыл-Туу айылында жасалган көчмөн элдин башкы турак жайы
Боз үйдү жасоо менен атагы чыккан Кызыл-Туу айылында жасалган көчмөн элдин башкы турак жайы - Sputnik Кыргызстан
4/8
Боз үйдү жасоо менен атагы чыккан Кызыл-Туу айылында жасалган көчмөн элдин башкы турак жайы
© Фото / Из личного архива Ивана НазароваКереге жасап жаткан уста
Кереге жасап жаткан уста - Sputnik Кыргызстан
5/8
Кереге жасап жаткан уста
© Фото / Из личного архива Ивана НазароваБоз үйдүн жабык башын жасап жаткан уз
Боз үйдүн жабык башын жасап жаткан уз - Sputnik Кыргызстан
6/8
Боз үйдүн жабык башын жасап жаткан уз
© Sputnik / Виктор Чернов / Медиабанкка өтүү"Манас" эпосу айтылып жатканда эл дымып уккан
Манас эпосу айтылып жатканда эл дымып уккан - Sputnik Кыргызстан
7/8
"Манас" эпосу айтылып жатканда эл дымып уккан
© Фото / Из личного архива Ивана НазароваЭкспедициянын отряды Нарын облусундагы "Таш-Рабат" тарыхый комплексинде
Экспедициянын отряды Нарын облусундагы Таш-Рабат тарыхый комплексинде - Sputnik Кыргызстан
8/8
Экспедициянын отряды Нарын облусундагы "Таш-Рабат" тарыхый комплексинде
Жаңылыктар түрмөгү
0