Асылбек Жээнбеков менен Сергей Нарышкин Москвада жолукту

© Sputnik / Сергей Пятаков / Медиабанкка өтүүАрхив: Россиянын Мамдумасынын төрагасынын Бишкектеги иш сапары
Архив: Россиянын Мамдумасынын төрагасынын Бишкектеги иш сапары - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ЖККУнун Парламенттик ассамблея Кеңешинин жыйыны алдында Жээнбеков менен Нарышкин жолугуп, эки тараптуу кызматташууну талкуулашты.

ЖК депутаттары Москвада Парламенттик ассамблеянын жыйынына катышат
БИШКЕК, 6-ноя — Спутник Кыргызстан. Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков 5-ноябрда Москва шаарында РФтин  Мамдумасынын төрагасы Сергей Нарышкин менен жолугушту. 

Тараптар эки өлкө ортосундагы кызматташтык жана парламенттер аралык өнөктөштүк жаатында пикир алышты.

Жогорку Кеңештин төрагасы Жээнбеков эки мамлекеттин ортосундагы парламенттер аралык байланыштардын деңгээлине жогору баа берди. 

"Парламенттер аралык кызматташуу жогорку деңгээлде жүрүүдө. КМШ Парламенттер аралык ассамблеясы, ЖККУ Парламенттик ассамблеясы алкагындагы кызматташуу эки өлкө ортосундагы алаканы өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт", – деп белгиледи Жээнбеков.

Төрага Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүү, Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке кошулуу жана Евразиялык биримдиктин толук кандуу мүчөсү болуу ниетин билдирип, зарыл болгон инфраструктураларды куруу, 200 миллион АКШ доллары өлчөмүндө каржы бөлүү жана 1 миллиард АКШ доллары көлөмүндөгү эки тараптуу өнүктүрүү фондун түзүү менен, Россия тарабынан көрсөтүлгөн колдоонун маанисин баса белгиледи. 

"Камбар-Ата – 1" ГЭСи, "Жогорку Нарын" ГЭС каскады сындуу биргелешкен энергетикалык долбоорлорду ишке ашырууну тездетүү, ошондой эле өлкөнүн энергетикалык мүмкүнчүлүгүн бекемдөө ишеними артылган стратегиялык инвестор "Газпромдун" көмөгү менен өлкөнүн газ өткөрүү тутумун өнүктүрүү өтө маанилүү", – деди Жээнбеков.

Сергей Нарышкин парламенттер аралык алакалардын да артып баратканын айтып, Жээнбековду Россияга расмий иш сапар менен келүүгө чакырды. 

«Парламенттер аралык комиссиянын кезектеги жыйыны келерки жылы Кыргызстанда өтөт. Биз бул иш-чаранын ийгиликтүү болоруна ишеним артабыз", – деди Нарышкин.

Соңунда тараптар Жээнбековдун 2015-жылдын башында Россияга жасай турган иш сапарынын мааниси туурасында пикир алышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0