Казакстанга сапарында Атамбаевге «Достык» ордени тапшырылды

Жазылуу
Алмаз Атамбаев Астанага жасаган иш сапарынан электр кубатынан сырткары ордендүү да болуп кайтты.

БИШКЕК, 7-ноя — Спутник Кыргызстан. Бүгүн, Астана шаарына, Казакстан Республикасына жасаган мамлекеттик сапардын алкагында президент Алмазбек Атамбаев президент Нурсултан Назарбаев менен бир нече маселелерди сүйлөштү.

Алмазбек Атамбаев ушул сапар башкалардан айырмаланып, актуалдуу маселелерди жана эки тараптуу кызматташтыктын келечегин талкуулаганга мүмкүнчүлүк берээрин белгиледи. 

Анда Биргелешкен кыргыз-казакстандык долбоорлордун ишке ашырылышы, интеграциялык долбоорлордун алкагында, анын ичинде Бажы биримдиги жана Евразиялык экономикалык биримдигинин алкагында кызматташтыкты тереңдетүү талкууланды. Казакстан быйыл 400 миллион киловатт, 2015-жылы 1,4 миллиард киловатт саат электр энергиясын сатмай болду.

Эки тараптуу жолугушуунун жүрүшүндө президент Нурсултан Назарбаев Казакстан Республикасы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы эки тараптуу саясый, экономикалык жана маданий мамилелерди бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн президент Алмазбек Атамбаевге I даражадагы «Достык» орденин тапшырды.

I даражадагы «Достык» орденин 2001-жылы Нурсултан Назарбаевдин колунан КРдин туңгуч президенти Аскар Акаев алган. Мындан сырткары аталган мамлекеттик сыйлык БУУнун экс-башкы катчысы Кофи Аннанга, куралдарды жасоочу конструктор Михаил Калашниковго, АКШнын экс-президенти Жорж Бушка (улуусу), Улуу Британиянын экс-премьер-министри Маргарет Тэтчерге, БУУнун башкы катчысы Пан Ги Мунга тапшырылган.


Жаңылыктар түрмөгү
0