Адамзатты таң калтырган жапайы табият. Тандамал 13 сүрөт

1036
European Wildlife Photographer of the Year сынагынын мыкты деп табылган бир нече сүрөтү жарыяланды. Аларды карап эле тургуң келет.

Немец коому European Wildlife Photographer of the Year 2021 деп аталган сынактын негизинде табият сүрөттөрүн мыкты тарткандарды жарыялады. Биринчи орун испаниялык Анхель Фиторго "Медузалар балети" үчүн берилди. Автор мындай идея алты жыл мурда жаралгандыгын айтып берди. Жапайы жаратылыштын адам байкай бербеген сүрөттөрүн Sputnik Кыргызстандын топтомунан көрсөңүз болот.

 

1036
  • Калыстар тобу Анхель Фиторго "Медузалар балети" үчүн "Мыкты автор" деген наам ыйгарды. Сүрөтчү мындай идея алты жыл мурда жаралгандыгын айтып берди. Кадрдан суунун үстүндөгү 11 медузаны көрүүгө болот.

  • Британиялык фотограф Дэнни Гриндин After the rain ( "Жаандан кийин") эмгеги да алдыңкы орунга татыды

  • Арктикага багыт алган каздар жазында Норвегияга миңдеп уя салат ( Шпицберген аралы). Норвегиялык Терье Колаастын "Канаттуулардын жер которушу" деп аталган сүрөтү.

  • Сүрөт "Жазгы ырчы" деп аталат. Автор Андрес Луис Домингес Бланко "14 жашка чейинки жаш сүрөтчүлөрдүн эмгеги" категориясында мыкты деп тандалган.

  • © Photo / Anette Mossbacher

    Пейзаж. "Өмүр дарагы". Автор — фотограф Анетт Моссбахер.

  • Жер үстүнүн 71 пайызы суу менен капталган. Океандар, деңиздер, дарыялар жашоонун көркү. "Суу алдындагы дүйнө" категориясында Фабриса Гериндин эмгеги мыкты деп тандалды.

  • Уганда. Чегирткеден нсенене деп аталган тамакты жасап жаткан адам. Аны тазалап, жууп, башка эмес, өзүнүн майына кууруп, туз сээп, пияз кошуп коет.

  • Тобиас Рихтердин "Бубак" деп аталган эмгеги

  • Франциянын Альп тоолорундагы тоо эчкилер. Сүрөт жайында тартылган.

  • Испан сүрөтчүсү Франсис де Андренин "Босс" деп аталган эмгеги

  • "Башкы жаныбарлар" категориясындагы мыкты эмгек. Буга сойлогон, учкан жаныбарлардын, чымын-чиркейлердин, жөргөмүштөрдүн ж.б. сүрөттөрү киргизилген.

  • "Адам жана жаратылышка" дайвер Магну Лундгрендин мыкты эмгектери киргизилген

  • Фин фотографы Лассе Куркеланын "Сибирь таранчысынын канат күүлөшү" 15-17 жаштагы сүрөтчүлөрдүн жараткан эмгектеринин арасында мыкты деп табылды

Белгилер:
сүрөт, жаратылыш, сынак, фотограф
Тема боюнча
Кыргызстандын керемет табияты италиялык фотографтын көзү менен. Сүрөт, видео

Турмуш жолуна аттанган түгөйлөрдүн адаттан башкача сүрөттөрү

1207
Өтүп бара жаткан жумада баш кошкондордун сүрөттөрүн тарткан фотографтардын эл аралык XII I— International Wedding Photographer Of The Year деп аталган эл аралык сынагы болду.

58 өлкөдөн келген 400дөн ашуун фотографтар ар кыл категорияда тарткан сүрөттөрү менен катышты. Сынак 2017-жылы Австралияда түптөлгөн. Максаты — дүйнөдөгү мыкты сүрөттөрдү аныктоо.

Быйыл Гран-прини италиялык Фабио Мирулла алды. Колуктунун түстүү эмес, ак жана кара өңдө тартылган, жарык бергич менен денеси жабылган сүрөтү бул категориядагы мыкты эмгек деп бааланды.

Sputnik Кыргызстан конкурска катышып, байгеге илинген сүрөттөрдүн ичинен бир нечесин тандап, окурмандарга сунуштады.

 

1207
  • Сынактагы Гран-при ээси италиялык Фабио Мирулла жиберген сүрөттү тартып жатканда өзү да таасирленгендигин айткан. Турмушка чыгар алдында сулууланып жаткан селкинин өзгөчө ыкма менен тартылган сүрөтү көптөрдү кайдыгер калтырбайт

  • Канадалык фотограф Эндю Павлидистин бул сүрөттү тартууга көп эмгек жумшаганы көрүнүп турат. Бул түгөйлөр 3000 метр бийиктикте, тоолордун башында баш кошкон

  • Америкалык Кен Пак түгөйлөрдүн көлөкөсүн чатырдын сыртынан тартып алган. Күн батып бара жатканда Пак "кармап алган" ирмемдер ага байге алып берген

  • Шри-Ланкадагы үйлөнүү салтанатына бара жаткандардын кадимки эле көрүнүшү. Бирок сүрөттү үңүлүп карай келгенде анын өзгөчөлүгүн байкоого болот. Автор Харша Мадуранга Джаясекара

  • Бул сүрөттөгү түгөйлөр кинонун эпизоддорун элестетет. Фотограф Мика Паника жамгыр жаап туруп алгандыктан колуктунун маанайы бузулгандыгын, бирок сүрөтчү баары бир көңүл көтөргөн кооз жерди тапкандыгын айтып берген

  • Түштүк Африкадан жиберилген сүрөт. Фотограф Руан Ределингуйс бул эмгегин тоо тарапта, туман каптап турган учурда жасалган эң сонун кадр деп эсептерин айткан

  • Жаңы зеландиялык Майкл Кук колуктунун болочоктогу күйөөсү менен жолугар алдында элдик каада-салттан "өтүп" жаткан учурун тартып алган

  • Исландиялык Наталья Микалайчик "Түгөйлөрдүн портрети" номинациясында жеңүүчү болгон. Жээк, жаштардын ары жагында түрүлүп келе жаткан ири толкун жана шамал учурган колуктунун жакшынакай көйнөгү

  • Жашоо деген дал ушундай эбегейсиз нерсе. Ал эми чоң турмушка аттанган бул жигит менен кыз алгач, береги сүрөттөгүдөй коомдун кичинекей гана бөлүкчөсү. Эгерде ааламды багындырам десе, баары алардын колунда. Автор — америкалык Сергей Лапковски

  • Жүрөктү элжиреткен сүрөт! Үйлөнүү салтанатына келген чоң коноктордун — сүйкүмдүү бөбөктөрдүн отурган учуру. Автор — австралиялык Крис Желлард

  • Эки жаш. Дагы бир сонун эмгектердин бирин франциялык Гаэль Мехют тарткан

Белгилер:
Австралия, сүрөт, сынак
Тема боюнча
Өзүнө тартып, кыя өткөрбөй... Чыгыш бийинде термелген кыздар

Кыргыздардын тунгуч блокбастери. "Буктурма" тасмасындагы кызыктуу ирмемдер

293
  • Басмачылардын башчысынын ролун аткарган белгилүү актёр Салават Исхаков
  • Кинокартина тоолуу аймакта, республиканын булуң-бурчунда тартылган
  • Киночуларды башкарган кинорежиссёр
  • Буктурмада өткөн кылымдын 20-жылдарындагы коомдук саясий абал экрандаштырылган
  • Кинофильмде Геннадий Базаров өзбек чекисттин образын жараткан
  •  Жан-жөкөрлөрүн ээрчитип алган басмачылардын башчысы Бостонкул
  • Тасмада курал-жарак, каармандардын мушташын, атышканын көрүүгө болот
  • Операторлук милдетти Валерий Виленский аткарган
  • Бийик тоолуу аймакта кызуу иштеген киночулар
  • Атчан актёрлор Николай Дупак менен Игорь Ледогоров
  • Буктурма фильми Базаровдун Саманчынын жолунан кийинки ири эмгеги болгон
  • Киношедевр 1970-жылы СССР боюнча көп көрүүчүлөрдү өзүнө тарткан тасма аталган
КРдин эл артисти, белгилүү режиссёр Геннадий Базаров 1969-жылы "Буктурма" тасмасын тарткан. Ал эмгек ата мекендик кинематографиянын тарыхында жаралган биринчи блокбастер болгон.

"Буктурма" фильминин сценарийин Хасан Булатов, Герасим Дегальцев, Асан Шершенов жазган. Тасмада өткөн кылымдын 20-жылдарындагы өлкөдөгү коомдук-саясий абал баяндалат. Анын режиссёру Геннадий Базаров болуп, операторлук милдетти Валерий Виленский аткарган. Совет бийлиги менен басмачылардын тиреши, чек арачылардын оор иши көрсөтүлөт.

Базаровдун ал фильми кыргыз киночулары жараткан блокбастер жанрындагы биринчи эмгек болчу. Анда Игорь Ледогоров, Салават Исхаков, Владимир Балон, Афанасий Кочетков, Николай Дупак, Медел Маниязов, Леонид Ясиновский, Ашыралы Боталиев, Абдыашым Көбөгөнов, Иван Кузнецов роль жараткан.

СССРде кинокартинанын популярдуулугу артып, көп көрүүчүлөрдү өзүнө тарткан тасмалардын сап башына чыгып, мамлекетке бир топ киреше алып келген.

"Кыргыз керемети" жөнүндө кызыктуу материалды Sputnik Кыргызстандын материалынан окуңуздар.

293
  • Басмачылардын башчысынын ролун аткарган белгилүү актёр Салават Исхаков
    © Sputnik / Александр Федоров

    Басмачылардын башчысынын ролун аткарган белгилүү актёр Салават Исхаков

  • Кинокартина тоолуу аймакта, республиканын булуң-бурчунда тартылган
    © Sputnik / Александр Федоров

    Кинокартина тоолуу аймакта, республиканын булуң-бурчунда тартылган

  • Киночуларды башкарган кинорежиссёр
    © Sputnik / Александр Федоров

    Киночуларды башкарган кинорежиссёр

  • Буктурмада өткөн кылымдын 20-жылдарындагы коомдук саясий абал экрандаштырылган
    © Sputnik / Александр Федоров

    "Буктурмада" өткөн кылымдын 20-жылдарындагы коомдук саясий абал экрандаштырылган

  • Кинофильмде Геннадий Базаров өзбек чекисттин образын жараткан
    © Sputnik / Александр Федоров

    Кинофильмде Геннадий Базаров өзбек чекисттин образын жараткан

  •  Жан-жөкөрлөрүн ээрчитип алган басмачылардын башчысы Бостонкул
    © Sputnik / Александр Федоров

    Жан-жөкөрлөрүн ээрчитип алган басмачылардын башчысы Бостонкул

  • Тасмада курал-жарак, каармандардын мушташын, атышканын көрүүгө болот
    © Sputnik / Александр Федоров

    Тасмада курал-жарак, каармандардын мушташын, атышканын көрүүгө болот

  • Операторлук милдетти Валерий Виленский аткарган
    © Sputnik / Александр Федоров

    Операторлук милдетти Валерий Виленский аткарган

  • Бийик тоолуу аймакта кызуу иштеген киночулар
    © Sputnik / Александр Федоров

    Бийик тоолуу аймакта кызуу иштеген киночулар

  • Атчан актёрлор Николай Дупак менен Игорь Ледогоров
    © Sputnik / Александр Федоров

    Атчан актёрлор Николай Дупак менен Игорь Ледогоров

  • Буктурма фильми Базаровдун Саманчынын жолунан кийинки ири эмгеги болгон
    © Sputnik / Александр Федоров

    "Буктурма" фильми Базаровдун "Саманчынын жолунан" кийинки ири эмгеги болгон

  • Киношедевр 1970-жылы СССР боюнча көп көрүүчүлөрдү өзүнө тарткан тасма аталган
    © Sputnik / Александр Федоров

    Киношедевр 1970-жылы СССР боюнча көп көрүүчүлөрдү өзүнө тарткан тасма аталган

Белгилер:
режиссер, Геннадий Базаров, сүрөт, тасма, кино тасма
Тема боюнча
Кыргыз киносунун багын ачкан чолпон жылдыздар. Генийлердин сүрөттөрү
Согушка жибербей коюшкан. Турдакун Усубалиевдин сүрөттө калган элеси
Өз киндигин өзү кесип жетилген. Исхак Раззаковдун сүрөттө калган ирмемдери
Шаарга таң калган эки кемпир. "Лифти бар үйдөгү тепкичтер" тасмасынан ирмемдер
Вашингтондогу Капитолий имараты. Архивдик сүрөт

Путинден америкалыктар эмне күтүп, кандай коркутууларга барат?

5
Эртең, 7-декабрда, Россия жана АКШ президенттери видеобайланыш аркылуу сүйлөшөт. Аны утурлай таасирдүү Atlantic Council аналитикалык борбору Байден үчүн бүтүндөй бир сценарий түздү.

Америкалыктардын каалаганы эмне? Эң оболу Россия тезинен Украина менен чек арасынан күчтөрүн алып кетишин күтөт. Бирок алар өз өлкөсүнүн аймагында экенин Кошмо Штаттар эстен чыгарып жатышат. Ошол эле учурда украиналык күчтөр туурасында бир ооз да сөз жок. Киев өзүнүн Куралдуу күчтөрүн Донбасстан чыгарып кетүүгө милдеттенме да албайт. Виктория Никифорованын эки держава лидерлеринин эртеңки баарлашуусунун алдында жагдайды талдоосу РИА Новости сайтына жарык көргөн.

Батыштын оюнда Россия Украинаны "коркутканын" токтотууга тийиш. Ал эми Украина аймагына америкалык жана британиялык аскердик базалар, жашыруун биолабораториялардын жайната курулуп, америкалыктар өндүрүштүк масштабда "Жавелиндерди" түшүрүп, НАТО өлкөлөрү да оолак карманган комплекстүү аскердик кызматташтыкка умтулуп жатканына көз жумуп коюушу керек экен. Ал тургай Россия аталган мамлекетти газ, көмүр жана башка эмнеге муктаж болсо, баары менен үзгүлтүксүз жабдууга милдеттүү деп эсептешет.

НАТОго мүчө болушун кубаттап же куру дегенде унчукпай моюн сунушун көксөшөт. Россия булардын баарын аткарса, Кошмо Штаттар Минск келишимдерин өзү кошо ишке ашырууну убада кылат. Болгону алар Минскиде кол коюлуп, Германия жана Франция тарабынан кепилденген келишимдер эмес.

Америкалык версиясында Донбассты "эл аралык зонага айлантуу" сунушталат. Республикалардын Украинанын өзгөчө макамы жөнүндөгү жана өлкөнүн тышкы саясатына вето коюу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу саясий талаптары канааттандырылбайт. ЛТР жана ДТРдин жетекчилигин толук бойдон "өткөөл учурдун эл аралык жарандык администрациясы" менен алмаштыруу болжонот.

Кошуундар куралсыздандырылып, милиция таратылат. Бул түзүмдөрдүн ордун эл аралык тынчтык орнотуучулар басат. Алардын көзөмөлүндө Донбасста шайлоо өтүп, "кесипкөй полиция" түптөлөт. Ошентип Украина-Россия чек арасындагы көзөмөл акырындап кайсы бир эл аралык тынчтык орнотуучулардын колуна өтөт. Минск келишимдеринде так жазылган шарттардын эч бири аткарылбастан, көзөмөл алардын колунан Киевге берилет.

Эгер Россия буга көнсө, Вашингтон Киевге азыраак курал берип, Россиядан санкциялардын бир бөлүгүн алууну, НАТО менен Россиянын ортосундагы өз ара аракеттешүүнү жөнгө салууну убада кылат. Ал эми Россия бул талаптарды аткаруудан баш тарта турган болсо, Украинаны курал-жарак менен жабдууну уланта берет. "Жавелиндерден" сырткары, тизмеде — абадан коргонуу жана жээктеги күзөт тутумдары, радиоэлектрондук система жана каражаттар, контрартиллериялык жана контрбатареялык радарлар бар.

НАТО күчтөрү Украинада ротациялык негизде калат, ал эми украиналык армияны "Россияны ооздуктоо" максатында тескөө түндүк атлантикалык альянстын келерки жылга карата стратегиясынын эң башкы артыкчылыгы болмокчу. Бул жаатта Франция жана Германия кандай пикирде экени эске да алынбайт.

Узак мөөнөттүү планда Россияны Батыш аныктаган "агрессиясы" үчүн санкциялар менен муунтууну улантышат. Анткен менен 2014-жылдагы санкциялар топтому да, 2019-жылдагы "тозоктон келген санкциялар" да Россиянын саясатын өзгөртө алган эмес. Буга ынанууга убакыт жетиштүү эле болду.

Жаңы экономикалык кысымдын жаңы чараларында "Газпром" жана анын "бутактары" үчүн каржылоого тыюу салуу камтылат. Ошол эле убакта Европага газ жеткирүүнү толук бөгөттөөгө жол берилбейт. Каржылык акциялардын кеңири түрү "Роснефтинин" филиалдарына каршы багытталган жана "Сургутнефтегаз" менен "Новатэкти" да курмандыкка чалуу сунушталат.

Россиянын тоо-кен өндүрүшү жана металлургиясына азырынча санкция толук масштабда коюла элек. Atlantic Council "Евраз" жана "Алрос", ошондой эле россиялык камсыздандыруучу ири "Согаз" жана "Совкомфлот" ишканасына көңүл бурууга үндөйт. Анан да, албетте, "Түндүк агым — 2" долбоорун да унуткарышкан эмес. Америкалыктардын пикиринде, бул "жаман демилге" болгон, ал эми "Россияны ооздуктоо" чарасы Германиядан аталган долбоордун ишине мораторий коюуну талап кылат.

Ошондой эле Россияны SWIFT системасынан өчүрүү сунушу кайрадан калкып чыкты. "Бул тема дале четке кагыла элек, акыркы чара болот," — деди Киевдеги америкалык мурдагы элчи Жон Хербст. "Ооба, европалык компаниялар санкциялар процессинде кыйынчылыктарга тушугат, — деп моюнга алышат америкалык аналитиктер. — Бирок путиндик агрессияга каршы турууга чечкиндүүлүк — бул Кремлди ооздуктоонун мыкты ыкмасы". Белгилүү болгондой, "биргелешкен аракеттер" деген түшүнүк Atlantic Council борборунун эң көп оозанганы.

Америкалыктардын союздаштары Франция жана Германия НАТОго Украинанын мүчөлүгүнө каршы. Европалыктар жосунсуз санкциялардын айынан россиялык газды алууда үзгүлтүктөрдөн жапа чегүүнү каалашпайт. Бул чектөөлөр Россияга караганда аталган биримдик мейкиндигиндеги экономиканы талкалоодо. Эч ким — европалыктар да, америкалыктар да, украиналыктар да Вашингтондун буйругу менен согушууну каалабайт.

Россия эртеңки баарлашууга буларга карама-каршы шарттар менен камынууда. РФ кызыл чийинди так чийгени маалым. Украина НАТОго мүчөлүккө алынбашы керек. Аймагында үчүнчү өлкөлөрдүн жалпы аскердик күчтөрү жайгаштырылбашы шарт. НАТО чыгышка карай таптакыр жайылбашы керек. Буга жазуу жүзүндөгү кепилдиктерди күтөт. Анткени оозеки макулдашуулардын баарын өнөктөштөр унуткарышканы белгилүү.

Россиялык жана америкалык президенттердин позицияларын кандайдыр жакындатылары арсар. Алардын Женевадагы кезигүүсүнөн эч майнап чыккан эмес, болгону ажырымды тереңдеткен.

Октябрда Байден эгер кокус КЭР кол сала турган болсо, Кошмо Штаттар Тайванды коргой турганын айткан. 1979-жылдан бери Вашингтон Тайванды коргоо каражаттары менен жабдууга милдеттенме алган, бирок президенттер Тайвань үчүн Кытай менен согушууну эч качан убадалаган эмес. Тайвань — Украианадан кийинки дүйнөнүн эң кооптуу жерлеринин бири. Америкалык режим аралды курал менен камсыздап, кытай агрессиясы боюнча тарыхый үгүттөөсүн жүргүзүүдө. Украина жагдайындагыдай эле Кытайга эч кандай агрессиянын зарылдыгы жок. Пекиндегилер мекендештери менен акыры тынч биригерине ишенишет. Бирок америкалыктар Украинаны Россияга кандай тукурса, Тайванды Кытайга да дал ушундай каршы багыттоодо. Эки өлкө тең "экинчи Афганистанга" айланып калуудан коркушат.

Америкалыктар Россия менен Кытай Украина менен Тайванга январь-февралда кол салуу ыктымалдыгын олуттуу түрдө талкуулоодо. Үрөйлөрү учкан тайвандыктар Байдендин сөздөрүн кунт коюу менен тыңдашат. Ал эми эртеси күнү эле Ак үй "силер туура эмес түшүнүп алдыңар, ал жөн гана тамашалады" деп жайгарып коет.

Мындай туруксуз контрагент менен сүйлөшүү кыйынчылыктарга кептейт. Бирок Владимир Путиндин көз карашынын күчү – анын орустардын да, украиналыктардын да, америкалыктардын да жана дегеле Жер жүзүнүн калкынын пикирин билдиргенинде. Бизге согуштун кереги жок! Тынч, өз ара пайдалуу кызматташтык жана өнүгүү зарыл. Бул тилектер түшүнбөстүктөргө жол бербөө үчүн жазуу түрүндө кепилденгени оң.

5
Белгилер:
Россия, Украина, АКШ, Кытай, талап, чек ара, курал, коркутуу
Тема боюнча
Аяктай турган түрү жок антироссиялык аракет: АКШ Украинаны жарга түртүүдө
АКШ эсминецтери Украина үчүн салгылашабы?