Апта ирмеми: Кашмир мырзасынан Европаны сагаалаган мигранттарга чейин

215
  • Беларусь менен Польшанын чек арасындагы Брузги көзөмөл өткөрүү пунктунан анча алыс эмес жерге 2 миңдей мигрант лагерь жайгаштырып алды
  • Едигёллер улуттук паркы (Түркия)
  • Сринагар (Индия) шаарында өткөн Мистер Кашмир сынагындагы бодибилдерлер
  • Нью-Йорктогу Рокфеллер борборуна орнотулчу жаңы жылдык балаты
  • Франциялык абада калкуучу Реми Оврард төрт чакырым бийиктиктеги шардын үстүндө турат
  • Ырчы жана актриса Леди Гага Гуччи үйү тасмасынын бет ачарында
  • Жер которуп бара жаткан пеликандар. Израиль
  • Стамбул шаарында (Түркия) Түрк тилдүү мамлекеттер кеңешин Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) катчылыгынын жаңы штаб-квартирасы ачылды
  • Чхат Пужа фестивалы учурунда Багмати суусунун жээгинде сыйынып жаткан келин. Непал
  • Бишкек World Air Quality рейтингинде дүйнөдөгү абасы кир аймактардын сап башына чыкты. Экинчи орунда Дели (Индия) жана Лахор (Пакистан) турат. Сүрөттө Лахор шаары
  • Нью-Йорктогу Hudson Yards имаратынын үстүндө турган альпинист
  • Көркөмдөп муз тебүү боюнча 2021/2022 — NHK Trophy 2021 мелдешинде япониялык Мисато Комацубара менен Тим Колето бий программасында жетинчи орунду алышты
  • Гаитинин Порт-о-Пренсе базарындагы сатуучу товарын көтөрүп бара жатат
  • Карантин бүткөнүн майрамдап сууга секирип жаткан кыз-келиндер. Окленд (Жаңы Зеландия)
  • Эквадордогу Литорал абагынын жанында телефондо сүйлөшүп жаткан аял. Жакында эле бул түрмөдө көтөрүлүш чыгып, 68 киши каза болгон
Sputnik Кыргызстан өткөн аптада дүйнөдө болгон эң кызыктуу окуяларды камтыган кезектеги сүрөт түрмөгүн сунуш кылат.

Беларусь менен Польшанын чек арасында Европага кирүүнү көздөгөн мигранттар дагы деле чогулуп турат. Польшанын күч органдары аларды өз аймагына киргизбей, 2 миңдей киши "Брузги" көзөмөл өткөрүү пунктунан анча алыс эмес жерге лагерь жайгаштырып алышты.

Ал эми Гаити мамлекетинде бир нече айдан бери нефть терминалдарын куралчан бандалар курчап алгандыктан күйүүчү май тартыш болуп жатат.

Ал ортодо Стамбул шаарында (Түркия) Түрк тилдүү мамлекеттер кеңешин Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) катчылыгынын жаңы штаб-квартирасы ачылып, салтанатка Түркия, Азербайжан, Казакстан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Кыргызстан жана Венгриянын башчылары катышты.

Бишкек World Air Quality рейтингинде дүйнөдөгү абасы кир аймактардын сап башына чыкты.

215
  • Беларусь менен Польшанын чек арасындагы Брузги көзөмөл өткөрүү пунктунан анча алыс эмес жерге 2 миңдей мигрант лагерь жайгаштырып алды
    © Sputnik / Виктор Толочко

    Беларусь менен Польшанын чек арасындагы "Брузги" көзөмөл өткөрүү пунктунан анча алыс эмес жерге 2 миңдей мигрант лагерь жайгаштырып алды

  • Едигёллер улуттук паркы (Түркия)
    © AFP 2021 / OZAN KOSE

    Едигёллер улуттук паркы (Түркия)

  • Сринагар (Индия) шаарында өткөн Мистер Кашмир сынагындагы бодибилдерлер
    © REUTERS / DANISH ISMAIL

    Сринагар (Индия) шаарында өткөн "Мистер Кашмир" сынагындагы бодибилдерлер

  • Нью-Йорктогу Рокфеллер борборуна орнотулчу жаңы жылдык балаты
    © REUTERS / EDUARDO MUNOZ

    Нью-Йорктогу Рокфеллер борборуна орнотулчу жаңы жылдык балаты

  • Франциялык абада калкуучу Реми Оврард төрт чакырым бийиктиктеги шардын үстүндө турат
    © AFP 2021 / GUILLAUME SOUVANT

    Франциялык абада калкуучу Реми Оврард төрт чакырым бийиктиктеги шардын үстүндө турат

  • Ырчы жана актриса Леди Гага Гуччи үйү тасмасынын бет ачарында
    © REUTERS / HENRY NICHOLLS

    Ырчы жана актриса Леди Гага "Гуччи үйү" тасмасынын бет ачарында

  • Жер которуп бара жаткан пеликандар. Израиль
    © REUTERS / AMIR COHEN

    Жер которуп бара жаткан пеликандар. Израиль

  • Стамбул шаарында (Түркия) Түрк тилдүү мамлекеттер кеңешин Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) катчылыгынын жаңы штаб-квартирасы ачылды
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

    Стамбул шаарында (Түркия) Түрк тилдүү мамлекеттер кеңешин Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) катчылыгынын жаңы штаб-квартирасы ачылды

  • Чхат Пужа фестивалы учурунда Багмати суусунун жээгинде сыйынып жаткан келин. Непал
    © AFP 2021 / Niranjan Shrestha

    Чхат Пужа фестивалы учурунда Багмати суусунун жээгинде сыйынып жаткан келин. Непал

  • Бишкек World Air Quality рейтингинде дүйнөдөгү абасы кир аймактардын сап башына чыкты. Экинчи орунда Дели (Индия) жана Лахор (Пакистан) турат. Сүрөттө Лахор шаары
    © AFP 2021 / ARIF ALI

    Бишкек World Air Quality рейтингинде дүйнөдөгү абасы кир аймактардын сап башына чыкты. Экинчи орунда Дели (Индия) жана Лахор (Пакистан) турат. Сүрөттө Лахор шаары

  • Нью-Йорктогу Hudson Yards имаратынын үстүндө турган альпинист
    © AP Photo / Seth Wenig

    Нью-Йорктогу Hudson Yards имаратынын үстүндө турган альпинист

  • Көркөмдөп муз тебүү боюнча 2021/2022 — NHK Trophy 2021 мелдешинде япониялык Мисато Комацубара менен Тим Колето бий программасында жетинчи орунду алышты
    © AP Photo / Shuji Kajiyama

    Көркөмдөп муз тебүү боюнча 2021/2022 — NHK Trophy 2021 мелдешинде япониялык Мисато Комацубара менен Тим Колето бий программасында жетинчи орунду алышты

  • Гаитинин Порт-о-Пренсе базарындагы сатуучу товарын көтөрүп бара жатат
    © AP Photo / Matias Delacroix

    Гаитинин Порт-о-Пренсе базарындагы сатуучу товарын көтөрүп бара жатат

  • Карантин бүткөнүн майрамдап сууга секирип жаткан кыз-келиндер. Окленд (Жаңы Зеландия)
    © REUTERS / Fiona Goodall

    Карантин бүткөнүн майрамдап сууга секирип жаткан кыз-келиндер. Окленд (Жаңы Зеландия)

  • Эквадордогу Литорал абагынын жанында телефондо сүйлөшүп жаткан аял. Жакында эле бул түрмөдө көтөрүлүш чыгып, 68 киши каза болгон
    © AFP 2021 / FERNANDO MENDEZ

    Эквадордогу Литорал абагынын жанында телефондо сүйлөшүп жаткан аял. Жакында эле бул түрмөдө көтөрүлүш чыгып, 68 киши каза болгон

Белгилер:
Кыргызстан, Дүйнө, сүрөт, окуя
Тема боюнча
Муз үстүндө чимирилип, абада айланган спортчулар. Японияда тартылган сүрөттөр

Чеберчиликтин туу чокусу! Табияттын таң калтырган 12 керемети

988
  • Жапайы пейзаж жана жаныбарлар жашаган чөйрө категориясында Шиванг Мехтанын Сейилдөөгө чыккан кабылан деген эмгеги финалга чыкты
  • Анага Мохананын Көңүл борборунда сүрөтү Жаш фотосүрөтчү номинациясында жеңүүчү деп табылды
  • Жаныбарларды коргоодогу көйгөйлөр номинациясында Бөлүнгөн жер сүрөтү финалист болду
  • Жаныбарлардын портрети категориясында Мохаммад Мураддын Шаардын жарыгы сүрөтү жеңишке жетти
  • Пратхамеш Гадекар Түндүк жарыгы сүрөтү менен Чыгармачыл табияттын сүрөтү категориясында алдыңкы орунга чыкты
  • Панос Ласкаракис Падышанын майрамы эмгеги менен Жаныбарлардын портрети категориясында финалист болду
  • Шувам Садхухан Мурундан куйрукка чейинки диета кадры менен Жаныбарлардын кылык-жоругу категориясында финалга чыкты
  • Магнус Лундгрен Иллюзионист аталышындагы эмгеги менен Чыгармачыл табияттын сүрөтү номинациясында финалист болду
  • Приянка Рахут Митра Жаныбарлардын кылык-жоругу номинациясында Тег, бул сенби! аталыштагы сүрөтү менен жеңүүчү болду
  • Лакшита Карунаратна Жапайы пейзаж жана жаныбарлар жашаган чөйрө категориясында Монарх эс алууда чыгармасы менен алдыңкы орунга чыкты
  • Анируд Камакери Уктаган жөргөмүш эмгеги менен Жаш фотосүрөтчү категориясынын финалисти болду
  • Махисин Хандын Куугунтукталган аталышындагы сүрөтү Жаныбарларды коргоодогу көйгөйлөр номинациясында жеңишке жетти
Бүгүнкү сүрөт түрмөктө жыл сайын өтүүчү Nature in Focus Photography сынагынын жеңүүчүлөрү менен финалисттеринин эмгектери камтылган. Алардын керемет сүрөттөрүн көрүп, ырахат алыңыз.

Бул масштабдуу сүрөт сынагы дүйнөнүн биологиялык ар түрдүүлүгүнө арналган. Быйыл конкурска 40 өлкөнүн эки миң сүрөтчүсүнөн 18 миңдей эмгек сунушталды. Жеңүүчүлөр "Жаныбарлардын портрети", "Жапайы пейзаж жана жаныбарлар жашаган чөйрө", "Чыгармачыл табияттын сүрөтү", "Жаш фотосүрөтчү", "Жаныбарларды коргоодогу көйгөйлөр" жана "Жаныбарлардын кылык-жоругу" сыяктуу бир нече категория боюнча тандалды.

Сынактын тарыхында алгачкы жолу жалпы жеңүүчүнү тандоо мүмкүн болгон жок. Калыстар тобунун айтымында, эң мыкты сүрөттү тандоо кыйынга турган.

Сынактагы сүрөттөрдү толугу менен көрүүгө болот.

988
  • Жапайы пейзаж жана жаныбарлар жашаган чөйрө категориясында Шиванг Мехтанын Сейилдөөгө чыккан кабылан деген эмгеги финалга чыкты

    "Жапайы пейзаж жана жаныбарлар жашаган чөйрө" категориясында Шиванг Мехтанын "Сейилдөөгө чыккан кабылан" деген эмгеги финалга чыкты

  • Анага Мохананын Көңүл борборунда сүрөтү Жаш фотосүрөтчү номинациясында жеңүүчү деп табылды

    Анага Мохананын "Көңүл борборунда" сүрөтү "Жаш фотосүрөтчү" номинациясында жеңүүчү деп табылды

  • Жаныбарларды коргоодогу көйгөйлөр номинациясында Бөлүнгөн жер сүрөтү финалист болду

    "Жаныбарларды коргоодогу көйгөйлөр" номинациясында "Бөлүнгөн жер" сүрөтү финалист болду

  • Жаныбарлардын портрети категориясында Мохаммад Мураддын Шаардын жарыгы сүрөтү жеңишке жетти

    "Жаныбарлардын портрети" категориясында Мохаммад Мураддын "Шаардын жарыгы" сүрөтү жеңишке жетти

  • Пратхамеш Гадекар Түндүк жарыгы сүрөтү менен Чыгармачыл табияттын сүрөтү категориясында алдыңкы орунга чыкты

    Пратхамеш Гадекар "Түндүк жарыгы" сүрөтү менен "Чыгармачыл табияттын сүрөтү" категориясында алдыңкы орунга чыкты

  • Панос Ласкаракис Падышанын майрамы эмгеги менен Жаныбарлардын портрети категориясында финалист болду
    © Photo / Panos Laskarakis / Nature inFocus 2021

    Панос Ласкаракис "Падышанын майрамы" эмгеги менен "Жаныбарлардын портрети" категориясында финалист болду

  • Шувам Садхухан Мурундан куйрукка чейинки диета кадры менен Жаныбарлардын кылык-жоругу категориясында финалга чыкты
    © Photo / Shuvam Sadhukhan / Nature inFocus 2021

    Шувам Садхухан "Мурундан куйрукка чейинки диета" кадры менен "Жаныбарлардын кылык-жоругу" категориясында финалга чыкты

  • Магнус Лундгрен Иллюзионист аталышындагы эмгеги менен Чыгармачыл табияттын сүрөтү номинациясында финалист болду
    © Photo / Magnus Lundgren / Nature inFocus 2021

    Магнус Лундгрен "Иллюзионист" аталышындагы эмгеги менен "Чыгармачыл табияттын сүрөтү" номинациясында финалист болду

  • Приянка Рахут Митра Жаныбарлардын кылык-жоругу номинациясында Тег, бул сенби! аталыштагы сүрөтү менен жеңүүчү болду
    © Photo / Priyanka Rahut Mitra / Nature inFocus 2021

    Приянка Рахут Митра "Жаныбарлардын кылык-жоругу" номинациясында "Тег, бул сенби!" аталыштагы сүрөтү менен жеңүүчү болду

  • Лакшита Карунаратна Жапайы пейзаж жана жаныбарлар жашаган чөйрө категориясында Монарх эс алууда чыгармасы менен алдыңкы орунга чыкты

    Лакшита Карунаратна "Жапайы пейзаж жана жаныбарлар жашаган чөйрө" категориясында "Монарх эс алууда" чыгармасы менен алдыңкы орунга чыкты

  • Анируд Камакери Уктаган жөргөмүш эмгеги менен Жаш фотосүрөтчү категориясынын финалисти болду

    Анируд Камакери "Уктаган жөргөмүш" эмгеги менен "Жаш фотосүрөтчү" категориясынын финалисти болду

  • Махисин Хандын Куугунтукталган аталышындагы сүрөтү Жаныбарларды коргоодогу көйгөйлөр номинациясында жеңишке жетти

    Махисин Хандын "Куугунтукталган" аталышындагы сүрөтү "Жаныбарларды коргоодогу көйгөйлөр" номинациясында жеңишке жетти

Белгилер:
конкурс, табият, фото, сүрөт, дүйнө
Тема боюнча
Күн чачыраган тоолор... Түндүк — Түштүк жолундагы керемет табияттын видеосу
Кыргызстандын керемет табияты италиялык фотографтын көзү менен. Сүрөт, видео

Бишкекте парламенттик шайлоонун жүрүшүн көрсөткөн 15 сүрөт

273
(жаңыланган 16:14 28.11.2021)
  • Бишкектин № 1213 шайлоо участогундагы БШК кызматкери менен байкоочулар
  • Жалпысынан Кыргызстан боюнча 2 435 шайлоо участогу ачылган. Мындан сырткары, чет мамлекеттердеги мекендештер үчүн 29 өлкөдө 59 шайлоо участогу уюштурулган.
  • Бул ирет шайлоочулар жаңы эреже менен добуш беришет. 54 талапкер партия тизмеси менен шайланса, 36сы Жогорку Кеңешке бир мандаттуу округдан барат.
  • Шайлоо участокторунда добуш берүүчүлөр дезинфекциядан өтүүдө
  • Добуш берүүдөн мурда ар бир жаран биометрикалык идентификациядан өтөт
  • Шайлоо участкасында иштегендер келгендердин ар бирине добуш берүү эрежесин түшүндүрүп жатат
  • Бюллетенди толтуруп бүткөн соң аны АСУга (автоматтык эсептөө урнасы) салышат
  • Добуш берүүгө келген бишкектик кыз
  • Шайлоочулардын арасында улгайгандары, жаштары дагы бар
  • Президент Садыр Жапаров жубайы Айгүл Жапарова менен Чоң-Арык айылындагы № 1053 шайлоо участкасына барып добуш берген. Өлкө башчы элге кайрылып, келечекке кайдыгер карабай, шайлоого активдүү катышууга чакырган
  • Шайлоочулар өздөрүн тизмеден тактап жатат
  • Ар бир келген шаар тургунунун дене табы текшерилүүдө
  • Бардык шайлоо участкаларында добуш берүү эрежесин түшүндүргөн схема илинген
  • Сүрөттөгү апа эки бюллетенди алып, добуш берүүнүн алдында турат
  • Талапкерин жана каалаган партиясына добушун берип, бюллетенди урнага салууга камынган жигит
Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган сүрөт түрмөктөн Бишкектин тургундары парламенттик шайлоого кандай катышып жатканын көрө аласыздар.

Бүгүн, 28-ноябрда, Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтүп жатат. Бул ирет шайлоочулар жаңы эреже менен добуш беришет. 54 талапкер партия тизмеси менен шайланса, 36сы Жогорку Кеңешке бир мандаттуу округдан барат.

БШКнын маалыматына караганда, саат 14:00гө карата шайлоочулардын 16,27 пайызы добуш берди. Бул 602 432 кыргызстандык шайлоого катышканын түшүндүрөт.

Парламенттик шайлоонун жүрүшүнө эл аралык 730 байкоочу көз салууда. Жалпысынан Кыргызстан боюнча 2 435 шайлоо участогу ачылган. Мындан сырткары, чет мамлекеттердеги мекендештер үчүн 29 өлкөдө 59 шайлоо участогу уюштурулган.

Президент Садыр Жапаров жубайы Айгүл Жапарова менен Чоң-Арык айылындагы № 1053 шайлоо участкасына барып добуш берди. Андан соң өлкө башчы элге кайрылып, келечекке кайдыгер карабай, шайлоого активдүү катышууга чакырган. Ал жактан чыгары менен мамлекет башчы Экономикалык кызматташтык уюмунун (ЭКУ) 15-саммитине катышуу үчүн Түркмөнстанга учуп кетти.

Партиялык тизме боюнча добуш берүүгө 3,7 миллион кыргызстандык кирген (бул сандын ичинде чет өлкөдөгү мекендештер дагы бар). Ал эми бир мандаттуу округ боюнча тизмеге 3,6 миллион адам кирген (мында чет жактагы кыргызстандыктар жок, анткени алар партиялык тизмеге гана добуш бере алышат).

 

273
  • Бишкектин № 1213 шайлоо участогундагы БШК кызматкери менен байкоочулар
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Бишкектин № 1213 шайлоо участогундагы БШК кызматкери менен байкоочулар

  • Жалпысынан Кыргызстан боюнча 2 435 шайлоо участогу ачылган. Мындан сырткары, чет мамлекеттердеги мекендештер үчүн 29 өлкөдө 59 шайлоо участогу уюштурулган.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Жалпысынан Кыргызстан боюнча 2 435 шайлоо участогу ачылган. Мындан сырткары, чет мамлекеттердеги мекендештер үчүн 29 өлкөдө 59 шайлоо участогу уюштурулган.

  • Бул ирет шайлоочулар жаңы эреже менен добуш беришет. 54 талапкер партия тизмеси менен шайланса, 36сы Жогорку Кеңешке бир мандаттуу округдан барат.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Бул ирет шайлоочулар жаңы эреже менен добуш беришет. 54 талапкер партия тизмеси менен шайланса, 36сы Жогорку Кеңешке бир мандаттуу округдан барат.

  • Шайлоо участокторунда добуш берүүчүлөр дезинфекциядан өтүүдө
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Шайлоо участокторунда добуш берүүчүлөр дезинфекциядан өтүүдө

  • Добуш берүүдөн мурда ар бир жаран биометрикалык идентификациядан өтөт
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Добуш берүүдөн мурда ар бир жаран биометрикалык идентификациядан өтөт

  • Шайлоо участкасында иштегендер келгендердин ар бирине добуш берүү эрежесин түшүндүрүп жатат
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Шайлоо участкасында иштегендер келгендердин ар бирине добуш берүү эрежесин түшүндүрүп жатат

  • Бюллетенди толтуруп бүткөн соң аны АСУга (автоматтык эсептөө урнасы) салышат
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Бюллетенди толтуруп бүткөн соң аны АСУга (автоматтык эсептөө урнасы) салышат

  • Добуш берүүгө келген бишкектик кыз
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Добуш берүүгө келген бишкектик кыз

  • Шайлоочулардын арасында улгайгандары, жаштары дагы бар
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Шайлоочулардын арасында улгайгандары, жаштары дагы бар

  • Президент Садыр Жапаров жубайы Айгүл Жапарова менен Чоң-Арык айылындагы № 1053 шайлоо участкасына барып добуш берген. Өлкө башчы элге кайрылып, келечекке кайдыгер карабай, шайлоого активдүү катышууга чакырган
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

    Президент Садыр Жапаров жубайы Айгүл Жапарова менен Чоң-Арык айылындагы № 1053 шайлоо участкасына барып добуш берген. Өлкө башчы элге кайрылып, келечекке кайдыгер карабай, шайлоого активдүү катышууга чакырган

  • Шайлоочулар өздөрүн тизмеден тактап жатат
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Шайлоочулар өздөрүн тизмеден тактап жатат

  • Ар бир келген шаар тургунунун дене табы текшерилүүдө
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Ар бир келген шаар тургунунун дене табы текшерилүүдө

  • Бардык шайлоо участкаларында добуш берүү эрежесин түшүндүргөн схема илинген
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Бардык шайлоо участкаларында добуш берүү эрежесин түшүндүргөн схема илинген

  • Сүрөттөгү апа эки бюллетенди алып, добуш берүүнүн алдында турат
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Сүрөттөгү апа эки бюллетенди алып, добуш берүүнүн алдында турат

  • Талапкерин жана каалаган партиясына добушун берип, бюллетенди урнага салууга камынган жигит
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Талапкерин жана каалаган партиясына добушун берип, бюллетенди урнага салууга камынган жигит

Белгилер:
Кыргызстан, шайлоо, сүрөт, добуш берүү, байкоочу, эреже
Тема:
Жогорку Кеңешке шайлоо 2021
Тема боюнча
Акылбек Жапаров партияларга бейиш эле эмес, тозок да бар экенин эскертти
Шайлоодон уткан кээ бир талапкерлерге мандат берилбей калышы мүмкүн. Себеби
Бекматов: парламенттик шайлоого элдин катышуусу төмөн болууда
Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун эпидемиологу Асел Акымбаева

Антибиотик дарыны тоготпогон ооруларды пайда кылат. Эпидемиолог Акымбаеванын маеги

226
(жаңыланган 21:44 30.11.2021)
Адис коомчулукту антибиотиктерди башаламан пайдаланбоого чакырат. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму да аталган препараттарды туура эмес колдонуудан улам организм дары-дармектерди кабыл албай каларын эскертип келет.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун эпидемиологу Асел Акымбаева менен антибиотиктин ден соолукка тийгизген таасири, туура эмес пайдалануунун кесепети тууралуу баарлашты.

— Антибиотиктин зыяндуу жагын коомчулукка түшүндүрүү үчүн кандай иштер жасалууда?

— Жакында эле антибиотикти туура колдонуу боюнча жумалык өттү. Иш-чараны Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму уюштурган. Анын алкагында препаратты ашыкча колдонуунун кандай кесепеттери бар экендиги жөнүндө тегерек стол, талкуулар өткөрүлүп, элге да маалымат берилди. Дүйнө эли антибиотикти ушул темпте башаламан колдоно берсе, 2050-жылга чейин 100 миллион адамдын өмүрүн алып кетиши мүмкүн. Учурда мунун кесепетинен жылына 200 миң адам көз жумат. Алдыда бул көрсөткүч беш эсе көбөйүшү мүмкүн. Акыркы 10 жылдын ичинде антибиотикти колдонуу 36 пайызга өстү. Дүйнөдө бул препаратты көп пайдаланган өлкөлөргө Россия, Кытай, Индия, Бразилия кирет. Кыргызстанда дагы керектөө өсүп жатат. Элибиздин 48 пайызы дарыгердин көзөмөлүсүз, интернеттен карап же бирөөдөн угуп эле дары иче берет. Ушундай көрүнүштөрдөн улам организмде башка оорулардын пайда болушуна өбөлгө түзүлүүдө. Дары сатып аларда дарыгерге кайрылып, алардын берген рецепти менен ичүү абзел. Өзгөчө балдарды абайлаш керек. Өлкө аймагында өнөкөт оорусу бар адамдардын 74 пайызы дарыгер бир жыл мурда жазып берген рецепт менен антибиотик сатып алып ичет. Дарыгерлер адамдын салмагына жараша канча күн, күнүнө канча маал, тамактан кийин же ага чейин ичүү керектигин аныктайт. “Кымбат дары болчу, калтырбай ичип салайын” дегендер да бар. Антибиотикти туура эмес пайдалануу кооптуу жана бара-бара адамда дарыны тоготпогон ооруларды пайда кылат.

Врач-эпидемиолог Республиканского центра укрепления здоровья Асел Акимбаева в офисе
© Фото / Андрей Новоселов
Асел Акымбаева: өлкө аймагында өнөкөт оорусу бар адамдардын 74 пайызы дарыгер бир жыл мурда жазып берген рецепт менен антибиотик сатып алып ичет

— Антибиотик эмнеси менен кооптуу?

— Антибиотик — бул бактерияларга каршы препарат. Ал вирустук оорулардан сакайып кетүүгө жардам бербейт. Азыр биз тумоолоп же дагы башка жугуштуу оору менен оорусак эле антибиотик ичип жатабыз. Мындан улам оорунун саны көбөйүүдө. Мисалы, кургак учуктун, ичеги инфекцияларынын жана жугуштуу оорулардын айыкпас оор түрү келип чыгууда.

— Антибиотик кайсы оорулар үчүн колдонулат?

— Вирустук инфекция күчөп кетсе, дарыгер бейтаптын абалына жараша айрым учурда антибиотик жазып бериши мүмкүн. Негизи дене табын түшүрүү үчүн да антибиотик колдонууга болбойт. Вирустук инфекциянын жеңил түрү менен ооруган адам үч-беш күндө өзү сакайып кетет. Учурда бөбөктөргө эң күчтүү, 3-4-муундагы препараттарды сайып жатышат. Мындайга жеткирбеш үчүн ата-энелер ириде баланын иммунитетин көтөрүүгө, тамак-ашына көңүл бурууга аракет кылышы керек. Ооруну дарылоого караганда алдын алуу жеңил. Күчтүү антибиотиктер балдарды ашыкча салмак алууга алып келет.

— Канча убактан кийин бактерия дарыны тоготпой калышы мүмкүн?

— Азыр антибиотик медицинада эле эмес, өндүрүштө да колдонулуп калган. Мисалы, айыл чарба жаатында, ветеринарияда, косметологияда пайдаланылат. Жадагалса канаттууларга, аарыларга да берилери белгилүү. Мунун баары айланып келип эле адамга таасирин тийгизет. Ичеги-карында иммунитетти көтөрүп турган пайдалуу бактериялар бар. Антибиотик ашыкча колдонулса, ошол керектүү бактерияларды өлтүрүп, иммунитет түшөт. Андан кийин ал ичегини сезгентип, ич өтүүгө алып келет. Антибиотиктер аллергиялык ооруларга да кептейт жана кулактын угуусун начарлатат. Ушул өңдүү көп терс таасирлери бар.

Врач-эпидемиолог Республиканского центра укрепления здоровья Асел Акимбаева в офисе
© Фото / Андрей Новоселов
Асел Акымбаева: “Кымбат дары болчу, калтырбай ичип салайын” дегендер да бар. Антибиотикти туура эмес пайдалануу кооптуу жана бара-бара адамда дарыны тоготпогон ооруларды пайда кылат

Негизи бактериялар дароо эле дарыны тоготпой калбайт. Көп жолу туура эмес колдонуудан улам бара-бара оорунун туруктуу формалары келип чыгат. Мисалы, эртең менен дары ичүүнү унутуп калса, кечинде эки дозаны бир ичип алуу туура эмес. Маалы өтүп кетсе жок дегенде дары иче турган убакка үч саат калганда ичсе болот. Негизи ар кайсы антибиотиктин аралыгы ар кандай. Бул оорунун абалына жана түрүнө жараша болот.

— Биздин жарандар каалаган учурда, каалаган дарыны сатып ала берет. Буга көзөмөл жок. Мунун да зыяны тийип жатса керек?

— 2014-жылы “антибиотиктер башаламан сатылбасын” деген токтом чыккан. Бирок ал документ иш жүзүндө аткарылган жок. Анткени жеке менчик ишканаларды, дарыканаларды уруксатсыз текшерүүгө мораторий жарыяланган. Текшериле турган болсо 10 күн мурда кабардар кылып, анан баруу керек. Негизи дары-дармектердин рецепт менен сатылганы туура. Рецепт да оңдолуп кайра жазылбай, врачтын мөөрү менен болушу керек.

— Азыр аталышы жана баасы ар башка, бирок бир типтеги антибиотиктер кездешет. Бул дарылардын баасы анын сапатына таасир этеби?

— Негизи антибиотиктердин тогуз катары бар. Алардын сырткы кутусун өзгөртүп туруп эле айрым фармацевтикалык компаниялар акча жасап жатат десем болот. Баасында айырма болгону менен ички курамы бирдей эле, бирок дарыгер жазып жаткандан кийин алууга туура келет.

Врач-эпидемиолог Республиканского центра укрепления здоровья Асел Акимбаева в офисе
© Фото / Андрей Новоселов
Асел Акымбаева: антибиотик ашыкча колдонулса, ошол керектүү бактерияларды өлтүрүп, иммунитет түшөт. Андан кийин ал ичегини сезгентип, ич өтүүгө алып келет. Антибиотиктер аллергиялык ооруларга да кептейт жана кулактын угуусун начарлатат

— Дары-дармек алып жатып адам эмнеге көңүл бөлүшү керек?

— Антибиотик ичип жатканда дарыгер жазып берген дары тамактан кийинби же ага чейинби, көрсөтмөлөрүн карап, так аткарышыбыз керек. Негизи тоюп алып, антибиотик алган анчалык кооптуу эмес. Рационго сүт азыктарын кошуу туура болот. Алар биздеги керектүү бактерияларды калыбына келтирет. Айранда флораны калыбына келтирүүчү пайдалуу бактериялар бар.

226
Белгилер:
антибиотик, дары-дармек, дарыкана, Асел Акымбаева
Тема боюнча
Эпидемиолог Оторбаева: быйылкы сасык тумоо башкача
Балага ата-энесинин ажырашканы эки курагында өтө оор тиет. Психологдун маеги