Климаттын өзгөрүшүн чагылдырып, дүйнөдө мыкты аталган сүрөттөр

139
(жаңыланган 23:47 13.11.2021)
  • Конкурстун жеңүүчүсү сүрөтүн Толкундун башталышындагы балдар деген ат койгон. Аны менен Ганада океан суусунун деңгээли жогорулап, талкаланган үйлөрдүн арасында жаткан баланы көрсөткөн
  • Бул сүрөттө Мексикада балыкка салынган илмекке деңиз мышыгы түшүп калганы чагылдырылган
  • Индиялык Амаан Али жаштар арасындагы эң мыкты фотограф аталды. Ал Нью-Делиде өз үйүнүн жака белинде күйүп жаткан токойду өчүрүп жаткан баланы тарткан
  • Умка-2021 экспедициясынын катышуучулары ак аюуну таразага тартып жатат
  • Кургап калган талаада чөп издеп жан далбасатаган бир короо кой. Сүрөт Бангладеште тартылган
  • Кумдуу бороондун алдында келе жаткан баланын сүрөтү калсытарды таң калтырды
  • Келечектеги жашоо чөйрөсү номинациясында мыкты деп табылган сүрөт. Мында Италиядагы Панаро дарыясынын ташкыны чагылдырылган
  • Эне баласы менен атайын жерде балыкты кургатып жатат. Сүрөт Бангладеште тартылган
  • Бул сүрөттөр планетадагы экологиялык көйгөйлөрдү кабарлоо үчүн атайын калыстар тобу тарабынан тандалып алынган
  • Желим бөтөлкөнү кайра иштеткен заводдогу баланын сүрөтү
  • Крымдагы ылай вулкан. Сүрөттүн авторунун айтымында, аба ырайынын глобалдык жылышы мындай вулкандарды акырындык менен жок кылып жатат
  •  Бул фотобиореактор — хлорелла, спирулин жана башка балырларды өстүрүүчү жабдык
  • Калыстар тобу Сандипани Чаттопадхьяйды сыйлады. Сүрөттө Индиядагы Дамодар дарыясында гүл ачкан балырлар. Кургакчылыктын айынан коркунуч жаралууда. Себеби дарыядагы тирүү организмдер гүлдөп жатканына байланыштуу аз кислород алып, өлүп калууда.
  • Бала желимден жасалган предметтерди шаардын ар кайсы бурчунан топтоп фабрикага сатыш үчүн алып барат. Сүрөт Читтагонг шаарында тартылган (Бангладеш).
  • Пляждын жанында жайгашкан аквакультура.
Глазгодогу климаттын өзгөрүшү боюнча БУУнун конференциясында фотографтар арасында уюштурулган эл аралык Environmental Photographer конкурсунун жеңүүчүлөрү аныкталды.

Сынакка коюлган мыкты эмгектерди Sputnik Кыргызстандын сүрөт түрмөгүнөн көрө аласыздар. 14 жылдан бери конкурстун калыстары жер планетасындагы экологиялык көйгөйлөрдөн кабар берген эң маанилүү жана таасирдүү сүрөттөрдү тандашат.

Бул жылы сүрөт сынагын испаниялык Антонио Арагон Ренунцио жеңип алды. Ал Ганадагы Афиадениигба жээгинде талкаланган үйдө уктап жаткан баланын сүрөтүн тарткан. Бул кадр Батыш Африка өлкөлөрүндө деңиздин деңгээли көтөрүлүп, миңдеген адамдар үйүн таштап кетүүгө муктаж болуп жатканы боюнча ойлонууга түртөт.

139
Белгилер:
климат, өзгөрүү, сүрөт, фотограф, конкурс
Тема боюнча
Күздүн кереметине суктанган да бар, сезбеген да бар. Ажайып сүрөттөр

Сулуу кыздар жана мотоциклдер. Милан мотосалонунан кызыктуу 14 сүрөт

280
Италияда Милан мотосалон көргөзмөсү өтүп жатат. Sputnik Кыргызстандын сүрөт түрмөгүнөн иш-чаранын кызыктуу учурларын көрүңүз.

Быйылкы жылы жаңы чыгарылган мотоунаалардын көргөзмөсү 25-ноябрда башталды. Ал 28-ноябрга чейин созулат. Дүйнө жүзүндөгү мотоцикл сүйүүчүлөр муну менен 78-жолу чогулушууда. EICMA иш-чарасы 1914-жылдан бери жыл сайын Миланда өткөрүлүп келет. Алгачкы эки күндө салонго ЖМК өкүлдөрү жана профессионал адистер киргизилди. Калган күндөрү көргөзмө бардык каалоочулар үчүн эшигин ачат.

Бул жерде көрө турган көп кызыктар бар. EICMA дээрлик 80 миң чарчы метр аянттагы мототехниканын экспозициясын түзөт. Көргөзмөдөн мотоциклдерди, мопеддерди, мотороллерлерди, ошондой эле мотоциклдик жабдууларды, аксессуарларды, кийимдерди, бут кийимдерди жана коргоочу шаймандарды көрүүгө болот. Мындан тышкары, бул жерде тетиктер жана запастык бөлүктөрдүн кеңири түрү бар.

Дүйнөлүк компаниялардын жаңы үлгүлөрү стенддерде гана көрсөтүлбөстөн, мотоцикл көргөзмөсүндө да коомчулукка чыгарылат. Айтылуу SBK жана Supersport уюмдарынын өкүлдөрү желдей учкан мотоциклде чеберчиликтерин көрсөтүшөт. Аягында, албетте, көрүүчүлөр менен жолугушуп баарлашат.

 

280
  • © AFP 2021 / Piero Cruciatti

    Миланда (Италия) эл аралык мотоциклдер көргөзмөсү өтүүдө

  • © AFP 2021 / Piero Cruciatti

    Жаңы мотоунаалардын көргөзмөсү быйыл 25-ноябрда башталды, ал 28-ноябрга чейин созулат. Сүрөттө модель жаңы эле коомчулукка тааныштырылган Vespa скутеринде отурат.

  • © AFP 2021 / Piero Cruciatti

    Дүйнө жүзүндөгү мото ышкыбоздор 78-ирет көргөзмөгө чогулууда. Сүрөттө: Ducati Panigale of Team Go Eleven аталыштагы мотоцикли.

  • © AFP 2021 / Piero Cruciatti

    Алгачкы эки күндө салонго ЖМК өкүлдөрү жана профессионал адистер киргизилди. Калган күндөрү салон бардык каалоочуларга эшигин ачат.

  • © AFP 2021 / Piero Cruciatti

    EICMA дээрлик 80 миң чарчы метр мототехниканын экспозициясын түзөт. Сүрөттө модель Suzuki мотоциклин тааныштырып жаткан чагы.

  • © AFP 2021 / Piero Cruciatti

    Көргөзмөдөн мотоцикл, мопед, мотороллерлерди, ошондой эле мотоциклдик жабдууларды, аксессуарларды, кийимдерди, бут кийимдерди жана коргоочу шаймандарды көрүүгө болот. Сүрөттө модель кыз Honda мотосун көрсөтүүдө.

  • © AFP 2021 / Piero Cruciatti

    Мында тетиктер жана запастык бөлүктөрдүн кеңири түрү коюлган. Сүрөттө: шлемдер стендинин жанындагы кардарлар.

  • © AFP 2021 / Piero Cruciatti

    Дүйнөлүк компаниялардын жаңы моделдери стенддерде гана коюлбастан, көргөзмөгө да чыгарылды. Сүрөттө: модель кыздар Silence бренди чыгарган электрондук Nanocar S04 техникасын жарнамалап турушат.

  • © AFP 2021 / Piero Cruciatti

    Жаңы мототехника мотошоуга да чыгарылат. Сүрөттө: кардарлар Piaggio 1 электросамокаттарын карап көрүп жатышат.

  • © AFP 2021 / Piero Cruciatti

    Айтылуу SBK жана Supersport уюмдарынын өкүлдөрү желдей учкан мотоциклде чеберчиликтерин көрсөтүшөт. Аягында, албетте, көрүүчүлөр менен жолугушуп баарлашат. Сүрөттө: MV Agusta мотоциклин жарнамалаган модель кыз.

  • © AFP 2021 / Piero Cruciatti

    S01+ электроскутери көрүүчүлөрдүн назарына коюлууда

  • © AFP 2021 / Piero Cruciatti

    Модель кыз Aprilia мотоциклин жарнамалап жатат

  • © AFP 2021 / Piero Cruciatti

    Givi стендинин жанында турган кардарлар

  • © AFP 2021 / Piero Cruciatti

    Модель кыз Kawasaki Ninja H2SXSE мотоциклин тааныштырып жаткан чагы

Белгилер:
сүрөт, Милан, Италия, мотоцикл, көргөзмө
Тема боюнча
Темир тулпардагы сулуулар. Motorsport Expo — 2021 көргөзмөсүнөн 11 сүрөт

Женнифер Лопес жана башка жылдыздар... American Music Awards аземинен 14 сүрөт

227
21-ноябрда жыл сайын өтүүчү American Music Awards музыкалык сыйлыктарды тапшыруу аземи өттү. Иш-чаранын эң кызыктуу учурларын Sputnik Кыргызстандын сүрөт түрмөгүнөн көрүңүз.

Салтанаттуу азем Лос-Анжелестеги (АКШ) Microsoft Theater концерттик залында өттү.

Сыйлык теле алып баруучу Дик Кларк тарабынан 1973-жылы негизделген. “Грэммиден” айырмаланып жеңүүчүлөр коомчулуктун жана күйөрмандардын расмий сайт аркылуу берген добушу менен тандалат (“Грэмми” жеңүүчүлөрү Улуттук искусство академиясынын мүчөлөрүнүн добуш берүүсү менен аныкталат).

Быйыл түштүк кореялык BTS тобу, Тейлор Свифт, Карди Би, Эд Ширан жана башка аткаруучулар ар кандай номинацияларда жеңүүчү болушту.

227
  • © AFP 2021 / Frazer Harrison / Getty Images

    Женнифер Лопес American Music Awards сыйлыгын тапшыруу аземинде On my way аталышындагы жаңы ырын аткарууда

  • © REUTERS / Mario Anzuoni

    Түштүк кореялык BTS тобу “Жылдын артисти” номинациясына татыды

  • © AP Photo / Jordan Strauss / Invision

    Соул-дуэттин катышуучулары эже-сиңди Хлоя жана Хэлли Бейли

  • © REUTERS / Mario Anzuoni

    Пуэрторикалык ырчы Bad Bunny “Латын Америкасынын мыкты артисти” номинациясында жеңүүчү болду

  • © AFP 2021 / Matt Winkelmeyer / Getty Images for MRC

    Карди Би да номинациялардын бирине татыды. Ал ошондой эле аземдин башкы алып баруучусу болду

  • © REUTERS / Mario Anzuoni

    Билли Портер Лос-Анжелестеги Microsoft Theater сахнасында

  • © AFP 2021 / Kevin Winter/Getty Images

    Chlöe American Music Awards 2021 аземинде ырдап жатат

  • © REUTERS / Mario Anzuoni

    Америкалык рэп-ырчы, ырлардын автору, продюсер, клипмейкер жана дизайнер Тайпер American Music Awards сыйлыктарын тапшыруу аземинде

  • © REUTERS / Aude Guerrucci

    Кали Учис “Сүйүктүү латын ырлары” номинациясынын жеңүүчүсү

  • © AP Photo / Chris Pizzello

    Америкалык актриса жана ырчы Оливия Родриго

  • © AP Photo / Chris Pizzello

    Рок-ырчы Machine Gun Kelly American Music Awards 2021 аземинде сыйлык алып жатат

  • © REUTERS / Mario Anzuoni

    Италиялык Maneskin рок-тобу Beggin ырын аткарууда

  • © AP Photo / Chris Pizzello

    Модель Винни Харлоу American Music Awards аземинде

  • © REUTERS / Mario Anzuoni

    Түштүк кореялык BTS тобу бийчи Жоджо Сива менен селфи жасоо учурунда

Белгилер:
Женнифер Лопес, сүрөт, музыка
Тема боюнча
Чыгыштын сулуулары Египеттеги кинофестивалдын кызыл килеминде. 15 сүрөт
Таң калычтуу кийимдер. Өзгөчө мода жумалыгынан 12 сүрөт
Автоунаалар. Архив

Арзан кезинде жасап алгыла! Министрликтин айдоочуларга эскертүүсү

0
(жаңыланган 10:52 27.11.2021)
Улуттук кампания жылдын аягына чейин болот. Акция башталгандан, тагыраагы, 1-июндан тарта 189 585 машина жаңы ээлерине катталган.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Кыргызстандагы автоунаа айдап жүргөндөрдү темир тулпарын нөлдүк ставка менен өзүнө кайра каттатып алууга дагы бир ай бар. Бул тууралуу Санарипти өнүктүрүү министрлигинен кабарлады.

Улуттук кампания жылдын аягына чейин уланат. Акциясыз күндөрү автоунааны кайра каттатууда бул кыймылдуу мүлктүн жалпы баасынан бекитилген эреже боюнча бир пайыз алынат. Эске салсак, мындай жеңилдетүү мурда да жарыяланып, анда 0,3 пайызга чейин болгон.

Азыркы арзандатуу шартында, 31-декабрга чейин жогоруда айтылган 1 пайыз алынбайт, министрлик андыктан темир тулпар ээлерине айдап жүргөн автоунаасын мурдагы кожоюндарынан кайра өзүнө каттатып алууда болгону 498 сом гана төлөй тургандыгын айтты. Бул кызмат көрсөтүүгө гана каралган акча. Эгерде ал номердик белгисин же аймагын өзгөрткүсү келсе, анда 1 633 сом төлөйт.

Акция башталгандан, тагыраагы, 1-июндан тарта 189 585 машина учурдагы ээсине каттатылган.

Өлкө боюнча бул багытта иш алып барган мамлекеттик "Унаа" ишканасынын аймактык 26 бөлүмү жумасына беш күн, тагыраагы, дүйшөмбү-жума күндөрү иштейт. Ал эми эс алуу күндөрү "Риом-авто" базарынан аталган мамлекеттик ишкананын Батыш аймактык бөлүмүнөн каттатып же кайра каттатып алса болот.

Мындай процедураларды эл үчүн жеңилдетүү жана тейлөөнү жакшыртуу үчүн банктык кызматтарды терминалдан төлөө системасы каралган. Министрликтен Бишкектеги, Оштогу шаардык, Жалал-Абаддагы аймактык бөлүмдө бул мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланууга болорун билдирди.

0
Белгилер:
Кыргызстан, автоунаа, каттоо, акция
Тема боюнча
Транспорт салыгын төлөбөгөндөр четинен айыпка жыгылууда. Рейд жыйынтыгы
6 жерин майлаңыз. Автоунаага кыштын алдында кантип кам көрүш керек