Башкы катчы: ШКУ өзүнүн аскердик түзүмүн уюштурууну пландаган жок

© Sputnik / Евгений Козырев / Медиабанкка өтүүАрхив: Дмитрий Мезенцев
Архив: Дмитрий Мезенцев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ШКУнун Башкы катчысы Дмитрий Мезенцев ШКУ хартиясынын негизги жоболорунда аталган уюмдун алдында эч бир аскердик түзүмдөрдү уюштуруу каралган эмес деп билдирди.

БИШКЕК, 8-ноя — Спутник Кыргызстан. Шанхай кызматташтык уюму (ШКУ) өзүнүн аскердик түзүмүн уюштурууну пландаган жери жок деп билдирди жума күнү журналисттерге ШКУнун Башкы катчысы Дмитрий Мезенцев, деп билдирет РИА Новости

"Уюм түзүлгөндөн кийинки 13 жылдан бери туруктуу болуп келген жана өзүнүн актуалдуулугун көрсөткөн ШКУ хартиясынын жоболорунда аталган уюмдун алдында эч бир аскердик түзүмдөрдү уюштуруу каралган эмес ", — деди ал.

"Коргоо министрликтеринин өз ара аракеттешүүсүнүн жана анын көрсөткүчү болгон Кытай провинцияларынын биринде август айында ийгиликтүү өткөн "Тынчтык миссиясы" аталышындагы окуулардын милдети ШКУ өлкөлөрүнүн аскер бөлүмдөрүнүн терроризмге каршы багытта гана өз ара аракеттешүүсүн такшалтуу болуп эсептелет", — деп кошумчалады Мезенцев.

Шанхай кызматташтык уюму — өкмөттөр ортосундагы туруктуу иштөөчү эл аралык уюм, ага алты мамлекет — Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстан кирет. ШКУнун байкоочулар макамына Афганистан, Индия, Иран, Монголия, Пакистан, диалог боюнча өнөктөштөр — Белорусь, Шри-Ланка жана Түркия ээ.

Жаңылыктар түрмөгү
0