Чек ара сүйлөшүүсү боюнча нотага Өзбекстан жооп бере элек

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүЧек ара сүйлөшүүсү боюнча нотага Өзбекстан жооп бере элек
Чек ара сүйлөшүүсү боюнча нотага Өзбекстан жооп бере элек - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чек ара сүйлөшүүлөрүн улантуу боюнча Өзбекстанга эки жолу жиберилген нотага жооп келе элек. Бул тууралуу өкмөттүн чек араны делимитациялоо боюнча өкүлү Курбанбай Искандаров билдирди.

БИШКЕК, 28-окт — Спутник Кыргызстан. Эки мамлекеттин ортосунда боло турган кезектеги жолугушунун мөөнөтү такталышы керек эле. Бирок өзбек тараптан аталган маселе туурасында жооп келе элек. Чек араны тактоо боюнча акыркы жолугушуу буга чейин Жалал-Абад шаарында өткөн.

"Андагы жолугушууда кыргыз тарап буга чейин чек ара сызыгы такталган аймактар боюнча протоколго кол коюуну сунуштаган. Бирок өзбек тарап ага макул болбой, айрым аймактар боюнча гана протоколду бекитүүгө макулдугун билдирген", — деди Курбанбай Искандаров.

Эки өлкө чек арасын тактоо иштери башталганына он жылдан ашты. Бирок тараптар ошондон бери аны аягына чыгаралбай келет. Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасынын узундугу 1378 чакырым, анын 320 чакырымы тактала элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0