Кыргыз театры менен киносунун Бакайы. Муратбек Рыскуловдун сүрөттөгү ирмемдери

287
(жаңыланган 18:42 23.11.2021)
  • СССРдин эл артисти 1949-жылдан баштап кинофильмдерге тартыла баштаган
  • Актер Советбек Жумадылов, кичинекей Насрет Дубашев, Кыргыз ССРинин эл артисти Алиман Жангорозова жана СССРдин эл артисти Муратбек Рыскулов, 1966-жыл
  • Режиссер Иван Кобызевдун Менин жаңылыштыгым кинофильмин тартуу учуру
  • Отко таазим тасмасында Муратбек Рыскулов ажынын образында
  • Байбичесин камчылаган жылкычы, энесине болушкан уул. Бакайдын жайытындагы эпизод
  • Айылдык абышканын образындагы залкар актер жана кинорежиссер Геннадий Базаров
  • Кыргыз киносунун алптары: Алиман Жангорозова, Муратбек Рыскулов, Сабира Күмүшалиева, Исмаилбек Абдубачаев
  • Жоро кинофильминде актер Козубайдын ролунда
  • Кыргыз ССРинин эл артисти Муратбек Рыскулов менен кинооператор Марлес Туратбеков
  • Муратбек Рыскулов жана экинчи режиссер Төлөгөн Сыдыков, Ош облусу
  • Жолчуларга кымыз берип отурган жылкычы Бакай
  • Муратбек Рыскулов Төлөмүш Океевдин Отко таазим кинокартинасында ажынын ролун аткарган
  • Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты өмүрүн киного, сахнага арнаган
  • Театр жана кино жылдызы Муратбек Рыскулов, Ысык-Көл, 1957-жыл
  • Москвада жүргөн кыргыздын каймактары: акын Темиркул Үмөталиев, жазуучу Аалы Токомбаев, Кыргыз ССРинин өкмөт башчысы Төрөбай Кулатов, белгилүү актер Муратбек Рыскулов, ошол кездеги маданият министри Күлүйпа Кондучалова, 1958-жыл
  • Таланттуу жубайлар уулу Искендер, Бактыбек жана кызы Нуржамал менен
Бүгүн СССРдин эл артисти, таланттуу актер Муратбек Рыскуловдун туулган күнү. Sputnik Кыргызстан агенттиги залкардын сүрөттөрүн сунуштайт.

Муратбек Рыскулов 1909-жылы 23-ноябрда Жумгал районунун Чаек айылында туулуп, балалыгы жетимчиликте өткөн. Борбор калаага 16 жашында келип, театрда кара жумушчу болуп иштеп жүрүп бир күнү жумушка келбей калган актердун ордуна "Ревизор" спектаклинде роль аткарып, сахнага кадам таштайт. Кыргыз музыкалык драма театрында 25 жашында билим алып, театрдын сахнасына чыккан. Залкар талант дүйнөлүк жана кыргыз спектакль, пьесаларында ондогон образ жаратып Англияга чейин жеткен. Ал жакта "Король Лир" пьесасы боюнча дүйнөнүн булуң-бурчунан чогулган актерлор менен ат салышып, Рыскулов Лирдин монологун кыргыз тилинде аткарып Улуу Британиянын ханышасы Елизавета IIни жана англиялык көрүүчүлөрдү таң калтырган.

Ал эми кинематографияга Кыргыз ССРинин эл артисти 40 жашында аралашып, "Салтанат", "Көчө", "Бакайдын жайыты", "Ак Мөөр", "Караш-Караш окуясы", "Жоро", "Отко таазим", "Менин жаңылыштыгым" өңдүү 20га жакын тасмага катышкан. Ал жылдары актерду жаш режиссерлор кезектешип өз кинолоруна чакырып турушкан.

Муратбек Рыкуловдун өмүрлүк жары да театрда, кинодо белгилүү ролдорду аткарган актриса Сабира Күмүшалиева. Жубайлар 38 жыл бирге өмүр сүрүп, төрт баланы тарбиялап өстүргөн. Алардын уул-кыздарынын ичинен Искендер ата-энесинин жолун жолдоп, кийин белгилүү режиссерлордун бирине айланган.

Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин төрт жолку чакырылышынын депутаты, залкар талант 1974-жылы 64 жаш курагында жарык дүйнө менен кош айтышкан. Залкар актердун жараткан образдары азыркыга чейин көпчүлүктүн эсинде.

287
  • Драматург Бексултан Жакиевдин чыгармасынын негизинде коюлган Атанын тагдыры спектакли
    из музейного архива Кыргызского национального драмтеатра им. Т.Абдымомунова

    Драматург Бексултан Жакиевдин чыгармасынын негизинде коюлган "Атанын тагдыры" спектакли

  • СССРдин эл артисти 1949-жылдан баштап кинофильмдерге тартыла баштаган
    © Sputnik / Александр Федоров

    СССРдин эл артисти 1949-жылдан баштап кинофильмдерге тартыла баштаган

  • Актер Советбек Жумадылов, кичинекей Насрет Дубашев, Кыргыз ССРинин эл артисти Алиман Жангорозова жана СССРдин эл артисти Муратбек Рыскулов, 1966-жыл
    © Sputnik / Александр Федоров

    Актер Советбек Жумадылов, кичинекей Насрет Дубашев, Кыргыз ССРинин эл артисти Алиман Жангорозова жана СССРдин эл артисти Муратбек Рыскулов, 1966-жыл

  • Режиссер Иван Кобызевдун Менин жаңылыштыгым кинофильмин тартуу учуру
    © Sputnik / Александр Федоров

    Режиссер Иван Кобызевдун "Менин жаңылыштыгым" кинофильмин тартуу учуру

  • Отко таазим тасмасында Муратбек Рыскулов ажынын образында
    © Sputnik / РИА Новости

    "Отко таазим" тасмасында Муратбек Рыскулов ажынын образында

  • Байбичесин камчылаган жылкычы, энесине болушкан уул. Бакайдын жайытындагы эпизод
    © Sputnik / Александр Федоров

    Байбичесин камчылаган жылкычы, энесине болушкан уул. "Бакайдын жайытындагы" эпизод

  • Айылдык абышканын образындагы залкар актер жана кинорежиссер Геннадий Базаров
    © Фото / Александр Федоров

    Айылдык абышканын образындагы залкар актер жана кинорежиссер Геннадий Базаров

  • Кыргыз киносунун алптары: Алиман Жангорозова, Муратбек Рыскулов, Сабира Күмүшалиева, Исмаилбек Абдубачаев
    © Фото / Александр Федоров

    Кыргыз киносунун алптары: Алиман Жангорозова, Муратбек Рыскулов, Сабира Күмүшалиева, Исмаилбек Абдубачаев

  • Жоро кинофильминде актер Козубайдын ролунда
    © Sputnik / Александр Федоров

    "Жоро" кинофильминде актер Козубайдын ролунда

  • Кыргыз ССРинин эл артисти Муратбек Рыскулов менен кинооператор Марлес Туратбеков
    © Фото / из семейного архива Туратбековых

    Кыргыз ССРинин эл артисти Муратбек Рыскулов менен кинооператор Марлес Туратбеков

  • Муратбек Рыскулов жана экинчи режиссер Төлөгөн Сыдыков, Ош облусу
    © Sputnik / Александр Федоров

    Муратбек Рыскулов жана экинчи режиссер Төлөгөн Сыдыков, Ош облусу

  • Жолчуларга кымыз берип отурган жылкычы Бакай
    © Sputnik / Александр Федоров

    Жолчуларга кымыз берип отурган жылкычы Бакай

  • Муратбек Рыскулов Төлөмүш Океевдин Отко таазим кинокартинасында ажынын ролун аткарган
    © Фото / Александр Федоров

    Муратбек Рыскулов Төлөмүш Океевдин "Отко таазим" кинокартинасында ажынын ролун аткарган

  • Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты өмүрүн киного, сахнага арнаган
    © Фото / Александр Федоров

    Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты өмүрүн киного, сахнага арнаган

  • Театр жана кино жылдызы Муратбек Рыскулов, Ысык-Көл, 1957-жыл
    © Фото / Александр Федоров

    Театр жана кино жылдызы Муратбек Рыскулов, Ысык-Көл, 1957-жыл

  • Москвада жүргөн кыргыздын каймактары: акын Темиркул Үмөталиев, жазуучу Аалы Токомбаев, Кыргыз ССРинин өкмөт башчысы Төрөбай Кулатов, белгилүү актер Муратбек Рыскулов, ошол кездеги маданият министри Күлүйпа Кондучалова, 1958-жыл
    © Фото / из семейного архива Кондучаловых

    Москвада жүргөн кыргыздын каймактары: акын Темиркул Үмөталиев, жазуучу Аалы Токомбаев, Кыргыз ССРинин өкмөт башчысы Төрөбай Кулатов, белгилүү актер Муратбек Рыскулов, ошол кездеги маданият министри Күлүйпа Кондучалова, 1958-жыл

  • Таланттуу жубайлар уулу Искендер, Бактыбек жана кызы Нуржамал менен
    © Фото / Александр Федоров

    Таланттуу жубайлар уулу Искендер, Бактыбек жана кызы Нуржамал менен

Белгилер:
актер, Муратбек Рыскулов, кино, театр, сүрөт
Тема боюнча
Согушка жибербей коюшкан. Турдакун Усубалиевдин сүрөттө калган элеси
Ашыгына жетпей... Айтылуу Акбакай менен Коргол акындын сүрөттөрү

Бишкекте парламенттик шайлоонун жүрүшүн көрсөткөн 15 сүрөт

23
(жаңыланган 16:14 28.11.2021)
  • Бишкектин № 1213 шайлоо участогундагы БШК кызматкери менен байкоочулар
  • Жалпысынан Кыргызстан боюнча 2 435 шайлоо участогу ачылган. Мындан сырткары, чет мамлекеттердеги мекендештер үчүн 29 өлкөдө 59 шайлоо участогу уюштурулган.
  • Бул ирет шайлоочулар жаңы эреже менен добуш беришет. 54 талапкер партия тизмеси менен шайланса, 36сы Жогорку Кеңешке бир мандаттуу округдан барат.
  • Шайлоо участокторунда добуш берүүчүлөр дезинфекциядан өтүүдө
  • Добуш берүүдөн мурда ар бир жаран биометрикалык идентификациядан өтөт
  • Шайлоо участкасында иштегендер келгендердин ар бирине добуш берүү эрежесин түшүндүрүп жатат
  • Бюллетенди толтуруп бүткөн соң аны АСУга (автоматтык эсептөө урнасы) салышат
  • Добуш берүүгө келген бишкектик кыз
  • Шайлоочулардын арасында улгайгандары, жаштары дагы бар
  • Президент Садыр Жапаров жубайы Айгүл Жапарова менен Чоң-Арык айылындагы № 1053 шайлоо участкасына барып добуш берген. Өлкө башчы элге кайрылып, келечекке кайдыгер карабай, шайлоого активдүү катышууга чакырган
  • Шайлоочулар өздөрүн тизмеден тактап жатат
  • Ар бир келген шаар тургунунун дене табы текшерилүүдө
  • Бардык шайлоо участкаларында добуш берүү эрежесин түшүндүргөн схема илинген
  • Сүрөттөгү апа эки бюллетенди алып, добуш берүүнүн алдында турат
  • Талапкерин жана каалаган партиясына добушун берип, бюллетенди урнага салууга камынган жигит
Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган сүрөт түрмөктөн Бишкектин тургундары парламенттик шайлоого кандай катышып жатканын көрө аласыздар.

Бүгүн, 28-ноябрда, Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтүп жатат. Бул ирет шайлоочулар жаңы эреже менен добуш беришет. 54 талапкер партия тизмеси менен шайланса, 36сы Жогорку Кеңешке бир мандаттуу округдан барат.

БШКнын маалыматына караганда, саат 14:00гө карата шайлоочулардын 16,27 пайызы добуш берди. Бул 602 432 кыргызстандык шайлоого катышканын түшүндүрөт.

Парламенттик шайлоонун жүрүшүнө эл аралык 730 байкоочу көз салууда. Жалпысынан Кыргызстан боюнча 2 435 шайлоо участогу ачылган. Мындан сырткары, чет мамлекеттердеги мекендештер үчүн 29 өлкөдө 59 шайлоо участогу уюштурулган.

Президент Садыр Жапаров жубайы Айгүл Жапарова менен Чоң-Арык айылындагы № 1053 шайлоо участкасына барып добуш берди. Андан соң өлкө башчы элге кайрылып, келечекке кайдыгер карабай, шайлоого активдүү катышууга чакырган. Ал жактан чыгары менен мамлекет башчы Экономикалык кызматташтык уюмунун (ЭКУ) 15-саммитине катышуу үчүн Түркмөнстанга учуп кетти.

Партиялык тизме боюнча добуш берүүгө 3,7 миллион кыргызстандык кирген (бул сандын ичинде чет өлкөдөгү мекендештер дагы бар). Ал эми бир мандаттуу округ боюнча тизмеге 3,6 миллион адам кирген (мында чет жактагы кыргызстандыктар жок, анткени алар партиялык тизмеге гана добуш бере алышат).

 

23
  • Бишкектин № 1213 шайлоо участогундагы БШК кызматкери менен байкоочулар
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Бишкектин № 1213 шайлоо участогундагы БШК кызматкери менен байкоочулар

  • Жалпысынан Кыргызстан боюнча 2 435 шайлоо участогу ачылган. Мындан сырткары, чет мамлекеттердеги мекендештер үчүн 29 өлкөдө 59 шайлоо участогу уюштурулган.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Жалпысынан Кыргызстан боюнча 2 435 шайлоо участогу ачылган. Мындан сырткары, чет мамлекеттердеги мекендештер үчүн 29 өлкөдө 59 шайлоо участогу уюштурулган.

  • Бул ирет шайлоочулар жаңы эреже менен добуш беришет. 54 талапкер партия тизмеси менен шайланса, 36сы Жогорку Кеңешке бир мандаттуу округдан барат.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Бул ирет шайлоочулар жаңы эреже менен добуш беришет. 54 талапкер партия тизмеси менен шайланса, 36сы Жогорку Кеңешке бир мандаттуу округдан барат.

  • Шайлоо участокторунда добуш берүүчүлөр дезинфекциядан өтүүдө
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Шайлоо участокторунда добуш берүүчүлөр дезинфекциядан өтүүдө

  • Добуш берүүдөн мурда ар бир жаран биометрикалык идентификациядан өтөт
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Добуш берүүдөн мурда ар бир жаран биометрикалык идентификациядан өтөт

  • Шайлоо участкасында иштегендер келгендердин ар бирине добуш берүү эрежесин түшүндүрүп жатат
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Шайлоо участкасында иштегендер келгендердин ар бирине добуш берүү эрежесин түшүндүрүп жатат

  • Бюллетенди толтуруп бүткөн соң аны АСУга (автоматтык эсептөө урнасы) салышат
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Бюллетенди толтуруп бүткөн соң аны АСУга (автоматтык эсептөө урнасы) салышат

  • Добуш берүүгө келген бишкектик кыз
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Добуш берүүгө келген бишкектик кыз

  • Шайлоочулардын арасында улгайгандары, жаштары дагы бар
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Шайлоочулардын арасында улгайгандары, жаштары дагы бар

  • Президент Садыр Жапаров жубайы Айгүл Жапарова менен Чоң-Арык айылындагы № 1053 шайлоо участкасына барып добуш берген. Өлкө башчы элге кайрылып, келечекке кайдыгер карабай, шайлоого активдүү катышууга чакырган
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

    Президент Садыр Жапаров жубайы Айгүл Жапарова менен Чоң-Арык айылындагы № 1053 шайлоо участкасына барып добуш берген. Өлкө башчы элге кайрылып, келечекке кайдыгер карабай, шайлоого активдүү катышууга чакырган

  • Шайлоочулар өздөрүн тизмеден тактап жатат
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Шайлоочулар өздөрүн тизмеден тактап жатат

  • Ар бир келген шаар тургунунун дене табы текшерилүүдө
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Ар бир келген шаар тургунунун дене табы текшерилүүдө

  • Бардык шайлоо участкаларында добуш берүү эрежесин түшүндүргөн схема илинген
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Бардык шайлоо участкаларында добуш берүү эрежесин түшүндүргөн схема илинген

  • Сүрөттөгү апа эки бюллетенди алып, добуш берүүнүн алдында турат
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Сүрөттөгү апа эки бюллетенди алып, добуш берүүнүн алдында турат

  • Талапкерин жана каалаган партиясына добушун берип, бюллетенди урнага салууга камынган жигит
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Талапкерин жана каалаган партиясына добушун берип, бюллетенди урнага салууга камынган жигит

Белгилер:
Кыргызстан, шайлоо, сүрөт, добуш берүү, байкоочу, эреже
Тема:
Жогорку Кеңешке жаңы тартип менен болчу шайлоо
Тема боюнча
Акылбек Жапаров партияларга бейиш эле эмес, тозок да бар экенин эскертти
Шайлоодон уткан кээ бир талапкерлерге мандат берилбей калышы мүмкүн. Себеби
Бекматов: парламенттик шайлоого элдин катышуусу төмөн болууда

Сулуу кыздар жана мотоциклдер. Милан мотосалонунан кызыктуу 14 сүрөт

618
Италияда Милан мотосалон көргөзмөсү өтүп жатат. Sputnik Кыргызстандын сүрөт түрмөгүнөн иш-чаранын кызыктуу учурларын көрүңүз.

Быйылкы жылы жаңы чыгарылган мотоунаалардын көргөзмөсү 25-ноябрда башталды. Ал 28-ноябрга чейин созулат. Дүйнө жүзүндөгү мотоцикл сүйүүчүлөр муну менен 78-жолу чогулушууда. EICMA иш-чарасы 1914-жылдан бери жыл сайын Миланда өткөрүлүп келет. Алгачкы эки күндө салонго ЖМК өкүлдөрү жана профессионал адистер киргизилди. Калган күндөрү көргөзмө бардык каалоочулар үчүн эшигин ачат.

Бул жерде көрө турган көп кызыктар бар. EICMA дээрлик 80 миң чарчы метр аянттагы мототехниканын экспозициясын түзөт. Көргөзмөдөн мотоциклдерди, мопеддерди, мотороллерлерди, ошондой эле мотоциклдик жабдууларды, аксессуарларды, кийимдерди, бут кийимдерди жана коргоочу шаймандарды көрүүгө болот. Мындан тышкары, бул жерде тетиктер жана запастык бөлүктөрдүн кеңири түрү бар.

Дүйнөлүк компаниялардын жаңы үлгүлөрү стенддерде гана көрсөтүлбөстөн, мотоцикл көргөзмөсүндө да коомчулукка чыгарылат. Айтылуу SBK жана Supersport уюмдарынын өкүлдөрү желдей учкан мотоциклде чеберчиликтерин көрсөтүшөт. Аягында, албетте, көрүүчүлөр менен жолугушуп баарлашат.

 

618
  • © AFP 2021 / Piero Cruciatti

    Миланда (Италия) эл аралык мотоциклдер көргөзмөсү өтүүдө

  • © AFP 2021 / Piero Cruciatti

    Жаңы мотоунаалардын көргөзмөсү быйыл 25-ноябрда башталды, ал 28-ноябрга чейин созулат. Сүрөттө модель жаңы эле коомчулукка тааныштырылган Vespa скутеринде отурат.

  • © AFP 2021 / Piero Cruciatti

    Дүйнө жүзүндөгү мото ышкыбоздор 78-ирет көргөзмөгө чогулууда. Сүрөттө: Ducati Panigale of Team Go Eleven аталыштагы мотоцикли.

  • © AFP 2021 / Piero Cruciatti

    Алгачкы эки күндө салонго ЖМК өкүлдөрү жана профессионал адистер киргизилди. Калган күндөрү салон бардык каалоочуларга эшигин ачат.

  • © AFP 2021 / Piero Cruciatti

    EICMA дээрлик 80 миң чарчы метр мототехниканын экспозициясын түзөт. Сүрөттө модель Suzuki мотоциклин тааныштырып жаткан чагы.

  • © AFP 2021 / Piero Cruciatti

    Көргөзмөдөн мотоцикл, мопед, мотороллерлерди, ошондой эле мотоциклдик жабдууларды, аксессуарларды, кийимдерди, бут кийимдерди жана коргоочу шаймандарды көрүүгө болот. Сүрөттө модель кыз Honda мотосун көрсөтүүдө.

  • © AFP 2021 / Piero Cruciatti

    Мында тетиктер жана запастык бөлүктөрдүн кеңири түрү коюлган. Сүрөттө: шлемдер стендинин жанындагы кардарлар.

  • © AFP 2021 / Piero Cruciatti

    Дүйнөлүк компаниялардын жаңы моделдери стенддерде гана коюлбастан, көргөзмөгө да чыгарылды. Сүрөттө: модель кыздар Silence бренди чыгарган электрондук Nanocar S04 техникасын жарнамалап турушат.

  • © AFP 2021 / Piero Cruciatti

    Жаңы мототехника мотошоуга да чыгарылат. Сүрөттө: кардарлар Piaggio 1 электросамокаттарын карап көрүп жатышат.

  • © AFP 2021 / Piero Cruciatti

    Айтылуу SBK жана Supersport уюмдарынын өкүлдөрү желдей учкан мотоциклде чеберчиликтерин көрсөтүшөт. Аягында, албетте, көрүүчүлөр менен жолугушуп баарлашат. Сүрөттө: MV Agusta мотоциклин жарнамалаган модель кыз.

  • © AFP 2021 / Piero Cruciatti

    S01+ электроскутери көрүүчүлөрдүн назарына коюлууда

  • © AFP 2021 / Piero Cruciatti

    Модель кыз Aprilia мотоциклин жарнамалап жатат

  • © AFP 2021 / Piero Cruciatti

    Givi стендинин жанында турган кардарлар

  • © AFP 2021 / Piero Cruciatti

    Модель кыз Kawasaki Ninja H2SXSE мотоциклин тааныштырып жаткан чагы

Белгилер:
сүрөт, Милан, Италия, мотоцикл, көргөзмө
Тема боюнча
Темир тулпардагы сулуулар. Motorsport Expo — 2021 көргөзмөсүнөн 11 сүрөт
Брюсселдеги Европарламенттин штаб-квартирасында жанында турган аял. Архив

"Спецназ жана кибер чабуулдар". Европа Америкадан өч алгысы барбы?

0
Бир армия, бир штаб жана бир душман... Евробиримдикте "Стратегиялык компас" планы талашта. Европа өлкөлөрү өз аскердик блогун түзүп, НАТО менен АКШдан көз карандылыгын азайтат. Бирок көпчүлүк ар кандай себептер менен буга каршы чыгууда.

"Европаны улуу жана чыныгы эгемен кылабыз", — деп кайталашат Брюсселдегилер. Буга 2020-жылга чейинки жаңы коргоо стратегиясы өбөлгө болоруна ишенишет. Антон Скрипуновдун ушул документ тууралуу ой толгоосу РИА Новости сайтына жарык көргөн.

Коргоо стратегиясы өтө тездик менен даярдалды. 2020-жылдын аягында Германия ар кандай коркунучтардан коргонуу "чараларынын комплексин" иштеп чыгууну сунуштаган. Жарым жыл өтпөй улуттук өкмөттөргө анын баштапкы варианты тааныштырылган. Ал эми 2022-жылдын мартында концепцияны бекитүүгө белсенип турушат. Биримдиктеги негизги жетекчилер союздаштарын болуп көрбөгөндөй шаштырууда.

"Кооптуулуктарды талдоонун жыйынтыгы Европа коркунучта экенин ачык көрсөтүүдө. Биринчиден, экономикалык мүмкүнчүлүктөр улам чектелип барат. Отуз жыл мурун Европа биримдигине дүйнөлүк байлыктын чейреги таандык болсо, жыйырма жылдан соң болгону он пайызы гана калат. Мындан сырткары, калктын саны кескин азаюуда: кылым аягында Европада дүйнө калкынын беш пайызы гана калат", — деп үрөй учурууда ЕБдин тышкы саясат жана коопсуздук комиссары Жозеп Боррель.

Ал эми Афганистандагы абал "америкалык өнөктөштөрүнүн" башкаларды түгүл өздөрүн коргой албай турганын тастыктап турат. Ошондуктан европалыктар алдыда күтүлгөн апааттарды керт башы менен алдын алууга тийиш.

Документте "кыяматтын чабандеси" катары Россияны белгилешкен. Авторлор бул мамлекет "гибриддик согуштун тактикасын, бурмаланган маалымат жана киберчабуулду пайдаланып жатат" дешет. Кытайды "экономикалык жана системалуу атаандаш" катары сыпатташкан. Ушул себептен документтин демилгечилери Евробиримдикке жалпы стратегия абзел, жалпы коргоо бюджети жана керек болсо космосто да жалпы күчтөрү болушу шарт деген пикирде.

2025-жылга дейре Брюссель беш миң жоокерден турган "ыкчам чара көрүүнүн бирдиктүү универсалдык тобун" түзүүнү көздөйт. Боррель жаңы стратегия европалык күчтөрдү ыкчам жана майнаптуу кыларынан шек санабайт. Ошону менен бирге эле Польша-Беларусь чек арасындагы мигранттар каатчылыгын да бул документ кабыл алынса, заматта чечип коюуга болорун да кошумчалайт. Бирок кантип чечүүнүн чоо-жайына токтолгон эмес.

Мындай демилгени Брюссель гана алып чыгып жаткан жок. Жаңы тутумга Берлин менен Париж да кызыкдар. Тышкы күчтөрдөн "көз карандысыздыкка умтулуу" туурасында ал жакта ачык эле айтылууда. Эң оболу мында кеп НАТО жөнүндө. Евробиримдик жөнүндөгү келишимде дал ушул альянстын күчтөрү континенттин коргоо тармагынын негизи катары кызмат өтөйт. Албетте, башында АКШ турат. Америкалыктар Европада Экинчи дүйнөлүк согуштан бери орун алышкан. Топтун саны улам өсүп, 1980-жылдары 300 миңге жеткен. Ал эми ушул тапта 60 миңдин тегерегинде. Негизги контингент — Германияда, 34 миңди түзөт. Бул өлкөдө АКШ чегинен тыш эң ири америкалык "Рамштайн" базасы жайгашкан. Акыркы жылдары океан ар жагынан келген меймандарын кыртышы сүйбөй барат, анткени алардын басымдуу бөлүгү Берлиндин каражатына багылат.

Анан да куралды Пентагондон гана сатып алуу шарт. Азыр бундестагда F-35 менен жергиликтүү Eurofighter учактарынын бирин тандоо милдети турат. Немецтердин бул жаатта дымагы да чоң, алар алтынчы муундагы истребителди алгачкылардан болуп француздар менен биргеликте чыгарууну самашат. Эммануэль Макрон менен дайым ЕБдин көз карандысыздыгы жөнүндө ой жүгүртүшөт.

Париж Африка жана Жакынкы Чыгыштай эле курал рыногунда Вашингтонду атаандаш катары санайт. Беш жыл ичинде Париж аскердик экспортун 72 пайызга өстүрдү. Эгер капыстан Австралия франциялык субмариналардан баш тартпаса, бул көрсөткүч мындан да жогору болмок. Канберра Кошмо Штаттар жана Улуу Британия AUKUS долбоорунун алкагында аскердик союзду өзүнө ылайык көрдү. 56 миллиард евролук келишимдин бузулушун Елисей ордосу "далыга бычак уруу" катары кабыл алган.

Прибалтикада айрым өлкөлөрдүн бийлиги "америкалык күчтөрдүн" келишин кубаттайт. Алар үчүн база куруп, ушул жылдын августунда литвалык "Геркус" ачылды. Пентагон анчалык көңүлсүнбөгөнү менен бул долбоор Вильнюстун демилгеси менен ишке ашты.

"Болуп көрбөгөндөй зарылдык бар. Биз силерге күчтөрдү даярдоо үчүн бардык тийиштүү шарттарды түзүп беребиз", — деп кайрылды Вашингтонго өлкөнүн коргоо министри Арвидас Анушаускас.

Учурда республикада 500 чакты америкалык аскер кызматкери жашайт. Ошондой эле базада 30 "Абрамс" танкы жана зооттолгон 25 "Брэдли" машинасы бар. Маал-маалы менен топ окууларды өткөрүп турат.

Польшада эми бүтүндөй зооттолгон танк бригадасы жайгашкан десек болот. Жакында Пентагон бул өлкөдө толук кандуу база куруп, 85 танк, 190 пехоталык машина, өзү жүрүүчү 35 артиллериялык түзүлүш жана төрт даана танктын төшөлмө көпүрөлөрүн алып келет. Айтмакчы, бул жактан россиялык чек арага чейинки аралык – болгону 256 чакырым.

Польша жана Прибалтика "россиялык коркунучтан" улам "Компаска" каршы. Документти жактырбагандардын бир даары экономикалык себептерди аташат. Көбүнесе бар жагынан мүмкүнчүлүктөрү чектелүү кенже европалык республикалар жаңы стратегияны сынга алууда. Маселен, Чехия. Европарламенттеги өкүлү Александр Вондра долбоорду "ашкере дымактуу" деп сүрөттөдү. "Бир жагынан Россия менен Кытай кооптуу душмандар катары аталган, — дейт саясатчы. — Экинчи тараптан, Евробиримдик аларды өнөктөш деп эсептейт".

Ошондой эле ковид каптап турганда мындай аракеттер экономикалык кырдаалды курчутат дегендер да жок эмес. Европа биримдиги ансыз да жети жыл аралыгында коргоо тармагына 1,93 триллион доллар сарптап келсе да, Брюссель аскердик чыгымдарды дагы көбөйтүүнү талап кылууда. Бир катар мамлекеттер ага макул эмес. НАТОдон бөлөк, Европада дагы бир нече түзүмдөр, айталы, European Corpus бар. Ал төрт дивизияны уюштура алат, жети миң жоокери бар. 20 жыл мурун Босния жана Косоводо кызмат өтөшкөн.

"Долбоорго кызыкдар өлкөлөр, эң оболу Франция ал структураны басып коёт. Тема актуалдуу. НАТО башка шарттарда, бөлөк максаттар үчүн түптөлгөн. Ал эми азыр каршы туруу түзүмү башка: фронттун так сызыгы жок", — деп түшүндүрөт РФтеги Геосаясий маселелер академиясынын вице-президенти Константин Соколов. Бирок эксперттин баамында, жаңы альянс америкалык күчтөр менен тил табышып кетери бышык, себеби алар "өз базаларын таштап кетери" арсар эмеспи. Европа биримдигинин ичинде чыңалуулар жаралышы ыктымал.

0
Белгилер:
Россия, НАТО, АКШ, Пентагон, Евробиримдик, курал-жарак, Аскер, Франция
Тема боюнча
Орус куралы: 2021-жылдын алдын ала жыйынтыгы