Казакстан 2015-жылы Кыргызстанга 1,4 миллиард электр энергия сатат

© Sputnik / Тарас Литвиненко / Медиабанкка өтүүАрхив: Электр чубалгылары
Архив: Электр чубалгылары - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алмазбек Атамбаев Казакстан,бизге электр кубатын бере турганын айтса, Нурсултан Назарбаев Кыргызстан сугат суу боюнча келишимдерди аткарууга убада бергенин билдирди.

Умбеталиев: КРде электр энергия болгон таңкыстык 3 жылга дейре созулат
БИШКЕК, 8-ноя — Спутник Кыргызстан. 7-ноябрда Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин чакыруусу менен Астанага мамлекеттик сапар менен барды. Ошол эле күнү эки өлкөнүн мамлекеттер аралык кеңешинин 4-жогорку жыйыны болду.

Жыйында мамлекеттер энергетика боюнча эки тараптуу келишимге кол коюшту. Ага ылайык, Казакстан быйыл Кыргызстанга 400 миллион, 2015-жылы 1400 миллиард киловатт электр энергия сатат. Бирок, казак тарап сата турган бир киловатт энергиянын баасы канча болору ачык айтылган жок. Алмазбек Атамбаев өз сөзүндө Казакстандан электр энергиясын сатып алып жаткандыктан, быйыл кышта жарык өчпөй турганын билдирди.

Өз кезегинде Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев кыргыз тарап сугат суулары боюнча келишимдерди аткарууга сөз бергенин маалымдады.

Жаңылыктар түрмөгү
0