Коргоо кеңеши чек ара маселесин жабык эшик артында талкуулап жатат

Жазылуу
КР президенти Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгы менен Коргоо кеңешинин кезектеги жыйыны өтүүдө.

БИШКЕК, 3-ноя — Спутник Кыргызстан. Мамлекеттик "Ала-Арча" резиденциясында президент Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгы алдында Коргоо кеңешинин кезектеги жыйыны өтүп жатат. Коргоо кеңешинин күн тартибинде эки маселе каралууда. Алар:

  • 2014-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын концепциясын бекитүү тууралуу;
  • Кыргыз Республикасынын чек ара коопсуздугун камсыз кылуу тууралуу.

Коргоо кеңеши өлкөнүн чек ара коопсуздугун камсыз кылуу тууралуу экинчи маселени маселени жабык кароого киришти.

Жаңылыктар түрмөгү
0